Суперстан: Уулкандан ыр белек! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Уулкандан ыр белек!

#101 Пользователь офлайн   Uulkan2288   05 Сентябрь 2016 - 02:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Сен менин кылымдарга унутулгус,
Сагынып күтө берчү жылдарымсың.
Сезимдин сересинде жашырынган,
Сен менин жарала элек ырларымсың.

… Жан дүйнөң ааламга тең, кенен, таза.
Ичиңе керек болсо көл жашынсын.
Жамгырдын тамчысындай шүүдүрүмдүү,
Сен менин төгүлө элек көз жашымсың.

Аруусуң, наристенин күлкүсүндөй.
Акмалап мүнөзүңдөн таппадым сын.
Сен менин сүйүлө элек махабатым,
Сендейди дүйнө кезип таппадым, чын!

У. АМИРАЕВА.



Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Uulkan2288   05 Сентябрь 2016 - 02:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Жашоонун сырын чечем деп тартам убара.
Жалындап өчтү, айтылган сөздөр, убада.
Жанчылып үмүт, турса да бүгүн зар какшап,
Жарасын бүтөйм, шыпаасын бирок сураба.

… Көздөрүм жашып, көп жылдар келген кургабай.
Кез келди мына, каректи турам булгабай.
Ыйлаган менен пайдасын бирок таппадым,
Ыр менен жашап, ый-муңду келем ылгабай.

Керемет тура, жашоонун татсаң ширесин.
Кадамдап сайын, жарыктын нурун сүйөсүң.
Калтырып артка, кайгысын берген күнүмдү,
Күл кылып өрттөп, жок кылам өтмүш күбөсүн..

У. Амираева.



Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Gaika   05 Сентябрь 2016 - 17:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 189
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Мар 2019 21:42

Сизди коргонумо кубанычтамын, мурда одноклассникиден ырларынызды, накыл создорунузду окуп турчу элем кийин эле таппай калбадымбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Djoni88kg   05 Сентябрь 2016 - 19:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 189
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 13:23
  • Жынысы:Эркек

Сураныч достор Манас суперде болсо башкы бет жака жылдырып коеюсунарбы таппай жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Uulkan2288   01 Ноябрь 2016 - 03:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

КӨП ЧЕКИТТЕР..

Бүдөмүк ойлор кишенин салып мойнума.

Байкатпай санаа кулачын жазып койнума.

Баягы бүтпөс тиргилик жетип түбүмө,

Баарына бүгүн колумду шилтеп койдум аа..

Азыгын билбей өмүрдүн жүрөм тойбостон.

Алаңдап кээде эртеңим корком ойлоштон.

Ачышат ичим, обу жок өткөн күнүмө.

Жашагым келет түбөлүк бойдон өлбөстөн.

Көзүм күлүп турган менен, көңүл муң.

Канча ирет көз жаштарга жеңилдим.

Калча мейли, Тагдыр мени табала,

Ансыз деле чачырадым, төгүлдүм..

Чекит.

Жок.

Көп чекиттер түтпөгөн...

Ченеми жок түйшүк кургур бүтпөгөн.

Алсыздыгым бетке салып мыйыктан,

Талайсың да туш тараптан күч менен.

Уулкан. Амираева



Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Jadyrashka   01 Ноябрь 2016 - 10:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Uulkan2288 (01 Ноябрь 2016 - 03:32) жазган:

КӨП ЧЕКИТТЕР..

Бүдөмүк ойлор кишенин салып мойнума.

Байкатпай санаа кулачын жазып койнума.

Баягы бүтпөс тиргилик жетип түбүмө,

Баарына бүгүн колумду шилтеп койдум аа..

Азыгын билбей өмүрдүн жүрөм тойбостон.

Алаңдап кээде эртеңим корком ойлоштон.

Ачышат ичим, обу жок өткөн күнүмө.

Жашагым келет түбөлүк бойдон өлбөстөн.

Көзүм күлүп турган менен, көңүл муң.

Канча ирет көз жаштарга жеңилдим.

Калча мейли, Тагдыр мени табала,

Ансыз деле чачырадым, төгүлдүм..

Чекит.

Жок.

Көп чекиттер түтпөгөн...

Ченеми жок түйшүк кургур бүтпөгөн.

Алсыздыгым бетке салып мыйыктан,

Талайсың да туш тараптан күч менен.

Уулкан. Амираева

Кандай сонуун
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: