SUPER.KG порталынын 10 жылдыгынын урматына, порталдын администрациясы тарабынан викторина уюштурулмакчы.
Урматтуу форумдун колдонуучулары
“Суперстан мен үчүн” деген темада кыскача, оригиналдуу билдирүү, эссе жазыңыздар.
Жеңүүчүлөргө 10-сентябрь күнү саат 19:00до Спорт ордосунда өтө турган ТамаSHOWнун SUPER.KG кубогуна билеттер ыйгарылмакчы.
Эӊ кызыктуу билдирүү, эссенин 2 авторуна экиден билет ыйгарылмакчы.
Анда эмесе чамдаӊыздар!
- (2 )
-
- 1
- 2
Урматтуу форумчу ТамаSHOWнун SUPER.KG кубогуна билетиӊизди алып кетиӊиз
#8 03 September 2016 - 21:56
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#10 04 September 2016 - 17:27
Ушул жака жазабызбы
Главное - верить в себя. Мнение окружающих меняется ежедневно.
<
<
#11 04 September 2016 - 18:05
#12 04 September 2016 - 22:39
Анда эмесе мен баштайым
Главное - верить в себя. Мнение окружающих меняется ежедневно.
<
<
#13 05 September 2016 - 07:00
Башта баштайбер суперстан мен учун деп мактап ийчи админ апчебиз суйунуп калсын
#14 06 September 2016 - 09:10
Суперстан мен үчүн: ээч кимге айталбаган сырымды айтчу досум, кээде жалгыз отурганда, убакытын мени менен бөлгөн шеригим, ар бир оюмду кабыл алып, билбегенди билгизип, кеңеш берүүгө даяр болгон, мен капаланганда күлдүргөн, жанымдан ээч алыстабай, жанымда жүргөн, мага окшогон адамдардын баарысынын көңүлүн тапкан, ичине даарыгерин да, мугаламин да, ашпозчусун да, билерманын да, психологун да камтыган, эң мыкты, супердин СуПеР мектеби десем да болот.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#15 06 September 2016 - 10:10
Суперстан мен учун бир сыйкырдуу нерсе болуп калды..Бирде кайгылуу да бирде кубанычтуу.
.Мен рахмат айтам суперстанга,
себеби суйуу кандай болот,эмне болот,жакшы болобу,жаман болобу ж.б. баарын уйротту,чыныгы суйуумду таап берди,бирок ошол кезде эле ажыратты..Мен таарынбайм.
Мен унутпайм..Бактылуу бол супердеги Суйуум...Кооп нерсе жазгым келди,анда билетти алып коюшум мумкун эле..Жогорудагы создор билет алыш учун эмеч,чын журоктон айттым..Рахмат сага СУПЕР !!! (((
#16 06 September 2016 - 11:25
Суперстан мен учун!
Суперстан мен учун,
Сагынычты болушкон сырдашым.
Суперстан мен учун,
Суйунучту тен болушкон курдашым.
Суперстан-озунчо озгочо кен ааламдай, ар ким ичиндеги сырын, оюн, кайгы-капасын тен болушо алат. Суперстан акылманым,андагы терен ойлуу билдируулор, талкуулоолор, баарыбызга жашообузго негизин тийгизип атат.Ынтымактык достук, гумандуулук кенен орун алды. Суперстан менин эле эмес, ага-ини, эже-синди, баарыбыздын моралдык жардам беруучу колдоочубуз экен.

#17 06 September 2016 - 11:50
Суперстан МЕН үчүн !
Суперстан СЕН үчүн!
Суперстан БИЗ үчүн!
Суперстан СУПЕРЛЕР үчүн!
Суперстан СЕН үчүн!
Суперстан БИЗ үчүн!
Суперстан СУПЕРЛЕР үчүн!
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
#18 06 September 2016 - 20:26
Суперстанга кирсем өзүнчө эле бир башка дүйнөгө кирип калгансый беремин. Анткени суперстанда менин көптөгөн досторум,агаларым-
эжелерим бар. Мен суперстандан көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алып турам жана ал пайдалуу нерселерди күнүмдүк жашоодо ар дайым колдонуп келем. Бар болсун суперстан!
! Бар болгула суперчилер !!!
Суперстан мен үчүн ушундай. ))))
Суперстан мен үчүн ушундай. ))))
#19 06 September 2016 - 21:47
"Суперстан мен үчүн..."
Жумуру баштуу эки аяктуу макулуктардын баарын "адам"дейт экенбиз да.Ошол "адам"дегенибиздин башка жандыктардан айырмасы жаңы дүйнөгө,жаңы кадамдарга, ар тараптуу өнүгүп-өсүүгө дилгирленип турат тура.Мен дагы акыл-эс тартып,ак-караны ылгай баштаган чагымда өзүмө өзгөчө бир жаңы дүйнө,өзгөчө бир жаңы жашоону түзүүгө ички сезимим муктаж болуп турду.Бактыма жана заман ыңгайына жараша,туура жолду super.kg порталындагы Суперстан аркылуу таба алдым десем жаңылбачудаймын. Эң оболу,бул жактан миң түркүн баш катырган пикирлерге саресеп салууну,өз оюмду көркөм,туура, так жеткирүүгө үйрөнө алдым.Мурда, чыныгы жашоодо кой оозунан чөп албаган инсан болсом,азыр Суперстандын бирден-бир эсеби аркылуу"сөз өнөрү"дегенде алдыма ат салдырбаган чечен болуп чыга келдим.Кыргыздардын башын кошкон,кыргыз жыттанган,кыргыз тилдүү бул портал,менин ар тараптуу өсүп-өнүгүүмө, аз дагы болсо адам болуп калыптанышыма зор салым кошуп жатат.Дагы да адам кыларына ишеничим чоң.Суперстан мен үчүн-сабаттуулукка үндөгөн,эне тилимди үйрөткөн устатым,маалыматтка чаңкап турганда,чаңкоомду кандырган маалымат булагым,дартымды, кайгымды,жүрөгүмдүн миң түркүн кайгыларын, сырларын жалгыз гана чыдап уккан сырдашым,курдашым. Мына,мындай ыйык нерсени кол шилтеп таштап кетүүгө мен сыяктуу башкалардын да кудурети жетпесе керек.Мындай кереметтүү дүйнөнүн жашоомдо өзгөчө ордун тапканына абдан кубанычтамын. "Бар бол Суперстаным!"

Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#20 07 September 2016 - 15:30
СУПЕРСТАН МЕН УЧУН.
Суперстандын жеке мага тийгизген таасири жонундо айта берсем созум тугонбойт. Студент маалымда катталып, форумдун тунгучтарынын билдируулорун кызыгып окуган маалым кандай сонун кез болгон болсо, турмуш куруп, бала жытын жыттап, толук кандуу аялзаты болгон азыркы форумда откоргон убагым ошончолук озгочо. Балким, айрымдар: "Форум - бул пикир алышуу учун белгиленген виртуалдуу дуйнонун болукчосу," - деген пикирлерин калтырышкандыр, андай болсо...андай болсо эмнеге эле копчулугубуз кете албай айланчыктап журобуз, копчулук катары мен да танмын))) Дагы канча убакыт айланып журоорумду ким билет)))
Форум жан дуйномо жакын жер, курдаш-сырдаш эле кутпой, ушундай сынактардын арты менен Супердин кудугунан суу ичкенге да улгуруп калдым окшойт. Азыр жон гана форумга, форумчуларга чын дилден ыраазы экенимди жазып откум келди. Форумда мин кыял адам отурат, ошентсе да жакшы адамдары кобуроок, ошол жакшы адамдар менен виртте болсо да жолуктуруп, пикирлеш кылганына ыраазымын Суперстанга.
Виртуалдуу мекенибиздин омуру узун болсун, тролль, флудерлери аз болуп, ысыккы темалары коп болсун. Администрацияга, акимиатка темирден нерв каалайм.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео