Саламатсыздарбы урматту форумчулар?
!
Ушул сайтка катталганы биринчи жолу тема ачып 3 кундон бери эсимден кетпей жаткан нерсени болушкум келди.
Бишкек шаарындагы Ош базарынын жанында жайгашкан (орус базар деп койчу беле) эски буюмдарды саткан жер бар. Мындан 3 кун мурда жолдошум экообуз газ баллон издеп ошол жакта сатат дешкенинен барып калдык.
Ошол жерде соода кылабы же же бироого келгенби ацтор соода кылган аялдардын жанында жакшынакай эле жашы 20-25 тердеги кыз 3-4 жаштагы кичинекей кызын уруп жатыптыр. Ары откон беии откондордун баары ошол жакты карам калышты, анткени кыз чырылдап ыйлап жатса оозун колу менен жаап алып муштап муштап уруп жаткан. Чыдабай кетип ай кыз урба, жаппа оозун олтуросун деп кыйкырдым. Дагы бир жашы 50го барыр калган киши урушуп калды урба деп. Тиги кыз ордунан тура калып жанагы киши менен урушуп " озум билем , озум туугам, силер эмне кылып койдунар, баарынар журосунор окшошуп, корот элем мага окшоп 24 саат бою бала бакканында.
Анкылдап дагы урба деп коет оозундв жап сен" деп жана башка дагы жаман создор менен согунуп урушуп жатты. Аябай жиним келип барып суйлойун десем жолдошум койчу бас бул жак ушундай ызы чуу боло берет эмне кыласын баш оорутуп деп алып кетип калды.
Кийин тиги кыз кичинекей кызын жулкулдатып жетелеп ары жакта бир эски дубалбы же эмне экенин байкабай калдым ошонун артына алып отуп кетти. Байкуш кичинекей кыздын чырылдап ыйлаганы мен узап кеткенче угулуп жатты.
Ошол кундон бери ошол кыз эсимден кетпейт."
Эмнеге барып урушуп куч келсе милиция чакырып койсом болмок беле, эмнеге ошол кичинекей кызды анчалык урат"деп,
дагы эле кыздын ыйлаганы кулагымдан кетпей койду.
Эмне учун кыздар деле балдар деле балалуу болоордо ойлонушпайт?
Балалуу болгондон кийин ойлонуп бирин бири куноолой беришет? Эмнеге биздин коомдо жаш балдарга ушундай мамиле жасалып жатат? Суроо артынан суроо, жооп таппайсын. Эмне учун?
- (2 )
-
- 1
- 2
Эмнеге эле акыркы учурда баардык адамдар нервный болуп баратат?
#3 06 September 2016 - 12:58
Иий журогум,ушундайларды корсом же угуп калсам кыйналып кетем.Одноклассникиден жаш баланы балыш мн чыркыратып уруп жаткан видеону коруп алып жаман болдум,дагыле эсимден кетпейт.Дагы гиф картина экен,уну мн уксам озумду жоготуп койсом керек.
#4 06 September 2016 - 13:18
кээ бир энелер жинин балдарынан чыгарышат...
. проблемвсын чече албай отуруп, баласынын тентек ишин көрүп, токмоктоп жатып калышат
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#5 06 September 2016 - 16:07
Автор эн туура баамдагансын,
азыркы учурда адамдар нервный болуп баратышат,кочодон байкайм кулуп,жылмайган адамдарды аз кором,баары эле кабагы бурколгон адамдарды кором анан баары бир жакка шашып кетип жатканын коросун,
#6 06 September 2016 - 18:15
Акча, карыз, кино, интернет, суйуу, эр аял урушу, кымбатчылык,
намаз окубагандык,
шайтанга шериктеш болуу, ээх копко дейм себеби.
#8 06 September 2016 - 19:23
К а п и т а л и з м ! ! !
Чет олколордо да ушул, Туркияда туркторду коруп тан калгам, буларда ар бир кун жашоо учун курош экен, капитализмин менен куруп кал деп тээ бир топ жыл мурун... Кандай болсо да СССРдин нанын жеп калганбыз, эртенки кунду ойлоп журогу сыгылган ким бар эле, Мамлекет сенин келечегине кам коруп жатса...
Азыр ойлоп койом. Жаштар азыр эртенки куну учун жашаса, улуу муун отконду эскерип жашап жаткандай. Совет доорунда эл бугунку куну менен жашап жашоодон ырахат алчу белем, байлык топтойм деп жутунбай азыркылардай. ..
Чет олколордо да ушул, Туркияда туркторду коруп тан калгам, буларда ар бир кун жашоо учун курош экен, капитализмин менен куруп кал деп тээ бир топ жыл мурун... Кандай болсо да СССРдин нанын жеп калганбыз, эртенки кунду ойлоп журогу сыгылган ким бар эле, Мамлекет сенин келечегине кам коруп жатса...
Азыр ойлоп койом. Жаштар азыр эртенки куну учун жашаса, улуу муун отконду эскерип жашап жаткандай. Совет доорунда эл бугунку куну менен жашап жашоодон ырахат алчу белем, байлык топтойм деп жутунбай азыркылардай. ..
#10 07 September 2016 - 12:19
Балама бироо каттуу суйлоп урушуп койсо журогум сайышып ооруп кетет. Эгер озум катуураак уруп урушуп койсом кечирим сураймын сасыгымдан.
Тооба анан ал аял озунун кызын кантип ошончо сабады. Акмак озунун кызы эместир балким......
#11 07 September 2016 - 12:32
Бироонун жашоосу бироого карангы, ошентсе да милиция чаеырууга толук акыныз бар болчу, себеби баланын укуктары бузулуп жатат. Орустарда органы опеки коруп калса алып эле кетип калмак, энесин эне болуу укуктарынан ажыратып. Бизде деле эгер жашаган жери, шарты начар болсо, андан да баланы карабаса, эксплуатацияласа,
ата-энеси алкоголик, наркоман болгондордун балдарын алып кетууго толук негиз бар.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#12 07 September 2016 - 14:28
Жолдошум болбой койду эмне кыласын ызылдашып озумдун кызым озум билем деп жатпайбы бас аралашпа деп. Ошол чырылдаган кызга жардам бералбай басып кеткениме эмгиче окунуп жатам оюмдан кетпей.
#13 07 September 2016 - 14:35
Озумдун да бир кыз, бир уулум бар. Аларды урмак турсун уруша албайм, тентек кылса жон гана жомоктордогу нерселерден айтып мындай кылса кордунбу болбойт деп же мультиктерден мисал келтирип айтып койсом эле соонун болуп тушунуп калышат.
#14 07 September 2016 - 16:18
Чопту кар кылсан козго саят,
Баланы кар кылсан ,бир куну шору катат .Озун болсон албетте жардам бермексин ,ал эми жолдошун тоскоол болсо аны туура тушунобуз ,уй булоо биринчи орунда турат.
Баланы кар кылсан ,бир куну шору катат .Озун болсон албетте жардам бермексин ,ал эми жолдошун тоскоол болсо аны туура тушунобуз ,уй булоо биринчи орунда турат.
#15 07 September 2016 - 18:44
Койлуу катын куйрук жейт,ерлуу катын таяк жейт. дегендей ата-енелуу балдарда таяк жейтда сизден жебесе башкадан жеши толук ыктымал. Ошонучун анча-мынча чектен ашса уруп койгон кемдик кылбайт.
#16 07 September 2016 - 20:06
Синдим бар,садиктен алып келиш менин мойнумда. Кээде аябай нервке тиет,озун же сабака же ишке жетише албай атсан. Кыйкырам бакырам эч нерсе кылбаса деле,бирок урган эмесмин бир да.Байкуш ал эженин да проблемасы чачтан ашып турса,кичине кыз аны билбей нарушение кылып койсо керек да.
Salam baaryna
#17 07 September 2016 - 21:44
Ой урса эчтеке болбойт мени апам кок чыбык менен шыпылдатып уруп эле чонойткон,андан апамы жаман коруп же чанып кеткен жокпуз.Апама рахматымы айтам азыр.Жакшы оку,бироонун буюмун алба,уурулук кылба,деп урушуп уруп чонойткон атам менен апама ыраазы элемин.
Эми бул баласын урган кызга келсек, биз билбеген канча проблемасы бар бизге карангыда же куйоосу жокдур же бир нерсесин жоготуп алгандыр.Билбей туруп бироону куноолош кыйын.
Эми бул баласын урган кызга келсек, биз билбеген канча проблемасы бар бизге карангыда же куйоосу жокдур же бир нерсесин жоготуп алгандыр.Билбей туруп бироону куноолош кыйын.
#18 07 September 2016 - 22:20
Мени жашаган батирдин астынкы этажына жайында бир жаш уй було кочуп келди. 3 жаштагы майып уулу бар болчу. 3 жаштагыдай корунбойт, 7-8 айлык го деп ойлойсун, буту баспайт. Апасы кыйкырып окуруп урушуп, дупулдотуп эле сабай берчу, чыркыратып.
Ал тургай тун ортосунда сабайт бакыртып, дубалга ургулайбы, дупулдогон эле ун чыкчу. Жайында балкон ачык болгондуктан даана угулуп, уктап жаткан жеримен чочуп ойгоном. Бугун точно милиция чакырам дейм, ал кун жумуш, озумдун маселелерим менен отуп кетет, эртеси кайра кыйкырыкты укканда точно милицияга айтам дейм. Ошентип ал семья бат эле кочуп кетишти. Эми милицияга берген деле оюнчук эмес да, арыз жазасын, кошуналар менен жаман жакшы айтышасын дегендей...
#19 10 September 2016 - 20:46
Кичине баланы чыркыратып сабаган адамды жек кором. Баланы жаздык менен урган видеону коруп алып ыйлагам. Дагы бир жаш баланы бетке тээп урган кишини коруп зээним кейиген. Балдар биздин келечегибиз.
Урмак турсун ичим эзилип карап отура берем
#20 11 September 2016 - 03:57
Ооба чын еле коптогон адамдар нерв мн ооруп калышкан,бир нерсе деп айтуудан да коркосун.Сразу жакадан алышат.тем более жаштар арасында тушунбостуктор болуп жатат.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео



















