Жалкоолор акылдуу болушабы?
#1 08 Сентябрь 2016 - 15:02
АКШнын окумуштуулары жалкоо адамдардын интеллектиси жогору болорун далилдешти.
Бул тууралуу The Independent агенттиги жазып чыккан.
Изилдөө үчүн Флорида университетинин изилдөөчүлөрү 60 студентти жыйнап, аларды эки топко бөлүшкөн. Бардыгына бирдей тапшырмалар берилгенде 30 адам көнүгүүлөрдү канааттануу менен аткарып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышканын билдирген. Ал эми экинчи топтогу 30 адам маселелер үстүндө муктаж маалда гана ойлонушарын билдиришкен. Катышуучуларга изилдөө учурунда фитнес браслеттер тагылган. Натыйжада маселенин үстүндө «ойлонуп» иш жасаган студенттер экинчи топтогуларга караганда көп кыймыл жасагылары келбей турганы белгилүү болгон. Мындай тажрыйбадан кийин окумуштуулар көп ойлонбогон адамдар бат зеригип, бош убактысын физикалык активдүүлүккө жумшайт деген бүтүмгө келишкен. Ал эми жалкоолук ойго чөмүлгөн адамдарда пайда болору аныкталган.

#2 08 Сентябрь 2016 - 15:11
Жалкоону акылдуу деп эсептебейм.
Акылы болсо иштерин жасабай жатат беле...кээде гана эч нерсеге конул чаппай жалкоолугун кармап калышы мумкун.а так кундо бир ишке ар шылтоону тапса ал адам жашоодо жалкоо адам деп эсептейм
#4 08 Сентябрь 2016 - 16:00
Дүйнөдө мендей жалкоо жок болсо керек. Бирок акылдуу эмесминго. Тескеринчеси акылым жакшы иштебей жатат.Жалкоолор акылдуу болот дегенге мен кошулбайм. Эгер акылдуу болсо мен акылдуу болсом керек эле.
#5 08 Сентябрь 2016 - 16:50
Жалкоолор акылдуу болот дегенине кошулбайм. Менин кадырыма шек келтирет экен. Албетте өтө эле эмгекчил эмесмин бирок мектепте жакшы окуйм
#6 09 Сентябрь 2016 - 10:32
Бул создордун да кандайдыр бир чындыгы бардай.Байкап корсок,чын эле жалкоолордун башы кыйын иштейт,бирок ошону пайдаланышпай жалкоолонуп журо беришет.Коп эле угуп келем да,,озу жакшы адам,колунан баары келет,мээси кыйын иштейт,бирок жалкоо да,,деген создорду.
#7 09 Сентябрь 2016 - 12:14
Tiguuchu (09 Сентябрь 2016 - 10:32) жазган:
Бул создордун да кандайдыр бир чындыгы бардай.Байкап корсок,чын эле жалкоолордун башы кыйын иштейт,бирок ошону пайдаланышпай жалкоолонуп журо беришет.Коп эле угуп келем да,,озу жакшы адам,колунан баары келет,мээси кыйын иштейт,бирок жалкоо да,,деген создорду.
+++
#8 09 Сентябрь 2016 - 13:02
Бул дагы бир жалкоо окумуштуунун шылтоосу болуш керек, анткени жалкоо ушунча акылдуу болсо, жалкоо болбойт элего. Дагы бир жерден окуганым бар эле: Адам жалкоолугун озунун кызыкчылыгына иштетсе болот. Мисалы, эки адамга арык казуу керек. Бул алардын жумушу. Ал учун акысын алышат Биринчиси курок алып каза баштайт. Экинчиси жалкоо болгондуктан трактор жайлап арык каздырат. Бирок мен муну жалкоолук эмес , эпчил, амалкой деп ойлойм, анткени жалкоон антип иштегени дагы барбайт эле.
А вот коп окуган, коп билген, кругозору кенен , башкача айтканда акылдуу адамдын кыялы чатак болот экен. Байкаштырып корсонор. Мен коп байкайм. Американын окумуштуулары дагы байкаганго, ушундай жыйынтыка келгенине Караганда.

brother
#9 09 Сентябрь 2016 - 14:01
Tiguuchu (09 Сентябрь 2016 - 04:32) жазган:
Бул создордун да кандайдыр бир чындыгы бардай.Байкап корсок,чын эле жалкоолордун башы кыйын иштейт,бирок ошону пайдаланышпай жалкоолонуп журо беришет.Коп эле угуп келем да,,озу жакшы адам,колунан баары келет,мээси кыйын иштейт,бирок жалкоо да,,деген создорду.
Анда эмнеге класстагы досторум математика химиядан жок

#10 09 Сентябрь 2016 - 14:04
#11 09 Сентябрь 2016 - 18:24
#12 10 Сентябрь 2016 - 00:24
#13 10 Сентябрь 2016 - 00:25
#15 10 Сентябрь 2016 - 08:54
Бардык жалкоолор тегиз акылдуу эмес жана бардык акылдуулар тегиз жалкоо эмес.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#16 10 Сентябрь 2016 - 09:02
#19 04 Март 2017 - 18:28
Жалкоолор акылдуу эмес амалкөй болсо керек менимче. Тигил же бул суранычты аткарып коюсун өтүнсөң, ойго келбеген шылтоолорду айтып кутулуп кетишет.
:)
#20 04 Март 2017 - 18:30