Суперстан: Кечиккен бакыт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кечиккен бакыт

#61 Пользователь офлайн   anya   08 Сентябрь 2016 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Айланайын кайын-журту эмне деген адамдар ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   narime   08 Сентябрь 2016 - 11:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 31 Янв 2021 11:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:@@@@@@@@

Просмотр сообщения raia (08 Сентябрь 2016 - 05:18) жазган:

Ох,ох кыздарым ачуунардын баарын суперден чыгарыпсынар да,мейли эми суперден чыгарсанар чыгарыпсынар го асты кордуу кайненерден чыгара корбогуло,бетине бетине жаштыка салып каяша айтсанар,болун, болунуп жашайм деген ултуматум косонор,анан эртеге эле суперге келип эрсиз калдым деп биздин журогубуздуу оорутуп суперге жазып журбогуло...
Аста аста кыздарым,бугун кайнене деген жаман болсо,эртеге эле келин жаман деп ыйлап журбогуло.Анткен бул жашоо коз ирмем.Бугун сен улуу муунду барктабасан, кичуу муундан кор болосун.Анткени тарбия ошондой кеткен.Келме кезек,терме тезек дейт.Келме кезектин келгенин билбей каласын...
Ар ким пешенедегини корот бирок пешенем деп отурбай ошо пешенедегини да женип жашасан болот.Эмне учун келин жаман десе кетип калыш керек.Жаман келин атыгып кеткенче,жакшы келин болуп жениш абзел го дейм.Турмуш озу тараза.Кучтуу болсон сен женесин.Кучсуз болсон,арсыз болсон,ата энемдин уйу кайда эле деп жолго тушосун.Баланды жетим калтырып тексиз кыласын,озун эрсиз каласын.Баарына эле тушунгон адам жолуга бербей,кайда болсон мамайдын кору.Мурункуна эшик турткон бешик турткон," Жамандыгынан эрден чыкан" деген соз кошулат...
Бечара жигиттердин кулагы тынчыбайт.Кундузу энеси быдыр,быдыр кулагын жейт,туну аялы быдыр,быдыр кулагын жейт.Эне каттуу жамандаса аялына бакырат,аялы каттуу жамандаса энесине бакырат.Ачуу душман акыл дос,озуно келсе жанынан артык коргон апа капа, бир караса жанымдын жаны деген суйгон аялы капа.Анан жигиттин мунозуу озгорот, анан эки аял затына азаптуу кун башталат..
Жаман деген ат бар жууса кеткис,жакшы деген бир ат бар кууса жеткис дейт.Ошо кууса жеткис атты кууп жетип буйлалап кармап,озунду корсотуп,чыныгы жузунду корсотуп,ким экенинди таанытып,айткан жаман кайын журттуу женип албайсынарбы. да ошол жерде барктуу болуп,омур сурбойсунорбу. Айдын 15 жарык,15 карангы дейт ошол жарыкчылыка ар намыс учун,баланар учун жетпейсинерби. Ошол силерге болушпаган, апакесинин созунон чыкпаган эркегинерди, жакшы мамиле менен тороп баланар менен,суйуп суйуунор менен журогунон орун тапайсынарбы. Суйуп,суйдуруп жашабайсынарбы? Сен эле ата энесин,ага тууганын сыйлап турсан,кылып кызматын менен тороп торотун менен кызмат кылсан,сен эле кыял жоругун жакшы болсо баарын женип,жеништин туу чокусунда болосун.
Бул жазганым кыздарыма кулак сырга...
Ал эми авторго кызым сен жаш болуп,эркелике мас болуп,турмушка таяр болбогонсун ал сенин куноон эмес,ал тарбиядан.Откон ишке салават дейт,кызым Аллахым багынды ачсын.Окууган кыздын наны бутун дейт,окуунду востоновит этип окуундуу ула.баландын бактысы жарты,уул экен ата тээгин бардырып,келдирип чонойт.УУЛ балага ата журт керек.Таята менен тай эне козуу откончо.барктуу небере болот.Ата тууган тен тууган делинет.Эсин болсо атасы балам десе аталык мээриминен ажыратпа.Эми кызым жашоо деген курош,курошуп журуп,тырмышып журуп жакшы жашоо куруш озунон...Бактылуу бол кызым...

Кыз келиндерге жазган насааттарынызды окуп келем суперден. Бирок сиз айткандай аракет кылып, оту менен кирип, кулу менен чыккан келиндер бар азыркы тапта, балдарымды жетим кылбайын деп.Ошончо аракет кылып, баары жогуна чыдаган келинди келин эмес кул коргон кайынэнелерге эмне дейбиз? Жашоо турмуш оной эмес, аны женсен анан турмуш болот! Бирок женем, чыдаймын балдарым учун деп журуп, канча ооруга,стресске, акыры барып ден-соолугунан айрылат. Ошону тушунгон эр, менен кайынэне болсо кана? Тушунбогону канча баласын кайра куш куштоп аялын жамандап олтурса. Келин деле бироонун баласы да. Ал деле жылуу соз угуп, жашоосун эл катары ур токмоксуз, бактылуу жашап отконго акысы бар. Ооба балдар учун чыдаш керек!!! Бирок акылга сыйбаган кордуктаргабы? Албетте жок. Анткени ар бир ата-эне, ошол эле кайынэне, эр дагы озунун эже карындаштарын бактылуу болушун каалайт. Же чужойдун баласы жалко эмеспи? Каалаганындай калчап, кордугунду корсото берсен болобу?
Ар бир инсан ойлонуш керек, озуно кандай жакшылыкты кааласан, бироого да ошондой жакшылыкты ыраа корушубуз керек!!!

Ушул эле суперден бир жаш келин менен тааныштым. Бир баласы бар, экинчиси боюнда бар.Ал суперге бул келинге окшоп, ичиндеги бугун жазган эмес. Эжеке ичимдеги арманымды болушуп турайын, айтып женилдеп алаармын деп калат. Куйоосу кок ала кылып томоктоп келет экен азыркы убака чейин. Кайын энеси кошул ташыл, абысыны тош болуп. Боюнан козголуп, больницада сохранениеде жатып чыкты. Ватсаптан когоргон жерлерин суротко тартып жонотсо, бул жакта туруп мен жаман болмок турсун, кечке кыжаалат болуп козумо жаш алдым. Балдарым учун чыдаймын дейт. Дагы канчага чейин чыдайт!! ! Уххх журогум, зээним кейийт канча ден соолугундан ажырайсын десем деле болбойт. Албетте бироонун жашоосуна кийлигише албаймын, ал озу каалабаса.Бирок ошончо кордукка чыдаганын эр соройу, кайынэнеси тушунобу? Билбеймин тунгуюка кептелип калгандай эле озумду сеземин. Кол сунайын десем озу баш тартты. Анда алдап соолап, жакшы создорду суйлоп, жакшы мамиле кылып кор мумкун озгороттур деп, толгон токой жакшы советтерди бердим. Ошонун акыбети кайтып калса кана? Анда жакшы болбойт беле. Келиндерге чыдамкайлык, сабырдуулук, бирок ошол эле мезгилде озунорду да ойлой билгиле, анткени ар бирибиз бактылуу болгонго акыбыз бар!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   AN0819   08 Сентябрь 2016 - 12:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 06 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 24 Янв 2017 16:41

Айланайын, келинди жек коргон кайненелер. Сиздердин да кызыныздар(башкага келин) бар экенин унутпаныздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Toktoshova   08 Сентябрь 2016 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 21 Август 16
  • Соңку аракети: 17 Янв 2022 19:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коптогон жерлер

Мага бакыт тилеген эже синдилерим форумчулар рахмат сиздерге. билдируулорду окуп жооп жазышка туура келди. Мен озумду акмын менде куно жок деп айталбайм менден да кеткендир бирок менин абалымды мага окшош ала качуунун курмандыгы болгондор тушунсо керек. Кайненемди жамандагым келген эмес негизи бирок 18жаштагы мектепти жаны эле буткон турмуштун ак карасын ылгай элек келинге ошондой каардуу мамиле оор тийерин ойлоп корсонуздор. Рая эженин кенештерин окуйм дайым мен да сиз айткан нерселерден жасашка болгон куч аракетимди жумшагамын. Окуяны устуртон гана жазганга ушундай ойдо болсонуз керек. Азыр да ошол кезди эстеп жазыш коз жаш менен коштолот. Башында айтып откондой тороттон кийин аллергияга чалдыккамын дарысыз жашай албай калган кунго жеткемин ошол кундору мен учун турмуш эмес бала эмес бир гана озумдун жашоом керек болгон. Ошондой акыбалда мени жолдошум коруп туруп жакшы созун айткан эмес кайын журтум дарылатайын деген эмес. Кайын атам тогуз баласы туруп уулу улан кызы жубан болуп туруп аялынын устуно аял алган. Мен сын койуп суйлой албайм жон гана соо аялдын устуно аял алган адам кудай сактасын мен оорукчан болуп калсам ошолордун кызматын кылам деп жолдошума аял алып бериштен кайра тартбайт эле. Ансыз да мага айтбай же закон турундо ажырашбай ЗАГС кырктырбай туруп жолдошум уйлонгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   raia   08 Сентябрь 2016 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен уч келин,бир куйоо баламын кайненеси болсом да эч качан келинди басмарлаган кайненелерди жактабайм.Мен озум да ажырашкан уй-булонун курмандыгы болуп,эчен оксуп,эчен сынып чонойгом.Ажыраштым дегенде эле озумун бала чагым эске тушот.Мен таята тайэнемдин козу откончо ата энемин ким экенин билбей бактылуу балалыкты откоргом.Мен жетимин ашын ичип,жетимдин киймин кийип чонойбодум, бардар уйдо бар менен жоктуу билбей чонойдум бирок да оксуп чонойдум.
Мен кайненелерге басынып кул болуп,азап менен кун коргуло дебейм,мен балдарынарды жетим кылбай,кандайдыр бир келечегинерге ажырашуудан башка жол таап чыгып кетсе экен деп ойлоном.Мен озум деле 18 ге чыгып турмушка чыккам,малина жашоодо жашабагам.Бир элден бир элге келин болгом.Жат эл,жат жер,салт санаа,огой кайнене,аркалыктарды жек коргон кайнага,келин кул,чыдаса келин,жадаса кетсин деген кайнежелерим. Башыман ашкан иштерим, тамак ичер маалда эрмектери мен.6 чон адам,6 кичине балдар 12 жан.Ичкен,жеген, кир когуу,ага кошулуп коро толо кой,саан уйдан 7-8 дей бар.Чарчап чалыгып турсам да эн жок дегенде жатарда да бир соз менен чымчып алышаар эле.Ата энемдин козу болсо да менин таянар жакыным жок катары,аркага жол жок деп озум чон точка койуп койгом.
НАМЫС- деген бир соз учун мен коп азапка чыдадым.Менин жакшы турмушка жетишим,мен кайнатам менен кайнагам согуп турса унчукпай,жатак болмомо кирип алып ыйлайт элем.Атам Радхан дегенде козумун жашын арчып чуркап чыга келет элем.Эч каяша айтпагам.Кайнатам ачуусу чукул,келин кыз дебей энен деп соккон бирок ак конул,журогу таза киши эле.Кайнежелерим апам менен бири тен,бири апаман бир аз кучуу болгон учун да жаштарын эске алып,апам менен тен экени учунбу каяша айталбайт элем.Ыйлап алып ишими кылып журо берет элем.Бирок менин бул кыйялым озумо эле + болду.Мен ушул адамдардын батасы менен агарып,когоруп отурам.
Бизди Озгонго болушту,уй таап,батасын берип атам болдуу.Кичуу эжем отургузуп алып акыл айтты.
-Келин, мына болуп атабыз,бизди уят кылба.Укам жаш,жаш кезинде эркек ойнойт,кулот. Сен кызганба.Сага эрин ойнош ойноп атат десе,озум уруксат бергем жаш кезинде кулуп алсын де макулбу.Укама уруш кылба деди.Жаш болсом да 18 де элем,ич ичимен жаман болдум.Ошто эркектер жаман болот турбайбы,дагы канча шорум бар экен деп сыгылып ойлондум.Жылдар отту,кыз берди эжем.Бир куну куйо баласынын жургогун айтып,мени ортого тушуп беришимди кеп кылды.Угуп отуруп байягы эсиме тушуп.шайтан азгырдыбы билбедим
-Эже байягы биз жаш кездеги мага айткан акылыныздан кызынызга да айтып койо берин да.Куйосу менен коп эле жанжалдашпасын дедим.Байкуш эжем мени келиним деп элге айтпаган сырын айтса мен олгур келиндик кылыпмын да.Эжем унчукпай ордунан туруп кетти.Мен акмактыгымды, бетке чабардыгымды кеч тушунуп ото окунуп калдым.Айтылган соз,атылган ок да кайра кайтарып киргизе албайсын.Андан бери канча жыл отту бирок ошол эжемин бырыш баскан бети кызарып,менин астымда озун онтойсуз сезгенин эстеген сайын,мен озумду кечире албайм.Таш койгонго таш кой деген созду мен туура корбойм.Таш койгонго аш койуп,заар созго мээр соз берсен сен баарын женесин.Биринчиден Аллах раазы болсун,экинчиден ата эне,бир туугандар сага раазы болсун,ак баталарын ал ошондо кана сен агарып когоросун.Кары адамдарын келини жакшы болсун дуйнодо,мына менин бактым бар,келиндерим ыймандуу жакшы чыкты.Бул бакыт мага жондон жон кана келген жок.Кайнатамдын ак батасы менен,эжелеримдин энелик мага берген баталары менен мен агарып,когоруп, келиндеримен, кайын синдилеримен сый,урмат коруп отурам...
Бир жылдары эжемен Бул биздин келинибиз эмес синдибиздей, нары кызым бериси келиним дегени бар,кечэ жакында Апабыздай коргон женебизсиз, деген создорун угуп ичимен кыздарыма раазы болдум.Турмушта нолдон баштап,кыйынчылыкты женип,турмушунду тикелесен даамы ото ширин болот.Ошон учун сабыр керек,сабырлуу болсон сен турмушта чон жеништерге жетесин..Бул жазганым бир кызга эмес,жалпы кызга кулактарына алтын сырга...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 08 Сентябрь 2016 - 15:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Toktoshova   08 Сентябрь 2016 - 17:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 21 Август 16
  • Соңку аракети: 17 Янв 2022 19:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коптогон жерлер

Баласына аталык мээримимди тогойун кабар алайын десе мен кантип жок дейт элем эч кандай баламы кором каттат бизге деген соз болгон эмес. Балам бир жашка чыгып туулган кунундо оздору эмес бироодон подарка берип жибериптир ичинде жоолук светильник жемпир шым бар экен карап туруп ушул светильникти ошондо алып берип светти очур деген болбогон создон уруш чыкбаганда биз да балам экообуз толук уй булоодо ата мээримине зар болбой ар кимден жаман жакшы соз укбай жашайт элек го деп белегин кайра оздоруно берип жибергемин себеби откон нерсени эстеткен белегинин кереги жок эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   DNurgiza   08 Сентябрь 2016 - 22:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

Рая эженин билдирүүсүн окусам, жашоого болгон көз карашым өзгөрөт... Эң жакшы насааттары үчүн, берген кеңеши үчүн, кыздарым деп сүйлөгөнү үчүн бекээм кучактап, РАХМАТ АЙТКЫМ келет да. Менин тайнем да ушундай, кацненең, кайнатаңдын батасын ал, отурса төшөк сала кал, гөлөшүн чечсе тазалай кой, кийимин жууп, үтүктөп илип кой, жуунтуп, ысык чайыңды берип, чыгаарда уруксат сурап чыгып турсаң эле сага батасын беришет деп айта берет...... Бирок мен өзүнчө жашайм, келгенде жакшы мамиле жасаганга аракет кылам.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Aisuluu160790   09 Сентябрь 2016 - 08:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 596
  • Катталган: 01 Июнь 15
  • Соңку аракети: 23 Июн 2025 14:56
  • Жынысы:Аялзаты

туура кылгансыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 21:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: