Азил чыны аралаш
Кумайык купуя сырын жашырбайт
Таза сүйлөп, өз тилимде жаңылбайм,
Тамталаң дап кетпей дайым так ырдайм.
Байлыкты үйүп салса дагы башыма,
Башка тилдин таасирине багынбайм.
Айлантышкан чыны тилди аргынча,
Арабызда «Жылдыз» деген арбын да.
Айбан дагы болсом тилим аздектейм,
Ал бар үчүн мен да бармын, баймын да.
Аспапта да таптак, кылдат ойноймун,
Ансыз таза музыкага тойбоймун.
«Чача – чалап» сөздү буруп чалжырттап,
Чала кыргыз чала «Жылдыз» болбоймун.
Жекшенбай Курманов.
КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү .
Акын.

Супер-Инфо
super.kg
видео







