Мындай тема бар
"Эл эмне дейт" деп, эмне кылдыңыз эле?
#163 13 Август 2016 - 16:20
#164 13 Август 2016 - 16:26
Мен бир күн бутум оорум апамдар жумуштан келгенде жакшы болуп калдым да анан үйлөр чачылууда анан апам өллө урушкан эл эмне дейт мен ушинтип отурсаң деп урушкан бирок соседдер деле орус корейсдер сүйлөшбөйбүз деле айылда болсокда мейли эле
#165 13 Август 2016 - 17:16
Эл эмне дээр экен деп ойлоп калам кээде, анткени эл оозунда элек жок дейт эмесби, бири билип суйлойт, бири билбей суйлойт, ошентип отуруп ата-энеге соз тиет, кимдин уулу деген соз болбосун дейм.
#166 13 Август 2016 - 23:31
Ушул "эл эмне дейт" деген сөздөн ушундай тажадым. Уксам итиркейим келе тургандай болуп калдым өзү деле. Кээде тажаганда элинер эмне десе дей берсин, мен өзүм үчүн жашайм, мен аларга тийишпей атамбы, менин жашоом менен да эч кимдин жумушу болбосун деп баары менен урушам.
Биз кыргыздарда эч ким өзу учун жашабайт. Баары эле эл эмне дейт деп кабат-кабат уй салат, же ошонусунда жашабайт, тапканын тлот дубалга чаптап жүрүп эле бир күнү өлүп тынат. Патологуна жеткидей жүк(жууркан, жер төшөк) жыйат же ошону салынып жатпайт. Кийимди да эл үчүн кмйет. Иши кылса карап отуруп бир күлкүн келсе, бир кыжырды келтирет. Бир карап боорун ооруйт

#167 14 Август 2016 - 00:10
Эл эмне дейт деп кыска кийим киерде ойлоном да,ээ олувам кетсин деп кийип алам..
Salam baaryna
#168 14 Август 2016 - 01:08
Эл эмне дейт?-деп коп нерседен баш тартып журуптурмун ойлосом
Сен бар учун...
#169 28 Август 2016 - 21:49
Уйдун жанында бош участок бар. Забордон ары мусорду ыргыта берет элем. Бир куну карасам мусор жайнап кетиптир. Анан кой эл корсо эмне дейт деп мусордун баарын жыйнап тазалап койгом. Анан коп отпой эле эл эмне дейт деп ал участокту сатып алдык
#170 30 Август 2016 - 01:25
"Эл эмне дейт?" деп коп нерседен кечтим... Мумкун бир омур окуноттурмун ошо нерселер учун.
..
#171 16 Сентябрь 2016 - 23:39
Кудай сактасын, эл эмне дейт дегенге кабыла элекмин, кабылбай эле койойюнчу .
#172 16 Сентябрь 2016 - 23:42
Кандай учур болбосун ушул соз айтылат. Бул нерсе элге синип калган.
#174 08 Декабрь 2016 - 10:05
Кыргызда "Эл эмне дейт кокуй" деген түшүнүк бар. Бул менталитетке сиңип, кан-жан менен бир болуп калган. Бул сөз абийир, ынсап сактоого, эл көзөмөлүндө жүрүп, ниетти түз алып жүрүүгө албетте, жакшы. Бирок кээде ашыкча эле ушу сөздүн негизинде эл сенин жашооңо терең кирип кеткени жакпайт. Эгер ушул "эл эмне дейт" деген сөз болбосо, мен эчак эле арзыганыма баш кошуп алмакмын. Бирок эле эмне дейт??? Ал ажырашып, бой жүрөт. Мен болсо турмушка чыкккан эмесмин. Анын үй-бүлөсү "эл эмне дейт" деп аялы менен жараштырганга тырмышып жүрүшөт. Мени болсо үйдөгүлөр "аял кетирген неме менен сүйлөшпө, эл эмне дейт" деп коюшкан. Эгер ушул сөз жок болсо сен эмнелерди гана кылмак элең???

#175 08 Декабрь 2016 - 11:32
Эл эмне дейт деген нерсе мага да жакбайт. Эл эмне дейт деп журуп коп нерседен каламын.
#176 08 Декабрь 2016 - 12:03
"Эл эмне дейт?" деген түшүнүк жок болсо эмнелерди гана кылмак элеңер?", "Эл эмне дейт деген фраза бизге сиӊип калганбы?"
темалары менен бириктирилди.
#177 08 Декабрь 2016 - 12:16
Чындыгында ушунун жаман залакасы тиетта эл укса не дейт деп отуруп каласың. Бирок бир жагынан жакшы дагы, акыл менен акылдашып туура жол тапканга аракет кылып каласың.
#179 08 Декабрь 2016 - 14:36
s9zen098 (13 Август 2016 - 23:31) жазган:
Ушул "эл эмне дейт" деген сөздөн ушундай тажадым. Уксам итиркейим келе тургандай болуп калдым өзү деле. Кээде тажаганда элинер эмне десе дей берсин, мен өзүм үчүн жашайм, мен аларга тийишпей атамбы, менин жашоом менен да эч кимдин жумушу болбосун деп баары менен урушам.
Биз кыргыздарда эч ким өзу учун жашабайт. Баары эле эл эмне дейт деп кабат-кабат уй салат, же ошонусунда жашабайт, тапканын тлот дубалга чаптап жүрүп эле бир күнү өлүп тынат. Патологуна жеткидей жүк(жууркан, жер төшөк) жыйат же ошону салынып жатпайт. Кийимди да эл үчүн кмйет. Иши кылса карап отуруп бир күлкүн келсе, бир кыжырды келтирет. Бир карап боорун ооруйт
Биз кыргыздарда эч ким өзу учун жашабайт. Баары эле эл эмне дейт деп кабат-кабат уй салат, же ошонусунда жашабайт, тапканын тлот дубалга чаптап жүрүп эле бир күнү өлүп тынат. Патологуна жеткидей жүк(жууркан, жер төшөк) жыйат же ошону салынып жатпайт. Кийимди да эл үчүн кмйет. Иши кылса карап отуруп бир күлкүн келсе, бир кыжырды келтирет. Бир карап боорун ооруйт
+++++++++
Роналду - бул кайталангыс талант