Менин жана копчулуктун ою боюнча Мырзакматовдун Кыргызстандан шашылыш чыгып кетуу себебин бийликтен коробуз. Эгер окуяга теренирээк жакындасак 2014-жылдын башында Ош шаарында ошол убакта мэрликтен тушкон Мелис Мырзакматовду колдогон чон митинг болгон. Ошондо жаалданып Ош шаардык мэриясына бастырып кирмекчи болгон миндеген митингчилерди Мырзакматов токтотуп сабырдуулукка чакырган жана Ош мэриясын алуу менен маселе чечилбесин,
15 кундон кийин Бишкекке журуш жасаарын айткан. Ошол окуядан кийин (дароо эле) эле бирден Мырзакматов кайып болду, кайда жана эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени копчулукко табышмак бойдон калды. Бирок божомолдорго таянсак ошого чейин бийлик Батукаевди бошоткон болуучу. Батукаевдин бошотулуусу кимдин чечими менен болгону бугун дале сыр болууда. Туштук жергесинде кучтуу колдоого ээ Мырзакматовдун Бишкекке журуш жасоосу бийлик учун опурталдуу эле. 2010-жылы да Мырзакматовду мэрликтен тушурууго аракет кылган бийлик Мырзакматовдун Оштогу митингге чыккан колдоочулары менен "эсептешууго"
аргасыз болгон эле. Ошол себептен Ак уйдо отурган бийлик (Атамбаев, Текебаев ж.б.) Батукаевден жардам сурап кайрылышканы чындыкка жакын сыяктуу. Менимче Мырзакматовго Батукаевден "Мырзакматовдун жеке керт башы жана жакындарынын омуру" тууралуу соз журуп, коркутуу, ультиматум келип тушкондой. Мырзакматовдун Кыргызстандан шашылыш чыгып кетуу себебин ушундай божомолдойм,
анын чын-тогунун Мырзакматов озу жана ага тиешеси барлар гана билет албетте... Бирок менин божомолум чындыкка жакын болсо кучтуу оппоненттеринен кутулуу учун бийлик криминалдарды колдонсо демек жеткен ыплас, жийиркенич макулуктар болгон болот бийлик башындагылар.
.. Акаев учурунда Акаев саясий оппонент коргон Насирдин Исанов
автокырсыкта,
Сатыбалды Жээнбеков ууланып, Бекмамат Осмонов Москвада ооруканада кайтыш болгон, бирок учоондо тен бул олумдор тегин жерден болбогону, бийликтин колу болгону айтылып келет... Бакиев убагында да коп адам олуп кетти, эсте калгандары Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев,
Рысбек Акматбаев (учоо тен криминал), спортчу Раатбек Санатбаев, бийликке саясий оппонент Медетбек Садыркулов ж.б.олтурулушту.
..
Эми эмне болгондо да Мырзакматов Кыргызстанга качан жана кандай шартта келе алат?! Анын келуусуно тоскоол болгон нерсе эмне же ким?! Ал Кыргызстанга келуусу учун эл эмне кыла алат?! Ушул суроолорго жооп кутом...
Анткени 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого Мырзакматовдун катышуусу туура болот, анын колдоочулары коп. Мен Мырзакматовду президенттикке 100% татыктуу деп эсептебейм албетте мурунку "каталарын"
эске алганда, бирок Атамбаев же Текебаевдин президенттикке ат салышуучу "кадрларынан"
он-жуз эсе мыкты Мырзакматов.
.. Анын башкаруусунда Кыргызстан аз да болсо онолуу жолуна тушот бугунку тунгуюкка кеткен жолдон чыгып...
Мырзакматов Кыргызстанга качан айтат?..
#2 17 September 2016 - 10:56
Текебаев коркутса эмнеге анда 2015 шайлоого УБ ата-мекен менен бирге барды? Эл арасында божомол дөдөмөлчүлөр көп бирок аныгын билген эч ким жок. Жогоруда сен жазган сөздөр ошол ушактардын бириси.
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#3 17 September 2016 - 11:27
Текебаев коркутса эмнеге анда 2015 шайлоого УБ ата-мекен менен бирге барды? Эл арасында божомол дөдөмөлчүлөр көп бирок аныгын билген эч ким жок. Жогоруда сен жазган сөздөр ошол ушактардын бириси.
Текебаевге туштуктун электораты керек эле, ошого "сунуш" менен кайрылган чыгаар, аны Мырзакматов менен Текебаевден сурап алуун керек эле...
Атамбаевдин арыгын чаап ушакка чыгарып коюпсун, анда чындыкты билсен айт угалы...
#4 17 September 2016 - 13:49
Текебаевге туштуктун электораты керек эле, ошого "сунуш"
менен кайрылган чыгаар, аны Мырзакматов менен Текебаевден сурап алуун керек эле...
Атамбаевдин арыгын чаап ушакка чыгарып коюпсун, анда чындыкты билсен айт угалы...
Атамбаевдин арыгын чаап ушакка чыгарып коюпсун, анда чындыкты билсен айт угалы...
Эмне анда Мырзакматов келесоолук кылып Текебаев коркутса деле ""кой ушул түштүктүн электоратынан добуш жыйнап алсын" деп бирикти беле? Анан сен Мадумаров менен Мырзакматовго сүйүүңдү арнап махабатыңды билдирип, башкалар антпесе эле эмне АШАнын арыгын чапкан болуп калат бекен? Билсең тууганым бизде кандай бийлик келбесин элге бир жакшы нерсе кылат деп үмүт кылуунун өзү болбогон нерсе. 25жылдык тарыхыбызда эл өз арабасын өзү тартып бийлик өзү менен өзү. Эртең сен сүйгөн Мадумаров Мырзакматов кимиси келбесин эч кандай өзгөрүү болбойт. Себеби биздин аң-сезимибиз бүгүнкү саясаттагы ойт берме көрүнүштөй. Аны кечээги парламенттик шайлоо далилдеди. Шайлоого чейин "бизге тазасы эле тазасы, бизге иштегени керек" деп ач айкырык салып, анан эле шайлоого келгенде кызылдай акчага добуштарын сатышты. А бүгүн болсо ошол эле добушун пулдагандар парламент иштебейт деп ач айкырык салышат. Логика кайда? Динде айтат экен элине карап хан берем деп. Бүгүн АШАны кандай дебейли ошол биздин пейлибизге жараша шайланган президент. 2005-жылы казак президенти бир журналистке берген инервьюсунда "кыргыздар мамлекет үчүн бир ишти башташып өнүүгөйлү деп өз жумуштары менен алектенише элек, алар 15-жылдан бери эле саясат менен алек болуп келе жатышат" деген экен эле. Биз ошол 2005-жылдан бери дагы деле саясат менен катардагы жөнөкөй жарандардан баштап президентке чейин саясат менен алек болуп келе жатабыз. Анан бул кетиште дагы эле өнүгүшкө көз жетпейт го. Сүйлөсөк баарыбыз эле акылдуубуз а жыйынтыгын карасаң таш балакет жок.
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#5 17 September 2016 - 15:11
Баары туура го бирок элдин пейилине жараша ажосу дегенге кошула албадым... 90-жж.башында Союз жаны ураган чактагы элдин пейилинен айлансак болоор эле.. Ошондо жашоо-турмушу да, пейили да дээрлик бирдей казак-кыргыздардын бирине Акаев, башкасына Назарбаев келиши адилетсиздик эмеспи эгер элдин пейилине келип такалсак...
#6 17 September 2016 - 16:14
Баары туура го бирок элдин пейилине жараша ажосу дегенге кошула албадым... 90-жж.башында Союз жаны ураган чактагы элдин пейилинен айлансак болоор эле.. Ошондо жашоо-турмушу да, пейили да дээрлик бирдей казак-кыргыздардын бирине Акаев, башкасына Назарбаев келиши адилетсиздик эмеспи эгер элдин пейилине келип такалсак...
Саясат дегениң ошол окшобойбу бу кыргызың ошондо эле бөлүнүп-жарылып бири-бирин көрө албай, Масалиевди эле президент кылып коёлу дешкенде түндүктүк тың чыкмалар каршы чыгышып, тирешүү күчөгөндө ортого Айтматов түшүп Акаевди ленинградтан алып келип президент болуп калган экен. Негизи Масалиевдин шансы болгон экен эле жарыктык киши өзү да бийлике умтулбаган киши окшобойбу.Бул окуяны бизге ошол кезде легендарлуу парламенттин депутаты болуп ошол окуялардын ортосунда болгон жердеш агабыз айтып берди эле. Буга албетте элдин күнөөсү жок дечи. Бирок Акаев эгерде Назарбаевдей эле башкарганда өлкө азыркыга караганда бир аз да болсо өнүкмөк. Анан ал кездеги адамдык нрава менен бүгүнкү адамдык нраваны дегеле салыштырып болбойт.
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#7 29 September 2016 - 08:30
мен да ойлоп аткам Мыракматов кайда экен деп барып эле басбайсбы эми эл кутуп калды деп алып келгим келет абдан!♡

Супер-Инфо
super.kg
видео








