Суперстан: Студенттик жашоо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Студенттик жашоо бир күн ач, бир күн ток))

#1 Пользователь офлайн   Munarbek.ka4ka   19 Сентябрь 2016 - 19:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Июл 2018 01:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Студенттик жашоо негизи студент болгондон кийин ач болгонду да ток болгонду да билиш керек ошондо гана студент боло аласын, Бирок негизи эле биринчи проблема курсак болсо керек адашпасам курсак тойсо анан курсак ток кайгы жок болуп башка нерсе менен алек болобуз.

Ачка калган кун ар бирибизде эле болсо керек ошол убактагы эсте калган кызыктуу окуяларды жазабыз ашказан курулдап турганда курсакты кантип тойгозот элениз эмне кылгансыз кандай айла тапкансыз же болбосо акча жоготуп ачка калган кунунуз болгонбу?

Тема тушунуктуу эле болду окшойт э анда баштадык))
помни меня♥
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   akmatov99   19 Сентябрь 2016 - 19:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 563
  • Катталган: 18 Август 16
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2016 15:59

Бирок азыркы студенттер менен 10-15 жыл мурдагы студенттердин жашоо шартын салыштырып болбойтко азыр эң сонун шарттар бар

Билдирүүнү түзөткөн: akmatov99: 19 Сентябрь 2016 - 19:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   hihikayu   19 Сентябрь 2016 - 19:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Эч ачка кала элекмин,ачка калгандан кудай сактасын!
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Gaika   19 Сентябрь 2016 - 20:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 189
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Мар 2019 21:42

Туугандарым менен жашаган учун мектептегидей эле жашоо болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aidinaernur   19 Сентябрь 2016 - 20:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Ачка деле калбадык
Биздин убакта пирожки 1 сом, кофе 1 сом болчу
Эки сомго ашказанды алдап жургонбуз.
Кураторубуз эч качан ашказанды бош койбогула, жок болсо мага айткыла мен алып берем дейт эле. Ачка жургон коп ооруунун башаты экенин коп кайталаган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   happy02   20 Сентябрь 2016 - 10:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Ата-энемдин кашында болгон үчүн көп деле кыйынчылык тарткан жокмун..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   nargis   20 Сентябрь 2016 - 11:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Алыскы райлндордон келгендер коп кыйналчуу ,ал убакта телефон жок телеграф очеред.дагы бир кызыгы такси дегендерден кат жонотушчуу. Азыркылар жумуш таап ата-энесине акча салат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   abdujafar   20 Сентябрь 2016 - 11:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Июль 16
  • Соңку аракети: 30 Окт 2024 13:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:бишкек

Аллахга шугур ачка кала элекмин мындан кийин деле калбайм го буйруса
Allahtyn pendesi.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aiturgasha   20 Сентябрь 2016 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Эмнегедир мени менен чогуу жашаган кыздар тамак жасаганды жактырбачу. Зееригишет эле. Ошолорго атаандашып ачка калчуумун. Кийинчерээк озум билип эле кундо тамакты жасай бере турган болгом. Апам кундо чалат эле не тамак жедин бугун , ачка журбогун деп.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   saian.00   20 Сентябрь 2016 - 12:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 650
  • Катталган: 04 Июнь 16
  • Соңку аракети: 10 Апр 2021 01:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Хехе офисианть суйлошкон кызым бар элее ошол тойгозуп койот эле мени
САЛАМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Suluuushka   20 Сентябрь 2016 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 634
  • Катталган: 01 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 14:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Новосибирск

Бир куну окуудан курсагым ачып жолдон даширак алып уйго келсем свет жоок наным да жоок экен жабайын дейм свет жоок отурам жоок анан Айла док даширакты бышырбайле курук озун жеп отургам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   samsungc3   20 Сентябрь 2016 - 15:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

Ээх,студенттик кундор.2008-жылы студенттик жатаканда жашап калдым . Кухня ортолук баарбыз газга жасайбыз кезек менеен. Бир куну акыркы продуктабызды тамак жасадык, ал кезде ата-энелерибиз бир эки жумага жеткидей кылып маршруткадан жонотушот эледа. Демдеп коюп комнатага кайнаган чайнекти таштап келгичем казаным жок. Нары издеп бери издеп ачка жатып алдык. Эртеси сабакка барып келдик 3групплаш кыз бирге жашачубуз. Акчабыз тугонду, казаныбыз мн тамагыбыз жоголду. Айылдан акча, продукты келерине торт кун бар. Учообуз бир кулуп, бир уурдаган адамды каргап отуруп калдык. Бир досум азыр бир нкрсе таап келем деп кетти. Бир маалда 2кг картошка апкелиптир магазинден карызга))) Аны чай кайнаткан чайнеке салып бышырып жедик наны жок элечи.Ошо торт кунго болуп 2кг картошканы обедден кийин анан кечинде жатаарда жеп жатып журдук завтрак жок)) Бир куну казаныбызды Ким уурдаганын билип калдык, озубуздун курсташ балдар экен. Оч алабыз деп учообуз план кылдык. Тунку 12лерде свет очот элего. Свет очкондо комнаталарына барып коркутабыз деп. Жымындап 12ни куттук светда очту колубузга чомучко, чакага суу алып алдык эшикти ачса чачип качабыз деп. Такылдаттык эчким ачпайт кирип барсак эч Ким жок бут кийимдерине толтуруп толтуруп сууну качып кетип калдык. Эртеси экоо тен сабакка барбай калышкан ошентип
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   samsungc3   20 Сентябрь 2016 - 15:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

Анан дагы бир окуя 3-курста чонойгон Адам болуп квартирага чыктык баягыле учообуз . Дагы акчабыз жок калдык сабакка келери келдик эптеп тройллейбуста. Кайтышка жол кире жок.юго-востоктон ХБКага жоо басып келгенбиз. "Токтогул" ,"Навои" парктарды, аралап андан базарды, аралап. (Азыр деле ошондойбу аталышы парктардын? ). Стипендияны алышыбыз менен мечит жактагы кафеден лагман жеп туготуп койчубузда. Озу 245сом алчубузда. Ошодон кийин стипендиядан 100сомдон чогултуп койчу болдук. Эч нерсебиз калбай калганда иштетип журдук.
Бир жолу КАНЫКЕЙ рестораны жаны ачылган болчу той го кызматка бир кунго офцианттар керек деп угупалып сабактан нары бардык. Суйлошуп бир кун иштемей болдук, акыбызга эже 120сомберем,деп келиштик. Тойдо шумдук чарчадик. Туну мн идиш жууп чыктык. Танкы, жетиде кое берди. Учообуз кок пакеттер болчуго ошондойдон экиден кармап алып чыктык ичи толо тойдон калган НАН печенье)) Ошо маалда элдер ынсаптуу окшойт дейм азыркы тойдо столду тазалап кетишет экенго. Желмогуздай болуп сабака келдик пакеттерди уйготаштап коюп. Уйку бир келет же лексия бутпойт. Экинчи парада уктап калыпмын бироо туртот карасам эжекей "ыы кутман тан" дейт. Кафелеп журдун тан аткыча деп суйлонуп кетти.официант болдум дегенден уялып унчукпай отура бердим
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   MAPC   20 Сентябрь 2016 - 16:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 29 Август 16
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 19:10
  • Жынысы:Белгисиз

СТудент десе эле байкуш ачка калган бирөөнү элестетет. Азыр ачка калган студент жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   bring.me.to.life   21 Сентябрь 2016 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 371
  • Катталган: 13 Март 16
  • Соңку аракети: 01 Июл 2018 19:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ушу студент болуп 5 жыл журуп бир да ачка калып же суукка тонбодум. Ваше кыйналган эмесмин уйдон барып келген учун.

Кээде обед кылышка жетишпей калат эле 10 минут неге жетмек эле, уйго келгенде кирип кире электе "Апа каяктасыз? ачкамын!! !" деп кыйкырып кирет элем.

Бир гана жери тузук эле ыйлагам. 1 курста грамматиканын айнын ыйлап студенттик жашоону баштадым, 5чи курста да грамматиканын айынан ыйлап студенттик жашоону аяктадым.
Слова - еще не дело
Ф. М.Достоевский
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aytkulova   21 Сентябрь 2016 - 18:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз


Ачка калган кундор боло элек. Болгону башка "атмосфера" , ата-энен жанында эмес...

♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kalima88   21 Сентябрь 2016 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 881
  • Катталган: 24 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 31 Дек 2021 04:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Жакшы тема экен, анан келип жазып кетем го...
Комурго эле эмес, баарына бай - Таш- Комурум,
Кайда журсом сени мн го ой- конулум.
Мезгилге багынбаган балалыкта ,
Кучагында канча ойнодук чан торундун.
Шамалынды сагынганда шашып жонойм,
Шахталардын кен Мекени -Таш - Комурум!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   uikuchu7   21 Сентябрь 2016 - 19:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

С-типендия
Т-ийгенде
У-шунчалык
Д-ардаңдайт
Е-ртесинде
Н-ан
Т-аппайт.


"Студент” - латын тилинен которгондо бир нерсеге кызыккан, бир нерсеге багыт алган адамды түшүндүрөт. Студент - жөнөкөй, башка сөздөрдөн эч айырмаланбаган кадимки эле сөз. Бирок, бул бир эле сөз адамдын ким экенин, эмне кылаарын, абалын, канча акчасы бар экенин (негизи эле акчасы бар бекен), канчада жатып канчада тураарынан баштап эмне деп Кудайга жалынаарына чейин билдирген сөз. "Студентмин” деген сөздү уккан адамдын оюна эң алгач "Иий байкуш” деген ой келет. Анткен менен студенттик жашоо "байкуштарды” алдыдагы кең жашоого даярдай турган тренажердук мезгил. Студенттик күндөр - бул, убагында баркталбай, оюн-күлкү, уйку менен өтүп, баштан өткөн соң "Эхх.. кайран гана убакыт" деп жылмаюуу тартуулаган күн.


Студенттик жашоо – нике түнгө окшош, студент боло электер батырак келсе экен дейт, студент болгондор батырак өтсө экен дейт, ал эми эчак бүткөн студенттер кайра кайрылып келсе экен дейт.

Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 21 Сентябрь 2016 - 19:16


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   byityska   21 Сентябрь 2016 - 20:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 319
  • Катталган: 01 Июль 16
  • Соңку аракети: 29 Дек 2020 01:10
  • Жынысы:Аялзаты

Студенттик кундор-Башаламан, Декан-Айыл окмоту, Мугалимдер- Сезимде калган издер, Блок-Махабат дастаны, Бор менен доска-Эгиздер тагдыры, Оческения-Чечилбес чечим, 1-курста-До+Фа, 5-курста- Мачо, Лексия-Аманат, Танапис-Мен суйгон карагат, Посылка-Айылдан айга, Нб-Арман, Модул-Эрежесиз, Практика-Атымды башка коём, Перездача-Тозокко карай жол, Сессия-Президент жана бомж, Экзамен-Белгисиз маршут, Пара-Дудук кыз, Баарынан тажаганда-Быйыл созсуз куйоого тийем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Gaika   21 Сентябрь 2016 - 20:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 189
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Мар 2019 21:42

Просмотр сообщения byityska (21 Сентябрь 2016 - 20:04) жазган:

Студенттик кундор-Башаламан, Декан-Айыл окмоту, Мугалимдер- Сезимде калган издер, Блок-Махабат дастаны, Бор менен доска-Эгиздер тагдыры, Оческения-Чечилбес чечим, 1-курста-До+Фа, 5-курста- Мачо, Лексия-Аманат, Танапис-Мен суйгон карагат, Посылка-Айылдан айга, Нб-Арман, Модул-Эрежесиз, Практика-Атымды башка коём, Перездача-Тозокко карай жол, Сессия-Президент жана бомж, Экзамен-Белгисиз маршут, Пара-Дудук кыз, Баарынан тажаганда-Быйыл созсуз куйоого тийем.

Жардынго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 02:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: