Саламатсыздарбы жалпы окурмандар.
Мен озумдун омур жолумдагы отуп жаткан кундорум жонундо сиздер менен ой болушкум келди.
Кичинемде назик эрке кыз болсом, чоноюп студент болгондон тарта назиктигим калып эркек мунозго ээ болуп ачык айрым, бетке айткан
Менин тагдырым Менин тагдырым
#2 24 September 2016 - 05:41
Мунозго ээ болдум. Убакыт отуп оз кесибим боюнча жумушка орноштум. Жаш болсом да оз ишимди так билгендигим учун эл оозуна эрте алынып зоболом бир аз которулгондой болду. Ошентип иштеп журуп бир жигитке жолуктум. Ал адам менин кыялымдагы адам эле...
Убакыт билинбей отуп жатып озумдун жеке жашоом жонундо коп ойлонбогон экем. Ошол жигитке жолуккандан тарта уйбуло жонундо коп ойлончуу болдум. Ал мени колдогон учунбу же озумдун ишке болгон мамилеменби айтор бир кадамга алдыга жылып бир аз ордуман чоноюп жакшы "креслого" ээ болдум. Кундузу биринчи жумушумда иштесем кечкисин экинчи жумушумда эки кундо бир кузотко тура .Бирок бардык нерсеге жетишем. Ата энеме, бир туугандарымын ар бир жакшылыктарында бирге болуп,оюн кулкуго да курбу досторго, коллега ортосундагы катташка бардыгынын конулун алганга жетишчим. Ошентип эл козуно корунуп иштегенден тарта соз айткан жигиттер кобойду. Бир куну "жигитим" деп жургон мырзам суйоорун бирок мага уйлонбошун айтты. Жашоо мага токтоп калгандай сезилди. Катуу оорудум, ыйладым,жумуштарым калды эчтекеге арзыбай. Эмгек оргууго чыгып борборго келдим.

#3 24 September 2016 - 05:56
Бирок бир кунум бир жылдай болуп бир ай аран отту. Суйгон адамым мени менен байланышын токтотту деп ойлогом. Себеби дайынын билгизбей кабарлашпай кеткен. Жумушумдан чалып чакырып ишке чыгуумду отунушту. Ошентип озумдун кичи мекениме жолго чыкканда "жигитим"
тел.конгуроо кылып кутуп жатканын айтты. Узак жол журсом да ал мени куткондон жадабады. Акыры жолуктук... сагынычка толгон каректер... Убакыт билинбей ото берди... Бир куну апам жигитин сени албаса бекер убактынды коротпо, мен сени жакшы жерге турмушка берем деди. Ыйладым. Жашоомдо коп ыйлаган адам эмес элем. Коп адамдар мени мерез дешет эле. Жигитиме чалып ыйлай бердим. Соортуш учун мен сени алам деп айтты оозунун учунан.
#4 24 September 2016 - 06:11
Жигитим жонундо жаман ойлобонуздар эмнеге албайт деп. Себеби бар ал сыр бойдон калсын. Мени бактылуу болсун деген учун суйгону учун мага бакыт кааласа керек. Апам айткан мырза менен тааныштым. Суйбойм, жакшы да корбойм. Бирок апам сен тендуулор 2-3балалуу болду. Сенин жумушун сага бала болуп бербейт деген создору мени турмушка чыгууга себепкер болду.Сойко салдырдым озумдун каалом менен. Чынын айтсам балалуу болгум келди. Иштен да чарчадым. Эл козундо адам болгондуктан ушактан да жададым. Жонокой эле келин болуп жашоо кечиргим келди. Убакыт отуп мен турмуш жолуна узаар да кун келди. Ботодой боздоп ыйладым. Бирок артка жол жок эле. Тоюм болду, нике кыйылды.
#5 24 September 2016 - 06:23
Келиндик кызмат баштады. Жолдошум ак конул,боорукер,
ичпеген, чекпеген, кичи пейил жакшы сапаттарга ээ. Сыйлап жакшы коргонго аракет кылдым. Ал да аракет кылат мени суйдургонго.
"Жигитим" менен мамилени токтоттум тойдон кийин. Сагындым,кыйналдым багышында. Бирок кайдандыр ташбоор болуп кеттим. Мурун ал жок жашоо жок деп ыйласам кийин андай эмес. Жек кором. Ташбоор болуп калдым.

#6 24 September 2016 - 06:47
Кайненемин мактоосуна арзып жакшы кызмат кылганга аракет кылдым. Ошентип жумушумду таштап айылдык келинге айландым. Анан жолдошумдун жумушуна байланыштуу орусияга жол тарттык. Башында бары жакшы болчу. Бирок бара бара мен чунчуп кеттим. Бойдок кезде толуп кеттим деп кайгырсам келин болгондо арыктап кеттим. Жолдошум жакшы бирок мен озгорулуп кеттим. Козумду карап оюмдагыны кылат. Мурун жаным тынбаган ишке тойбогон жаным азыр иштегим келбейт. Акчаны мурун аябай суйсом азыр курсак тойгузуш учун гана колдоном. Жашоого болгон максатым жок. Болбогон нерсеге ыйлайм. Созго тойбой коп суйлогон жаным азыр менден соз чыкпайт дудуктай. Мурун боенбосом журо албачым эле азыр андай эмес. Мурун оптимис болмом азыр тескерисинче.
Ар куну жатарда жолдошума болбогон нерсеге таарынып тескери карап жатам, анан ал да тескери карайт. Экообуз дивандын эки башында. Эчким менен сырдашып ой болушкум келбейт. дос курбу эчкимге ишенбейм. Анан мени билбеген тааныбаган сиздер менен ой болушкум келди. Канткенде оз ордума келем? Кочого чыккым келбейт ишенсениздер 5-6 кундо бир чыгам. Жолдошудун достору да жакпайт, мага азыр эч нерсе жакпай турган убак. Бул оорудан канткенде арылам? Кыйналдым аба жетпегендей эле. Бирок мага эмне жетпей жатканын билбейм. Достору менен отурганда кулуп жайнап отура албай жолдошуман тил уккан да кундорум болду.
#7 24 September 2016 - 07:08
Автор дагы толуктап жазсаныз ,турмушка чыкканынызга канча болду ,ушул жылыбы.Эгер ошондой болсо сиз кош бойлуу болуп калган окшойсуз.Андай эмес болсо озунузду терс энергиядан коргоп эс алыныз ,мактоолорго арзыган адамда кыргызча айтканда кирне,сук ,коз тийуу деген болот ,ошондо да ушундай сапатарга ээ болосуз андыктан озунузду караныз.Жашоо бир келет ,аны куруу ар бир адамдын колунда.Ийгилик каалайм.
#11 25 September 2016 - 04:28
Саламатсызбы!
Сизди бул абалдан бир гана адам чыгара алат. Ал адамды (человечек) суроттоп берем сизге : бою - кыска 50-55 см, салмагы -2 кгдан 5 кг болушу мумкун, жыты - жаннат жыттанат, аны каяктан тапса болот айтайынбы, куйоонуздон.
))
#12 25 September 2016 - 04:30
Ал адамды таап алсаныз бут баарын унутасыз, жада калса озунузду да тыншабай мурун андай элем мындай болуп калдым дебей каласыз.
#13 25 September 2016 - 04:40
#14 25 September 2016 - 10:00
Ичпесе конулуно караса ал деген бакытта мына мен кичине кечиксе эми ушул кунум тынч отоор бекен деп сарсанаа болом ушинтип журуп инфаркт боломбу депда ойлойум. Сен суйушкон жигитине конул коюп ушундай болбой калды деп окунуп куйооно конул бурбай журосунго бир болсо депрессия болуп.
#15 25 September 2016 - 22:52
Жакшы кенешиниздерге чон рахмат! Мумкун болчо бул теманы очурурууго жардам берип коюнуздарчы
#16 25 September 2016 - 22:54
#18 01 October 2016 - 19:10
Кайненемин мактоосуна арзып жакшы кызмат кылганга аракет кылдым. Ошентип жумушумду таштап айылдык келинге айландым. Анан жолдошумдун жумушуна байланыштуу орусияга жол тарттык. Башында бары жакшы болчу. Бирок бара бара мен чунчуп кеттим. Бойдок кезде толуп кеттим деп кайгырсам келин болгондо арыктап кеттим. Жолдошум жакшы бирок мен озгорулуп кеттим. Козумду карап оюмдагыны кылат. Мурун жаным тынбаган ишке тойбогон жаным азыр иштегим келбейт. Акчаны мурун аябай суйсом азыр курсак тойгузуш учун гана колдоном. Жашоого болгон максатым жок. Болбогон нерсеге ыйлайм. Созго тойбой коп суйлогон жаным азыр менден соз чыкпайт дудуктай. Мурун боенбосом журо албачым эле азыр андай эмес. Мурун оптимис болмом азыр тескерисинче.
Ар куну жатарда жолдошума болбогон нерсеге таарынып тескери карап жатам, анан ал да тескери карайт. Экообуз дивандын эки башында. Эчким менен сырдашып ой болушкум келбейт. дос курбу эчкимге ишенбейм. Анан мени билбеген тааныбаган сиздер менен ой болушкум келди. Канткенде оз ордума келем? Кочого чыккым келбейт ишенсениздер 5-6 кундо бир чыгам. Жолдошудун достору да жакпайт, мага азыр эч нерсе жакпай турган убак. Бул оорудан канткенде арылам? Кыйналдым аба жетпегендей эле. Бирок мага эмне жетпей жатканын билбейм. Достору менен отурганда кулуп жайнап отура албай жолдошуман тил уккан да кундорум болду.

Супер-Инфо
super.kg
видео