Суперстан: Баштан өткөн коркунучтуу окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Баштан өткөн коркунучтуу окуялар Уйунуздо коркунучтуу нерселер болгонбу??

#341 Пользователь офлайн   JURNALIST.   28 Сентябрь 2016 - 22:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 19 Июль 16
  • Соңку аракети: 14 Дек 2018 16:56

Просмотр сообщения Tiguuchu (28 Сентябрь 2016 - 19:37) жазган:

Оййее катуу киришип алдын го ээ).Робот эмес,жаныбар дагы эмес,макулук дагы эмес,адам дагы эмес.Озундун да билген домыслдарын болсо айта кет.


Менда ошого иттей кызыгам, бирок дагы да кенениреек билгим келет. Конеретно жооп барбы?)))

Просмотр сообщенияalfahtc (28 Сентябрь 2016 - 19:37) жазган:

Эмне эле быртындайсыз?
Уй ээсиби? Жинби? Шайтанбы? Баары маклук! Сиз да маклуксуз! :эреже:


Сиз неле быйтап жатасыз ар нерсени бир жазып?)))) Баарыбыз маклук экенибизди билебиз баарыбыз, бирок уйлун ээси ким ал, башка ааламдан келген маклукпу, же жинби?))). Ушуга факттар менен конкретно жооп берип коюнузчу менин мээмди айлантпай)))).

Билдирүүнү түзөткөн: JURNALIST.: 28 Сентябрь 2016 - 22:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#342 Пользователь офлайн   Tiguuchu   28 Сентябрь 2016 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Ар кандай болушу мумкун.Мисалы эжемдин уйундо бир кыз бар экен.Ал баарына корунуптур. Билишимче ал каза болгон маркумдун руху деп ойлойм,Адам олгондо,озунун кантип олгонун,киши колдуубу,же капыстан келген кырсыкпы,же бул дуйнодо бутпой калган иши болгондо,тируусундо жаман жакшы иштерге аралашып, кечирим,ыраазылык албай отуп кеткен болсо,рух аркы дуйно,же берки дуйно эмес ортодо калып калат деп уккам.Качан биз анын аманатын аткарып,кечирим берип,же кечируусун аткарып,чын конулдон коё бергенде гана жаны жай алат экен.Ошол рухтар,бизге кээде коруно калып журот.А жаныбар,тушунуксуз корумчулор, булар жиндер болушу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#343 Пользователь офлайн   JURNALIST.   28 Сентябрь 2016 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 19 Июль 16
  • Соңку аракети: 14 Дек 2018 16:56

<<Уккам, экен>> дегендерди кошпой конкретно факттар менен жаз деседа, окшотуп эле урдуруп жатасызго))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#344 Пользователь офлайн   gukush00   28 Сентябрь 2016 - 23:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты

каяктан окуй калдым экен коркуп атам а ичим курулдап откону атат и заряткам да 5 процент калдыыыыы .биздин уйдо бар болуш керек дабыштар угулат бир жолу камыр жууруп атсам эшик катуу жабылган маани деле берген эмесмин и кухняга кирип баратканда пол кычырайт да ошол пол мен жангыз калганда кычырай берет маани бкрбегенге аракет кылам бирок буларды окуп алып эстедим дагы коркууууп жатам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#345 Пользователь офлайн   alfahtc   28 Сентябрь 2016 - 23:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 193
  • Катталган: 13 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 12:09

Просмотр сообщения JURNALIST. (28 Сентябрь 2016 - 22:33) жазган:

Менда ошого иттей кызыгам, бирок дагы да кенениреек билгим келет. Конеретно жооп барбы?)))



Сиз неле быйтап жатасыз ар нерсени бир жазып?)))) Баарыбыз маклук экенибизди билебиз баарыбыз, бирок уйлун ээси ким ал, башка ааламдан келген маклукпу, же жинби?))). Ушуга факттар менен конкретно жооп берип коюнузчу менин мээмди айлантпай)))).

Ким кимдин мээсин айлантыватат, сизге 1000 жолу маклук деп айтса деле ишенбейсиз окшойт, ОЗУ келип мен маклукмун десе да далилин барбы дейсиз бу кебетениз менен. Ошону билиштин сизге не зарылы барбы. Элдин баарынын мээсин айлантып
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#346 Пользователь офлайн   JURNALIST.   29 Сентябрь 2016 - 01:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 19 Июль 16
  • Соңку аракети: 14 Дек 2018 16:56

Просмотр сообщения alfahtc (28 Сентябрь 2016 - 23:57) жазган:

Ким кимдин мээсин айлантыватат, сизге 1000 жолу маклук деп айтса деле ишенбейсиз окшойт, ОЗУ келип мен маклукмун десе да далилин барбы дейсиз бу кебетениз менен. Ошону билиштин сизге не зарылы барбы. Элдин баарынын мээсин айлантып



Просмотр сообщенияalfahtc (27 Сентябрь 2016 - 13:46) жазган:

Уй ээси деген арбак да эмес жин да эмес ал озунчо бир аалам. Аллах 18000 ааламды жараткан ошолордун бироосу, ар бир аалам ортосунда парада бар, периштелер жиндер ж.б бар экенине ишенбесек толук мусулман боло албайбыз. Жана биз дайыма даарат, суннот менен журсок бизге алардын зыяны тийбейт ин шаа Аллах



Деп жазышын жазып алып, эми жооп бере албай, АША га окшоп ар нерселерди урдуруп калдын))) <<Арбак да эмес, жинда эмес, ал озунчо аалам>> дедин. Эми ошол кандай аалам? Деп сурасам Парда бар, капыр жин адамга кирет, дедин. Адамга кирген жин кандай уйго кире албайт десем жооп бербедин. Булар мейли. Эми теетиги <<Озунчо аалам>> дегенине жооп берчи. Башка ааламдагыларга биздин уйдо эмне бар? Же оздорунун ааламынын прокуратурасы тарабынан саясий куугунтука алынып, анан биздин ааламга качып келип уйлорубуздо баш калкалап жатышабы?)))) Озун башты айлантып жатасын башынан бери.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#347 Пользователь офлайн   Tiguuchu   29 Сентябрь 2016 - 10:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Просмотр сообщения JURNALIST. (28 Сентябрь 2016 - 23:21) жазган:

<<Уккам, экен>> дегендерди кошпой конкретно факттар менен жаз деседа, окшотуп эле урдуруп жатасызго))))

Конкретно факт жазгыдай,мен окумуштуу эмесмин ,изилдеп чыккан эмесмин.Бирок коргом,уккам. Кызыксан жон отурба,артынан тушуп,изилде. Техника,илим онуккон мезгилде.Мен бироодон уккан,баштан откон,окуялар абдан коп,бул жерге жазсам ,копчулук ишенбейт болуш керек.Бирок бул чындык.Рух,жин, азыткы,шайтан, бар нерсе.Адамдарга да корунгону чындык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#348 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   29 Сентябрь 2016 - 11:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт

Просмотр сообщения Tiguuchu (29 Сентябрь 2016 - 10:01) жазган:

Конкретно факт жазгыдай,мен окумуштуу эмесмин ,изилдеп чыккан эмесмин.Бирок коргом,уккам. Кызыксан жон отурба,артынан тушуп,изилде. Техника,илим онуккон мезгилде.Мен бироодон уккан,баштан откон,окуялар абдан коп,бул жерге жазсам ,копчулук ишенбейт болуш керек.Бирок бул чындык.Рух,жин, азыткы,шайтан, бар нерсе.Адамдарга да корунгону чындык.

.
.
Рух азыткы адамдары колдоочу деген нерселер жок нерсе. Жин шайтан бар нерсе. Адам олгондон кийин анын жаны бул дуйноого коруно албайт, жана зыян да бере албайт колдой да албайт. Кээ бир адамдарга олгон адам корунгонун айтышат бирок так далил жок. Кобунчо тушко гана кирет. Жиндер адамдарды азгыруу же алдоо учун олгон жакынын кейпине кирип ошого окшоп корунуусу мумкун. Жиндер ар нерсеге кубулуп корунуу мумкунчулугуно ээ болгондуктан жылан, ит, адам, таш, ж.б ар нерсе болуп корунуп адамды азгыра алат. Азыткы албарсты деген жин созунун эле башкача айтылыштары. Жин созу араб тилинен келги чейин ушинтип азыткы албарсты деп атап келишкен туркий элдер. Уйдун ээси болуп корунгондор да бут жиндер. Козу ачыктардын адамдары да жиндер. Ал эми Арбак Рух деген жок нерсе. Адам олгондон кийин эч кандай коруно албайт. Кабыр азабынан кийин кыяматка чейин уйкуда болот. Кыяматта Аллах баардык адамды кайра тирилтет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#349 Пользователь офлайн   Tiguuchu   29 Сентябрь 2016 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Просмотр сообщения PREMIER (29 Сентябрь 2016 - 15:35) жазган:

Сени изилдеп чык дей элекмин, окумштууда дей элекмин. Окумштуулар тарабынан изилденип чыккан факттарды жаз дедим эле. Тилекке каршы кыйратып деле китеп окуп, изденбейт экенсин инеттен башын чыкпай))) <<Укканмын, мумкун, менин оюмча>> деп, толковый эмес, будомук нерселерди эле жазып жатасын)) Уй ээси деген, эч кайсыл ааламдан келген маклук эмес, жана табышмактуу маклукта эмес, ал Жин и всë, андан башка эч нерсе эмес.

А сен китепти окуйт ,окшойсун.Уверенно айтып жаткан,,Жин, ,жонундо кенен маалымат бере кетпейсинби, Жин деген ким,эмне,каерде жашайт,адамдын мээсиндеби, фантазиясындабы. же паралелльный мирдеби.?Эмне учун жин деп ойлойсун?...Анан билчу нерсенерди, кызыккан нерсенерди жеке адамдын абройуна асылбай эле,жон эле айта бергиле,Менин китеп окуймунбу,окубаймынбы, инетке киремби,чыгамбы, ал нерсе сага эч кандай тоскоолдук жаратпайт.Билген нерсенди сынабай,жон эле жазып чыга бер,билген суроонду берип,мыскылдап, кулбой.Ар кимдин ою ар кандай.Жин,дин талаш нерсе,табышмактуу, акырына чыккан эч ким жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#350 Пользователь офлайн   Letchik-bolgum-kelchuu   29 Сентябрь 2016 - 18:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 639
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 17:40
  • Калаасы:Москва

Адабияттагы "Кызыл койнокчон келин" "Арзандын тузу татыбайт" деген чыгармаларды окусанар жыргап коркуп аласынар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#351 Пользователь офлайн   Letchik-bolgum-kelchuu   29 Сентябрь 2016 - 18:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 639
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 17:40
  • Калаасы:Москва

Тооба дегиле эгер чындап козунорго корунсо журогун тушуп акылындан адаштырып салуусу мумкун. Негизи коркконго кош корунот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#352 Пользователь офлайн   Kara.koz   29 Сентябрь 2016 - 20:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 16 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 07:40

Мен да башыман отконун жазгым келди.

Мен 5жашта элем атам менен апам эшикте тапчанда(сорудо)уктайт эле, чон жана кичине акем, мен уйдо уктачуубуз. Тун жарымда ойгондум да апамдар менен уктайм деп эшике чыктым. Тепкичте коп бут кийимдер турат озумун тапочкамы издеп баштадым,бироосун эптеп таап кийип атып малкана жакта бир адамдын тузулушуно окшогон жарык нур жургонун кордум. Конул болбодум, экинчи тапочкамы издеп,аран таап кийип башымы которсом жанагы нур мандайымда турат. Катуу корктум журогум жарылып кетейин деди,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#353 Пользователь офлайн   Kara.koz   29 Сентябрь 2016 - 20:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 16 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 07:40

Болушунча катуу ун менен кыйкырдым жарык нур качып кетпеди,учуп кетпеди жон эле жок болуп кетти. Мен ужас деп ойлогом корсо ал кут экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#354 Пользователь офлайн   aiturgasha   29 Сентябрь 2016 - 20:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Бир жолу досторум менен суйлошуп отура берип кеч болуп кетти. Ал кезде мектепте окучумун. Досторум кеткенден кийин , карасам идиштер жуулбаптыр. Бары уктап жатат. Саат примерно 23:45 болчу. Жууп жатайын деп навеске бардым. Огород жакта болчу. Озумчо коркуууп, жууп атып, огород жакты карасам бир солокот турат. Алгач козумо корунуп атат деп келме айтып жууй бердим идишимди. Бир маалда карасам улам эле жакындап келатат. Уже жакындашып, чачы апсайган, кара кийинген бир солокот корунду айдын жарыгына. Унумду болушунча чыгарып апп-паа деп качтымго уйго. Каткырып биро кулду. Мен титиреп калгам. Корсо классташ балам экен. Башына парик кийип, устуно узуун халат кийип, атайы мени коркутканы келген экен. Акемдин муштумун жеп , апамдын урушун угуп кеткен уйуно. Копко чейин молдого барып жургом.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#355 Пользователь офлайн   Tansuluu09   29 Сентябрь 2016 - 20:49

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

ЖИНДЕР ДЕГЕН КИМДЕР?

Эл арасынан “жин кирип кетип акылынан айнып калыптыр, молдого окутуш керек” деген сөздөрдү угуп калсаңыз керек. Мына ошол жин, анын эмне себептен кирери, кантип чыгаруу керектиги жана андан кантип сактануу керектиги тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.
Жин – бул оттон жаралып, жаныбардын, адамдын образына кире алган, атайын туруктуу формасы жок көзгө көрүнбөгөн кайып. Жиндер адамдарга өз алдынча зыян кылбайт, байкабастык менен ага тийишип алганда өч алыш үчүн адамдардын ичине кирип алышат.

 Жин кирген адамдагы белгилер
1.  Кулагына азан айтылганда же куран окулганда жин кирген адам титирейт, кыйкырат, ыйлайт, жыгылат, же асманды, жан жагын карайт. Ошондой эле ичи ысып, жүрөгү сыгылып, куранды уккусу келбей сыртка чыккысы келе берет, же дем салганда тез-тезден эстеп баштайт.
2.  Күнүмдүк жашоосунда капаланып, кайгыра берет, жалгыздыкты жактырып, кыздар турмушка чыккысы келбей, эркектер үйлөнгүсү келбей баштайт. Айрымдарында жашоо кызыксыз болуп эч нерсеге көңүлү жок жата берет.
3. Себепсиз эле башы ооруп, эс тутуму начарлап куран аяттарын жаттай албайт. Жөндөн-жөн эле муундары титирейт, муну жанындагылар эле байкабаса, өзү билбейт.

 ЖИНДЕРДИН ДАРАЖАЛАРЫ.
Жиндер аткарган жумушуна жараша даражаларга бөлүнөт:
Биринчиси - “Жинний”. Эң кичинекей мартаба, мындай абалда жин адамга эч бир зыян келтире албайт. Бирок адам эстегенде оозун колу менен жаппаса, жин ал адамга киргиси келип айланасында учуп жүрө берет.
Экинчиси - “Аамир”. Бул даражадагы жин адамдардын үйүндө жашап, алар менен кошо тамактанат. Эгер ким үйүнө “Бисмиллах” деп оң буту менен кирбесе, жин кошо кирип алардын тынч жашоосун бузуп, арам иштерди жасатат.
Үчүнчүсү - “Аруах”. Бул мартабадагы жин ымыркай балдардан баштап өспүрүмдөргө чейин зыян келтирет. Жаман түштөрдү көргөзүп, чочутат. Катуу чочуганда жүрөгүнө кирип алып туура жолдон адаштырат. Мисалы, бала туура эмес иш жасап ата-энеси урушса “Аруах” даражасындагы жин ага: “Уксус ичип албайсыңбы, муунуп албайсыңбы же машинага урунуп албайсыңбы? Сен аларга керегиң жок”, - деп аны жамандыкка үндөйт. Эгер бул даражадагы жиндин иши ишке аша турган болсо, ага Иблис (жин-шайтандардын башчысы) жогорку даражаны ыйгарат.
Төртүнчүсү - “Шайтан”. Бойго жеткен балдардан баштап кары-картаңдарга чейин зыян келтирет. Шайтан - туура жолдон азгыруучу зат. Анын негизги максаты - адамдардын денесинде, кан тамырында жүрүп жаман жолго түшүрүү жана туура жолдо жүргөн адамдарды жек көргөзүү.
Бешинчиси - “Маарид” даражасындагы жиндер көзү ачыктар, бакшылар менен иштешет. Периштелердин келечек тууралуу сүйлөшкөндөрүн тыңшап, көзү ачыкка калпты кошуп жеткирет. Анан көзү ачыктардын айткандары чындыктай сезиле берет.
Алтынчысы - “Ифрит” мартабасындагы жин сыйкырчылар менен шериктеш. Аларга ысытмай, суутмай, сооданы токтотуучу, адамды оорутуучу же аны өлтүрө турган жана башка сыйкырларды үйрөтөт.

 ЖИН КАНДАЙ УЧУРДА КИРЕТ?

1. Адам катуу сүйүнгөндө, катуу корккондо.

2. Тамактанар алдында “Бисмиллах” деген сөз айтылбаса, тамак менен кошо ичке кирип кетиши ыктымал.

3.  Жиндер чуңкур, аң, күл төккөн жерлерде жашагандыктан ошол жерлерге заара ушаткан адамга кирип кетиши мүмкүн. Анткени жин адамга ачууланып өч алыш үчүн кирип алат.

4. Эгер ысык сууну “Бисмиллах” дебей төксө, ошол жерде жин болсо чочуп кетип адамга кирип кетиши ыктымал.

5.  Ажаткана – жин-шайтандар көп байырлаган жай. Ал жакка баш кийимсиз киргенде баштагы уюктан, ал эми ажатканада отуруп сүйлөгөндө ооздон кирип кетиши мүмкүн. Ажатканага сол бут менен кирип, Аллахтын ысмы жана Куран жазылган эч нерсе алып кирбөө зарыл.

6.  Ал эми мончодо жылаңач денеге ашык болуп кирип алат.

7.  Базарлар - жин-шайтандар байрагын орноткон жай. Анткени ал жакта алдамчылык, арам иштер көп жасалат. Андыктан базарга биринчи болуп кирбөөгө жана акыркы болуп чыкпоого аракет кылуу керек.

8. Эч ким жашабаган үйдө жана ээн талааларда түнөгөндө кириши ыктымал.

9. Мазар, бейиттерде да кирип кетүү коркунучу бар.
ЖИН КИРИП КЕТПӨӨ ҮЧҮН ОКУЛА ТУРГАН ДУБАЛАР.
 
Жаман түш көргөндө айтылуучу дуба: "Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим ва мин шарри хаазихир ру-йаа” (мааниси: Алла Тааланын жардамы менен каргышка калган шайтандан жана бул түштүн жамандыгынан сактанам).

Үйгө кирерде айтылуучу дуба: "Аллоохумма иннии ас-алука хойрол мавлажи ва хойрол махрожи бисмиллаахи валажнаа бисмиллаахи хорожнаа ва ъалаллоохи роббинаа таваккалнаа” (мааниси: Эй Алла, мен Сенден үйгө аман-эсен кирип-чыгууну сураймын. Биз Алланын аты менен үйгө киребиз, Алланын аты менен үйдөн чыгабыз. Биз Аллага гана тобокел кылабыз).

Үйдөн чыгарда айтылуучу дуба: "Бисмиллаахи таваккалту ъалал-лоохи лаа хавла ва лаа куввата илла биллаахи” (мааниси: Мен Алланын аты менен үйдөн чыктым жана Ага гана тобокел кылдым. Күнөөлөрүмдү кечирүүчү жана жакшылыкка күч-кубат берүүчү Аллах, туура багыттадың, камкордук кылдың жана зыяндуу нерселерден сакта).

Ачуу келгендеги дуба: "Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим” (мааниси: Аллахтын каарына калып, ташбараң кылынып айдалган шайтандан Аллах сактасын).

Мончого кирердеги дуба: “Аллах Таала, мен Сени менен жиндердин эркектери жана ургаачыларынан сактанам" .

Ажатканага кирерде айтылуучу дуба: "Аллоохумма иннии аъуузу бика минал хубуси вал хобааиси" (мааниси: Эй Алла, мен Сенин гана жардамың менен зыяндуу жиндерден сактанам).

Ажатканадан чыгардагы дуба: "Гуфроонака Алхамдуу лиллаахиллазии азхаба ъаннил азаа ва ъаафаании" (мааниси: Менден зыянды кетирген жана мага саламаттыкты берген Алла үчүн бардык мактоолор болсун).

Арсен Ибрахим Байзаков, теолог: “Жиндин 60-70 пайызы аялдарга кирет”
- Адамдардагы жинди айдоого сизге эмне түрткү болду?

– Жин чыгарууну Египетте окуп жүрүп үйрөнгөм. 2008-жылдан бери адамдарга дем салып дарылап жүрөм. Жин оорусу менен ооругандарга жардам берүү үчүн ушул ишти тандадым.

– “Аялдарга эркек жиндер ашык болуп киришет” деген туурабы?

– Жиндин 60-70 пайызы аялдарга кирет. Ашыктык менен кирген жин кадимкидей зордуктайт, тагыраагы, түшүндө алар менен жыныстык катнашта болот. Мындан эки жыл мурун жолдошу менен ажырашкан аял келип: “Түшүмдө күйөөм менен болгондой болом, бирок анын жыты жолдошумдун жытына окшобойт. Аны түрткөнүмө карабай зордуктайт. Ойгонорум менен азыр эле жыныстык катнашта болгондой болуп чарчап калам”, - деп айтып ыйлап калды. Дем салсак ага сегиз ай мурун жин кирген болуп чыкты. Дем салуу учурунда жин ошол үйдө мурун сойку кыздар жашап жүрүшкөнүн жана күн сайын алар менен болгонун айтып берди. Кийин ошол аял көчүп келиптир. “Аны биринчи көргөндө эле жакшы көрүп калдым, бирок ал дайыма эле бир эркектин сүрөтүн карай берет. Анан мен ошол эркекке окшошуп келбетин кийип алгам”, - деп жин айтып берген.
– Жин менен кантип сүйлөшөсүз?
– Жинди биз куран окуу менен чыгарабыз. Куран окуп баштаганда жин ошол адамдын тили менен ага кантип жана качан киргенин айтып берет.
– “Мусулман жин кирип намаз окуп калыптыр” деп айтып калышат го. Мусулман жин да болобу?
– Жок, мусулман жин эч убакта адамдын ичине кирбейт. Капыр жиндер адамдын ичинен чыкпоонун аракетин кылып аны намаз окутуп, бирок өз иштерин кыла берет.
– Жин чыгарып жатканда алар сизди коркуткан учурлар болду беле?
– Ооба, болгон. Бир жолу: “Эгер сен менден коркпосоң, жүр, ээн талаада олтуруп сүйлөшөбүз. Ошончолук кыйын болсоң, кел, дааратканага кир. Мен сага жүзүмдү көргөзөйүн”, - деген. Жинди адамдан чыгарып жатканда ал коркутуп айта берет. Бирок чыккан соң эч нерсе кыла албайт,— дейт теолог.
"Леди"гезитинен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#356 Пользователь офлайн   aiturgasha   29 Сентябрь 2016 - 20:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Быйыл кышында да коркунучтуу окуя болду. Балам тунку 4,5 терде ыйлап уктабай койду. Ары котором, бери котором басылбады. Анан бешике болосом уктап калды. Уйкум ачылып кетти. Эшике чыгып келейинчи деп башкаларды ойготпоюн деп секиин басып чыгып, лесницадан тушуп баратып, огород жакты карасам биро турат. Козумо корунуп атат деп караап турсам, мени коздой келатат кадимкидей карда "гырт-гырт" басканы угулат. Уйго тапырап чуркап кирип эле ыйлап жибердим. Куйоом эмне болду дедиле айталбай ыйлай бердим. Айтсам кийинип чыкты эле эч ким жок экенго деп кайра кирди. Эртеси куйоом ошол адам келген жакты карады изи бар бекен деп. Эн эле кызыгы издин башталган жери огороддун так ортосу. Ал кантип ортодон из калтырган? Эшиктин алдынан жол жака чыгып кетиптир. Ошондон бери уйдо жалгыз калбайм, ошол адам же солокот ким экени белгисиз бойдон калып кетти.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#357 Пользователь офлайн   Kara.koz   29 Сентябрь 2016 - 21:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 16 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 07:40

Просмотр сообщения Patriot..kg (29 Сентябрь 2016 - 20:31) жазган:

Кут кармаган киши бактылуу, бай, болот экенго. Бирок чындап эле кут барбы?

Мага да ошентип айтышкан бирок ал кутпу же башка нерсеби билбейм, аны молдолордон сурап коруш керек экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#358 Пользователь офлайн   Tiguuchu   29 Сентябрь 2016 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Просмотр сообщения PREMIER (29 Сентябрь 2016 - 20:36) жазган:

)))))))))))
Ким болсонда мынчалык тпой экенин окундурот. Жиндин эмнеси талаш нерсе? <<Жиндин бар жок экениби, же Жин деген чыныгы жинби, же башка эле нерсени жин деп алганбы>> дегени талаштуу, табышмактуу нерсеби?))) мындай канааттандыраалык кылып жооп жазчы адамды тузсуз шорпо ичкендей кылбай.))

Эээ мынча,мелочь, эзме ,ынжык эркексин.Билет экенсин не мынча такып,эзмеленесин. Билсен унчукпайле жазып кой да билгенинди, Озунду граммотный ойлосон,башкалардын кругозоруна салыштырбайле. И мага жооп жазбай койсон да абдан сонун болот.Теманы булгап урушкум келбейт..Нигин дагы нормально эле экен,надеюсь ошого татыктуу эле болот деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#359 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   29 Сентябрь 2016 - 23:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Баштан бери окуп чыгып,бул аалам адамдын эле ааламы эмес тура деген ойго келдим. Кыргыздар 18000 аалам деп бекерге айтпаса керек,бизден башка да эсепсиз мак6луктар бар. Мага тушунуксуз болгону,арбактардын оч алуусу болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#360 Пользователь офлайн   JENTELMEN   30 Сентябрь 2016 - 00:30

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 764
  • Катталган: 27 Апрель 16
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 00:49

Талашынарды тушунбодум. Э Фифа сен жинге ишенбейсинби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 04:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: