Суперстан: Жаш калемгер Азиз Качкынбаевдын ырлары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаш калемгер Азиз Качкынбаевдын ырлары .

#1 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 22:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул ырлар менин жакшы коргон,сырдаш иним Азиз Качкынбаевге таандык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 22:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Беде чабыктан улам"

Коз алдымда сулап барат беделер,
Курман болуп чалгымдын курч мизинен.
Кун нуруна жалт-жулт этип,кумуштой,
Алка-шалка терлер кетет жузумон.

Жарылчуудай булчун эттер чыналып,
Кайра жибип,бошон тартып,жазылат.
Иштесем деп иштин майын чыгарып,
Шилтейм чалгы тыным албай азыраак.

Санаа курчап,бурчка такап ансайын,
Ойлорумду онтолотот кам-куйут.
Кыш чилденин караанынан сес берип,
Тоо койнунан тушуп жатат торт тулук.

Белен кылып,тоодой жыйып тоютту,
Карасам дейм кыштын тике козуно,
Куркураса ич кондойу,ач болуп,
Сынар,ача туяктууга баш кылып,
Чоп салсам дейм кыштын дагы озуно...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 22:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Кайыр кош"

Суйуубуз суттой ирип,ондон аздык,
Кетирдик неден ката,неден жаздык?
Бакыттын таман жолу тардык кылып,
Биз ага бир сыйалбай,кайчы бастык.

Дуйнобуз антарылып,астын- усту,
Тоо урап,тиреп турган асман кочту.
Тунжурап,тунгуюкка тушугуп биз,
Туболук сезимдердин жарыгы очту.

Суйуштук,эстен кеткис кундор отту,
Сузуштук-суйуу корктуу;азбы- коппу.
Гул болуп буралганды жулуп таштап,
Тим коюп гул го депмин жазгы чопту.

Кызсын да,ойлор кыска,тилдер узун,
Ошол тил ойлонбостон тогот уусун.
Ошол тил канттан таттуу,балдай нерсе,
Таттым мен балын дагы,ачуу,тузун.

Ууланып,тил заарынан олгон журок,
Балына моокум канып конгон журок.
Бир канап,уу ичкенин эске салып,
Бир самап,коксоо кылып балын журот.

Кайрылып,кайтып келсе кайран жаштык,
Кайрадан кайталанбас откон мастык.
Жазданбай таштай муздак жалгыздыкты,
Жатмакпыс бир жазданып ысык жаздык.

Кайрылып,кайтып келсе арткы кундор,
Кор болуп,соолубастыр суйуу гулдор.
Конулун канга малып канча жандын,
Кайрадан жанырбастыр суук ундор.

А мейли,откон отту,кеткен кетти,
Бир сулуу сен жетпеген баркка жетти.
Сезимдин анырайган анызына,
Суйуунун суктандырган гулун экти.

Тагдырым бакытымды белен кылды,
Тар жолду дангыр кылды,кенен кылды.
Озунсуз омурумо оксук кылып,
Таарынып,токтоп турган жебем жылды.

Кай жакка барба башын болсун аман,
Турмуштун кундорундо жакшы-жаман.
Караанын карегимден очуп барат,
Кайыр кош,жолдоп турам сонку салам!..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Суйуу кутом"

Мендей тунук суйсо сени сур булут,
Кусалыгын кышта токмок ыр кылып.
Кемчилигин урунса да козумо,
Коонум журот корбогондой тур кылып.

Мендей ысык суйсо сени опол тоо,
Чоктой ысып,кулго айланмак ошондо.
Кунго тете жалыныма куйбодун,
Айтчы неге,муздак белен ошончо?..

Муз да кулор,кун кулмундоп караса,
Кыз да суйор,жигит кызга жараса.
Суйсон боло,куйсон боло сен дагы,
Жооп кылып,ак суйуумо жараша.

Суйуу сазга батып алып белчемден,
Суйгон колдун сунулушун корсом дейм.
Анда дагы кетсен мени карабай,
Ашыктыгым айтып жатып олсом дейм.
Умут шамын улпулдотуп колумда,
Суйуу издейм,суйуу кутом мен сенден...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Суйуу"

Суйуу!суйуу! Коодонумо булук салчы,
Очпос болуп коломтомдо куйуп-жанчы.
Сенсиз отсо,жаштыгымдын куну куруп,
Коздорумдон жорголосун кулук тамчы.

Суйуу!суйуу! Тунок кылчы журогумду,
Сыйкырлачы, кооз кылчы бул омурду.
Соолуп турган,суусап турган сезимиме,
Бал тамызчы,суйкум кылчы иренимди.

Суйуу!суйуу! Ишенбеске жомок болчу,
Сый артканга туболукко конок болчу.
Балын татып,супсак коруп,"туу" дегенге,
Коко тушка кокуйлаткан богок болчу.

Суйуу!суйуу! Мурогум сен,журогум сен,
Коркомунон коз талыган чурогум сен.
Медер тутуп,тумар кылып сактасам дейм,
Жай ыроолоп калемимдин журогунон.

Суйуу!суйуу! Уясысын карегимдин,
Суйуу!суйуу! Сыясысын калемимдин.
Сен болбосон ак барагым толмок эмес,
Сен болбосон калемим да болмок эмес,
Ал момосу сен таштаган данегиндин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Суйуу кутом"

Мендей тунук суйсо сени сур булут,
Кусалыгын кышта токмок ыр кылып.
Кемчилигин урунса да козумо,
Коонум журот корбогондой тур кылып.

Мендей ысык суйсо сени опол тоо,
Чоктой ысып,кулго айланмак ошондо.
Кунго тете жалыныма куйбодун,
Айтчы неге,муздак белен ошончо?..

Муз да кулор,кун кулмундоп караса,
Кыз да суйор,жигит кызга жараса.
Суйсон боло,куйсон боло сен дагы,
Жооп кылып,ак суйуумо жараша.

Суйуу сазга батып алып белчемден,
Суйгон колдун сунулушун корсом дейм.
Анда дагы кетсен мени карабай,
Ашыктыгым айтып жатып олсом дейм.
Умут шамын улпулдотуп колумда,
Суйуу издейм,суйуу кутом мен сенден...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Арман болуп экообуздун максатыбыз.
Калат эми ойлорубуз ишке ашпастан.
Ата энебиз бербей бизге макулдугун.
Тундор отот мени тынч уктатпастан.

Тагдыр биздин жолдорду болду беле.
Ашырбады ишке биздин ойду неге.
Жашоонун каптадыбы бурганагы.
Ажыратып сенден мени койду неге?

Мезгил отуп сен башканы тапкан кезде.
Анда мен да башканы тапкан болом.
Кайчы жолдор кездештирсе экообузду.
Карайм сени коздор менен арман толгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Кор жамынган суйуктуум"

Кор болуп жатаар жайын,короор кунун,
Кырчылдын кырчын кезде,соолуп гулун.
Шум ажал уу тамызып тамырына,
Кууратты жаны ачылган жазгы бурун.

Олум-дарт,даба болбос мурок суу да,
Олум-канжар, мизи канган ачуу ууга.
Аябастан алып сени оо дуйного,
Жабыркатты, жан дуйномду салып чууга.

Кайткыс кеттин,аттап отуп омур чегин,
Жанды сууруп жазды сенден олум черин.
Жургондурсун жаннат жайдын бакчасында,
Кере жутуп жыпар-жыттуу кычкылтегин.

Булбул боздоп,кызгалдактар шолоктоду,
Куйут дартын кимдер гана тоотподу?
Жалгыз гана журогумдун алоолору,
Сен жонундо суук кабар жолотподу.

Жок!жок! дешти учкундарын чачырата,
Кабак буркоон,азууларын качырата.
Окут кайткан адамдардын арасынан,
Ээ-жаа бербей элесинди алып кача.

Ырас,анык-сен журокто туболуксун,
Нуру очпос,кундон корком билериксин.
Бирге сургон жети жай,кыш аралыгы,
Бир гана учу биз самаган туболуктун.

Ар куугумдо конул ичин каптап туман,
Жуунум бошон,куйут артып жолго чыгам.
Айдын нурун алыстардан маяк кылып,
Корустонун- кулач жая тосуп турган.

Жакындаса сылтый басып букур отук,
Жашты тогом журогумду дукулдотуп.
Уйку безет,жайын таппас жаным уйдон,
Жылдар учуп,кетсе дагы мин кун отуп.

Жел суйогон шыбак жошон жытын искеп,
Кадаламын кара донго,теше тиктеп.
Шылкыйтып,башты сала ушкуруном,
Кунум куруп,бармак учун жанча тиштеп.

Жер козголуп,балким нечен солкулдады,
Камчы уруп,сабагандыр толкундары.
Коз жаш тогом кор устуно,синип барат,
Когоргон жер сыздаткандыр, болсун дары.

Эс оодарган окунучтун деми менен,
Эске салам откон кезди сени менен.
Менин бактым мелт-калт эле сен бар чакта,
Уч-кыйры жок,кок дениздей кемибеген.

Азыр жоксун,ангыратып ааламымды,
Жашка чылайм,канга малам каламымды.
Ыр жазамын:канат бутот,кокко сызат,
Мен ырлардан жолдойм сага саламымды.

Зуу коюшат,тушот узак сапарына,
Ай нурлары коштой учат катарына.
Журок сезет,салам жолдоо жеткен учур,
Жузун жаркып,кубанычка батаарына.

Ыр саптары сага сунган суйуум болду,
Корустонун боз адырда уйум болду.
Качан болсо кабак чытып,унуройуп,
Унуткардым бул омурдо суйунгонду.

Коздон учат кучагымда назданганын,
Кесел кылды,кор жаздыгын жазданганын.
Омурумду берээр элем билгенимде,
Татаар тузун,ичээр суун аз калганын...

Башка менен бейиш колун байырлаган,
Баш тарткын сен нике шакек тагынгандан.
Бутуп куну энчиленген ырыскынын,
Сапар тартты ондон азып,сагынган жан.

Куйоомбу деп коз алдына корунгонун,
Ак этип бир,анкагандыр эриндерин,
Куткун,жаным, мунарыктуу кунду таштап,
Гул которуп бара жатат эрин сенин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Болбос беле?"

Турмуш жолу мынча татаал,мынча сырдуу,
Болсом кана сизден улуу же сиз курдуу.
Суйоор элем кашык каным калган дейре,
Куйоор элем кундой чача жарык нурду.

Тагдыр ташы тоодон алп да,зоодон улуу,
Таалайыма туш болбостур сиздей сулуу.
Ай ажарлуу,кундой корком сиздей жанга,
Не бир бакыт,не бир сыймык ашык болуу!

Ак жаандай жашып,жашым токсом кана,
Ак буурадай тизе бугуп,чоксом кана.
Анкап журуп кеберсиген эрдим менен,
Ак мамыктай колунуздан опсом кана?..

Тошончум жер,а жуурканым болуп асман,
Жазданганга жаздык болсо жашыл майсан.
Жар болсонуз кучагымда,кайыкканда,
Болбос беле жанар тоодой жалын чачсам?..

От болсонуз,жылгын сымал анда куйсом,
Гул болсонуз,булбул сымал танда суйсом.
Бул турмуштун оош-кыйыш,ысык- суугун,
Болбос беле бирге татып,бирге сурсом?..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Саяктар жонундо"

Касташып,жаакташып саяк менен,
Коп ирет куу чокуга таяк жегем.
Кызуу кан,карегинен от чачырап,
Саяктар саяк эмей,таяк белем?..
Катылгандын катыгын бермейинче,
Жаны тынчып,жай албас саяк деген.
Атам турсун апамды таанытат деп,
Аман-соомдо оз жанымды аяп келем.
Ажыдаардын алп куйругун басканынча,
"Карс!" дей тушот кабырган таяк жеген.
Конулго албас уруунду,улутунду,
А болбосо мен озум да саяк элем... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Жалгыз Алла"

Сыйынбайм таш,кун,ай,от, шамалга да,
Сыйынбайм кечээ жокко,жаралганга.
Татыктуу таазимине бешенемдин,
Сый-урмат ээси,улуу Алла гана!

Жок эле жети кабат асман,жер да,
Жок эле жерди таптап баскан эл да.
Тамыры тээ тупкурдо кулач жайган,
Тоолор да,чол,кол,суулар, кашка жел да.

Жаратуучу ай-ааламды жалгыз Алла,
Жаратуучу жандууга,жансызга да.
Ырыскысын ак жаандай себелетип,
Ыроологон алдууга,алсызга да.

Атасыз,энесиз да,торолбогон,
Алдейдеп ак бешикке болонбогон.
А бирок ата-энеден кыйла эсе,
Ар жанга мээрим нурун белендеген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Жалгыз Алла"

Сыйынбайм таш,кун,ай,от, шамалга да,
Сыйынбайм кечээ жокко,жаралганга.
Татыктуу таазимине бешенемдин,
Сый-урмат ээси,улуу Алла гана!

Жок эле жети кабат асман,жер да,
Жок эле жерди таптап баскан эл да.
Тамыры тээ тупкурдо кулач жайган,
Тоолор да,чол,кол,суулар, кашка жел да.

Жаратуучу ай-ааламды жалгыз Алла,
Жаратуучу жандууга,жансызга да.
Ырыскысын ак жаандай себелетип,
Ыроологон алдууга,алсызга да.

Атасыз,энесиз да,торолбогон,
Алдейдеп ак бешикке болонбогон.
А бирок ата-энеден кыйла эсе,
Ар жанга мээрим нурун белендеген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Соолуган сезимдер"

Карангы,коюу тундо,
Жылдыздай жанаар элен.
Зарыгып куну кечке,
Куугумду самаар элем.

Кан катып,чанкап турсам,
Булактай агаар элен.
Кочууштап сузуп алып,
Бир ууртап канаар элем.

Тамшантып,канттай болуп,
Тандайда эрир элен.
Табитке топ келишпей,
Канчасын жерир элем...

Корсо алар элес тура,
Кыялда куруп алган.
Кун-туну коздон учуп,
Карекке туруп алган.

Таттуу деп самаганым,
Чынында супсак беле?
Чын болсо таттуулугу,
Тандайым сыздайт неге?

Корсо алар элес тура,
Журокту алдап жургон,
Алданып ал элеске,
Бут дитим арнап суйгом.

Сезимдин баркын сезбей,
Сындырып,тепсеп салдын.
Гулкайыр сезимимди,
Тоо сындуу "кепшеп" салдын.

Кун сымак жаркып турган,
Жузумду куугумдонттун.
Буралып,анкып турган,
Гулумду кубуп оттун.

Козумо чайылган жаш,
Топтолуп тузга айланды.
Журогум таштай катып,
Тулку бой музга айланды.

Жалбырттап, жанган суйуу,
Булбулдоп очуп барат.
Сезимде гул ордуна,
Куу тикен осуп барат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Бала чак кандай сонун!"

Бала чак кандай сонун!
Басканын-кулку, оюн.
Эстесем ырахаттан,
Балкылдайт тулку боюм.

Далай кун коз алдымда,
Журокту дирилдеткен.
Жел менен тен жарышып,
Жел канат чана тепкен.

Курошуп аяз менен,
Жыгылдык муз тошокко.
Тирешип аптап менен,
Уп сокту башка-козго.

Тулпардай тал чыбыкты,
Теминип,минчу элек.
Куурайдан кылыч кармап,
Куушуп кирчу элек.

Коколоп,кошо учуп,
Кополок куучу элек.
Куп! этип,кийим булгап,
Коз жашка жуучу элек.

Кош колдо чоймо мылтык,
Когучкон атчу элек.
Чон киши корор замат,
Чонтокко катчу элек.

Бирине-бирин удаа,
Беш ордок учурчу элек.
Копторду кайраштырып,
Копторго тукурчу элек.

Бала чак кандай сонун!
Басканын-кулку, оюн.
Кайгыртып кетип жатат,
Кош айтып,булгап колун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Анда менин алоолонгон жаш кезим,
Махабатка магдыраткан мас сезим.
Эске салсам журок кетет кансырап,
Айтчы,суйуум, сен эстесен кантесин?..
***
Колдун бою,кумуш толкун шарпылдап,
Сен турасын кучагымда жаркылдап.
Эми гана эрининден обоордо,
Кой дейт коктон чагылгандар чартылдап.

Селт этип биз,ордубуздан жыла албай,
Басып кетпей,же башкасын кыла албай.
Ал кун отту,канбай калып коксоолор,
Сен да,мен да чала олгон жылаандай.

Кун откон сон куугум каптап жер бетин,
Адатынча толкун бийлейт кол бетин.
Ай корунуп кыр аркадан нур чачса,
Коркко толуп,арбап турду келбетин...

Козду жумуп сага ыктап баратсам,
Кынкылдады кимдир бироо нараактан.
Кыжыр кайнап,ким экен деп карасам,
Бир бечара,ичип алган арактан.

Акыркы кун...Мына,эртен кетебиз,
Артта калат,кош айтышат Жети-Огуз.
Ушул кечте ширелишип денелер,
От чачпаса,оксуйбуз го экообуз?..

"Колдун жээги кыйнап бутту ансыз да,
Койчу,жаным, тынчыраак жай камсызда" -,
Деп отунуп,дагы бир соз уладын:
"Жарык кылам карангыны шамсыз да"...

Тобом кокто,ичке батпай кубаныч,
"Бир коз ирмем куто турчу,сураныч! ?."-
Деген бойдон чымын-куюн болмого,
Бара жатып бутот ушул уламыш...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Мен озуно капамын"

Четтегендей мээриминен апамдын,
Мен мунканып,азап чегип жатамын.
Арзуу кылган адамыма кошподун,
Оо,махабат! Мен озуно капамын.

Суйгонумдун караанына козум зар,
Корсотподун сезимдерге окумдар.
Кандай ката,мучулуштук кетирдим,
Оо,махабат! Менде эмне очун бар?..

"Таш ыргытсан табылаттыр кыз деле,
Унут!" дебе,"умутунду уз" дебе!
Тушунуп сен,аяп койсон не болмок,
Боорун таш,а журогун муз беле?..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Туулган жерге баратам"

Алыстатып мени сенден кор турмуш,
Нечен жыргап,нечен жолу жедим муш.
Эх,омурум сенде гана отсочу,
Мен озуно жазда келчу келгин куш.

Качан болсо коз алдымда элесин,
Озон,дайра,кенен жайлоо,белесин.
Эстен кетпейт талаа-тузун эч убак,
Умут узуп,унутту го дебесин.

Коштоосунда сагынычтын, кусанын,
Канат куулоп сен тарапка учамын.
Туулган жерим бийиктерден коз салып,
Тосуп алчы кере жая кучагын.

Жолду катар чыдам кетип баратам,
Озуно деп арзыбас ыр жаратам.
Жетсем сага журогумо топтолгон,
Сагынычты шишин жарып таратам...

Сагынгандыр мен жашаган кара там,
Чыда бир аз,мен озуно баратам...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Айылдагы сагыныч"

Жайдын июнь,июль август айында,
Керемет го эс алганын айылда,
Журокту ойуйт сенин гана жоктугун,
Мен кутойун,келчи жаным айылга.

Коркко чыкпай сенсиз жайкы саратан,
Атып жатат инир тарткан,кара тан.
Окуун сенин бутпос азап болду го,
Коздорум торт каникулду самасам.

Кун мунайып,маанайы жок чогуудо,
Булут сыздап,коз жаштарын тогуудо.
Сыдырым жел уйгу-туйгу куну-тун,
Зарыккандай нур жузундон обууго.

Жер-Чоку тоо караан издеп алыстан,
Сагынычтан куштар боздоп калышкан.
Кудор узбой,мага окшоп жол карап,
Баары сени кылка кутуп алышкан.

Жароокерим, бизде абал ушундай,
Жургон кезен кусалыктан кутулбай.
Келчи бачым экзамендер бутсо эле,
Убакытты тек кетирип учурбай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Кечир ата"

Кечир,ата! Кутконундой болбодум,
Кемчилик коп,купулуна толбодум.
Коздорундон туздуу тамчы агызып,
Каргышталган шайтан жолун жолдодум.

Мерээз журок жакшылыкка жарабай,
Мээрим тогуп эки козум карабай.
Жургон чагым туйшук болуп башына,
Озокту орттоп чыгып алган жарадай.

Боорум таш,пайдамдан коп зыяным,
Орой муноз,чыдам жетпес кыялым.
Мен буларды журогунду мыжыгып,
Куйут бурккон ушкуруктон туямын.

Ченеми жок мээнетинди барктабай,
Сызга салдым умутунду актабай.
Ата деген дарбазасын бейиштин,
Талкаладым амандыкта сактабай.

Кээде туруп оз жанымдан кечсем дейм,
Окунучту олум менен чечсем дейм,
Кудайымдын каарынан коркомун,
А болбосо башкасынан сестенбейм.

Айлам куруп,жете бербей дарманым,
Тиштеп-тиштеп кала берем бармагым.
Кечир,ата,жаман, арсыз уулунду,
Журокту эзет ичке батпай арманым...

Мен омурдон ирээнжидим, тунулдум,
Жарыгы очкон жашап жаткан кунумдун.
Билгин ата,кудайдын да куну бар,
Кабыл алчу кайгы-мунун унундун...

Ачыла элек ондон бири гулумдун,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Мен жонундо бир ооз"

Замандаштар байкоо салат,сынашат,
Ата-тегим,жердигимди сурашат.
Мен тек гана кыбыраган бироомун,
Билбейм качан кадамдарым кыр ашат.

Кереметтуу Кетмен-Тобо кулуну,
Кудай берген бар кичине чымыны.
Калем менен ак баракка чыгарам,
Кокурокто колкуп жаткан бугумду.

Салмакка чак узундугу боюмдун,
Санаркатат женилдиги оюмдун.
Кылмыш толо колум менен жасаган,
Которо албай кучу кетет моюндун.

Козум кара,чачым кара,каш кара,
Берген ондуу ыраа корбой башкага.
Кебетеме капа деле эмесмин,
Кейиттирген кептин баары башкада.

Адамда бар ону дагы,терс дагы,
Окундурот мунозумдун терс жагы.
Назар салсам абалына журоктун,
Конул канап,онум менин керсары.

Откон кезде нечен ирет жанылгам,
Ызгаарга да,бороонго да кабылгам.
Бирде аптап,бирде ношор кыйнаса,
Бирде "чарк" деп жансыз кылган чагылган.

Сапаттар бар конулумо жакпаган,
Кайдыгерлик коодонумду каптаган.
Сезимдерим ар мезгилге туш келип,
Мени турмуш мерээздикке таптаган.

Айта берсем ат которгус айыбым,
Таппай журом туура жолдун дайынын.
Кок денизде жээк козго корунбой,
Айдап барам адашуунун кайыгын.

Бир топ мезгил кыш чилтеде тунодум,
Ондон кетип,алдан тайып,жудодум.
Мына эми,жаз жаркырап кайрадан,
Сээп жатам жаны жашоо уроонун...

Ким бироого кан дос,жан дос,булоомун,
Ким бироого катардагы бироомун.
Данын байлап,тушум берер баарына,
Тузугуроок онуп берсе уроонум.

Оо,дос,тууган! Аябагын батанды,
Онолоюн,мен жоеюн катамды.
Эл,жеримдин бычагына сап болуп,
Мен бакытка болойунчу апамды,
Мен бакытка болойунчу атамды..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: