Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#15141 29 September 2016 - 02:34
Журогум чыдабай атат. Кабарын билгим келип. Кантти экен? Жакшы эле болсо экен ылайым, оо Кудай.
#15142 29 September 2016 - 15:38
Билем,мен дайыма туура эмес кылам. Мына бугун дагы,сени капа кылдым. Бирок мага сенин мээримин жетишпейт.Акыркы кундору экообуздун "уй-було"
деген эле атыбыз болуп калды окшойт. Эх...баарынан жададым!
#15143 29 September 2016 - 18:11
Эмнеге мен жалгызмын? Айланамда баш айлантчудай эле толтура адамдар жүрөт, жан дүйнөм ооруп жөлөнөөр желке, көз жашымды аарчыр кол издегенде эле ээн чөлдө жалгыз калгандай сыйпалап, эч кимди таппай калам. Тажадым,... максат жок эмнеге жашап жүрөм? Же ушул пайдасыз өмүрдү биротоло кыйып салганга эрким жетсечи. Жаным жай алып жвтып калбайт белем. Жаралбай калсам мага да, башкаларга да женил болбойт беле...
#15145 29 September 2016 - 20:27
Кутом деп алып,созумдо турбай койбосом болгону...
Коркуп атамын ,Ин Ша Аллах Баары жакшы болсо экен....
Уйдогулорго эмне деп айтам????ойлоп оюмду жыйынтыктап жаза албай койдум,башым ооруп чыкты...
Коркуп атамын ,Ин Ша Аллах Баары жакшы болсо экен....
Уйдогулорго эмне деп айтам????ойлоп оюмду жыйынтыктап жаза албай койдум,башым ооруп чыкты...
#15146 29 September 2016 - 21:01
Сиздин тамашаларыныздан жакында уйдогулорго уят болбосом эле болду. Ушунчалык да тамашакой болоспу? Кээде оозумду тыя албай каткырып кулуп жибергим келип аран токтоном. Келиниме не болгон деп апам тан калып журбосун, баласынын тамашалашканын билбей эле... Негизи Кудайым кулкуго жеткире берсин!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#15147 29 September 2016 - 23:51
Кудайга мин эмес миллион мерте шугур, мурун балам жок кантип жашап журдум экен ,уктаса суроторун карап кайра кайра сагынып кетем тургуча. Бактылуу балдардан болсо экен, ден соолукта болуп ыйман ынсабы менен. Буюрса баламды белгилуу футбол клуптарынын оюнчусу катары коруп телевизордон,
Стэмфорд бриджден журогум жарылып кетпесе болду,Роналду или Месси болбосо да Азар Бейлдей болсо болот ээ кудай Ошо кундорго жеткире коор
#15148 30 September 2016 - 00:23
Ракмат айткым келди сага! Көзүмдү ачып, чындыкты көрсөтүп койгонуң үчүн!
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#15149 30 September 2016 - 03:40
Ошентип көптөн күткөн күн дагы келди...
Ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбей турам... Кош бол Мекеним!
Силерди сагынам! Аллахым ата~энемди, туугандарымды өзүңө аманат кылдым! Алар мен үчүн кабатыр болушпасынчы. ..буйруса баары жакшы болот ин ша Аллах!
Ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбей турам... Кош бол Мекеним!
Силерди сагынам! Аллахым ата~энемди, туугандарымды өзүңө аманат кылдым! Алар мен үчүн кабатыр болушпасынчы. ..буйруса баары жакшы болот ин ша Аллах!
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#15150 30 September 2016 - 04:13
Мектеп учурунда ата-энелер чогулушу болобу, марофонубу,
башкасыбы, дайыма апам катышчу. Кээде классымдагы кыздар, "неге апаң эле келе берет? Неге атаң келбейт? Атаң барбы?" деген суроолорун узатышчу. "Ооба бар, алыста иштейт" деген жообум даяр эле. Бир жолу алысыраакта иштеп жатат экен деген сөздү кулагым чалган болчу. Жоопту бериши берип алып, бирок, балалык жандүйнөм кадимкидей кыйналчу. Ал кездеги менин эң жек көргөн адамым ошол эле. Мен үчүн дүйнөдө андан өткөн жаман адам жоктой сезилчү. Нечендеген балалыктын таттуу түн уйкусу бузулуп, канчалаган көз жаштарым төгүлгөн. Ошондо эле көктүгүм бар болчу, ичимден кектенип, эч качан, эч качан кечирбейм, катташпайм,
карабайм дечүмүн. Апамдын бактысын бирөө тартып алгандай кимдидир күнөөлөгүм келчү. Ошентип кектенип алып, анан аруу балалыктын кыялына батып кетчүмүн. Кыялдарым менен эмнелерди гана кыялданчу эмес элем. Кыялданып жатып түн бир оокум болуп кетчү. Андан бери канча күн, канчалаган жылдар өттү. Убакыттын өтүшү менен турмуштун аркы-берки, өйдө-ылдыйын аз да болсо түшүнө баштайт экенсиң. Бара-бара балалыктагы өзүмө берген убадамдан акырындык менен кайта баштадым. Убакыттын өтүшү менен дүйнөдө эң начар адам ал эле эмес, андан өткөн жамандар бар экенине түшүнө баштадым. Ошол кезде жашоону жаман көрсөм, азыр ошол жашоомо, мага ошондой турмушту бешенеме жазганына ыраазы болом Жаратканга.
Себеби, турмуш тарбиялады,
көп нерсени түшүндүм. Мээримге зарыккан кандай болоорун, жандүйнө кемтигин, деги койчу, көп нерсе ... Ошондуктан да, ажырашуу деген сөз, мен үчүн трагедия. Андай учурда, ортодогу балдардын күнү эмне кечээри, бир канаты жок куштай болуп талпынып бирок уча албагандык,
кайсы бир тараптын мээримине суусагандык,
жол ката карек талып күткөндүк, теңтуштардын арасында өзүңдү бир тепкич ылдый көрүү, мунун баарын эң жакшы түшүнөм. Ал нерсе балалыкка эле эмес, азыркы жашоомо да кедергесин тийгизип, кээ бир адамдар ушул нерсени сүрүштүргөнү,
ушуга караганы, жаралуу жүрөккө дагы да канжардай сайылып жатканы үчүн, азыр да кээде кектенип, кимдидир күнөөлөгүм келет. Бирок, күнөөлүү жок. Себеби, бешенеге жазганы ушул деген бар. Антсе да кектенгим келет, кимдендир өч алгым келет. Бирок, оюм өзгөрүлөт. Жараткандан сураганым кабыл болуппу, билбейм, жүрөгүм жибип, кечиримдүү боло баштагам. Кечирбейм деп кектенген адамды да кечиргем, катташпайм дечүм, катташам. Тээ илгеркидей дүйнөдөгү эң жаман адам деген көз караштан арылгам. Өзгөрдүм. Турмуш өзгөрттү. Бир гана, балалыктагы бир жек көргөнүм дале бар. Ал, бирөөнүн бактысына, бирөөнүн жакынына көз арткандар. Ар кандай жол менен, бузукулук, башын айландыруу,
сулуулугун,
амалкөйлүгүн ишке салуу, жасалмалуулугу мененби, иши кылса бирөөнүн ынтымагын бузгандар. Апама карап, апамды аяп, ошондойлорду ушунчалык жек көрчүмүн. Дүйнөдөгү эң жаман адам деп ошондойлорду айтмакмынмын азыр
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#15151 30 September 2016 - 04:51
Ali-Kyrgyztaniy, , бул темада башка юзердин билдирүүсүнө жооп жазууга тыюу салынат! Ali-Kyrgyztaniy, UFG_Jest, stukach , Кимдир бирөөнү мазактаган,
кемсинткен билдирүүлөргө,
жеке айтышууларга да тыюу салынган. stukach ,сизге оозеки эскертүү. UFG_Jest, Ali-Kyrgyztaniy
Башка бөлүмдөгү жүрүм-турумуңарды эске алганда 20 күндөн Бан!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#15152 30 September 2016 - 06:53
Алтыным апакем, асылым апам сизди катуу сагындым... Сизди эстегенде козумдон жашым тогулуп кетет. Жытыны сагындым энеке. Башымы тошуно коюп мемирээп уктагым келди. Жолдун алыстыгы болбогондо бир мунот дагы турбас элем. Канатым болсо учмакмын апаке сиз жакка. Таттуу тамагыны сагындым... Кээде оорудум деп айтсан журогум сайышып кетет. Оорубачы апаке. Сен менин бар байлыгымсын.
#15153 30 September 2016 - 13:27
-Не болду, ооруп жатасынбы?
-ооба
-врачка бар, корун. Мынтип журбо. Каерин ооруп атат озу?
Жандуйном. Дуйнодогу менмин деген профессор врачтарын да дабаасын табалбаган, эч даарысы жок оору бул. Жандуйно оорусу, жандуйно!
-ооба
-врачка бар, корун. Мынтип журбо. Каерин ооруп атат озу?
Жандуйном. Дуйнодогу менмин деген профессор врачтарын да дабаасын табалбаган, эч даарысы жок оору бул. Жандуйно оорусу, жандуйно!
#15154 30 September 2016 - 14:13
Мен жашоодо бир гана озумо ишенууну уйрондум. Озумо озум жолок болууну уйрондум. Уйротуучулорго рахмат.
Жүрөгүмсүң
#15156 30 September 2016 - 22:24
Сабырдын түбү сары алтын.Жашоодо ушул макалды колдонгон эң жакшы тура..
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
#15157 30 September 2016 - 22:41
Озумо ыйлабаймын деп соз бергеним менен,аны аткаруу ото кыйын болуп атат,сени унута албай жатам.А сенчи?мени эстеп атасынбы?мен жонундо аманаттарын жонундо ойлоп аттын бекен?же баарын ал учун арнап салдынбыкен э манкам,эмнеси болсода тынч болсонуз болду.
#15159 30 September 2016 - 23:57
"Алтыным апакем " иним ,синдим,эжем,
агам!Сиз,сен учсан жете турган жерде экен апаныз!Апаныз копко кооопкпо жашасын владык!!
! А мен болсом бир эле элесин корушко апамдын атамдын жанымды береээр элем!(((((
#15160 01 October 2016 - 00:20
Уххх эки оттун ортосунда калып мынча кыйналдым.Экоон тен бир боорумсун, ушул нерселерди козум корбой,кулагым укпай калса кандай сонун болмок, мен алсыз болуп баратам, кантип ынтымака келээр экенсинер. Азыр муунум бошошуп олтурам,кокуроктогу мунум орттоп барат. Жат адам болсонор кол шилтеп кетээр белем,аттин ай кантем. Бир гана Аллахтан, жардам сураймын. Мурункудай бапырашып жургонду каалаймын. Эки оттун ортосунда чайналып,ээн жерде бакырып,бакырып унумдун барынча ыйлап алгым келип жатат. Сабыр жана сабыр. Бироого айтсан кулку болосун,

Супер-Инфо
super.kg
видео


















