Суперстан: Түн балладасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түн балладасы

#1 Пользователь офлайн   vais   24 Февраль 2011 - 20:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Жайдын толуп турган мезгили болчу. Күүгүм кирери менен капчыгайдын арасынан чыга келген кара кементай оронгон каракаш, кара көздуу Түн:ninja: дабышсыз жыла басып шылдыр аккан дарыянын жээгине келди да жарык көздуу сары Күн :күн: менен жолугушуучу ирмемди күтүп асканын далдоосуна жашынды. Кечке саратандын аптабына куйкаланган жер бети салкындыктын жыргалына батып жеңилдене түшүп, тегеректин баары табышмактуу жымжырттыкка чулганды...Бир гана дарыя тоодон түшө бериште таштан-ташка урунуп шарпылдаса, түзөң жерге келгенде бирөөнү күткөнсүп жайбаракаттана агат.

Түн :ninja: көзун жумган боюнча айланага кулак салды. Жакын жердеги талаадан чырылдаган чегирткенин үнү тим эле симфония! Кун менен чогуу болоор мезгилди самап, Түн:ninja: тунжурап кыялга батты...

Кайдандыр тоо этегинен шамал учуп келип, дарыянын муздак бетинен ысык дем менен өпкулөп кирди. Дарыя толкунданып жээкке батпай ары-бери чайпала баштады...Бирок шамал дарыяны жылытууга күчү жетпесин сезип, токойду көздөй жөнөду. Ал жакта шоокумсуз аккан жаш өзөн жана ичке талдай болуп эми бой көтөрүп келаткан булак бар эле (Донжуандын кылыгын карасаң...).

Мемиреген тынчтыкты кимдир бирөөнун кадамы бузду. Бирдемесин жоготконсуп колдорун алдыга созгон көк көйнөкчөн жаш селки ичинен кыңылдап келатты:



-Жалгыздык мени кыйнадың неге,

Жол бойлой өскөн ак кайың сымал

Жашоомдун жармысын күтүүгө берем...

Жер бетин кезип, баарынан кечип,

Бактымды мен да издесем бекен...



Ырын токтото калып дарыя менен саламдашып сурап калды:

-Эй дарыя, билесиңби, караңгы кирип кеткенине карабай бул жерге эмне үчүн келгенимди? Эсиңдеби, 3 жыл мурда дал ушул жерде чоң чынар терек өсуп турган эле, анын саябанында аптаптын ысыгынан качып далай жолу көлөкөлөгөм. Мен азыр ага узак өмур каалап, алкышымды айтып коеун дегем.

-А сен аны күндүзү чырак менен издесең да тапмак эмессиң,-деди дарыя.

-Эмне, аны араалап салыштыбы? –муңдуу үн катты селки.

-Жок.. ал кетти...

-Каякка кетти? жалгыз буту менен...:cray:

Дарыя: -Кылымды карыткан чынар терек жалбырактары саргайып, жалгыздыктан куурай баштаганда мен аны аны аяп кеттим . Эрте жазда учуп келчу турналардан суранып, анын жанына мажүрүм талдын уругун таштаттырдым. Кийинги жылы ал өсуп чыгып, тез эле бой тирегенде чынар терек экөө бир бирин суйуп калды. Бирок ысыкта корголоорго көлөкө, суукта жагаарга отун издегендер экөөсүнүн сүйүүсүнө тоскоолдук кыла башташты...Ошондо сүйүшкөндөр сүйүүбүздү кантип сактап калсак болот деп менден кеңеш сурашты. Мен айттым, ал үчүн бир сыйкырдуу сөздү үйрөнүш керек. Ал сөзду болсо Көк куш гана билет,ошондон сураса болот. Аны издеп жүргөндөр өтө көп. Бирок эки буттуулар гана ага жолуга алышат...Ошондо чынар терек менен мажүрүм тал бирикти дагы Көк кушту издеп жылып кетишти..

-Дарыяхан, анда мага да жардам береерсин? Көк кушту - бакыт кушун тапканга?

-Аны экөөлөп гана издешет, жалгыз бут менен алыс жыла албайсың...

Муну укканда селки не дээрин билбей шолоктоп ыйлап жиберди.

Түн мунун баарын көрду, сөздүн баарын укту. Бирок селкиге кантип жардам беришин билбейт эле. Ошол мезгилде дарыянын наркы бетинен кызыл жалын чыгарып, алоолоп күйгөн От көрүндү. Анын жалыны караңгылыкты четке сүрүп салып, дарыянын үстүнө үңулду. Суудагы өзүнүн элесин көруп алып, От өзүнө-өзү ашык болуп ары-бери тилин соймондотуп бийлеп турду...

Түн акырын басып Отко жакыныраак келсе анын жанында дүмүрдү жазданып жигит отурган болот.

-Бул жерде эмне кылып жүрөсуң, жигит?

- Жалгыздыктан качып чыктым, капалуумун. ..мынакей ыр жазыватам, -кайдыгер кол шилтеди жигит.

-Ммм... күчүңдү кагаз бетине чыгаргандан көрө арманыңды, арнооңду тирүү жанга айтсаң боло! Дарыянын аркы бетине өтсөң сени Муза кутуп жатат...

Жигит саамга ойлоно калып, башын ийкеди да кайыкка отуруп берки жээкти көздөй калак шиледи...

Ошентип эки жаштын табышуусуна :ninja:Түн себепкер болду. Экөө кантип жолугушуп,эмне тууралуу сырдашканын :ninja:Түн менен дайра гана билет...Бирок эки жүрөк бир-бирине тартылып, бирдей дүкүлдөп сого баштаганда, жан-дүйнөлөрү да окшош чыгып, эриндер-эриндерге чапташып, колдор белдерге оролуп, буттар бутка артылып, заматта бир бүтүнгө айланышты... Ошол сааттарда убакыт да жебеси катып калгандай ордунда токтоп турду.

Кучакташкан бойдон уйкуга кеткен экөө ойгоноор менен кооптуу суроого кабылышты... Сүйүү сурабай келип, сурабастан эле кетип калат эмеспи. Бул ой экөөнүн тең тамырын зыркыратып турду. Таң агарып келаткан маалда жигит Дарыядан сурайт:

- Биз эми сүйүүбүзду кантип түбөлүккө сактап калсак болот?

Дарыя селкиге айткан чынар теректин окуясын башынан аягына чейин төкпөй-чачпай кайталап айтып берет.

Жигит катуу ойго батып турганда селки аны акырын кучагына тартып, кулагына шыбырады: -Эгерде биз дарак болуп жаралганыбызда. . тамырыбыз үзүлгөнчө бирге жашамакпыз. ..

Жигит кыздын бетинен коомай өөп, көңүлдүү жылмайды: -Ооба , биз дарак эмеспиз, бирок биздин буттарыбыз бар. Дарыя, сага рахмат! Кош бол эми, биз да кеттик, Көк кушту –Бакыт кушун издегени...

Бул мезгилде жаркырап тоо башынан Күн :күн: чыга калды. Анын көз уялткан нурунан сурдөгөн Түн :ninja: сүйүүсун билдире албай, кайрадан капчыгайдын артына жашынды...




Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Romantic   24 Февраль 2011 - 21:03

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

:give_rose: :күн: sonun jalyzgan azamatsyz)kaleminiz kur4ui bersin)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Arstan   24 Февраль 2011 - 21:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Сонун чыгарма экен,уландысы барбы?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   vais   25 Февраль 2011 - 07:24

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Эгер окурмандар окуп коруп ойлорун ортого салса... мумкун уландысы да болуп кетээр...


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Аygerim   25 Февраль 2011 - 09:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

уландысын кутобуз!
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Bais   25 Февраль 2011 - 10:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 221
  • Катталган: 09 Июль 09
  • Соңку аракети: 23 Апр 2025 11:53
  • Жынысы:Эркек

:applause: :good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   25 Февраль 2011 - 10:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Керемет экен. Окуп алып сүйгүм келип кетти!
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Arstan   26 Февраль 2011 - 06:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения vais (25 Февраль 2011 - 04:24) жазган:

Эгер окурмандар окуп коруп ойлорун ортого салса... мумкун уландысы да болуп кетээр...

Vais байке баарына жакты корунот уландысын кутобуз.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   belka   03 Октябрь 2016 - 15:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сонун чыгарма экен. Ото жакты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: