Журогум сыгылып атат, жалгыздыктан тажап кеттим...кыйналып турам...
Болгону сабр...сабр..
.сабр...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#15184 04 October 2016 - 00:14
Не балээ никтер достук жонотушот. Же аларды достуктан очуро албайт экенсин, э тооба....
#15185 04 October 2016 - 00:38
Туулган күн, эч кимге керек эмес бир адамдын төрөлүшү кандай жаман...
Балким жаңы төрөлгөнүмө кубанышкандыр бирок азыр эмес, азыр төрт дубалдын ичинде гана отургум келет, калп эле ооз учунда айтылган куттуктоолор эч качан апакемдин куттуктоосунун ордун баспайт.
Апам, апам байкуш аябай күтүп, аябай кыйналып төрөп ай ааламга батпай сүйүнгөн экен. "Кудайдан тиленип, үмүт кылып жүрүп төрөдүм деп атымды Үмүтай коюптур байкушум, жалгыз чоңойтту, кийинтти, ичинтти бир сом тапса да мага чаптап эч нерседен кем кылбай өстүрдү ... өстүрдү да менин күнүмдү көбөй оо дүйнө сапар тартты асылым кандай керемет жан эле, күлгөнү, жагымдуу жыты, эркелеткени, узуун чачтары, жарашыктуу кийингени, баары баары көз астымдан эч кетпейт, апам жолдо баратканда эркек эмес аялдар да суктанып карашчуу, эсимде бирде кошуна эже "кандай сулуусун, жашсын өмүрүңдү өткөрбөй күйөөгө тийбейсинби, уул төрөп ал" дегенде апам байкуш "коюңчу эже кызымды башка адам кандай кабыл алат, башкага жалдыраткым келбейт башым эсен болсо өзүм эле чоңойтуп алам, өгөй деген өгөйлүгүн кылып кызым кыйналып калбасын" деген эле, мен анда башталгыч класста окуган эси жок кыз элем оюмда демек апам мени аяйт экен да мен каршы болсом эч кимге тийбейт, анан атам келсе чогу жашайбыз деп кыска ойлоп апамды күйөөгө берүү жөнүндө сөз болсо үйдү башыма кийип ыйлап, апам күйөөгө тийсе үйдөн качып кетем деп жиндилик кылчуумун. Ою кыска бала экем да, азыр бой жетип түшүнүп атпаймынбы аял киши үчүн жалгыз жашоо, баланы жалгыз тарбиялоо кандай оор экенин. А атам такыр келген жок апам байкуш 15 жыл өмүрүн күтүү, сагынуу, мени багуу менен өткөрдү,15 жыл катуу оору менен алышты, 15 жылдын ар түнүн үнсүз ый менен өткөрдү бул ыйда атама болгон сагынуу, таарынуу, менин келечегимди ойлоо, жан чыдаткыс ооруунун азабы, бактысыз тагдырыңызга наалат,баары баары бар болчу, сизге кошулуп мен да көзүмдү жаштап үнүмдү чыгарбай жата берчүүмүн, сизди аячуумун, атам келсе эле сиз ыйлабай калчуудай сезилчүү, "сен акылдуу болушуң керек, жакшы окушуң керек атаң келсе бештериңди көрсөтүп кубантабыз" дечүүсүз мен атамды кубантыш үчүн кичинемде жакшы окучуумун, убакыт өтүп өткөөл куракка келгенде атамдын барибир келбесин түшүндүм атайын өчөшүп сабак окучуу эмесмин, келип жаман окуйт деп капа болсун дечүүмүн, өзүмчө ушинтип өчүмдү алам деп ойлодум жок атам барибир келген жок, сиздин 15 жылдык күтүүңүз менде чооң жек көрүү болуп, ал эми үнсүз аккан көз жашыңыз жүрөгүмдө муз болуп катып калган эми муну атам эч качан ээрите албайт апа,өзүм да ээрите албай убарамын. Эсиңиздеби апа алначкы ирээт жер тилкесин сатып алганыңызда Москвада иштеп акча чогултууп келип ар кимдин артынан жүгүрүп жүрүп арың албадык беле. Ошол күнү экөөбүзгө чоң майрам болгон ээ, элдин баары уктаганда комнатабызга кирип алып таң атканча кандай үй салаарыбызды кыялданып чыкпадык беле, "апа кинодогудай чооң үй салабыз э " десем, "койчу кызым чооң үйдө экөөбүз эмне футбол ойномок белек, эки эле бөлмөсү болсо болот экөөбүзгө" деген элеңиз. Насип эмес экен үйгө каражат иштеп келем деп жолго аттанып бирок келбес сапарга аттанып кеттиңиз. Эсимде паспортуңуздун мөөнөтү бүтүп ошону жаңылайм деп бир ааз кечигет экем деп кейигениңиз, бирок сиз каза болгондон кийин 2 күн өтүп жаңы паспортуңуз келген, Кудайым да биз менен бирге болуп алууңуз үчүн паспортту шылтоо кылгандыр балким. Мүнөзүмдү баары сизге окшоштурушат жана күнү эшиктен сүйлөп үйгө кирип келсем таэнем байкуш ыйлап алыптыр "апаң келгендей болуп кетти, кудум ушундай сүйлөчүү, күлчү, ушундай жеңил кадам таштачуу " дейт өмүрү болгур, анан чогу дагы ыйладык. Ыйлаакмын э апа, баары айтат ыйлаксын деп, эх апа мендеги арманды билишсе алар да ыйламак. Жакшы нерсе болсо да жаман нерсе болсо да сизди эстейм, сиз эсиме түшсөңүз ыйлабай коё албайм. "Жакшыы балага тийип бактылуу болсоң экен, тагдырың мени кайталап калбаса экен" дечүүсүз, мурун маани бербептирмин эми турмушка мына мына чыкчуу убак келип калганда көп ойлончуу болдум, кудайдан жакшыы, ичпеген, чекпеген, акчанын артынан куубаган жолдош сурачуумун, буюрса таптым окшойт ал жөнүндө сизге айтып бербедим беле э, өзү да жайыңызга барып куран окуп келдим деп жаткан, жакшынакай э апа
, главное атама окшош эч нерсени чече албаган эмес ал чечкиндүү.
Апам! апакебайым, асылым, жакыным менин, сизди сагындым, мага тартуулаган өмүрүңүзгө, жашоо берип, тарбиялап, өстүргөнүңүзгө рахмат, жарык дүйнөгө алып келгениңизге рахмат, сиздей эненин кызы болгонума рахмат, Аллахым Жаннатынан орун берген болсун сизге, сизди жакшы көрөм...

Внешность - это козырь , но не туз…
#15186 04 October 2016 - 00:39
Эншерилген журок качан толот экен ооо Кудай! Сыгылам,сагынам,
кетким келет каяка бирок? Баарына шугур кылам,сабыр бере кор мага...
#15188 04 October 2016 - 03:27
Ыйлаттын.
...... Умутай, ыйлабайын десем да ыйлаттын.....
. Эхххххххх...
...
Барпылыктар рулит))
#15189 04 October 2016 - 12:07
Жадырашка апаңдын калган жашын сага берсин АЛЛАХым. Убакыт баарына дары дейт. Убакыт өтүп сен да түгөйүң менен бактылуу болосуң! Ар бир адамдын сыйын жайына койгон келин болооруңа ишенем.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#15190 04 October 2016 - 13:04
Бактылуу бол карындаш!
!!
Ата-энем, бир туугандарым бар !!!
Мен бактылуумун !!!
Мен бактылуумун !!!
#15191 04 October 2016 - 13:34
Жадырашка чын дилимден бактылуу болушунду тилейм!!
! Аябай журогумду оорутуп, козумдон жаш чыгарды создорун
ылайым эле бактылуу бол!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#15192 04 October 2016 - 14:38
Саксаштарым ииий
маанай жокто маанайымды көтөрөсүңөр да алтындарым менин
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#15193 04 October 2016 - 14:39
Жадырашка бактылуу бол! Мен да турмушка чыгаарда менин кубанычтуу кунумду корбой кеткен апакемди эстеп аябай ыйлаган элем. Эми озум апа болуп балдарым апасыз калбасын Кудайдан тилеп келем. Бардык эле балдардын ата энеси аман болсун!
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#15194 04 October 2016 - 15:32
Чыныгы эркектик сапатка ээ жигиттер козго коп эле уруна бербейт дегендей, чыныгы аялзат деген атка татыктуулар да козго уруна бербейт окшойт...
#15195 04 October 2016 - 16:58
Эх Кудайым жогорудагы кызды тилегин бериниз! Аллахым апанын ордун басчу ападай меерим берчуу кайнененге туш кылыныз! Ар дайым бактылуу болушуна аракет кылып ыйлатпай алып жургон куйумдуу жолдошко ыраа корунуз! Ылайым Бактылуу бол Умутай!
#15196 04 October 2016 - 18:10
Ээ АЛЛАХЫМ бул бизге деген кандай сыноон? Неге неге неге бизди минтип алсыраттын жаным боорум бир тууганымды бизден неге алып кеткин келип жатат ал болгону тогуз жыл эле жашадыгоо анаын кайсы куноосу учун кыйнап ооо жараткан ортонуп сыздап барам чыдабайм синдимди сактааа аны муздак жерге бербее ал жашасын суранам менин омурумду бер ага дагы жашасын неге неге неге жер жузундо адам толтурагооо мына мен бармын менин кичинекей синдиме тийбечиии ал да жашасынчыыы аны мынча сыздаттын жардам бер жараткан АЛЛАХЫМ. жоооооок неге бул дартты сага берди бир боорум негеее неге сенин кичинекей жанынды эмнеге кыйнап жатат сенин кундон кунго алсыраганынды коруп айламды тапай кен дуйно тар болуп барат бул дарт менен эмнеге сен оорудун эмнеге АЛЛАХЫМ баарын беруучу жалгыз озунсун суранам жалынам жалбарам синдимдиии сактааа алда жашасын омур бер ден соолугун чын кыла кор
Сени корсом
#15197 04 October 2016 - 18:21
Баары өтүп, баары өзгөрөт...эч нерсе түбөлүктүү эмес тура...
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#15198 04 October 2016 - 19:16
Бакырып бакырып ыйлагым келтат.Кетсе кимге кыйын мага кыйын,аны билсе да айла жок болтат.Бир ошол адамдын соз учун эми эч жака жибербейм сизди.Озунчо акылдуу болуп кетет,мен мн кенешкен учун жиберитамбы.
Шашбай турун ушул созунуз учун эми аны жибербей алып калам.

Супер-Инфо
super.kg
видео