XI. ТУКУМ 1
Тукум – бул бала менен ата-эненин ортосундагы кан, урук байланышы. Бала төрөлүү менен энесине болгон урук байланышы белгилүү болот. Үй-бүлө
коломтосунда төрөлгөн баланын тукуму эне тарабынан да, ата тарабынан да белгилүү
болот. Күйөөсү көз жумган же күйөөсү менен ажырашкан аялдын боюнда болуп-болбогону
идда күтүү аркылуу билинет. Ажырашкандан же күйөөсү көз жумгандан кийин идда күтүү
учурунда боюнда болуп чыкса, төрөлө турган баланын тукуму ошол күйөөсүнө такалат.
Зина (никесиз катнаш) жолу менен төрөлгөн баланын тукуму эне жагынан гана белгилүү болот
XII. БАЛА ЭМИЗҮҮ
Алла Таала баланы эмизүү милдетин ата-энеге, ата-энеси жок болсо, баланы өз карамагына алган адамга (мисалы, бул чоң ата, чоң энеси же туугандары же башка адам да болушу мүмкүн) жүктөгөн. Куранда Алла Таала: «Эмизүүнүн толук болушун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет... Ата-эне өз ара кеңешип баланы эмчектен эрте чыгарууга бел байлашса, экөөнө тең эч кандай күнөө болбойт...» (Бакара сүрөсү, 233) деп буюрат. Демек, бул аятта баланы эки жыл толук эмизүү керектиги, ошону менен бирге
ата-эне өз ара кеңешип баланы эмчектен эки жылга чейин чыгарууга укуктуу экендиги
айкын болууда.
XIII. БАЛА БАГУУ УКУГУ (хидаана)
Ата-эне ажырашса, балага балалык чагы бүткөнгө чейин энеси карайт. Бала өзүн-өзү багууга кудурети жеткенге чейинки учур «балалык чак» (7-10 жаш аралыгы) болуп эсептелет.
Баланы баккан адам (аял-эркек) ишенимдүү, ыймандуу болушу керек.
Бала кыз болсо, аны караган адам махрам (никеси түшпөгөн) болушу зарыл.
Бала кыз болсо, аны караган аял (эне) кызга никеси түшкөн адам менен баш кошкон болбошу кажет.
Баланын балалык чагында кийим-кече, тамак-ашын атасы каржылашы кажет.
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#141 01 October 2016 - 20:52
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#142 01 October 2016 - 20:57
XIV. НАФАКА ЖООПКЕРЧИЛИГИ
Жашоосун улантып кетүү үчүн адамга абадай зарыл муктаждык «нафака»деп аталат.
Буга адамдын тамак-ашы, кийим-кечеси, үй-жайы кирет.
Аялдын нафакасы күйөөсүнө таандык болгондугу жогоруда белгиленген. Бул жерде баланын, ата-эненин жана кедей тууган-туушкандардын нафакасы жөнүндө кеп болмокчу.
Баланын нафакасы атанын мойнуна жүктөлгөн. Бул жоопкерчилик бала балагатка жеткенге чеиин уланат. Бала оорулуу болсо, окуучу же кыз болсо, нафака жоопкерчилиги балагат жашынан кийин деле улана берет.
Кедей ата-эненин, чоң ата, чоң эненин нафакалары балдардын милдети. Ата-энени
багууда уул менен кыз баланын ортосунда кандайдыр бир айырма жок. Бир динден
болбосо да, эркек адам өмүрлүк жарынын, ата-энесинин жана балдарынын нафакасын
камсыздашы кажет.
Ортолорунда үйлөнүү тоскоолдугу бар жакын туугандардын бири кедей болсо, ал адам анын нафакасынан жооптуу болуп эсептелет. Мындан жооптуу болуу үчүн эки тарап тең мусулман болушу керек. Адам кедей болсо да, өз жубайын, ата-энесин багууга милдеттүү. Бул учурда кедей
жакын туугандарын багууга милдеттүү эмес. Эгер бай болсо, буга милдеттүү болот.

#143 01 October 2016 - 21:03
XIV. ҮЙ-БҮЛӨНҮН БУЗУЛУШУ
Үй-бүлө ар түрдүүчө бузулат. Өз ара ажырашуу, сот аркылуу ажырашуу сыяктуу.
Бул жерде үй-бүлөнү бузган жагдайлар жөнүндө маалымат берилмекчи.
А. АЖЫРАШУУ
Ажырашуу – бул, түз же кыиб ыр мааниде нике келишимин жокко чыгарган сөздөр менен үй-бүлөнүн бузулушу.
Үй-бүлөнүн жеке адам жана коом өңүтүнөн өтө зор мааниге ээ экендиги талашсыз.
Асыресе, айрым бир жагдайларда үй-бүлөдөн күтүлгөн оң жыйынтыктар чыкпай, тетирисинче эки тарап бири-бирине айкалыша албай зыян алып келе турган болсо, үй-бүлөнүн бузулушу абзел. Буга шарият жол берет. Ошондой эле өтө олуттуу себеби жок туруп үй-бүлө коломтосуна суу себүү такыр туура эмес. Азирети Мухаммед (саллаллаху
алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде: «Аялыңарды Алланын
атын (кепил тутуп) оозанып туруп алдыңар. Алардын укуктарын коргогула! » (Муслим,
Хаж, 37) деп буюруу менен үй-бүлө Алланын аты менен курулгандыгын белгилейт.
Ошондуктан үй-бүлө өзүнчө куттуу коломто катары каралат. Мына ушул себептен улам
мусулман коомчулуктарында ажырашуу жараяны өтө сейрек кездешет.
Ислам укугу китептеринде ажырашуунун түрлөрү жөнүндө маалыматтар берилген.
Алардын бири ажырашуунун Куран жана Сүннөттүн негизине ылайык болуп-болбошу өңүтүнөн каралган. Бул жагынан «суннии» жана «бид-ии» ажырашуу деп экиге бөлүнөт.
Экинчи түрү ажырашуудан соң кайрадан нике кыйуу зарылчылыгысыз эркектин аялына кайтып келүү мүмкүндүгүн берип-бербеши жагынан да «рижии» жана «баин» ажырашуу деп экиге бөлүнөт.

#144 03 October 2016 - 15:06
1. Куран жана Сүннөттүн негизине ылайык болуп-болбошу өңүтүнөн ажырашуунун түрлөрү
а. Суннии талак
Негизинен ажырашуунун жолу Куранда белгиленген. Бул багытта Пайгамбарыбыздын да көрсөтмөлөрү бар. Куранда жана сүннөттө көрсөтүлгөн таризде
жүзөгө ашкан ажырашуу «суннии талак» деп аталат.
Куранда ажырашуу абалындагы жубайлар үчүн төмөнкүчө буюрулат:
«Эгер жубайлардын араздашуусунан корксоңор, анда күйөө тараптан жана аял тараптан бирден калыс адам жибергиле. Эгер алар жараштырууну каалашса, анда Алла алардын ортосуна ынтымак ыроолойт. Алла – Билүүчү жана Кабардар! » (Ниса сүрөсү,
35).
Бул аяттан белгилүү болгондой, ажырашуу жараян эткенге чейин эки тараптан бирден калыс адам отуруп, маселени кабыргасынан коюп бир жыйынтыкка келүүлөрү керек.
Куранда ажырашуу маселеси жөнүндө мындан башка дагы аяттар бар. Алардын айрымдары төмөнкүчө:
«Талак (ажырашуу) эки ирет болот. Андан соң же жакшылык менен кармоо (коломтону өчүрбөө), же жакшылык менен ажырашуу керек. Аялыңарга бергениңерден бир нерсени кайтарып албагыла! Эгер экөө тең Алланын чегин сактай албай калуудан коркушса (бирге жашап кетүүгө ишене алышпаса), же силер да ал экөөнүн Алланын чегин
сактай албашына көзүңөр жетсе, анда аялы алган махр-калыңын күйөөсүнө кайтарып берүүсүндө күнөө жок. Мына ушул Алланын эреже-чеги. Чектен ашпагыла! Ким Алланын чегинен ашса,заалым болот. Күйөөсү аялына (үч) талак берсе, аялы башка адамга турмушка чыкмайынча ага адал эмес. Эгер экинчи күйөөсү ага талак берсе, биринчи
күйөөсү менен кайра баш кошуп, Алланын өкүм-эрежелерин сактоолоруна (ынтымактуу жашап кетүүлөрүнө) көздөрү жетсе, кайра жарашып баш кошууларында эч кандай күнөө болбойт. Бул биле турган адамдар үчүн Алланын өкүмү. Аялдарыңарга талак берген соң идда күтүү мөөнөтү жеткен учурда же жакшылык менен кайра алып калгыла, же
жакшылык (жылуу мамиле жасап, адеп сактоо) менен ажырашкыла. Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла. Кимде-ким мына ушундай ишке барса, чындыгында ал өзүнө-өзү зулумдук кылган болот. Алланын аяттарын азил кылбагыла! Ошондой эле
Алланын силерге берген жакшылыктарын, силерге насаат кыла турган Китепти жана даанышмандыкты түшүргөнүн эстегиле! Алладан корккула! Акыйкатта Алла бардык нерсени билүүчү экендигин билгиле!» (Бакара сүрөсү, 229-231)
Бул аяттарда адамдын көңүлүн бурган жагдайлар бар. Анда жылуу мамиле жасап адеп сактоо менен ажырашуу, биринин акы-укугун бири тепсеп зулумдук кылбоо, маселени калыстык менен чечүү сыяктуу жагдайлар баса белгиленүүдө. Демек, үй-бүлө оту өчүрүлбөй улантылса да, ажырашууга бел байланса да, жакшылык жолу менен жыйынтыкталышы кажет. Дин Ислам боюнча, ажырашуу душмандык менен, экинчи тарапка залакасын тийгизүү максаты менен жүзөгө ашчу иш эмес. Аяттарда буюрулганы
сыңары, ажырашуу жараяны эки тараптын калыс өкүлдөрү аркылуу жүрүшү керек.
Олуттуу себепсиз эле ажырашуу жараяны жүзөгө ашпашы кажет.
«Аялыңарга жакындаганга (жыныстык катнаш) чейин жана калың берүүдөн мурда ажырашсаңар, анда ажырашуу айып эмес. Бай байлыгына жараша, кембагал алына жараша жакшылык менен аларды ыраазы кылышсын! Бул – жакшылык кылуучуларга милдет» (Бакара сүрөсү, 236). Бул аятта нике кыйылган соң жыныстык катнашка кирбестен жүзөгө ашкан ажырашууларда кызга белгилүү өлчөмдө мал-мүлк берүү менен анын көңүлүн алып, өкүнүч кайгыда кетишине тоскоол болуу керектиги
сунушталып жатат.
Дагы бир аятта: «Белгиленген (идда күтүү) мөөнөтү аяктаган кезде алар менен жакшылыкта жарашып жашагыла, же жакшылык менен ажырашкыла! Жана да араңардан эки адилеттүү калыс адамды күбө кылгыла. Күбөлүк милдетти Алла үчүн
өтөгүлө! Мындан Аллага жана кыямат күнүнө ишенгендер үлгү алат. Ким Алладан корксо, Алла Таала ага (түрдүү кыйынчылыктардан) чыгып кетүүгө жол ачып берет»
(Талак сүрөсү, 2) деп буюрулат.
Жогорудагы аяттардан белгилүү болгондой, үй-бүлөдө олуттуу көйгөй жаралса жубайлардын кайын-журттарынан бирден адам келип, иралды жагдайды туура түшүнүүлөрү керек. Эгер алар жагдайдын чынында эле олуттуу болгонуна көздөрү жетип,
эки жубайдын ажырашуусун эп көрүшсө, жакшылык менен ажырашуулары дурус. Талак сүрөөсүнүн 1-аятында: «Пайгамбар! Аялдарыңарга талак берсеңер, алардын белгиленген мөөнөтүндө талак бергиле ... » деп буюрулат. Абдуллах бин Аббас менен Абдуллах бин Масуд бул аят «аялды жыныстык катнашка кирбеген таза убагында», б.а. этек кири
абалынан сырткаркы учурда талак берүү керектигине далалат кылат, дешет. Демек, бул
учурда эркек адам аялына жыныстык катнашка кирбеген тазалык кезинде (этек кири
учурунда эмес) бир талак берген соң, аял идда мөөнөтүн күтөт. Бул багытта Азирети
Пайгамбарыбыз жубайына этек кири учурунда талак берген Абдуллах бин Умарга эскертүү
берип, дароо жубайына кайтышын, эгер талак бере турган болсо, этек киринен кийин талак
беришин буйурган. Мына ушул таризде ажырашуу «суннии талак» болуп эсептелет.
Жогоруда белгиленгендей, суннии талакты төмөнкүчө корутундулоого болот:
1. Ажырашууга бел байлаган жубайлар үй-бүлөлөрүнөн бирден адам чакыртып, көйгөйдү чечүүгө аракет кылышат. Мунун жыйынтыгында жубайлар же ынтымактуу жашап кетүүгө, же үй-бүлөнүн ыдырашына кадам таштаган болушат.
2. Эркек адам жубайына тазалык мезгилинде талак бериши керек.
3. Талак берилген тазалык мезгилинде жыныстык катнаш жараян этпеши зарыл.
4. Бир учурда бир талак берилиши керек.
Мына ушул ыкманын негизинде кадам таштоо менен үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн чынында эле олуттуу болуп-болбогону ачыкка чыгып, шашылыш ажырашууга, ар түрдүү бушаймандыктарга жол ачылбаган болот. Ар тараптуу ойлонууга да мүмкүндүк жаралат.
Бир талак берилсе да, идда күтүү учурунда эркек адам жубайы менен жарашса болот.
Маалым болгондой, ажырашуу жараяны Ислам динибизде шашылыш-ылдам эле, же ачуу менен оңой-олтоң жүзөгө аша койчу иш эмес. Талак берүү бул жөнөкөй катардагы күнүмдүк сөз же кыймыл эмес. Ал өзү менен кошо бир топ укуктук натыйжаларды жаратчу иш. Жогорудагы шарттарга ылайык жүзөгө ашкан ажырашууда, эркек бир жолу талак
берүү укугунан ажыраган болот. Идда күтүү мөөнөтү чыкканга чейин эркек адам жубайына кайтса болот. Бул учурда никенин кажети жок . Ал эми идда мөөнөтү бүткөн соң, жубайлар кайрадан бирге жашагылары келсе, нике кыйдыруулары керек.

#145 04 October 2016 - 14:31
б. Бид-ии талак
Курандын жана сүннөттүн өкүмдөрүнө дал келбеген ажырашуу жараяны «бид-ии талак» деп аталат. Аалымдардын көпчүлүгү мындай ажырашууну жарактуу десе, кээ бир аалымдар Куран менен сүннөттүн өкүмдөрүнө ылайык келбегени үчүн жараксыз деп
эсептешет. Бул пикирдин далили Азирети Пайгамбарыбыздын Абдуллах бин Умарга этек
кири учурунда талак берген жубайына кайтышын буйруп, кааласа тазалык мезгилинде
кайра талак берүүгө болорун билдирүүсү. (Бухари, Талак, 1) Анткени этек кири учурунда
талак берүү суннии ажырашууга карама-каршы келет. Аалымдар бид-ии талактын арам
болгондугун айтып, буга Маида сүрөсүнүн 87-аяты далалат кылгандыгын белгилешет.

#146 04 October 2016 - 15:06
2. Жубайлардын ортосунда кайрадан нике кыйуу зарылчылыгысыз үй-бүлө отун тутандырып кетүү-кетпөө өңүтүнөн «риж-ии» жана «баин» ажырашуу деп экиге бөлүнөт.
а. Риж-ии талак
Биринчи же экинчи ажырашуудан соң эркек кааласа, идда күтүү учурунда кайрадан нике кыйдыруу зарылчылыгысыз жубайы менен бирге жашап кетсе болот. Муну сөз менен да, аракет менен да (өбүү, ойноо же жыныстык катнаш аркылуу да) билдирүүгө мүмкүн.
Кайрадан нике кыйуу зарылчылыгысыз эркек адамга жубайына кайтуу мүмкүнчүлүгүн берген талак «Риж-ии талак» деп аталат.
Мындай талак үчүн биринчи (жаңы үйлөнгөндөгү) никеден кийин жубайлар ортосунда жыныстык катнаш жараян этиши зарыл. Себеби жыныстык катнашка чейин жараян эткен ажырашуудан соң жубайлар кайрадан нике кыйдыруу жолу аркылуу гана
бирге жашап кете алышат.
б. Баин талак Баин талак өз ара эки түргө бөлүнөт:
1. Баинунати сугра:
Мындай баин талактан соң, эркек жаңы нике менен жубайына кайта алат. Баинунати сугра төмөнкү жагдайларда жараян этет:
Биринчи же экинчи талактын жыйынтыгында жубайынын идда күтүү учурунда күйөөсү ага кайтпаса, баин талак болот. Эркек адам бул учурда жаңы нике аркылуу гана жубайына кайтуу мүмкүндүгү бар. Баш кошкондон кийин жыныстык катнашка чейин жараян эткен ажырашуулар баин
талак болуп эсептелет. Бул учурда идда күтүү зарылчылыгы болбойт.
Аял киши күйөөсүнөн алган белгилүү махр каражатын кайтарып берүү шарты менен жүзөгө ашкан ажырашуулар да баин талакка кирет.
2. Баинунати кубра:
Аял кишинин сүннөткө ылайык үч жолу талак алышы
«баинунати кубра» (толук кандуу ажырашуу) деп аталат. Үч талак менен ажырашкан жубайлардын бирге жашап кетүүлөрү оор абалга жеткени белгилүү.
Ошондуктан бул учурда жубайлар кайра дароо баш кошо алышпайт. Бул жол кайра кайталанчу терс жагдайлардын жүзөгө ашпашына дагы да ылайыктуу.
Ошону менен бирге үч талак менен ажырашкан аял киши башка адамга сахих нике аркылуу турмушка чыгып жашаса, күндөрдүн биринде кокус күйөөсү көз жумса же аны менен ажырашса, ал аял киши эгер кааласа, биринчи күйөөсүнө кайра турмушка чыгуу мүмкүндүгү болот. Анүчүн төмөнкүчө шарттар бар:
Экинчи үй-бүлө коломтосунда жыныстык катнаш жүзөгө ашышы керек.
Аял киши экинчи жубайы менен атайын келишимдин негизинде белгилүү убакыт үчүн баш кошпошу кажет. Мындай жашыруун кыпындай ниети да болбошу керек.
Белгилүү убакыт үчүн келишимдүү нике жараксыз болуп, чоң күнөөгө кирет. Азирети Умардын пикиринде, мындай келишимдүү нике кыйдырып жыныстык катнашка кирген адам зина кылган болот. Азирети Умар анүчүн жаза талап кылган. Ошондой эле Куран үч талак менен ажырашкандарга кайрадан баш кошуулары үчүн үй-бүлө укук-талаптарын аткарып-аткара албоо ишенимдерин шарт кошот. (Бакара сүрөсү,230)

#147 04 October 2016 - 20:38
Б. МАКУЛДАШЫЛГАН АЖЫРАШУУ (Мухаалаа)
Аял киши ажырашкысы келген күйөөсүнө алган махр-калыңын кайтарып берүү же өз ара алыш-бериштерден баш тартуу шарты менен ажырашуу талабын кое алат. Күйөөсү буга макул болсо, ажырашкан болушат. Бул баин талакка кирет. Эгер бул жубайлар кайрадан баш кошкулары келсе, жаңы нике кыйдыруулары кажет. Бүгүнкү күнү эки тарап
макулдашып сотко кайрылып, сот тарабынан ажырашуу жараянына чечим чыгарылган ажырашуу да баин талак болуп эсептелет.
В. КАЗЫГА КАЙРЫЛУУ
Илгери ажырашуу үчүн сотко кайрылуу шарты болгон эмес. Асыресе, айрым бир учурларда сот, же казынын талабы, же өзү баамдаган зарылчылыктар менен жубайлардын ажырашуусун ылайык көрөт.
Төмөнкү жагдайларда аял киши сотко кайрылып, диний жактан ажырашуу талабын кое алат:
а. Күйөөсүндө айрым бир физиологиялык кемчиликтердин болушу.
Күйөөсүндө жыныстык катнашка тоскоолдук жараткан кемчиликтердин болушу себептүү аял киши ажырашууга талап кое алат. Имам Азам агымынан Имам Мухаммеддин пикиринде, эгер күйөөсү акыл-эсинен ажыраса, ала оорусу (бүгүнкү күндө СПИД оорусу) сыяктуу өлүмгө себеп боло турган коркунучтуу ооруларга чалдыкса, аял ажырашуу талабын койууга укуктуу.
б. Аялдын нафакасын камсыз кыла албоо: Имам Азам агымынан тышкаркы үч агым боюнча, эркек адам аялынын нафакасын бербесе, же кедейликтен улам камсыз кыла албаса, аял сотко кайрылып ажырашуу талабын койууга укуктуу. Ал эми Имам агымы боюнча, кедейликтин дартынан улам эркек адам нафаканы камсыз кыла албаса, аял киши
ажырашуу талабын кое албайт.
в. Терс мамиледе болуу же мамиленин ашкере солгундашы:
Эркек адам аялын из кала тургандай урушу, жубайлардын бири-бирин жек көрүшү, үй-бүлө укуктарынын көз жаздымда калышы, эки тараптын бири дайыма зыян тартышы сыяктуу учурларда сотко кайрылып, ажырашуу талабы коюлса болот.
г. Күйөөсүнүн жоголушу же үйүн таштап кетиши: Олуттуу эч бир себепсиз эркек адам үй-бүлөсүн таштап кетсе, аял киши үчүн өтө оор болот. Мындай учурда Имам Азам жана Шафи агымдары боюнча, сот жубайлардын ажырашына дароо чечим чыгара албайт.
Ал эми Малики жана Ханбали агымдары боюнча, олуттуу эч бир себепсиз үй-бүлөсүн таштап кеткен адамга сот үйүнө кайтышын буйруп, ага белгилүү бир убакыт берет. Эгер белгиленген убакыт аралыгында үйүнө каитпаса, сот жубайлардын ажырашуу чечимин чыгарат. Бул чечим баин талакка кирет.
Кээде күйөөсүнүн кайсы жерде жүргөнү, же жоголгону белгисиз учурлар болот.
Имам Азам жана Шафи агымдары боюнча, үй-бүлө кожоюну жоголсо, же орду белгисиз
болсо, аял киши күйөөсүнүн туугандарынын орточо жашын (мисалы, 70 жаш) эске алып күтүшү керек. Малики агымы боюнча, бул учурда аял киши сотко кайрылган күндөн тарта төрт жыл күтөт. Бүгүнкү күнү айрым Ислам аалымдары, мындай учурда аял киши сотко кайрылып ажырашуу талабын койгондон бир жыл өткөн соң, сот ажырашуу чечимин
чыгарса болот дешет.
Күйөөсүнүн адамды жер карата турган күнөө жасап түрмөгө түшүшү:
Имам Азам агымынын аалымдары, бул багытта аят-хадис болбогондуктан, бул жагдай ажырашууга
себеп болбошу керек дешет. Малики агымынын аалымдары мындай учурда аял кишинин
моралдык укугун эске алып, ажырашуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу деп эсептешет.
ж. Күйөөсү аялын өлтүрүүгө аракет кылышы, үйлөнгөнгө чейин аялына миң түркүн куру убадалар менен алдап баш кошушу сыяктуу учурларда аял сотко ажырашуу талабы
менен кайрыла алат.

#148 04 October 2016 - 20:43
Г. КАРГЫШ АЙТЫШУУ ЖОЛУ МЕНЕН АЖЫРАШУУ
Аялына зина (башка бирөө менен жыныстык катнашта болуу) күнөөсүн таңуулап, муну төрт күбө адам менен далилдей албаган адам казы-сотко кайрылат. Сот учурунда аялы аталган күнөөнү мойнуна албаса, анда экөө тең касам ичүү жолу менен ажырашышат.
Мындай ажырашуу да баин талакка кирет. Бул жердеги касам төмөнкүчө айтылат:
Эркек өзүнүн туура экендиги боюнча Алланын атын төрт жолу оозанып касам ичип, эгер калп
айтып жаткан болсо, Алланын каргышы өзүнө тийишин тилейт. Аял киши да күйөөсүнүн
калп айтып жатканына карата төрт жолу Алланын атын оозанып касам ичип, эгер өзү жалганчы болсо, Алланын каргышы өзүнө тийишин каалайт. Бул жерде эскертке кетчү жагдай, жубайлардан бири буга чейин бирөөгө жалган жалаа жабуу менен айыпталган болсо, анын касамы кабылданбайт.
Д. ТӨРТ АЙ БОЮ ЖУБАЙЫ МЕНЕН ЖЫНЫСТЫК КАТНАШКА КИРБӨӨ КАСАМЫ
Эгер кимдир бирөө эң азынан төрт ай бою жубайы менен жыныстык катнашка кирбөөгө касам ичсе, төрт айга чейин касамын бузуп, аялына кайтышы абзел. Бул учурда касам каффаратын орундатышы керек. Эгер төрт ай аралыгында касамынан жазбаса, аялынан бир баин талак менен ажыраган болот.

#149 05 October 2016 - 14:48
XV. ИДДА 1
Идда – бул күйөөсү одүйнө салган же жыныстык катнаш жараян эткенден кийин ажырашкан аялдын күтүүсү зарыл болгон убакыт аралыгы. Күйөөсү менен ажырашкан аял боюнда болбосо, үч этек кири убагы арылыгында идда күтөт.
Күйөөсү көз жумган аял учурда боюнда болбосо, төрт ай он күн идда күтүшү керек.
Күйөөсү көз жумган же ажырашкан аял боюнда бар болсо, көз жарганга (төрөгөнгө) чейин идда күтүшү керек. Эгер көз жарганга чейин боюнан түшсө, ымыркайдын мүчөлөрү белгилүү абалга келип калган болсо, идда аягына чыккан болот. Ал эми мүчөлөрү белгилүү абалга келе элек болсо, идда күтүү аяктабайт, кадимки ажырашуу иддасын күтөт. Себеби бул учурда аялдын боюнда болуп-болбоо ыктымалы күчүндө болот. Ал эми ыктымал (шек-күмөн) менен идда аягына чыкпайт.
Улгайгандыгы себептүү этек кири токтогон аял үч ай идда күтөт (Талак сүрөсү, 4-аят).
Кадыресе этек кирин көрүү курагында болсо да, этек кири келбеген аялдын иддасы боюнча ар түрдүү пикирлер бар.
Идда күтүүнүн иридеги максаттарынын бири – аялдын боюнда болуп-болбоо ыктымалын аныктоо болуп саналат. Ошондой эле эки тараптын тең (жубайлардын) психологиясы аялдын башка адамга турмушка чыгуусуна даяр болушу, коомдук көз
караштын баралына келиши сыяктуу сырлары да бар. Асыресе, аялына талак берген адам үч талак берүү укугунан ажырац элек болсо, идда күтүү учурунда жубайына кайтуу мүмкүндүгүн пайдалана алат. Күйөөсү көз жумса, идда күтүү менен ага да, үй-бүлөсүнө да сый-урмат көргөзүү сыяктуу жагдайлар да эске алынган болот. Идда мына ушундай жагдайлар үчүн зарыл
А. ИДДАГА БАйЛАНЫШКАН ӨКҮМДӨР
1. Талак жана фасх иддасын күткөн аялдын нафакасын күйөөсү каржылайт. Риж-ии же баин талак болсо да жана аял киши боюнда болсо да, болбосо да айырмасы жок.
2. Күйөөсү көз жумган аял киши идда күтүү учурунда нафака албайт. Анткени ал аял күйөөсүнүн мал-мүлкүнөн мурас алат.
3. Аял киши иддасын күйөөсүнүн үйүндө күтөт.
4. Риж-ии талактан улам идда күткөн аял күйөөсү менен жолукса болот. Ал эми баин талактан улам идда күткөн аял күйөөсү менен жолукпайт, башка бөлмөдө болушу керек.
5. Үчүнчү талактан кийинки идда учурунда жубайлардан бири (мисалы, күйөөсү) көз жумса, экинчиси (аялы) ага мураскор боло албайт.

#150 05 October 2016 - 14:56
XVI. СУРОО-ЖООПТОР
А. Бир жолу үч талак берип ажырашса болобу? Бул Куран менен сүннөткө туура келеби?
Суннии талак жөнүндө жогоруда маалымат берилди. Ага дал келбеген талак бид-ии талак деп аталат. Дароо бир учурда үч талак берип ажырашуу бид-ии талак болуп саналат.
Мындай талак Куран менен сүннөткө туура келбесе да, көпчүлүк аалымдардын пикиринде жарактуу деп эсептелет. Айрым сахабалар, ошондой эле Ибн Таимиия, Ибн Каиюм аль-Жавзиия сыяктуу улуу аалымдар менен учурубуздагы ислам аалымдарынын бир тобу бир учурда дароо үч талак берүүнү бир талак катары эсептөөнү туура көрүшөт. Бир учурда үч талак берүү чыныгы үч талактын күчүндө болорун айткан аалымдар ИбнАббастын
(разияллооху анху) мына бул сөзүнө таянышат: «Мухаммед Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) доорунда, ошондой эле Азирети Абу Бакр менен Азирети Умар (разияллооху анхума) халифа болуп турган мезгилдердин башында бир учурда берилген үч талак бир талак деп эсептелчү. Калктын бул маселеге кайдыгер мамиле жасагандыгын көргөн Азирети Умар (разияллооху анху) бир учурда берилген үч талакты чыныгы үч
талактын ордуна өтө тургандыгын белгилеген». (Муслим, Ыиман – 25-26)
Бүгүнкү күнү элдин абалына жараша бир учурда берилген талактын саны канча болсо да, аны бир талак катары эсептөө Куран менен сүннөттүн негиздерине дагы да ылайыктуу
Б. Мас адамдын талагы жарактуубу?
Мас – бул мас кылуучу заттардын таасиринен улам эмне деп айтканын жана эмне иш кылганын билбеген адам. Исламдын алгачкы жылдары баш кошуу жана ажырашуу сыяктуу укуктук маселелер адамдын сөзүнө жараша жыйынтык чыгарылган. Бүгүнкү күнү мас абалындагы адамдын же мас эмес адамдын тамаша иретинде оозунан чыккан сөздүн
өтүмдүү болуп-болбошу аалымдар ортосунда талаш маселе.
Жаамы Ислам аалымдарынын пикиринде, шарият боюнча мубах, адал жолдор менен (м: наркоз, дары-дармектин таасиринен улам) акылынан танган адамдын талагы жараксыз болуп саналат.
Ал эми арам (мисалы, арак-шарап ж.б.у.с.) жолдор менен мас болгон адамдын талагы тууралуу аалымдар өз ара эки топко бөлүнүшкөн. Алардын бир бөлүгү арам жолдор менен мас болгон адамдын талагын чындап эле талак ордуна өтөт дешет. Экинчи жоон топ аалымдардын пикиринде, анын ичинде айрым сахабалар, Имам Азам агымынан Имам
Тахави (өл. 321/933) жана Имам Кархи (өл. 340/951) сыяктуу аалымдар бар. Анткени
Бакара сүрөсүнүн 227-аятында да көрсөтүлгөндөй, талак кандайдыр бир чечим, б.а. чыныгы ниет менен жүзөгө ашышы керек. Ал эми мас адамда ниет болбойт, ал эмне дегенин, эмне кылып жатканын билбейт. Анын айткан сөздөрү эч кандай укуктук (юридикалык) күчкө ээ эмес.
Мас адамдын берген талагын чыныгы талак ордуна өтөт деп эсептешкен аалымдардын максаты – ал (мас болгон) адамды арам болуп эсептелген аракты (алкоголдуу ичимдиктерди) ичкендиги үчүн аны жазалоо болуп эсептелет. Ал эми
Исламдын арак ичкен адамдын жазасы 80 балак (таяк уруу) болуп, аны мындан башкача
ыкма менен жазалоо туура эмес. Андыктан бүгүнкү күнү мас абалындагы адамдын талагын жараксыз деп эсептеген аалымдардын пикири дагы да ылайыктуу.

#151 06 October 2016 - 01:13
В. Ачууга алдырган адамдын талагы жарактуубу?
Бул багытта Мухаммед (саллаллааху алейхи ва саллам) Пайгамбарыбыз: «Ачууга ууккан (алдырган) маалда талак болбойт» (Бухари, Талак, 11) деген. Андыктан адам акыл-оюн башкара албай калган даражада ачууга ууккан кезде айткан талагы жараксыз болуп саналат.
Г. Жыныстык катнашка чейин ажырашуу жараяны жүзөгө ашса, анын жыйынтыгы кандай болот?
Нике кыйылган соң жыныстык катнашка чейин жүзөгө ашкан ажырашуу баин талакка кирип, тек бир талак гана жараян эткен болот. Бул учурда аял никеси кыйылып жатканда белгиленген махрдын жарымын алганга укуктуу (Бакара сүрөсү, 237). Эгерде махр белгиленбеген болсо, анда ага ыраазы кылуу максатында белек-бечкек берүү абзел (Бакара сүрөсү, 236). Мындай ажырашуудан кийин эгер жубайлар кайра баш кошкулары келсе, анда никени кайра кыйдырып, махр калыңды да белгилөөлөрү керек.
Д. Жубайлардан бири Ислам дининен кайтса эмне болот?
Мусулман жубайлардан бири Ислам дининен чыкса, анда жубайлар ажырашкан болушат. Айрым аалымдар бул учурда аялдын иддасы бүткөнгө чейин ортодогу нике жарактуу болуп эсептелет (нике жараксыз абалга келбейт) дешет. Демек, мындай учурда аялдын иддасы бүткөнгө чейин динден чыккан адам кайрадан Ислам динин кабыл алса,
анда жубайлар бирге жашап кетишсе болот.

#152 06 October 2016 - 01:20
Ж. Мусулман аялзаты мусулман эмес адамга турмушка чыга алабы?
Мусулман аялзаты тек мусулман адам менен гана турмуш кура алат. Мусулман эмес эркекке турмушка чыга албайт.
З. Ажырашуу сөзсүз түрдө каттоого алынышы, б.а. казы-сот аркылуу жараян этиши керекпи?
Ажырашуу жараяны укуктук маселе болгондугу үчүн каттоодон өтүшү, башкача айтканда, расмий түрдө жүзөгө ашышы абзел. Аялдын нафакасы, балдардын тамак-аш, кийим кече муктаждыгы, аларга таалим-тарбия берүү милдети, аялынын иддасы, аялы төрөй турган болсо, болочок наристенин абалы, жубайлардан бири көз жумса, ага түгөйү мураскор болуп-болбоо укугу сыяктуу маселелер аялдын расмий түрдө ажырашып-
ажырашпаганына байланыштуу. Ошондуктан ажырашуу расмий түрдө жүзөгө ашышы дурус.
И. Махр белгиленбестен кыйылган нике жарактуубу?
Махр – бул никенин талабы катары жигиттин кызга берүүсү зарыл мал-мүлк каражаты. Кыздын махр-калыңы ата-энесине эмес, өзүнө берилет. Кыздын калыңын кымбат баалуу (ювелирдик) жасалгалардан, акча, кийим ж.б. нерселерден берүүгө болот.
Негизи махрдын өлчөмү никеге чейин белгилениши керек. Себеби ал нике талаптарынын бири. Ошентсе да, махр белгиленбестен кыйылган нике жарактуу болуп эсептелет. Мындай учурда махр белгиленип төлөнүшү кажет. Махр белгиленген соң аял киши өз ыраазылыгы менен белгиленген өлчөмдү төмөндөтүүгө да, толугу менен күйөөсүнө багыштап жиберүүгө да укуктуу. Бул багытта аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат: «Баш
кошкон аялыңарга махр-калыңын чын дилден бергиле. Эгер алар калыңдын кайсы бир бөлүгүн өз ыраазылыгы менен силерге багыштаса, анда аны алсаңар болот...» (Ниса сүрөсү, 4).
Махрдын өлчөмү убакытка, шартка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Махрдын эң жогорку чеги белгиленген эмес. Имам Азам агымынын аалымдары сахабалардан өрнөк алып, махрдын эң төмөнкү чеги эки койдун баасы болушу керек, дешет. Бирок бул багытта Куран жана сүннөттө ачык-айкын буирук жок.

#153 06 October 2016 - 01:46
К. Жыныстык катнашта адал жана арам болгон жагдайлар каисылар?
Бүгүнкү күнү коомчулукта адептен сырткары айрым бир бузуку жараяндар пайда болгон. Аларды бул жерде тизмелөөнүн кажети жок. Адам баласы таза, өзгөчө жандык. Ар бир ишке кылдат мамиле жасоо канчалык зарыл болсо, жыныстык катнашта да өтө аяр аракет кылуу керек.
Жубайлар бири-биринин тулку боюна кароолору мубах (күнөө эмес). Жубайлар жыныстык катнашка жыныс мүчөлөрү аркылуу гана кирүүгө болот. Ал эми жубайынын арка тарабынан жыныстык катнашка кирүү кескин түрдө арам болуп эсептелет. Бул чоң күнөөгө кирет.
Аял киши этек кири учурунда жубайы менен жыныстык катнашта боло албайт.
Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Сенден аялдардын этек кири жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал – адамды тынчсыздантчу нерсе» Ошондуктан этек кири келген аялдарыңар менен тазаланганга чейин жыныстык катнашка кирбегиле! » (Бакара сүрөсү, 222). Этек кири учурунда тек жыныстык катнашта болууга гана уруксат берилбейт.
Л. Зина деген эмне? Дин Исламда никеден сырткаркы жыныстык катнаш «зина» деп аталып, арам өкүмүндөгү оор күнөө болуп эсептелет. Зина коомчулукта сойкулуктун жайылышына коомдун бузулушуна, үй-бүлө коломтосунун өчүшүнө, күнөөсүз балдардын ата-энесиз чоңоюшуна, туура эмес жолдорго түшүүгө ийкемдүү болушуна, тукумдун бузулушуна, тууган-туушкандык байланыштардын үзүлүшүнө, жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө, аялзатынын буюм сыяктуу сатылып-кордолушуна, тепсендиде калышына, адамдык
аруулугун жоготуп ар-намыссыз өмүр кечирүүлөрүнө, «адамдык сапат» дегенди укканда
жомок катары кабылдап күлкүсү чыгып калышына ж.б.у.с. толуп жаткан терс көрүнүштөргө жол ачат. Жараткан Алла адам баласынын түбөлүк бактысы үчүн жөнөткөн Куран китебинде: «Абайлагыла! Зинага жакын жолобогула! Анткени ал өтө ыплас жаман жол» (Исра сүрөсү, 32) деп буюрат.
Ислам дининде зинага себеп болгон нерселерге да тыюу салынган. Маселен, өзгөчө аялкишилердин жарым жылаңач жүрүүлөрү, эркек менен аял затынын адам жок жерде жалгыз болуулары, делебени козгой турган иш-аракет кылуу, же сөз сүйлөө сыяктуу. Нур сүрөсүндө мындай буюрулат: «(Мухаммед! ) Момундарга айткын: «(Ар кайсыл аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын, уяттуу жерлерин (жыныстык катнаштан) сактасын! Бул (күнөөдөн таза жүрүүлөрү үчүн) өздөрүнө эле жакшы. Арийне, Алла Таала ар бир ишиңерден Кабардар! » Момун аялдарга да айткын: «(Ар кайсыл эркекти карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана алар да уяттуу жерлерин (жыныстык катнаштан) сактасын! Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, (шариятта уруксат берилген) көрүнүп турган жерлеринен башкасын. Жоолуктарын көкүрөгүнө чейин жаба салынышсын! ...» (Нур
сүрөсү, 30-31)
М. Мута никесин кыйдырууга болобу?
Мута никеси – бул белгилүү мал-мүлк (акча) каражаты үчүн белгилүү убакыт аралыгында эки тараптын (аял менен эркектин) жыныстык катнашта болуулары максатында түзүлгөн нике келишими. Мута никеси Ислам дини келгенге чейин арап
коомчулугунда өтө кеңири жайылган жат жосун болгон. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) коштошуу кутпасында мута никесине кескин түрдө тыюу салып, учурда кимдин мута никесиндеги убактылуу аялы болсо, аны менен дароо ажырашууларын буйурган (Муслим, Никах, 21, 28). «Ал момун-мусулмандар ар-намысын (уяттуу жерлерин) бекем сакташат. Алар өз жубайлары жана күңдөрү менен гана жыныстык катнашта болушат» (Муминун сүрөсү, 5-6) деген аяттар да тек өзүнүн адал жубайы менен гана, же илгери кеңири боло келген күңү менен гана жыныстык катнашта болууга уруксат берип, мындан тышкаркы катнаштарга тыюу салат. Бардык «Ахли сүннөт вал жамаат» (б.а. Имам Азам, Шафи, Ханбали, Малики) агымдары боюнча, мута никеси
арам болуп эсептелет.

#154 06 October 2016 - 03:31
Н. Жубайлардын үй-бүлөдөгү жүрүм-туруму
Азирети Пайгамбарыбыз ар дайым эркектерге жубайларына жылуу мамиледе болууларын буйруп, өзү бул багытта жаамы мусулмандарга эң изги өрнөк болуп берген.
Ислам аалымдары жубайына жылуу мамиле жасаган адам адамгерчиликтүү, ал эми орой мамиле жасаган адам адамдык сапаты төмөн болгондугун, ошондой эле, адам деген үйдө бала менен бала болуп, сыртта эркек сыяктуу болушу керектигин айтышат.
Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) аялзатынын өтө назик, жумшак жаралганын баса белгилеп, оңой-олтоң иштер үчүн эле көңүлү түшүп, жүрөгү ооруп каларын айтуу менен эркектерге төмөнкү эскертүүсүн берген: «Аялзатына жылуу мамиледе болгула! Бул осуятыма бекем тургула! Себеби аялзаты кабырга сыяктуу
жаралган. Кабырганы түздөөгө аракет кылсаң, сындырып аласың» (Бухари, Никах, 80; Муслим, Радаа, 60; Тирмизи, Радаа, 11; Ибни Маажа, Никах, 3). Пайгамбарыбыз бул жерде бизге аялзатынын жаралышы жөнүндө биологиялык маалымат бергиси келген эмес. Жөн гана салыштыргысы келген. Демек, кабырга сыяктуу эле аялзатынын көңүлү да сынууга, оорууга ийкемдүү. Мусулман адам бул хадиске кылдат кулак төшөп, аялзатына аяр мамиле жасап, жүрөгүн оорутпоого жан үрөшү кажет. Пайгамабарыбыз бул сөзү менен аялзатына кандай мамиле жасоо керектигибизди айткысы келген. Уруу, сабоо менен аны каалагандай башкарууга мүмкүн эместигин айткан. Оройлуктун ордуна боорукерлик, жылуу-жумшактык жолу менен мамиле жасообузду сунуштаган. Аялзатына ушул жол менен гана жакындоо, ага таасир этүү мүмкүн болорун билдирген. Үй-бүлө коломтосунун бейпилдиги, балдардын бактысы үчүн эң ылайыгы ушул жол.
Бирок бул хадис аял кишинин туура-туура эмес ар бир жасаган ишин жылуу кабылдоо керек дегенди туюнтпайт. Аялдын бул дүйнөсү жана акырети үчүн зыяндуу жагдайларда ага туурасын түшүндүрүп, жөлөк болуу зарыл. Ансыз да Алла Таала туура-
акыйкатты табуу жолунда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине арка-жөлөк болуулары керектигин айтып: «өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6) деп буюрат.
Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Өзүңөрдүн эле араңардан бир адам өз жубайын малайын сабап жаткандай сабайт. Балким, ал ошол эле күнү кечинде аны менен бир жаздыкка баш койоор» (Ибни Маажа, Никах, 51).
Пайгамбарыбыз өзү өмүрү бою бир дагы жубайына кол тийгизип, бир дагы кызматчысын сабап, бир дагы адамды уруп көргөн эмес. Ал эч кимге акаарат келтирип, көңүлүн түшүрүп төмөн көргөн эмес. Бардык адамдарга жылуу мамиледе болгон (Ибни Маажа, Никах, 51).
Бири-бирин жактырып баш кошуп, турмуштун оош-кыйышында арка-жөлөк болуп өмүр кечирген жубайлар бири-бирин туура түшүнүүлөрү керек. Эркек адамдын өз жубайын сабашы – бул өз бактысын өз колу менен балталап жок кылуу дегендикке жатат.
Адам баласы турмуштун сан түркүн машакаттарына, кыйынчылыктарына үй-бүлөдөгү бейпилдик, бакыт менен чыдай да, көкүрөк кере да алат.
Куттуу хадистердин биринде Азирети Пайгамбарбыз төмөнкүчө буюрат:
«Жубайыңарга кек сактабагыла! Анын бир сапатын жактырбасаңар, башка бир сапатын жактырарсыңар» (Муслим, Радаа, 61).
Адамдар ар кандай жаралган. Ар бир адамдын жакшы сапаттары болгону сыңары терс сапаттары да болот. Эч ким кемчиликсиз эмес. Андыктан жубайлар да бири-биринен төрт тарабы төп келген өзгөчөлүктөрдү күтпөшү дурус. Ар бир адам бир жагынан башка адамдан жогору. Ырас, адамдар ортосунда чыныгы жогорулук болбойт. Ар бир адам
баласынын сөзсүз түрдө бир топ кемчиликтери бар. Бул өңүттөн, эл оозундагы «кемчиликсиз киши болбойт» деген сөз төгүн жерден аитылбаса керек.
Аял да, эркек да адам баласы болгон соң, арийне, анын да кемчилиги болбой койбойт. Адамзат төрт тарабы төп келишкен таризде жаралган эмес. Чыныгы жогорулук жалгыз Алла Таалага гана таандык. Жалгыз Алла Таала гана Улук! Демек, жубайын айрым бир кемчиликтери себептүү жек көргөн адамдын бул кадамы туура эмес. Өз каталарын көрбөгөн адамды өзүнчө карама сокур десек жаңылышпаибыз. Мына ошондуктан адам баласы жубайынын кээ бир кыймыл-аракетин жактырбагандыгы үчүн ага терс мамиле жасабашы керек. Анын жакшы жактарын эске алууга аракет кылышы зарыл.
Кемчиликтерин жылуу жумшак сөз менен түшүндүрүүгө жан үрөө керек. Бул багытта маселеге аялзаты өңүтүнөн да кароо абзел. Бул эрежелер, калетсиз, аялга да тиешелүү. Аял киши да күйөөсүн жөнү жок жерден төмөн көрүүгө аракеттенбеши керек. Өзүнө жаккан сапаттарды күйөөсүнөн табалбашы күйөөсүн жактырбай чанып кетүү укугуна жол бербейт. Анткени Алла Таала адам баласын жаратуу учурунда ар бирине ар түрдүчө өзгөчөлүктөрдү ыроологон. Анын ар бир ишинде өзүнчө хикмат-даанышмандык катылуу экендигинде күмөн жок. Бул өңүттөн биздин милдет Анын адилдигине, калыстыгына калетсиз ишенүү, бир дагы пендесине эч качан зулумдук кылбашын эсибизге түйүп алуу. Азирети Пайгамбарыбыз аялдардын бул багыттагы кемчиликтерин айтып: «Силер көп карганып, күйөөңөрдүн жакшылыктарын билбей көз жаздымда калтырып жатасыңар» (Бухари, Хайыз, 6) деп эскертүү берген. Андыктан аял киши да жакшылыкты билбеген кесир болбошу кажет.
Коштошуу ажылыгында Алланын акыркы Элчиси кутман сахабаларына каирылып мындай дегени бар:
«Сахабаларым! Аялдарга жылуу мамиле жасагыла! Осуятымды угуп ага бекем тургула. Анткени алар силердин карамагыңарга, коргооңорго берилген.
Алардын терсаяктыгын кескин түрдө билмейинче, аларды жазалабагыла! Эгер чындап эле адептен сырт терсаяктык (туура эмес иш) кылган болсо, иралды аларды төшөгүнө жалгыз таштагыла! Андан соң (ашкере этин оорутпай) ургула. Эгер силерге
моюн сунса, аларды жазалоону токтоткула.
Силердин аялдарга болгон, аялзатынын да силерге болгон укук-акылары бар.
Силердин жубайыңарга болгон акыңар алардын үй-бүлө кутун, ыркын эч бир адамга тепсетпей коргоосу. Аялыңардын силерге болгон акылары үй-бүлөңөрдү адал жолдон азык, кийим-кече менен камсыз кылууңар» (Тирмизи, Радаа, 11; Ибни Маажа, Никах, 3).
Дагы бир куттуу хадисте Пайгамбарыбыз мындай деген: «Ыйман жагынан момундардын эң мыктысы – адеп-ахлагы эң изги болгону. Кайырлууңар
жубайына жылуу мамиледе болгонуңар» (Тирмизи, Радаа, 11; Абу Давуд, Сүннөт, 15;
Ибни Маажа, Никах, 50)
О. Ата-эненин балага таалим-тарбия берүү жоопкерчилиги
Бала – бул Алла Тааланын ата-энеге ыроологон өзгөчө белеги. Ал өзгөчө жакшылык, белек болуу менен бирге өзүнчө зор маанилүү жоопкерчилик. Куранда Алла Таала төмөнкүчө буюрат: «О, адамдар! Өзүңөрдү, үй-бүлөңөрдү отуну адамдан жана таштан чогултулган тозок отунан коргогула... » (Тахрим сүрөсү, 6). Бул аятты Азирети Пайгамбарыбыз «үй-бүлө мүчөлөрүн, анын ичинде балдарыңарды Алланын тыюу салган
буйруктарынан оолак кармап, аткарууга буюрган жарлыктарын орундоого чакыргыла.
Аларды мына ушинтип тозок отунан коргогон болосуңар» деп чечмелеген. Алланын акыркы Элчиси бир хадисинде: «Баарыңар чабансыңар. Андыктан (чабан адам өз карамагындагы мал-жандыктан кандай жоопкер болсо, силер да өз)
карамагыңардагылардан жоопкерсиңер. Эркек адам үй-бүлөсүнүн чабаны болгон соң, ал андан (үй-бүлөсүнөн) жооптуу. Аялкиши үйдүн чабаны. Демек, ал үйдөн жооптуу» (Бухари, Васааиа, 9). Баланын тамак-аш, кийим кечеси, ыймандуу болуп чоңойушу, билим алышы, динин үйрөнүшү эненин да, атанын да милдети. Бул жерде материалдык
жоопкерчилик (акча каражаты) атага тиешелүү.
Баланын үй-бүлөдө изги тарбия көрүп чоңоюшу үчүн эң ириде ата-эненин өзүндө ошол изги тарбия берчү адамдык бийик сапаттар, адеп-ахлак, ыйман болушу кажет. Өзү изги тарбия көрбөгөн, адамдык сапаты төмөн адамдар балдарына кантип өздөрүндө жок тарбияны бере алат?! Бул өңүттөн ыиман жолунда таалим-тарбия берүү мекемелери, окуу жайлары зор мааниге ээ. Балдарына жетиштүү таалим-тарбия бере албаган үй-бүлөлөр мына ушундай мекемелер менен бирге иштеши абзел.
Бүгүнкү күнү көпчүлүк адамдар балдарын туура эмес багытта чоңойтууда. Алар тек утурумдук бул дүйнөнүн кирешеси үчүн гана балдарын адал-арам дегенди ылгабай жашоого үгүттөп, түбөлүк акырет жашоону жомок катары көрүп, аны көз жаздымда калтырууда. Муну орду толгус касырет десек түк жаңылбайбыз. Өзгөчө бүгүнкү чалкеш заманда бузукулуктун түрү күн өткөн сайын көбөйүп, уурулук, шылуунчулук, адам өлтүрүү сыяктуу кылмыштар күч алып, адамдын көз жоосун алган убактылуу сан түркүн лаззаттар үчүн Алланын ак жолу, түбөлүк бакыт эске алынбай, кара жан карч урулган чакта, балага ыйман жолун көргөзүү, адал-арамга кылдат мамиле жасоого үйрөтүү,
Алланын алдындагы адамдык милдеттерин үйрөтүү ата-эненин мойнундагы өтө зарыл озуйпа. Куттуу хадисте билдирилгендей, баланын жакшы тарбия алышы анын ата-энесине болгон укугу. Ата-эне баласына кичинесинен баштап Алла Тааланы таанууга жана сүйүүгө үйрөтүп, бул дүйнө жана акырет жашоосу, адал-арам, чоң жана кичи күнөөлөр жөнүндө маалымат бериши керек. Баласына ыйман жолун көргөзө алган ата-эне анүчүн бул дүйнөдө да, акыретте да өзүнчө сооп алат, көз жумган соң да амал дептери жабылбайт. Баласына ак динди үйрөтпөгөн же ыйман жолун үйрөнө турган жайларга жибербеген ата-эне анүчүн өзүнчө жооп берет. Ар ким ыйман негиздерин, өз милдеттерин, ибадаттарын, ата-эненин укуктарын, кошуналык байланыштарын, эл менен болгон мамилесин, адал жана арам
нерселерди билиши кажет (парз). Мунун баарын үйрөтүү ата-эненин мойнунда. Ата-эне баласын жакшылыкка гана багыттап, тек адал азыкка көндүрүп, асыресе, терсаяк жолдорго жол бербеши зарыл.
Андыктан балдарыбызга кичинесинен тарта даарат алууну, намазга жыгылууну, Алла Таалага ыраазылык билдирип шүгүр келтирүүнү үйрөтүүбүз зарыл. Асыресе, балдардын ортосунда бөлүүчүлүк болбошу керек. Баарына бирдей мамиле жасап, бирдей сүйүү бапестөөбүз зарыл. Эч качан бирине жылуу, экинчисине солгун мамиле жасабоо
кажет. Өгөй балага да өздөй мамиле жасап, ага мээрим төгүү керек.
Куттуу хадистерде Пайгамбарыбыз мындай деген: «Ким эки кыз балалуу болуп, аларды чоңойтуп жакшы (ыйман нуру менен) тарбияласа, кыямат күнү ал мени менен жанаша турат» (Муслим, Бирр, 149).
«Адам көз жумганда анын амал дептери жабылат. Бирок мынабу үч абалда дептер жабылбайт: садака жария (мечит, мектеп, оорукана, жол салуу сыяктуу элдин керегине жарар кайрымдуулуктар), пайдалуу илим жана ага ак дуба кыла турган
кайырлуу бала» (Муслим, Васият, 14).

#155 06 October 2016 - 05:08
ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
КҮНҮМДҮК ТУРМУШТА АДАЛ ЖАНА АРАМ ИШТЕР
Ислам дини адам баласы үчүн зыяндуу нерселерге тыюу салып, ал эми пайдалуу нерселерге жол берген. Эмненин зыяндуу же пайдалуу болгондугу өңүтүнөн Ислам өзүнүн эреже-мыйзамдарын койууда дүйнө жана акырет тең салмактуулугун эске алган. Дин Ислам адам баласынан өзүнүн жаралгандагы максатына ылайык өмүр кечирүүсүн каалайт.
Адамзаада өзгөчө жан. Ал материалдык жактан да, руханий жактан да илгерилөөгө жөндөмдүү. Руханий жактан арууланып, Жалгыз Жараткан Аллага гана ибадат кылуунун жыйынтыгында Алланын сүйүктүү пендесине айланат. Жер бетинде жакшылыктын гана жышааны болууга жетишет. Ал ошондой эле Аллага сөз берип, өзүнө жоопкерчилик алган жан. Анын акыл-эси, эрк-каалоосу бар. Ал өз колу менен жасаган жакшы же жаман иштеринин акыбетин сөзсүз көрөт. Адал жолдо жүрсө, жеке өзү үчүн да, коом үчүн да
пайдалуу болуп, коомдо жакшылык өкүм сүрүп бейпилдик орнойт. Адал жолдо жүргөн адам акыретте да түбөлүк бакытка жетээри бышык. Ал эми ал арам жолдо жүрсө, өзү үчүн да, коом үчүн да зыян алып келип, коомчулукта терс көрүнүштөрдүн, башаламандыктардын, ар түрдүү ыпластыктардын күч алышына салымын кошуп, бир
берилген өмүрдө өз бактысына өзү балта чаап, түбөлүгү туңгуюкка кептелет. Мусулман баласы эмненин арам же адал экендигин Ыйык Курандан жана Алланын акыркы Элчисинин сүннөтүнөн үйрөнүп билет. Инсаният мына ушундай ак жолдун
шам-чырагысыз адал-арам багытында ар түрдүү жыйынтыктарга келип, жакшы менен жамандын ортосунда көптөгөн одоно кемчиликтерди кетирген.
Ислам дини ишеним, ибадат темаларында да туура-туура эмес иштерди маалымдаган. Жалгыз Аллага ишенүү – Ислам дининин эң иридеги негизи. Буга дал келбеген, Аллага кудайлык өңүтүнөн башка бирөөнү теңөөгө алып барган ой-түшүнүктөр
акыйкат менен айкалышпагандыгы үчүн зыяндуу жана адамды түбөлүк бактысынан ажыратууга жетиштүү. Ислам Жалгыз Алла Таалага ибадат кылуунун таризинен да кабар берет. Ибадат кылууга, сыйынууга жалгыз Алла Таала гана ылайыктуу. Буга шайкеш келбеген иш-аракеттер туура эмес жана арам өкүмүндөгү иш болуп эсептелет.
Дин Ислам адам укуктарын коргоого өз эрежелерин коюп, ага төп келбеген жагдайларды туура эмес деп эсептейт. Адамдын жанына, ден-соолугуна залакасын тийгизген ар түрдүү нерсенин баары зыяндуу. Адам уулунун эң маанилүү өзгөчөлүгүнүн
бири – бул анын акыл-эси. Акыл-эстен алган, баш айланткан зыяндуу нерселер күнөө.
Маселен, адамды мас кылган ар түрдүү спирттик ичимдиктердин азы да, көбү да арам болуп саналат. Адамзат урпагынын таза уланышы да өзгөчө мааниге ээ. Бул өңүттөн урпактын аруу бойдон уланышына кедергисин тиигизген нерселер зыяндуу жана арам.
Адамдын ар-намысы, адамдык кадыры өзүнчө орунга ээ. Исламда ар-намыска, адамдык кадырга доо кетирүүгө тыюу салынат. Анын ичинде зина иши арам деп эсептелет.
Адам баласынын бул дүйнөгө келген соң мал-мүлккө ээ болуу укугу бар. Ошону менен бирге мал-мүлк табуу жолунда атайын белгиленген эрежелер да бар. Демек, мына ушул эрежелердин негизинде мал-мүлккө ээ болуу адал жолдун талабы. Уурулук, шылуунчулук, талап-тоноочулук, кумар сыяктуу жолдор менен мүлк (акча) табууга Ислам жол бербейт. Ошондуктан аруу Ислам динибиз бул багытта да өз эреже-мыйзамдарын
койгон.
Улуу Жараткан Алла Таала адам баласына болгон аша мээримдүүлүгүнөн, аша ырайымдуулугунан улам ак жолдун күзгүсү катары пайгамбарларын жөнөтүп адал жол көргөзгөн.
Бул бөлүмдө күнүмдүк турмушта адам баласы үчүн абадай зарыл «арам-адал» иштер жөнүндө маалымат бермекчибиз.

#156 06 October 2016 - 05:16
А. КУРГАКТА ЖАНА СУУДА ЖАШООЧУ АРАМ ДЕП ЭСЕПТЕЛГЕН ЖАНЫБАРЛАР
Ыйык Курандын жана сүннөттүн негизинде Ханафи (Имам Азам) Ислам аалымдары төмөндөгү жаныбарларды арам деп тизмелешкен:
1. Доңуз:
Куранда турган турпаты менен ыплас делген жана арам деп эсептелген нерселердин эң башында доңуз (чочко) эти турат. Доңуз турган турпаты менен арам болгондуктан анын эти да, териси да колдонулбашы кажет. Доңуздун терисин кандайдыр
бир тазалоо жолу менен да тазалоого болбойт.
2. Жалгыз Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздалган мал-жандыктар:
Адал деп эсептелген жаныбар этинин адал болушу үчүн аны мууздоо учурунда Алланын атын
оозануу зарыл. Малды Алланын атын атайын оозанбай туруп мууздоо же Алладан башка
бирөөнүн аты менен мууздоо мал этинин арам болушуна түздөн-түз таасир этет. Малды
Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздоо – ширк болуп эсептелет. Себеби Алла Таала буга кескин түрдө тыюу салган. Жаратуучу, адамга ырыскы ыроолоочу Жалгыз Алла Таала болгондуктан Анын атын айтуу кажет.
3. Тарп:
Ислам дининде белгиленген тариз менен мууздалбаган, өзүнөн өзү өлүп калган же башка жаныбарлар тарабынан өлтүрүлгөн жаныбарлар тарп болуп эсептелет.
Сууга чөгүп кеткен, муунтулуп өлтүрүлгөн, мууздалбай өлтүрүлгөн, жардан кулап өлгөн,
жырткыч айбандар тиш салып өлтүргөн жаныбарлар арам болуп эсептелет (Маида сүрөсү,3). Ошондой эле адал мал болсо да, тирүүлөй малдын бир жеринен кесилип алынган эт тарп өкүмүнө кирип, арам болуп саналат.
4. Кан:
Эти желген малды мууздоо учурунда чыккан кан ыплас, арам. Ошону менен бирге шариятка ылайык таризде союлган малдын тамырларында же этинин арасында калган кан таза болуп эсептелет.
5. Үстүнкү жана алдыңкы төрт узун тиши менен тиш салган жана коргонгон айбанаттардын эти желбейт. Буга мышык, ит, карышкыр, арстан, жолборс, барс, маймыл, чөө, түлкү, тыйын чычкан ж.б.у.с. жаныбарлар кирет.
6. Ири тумшуктуу бүркүт, ителги, куш, үкү, жору, айры куйрук, ылаачын, турумтай сыяктуу жырткыч канаттуулар жана тарп жеген карга, кузгун сыяктуу канаттуулардын эттери да арам болуп эсептелет.
7. Чычкан, жылан, чаян, кирпи, чымын-чиркей, жөргөмүш, ташбака, кескелдирик, үлүл сыяктуу жаныбарлар желбейт.
8. Эшектин жана качырдын да эти желбейт.

#157 06 October 2016 - 05:23
Б. СУУДА ЖАШАГАН ЖАНЫБАРЛАР ТУУРАСЫНДА ШАРИЯТТЫН ӨКҮМҮ
1. Сууда балык түрүнөн болгон жаныбарлардын баары адал болуп эсептелет.
Ашкере ысыктан же ашкере сууктан же болбосо суунун тартылып соолуп кетишинен улам өлгөн балыктар да адал. Ошону менен бирге Имам Азам агымы боюнча, өзүнөн-өзү өлүп калган жана эмне себептен өлгөндүгү белгисиз балыктарды жегенге болбойт.
2. Балык түрүнөн сырткаркы суу жаныбарлары Имам Азам агымы боюнча желбейт.
Суу ташбакасы, мидия, суу жыланы, крап сыяктуулар. Ал эми калган үч агым боюнча,
сууда жашагандын баары адал.
3. Сууда да, кургакта да жашаган жаныбарлар Имам Азам жана Шафи аалымдарынын пикиринде желбейт. Курбака, ташбака, крокодил, жылан сыяктуулар.
В. ЭТИ АДАЛ ЖАНЫБАРЛАР
Биз бул жерде адал болгон жаныбарлардын бир бөлүгүн гана тизмелейбиз. Адал жаныбарлар муну менен гана чектелүү эмес.
1. Уй, топоз, кой, эчки, төө, тоок, коен, өрдөк, каз, үндүк сыяктуу үй жаныбарлары.
2. Кийик, тоо эчки, жейрен, аркар, кулжа, зебра жана жапайы уй түрүндөгү жаныбарлар.
3. Көгүчкөн, бөдөнө, кекилик сыяктуу канаттуулар.
4. Жылкынын эти адал. Имам Азамдын пикиринде, макирөө. Ал эми Имам Азамдын шакирттери Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, аттын эти макирөө эмес.
Г. ЭТИ АДАЛ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЖЕЛБЕГЕН МҮЧӨЛӨРҮ
Эти желген жаныбарлардын төмөнкү мүчөлөрү желбейт:
каны, табарсыгы,жыныстык мүчөсү, эркектик жумурткасы, жатыны, өтү жана бездери.
Эти адал болуу менен бирге ыпластык жеген жаныбарлардын белгилүү убакыт күтүлбөстөн союлуп желиши макирөө. Ыпластык жеген тоок үч күн, кой төрт күн жана уй жана төөлөр он күн күтүлөт. Бул учурда мындай жаныбарларга таза тамактар жедирилип андан кийин гана сойулат. Жаныбардын этине сиңип калган жаман жыттын кетишин күтүү абзел.
Жаныбарлардын жумурткалары жана сүттөрү эттин өкүмүнө баш ийет. Тагыраак айтканда, эти адал жаныбардын жумурткасы да, сүтү да адал болот. Эти адал эмес жаныбардын жумурткасы Имам Азам агымы боюнча адал эмес.
Эти адал жаныбар союлгандан кийин ичинен алынган жумуртка сынмайынча адал деп эсептелет, жегенге болот. Балык жумурткаларынын (икра) желишине уруксат бар.
Эти адал болсо да, мууздалбай өлгөн жаныбарлардын жумурткасы катуулашкан болсо, жесе болот.

#158 06 October 2016 - 14:42
Д. МАЛ МУУЗДООНУН ТАРИЗИ
Үй жаныбарларын жана тирүүлөй кармалган жаныбарларды адалдоо үчүн шариятта көрсөтүлгөн мууздоо таризине кылдат мамиле жасоо кажет. Мууздоо иши жаныбар тирүү турганда жүзөгө ашышы керек. Башкача айтканда, өлүк жаныбарды мууздоо менен аны адалдоого болбойт. Балык түрүндөгү жаныбарларды мууздоонун кажети жок. (Абу Давуд,
Тахарат, 41)
Мууздоонун алдында «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп Алланын атын айтуу керек.
Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Алланын аты айтылбай мууздалган малдын этинен жебегиле! » (Анаам сүрөсү, 121). Имам Азам агымы боюнча, малды мууздоо учурунда «Бисмилла» атайын айтылбаса, анда союлган малдын эти желбейт. Бирок унутуп калып союлуп калса, анда анын этинен жегенге болот. Союлуп жатканда Алланын ысымдарынан бир ысмын айтса да болот.
Малды мууздоодо малдын кокосундагы эки чоң кан тамыры (күрөө тамыры), кекиртеги (тамагы) жана дем алуу түтүкчөсү кесилиши керек. Союлган малдын адал болушу үчүн булардан эң аз үчөөсү кесилиши кажет. Эгер бул тамырлардын эң азынан үчү кесилбеи калса, анда ал мал тарп өкүмүнө кирип калат.
Бычак абдан курч болушу керек, малды кыйнабай мууздоо зарыл.
-Малды сойгон адам мусулман же болбосо «ахли китап» (китеп ээлери) болушу кажет.
Бирок китеп ээлери тарабынан союлган мал шариятта көрсөтүлгөн мал мууздоо таризине ылайык болушу кажет. Бутпарастар, атеисттер жана башка диндердин өкүлдөрү сойгон мал желбейт. Китеп ээлери биздин пайгамбарыбызга ишенбесе да, Азирети Муса жана Азирети Иса алып келген диндерге ишенишет. Алар иудейлер менен христиандар.
Куранда мындайча буюрулат: «Бүгүн силерге таза жана пайдалуу нерселер адал кылынды.
Китеп ээлеринин тамактары силерге адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал»
(Маида сүрөсү, 5). Бирок бүгүнкү күндө мал-жандыкты адал мууздоо таризине кошкөңүл
мамиле жасаган христиандар тарабынан союлган малдын этин жеш туура эмес. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде, христиан жана иудейлер тарабынан союлган малдын адал болушу үчүн шариятта көрсөтүлгөн мал мууздоо таризине ылайык болушу керек.
-Электр тогу, тапанча же газ менен өлтүрүү, барскан менен мал-жандыкты башка уруп өлтүрүү арам болуп эсептелет. Мындай жолдор менен өлтүрүлгөн малдын эти желбейт.
-Союлган малдын курсагынан чыккан баласы жандуу болсо, аны сойуп жесе болот.
Өлүк чыкса, желбейт. Мал-жандыкты мууздаар алдында сол ыптасы менен жаткызуу, кыбыла тарапка каратуу зарыл. Бычакты алдын ала курчутуп койуу керек. Мал мууздалган соң жаны толук чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.
-Үй жаныбары карматпай качып, аны кармоого мүмкүн болбосо, кийикти аткандай атып алууга уруксат бар.
-Жогоруда эти адал деп эсептелген жапайы тоо жаныбарларын курал менен же атайын аңчылык үчүн тапталган ит менен кармоо учурунда кармалган жаныбардын эти адал болот. Жапайы жаныбар кармалган маалда жаны болсо, шариятта көрсөтүлгөн тариз менен мууздалышы керек. Бул учурда мууздалбаса, ал адал болбой калат. Эгерде кармалган маалда өлүк болсо, анда ал адал болуп эсептелет.
Ж. УУГА ЧЫГУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
Ууга чыккан адам мусулман же «ахли китап» болушу керек. Демек, бутпарастардын, атеисттердин, кайырдиндердин колго түшүргөн жандыгы желбейт. Ууга жараган бала, ууга чыгууга ниеттенген мас же акыл-эсинен ажыраган адамдын колго түшүргөн жандыгын жегенге болот.
Жапайы жаныбарга аңчылык кылуу учурунда аңчылык ниетинде болуу зарыл.
Демек, тойлордо оюн куруу, жарышуу максатында өлтүрүлгөн же аңчылык үчүн тапталган
жаныбар (ээси тарабынан жиберилбестен) өз алдынча кармаган жаныбардын эти желбейт.
Ууга чыккан адам курч бычагын ала чыгуусу керек.
Ууга чыккан адам ок чыгарар алдында, же атайын аңчылыкка тапталган жаныбарын (бүркүт, тайганын) кое берээрде «бисмиллахир- рахманир-рахиим» деп айтышы керек.
Унутуп калса, эч нерсе болбойт. Ал эми атайын билип туруп Алланын атын оозангысы келбесе, кармалган жаныбар желбейт.
Ууга чыккан адам ок чыгарган соң же бүркүт-тайганын кое бергенден кийин дароо аркасынан түшүүсү зарыл. Эгер жаныбар колго түшкөн кезде тирүү болсо, аны дароо мууздашы керек. Эгер бул учурда мууздоо мүмкүнчүлүгү болуп турса да, аны мууздабаса, анда анын эти желбейт.
Аңчылыкка даярдалган курал кескин курч же тешүүчү (м: мылтык, тапанча, жаа) болушу керек. Жаныбарды уруп өлтүргөн курал менен аңчылыкка чыгууга болбойт.
Себеби мындай курал менен өлтүрүлгөн жаныбардын эти желбейт.
Жараланган соң сууга түшүп тумчугуп өлгөн же жардан кулап өлгөн жаныбарлардын эти желбейт.
Аңчылыкка тапталган жаныбар (мисалы, ит) менен кармалган жаныбардан эгер ит бир үзүм эт жеп алса, анда ал жаныбар адал болбой калат. Колго түшүрүлгөн жаныбар адал жаныбарлардан болушу керек. Эти желбеген жапайы жаныбардын кармалышы же мууздалышы аны адалдыкка чыгарбайт.

#159 06 October 2016 - 19:33
II. АРАМ ИЧИМДИКТЕР
А. АДАМДЫ МАС КЫЛУУЧУ ИЧИМДИКТЕР
Ислам дини адамды мас кылган, акыл-эстен алган, нерв системасын бузган нерселерге тыюу салган. Спирттик ичимдиктер адамдын акыл-эсине, ден-соолугуна одоно зыян келтиргендигин, жеке адам, үй-бүлө жана коом үчүн өтө чоң машакаттарга жол
ачкандыгын медиктер, социологдор, психологдор жана жалпы эл бир ооздон кабылдашат.
Жараткан Алла тарабынан жиберилген диндердин нукуралыгында (бүгүнкү күнү нукуралыгын сактап калган тек Ислам дини гана) адамды мас кылган ичимдиктерге тыюу салынган. Ичкилик адам баласын ооздуктап алчу оор дарттардын бири. Адамдын чөнтөгүн да, рух дүйнөсүн да жакырлантып, кемирип олтуруп орду толгус өкүткө тушуктурчу оор дарттар булар спирттик ичимдиктер жана баңги заттар.
Ислам дини жаңы келген жылдары эң кеңири кулач жайган спирттик ичимдик шарап болгон. Шарап Куранда (Маида сүрөсү, 90-91) жана сүннөттө шарапка кескин түрдө тыюу салынып арам болгон. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта мындай буюрган:
«Адамды мас кылган ар нерсе шарап. Ал эми шарап бул арам!» (Бухари, Адаб, 80; Муслим, Ашриба, 73) «Көбү адамды мас кылган нерсенин азы да арам!» (Абу Давуд, Ашриба, 5).
Кандай заттан өндүрүлсө өндүрүлсүн, адамды мас кылган ичимдиктин баары арам болуп эсептелет.
Азирети Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринин биринде, спирттик ичимдик өндүргөн, ичкен, аны көтөрүп келген, саткан, сатып алган, андан пайда тапкан, аны менен бирөөнү сыйлаган, андан түшкөн акчадан пайдаланган адамдын ар бири каргышка калары.билдирилген (Абу Давуд, Ашриба, 2; Тирмизи, Буиуу, 58).
Ошондой эле Азирети Пайгамбарыбыз ичимдик ичилген дасторконго мусулман баласынын олтурбашын буйурган (Абу Давуд, Ат-има, 18; Тирмизи, Адаб, 43).
Дагы бир хадисте, шарап бул дары эмей эле, өзүнчө дарт болгондугу айтылат (Абу Давуд, Тыбб, 11). Мына ошондуктан шыпаа максатында болсо да, арак ичүүгө уруксат берилбейт.
Б. БАҢГИ ЗАТТАР
Гашиш (нашаа), героин, кокаин, морфии, апийим жана ушулардын таасирине ээ башка баңги заттар да арам болуп саналат. Булар адамды мас кылган ичимдиктерден да чоң зыян алып келип, ар түрдүү катаал ооруларга жол ачат. Баңги зат колдонуу, өндүрүү, сатуу, сатып алуу, андан түшкөн кирешенин баары арам болуп чоң күнөөгө кирет.

#160 06 October 2016 - 19:52
III. КИЙИНҮҮ
Адамбаласынын башка жан-жаныбарлардан айырмаланган өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын кийими кийүүсү. Кийим кийүү адамдын табигый муктаждыгы. Адамзаада жылаңач жашай албайт. Кийим кийүүнүн материалдык жана моралдык көптөгөн себептери бар.
Ислам адам баласынын кийиминин чек-ченемин да белгилеп берген. Негизи бул чек-ченем адамдын табияты, психологиясы жана коомдук жан болуунун талабы. Адам баласы бул багытта да атайын белгиленген эреже-ченеми болбосо, туура эмес жолдорго кадам таштап терс көрүнүштөргө жол ачып, адамдар ортосундагы байланыш-алакалардын
тең салмактуулугун бузушу толук ыктымал. Адам баласы бул багытта да акка кара көө жапкан азгырык каалоо-арзууларынын аркасынан сая куубашы керек. Себеби мындай азгырык арзуу өзгөчө аялды адамдык аруу сапаттан, нарк-насилден тек жыныстык каражат сыяктуу буюм деңгээлине чейин түшүрүшү бышык. Асыресе, ар түрдүү уюм-мекемелерде бүгүнкү күнү аял тилекке каршы, тек жыныстык көрнөк катары колдонулуп келет. Арийне, кийинүүнүн денени сырткы таасирлерден коргоо, адеп сактоо, жакшы көрүнүү сыяктуу көптөгөн жактары бар. Биз бул жерде кийинүүнүн диний өкүмдөрү жөнүндө маалымат
берүүгө аракет кылмакчыбыз.
Ислам дининин кийим кийүү жөнүндөгү буйругу жеке адам өңүтүнөн да, коомдук өңүттөн да бир топ максаттарга таянат. Кийим кийүү адамдын рух дүйнөсүнүн аруулугу,табияты, адамдык касиети, физиологиялык муктаждыгы, адеп-ахлагынын корголушу, аял-эркек ортосундагы коомдук байланыштарын бир тартипке салуу, адамдын «адам» атка татыктуу өмүр кечириши сыяктуу максаттарга багытталган.
Ислам укугу китептериндеги кийинүүнүн диний өкүмдөрү өңүтүнөн басым жасалган эң маанилүү маселе – бул адам баласы үчүн жаап жүрүүсү зарыл жерлеринин белгилениши. Чоочун адамдын жанында мусулман баласы сөзсүз түрдө жаап жүрүүсү зарыл уяттуу жерлери « аврат» деп аталат.
Ислам дини кийим-кеченин чен-өлчөмүн белгилөө менен бирге мусулман баласынан көздү теске салууга чакырат. Башкача айтканда, мусулман аялзатына да, эркек адамга да чоочун бирөөнүн авратына көз салбоого буйурат (Нур сүрөсү, 30-31).
Аврат жердин жабык болушу намаз ибадаты үчүн өзүнчө шарт.
Ошондой эле үйлөнүүгө толук мүмкүн эмес жакын туугандар менен алардан сырткаркы чоочун адамдардын алдында кийим кийүүнүн чен-өлчөмү ар башка. Негизинен чоочун адамдар менен сыртта кездешкендиктен Куран аял кишилерге үйдөн чыгуу
учурунда жоолук салынып чыгууларын буйурат (Ахзаб сүрөсү, 59). Демек, аял кишилер үчүн жакын туугандарынын алдында башка, чоочун адамдардын алдында башкача кийим кийүү таризи бар.
Чоочун адамдарга карата ачык жүрүшү арам болгон жерлер төмөнкүлөр:
Имам Азам агымы боюнча, эркек адамдын авраты – киндиктен баштап тизеге чейинки аралык. Тизе авратка кирет.
Чоочун адамдарга карата аял үчүн аврат жерлер: колу, жүзү жана бутунун томуктан төмөн жагынан тышкары дене-бою эсептелет. Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Балагатка жеткен кыздын колунан жана жүзүнөн сырткаркы жерлери чоочун адамга карата ачык болушу адал эмес» (Абу Давду, Либас, 31) «Алла
Таала балагатка жеткен аялзатынын намазын жоолуксуз кабыл албайт» (Тирмизи,Солаат, 160; Ибни Маажа, Тахара, 132). Демек, аял кишилердин жоолуксуз окуган намазы жараксыз болуп эсептелет.
Аялзатынын чоочун аялзатына карата авраты – киндик менен тизеге чейинки
аралыгы.
Имам Азам агымы боюнча, аялзатынын үйлөнүүгө мүмкүн эмес эркек жакын туугандарына карата мойну, башы, колдору, тизеден төмөн жагы аврат болуп эсептелбейт.
Дене мүчөлөрү көрүнгүдөй даражада жука же тар кийим менен аврат жерлер жабык болбойт.
Башка диндердин атрибуттары бар кийимдерди кийүү күнөө.
Ислам дининин маанилүү эрежелеринен, асыресе, Пайгамбарыбыз өзгөчө басым жасаган жагдайлардан бири төмөнкүчө: Жашоо таризи, кийим-кече сыяктуу жагдайларда мусулмандар мусулман эместерге окшобошу керек. Мусулман баласы ыймандуу, адамгерчиликтүү адам. Ыймансыздарга окшоп өмүр кечирүүгө аракет кылбайт. Мусулман
ар бир ишин билип жасайт. Исламда эркектердин аялдарга, аялдардын эркектерге окшошууга аракет
кылууларына тыюу салынган. Эркек адам аялдын кийимин, аял эркектин кийимин кийбеши керек.
Азирети Пайгамбарыбыздын хадистеринде өзгөчө көңүл бурулган дагы бир жагдай – кийим мактанууга, бой көтөрүүгө, бирөөнү төмөн көрүүгө жол ачпашы керек.
Пайгамбарыбыз бой көтөрүп менменсинүү үчүн кийим кийүүгө тыюу салган (Бухари, Либас, 1).
Сакал койууга кескин түрдө буйурган аят же хадис жок. Бирок Азирети Пайгамбарыбыз сакалды бир тутам кое берүүнү жана мурутту кыска алып жүрүүнү үммөтүнө сунуштаган. Куттуу хадистердин биринде: «Бутпарастарга (окшобой) каршы
тургула! Сакалыңарды узартып, мурутуңарды кыскарткыла! » (Муслим, Тахарат, 16) деген. Дагы башка хадистерде Азирети Пайгамбарыбыз сакал кое берүү бул адамдын табиятынан жана пайгамбарлардын адаттарынан бири деп эсептеген. Мына ушул жагдайды эске алган айрым аалымдар сакал кое берүүнү сүннөт катары кабылдашкан.

Супер-Инфо
super.kg
видео