Суперстан: Сабак болчуу окуялар... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сабак болчуу окуялар... Сабак болчуу окуялар

#1 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 17:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Саламатсынарбы? !
Форумчулар , бул темага башкаларга сабак боло турган таасирдуу окуялардан жазыныздар. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 18:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мен баштап берейин ээ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 18:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Аябай таасирдүү окуя...
«ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙ ЖАШАП КЕЛЕМ»

"КОЛУНДАГЫ АДАМДЫН КАДЫРЫНА ЖЕТ"

– Кайда барасың? – Ишиң эмне?! Мен бүгүн келбейм...– Андан ары көзүмө көрүнбөй жоголуп кет!.. Эшикти тарс жаап, галстугумду чала байлап, жулкуна машинама түшүп жөнөп калам. Менин күндөрүм акыркы үч жылдан бери ушинтип башталчу болду. Жумушка барам, андан ары кыздар, той, тамаша... Мен качан ушул нерсени адатка айлантып алдым? Адамдар, айрыкча аялдар «акчабыз көп болсо, укмуш жашасак экен...» деп ойлошот. А бирок бечаралар так ошол акча алардын күйөөсүн бузарын билишпейт. Жубайым Наргиза алгач ыйлады, сыздады, төркүнүнө кетип калды балдарды алып, кийинайласы жок көнүп берди. Мен муну өзүмдүн жеңишим деп билдим. «Аял дегенди ушинтип кармаш керек» дедим ого бетер керсейип. Өзүм менен өзүм болуп жүрүп балдарымдын кандай чоңоюп калганын байкабай калыптырмын. Кезектеги «чоң казатта» мен уруп жаткан апасынын үстүнө түшө калып чырылдаган кызымды жиним менен түртүп жибердим. Кызым сенделе бурчка барып туруп калды да: – Мен сизди жек көрөм!- деди. – Эмне-е?.. – Апамды эмнеге урасыз?! Эмне кылды сизге?! Өзүмө келип соолуга түштүм. Калчылдап мени тиктеп, көзүнөн каары чыгып турган 12 жашар кызды эмес, чоң адамды көргөндөй болдум. Шалдайып отуруп калдым. «Качан булар чоңоюп кетишкен?..» дедим ичимден. Ошондо балдарымдын менден алыс чоңоюп калганын байкадым. Мен келсем тамак жеп жаткан жеринен туруп же сыртка чыгып кетишет. Мага эң оор жаза ошол болду. Аны да аялымдан көрүп «сениби, шашпа, акмак, балдардын көзүнө мени желмогуз кылып көрсөтүп жатасың!.. » деп кекендим. Ошол күндөн баштап аялым менин эң биринчи душманыма айланды. Эми ачык эле анын көзүнчө көңүлдөштөрүм менен сүйлөшүп, жасанып чыгып кеткенге өттүм. Бул арада мен бир аялды жактырып калдым. Ажар мени эмнеси менен арбап алды билбейм, менден алты метр алыс качып жатканына да карабадым. Эркектер табиятыбыздан аңчы болот окшобойбузбу. Канчалык өзүнө жолотпой качкан сайын, аны жеңүү менин кумарыма айланды. Бир максатты көздөсөм, ага баары бир жетем. Артынан калбай жүрүп Ажарды да макул кылдым. Биротоло сөзүбүздү бекемдеп, мен үйүмдөн чыгып кете турган болдум. Ошол күнү аялым жумушта, балдарым сабакта кезде үйгө бардым. Эч ким менен урушуп-талашпай эле, акырын кетип калууну чечтим. Кийимдеримди салып, өзүмө тиешелүү документтерди таппайм. Үйдү чаң ызгыта тинтип айлам кетти. Акыры ачкыч менен бекитиле турган шкаф бар эле, ошол көзүмө урунду. Бир уруп ачтым. Издегенимди таптым. Нике тууралуу күбөлүк, менин паспортум жана бир нече кагаздар жүргөн экен. Көңүл коюп карасам, аялымдын медициналык баракчасы экен. Ошондо гана шкафтын ичи дарыга толо экенин көрдүм. Рак! Аялым рак менен ооруп жүргөнүнө бир жыл болуптур. Шалдырап колумдан кагазым түшүп отуруп калдым. Өмүрүмдө биринчи жолу корктум. Балдар эмне болот? Мен эмне болом? Үй-жай, урук-тууган? .. Акыркы жылдары эч ким менен ишим болбоптур. А Наргиза үйдү, сыртты, тууган-туушканды, катышты, баарын өзү тейлеп келген. Канча отурдум ким билет, эшик ачылып Наргиза кирип келди. Тобо, ал ушунчалык карып кеттиби? 37 эле жашта го... Эмне көрдү бул өмүрдө байкушум? Экөөлөп бизнес баштаганбыз. Мага жардам берип жүрүп эле эки баланы төрөдү. Эми жашообуз жашоого окшошуп баратканда менин таскагым чыкты. Ал бөлмөгө бир көз жүгүртүп алып, оор улутунду. – Кетесиңби?- деди чарчаңкы. Унчуга албадым. Ал ордунан туруп баратканда баракчаны бетине такай бердим. – Бул эмне, ыя? – Бул – оору, бул – өлүм...- деди жай гана. – Эмнеге мага айткан жоксуң? Эмнеге жашырдың?- дедим демите, колум көнүп калгандай көтөрүлүп. Наргиза мени таң кала тиктеп алды. Бакырайган көздөрүнөн аккан жашты көрүп, колум өзүнөн-өзү түшүп калды. – Эмнеге жашырдың? Эмне кылам эми? – Бара бер, колуңду кармабайм... - деди аялым. А мен кете албадым. Ошол күнү кечке шаар аралап басып жүрдүм. Көз алдыма жубайымдын жаш кези, үмүткө, сүйүүгө толгон жүзү тартылып баратты. Ишенбейсиңер, бирок ошол түнү мен аялымдыгана өмүр бою сүйгөнүмдү түшүндүм. Башка аялдар жөн гана көңүл ачуу, адреналин экен. Атүгүл Ажар да... Таң агарганда гана үйгө келдим. Наргиза уктап жаткан экен, анын кубарган жүзүнөн сылап отуруп көзүмдөн жаш тегеренип, жаак ылдый агып турду. – Ал аял менен бактылуу болушуңду каалайм!.. - деди көзүн ачпастан. – Жок! Мен акмакмын! Мен билбепмин, бактым жанымда экенин аңдабапмын! – Мен балдарым үчүн аты жаман ооруну жеңем. А сен бара бер...- деди. Бирок ал айткан сөзүнө турган жок. Ооруну жеңе албай жүрүп, бир жылдан кийин каза тапты. Бир күн да жанынан чыккан жокмун, алып барбаган доктурум, таппаган дарым калбады. Өмүрүнүн акыркы күнү гана мени карай жылмайып: «Сен эсиңе келиш үчүн мен оорушум керек болгон турбайбы. Мен сени кечирдим! »- деди. Бирок мен өзүмдү кечире албай жашап келем...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 18:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

.....АПАМ КИМГЕ КЕРЕК?

Заңгыраган кооз тойканада эки жаштын үйлөнү үлпөтү шаңдуу өтүп жаткан. Төрдөгү бийик секичеде тойдун күнөөкөрлөрү болушкан келин менен күйөө жигит бакыттын кучагында термелишип, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турган эле. Ортодо күйөө жигиттин апасы кубанычына жетине албай туугандары менен бийге түшүп бийлеп, кайра ары-бери жүгүрүп кудалары менен меймандарды жайгарып жүрдү. Бүгүн байкуш эненин бактысын сөз менен айтып жеткирүү кыйын болчу. Анткени жаштайынан атасынан жетим калган жалгыз уулу, таянар тоосу болгон баласы аман-эсен эр жетип түндүк көтөрүп жаткан эле. Тойго келген бардык коноктор, тууган-уруктар ортодо күйпөлөктөп жүргөн апаны кезектешип куттуктап жатышты. Көп адамдар кыз-күйөөнү суктанып да, кызганып да карап отурушту... Бирок чачтарын ак басып жашына келип калган апаны тойдо бир адам жаман көрүп жактырбай отурду... Ал келини эле... Ал акыры чыдабай кетти да жанында кубанычтуу отурган күйөөсүнө башын жакындатып:
- "Жаным! Апаңа барып бир ооз айтып койчу, делдектеп ары-бери жүгүрүп, бийге түшүп жыргабай бир жерде тынч отурсун. Менин төркүндөрүм, туугандарым, досторум эмне деп атышат болду экен? Эртең эле баары артымдан айтып шылдыңдашат. Апаң мени уят кылып атат! Эгер бир жерде тынч алып отура албаса башка жерге жумшап жиберели. Абийирибизди төгүп атат...",- деп жалооруп шыбырады.
Жигит болочок келинчегин карап күлдү да, макул болгондой ордунан туруп бийлеп жаткан элди көздөй жөнөдү. Күйөө жигиттин келе жатканын көргөн эл, ортодо бийлеп жаткан апасын куттуктаганы келе жаткан экен деп жарданып карап калышты. Бирок жигит апасынын жанына токтобостон шыр өттү да ырчылар турган аянтчага жөнөдү... Ырчыларга жетип жаңырып жаткан ырды токтотторуп тамаданын колунан үн таягын (микрофон) жулуп алды да залга ызырынып карап:
- "Апам кимге керек?",- деп элге суроо берди да токтоп калды. Жаңы эле шаңга бөлөнүп турган чоң тойкананы өлүү жымжырттык каптады. Энелерин кыйнап тынчтык бербей жаткан балдар да кулак түргөндөй тыптынч болуп калды... Бардык коноктор, тууган уруктар, кудалар, достор күйөө жигиттин суроосуна түшүнө алышпай, дагы эмне болуп кетет дегендей тунжурап карап калышты. Элди жаман көзү менен караган жигит:
- "Мен сурап атам! Менин апам кимге керек? Кимиңерге керек? Апам кимге керек?!" ,- деп кайрадан залды жаңырта бакырды. Эч кимден үн чыкпады. Аракка тоюп кызып бараткан мастар да соолуккандай жымжырт. Көп адамдар жигитке ачуусу келип ичтеринен: "Акмак десе! Бул келесоо үйлөнө албай эле жүргөн тура! Энесинен эмитен кутула албай жатабы? Байкуш гана эне!!! Шоруң каткан эне!!! Тукумуң үзүлгүр!" дешип каргап жатышты... Ушул көз ирмемде бир гана келин жетине албай кубанып: "Ии, жаным десе! Бул азыр эле менин айткандарымды кылып жатат. Эртең эле энесине кошуп оңой эле башкарып алат экенмин да",- деп ичинен сүйлөнүп да алды...
Жаңы эле дене-боюн балкыткан чексиз бакытын, кубанычын бороон-чапкын келип талкалап-учуруп кеткендей болуп өз уулунан башка жегендей апа байкуш турган ордунда нес болуп көзүнөн жаш сызылып баштады. Элден айбыгып канчалык жашырайын десе дагы болбостон биринин артынан бири түрткөн тентек тамчылар көзүнөн от болуп, арман болуп төгүлө баштады... Өмүрүнүн жарыгы болгон, бүткүл жашоосун арнаган карачечекей жалгыз уулунун өзүнөн баш тартып аткандай кылыгына ичи ачышып ыйлап турду...
Күйөө жигит жардана караган элди, бийик секиде колун булгалап кубанып отурган келинчегин жана элдин ортосунда заманасы курулуп бечара болуп турган апакесин карады да:
- "АПАМ МАГА КЕРЕК! АПАМ МАГА КЕРЕК!!! ",- деп кыйкырды! !! Анан колундагы жаңы эле тагылган нике шакегин булкуп чечти да келинди көздөй ыргытып:
- "Мен сага талак бердим!" ,- деп айтты да, апасына кучагын жайып жетип кучактап ыйлап, колунан жетелеген боюнча тойканадан кетмекчи болду. Эстерине келип, түштөрүнөн ойгонгондой келиндин жакындары, туугандары ызы-чуу салып күйөө жигитти жолунан тороп токтотмокчу болушту. Бирок күүлөнүп алган жигит эч кимисине баш бербей босогого жакындай берди. Акыры кыздын атасы жигитти токтотту да, эмне болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Жигит болгон окуяны баштан-аяк түшүндүрүп айтып берди да туруп калды.
Кыздын атасынын жүзү жаркып, ызылдаган туугандарын катуу айтып жаактарын басты да күйөө жигитти катуу кучактап:
- "Эх, чиркин! Сендей уулду тарбиялаган апакеңе миң ирет алкыш айтып таазим кылам. Аттиң, сендей күйөө балам болгондо эч арманым болбос эле! Бирок мендей кызына тарбия бере албаган жаман атаны кечир, балам! Ак жолуң ачылсын!" ,- деп жигитке ыраазы болуп, апасы экөөнө рахмат айтып, батасын берип өзү узатып жиберди... Элдин баары көздөрүнө жаш алып эне менен баланы суктана карап узатып карап турушту...


Кезек силерде форумчулар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aaaaaika   05 Октябрь 2016 - 20:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 18 Май 14
  • Соңку аракети: 13 Янв 2022 22:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

:(((((((((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 20:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ОКУЯ

"ТАШ БООР" ДОГДУР

Жаш келин жеке догдуруна келет да:
- Эже, мен сизден жардам сурап келдим. Мага жардам бербесениз болбойт. Менин балам бир жашка чыга элек, бирок кайра кош бойлуу болуп калдым. Озубуз жаш болсок, анын устуно экоосу тен ымыркай болсо, эки баланы кантип багабыз деп ойлонуп жатам. Мага жардам беринизчи,- дейт. Андан догдур кандайча жардам беруу керектигин сурайт.
- Аборт, кош бойлуулугумду токтотуу керек, эже, - дейт анда жаш келин. Бир аз ойлонуп туруп догдур мындай дейт:
- Менде бир жакшы ой бар. Ден соолугуна да доо кетпейт, эки бала багып да убара болбойсун.
Макулмун дегендей келин жылмайып, ал кандай жол экенин сурайт. Ошондо догдур:
- Сиз эки баланы бага албайм деп кыйналып турсаныз, анда торолуп калган баланын омурун кыялы. Ошондо аборт кылып ден соолукка да доо кетирбейбиз, экинчиси торолгончо эс алып да аласыз, - дейт.
Мындайды кутпогон келин ордунан атып туруп:
- Эмне- ее ! Бул деген кылмыш да! Кайсыл эне оз баласынын омурун кыйсын?Мага кантип ушуну айтып жатасыз ? Бул кандай акмакчылык! Таш боор турбайсызбы. .- деп чанырат.
Догдур жылмайып:
- Туура, оз баласынын омурун кыюу- кылмыш, акмакчылык. Бирок сиз бир аз мурун ушул эле сунуш менен мага озунуз келбединиз беле, мен бар болгону башкача жолун айтып койдум,- дейт.
Келин унчукпай отуруп калат да, ыйлай баштайт. Бир убакта ордунан шарт туруп кетууго камданат. ” А абортчу ?” деп жылмайган догдурга да карабай эшикке атып чыгат.

Кандай кылууну билбей турсан, туура деп эсептеген жолду танда. ( К.Краус).


" Турмуш Сабактары" китебинен....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 20:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

=ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!=
Жалбырактар кубулгон куздун айлары да бутуп,кычыраган кыш колун созуп,келе жаткан эле.Бакыт менен Али сабактары буткон сон дайым зангыраган мечитти коздой чуркашаар эле.Алар аран 7-класс болушса да ото зирек ары акылдуу,боорукер, ыймандуу жана адептуу балдардан.
Бакыт Алиге абдан суктанчу.Анткени анын ата-энеси динзар,илимдуу, кадыр-барктуу кишилер.Копчулук учурда Бакыт Алинин уйундо болчу.Экоо бир туугандай болуп калышкан.Кундордун биринде Бакыт досуна:
-Досум,менин ата-энем да сеникиндей Кудайдан корккон,намаз окуган ,туура жургон адамдардан болушса ээ?-деди.
-Албетте ошондой болот!Досум сен коп дуба кыла бер,Аллах албетте аларды туз жолго салат.
-Мен элестетип коройун да Али?
-Эмнени?
-Ата-энемдин намаз окуп,жакшы иштерди кылууну адат кылып,арам аракты таштап,ыймандын таттуу каймагына малынып жатышканын. -деп Бакыт,козун жумуп,созун улантты:
-Эгерде ошондой болсо ,мен Багымдатка алардан эрте туруп,апакеме, атакеме дааратына суу даярдап,алардын чекелеринен суйуп ойготмокмун, анан биргеликте намаз окумакпыз.Апакем биздин усту-башыбызды карап,кийимдерибизди жууп,таттуу тамак-аш кылып,акылдуу аял болмок.Атам болсо бизге адалдан тамак-аш табып келип,бакмак. Мектептеги ата-энелер жыйналышына тынбай барып,менин келечегим учун кам корушоор эле.
Билесинби досум,ата-энем жанымда жана тируу болушса да,мен бары бир эмнегедир жетим сыяктуумун. -деди ыйлап. Али досуна боору ооруп:
-Кайгырба Бакыт,буйруса баары ордуна келет.Сен ойлогондой, кыялдангандай кун созсуз келет.-деп досун кучактады...
Бакыттын уй-булоосу жакыр жашачу.Ата-энесинин ичкиликтен башы чыкчу эмес.Кээде уулу Бакыттын бар экенин да унутуп коюшчу.Аларда мээримдуулук, боорукерлик сыпаттар очуп,жашоосунун манызы жок,супсактан супсак эле.
Бакыт мектептен чыгып уйуно келди.Адатынча уйдун берекеси учуп,арактын, тамекинин жыттары буркурап,конулду айлантып,бака- шака добуштар маанайынды тушурот.Бакыттын журогу тилинип,жан- дуйносу ыйлап турду.Ал басып барып алар отурган болмону ачты.Караса атасы,апасы жана ичкилик ичкен атасынын достору отурушат.Апасынын чачы албарстыдай болуп саксайып,жудоп калган.Бакыттын ичи ирин болуп,эмне деп соз айтаарын билбей нес болуп турду.Анан апасы:-Келдинби? -деди корсулдап.
-Ооба апа.
-Келсен эмне корбой турасынбы уйдун абалын?Тезинен жыйнап идиштерди жуу да,анан билгенинди кыла бер.-деди да ахаалап,башка баласына конул бурган жок.
Ношорлоп жааган жамгыр кандай болсо,Бакыттын коз-жаштары да ошондой болду.Ыйлап уйду жыйды,эки-уч кундук топтолуп калган идиш-аяктарды жууду.Бир убакта атасынын достору да кетти.Бакыт алар ичип отурушкан болмого башбакты.Адатынча атасы менен апасы ызы-чуу салып,атасы апасын уруп жатыптыр.Идиштер талкаланып тамактар тогулгон...Бакыт ыйлап,бакырып, колдон келген аракетин кылып жатып аран аларды болуштурду. Ата-апасы экоо тен алжып мас жана коркунучтуу абалда эле.Ошентип кеч да кирип баары укташты.
Тун ортосунда Бакыт жаш болсо да ,суукка карабай,карангыдан коркпой,даарат алып,тахаджуд намазын ыйлап окуду,жана ал алакан жайып,
-Оо Аллахым сен эн боорукер,эн мээримдуу затсын!Суранам ата-энемдин куноолорун кечир.Аларды озуно жакындат! Дуйнодо алар да сени таанып,ибаадат кылып калышсын.Мен сенден байлык ,акча сурабайм,сенден ата-энемдин шайтандын торунан ак жолго чыгуусун суранам.Бизди ачка кылсан кыл бирок жан-дуйнобузду, журогубуздогу ыйманыбызды алсыратып ачка кылба!Туура! Балким сен ата-энеме таарынгандырсын, бирок алар жакшы адамдаар,мен аларды жакшы кором.Суранаарым аларды ороп алган карангылыктан чыгара кор.Аллахым эгерде аларга туура жол насип этпесен,алардын акыбалы акырээтте кандай болот?Кабырда жан чыдагыс азап тартып,коркунучтуу тозокто куйуп,ирин суу ичип,кылган куноолору учун чынжырларга байланып кыйналышын каалабайм! Эч каалабайм! Айрыкча алар бул дуйнодо сени унутуп,тааныбай кеткен болсо,сен ата-энеме акырээтте "МЕН ДА СИЛЕРДИ УНУТТУМ"дешинден корком.Бизди арамдардан алыстат!-деп коз жашын кол кылып ыйлап дубаа кылды да,кайра ордуна барып,муздак жуурканын жамынып,умут менен уйкуга кетти.
Эртеси Бакыт багымдат намазынан сон,ата-энесине тамак даярдап аларды ойготту.Бети- колдорун жуушкан ата-энеси чайга отурушту.Тып- тынч тамактанып жатышты.Ал тынчтыкты Бакыт бузуп,мындай деп кеп баштады:
-Атаке-апаке суранаам силерден эми башка ичпегилечи. Мени ойлобосонор да озунорду ойлогулачы. Кааласанар тизе бугуп жалынайын.Суранам алтындарыым, ушул арам сууну оозунарга албагылачы. ..-деп жатканда Атасы тамак ичкен столду тарсылдатып, -Токтот,очур унунду!Айбандын гана баласы!Сен эмне бизге акыл уйрото турган даражага жетип калдынбы?! Акмак!Бир тыйын уйго алып келбейсин дагы анан кайдагы сандырак создорду суйлойсун! -деди.Бакыт ыйлап,тамак ичкен болмодон чуркап чыгып кетти.Кийинип, коздору шишип,окуусуна жонойун деп батинкесин кийди эле,бут кийиминин ичи суу экен.Башка батинкесинин жоктугунан ошол суу батинкеси менен окуусуна кете берди.Жолдо Бакыт эмнегедир кундогудон озун абдан жаман сезди.Журогу ойнолоктоп, козу кубара тушту.Журогу катуу ооругандыгынан жерге отура калды.Бир аз отургандан сон оорусу женилдей тушуп,жакшы боло тушту.Бакыт журогунун ооруганына маани берген да жок.Оюнун баары ата-энесинде эле.
Ошентип кундор куштай учуп,бир жыл заматта отуп кетти.Бакыттын уй-булоосу озгоргон жок,мурда кандай болсо азыр да ошондой эле.Бирок Бакыттын журогу мурдакыдан коп оорумай болуп,оорусу кучоп бараткан.Ата- энесине айтайын десе,алар тушунууну каалашчу эмес.Ары даарылатканы чак-чамалары да жогун тушунгон Бакыт,дартын жашырып, эч кимге ундогон да эмес эле.
Бакыт 8-класста окуп жаткан кез.Сабак буткон сон,досу Али менен чогу басып келе жаткан. Анан досуна :
-Али,мен сага бир катты берем,суранам, аны ата-энеме тезинен жеткире аласынбы?-деди. Али танкалып:-Сен эмне бугун уйуно барбайсынбы? -деди.Бакыт болсо:
-Уксан Али,ашыкча суроо бербечи суранам,аны озум да билбейм.Сен болгону менин кичине кагазымды ата-энеме жеткирип берчи.
Али кулуп:-Бугун сага эмне болгон?Ой макул жеткирем да ,качан созунду эки кылдым эле?-деди.Бакыт колундагы кичинекээй катты Алиге сунду да,досун катуу кучактап,кундокудон башкача коштошту.Али эч нерсеге тушунбой,танкалып турду.Экоо эки жака кетишти.
Бакыт жолдо баратып,апасын- атасын кучактап,опкусу келди.Бирок ата-энеси уулун эс тарткандан баштап, бир да жолу жакшы эркелетип,оппогондуктон, мени жаман коротко деп ойлочу.Эмнегедир олоорун билгенсип,катуу чуркап,досу менен кундо намаз окуучу мечитти коздой чуркады.Акыры жетип,даарат алып,намаз окуп баштады.Коз- жашы молт-молт агып,журогу катуу кысылып,денеси чымырап ,аран намаздын эки рекетин окуп,учунчусун окуп жаткан кезде,шайы кетип,шалдырап, коздору тумандап акыры Бакыт жан берди...
Али катты берейин деп Бакыттын уйуно барса Кудай жалгап экоо тен соо экен.Али:
-Ассальаму алайкум,байке сизге Бакыт кат берип ийди.-деди.Атасы:
-Кат?Кандай кат ?-деди таныркап.
-Билбейм,мага да айткан жок,болгону ушул катты сизге берип коюумду отунду.-деп Али катты берди да уйуно кетти.Ал катты атасы алаары менен окуду да,эч нерсеге тушунбогон бойдон турду.
Ал катта Бакыт: " Ардактуу атакем,асыл апакем мени кечиргиле.Мен силерди катуу жакшы кором,катуу! Апа-ата Алланы эстегиле! Атаке сизден отунуп суранаарым ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!
<<уулунар Бакыт>>."
Алар эмне деп ойлонгучакты мечиттен Бакыттын олгондугу тууралуу кабар келди.Ошондо гана ата-энеси уулунун жиберген катына толугу менен тушунушту.Апасынын журогу,суйуусу эми гана ойгонуп,чыркырап ыйлады.Балам- балаам десе да Бакыттын кайрылып келбестигине ишенбей турду. . .
Атасы акылына келип,жакшы уулунун баркына жетпегенине окунуп,баласынын суранычын жерге таштабай,кундо беш убак Бакыттын жаны узулгон мечитке барып,жакшы адамдарга кошулуп,намазын узбой окуп жатты.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 20:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ

=КУЛАКТЫН ДАРЫСЫ=

Бир абышка теңтушуна арыз-арманын айтат:
-Ээ,теңтуш,кемпирдин кулагы болбой калды,-дейт ал.-Догдур-согдурга көрсөтпөсөк болбойт окшойт.
-Ой,аны догдурга көрсөтүп эмне кыласың. Аларың акчаңды кураткандан башка эч нерсеге жарабайт. Андан көрө кыргызча эле дарылабайсыңбы? -дейт теңтушу.
-Кыргызча да дарыласа болобу? Сенин бир билгениң бар эж? Анда айтчы билгениңди? -деп шаштырат,сүйүнүп кеткен абышка.
-Алгач,жыйырма метр аралыктан сүйлөп көр. Эгер укпаса,беш метр жакындап сүйлө. Анда да укпаса дагы жакында. Ошентип,канча аралыктан угарын билип алсаң болот. Калганын анан көрө жатарбыз,-дейт тиги.
Абышка үйүнө келсе кемпири очок жакта бир нерсеге иришип жүрүптүр. Жыйырма метрдей аралыктан:
-Кемпир,эмне тамак жасап жатасың?" -деп кыйкырат. Кемпири унчукбайт. Бир аз жакындап,дагы сүйлөйт. Кемпири дагы деле унчукбайт. Абышка дагы жакындайт. Ошентип кемпирин жанына келип:
-Кемпир,эмне тамак жасап жатасың?-деп кыйкырса,кемпири ачууланып:
-Ой,жанатан бери беш жолу айттым го!Тоок бышырып жатам,-дептир.
->>>Албетте, бул жөнөкөй бир икая. Бирок,мындан алына турган өзгөчө сабак бар. Учурда адамдардын көбү өзүнүн айыбын билбей,башкаларга сын такканы адатка айлантып алышкан. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Musulmanka.   05 Октябрь 2016 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

Просмотр сообщения akylai.timurova (05 Октябрь 2016 - 18:14) жазган:

Аябай таасирдүү окуя...
«ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙ ЖАШАП КЕЛЕМ»

"КОЛУНДАГЫ АДАМДЫН КАДЫРЫНА ЖЕТ"

– Кайда барасың? – Ишиң эмне?! Мен бүгүн келбейм...– Андан ары көзүмө көрүнбөй жоголуп кет!.. Эшикти тарс жаап, галстугумду чала байлап, жулкуна машинама түшүп жөнөп калам. Менин күндөрүм акыркы үч жылдан бери ушинтип башталчу болду. Жумушка барам, андан ары кыздар, той, тамаша... Мен качан ушул нерсени адатка айлантып алдым? Адамдар, айрыкча аялдар «акчабыз көп болсо, укмуш жашасак экен...» деп ойлошот. А бирок бечаралар так ошол акча алардын күйөөсүн бузарын билишпейт. Жубайым Наргиза алгач ыйлады, сыздады, төркүнүнө кетип калды балдарды алып, кийинайласы жок көнүп берди. Мен муну өзүмдүн жеңишим деп билдим. «Аял дегенди ушинтип кармаш керек» дедим ого бетер керсейип. Өзүм менен өзүм болуп жүрүп балдарымдын кандай чоңоюп калганын байкабай калыптырмын. Кезектеги «чоң казатта» мен уруп жаткан апасынын үстүнө түшө калып чырылдаган кызымды жиним менен түртүп жибердим. Кызым сенделе бурчка барып туруп калды да: – Мен сизди жек көрөм!- деди. – Эмне-е?.. – Апамды эмнеге урасыз?! Эмне кылды сизге?! Өзүмө келип соолуга түштүм. Калчылдап мени тиктеп, көзүнөн каары чыгып турган 12 жашар кызды эмес, чоң адамды көргөндөй болдум. Шалдайып отуруп калдым. «Качан булар чоңоюп кетишкен?..» дедим ичимден. Ошондо балдарымдын менден алыс чоңоюп калганын байкадым. Мен келсем тамак жеп жаткан жеринен туруп же сыртка чыгып кетишет. Мага эң оор жаза ошол болду. Аны да аялымдан көрүп «сениби, шашпа, акмак, балдардын көзүнө мени желмогуз кылып көрсөтүп жатасың!.. » деп кекендим. Ошол күндөн баштап аялым менин эң биринчи душманыма айланды. Эми ачык эле анын көзүнчө көңүлдөштөрүм менен сүйлөшүп, жасанып чыгып кеткенге өттүм. Бул арада мен бир аялды жактырып калдым. Ажар мени эмнеси менен арбап алды билбейм, менден алты метр алыс качып жатканына да карабадым. Эркектер табиятыбыздан аңчы болот окшобойбузбу. Канчалык өзүнө жолотпой качкан сайын, аны жеңүү менин кумарыма айланды. Бир максатты көздөсөм, ага баары бир жетем. Артынан калбай жүрүп Ажарды да макул кылдым. Биротоло сөзүбүздү бекемдеп, мен үйүмдөн чыгып кете турган болдум. Ошол күнү аялым жумушта, балдарым сабакта кезде үйгө бардым. Эч ким менен урушуп-талашпай эле, акырын кетип калууну чечтим. Кийимдеримди салып, өзүмө тиешелүү документтерди таппайм. Үйдү чаң ызгыта тинтип айлам кетти. Акыры ачкыч менен бекитиле турган шкаф бар эле, ошол көзүмө урунду. Бир уруп ачтым. Издегенимди таптым. Нике тууралуу күбөлүк, менин паспортум жана бир нече кагаздар жүргөн экен. Көңүл коюп карасам, аялымдын медициналык баракчасы экен. Ошондо гана шкафтын ичи дарыга толо экенин көрдүм. Рак! Аялым рак менен ооруп жүргөнүнө бир жыл болуптур. Шалдырап колумдан кагазым түшүп отуруп калдым. Өмүрүмдө биринчи жолу корктум. Балдар эмне болот? Мен эмне болом? Үй-жай, урук-тууган? .. Акыркы жылдары эч ким менен ишим болбоптур. А Наргиза үйдү, сыртты, тууган-туушканды, катышты, баарын өзү тейлеп келген. Канча отурдум ким билет, эшик ачылып Наргиза кирип келди. Тобо, ал ушунчалык карып кеттиби? 37 эле жашта го... Эмне көрдү бул өмүрдө байкушум? Экөөлөп бизнес баштаганбыз. Мага жардам берип жүрүп эле эки баланы төрөдү. Эми жашообуз жашоого окшошуп баратканда менин таскагым чыкты. Ал бөлмөгө бир көз жүгүртүп алып, оор улутунду. – Кетесиңби?- деди чарчаңкы. Унчуга албадым. Ал ордунан туруп баратканда баракчаны бетине такай бердим. – Бул эмне, ыя? – Бул – оору, бул – өлүм...- деди жай гана. – Эмнеге мага айткан жоксуң? Эмнеге жашырдың?- дедим демите, колум көнүп калгандай көтөрүлүп. Наргиза мени таң кала тиктеп алды. Бакырайган көздөрүнөн аккан жашты көрүп, колум өзүнөн-өзү түшүп калды. – Эмнеге жашырдың? Эмне кылам эми? – Бара бер, колуңду кармабайм... - деди аялым. А мен кете албадым. Ошол күнү кечке шаар аралап басып жүрдүм. Көз алдыма жубайымдын жаш кези, үмүткө, сүйүүгө толгон жүзү тартылып баратты. Ишенбейсиңер, бирок ошол түнү мен аялымдыгана өмүр бою сүйгөнүмдү түшүндүм. Башка аялдар жөн гана көңүл ачуу, адреналин экен. Атүгүл Ажар да... Таң агарганда гана үйгө келдим. Наргиза уктап жаткан экен, анын кубарган жүзүнөн сылап отуруп көзүмдөн жаш тегеренип, жаак ылдый агып турду. – Ал аял менен бактылуу болушуңду каалайм!.. - деди көзүн ачпастан. – Жок! Мен акмакмын! Мен билбепмин, бактым жанымда экенин аңдабапмын! – Мен балдарым үчүн аты жаман ооруну жеңем. А сен бара бер...- деди. Бирок ал айткан сөзүнө турган жок. Ооруну жеңе албай жүрүп, бир жылдан кийин каза тапты. Бир күн да жанынан чыккан жокмун, алып барбаган доктурум, таппаган дарым калбады. Өмүрүнүн акыркы күнү гана мени карай жылмайып: «Сен эсиңе келиш үчүн мен оорушум керек болгон турбайбы. Мен сени кечирдим! »- деди. Бирок мен өзүмдү кечире албай жашап келем...

Ушул окуяны окудум эле.
Биринчи окуганда аябай ыйладым эле ((( Чынында козго жаш алчуу окуя (.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 21:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ

=БАЙЛЫГЫҢ КАЛАТ БУЛ ДҮЙНӨДӨ=

Бир падыша кооз үй салдырыптыр. Үйүн абдан жасалгалаптыр. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан баалуу бую-теримдерди алдырып үйүн толтуруптур. Качан гана үйү кемчиликсиз болуп жасалгаланып бүткөн соң, элди чакырып той бериптир. Элдин баары чогулган кезде, падыша эл алдына дин илимин жакшы билген аалымды чыгарып, ага: “Хазирет, бул үйдон кандайдыр бир кемчилик тапсаңыз аны айтып коюңуз. Мен аны дароо эле түзөтүп коёюн” – дейт. Аалым үй ичин бир топко айланып карайт да: “Падышам, бул үйдо бир эле кемчилик бар экен. Тилекке каршы аны сиз оңдой албасыз” – дейт. Падыша: “Ал кандай кемчилик?” – деп сурайт танданып. “Бул үйдүн бир кемчилиги – андан сиз өлүп чыгат экенсиз, бирок кайра кайтып келе албайт экенсиз” – деп жооп берет.

Бул дүйнөнүн байлыгы, кооздугу бул дүйнөдө гана калат. Мүрзөлөргө барып карап көргүлө. Мүрзөлөрдүн үстүндө айырма болуусу мүмкүн, бирок астында баары окшош. Мүрзо астындагы айырма бир гана алардын жасаган амалдарында. Абдулмалик бин Марван аттуу белгилүү падыша өткөн. Ал өзүнө Курандагы Аньам сүрөсүн окуп турчу. Анда:
“Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, Бизге өзүңөр жалгыз келдиңер го! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, кызматчы ж.б.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды да көрбөй жатабыз. Араңар үзүлдү. Силер (пайдалуу) деп ойлогон нерсеңер жок болду!” деп айтылган болчу. (Анаьм, 94-аят). Ислам тарыхындагы белгилүү падышалардын бири Харун Рашид базардан өз кепинин сатып келип, Курандагы: ” Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды. Менин күч-кубатым да жок болуп кетти” деген аяттарды окуйт эле. (Алхакка, 28-29-аяттар). Атасы Харун Рашид каза болуп, аны мүрзөгө жашыргандан кийин Маьмуун деген баласы: “Оо, бийилиги эч качан колунан кетпеген Зат, бүгүн бийлигин жоготуп, Өзүндүн алдыңа барган атамдын күнөөлөрүн кечир” – деп дуба кылат. Хасан ал-Басрий жашы улгайып калган адамдарга карап: “Оо, ак сакалын жайкалткан улуулар, эгер эгин бышып жетилсе эмне болот” – деп суроочу. Ал эми жаштарга карап: “Оо, менин кырчын курактагы жаштарым, эгин бышып жетиле элек кезинде эле сел алып, же шамал талкалап кеткени көргөн эмессиңерби? ” – деп айтчу. Ал, бул сөздөрү менен жаш-карыга өлүмдү эскертип турчу. Өлүмдү эч ким каалабайт. өлүмдөн баары качышат. Бирок, кайда качпагын, кайда жашынбагын баары бир өлүм сени таап алат. Куранда Аллах Таала: “(Оо, Мухаммад): “Силер коркуп качып жүргөн олүмгө баары бир жолугасыңар” деп айткын” – деп буйруган. (Жума, 8-аят).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   akylai.timurova   05 Октябрь 2016 - 22:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 11 Июнь 16
  • Соңку аракети: 06 Окт 2016 22:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ТААСИРДУУ ОКУЯ...

Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем. Ошол түн алигүнчө эсимен кетпейт...Досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук. Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз гайбат ʺөрдөк учурмайʺ сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим... Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты...Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым...Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду... Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда ʺбышып калыптырʺ , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү...сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.... Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди...Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси... күн ушинтип өтүп жатты. Бир күнү...Жума болчу...саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан...өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды...Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: - Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык... Ошол маалда мен бир нерсени унуттум....досторумду, убада кылынган тойду, баарын...Анан балама кайрылдым: - Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык...бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : - Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. - „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, алдындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии...“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим...Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып...Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп - ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: ʺСен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! ʺ Жетелешип үйгө келдик. ...Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле......Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту.... Сапарыбыз үч жарым айга созулду...Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды...Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. - Батырга ысык салам айтып кой! - Болуптур, Кудай кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат...! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда ʺатта...аттаʺ деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. ʺШайтандын азгырыгынан өзүң асырагынʺ деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу... - Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? - Эч нерсе... - Батыр кайда ? - ... ... .. - Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: ʺАтта, Батый акам даннатка тетти...Аллага теттиʺ десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир...

Темур кызы Акылай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Topchubai   06 Октябрь 2016 - 11:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Аябай таасирлуу экен.Айрыкча 2-3-4- окуялар мени ойго салды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   OMURBEK.   06 Октябрь 2016 - 23:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 702
  • Катталган: 29 Январь 16
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2021 17:53
  • Жынысы:Эркек

эн жакшы сабак берчу окуялар екен даагы жазгыла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   elya95   07 Октябрь 2016 - 02:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 905
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2021 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызыстан, Ош

Автор жакшы тема ачыпсынар молодец
Л
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Mihrimah   25 Октябрь 2016 - 14:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 23 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 10 Авг 2019 13:00
  • Жынысы:Белгисиз

"ЖАШОО ӨТӨ КЫСКА"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Mihrimah   25 Октябрь 2016 - 15:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 23 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 10 Авг 2019 13:00
  • Жынысы:Белгисиз

Бир куну дуконго кирип, азык-тулук алып,
сатуучунун алдына келсем, ал 5-6 жаштардагы
бала менен суйлошуп атыптыр. Сатуучу айтат:
Окунучтуу, бирок бул акчан бул куурчакты
сатып алууга жетпейт деди. Анан ал бала мага
кайрылып: Байке, чын эле менин акчам
жетпейби? Мен акчасын санап чыгып:
Алтыным, чынында эле акчан бул куурчакты
алууга жетпейт экен дедим. Кичинекей бала
колунда куурчакты кармаган бойдон туруп
калды. Мен озумдун алган нерселеримди толоп
бутуп, кайра ал баладан, бул куурчакты кимге
берээрин сурадым.. - Бул куурчакты менин
карындашым аябай жакшы корчу, сатып алгысы
келип жургон. А мен анын туулган кунуно белек
кылгым келди. Бул куурчакты апама берсем, ал
карындашыма барганда ала барат
эле! ...Кайгылуу коздору менен ушуларды
суйлоду. Менин карындашым Жаратканга кетти.
Мага муну атам айтты. Дагы, жакында апамды
да кетет деди.. Ошондуктан бул куурчакты
апама ала барып, карындашыма беришин
ойлодум... Менин журогум бир саамга токтой
тушту. Кичинекей бала мени карап: Мен атама
айтып келдим, мен ойноп келгичем апам
кетпей турсун деп. Андан сон ал, озу бактылуу
кулуп тушкон суротун корсотту. Мен бул суротту,
апам карындашыма мени унутуп калбаш учун,
ала баруусун каалайм. Мен апамды аябай
жакшы кором, апам мени таштап кетуусун
каалабайм, бирок атам, апамдын кичинекей
карындашымдын алдына кетиши керектигин
айтты. Ал кайра куурчакты капалуу коздору
менен карап алды. - Мен чонотогумдон акча
алып чыгып: Кел, кайра баштан акчанды санап
королучу, эгер жетет деп ойлосон?.. - Ооба,
ооба бул куурчакты алууга жетет деп ойлойм!
Ал балага корсотпой озумдун акчамдан кошуп
койдум да, башынан санап кирдик. Куурчакты
алууга акча жетип, дагы бир аз артып да калды.
Кичинекей бала: Мага акча бергенин учун
рахмат, Жараткан! Мени карады да: Кечээ,
жатаар алдында кудайга дуба кылып, ушул
куурчакты сатып алып, апамдан берип жиберуу
учун акча сураган элем. Демек, ал мени
угуптур! Дагы бир аз акчам болуусун тиледим
эле, апама ак атыр гул алып беруу учун. Менин
апам ак атыр гулду жакшы корот деди.. Мен
дукондон ойлуу жана кызык абалда чыктым.
Анан мен, гезиттеги эки кун мурдагы болгон
окуяны эстей кеттим. Ал жерде, мас абалындагы
киши машинасы менен бир аял менен жаш
наристени уруп кеткени жазылган эле. Наристе
кыз ошол эле жерден каза табып, апасы оор
абалда болчу. Доктурлар, апасынын жанын
сактап турган апараттан очуруштору керек
болчу, анткени ал жаш аял комадан чыгууга ото
алсыз эле. Балким бул куурчакты сатып алган
бала, ошол уй-булонун баласы болуп
журбосун?.. Эки кун откондон кийин, ал аял
каза тапканын гезиттен окудум. Козумдун
жашын токтото албай ыйлап жибердим. Мен ак
атыр гул сатып алып, жерге берилип жаткан
жерге бардым. Жаш эне акка оролуп жатыптыр.
Бир колунда куурчак менен сурот, бир колунда
ак атыр гул.. Козум толо жаш менен кетип
баратып, менин жашоом эми озгорулоорун
сезип жаттым...Мен эч качан бул кичинекей
баланын, апасы менен карындашына болгон
суйуусун, мээримин унутпаймын!
Бири-
бирибизди тируу кезибизде барктайлы, мээрим
тоголу

Билдирүүнү түзөткөн: Mihrimah: 25 Октябрь 2016 - 15:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Talantbek1994   25 Октябрь 2016 - 15:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 227
  • Катталган: 07 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 12:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Таңдын атканын Азан менен билдирген жер

Азаматсын Акылай. Жакшы тема ачыпсың
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Mihrimah   03 Ноябрь 2016 - 17:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 23 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 10 Авг 2019 13:00
  • Жынысы:Белгисиз

Күндөрдүн биринде, бир мусульман кыз, жакын жакта жашаган эжесиникине барып келүүнү чечип, көчөгө чыгат. Ал өтө сулуу жана бир бай үй-бүлөнүн кызы эле. Жолдо кетип бара жатса, топтошкон элдердин арасынан уруш чыгып, чоң бир көтөрүлүшкө айланат. Аны көргөн кыз коркуп, артка кайрылып үйүнө бара албай, же, алдыга көздөй эжесиникине бара албай, жолдун жээгинде бир мечитти көрүп, ичине кирип кетет. Көчөдө уруш-жаңжал токтобой койгондуктан, кыз мечитте түнөгөнгө туура келет. Ал мечитте бир мусулман студент жаш бала кызмат кылчы. Ал жигит ар күн сайын Иша намаздан кийин мечиттин тегерек четин карап, эшик-терезелерин жаап турчу. Анан ошол күнү мечиттин ичинде коркуп отурган сулуу кызды көрүп калат. Студент бала - ыймандуу эле. Назик сөздөр менен кызды мечиттен чыгып кетүүсүн суранып, эгерде ал экөөнү башкалар көрүп калышса анда ал жигит менен кыз экөөнү тең уят кылып, жумушунан бошотуп салышаарын айтат. Бирок, сырттагы көтөрүлүш бүтпөгөндүктөн, кыз мечиттен чыккысы келбегенин балага айтып, бир түн мечитте өткөргөнгө уруксат берүүсүн суранат. А бала көчөдөгү жагдайды түшүнүп, кыз менен макул болуп, уруксат берет.
Кыздан алыс барып, мечиттин бир бурчуна шам чырак күйгүзүп, чырактын жарыгына китеп окуп отуруп алат. А кыз болсо мечиттин берки бурчунда. Сыртта болуп жаткан нерсеге уктай албай, балага көз салып, ал эмне кылып жатканын карап отурган болот. Бирок, жаш жигит кызды абдан таңгалдыртат. Карап турса эле, бир маалда, ал бала Шам-чырактын күйүп жаткан отуна колун кактайт. Бир аз чыдагыча колун кактап, анан оттон алып, кайра китеп окууга кирет. Бир аз убакыт утуп, ал бала колун дагы чырактын отуна кактайт, бир аз чыдап колун оттон алат. Ошентип ал жаш жигит таң атканга чейин колун отко кактап, кайра алып отура берет. Мунун баарын тең кыз тангалуусу менен байкап турду.
Эртең мененки намаз жакындап келди. Ал бала азан чакырып бүтүп, кыздын жанына барып, намазга адамдар келгенге чейин аны мечиттен чыгып кетүүсүн суранат, Ал кыз макул болот, бирок, бир себеп менен: түнү бою чырактын отуна улам-улам колун кактаганын себебин сурайт. Ал бала жооп бергиси келбей: бул сизге тиешеси жок” деп, жооп берүүдөн баш тартат. Анда кыз: “себебин айтпасаңыз, анда мен мечиттен чыкпайм” дейт. Анан ал бала кызга багынат, анткени намаз жакындап калгандыктан, мечитке адамдар кирип калышса, анда бала менен кыздын ахвалы начар болуп калмак, жыйынтыгында кызга эмнеге колун кактаганын айтып берет:
-мен - дейт! Азыр жашмын. Башка жаш жигиттердикиндей менин да күчтүү нафсим бар. А сиз экөөбүз түнү бою жалгыздыкта болгондуктан, мен өзүмдү алсыз сезип жаттым. Бирок, дуа кылсам да болбой шайтан азгырып, менин каалом күчөй берди. Акыры мен эмнени каалап жатканымды сезген сайын колумду чырактын отуна күйгүзө кактап: “бул от тозоктун бир кичинекей чаңчасы да эмес” деп, улам-улам өзүмө кайталап жаттым - дейт экен ал жигит.
Анан кыз жообун алып, мечиттен чыгып, дароо үйүнө жөнөйт. Кыз апасына түнү мечитте болгон окуяны токпой чачпай айтып берип, жана ошол жигит менен турмуш кургусу келерин да айтат. Анткени, ушундай Алладан корккон эркек гана аялынын алдындагы баардык милдеттерин аткарат - деп кошумчалайт ал кыз!
Ошентип, кедей жигит сулуу кызга үйлөнөт. Кыз жигиттин тышкы келбети үчүн эмес, анын ыймандуулугу жана жакшы мүнөздүүлүгү үчүн турмушка чыгат.(аягы)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Mihrimah   03 Ноябрь 2016 - 17:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 23 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 10 Авг 2019 13:00
  • Жынысы:Белгисиз

КЫЗ ТӨРӨДҮҢБҮ, ДЕМЕК, ЭКИНЧИ АЯЛ АЛАМ
– Тагдыр деген кызык нерсе. Маңдайымдагы тиши түшүп, чачын ак баскан, көзү жалтак тиктеген адамды карап ар ойго чөмүлөм. Ал неберелерин ойнотуп жатканы менен, көз кыры менде. Кызык, 57 жашында абышка болуп калган бул адам менен жашап, андан төрт кыз төрөгөнүмө ишенбей да кетем. Жаш болчубуз, ошондуктан жаңылыштык кетирдик деп да актана албайбыз. Анткени төрт кыздуу болуп, ак-караны ажыратып калган учурубуз эле.
Нурдин экөөбүз катуу сүйүшүп жүрүп үйлөндүк. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай терезеден качып чыгып турмушка чыккам. Илгеркилер бекеринен «ата-эненин батасын албай никеге турбагыла» деп айтпаса керек. Бирок мен Нурдинден башка эч кимди көрө албадым, жалындатып сүйдүрүп, көзүңдү байлап, акылыңды уурдап алат тура.
Жолдошум тун кызыбыз төрөлгөндө аябай сүйүнгөн:
– Эмкиси уул болсун, ээ, жаным?- деп маңдайымдан сүйүп, кызын көтөрүп алып маңдайы жарыла кубанган. Бирок биз күткөн уул кечиге берди. Жараткан эмнеден качсаң ошого жармаштырып коёт белем, төрт кызды удаа төрөдүм. Биздин үй-бүлөдөгү трагедия ошондон башталды.
– Мен эмне, тукумсуз каламбы? Мага уул керек!- дечү.
Кайненем да «жаман катын кыз тууйт, кыз тууса да кыш тууйт» деп мээмди жеп салчу болду.
– Кудай бербеген уулду колум менен жасап аламбы, апа?- дедим бир күнү жаным ачый.
– Деле тилинин чыгып калганын көр, сен биринчи балама уул төрөп бер, андан кийин үнүңдү көтөрүп сүйлө!- дейт албууттана. Кичүү кызым Жаңылай бир жашка чыгып калганда Нурдин такыр үй бетин көрбөй калды. Айылда мындай нерсе жашырылбайт эмеспи, анын бир аял менен мамилелеш болуп жүргөнү угулду. Жашоомдо мындан өткөн оор күн болбосо керек. Нес болуп калдым. Өз көзүм менен көрүп, ишенгим келди. Кечкурун айтылган дарекке бардым.
– Уул төрөп бер, асылым, сенден мындан башка эч нерсени күтпөйм,- деген Нурдиндин эркелетип жатканы угулду.
– Ошон үчүн эле келип жүрөм дечи?- деп назданган аялдын үнү кулагыма шак этти.
– Артымда туяк калса дейм. Кыз эмне, эртең бирөөнүн катыны болот, чоңойтуп койсо кетти ошол боюнча...
Ушу сөздөрдү угуп, эшикти шарт ачып кирип бардым.
– Кыздарымдан айлан, ошол кызга жетпей калгың бардыр! Ушунча жыл жашап кантип ушунчалык мээримсиз, караңгы жан экениңди байкабадым? Аттиң, сага кор болгон кайран өмүрүм!
Жаным сыздай ыйлап кетип бара жаттым. Үйгө келип кыздарымды кийинте баштадым. Кантсе да кыя албаса керек, Нурдин тез эле аркамдан жетип келиптир.
– Токто, Мээрим, сүйлөшөлү,- деди ал.
– Сүйлөшүп бүттүк, уул төрөп бере турган аялыңа бара бер.
– Макул болсоң, ал аялды экинчи кылып алайын. Ал мага уул төрөп берет, көзүм жетип турат. Түшүнчү, мага уул керек!
– А кызчы, кызды мен өз колум менен жасап алыптырмынбы?
– Төрт кыз менен кайда барасың?
– Бирөөгө малай болсом да эптеп чоңойтом, сенин ишиң болбосун!
Ошентип кыздарымды ээрчитип борборго баса бердим. Артымдан чуркап келишин, кыздарды талашып «кетпе» деп кечирим сурашын күтүп жаттым. Бирок күйөөм кайтып келген жок.
Борборго келип көп кыйынчылыкты көрдүм. Тикмечи болуп иштеп жүрүп иштин көзүн таап, тез эле тигүү цехин ачтым, бутума турдум. Убакыт учкан куш тура, тез эле кыздарым бой жетти. Кагылайындарым, баары акылдуу чыкты, өз күчтөрү менен жогорку окуу жайына өтүп, биринен-бири кыйын чыгып, оорумду колдон, жеңилимди жерден алганга жарап калышты. Бактылуу аял болбосом да, бактылуу эне болдум. Эң кичүүсү Жаңылай мыкты врач болуп чыкты. Бир күнү аны менен түштөнүп отуруп сүйлөшүп калдык.
– Апа, биздин бөлүмдө бир чал жатат. Мени тиктей берет, сүйлөсөм ыйлап жиберчүдөй терс бурулуп кетет. Аябай таң калам.
– Аты ким?
– Нурдин дегендей болгон.
Чочуп кеттим. Дароо кызымды жетелеп алып ал көрсөткөн палатаны көздөй бет алдым. Кирип эле тааныдым. Ал дагы дароо тааныды, өңү бозоро түштү.
– Кандайсың?
– Сиздер таанышсыздарбы? - деди кызым.
– Таанышпыз, бул сенин атаң болот. Уулдуу болуп, бактылуу болгон чыгарсың?- дедим эриндерим титирей.
– Сен табалабасаң деле тагдыр мени өзү жазалады. Сенин өчүңдү беш эсе кылып алып берди. Уулдуу болдум, кара жерге кирсин, уул аты болгону менен акылсыз чыкты. Кайрымсыз уул ооруп калганымда апасы экөө кошулуп кууп чыгышты. Кечирим сурабайм, анткени кечирбейсиң, болгону кыздарымды көрүп алганга уруксат бер,- деп ыйлап жиберди. Ушу учурда жанымда турган Жаңылай атасына учуп жетип кучактай берди.
– Атаке, ата, биз сизди күтүп жүрбөдүкпү!
Каның менен куруп кал, канча жыл көрбөсө да атакелеп турган кызымды көрүп жаным жанчылды. Мен бул жакта калып эле кыздарым атакелеп кабыл алышты. Ата мээримине зар
болгон байкуштарымды кой дегенге оозум барбады.
Азыр атасы Жаңылайдын колунда. Тагдырдын тамашасы менен зарлаган уулдан көрбөгөн ырахатты кыздарынан көрүп отурат. Кыздарым ачык айтышпаганы менен, мени кечирип, экөө чогуу жашаса деген ойлору бар. Бирок аялдын көңүлү бир калса жаман тура. Өткөндү унута албадым, жүрөгүм ушунча сууган экен. Маңдайымда турган тиши түшкөн чалды боор ооруу менен гана карап отурдум. (аягы)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Mihrimah   03 Ноябрь 2016 - 17:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 23 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 10 Авг 2019 13:00
  • Жынысы:Белгисиз

*_Таң эртең менен автобуска олтурдум. Түшө турган аялдамам "Бакыт" деп аталат._* *_Муну айдоочуга эскертип койдум да, отургучка көчүк бастым. Кетип барабыз..._*
*_Мына "Балалык" аялдамасы. Мында көп кызыктарым калган... Мында түшпөйм..._*

*_Ошентсе да, терезеден кыйла карап, сагыныч менен өтө бердим..._*

*_"Кыз-жигит" аялдамасы... Чынын айтсам, бул жерге далайлар менен бир топ келгем, бирок, унутуп ал күндөрдү унута баштаптырмын. .._*

*_Тээтигине "Намаз" аялдамасы. Бул аялдаманы көп адамдан уккам, бирок, эч түшкөн эмесмин. Негизи эле муну айткандар көп, түшкөндөр аз..._*

*_А бул болсо "Махабат" аялдамасы. Ооо, мына ушунда калып калгым келет. Бирок, мага "Бакыт" аялдамасы зарыл..._*

*_- А, булчу? Баса "Кызганыч" аялдамасы турбайбы?! Бул жерде далай кызыктар менен кайгылуу окуялар болуп өткөн. Мында кайрылып келгим келбейт..._*

*_"Мечит" аялдамасы... Өтө таза аялдама, бирок, түшүп калууга убакыт тар, батыраак "Бакытка" жетүү керек. Жүрөгүм таза, ниетим жакшы; азырынча зарылчылыгы жок..._*

*_Охоо, "Клуб" аялдамасы. Аттиң, түшүп калгым келип турат..._*

*_"Мечит" аялдамасы... Дагыбы?_*

*_"Сабыр" аялдамасы... Хмм, жок, азыр эмес..._*

*_"Байлык" Оюн-күлкү" аялдамаларында көп түшүп калчуумун убагында..._*

*_Аа, автобуста адам калбадыбы? Баары жетчүү жерине жетип алган окшойт..._*

*_Айдоочунун жанына чуркап бардым:_*
*_- "Бакыт аялдамасына жеттикпи?_*

*_- Тууганым ай, эртерээк айтпайт белең, ал үчүн сен "Намаз" "Мечит" аялдамаларынан түшүп калышың керек болчу. Биз эми артка кайтпайбыз, кайта да албайбыз, акыркы аялдамага келип жеттик._*

*_- Баса, кичи пейлдикке айтып койосузбу, бул эмне деген аялдама?

*_- Бул аялдама "Кабыр" деп аталат, тууганым

Билдирүүнү түзөткөн: Mihrimah: 03 Ноябрь 2016 - 18:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: