Суперстан: Назгүл Осмонованын калемине таандык ырлар. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Назгүл Осмонованын калемине таандык ырлар.

#1 Пользователь офлайн   Rayyana   06 Октябрь 2016 - 17:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

* * *
Кесип өтөр болсоң менин жолумду,
Сезимиме салдың неге дүрбөлөң?
Наристе кез. Түшүнбөпмүн оюңду,
Жүрөгүңдү, мени такыр сүйбөгөн.

Жазылбаган ырдай алып тынчымды,
Жолукпаспыз, бул жашоодон кетербиз.
Кездешсек да тик карабай көздөргө,
Кыйгач карап таанымаксан өтөрбүз.

Анда неге өмүр бою унутпай,
Өтүү сени маңдайыма жазылды?
Анда неге эстегенде өзүңдү,
Токтото албайм көздөн аккан жашымды?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Rayyana   06 Октябрь 2016 - 18:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Жетим көпөлөк

Түн ортосу. Жетим көпөлөк,
Санаалуудай мага туюлат.
Кеткиси бар бийик көкөлөп,
Тереземе улам урунат.

Түшүп турат азыр маанайым,
Билсең мен да темир тордомун.
Ошентсе да сени аяйын,
Тереземди ачып койойун.

Коюу түнгө шашып, калдастап,
Учуп кетти бийик көкөлөп.
Жай табалбай жаткан алдастап,
Менин жаным - жетим көпөлөк.

Кайтып келчи жалгыз көпөлөк,
Өткөрөлү түндү экөөлөп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Rayyana   06 Октябрь 2016 - 18:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Өтүнүч

Күзгө... Сизге деген сагыныч,
Тургансыйбы дайым сезимде.
Жаным өйкөйт назик таарыныч,
Жазбадыңыз мага кечинде.

Күтүп, күтүп уктап калгамын,
Оңойбу анан күндүн түйшүгү.
Чалбасаңыз мейли, чалбаңыз,
Калтырыңыз жалгыз билдирүү.

Тосуш үчүн таңды жаркырап,
Калтырыңыз жалгыз билдирүү...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Rayyana   06 Октябрь 2016 - 18:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Коштошуу

Шамалга дирилдешет жалбырактар,
Күз кечи. Олтурабыз бак ичиңде.
Көзүңдө билинбеген калтырак бар,
Үшүдүм, үшүп кеттим эмнегедир.
Кийинип чыккам жылуу мен атайын,
Башымда өзүң сүйгөн ак жоолугум.
Деп койдуң: "Сулуу болуп баратыпсың. .."
Түшүнбөй калдым сенин бул жоругуң.
Себебин сөздөрүңдүн сурарымда,
Тентек жел чуркап өттү ортобуздан.
Жоолугум шыпырылды ийинимден,
Бир дубал туруп калды ортобузда...
Бузууга аны күчүм жетпей калды,
Бурулдум үнсүз-сөзсүз арт жагыма,
Козголбой ошол жерде туруп калдың.
Аттиң-ай, эң башкысын айтпадым да...
Жүрөктүн бул оорусун баскан жокмун,
Билемин артка кайтуу болбойт эми.
Күз күнү күтүүсүздөн мен жоготкон,
Чыныга сүйүү мелт-калт толбойт эми...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Rayyana   06 Октябрь 2016 - 18:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Махабат баяны

Коюлду окшойт акыры, үч-төрт жыл өтүп арадан,
Сүйүүбүзгө бир чекит. Экөөбүздөн тажаган.
Ал кетти болуп кайрылгыс, чакырсак келбейт жалынып.
Сүйүү жана жек көрүү... Жүрөктөр бирдей жаралуу,
Ак көйнөк кийип жүрсөк да, дүнүйө капар күлсөк да,
Кымбатым, сезимдер бизде каралуу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Мендиксиңби? ..

Мендиксиң… мендик дагы эместейсиң,
Кымбатым, ойго тунуп нени эстейсиң?
Жанымда олтурсаң да чачым сылап,
Кайрылбас аялуу бир элестейсиң.

Сендикмин… сендик дагы эместеймин,
Сен үчүн кол жеткис бир белестеймин.
Турсам да мен жаныңда колуң кармап,
Билбедим… жүрөк сыздап нени эстеймин?

Мендиксиң… мендик дагы эместейсиң…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Бейтааныш асман

Карап, карап… көздөрүңдүн асманын,
Көзгө тааныш элестерди таппадым.
Ушул асман көк деңиздей чалкыган,
Асманындай такыр бөлөк, башканын...

Мен жолугуп келишимдүү бир жанга,
Аны сүйүп калганымды айтпадым.
Айтаар элем... азга көңүл бурганда,
Айтаар элем көңүлдүн гүл жактарын...

Сен сүйөсүң өзүмдү эмес ырымды,
Кереги эмне кур бекерге актанып.
Ичтен тынып, жолугушаар күндү эңсеп,
Сүйүү курсун жашырынган, сактанып.

Карап, карап көздөрүңдүн асманын,
Көрдүм андан көк деңизин башканын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Табигат ыйлап күн бою,
Көзүнүн жашын тыйбады.
Күтүүдөн бүткөн эзилип,
Кайгымды менин туйбады.

Ачкандай жаңы ааламды,
Сезимдер толкуп-туйлады.
Күлдүрүп, бирде өкүнтүп,
Кырктагы сүйүү кыйнады.

Сабыры анын суз белем,
Кырктагы сүйүү күз белем.
Шыбырын угам калтырай,
"Үмүтүң андан үз!" деген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Angel92   07 Октябрь 2016 - 23:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения Rayyana (07 Октябрь 2016 - 23:09) жазган:

Мендиксиңби? ..

Мендиксиң… мендик дагы эместейсиң,
Кымбатым, ойго тунуп нени эстейсиң?
Жанымда олтурсаң да чачым сылап,
Кайрылбас аялуу бир элестейсиң.

Сендикмин… сендик дагы эместеймин,
Сен үчүн кол жеткис бир белестеймин.
Турсам да мен жаныңда колуң кармап,
Билбедим… жүрөк сыздап нени эстеймин?

Мендиксиң… мендик дагы эместейсиң…

Эх...ххх((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Алтын тор

Капаска түштү сабалап учкан жүрөгүм,
Алтындан торуң, көнө албай бирок жүдөдүм.
Махабат тунук, көр тирлик болсо кир экен,
Чече албай сырын үзүлүп барат күдөрүм.
Кыйноочум эмес, болосуң дегем колдоочум,
Азабым эмес, болосуң дегем медерим....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Күз элегиясы

Мен чыгышта, сен батышта ак карлуу,
Башка биздин ойлорубуз, үйүбүз.
Чыйрыгамын кээде бир ой чарчатып,
Башка болуп калбаса деп сүйүүбүз.

Каттар сейрек ортобузда агылган,
Телефондон угам сейрек кабарың.
Жумушуң жок түйшүктөрүм, алымдан,
Сейрек кирчү болду түшкө жамалың.

Жалгыз гана ыр дүйнөсү сырдашым,
Жанды жеген суроосу көп күндөрүм.
Кыялыңда эмнелер бар, кымбатым,
Кантип өтүп жатат узак түндөрүң?

Терезеңден черткилеген ак кайың,
Көзгө тааныш элестерди чакырып
Кусалыктан сыздап кетсе жүрөгүң,
Ошондо да келе албассың бастырып...

Башка биздин ойлорубуз, үйүбүз,
Башка болуп калбаса экен сүйүүбүз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Сагыныч

Ааламдын кайсы бир бурчунда,
А балким, ой жеткис учунда.
Жашайсың сагынтып кымбатым,
Бакыттын кол жеткис кушундай.

Кандайча, канткенде, кай күнү,
Үмүттүн ак жиби үзүлдү?
Өзүңсүз өткөргөн ирмемдер,
Кылымга татырлык сезилди…

Сезимди анчалык кыйнаба,
Күтө албайм узакка… кыйлага.
Сооротом өзүмдү түшүмдө,
Кой эми, басылчы… ыйлаба…

Күтө албайм узакка… кыйлага…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***

Мезгил балбан. Балбандыгын ким танат?
Жашоосу анын дайым майрам, салтанат!
Адам күнү убайымга жык, толо,
А мезгилге ким даап сынын айталат?

Мезгил учат. Ал учканын койбоду,
Жалмап-мойсоп, өмүрлөргө тойбоду.
Ажал деген шумдук менен достошуп,
Пендезатка бир да арачы болбоду.

Мезгил күлүк. Күлүктүгүн ким танат?
Тулпарды даап, ооздуктан ким алат?
Баары кетет, баары өчөт, а бирок,
Артыбызда өлбөс жалгыз ыр калат…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Rayyana   07 Октябрь 2016 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Толгонуу

Көп малынып көр дүйнө деңизине,
Ойлорум да чаржайыт толукшубай.
Жете албастан ойлордун тегизине,
Кыялдар ай, жүрөктү ооруттуңар.
Максаттарым кол булгайт алыс жактан,
Он бешинде ай сымал толуп турган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Jadyrashka   08 Октябрь 2016 - 01:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Rayyana (06 Октябрь 2016 - 17:03) жазган:

* * *
Кесип өтөр болсоң менин жолумду,
Сезимиме салдың неге дүрбөлөң?
Наристе кез. Түшүнбөпмүн оюңду,
Жүрөгүңдү, мени такыр сүйбөгөн.

Жазылбаган ырдай алып тынчымды,
Жолукпаспыз, бул жашоодон кетербиз.
Кездешсек да тик карабай көздөргө,
Кыйгач карап таанымаксан өтөрбүз.

Анда неге өмүр бою унутпай,
Өтүү сени маңдайыма жазылды?
Анда неге эстегенде өзүңдү,
Токтото албайм көздөн аккан жашымды?

керекмет саптар экен
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Rayyana   09 Октябрь 2016 - 17:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Асыл жарга

Неге мынча ойго батып,
Сейрек тартты күлүшүң?
Балким ушул өктөм тагдыр,
Актабады үмүтүң...
Түйшүктөрдөн баш көтөрбөй,
Эмгек кылдың күнү-түн.

Неге мынча көп ойлонуп,
Азайгансыйт күлүшүң?
Чиркин өмүр өттүбү же,
Күтүп күндүн дурусун?
Асыл жарым, аздегим ай,
Чачтарыңдын актарында,
Менин да бар үлүшүм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Rayyana   09 Октябрь 2016 - 17:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Күздүн быйыл сулуулугу керемет,
Асман алтын жылдыздарын себелеп.
Бак ичинде кадам таштайм аярлап,
Албайын деп жалбыракты тебелеп.

Аптаптуу жай, сени менен коштошом,
Алтын күздүн шамалына жүз тосом.
Чыйрыктырган сезимдерден селт этип,
Жаңы үзүлгөн жалбыракка окшошом.

Жаш өмүрдүн да бир жылын узатып,
Мен өзүмдү карт даракка окшотом…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Rayyana   09 Октябрь 2016 - 17:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Өкүнүч

Болсо керек үнсүз буулугуу,
Шапаталуу күздүн түнүндө.
Өткөн өмүр көзгө элестеп,
Ойго батам кайың түбүндө.

Кыялымда курган дүйнөдө,
Жакшылыкка жалаң умтулуп.
Жашап келем бирде кубансам,
Жаш баладай кээде умсунуп.

Өмүр дагы калды жарымдап,
Максаттарга качан жетемин?
Мээрим күткөн жанды байкабай,
Ойлоп көрсөм ташбоор экенмин...

Менден мээрим күткөн бирөөнү,
Байкабаган мерез экенмин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Rayyana   09 Октябрь 2016 - 17:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Апама

Кандай оор сени дагы кетүү таштап,
Кайрадан кала бердиң көзүң жаштап.
Эркиме койбой жолго алып чыкты,
Жашоонун ушул узун жолу таштак.

Арзыбас сенин тамчы көз жашыңа,
Кыялдар, тилектерим ашыктырган.
Анда не издегеним бул жарыктан,
Апаке, жообун айтчы табышмактын?

Аман бол, гүлбагыңда өзүң тиккен,
Акталсын тилектериң миң жыл күткөн...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Rayyana   05 Декабрь 2016 - 19:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Унчукпа, жүрөк унчукпа,
Ызалуу ойдон тумчукпа.
Азаптуу сезим баянын,
Эстебей түндө тынч укта.
Сыздаткан оору басылаар,
Жарк этип таңда күн чыкса.

Баркыңды балким, билбестир,
Сенчелик жанып-күйбөстүр.
Ага арнап жазган ырларың,
Көңүлгө деле түйбөстүр.
Сен арзып сүйгөн ал адам,
Сени түк балким сүйбөстүр.

Сыздаткан сезим басылат,
Жарк этип таңда күн чыкса.
Унчукпа жүрөк, унчукпа...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 23:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: