IV. ЖАСАНУУ
Чачы түшкөн адам чачтын чыгышына дарылыгы бар каражаттарды колдонууга болот.
Ак түшкөн чачты бойоого уруксат берилет. Бирок бирөөнү (маселен, үйлөнө турган кызды) алдоо үчүн эркек адам ак түшкөн чачын карага боешу туура эмес.
Аял кишиге тек күйөөсү үчүн гана жасанышына (анын ичинде макияж колдонушуна) уруксат берилет.
Денеге сүрөт (татуировка) тарттыруу арам болуп эсептелет.
Дарылануу максатында эстетикалык операцияга жол берилет. Бирок мындан башка максатта, маселен, башкача көрүнүү, башкача жүз менен жүрүү, денеден карылыктан түшкөн бырыштарды жоготуу сыяктуу себептер менен эстетикалык операция кылдырууга болбойт. Себеби Алланын акыркы Элчиси бул багытта табигый тулку боюн өзгөрткөндөргө наалат айткан (Бухари, Либас, 83, 84). Ырас, мусулман баласы бул жашоосунун табигый ыргагына ар дайым ыраазы болгон, түбөлүк бакыттын өзү акыретте болоруна ишенген жана ага даярдык көргөн адам.
V. АЛТЫН-КҮМҮШ ЖАСАЛГАЛАРЫН КОЛДОНУУ
Азирети Пайгамбарыбыз:
«Алтын менен жибек үммөтүмүн эркектери үчүн арам, ал эми аялдарга адал кылынган» (Абу Давуд, Хатам, 3; Тирмизи, Либас, 1) деген.
Мусулман эркек адам жибек кийим кийүүгө, алтын-күмүш жасалгаларын зыйнат-кооздук үчүн тагынууга болбойт. Бирок күмүш шакек тагынууга уруксат берилет. Ал эми аялзаты буларды зыйнат үчүн кийип-тагынууга болот.
Алтын-күмүштөн жасалган ашкана буюмдарын колдонууга жол берилбеит.
Демек, алтын-күмүштөн жасалган казандан, кеседен даам сызуу, алтын, күмүш кашык-вилка менен тамактануу арам болуп саналат.
Алтын-күмүштөн жасалган кооздук буюм жана айрым бир үй буюмдарын алуу Имам Азам агымында уруксат, ал эми калган үч агым боюнча, арам болуп саналат.
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#161 06 October 2016 - 20:02
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#162 06 October 2016 - 20:10
VI. МУЗЫКА, КӨҢҮЛ АЧУУ ЖАНА СПОРТ
Азирети Пайгамбарыбыз той-маарекелерде, майрамдарда шарияттын негизинде ыр ырдап көңүл ачууга уруксат берген.
Арам жолго чакырган, адептен тышкаркы сөздөр камтыган, Исламдын дөөлөттөрүн төмөн түшүргөн, уят-сыйыттан сырткаркы ырлар чоң күнөө (арам) болуп эсептелет. Арам ишке себеп болгон нерсе да арам. Ислам дини адамды жакшылыкка, биримдикке, тынчтыкка үндөгөн, эл-жер, ата-мекен, ыйман жөнүндөгү ырларды ырдап көңүл ачууга уруксат берет.
Тарыхта мусулмандар музыканы өзүнчө шыпаа каражаты катары дагы колдонушкан. Демек, мына ушул сыяктуу жакшылыкка (анын ичинде ыймандуулукка, ак жолго түшүүгө) себеп болгон ырлар да жакшы.
Ислам дининде шариятка ылайык келген чакта көңүл ачууга жол берилет.
Бири-бирине чоочун (б.а. үйлөнүүгө жол берилген) эркек-аялдар бир жерде отуруп ойноп-күлүп, ырдап-биилеп көңүл ачууларына тыюу салынат. Ошондой эле мелдешүү таризиндеги оюндар да шариятка ылайык келбейт. Мусулман адам адаттагыдай эле, көңүл ачууда да арам нерселерден оолак болот.
Ислам дининде жалпысынан спортко уруксат берилет. Азирети Пайгамбарыбыз негизинен жүгүрүү, күрөш, жебе тартуу сыяктуу спорт тармактарына үндөгөн.
Ал эми кайсыдыр бир адамга же жаныбарга кордук көрсөткөн, зыян берген жана копол спортторго шартиятта уруксат берилбейт. Маселен, буга жаныбарларды уруштуруу ( короз тебиштирүү), жаныбар менен адамды, адам менен адамды мушташтыруу (бокс) сыяктуу спорт оюндары кирет.

#163 06 October 2016 - 23:51
VII. ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ
Ислам дини адамдын маанилүү табигый муктаждыгы деп билген жыныстык катнаш маселесинде да «адал-арам» деген чен-өлчөмүн койгон.
Ислам жыныстык катнаш маселесинде да тең салмактуулукту талаптайт. Ал коомго пайдалуу, элдин керегине жараган адам өстүрүү үчүн, бейпил коом үчүн белгилүү өкүмдөрүн алып келген. Ал жыныстык катнашсыз жашоодон такыр оолак болууга тыюу салат. Үйлөнүүгө үндөйт. Ошону менен бирге жыныстык катнашка никесиз кирүүгө да кескин бөгөт коет. Себеби жыныстык катнаш маселесиндеги тең салмаксыздык, аша чабуучулук адамдын адамдык сапатына доо кетирип, адамдар ортосунда сый-урмат мамиле солгундап, сүйүү, мээримдүүлүк сыяктуу изги сезимдерди мукуратат, жек көрүү, кек сактоо сыяктуу терс сапаттарды өркүндөтүп- өрчүтөт. Маселен, буга бүгүнкү күнү СПИД
дартын мисал келтирсек болот.
Мына ушул себептерден улам Ислам дини боюнча, адал жыныстык катнаш тек нике жолу аркылуу гана жубайлардын ортосунда жараян этиши керек. Мындан тышкаркы жыныстык катнаштын баары арам болуп саналат.
Куранда үй-бүлө курууга чакырык жасалып, кедейликтин дартынан улам андан (үй-бүлө куруудан) качпоо керектиги баса белгиленет.
Жыныстык катнашка адамдын табиятына карама-каршы келген жолдордон кирүү күнөө. Маселен, гомосексуализм (эркек менен эркектин, аял менен аялдын делебе козгоочу катнашы) дагы чоң күнөө.
Адамды жыныстык адашууга багыттаган, зинага себеп боло турган жолдор да арам.
Мусулман баласы намысын, адамдык сөөлөтүн, адамгерчилигин ар дайым коргошу кажет. Арамга көз салбашы керек. Делебесине, шакабатына, терс арзуу-каалоолоруна жеңилбеши керек. Бир хадисте ардактуу Пайгамбарыбыз: «Эң жаман кулпенде – бул терс арзуу-каалоолоруна кул болуп ак жолдон адашкан пенде эсептелет» (Тирмизи, Кыямат,17) деген

#164 06 October 2016 - 23:59
ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
АРАМ КИРЕШЕ
Ислам дини адал кирише табууга өзгөчө маани берет. Ислам дининин адам баласына жиберилгендеги эң иридеги максаттарынын бири дал ушул «адал-арам» маселесин жетик түшүндүрүү болгон. Кандайдыр бир нерсенин арам киреше болушунун төмөндөгүдөй эки себеби бар:
1. Бирөөнүн акы-укугун тепсөө. Соода-сатыкта кардарды алдоо, мал-мүлктүн кемчилигин жашырып, аны мактап-жактап сатуу, жетимдердин, жарды-жалчылардын мүлкүнө кол салуу, уурулук кылуу сыяктуу.
2. Жеке адамга же коомго зыян алып келчү жолдор менен киреше табуу. Шариятта тыюу салынган нерселерди (маселен, арак) сатуу жолу менен киреше табуу сыяктуу.
Дин Ислам бирөөнүн укугун тепсөөгө кескин түрдө тыюу салып, мусулман баласын туура ишеним менен туура ибадат кылууга, адал киреше табууга чакырган.
Ардактуу Пайгамбарыбыз «ибадаттын ондон тогузу адал киреше табууда» деп айтуу менен адал кирешенин канчалык зор мааниге ээ экендигин баса белгилеген.
Ислам дини боюнча, шарият менен жашоонун, коомдук тартиптин, адилеттүүлүктүн жана адамгеричиликтин негизи дал ушул адал киреше менен башталат.
Арам киреше менен күн көргөн адамдын ибадаттары кабыл болбойт.
Шариятта белгиленген арам киреше жолдорунан ар бир мусулман баласы алыс болушу кажет. Аларды төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
1. Уурулук
2. Талап-тоноочулук
3. Мыйзамсыз мал-мүлккө ээ болуу
4. Жетимдин мал-мүлкүн алуу
5. Мамлекеттик казынага кол салуу
6. Бирөөнүн акы-укугун тепсөө
7. Таразадан жана метрден алдоо
8. Арам нерселерди сатуу
9. Соодага коюлган мүлктүн кемчилигин жашыруу, калп айтуу, жалган касам ичүү
10. Ихтикар
11. Сүткорлук
12. Кумар оюндары
13. Пара алуу
14. Шариятта «арам» деп эсептелген тигил же бул нерсени өндүрүп киреше табуу
15. Иштөө мүмкүнчүлүгү боло туруп кайыр суроо

#165 07 October 2016 - 00:39
I. УУРУЛУК
Адам баласынын негизги кол тийбестик акы-укуктары бар. Булардан бири – мал- мүлккө ээ болуу укугу. Адам баласы өз аракети менене эмгек кылып мүлк топтойт.
Бирөөнүн мал-мүлкүнөн уруксатсыз алууга эч кимдин укугу жок. Ошондуктан уурулук чоң күнөө. Уурулук – бул бирөөнүн мал-мүлкүн ээсинин ыраазылыгысыз же уруксатысыз алуу.
Бул деген адамдын негизги акы-укуктарынын бирине, мал-мүлкүнө карата жасалган кол
салуу. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта: «Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы (адамдык кадыры) мусулманга арам» деген. Башкача айтканда, эч ким бирөөнүн жанына, ар-намысына зыян келтирүүгө, бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз алууга укуктуу эмес.
Уурулук коомдо башаламандыктын жаралышына эң иридеги себептердин бири десек эч жаңылышпайбыз. Эгер уурулукка карата коомдук чаралар көрүлбөсө, элдин мал-мүлкү да, адамдардын өмүрү да ар дайым коркунучта болот. Мунун мисалдарын бүгүнкү
күнү күнүмдүк турмушубузда көп эле кездештирип жүрөбүз. Уурулуктун айынан канчалаган адамдар мал-мүлкүнөн ажырап, канчалаган адамдар бөөдө көз жумуп жатышат?!
Уурулук кылуу чоң күнөө, арам. Куранда: «Уурулук кылган эркек же аял кишинин колун кескиле! Бул – Алланын жазасы. Алла – Мартабалуу, Даанышман! Ким зулумдук кылган соң тооба кылып жакшылык иштерди жасаса, Алла аны кечирет. Чындыгында
Алла – Кечиримдүү, Боорукер! » (Маида сүрөсү, 38-39) деп буюрулат.
Уурдалган мал-мүлктү биле туруп сатып алууга болбойт. Себеби мунун өзү да арам болуп эсептелет. Ислам дини адамды уурулук кылууга түртпөй турган шарттардын түзүлүшүн даярдоого буйуруп, бул багытта негизги талаптарды койгон. Мусулман адам бирөөнүн мүлкүн уруксатсыз алуунун арам жана адам укугу болгондугун билет. Бирөөнүн акысына сугу өтүп шыпшынбайт. Ал адал-арам дегенди түшүнөт. Мына ушул түшүнүгүнөн улам ал
ар дайым бул багытта өтө аяр, кылдат мамиле жасайт.
Мусулман баласы эмгекчил болушу керек. Ал өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да материалдык муктаждыктарын камсыз кылуунун өзүнчө ибадат
болгондугун жакшы билет. Ал жалкоолуктан жаа бою качат. Иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдын муктаждыгы эң жакын туугандардын мойнундагы милдет. Аны жалгыз таштап койуу адамгерчиликке да, Алланын ак динине да жатпайт. Асыресе, Ислам дини бай адамдардан мал-мүлкүнүн 2,5 пайызын зекет иретинде алып, аны кедейлер-кембагалдарга,
жарды-жалчыларга, карызы барларга, жолдо калгандарга жардам катары берет. Исламда
жардамдашуу муну менен гана чектелүү эмес. Алла Таала мусулмандарды зекеттен тышкары кембагалдарга, муктаж адамдарга өзүнчө жардам берүүгө, кайыр-садага берүүгө, карыз акча берүүгө чакырат. Ошону менен бирге мамлекет же коом муктаж адамдарды жолго таштабашы керек. Ардактуу Пайгамбарыбыз: «Кошунасы ач отурган чакта, ток жаткан адам момун эмес» (Хаким, II, 15) деген. Мына ушундай түшүнүктөр менен
жашаган мусулман коомчулугунда арийне, эч ким уурулукка барууга аргасыз болбойт.
Ошентсе да муктаждыктары баары жайында боло туруп уруулукка барган адамга оор жаза
колдонулат. Бул жаза адам укуктарынын корголушу үчүн абадай зарыл.

#166 07 October 2016 - 00:46
II. ТАЛАП-ТОНООЧУЛУК
Бирөөнүн мүлкүн зордук менен алуу, талап-тоноо да чоң күнөөлөрдүн катарынан орун алат. Имам Зуфардын пикиринде, кыймылсыз мүлктө да талап-тоноочулук болот.
Мунун мисалдарын, асыресе, бүгүнкү күнү атка минерлерге, акчага таянып күчсүз адамдардын кыймылсыз же кыймылдуу мүлктөрүн көз көрүнөө тартып алган учурларды көп эле кездештирүүгө болот. Арийне, бул көз көрүнөө талаптоноочулукка кирип, кескин түрдө арам болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз хадистеринин биринде: «Ким бир карыш жерди басып алса, Алла Таала ага ошол жерди жети катмары менен кошо (от кылып)
мойнуна кийгизет» (Муслим, Мусакат, 30) дейт. Демек, жалпы элге, коомго же мамлекетке
таандык мал-мүлктөн, жерден мыйзамсыз бөлүп алуу уурулукка, талап-тоноочулукка жатат.
Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде: «Мал-мүлкүн (коргоо) үчүн көз жумган адам шейит» (Муслим, Иман, 225, 226) деп айтуу менен мал-мүлктү коргоонун өзүнчө зор мааниге ээ болгондугун белгилеген.
Исламда бирөөнүн мал-мүлкүн тоноого кескин түрдө тыюу салынгандыгы Куран, сүннөт жана ижма (жалпы Ислам аалымдарынын ортоктош пикири) далилдери менен тастыкталган. Талап-тоноочулук жолу менен келген мал-мүлктүн өзү да, же ошол мал-мүлктөн түшкөн киреше да арам болуп саналат. Куранда: «О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңдин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен жебегиле! Өз ыраазылыгыңар менен болгон соода болсо, жегиле!» (Ниса сүрөсү, 29)«Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир
бөлүгүн жеш үчүн (пара берип маселе чечиш үчүн) акимдерге алып барбагыла» (Бакара сүрөсү, 188)
Талап-тоноочулуктун акыретте да, бул дүйнөдө да өз-өзүнчө жазасы бар. Азирети Пайгамбарыбыз: «Ким бир карыш жерди басып алса, Алла Таала кыямат күнү ага ошол жерди жети катмары менен кошо (от кылып) мойнуна кийгизген таризде тирилтет» (Бухари, Бадул-халк, 2) дейт. Ислам дини боюнча, талап-тонолгон мал-мүлк эч качан талап-тоногон адамга таандык болуп эсептелбейт. Арадан канча жыл өтсө өтсүн, ал мал-мүлк өз ээсине таандык.
Уурдалган же тоноп алынган мал-мүлк ошол бойдон болсо, аны өз ээсине кайтарып берүү кажет. Ал эми өзгөрүүгө дуушар болсо же жоголсо, аны мал-мүлк же акча каражаты менен төлөп берүү зарыл.
Бүгүнкү күнү мамлекетке таандык жерлерди, токойлорду, фонд мал-мүлктөрүн, күчсүз кедей-кембагалдардын мал-мүлкүн мыйзамсыз жолдор менен алууга каршы чараларды көрүү кажет. Мунун эң эле оңтойлуу жолу – бул элге ыймандуулук, Аллага
ишенүү, акырет, кыямат, өлүм, адал-арам сыяктуу түшүнүктөрдү жетик түшүндүрүү.
Асыресе, уурдалган же талап-тонолгон мал-мүлктү ээсине кайтарып берүү менен гана акыреттик жазадан кутулууга болбойт. Анүчүн мындай кадамга барган адам мал-мүлктү өз ээсине кайтарып берген соң чын жүрөктөн Жараткандан кечирим тилеп, экинчи уурулукка, талап-тоноочулукка барбоого сөз берип, сөзүндө бекем турушу кажет.

#167 07 October 2016 - 01:30
III. МЫЙЗАМСЫЗ МАЛ-МҮЛККӨ ЭЭ БОЛУУ
Укуктук эч бир себепке таянбай туруп бирөөнүн мал-мүлкүн ээлеп алуу мыйзамсыз болуп, шариятка дал келбейт. Маселен, бир адам кимдир бирөөгө карызы болбосо да, жаңылыштык менен ага «карызын» төлөсө, акчаны алган адам мыйзамсыз мал-мүлккө ээ болгон болот. Жумушчунун эмгек акысын бербөө, бирөөнүн үйүн, жерин уруксатсыз
пайдалануу сыяктуу жагдайлар да шариятка (мыйзамга) шайкеш келбейт. Мына ушул сыяктуу жолдор менен бирөөнүн мал-мүлкүнө ээ болгон адам мал-мүлктү өз ээсине кайтарып бериши кажет.
IV. ЖЕТИМДИН МАЛ-МҮЛКҮН ПАЙДАЛАНУУ
Атасынан же ата-энесинен ажыраган балагатка жете элек бала «жетим» болуп эсептелет.
Куранда жетимдин мал-мүлкүн мыйзамсыз пайдалангандар жөнүндө: «Жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер курсагын тозок отуна
толтурушкан болот» (Ниса сүрөсү, 10) «Жетимдердин мал-мүлкүн (бойго жеткен соң)
өздөрүнө кайтарып бергиле! Жакшыны жаманга алмаштырбагыла(б. а.жетимдин мүлкүн өзүңөрдүн мал-мүлкүңөргө аралаштырып, бөөдө адал мүлкүңөрдү арам кылып албагыла! )
Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн мүлкүңөргө кошуп жебегиле! Анткени бул чоң күнөө!» (Ниса сүрөсү, 2)
Ыйык Куранда жетимдер тууралуу 23 жерде, ал эми куттуу хадистерде болжол менен отуз жерде сөз козголот. Ислам дини бул багытта эки негизге өзгөчө басым жасайт:
1. Жетим баланын мал-мүлкүн балагатка жеткенге чейин эң ийги таризде сактап коргоо кажет.
2. Жетим баланы кемсинтип жетимсиретпөө кажет.
Жетимдин жоопкерчилиги үчүн кимдир бирөөнү өкүл дайындоо зарыл. Бул өңүттөн Ислам укукчулары төмөнкү шарттарга жооп берген адам өкүл боло алат:
а. Ишенимдүү болуу,
б. Адамгерчиликтүү болуу,
в. Адилеттүү болуу
г. Ысырапкор болбоо
Жетимдин мал-мүлкүн тигил же бул таризде өзүнө мыйзамсыз өткөрүп алган адам арам ишке кадам таштаган болот. Арийне, жетимдин акысын Алла Таала акыретте алып берери бышык.
Азирети Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринде жетимдин мал-мүлкүн адилетсиз жол менен пайдалануу адамды чоң жоготууга учуратчу жети чоң күнөөнүн катарына кирерин айткан. Мына ошол хадистерде төмөнкүчө буюрулат: Жок кылуучу мынабу жети нерседен оолак болгула:
Аллага шерик кошуу,
сыйкырчылык,
адам өлтүрүү,
сүткорлук (процент акча алып-берүү),
жетимдин мал-мүлкүн жеш,
душманга кол салуу учурунда согуштан качуу,
ар-намыстуу таза момун аялдарга зина күнөөсүн таңуулап, жалган жалаа жабуу»
(Бухари, Васаиа, 23, Тыбб, 48; Муслим, Иман, 145, Васаиа, 10; Насаи, Васаиа, 12)
Ислам дини жетимдин мал-мүлкүн жеш мындай турсун, анын жоопкерчилигин алуу, мал-мүлкүн коргоо зарылчылыгын талаптайт. Алла Таала аяттардын биринде төмөнкүчө буюрат: «Жетимге каарданба! Кайырчыга орой мамиле жасаба!» (Духа
сүрөсү, 9-10)
Жетимдин мал-мүлкүн жеш канчалык оор күнөө болсо, аны коргоо да ошончолук сооптуу иш. Ошондуктан ар ким өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү жетимдерди өз карамагына алып, мал-мүлкүнө баш-көз болуп коргошу шариятка да, адамдык нарк-насилге да куп жарашат.
Пайгамбарыбыз жетимдерди коргоп, аларга баш-көз болгондор үчүн: «Жетимдин жоопкерчилигин өз мойнуна алып, милдетин аткарган адам бейиште мени менен мына бундай жакын болот» деп сөөмөйү менен ортон манжасын көргөзгөн.
Күндөрдүн биринде бир адам Пайгамбарыбызга келип: «Өзүм кедеймин, эч нерсем жок. Ошентсе да колумда жетимим бар!» дейт. Анда Пайгамбарыбыз ага: «Жетимдин мал-мүлкүнөн пайдалан! Бирок бул учурда ысырапчылыктан, шашмалыктан оолак бол! Анын мал-мүлкүн өзүңө өткөрүп алба!» деп жооп кайтарган экен (Абу Давуд, Васайа, 8; Насаи,
Васайа, 11)

#168 07 October 2016 - 03:24
V. МАМЛЕКЕТТИК МАЛ-МҮЛККӨ КОЛ САЛУУ
Бүгүнкү күнү эң кеңири кулач жайган арам киреше жолдорунун бири дал ушул мамлекеттик мал-мүлккө мыйзамсыз ээ болуу. Жалпыга маалым болгондой, мамлекеттик кандайдыр бир кызматка отурган адамга ал жердеги мал-мүлк каражаттары аманат катары берилет. Кызматка отуруу менен ал жердеги элдин мал-мүлкүнө, казынасына кол салуу чоң күнөө болуп эсептелет. Мындай кызматтарда иштегендер баарыдан мурда мамлекеттик
мал-мүлктү коргоо, аны мыйзамдуу жол менен сарптоо багытында өтө кылдат болуулары кажет.
Аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат: «Ким кыянаттык кылып (олжодон) жашыруун алган болсо, ал кыямат күнү Алланын алдына ошол кыянаттыгы менен келет.
Андан соң ар ким өзүнүн ишине жараша же сый, же жаза алат. Эч ким зулумдук көрбөйт (ал күнү ийненин көзүндөй да адилетсиздик болбойт)» (Аали Имран сүрөсү, 161)
Ислам дини мамлекеттик мал-мүлккө, казынага туура эмес жол аркылуу кол салууга кескин түрдө тыюу салат. Мамлекеттик мал-мүлк – бул элдин мал-мүлкү, элдин акысы. Демек, мамлекеттик мал-мүлктө кары-картаңдардын, эмчек эмген наристелердин, жетимдердин, кароосуз калган жарды-жалчылардын, айтор, жалпы элдин акысы, үлүшү бар.Ошондуктан мамлекеттик мал-мүлктү каалагандай каржоо да, ысырапчылык менен
колдонуу да чоң күнөөлөрдүн катарына кирерин эсибизге түйүп койуубуз абзел.
VI. ФОНД МАЛ-МҮЛКҮНӨ КОЛ САЛУУ
Фондко берилген мал-мүлктүн сарпталышы аны берген адам тарабынан белгиленет.
Бул учурда кимдир бирөө өз чөнтөгүнөн белгилүү өлчөмдө акча каражатын атайын окуучулар, же кедей-кембагалдар, оорулуулар, же жетимдер ж.б. үчүн кайсыдыр бир фондко тапшырган болсо, ал фонд анын аманатын толук аткарышы кажет. Андыктан фонд мүлкүнө мыйзамсыз ээ болуу аманатка кыянаттык болуп, чоң күнөөгө кирет. Фондко таандык мүлк жетимдин мал-мүлкү сыяктуу. Фонддун башындагылар аны аманатка жараша колдонуулары кажет. Фонд мал-мүлкүнө зыян алып келе турган таризде аракет кылууга уруксат берилбейт.

#169 07 October 2016 - 03:30
VII. БИРӨӨНҮН АКЫСЫНА КАЙДЫГЕР МАМИЛЕ ЖАСОО
Бул жерде мурас маселесин мисал катары бермекчибиз. Ислам дининде кимдер мураскор болууга укуктуу болгондугу ачык-айкын көрсөтүлгөн. Мураскорду мурастан оолак тутуу, зордук менен мал-мүлкүн тартып алуу арам болуп, чоң күнөөгө кирет.
Мурасты Куранда жана сүннөттө көрсөтүлгөн таризде бөлүштүрбөө бирөөнүн акы-укугун
тепсегенге жатат.
Асыресе, зекет берүүгө милдеттүү адам зекетин бербесе, кедей-кембагалдардын акысын жеген болуп эсептелет.
VIII. ТАРАЗАДАН ЖАНА МЕТРДЕН АЛДОО
Күнүмдүк турмушта, эл менен болгон мамиледе, соода-сатыкта түз-туура жүрүүгө өзгөчө маани берүү кажет. Бул өтө зор мааниге ээ. Асыресе, тарыхта жер менен жексен болгон коомдордун айрымдары дал ушул соода-сатыктагы алдамчылык, шылуунчулук себептүү Алланын каарына калгандыктары билдирилет. Таразадан жана метрден алдоо арам болуп чоң күнөөлөрдүн катарына кирет. Бул багытта Куранда көптөгөн эскертүү аяттар бар. Аяттардын биринде «Өлчөгөндө толугу менен өлчөп бергиле, туура тараза колдонгула! ..» (Исра сүрөсү, 35) деп буюрулат. Куранда таразадан жана метрден алдоо
себептүү кургуйга житкен Мадян эли тууралуу сөз козголот. Анда Шуайб пайгамбар бул багытта Мадян элине эскертүү берсе да, алар пайгамбардын сөзүнө кулак төшөбөй коюшат.
Бул окуя Куранда төмөнкүчө баяндалат: «Ал (Шуайб): О, эл-журт! Аллага гана сыйынгыла! Силердин андан башка эч бир Кудайыңар жок. Өлчөмдү жана салмакты туура өлчөп-тарткыла. ...» деди (Худ сүрөсү, 84). «Аларды жер титирөө талкалады. Алар өз журттарында жер астында бүк түшкөн абалда таңды тосушту. Шуайбды жалганга
чыгаргандар ал жерде эч качан болбогондой абалга келишти. Алар зыянга учурашты» (Аараф сүрөсү, 91-92).
Бул багытта мындан башка дагы бир канча аятта төмөнкүчө буюрулат:
«(Соода-сатыкка койгон мүлкүңөрдү) Туура тараза менен тарткыла! Адамдардын мүлкүн (акысын) кемитпегиле, жер бетинде бузукулук кылбагыла! » (Шуара сүрөсү, 182-183)
«Таразадан алдагандарга азап! Алар адамдардан өлчөп алышса, толук алышат да, бирөөгө таразалап беришсе, кемитип беришет. Алар (кыяматта) тирилээринин анык экенин билишпейби? !» (Мутаффифин сүрөсү, 1-4).

#170 08 October 2016 - 03:28
IX. ИХТИКАР
Ихтикар – бул элдин кандайдыр бир муктаж азыгын базардан алып, аны баасы көтөрүлсүн үчүн белгилүү мөөнөт аралыгында сактоо. Маселен, буга буудайды мисал келтирсек болот. Ихтикарда эл кысталыш учурга дуушар болгондуктан аны өз баасынан алдаканча жогору баада сатып алууга аргасыз болот. Ардактуу Пайгамбарыбыз мына
ушундай жол менен киреше табууга тыюу салуу иретинде мындай деген: «Алыс жерден мал-мүлк алып келген адам (адал) ырыскы табат; ал эми ихтикарчы наалат-каргыш алат» (Ибни Маажа, Тижарат, 12)
Асыресе, кимдир бирөө өзү өндүргөн мал-мүлктү базарга дароо алып чыкпашы ихтикарга кирбейт. Бирок ошону менен бирге коомчулук ошол мүлккө зарыгып турган учурда бааны ашкере жогорулатып жагдайдан пайдаланып калуу аракетин көрүү дурус
эмес. Соодагерлер жокчулук учурлардан тышкары коомчулукта кайсыдыр бир мал-мүлккө (мисалы, буудайга) кысталыш жаратып, ага болгон бааны жогорулатуу максатын көздөбөө шарты менен ошол мал-мүлктү каалаган өлчөмдө топтоп аны белгилүү мөөнөт аралыгында сактоого болот. Шариятта буга тыюу салынган эмес.
Имам Азамдын шакирти Имам Абу Юсуфтун пикиринде, кайсыдыр бир мал-мүлктү сактоо жалпы элге зыян алып келсе, ал ихтикарга кирет. Кийим-кече, турак-жай, отун ресурстары, унаа сыяктуу каражаттар адамдын негизги муктаждыктары болуп эсептелет.
Ал-Касани бул багытта мындай дейт: «Ихтикар кылуу – арам. Анткени ал зулумдукка жол
ачат. Бир чөлкөмдө алынып сатылган нерселерде коомчулуктун акысы бар. Эл кайсыдыр бир мал-мүлккө зарыгып турган чакта, аны баасын көтөрүү үчүн сатыкка чыгарбай кармап туруу элдин акы-укугуна тоскоол болуу дегендикке жатат. Ал эми элдин акы-укугуна кайдыгер мамиле жасоо – бул адилетсиздик, арам»
Азирети Пайгамбарыбыз: «Күнөөкөр адам гана ихтикарга барат» (Муслим, Мусакат, 26) деген.

#171 08 October 2016 - 03:32
X. СООДАГА КОЮЛГАН МАЛ-МҮЛКТҮН КЕМЧИЛИГИН ЖАШЫРУУ
Соода-сатыкта мал-мүлктүн кемчилигин жаап-жашыруу, кандайдыр бир мүлк каражатын кардардын кабары жоктугунан пайдаланып өз баасынан жогору баага сатуу, сапатсыз мүлктү сапаттуу көрсөтүү сыяктуу жолдор менен элди алдоо адал кирешенин
арамга айланышына түздөн-түз себеп болору бышык.
Ардактуу Пайгамбарыбыз «Бизди алдаган бизден эмес» дейт. Мусулман баласынын эң иридеги өзгөчөлүктөрү – бул анын туура, түз жүрүшү, ишенимдүү, адилеттүү болушу, калп айтпашы. Ал беш тыйындык жеке кызыкчылыгы үчүн элди алдап, утурумдук дүйнөнүн азгырык лаззатын түбөлүк бактысына алмаштырбайт.
Дин Исламда эң маанилүү эрежелердин бири – бул «акы-укук» түшүнүгү.
Исламдын өзү мына ушул түшүнүккө негизделет.
Андыктан бирөөнү алдап мал-мүлкүн сатуу – бул анын ыраазылыгысыз мүлк каражатын алуу, уурдоо дегендикке жатат. Себеби кардар сатып алып жаткан мал-мүлктүн кемчилигин билсе, аны алмак эмес. Ошондуктан мал-мүлктү кемчилигин жашырып
сатууда кардардын ыраазылыгы болбойт.
Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Кимде дин боордошунун ар-намысына, мал-мүлкүнө
байланышкан акысы болсо, алтын-күмүштүн түк пайдасы болбой турган кыямат күнү келгенге чейин аны менен адалдашсын (акысын берсин). Болбосо, өзүнүн жакшылык иштери (сообу) болсо, соопторунан ошол (акысы берилбеген) өлчөмдө алынат (да өз ээсине кайтарылат). Эгер жакшылыктары болбосо, тиги зулумдукка учураган (акысы тепселген) адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт» (Бухари, Мазалим, 10).
Ислам дининде соода-сатыкта алдамчылыкка, шылуунчулукка, мал-мүлктү ашкере (анда болбогон сапаттар менен) мактоого, кемчиликтерин жаап-жашырууга тыюу салынган. Куранда төмөнкүчө буюрулат: «О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңдин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен жебегиле! Өз ыраазылыгыңар менен болгон соода болсо,
жегиле!» (Ниса сүрөсү, 29)

#172 09 October 2016 - 02:08
XI. АРАМ НЕРСЕЛЕРДИ САТУУ
Ислам дининде кээ бир нерселерди сатуу арам кылынган. Маселен, спирттик ичимдиктер, баңги заттар, доңуз (чочко) эти, тарп, атайы сыйынууга даярдалган идолдор сыяктуу. Шариятта жол берилбеген жумуштарда (мисалы, бүгүнкү күндүн кумарканалары
казинолордо, оюн автоматтарында) иштөөнүн өзү да күнөө болуп эсептелет. Мындай жерлерден алынган аилык маяна да арам кирешеге кирет.
XII. ЖАЛГАН КАСАМ ИЧҮҮ МЕНЕН СООДА ЖҮРГҮЗҮҮ
Кандайдыр бир соода мүлкүн сатуу үчүн жалган касам ичүү да арам киреше жолдоруна кирет.
Соода-сатыкта деги эле утурумдук болор-болбос кандайдыр бир киреше үчүн «Валлахи» деп Алланын ысмын оозанып касам ичүүнүн өзү жакшы эмес. Ал эми соодага коюлган мал-мүлк жооп бербеген сапаттарга карата жалган касам ичүү чоң күнөө болуп эсептелет. Себеби бул учурда да кардар алданган болот. Азирети Мухаммед
(саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз: «Соода-сатыкта дайынсыз көп касам иче
берүүдөн этият болгула! Себеби касам сооданы ылдам жүргүзсө да, берекени качырат» (Муслим, Мусакат, 27) дейт.
XIII. АРАМ КЫЛЫНГАН ИШТЕР МЕНЕН КИРЕШЕ ТАБУУ
Ислам дини арам кылынган иштерди кесип катары өздөштүрүүгө, асыресе мындай жолдор менен киреше табууга кескин түрдө тыюу салган. Сойкулук, сыйкырчылык, көзү ачыктык сыяктуу жолдор менен акча табуу арам. Ошондой эле себепсиз адам өлтүрүү сыяктуу күнөө иштерде күнөөкөрдүн айыбын жабуу үчүн андан алынган акча да арам болуп саналат. Күнөө боло турган таризде эл алдына чыгып ырдап-бийлеп акча табууга да шариятта жол берилбейт. Күнөө боло турган тариз дегенден максат, биринчиден ырдын
маани-маңызы адеп-ахлакка, шариятка каршы болушу, экинчиден ырчынын кийими (маселен, келин-кыздардын жарым жылаңач кийим менен ырдап чыгышы) шариятка дал келбеши (б.а. шариятта аврат-уят деп эсептелген жерлердин ачык болушу) керек.

#173 12 October 2016 - 14:33
XIV. СҮТКОРЛУК (пайызга акча алып-берүү)
Ислам дини адамдын өз эмгегин адал деп эсептейт. Ал эми мындан тышкаркы киреше табуу жолдоруна тыюу салат. Мына ушундай жолдордун бири – сүткорлук.
Сүткорлуктун да түрдүү жолдору бар. Бүгүнкү күнү эң кеңири колдонулганы акча түрүндөгүсү эсептелет. Бул өңүттөн сүткорлук – бул, келишимде белгиленген учурда белгилүү өлчөмдө кошумча акча менен кайтарып алуу шарты менен карызга акча берүү.
Мына ушул таризде макулдашылган келишимдин баары сүткорлукка кирет.
Акчанын ордуна мал-мүлк берүүдө пайыз болбойт. Пайыз окшош түрдөн болгон мал-мүлк каражатынан болот. Карызга алынган акчага кошумча акча берүү сыяктуу.
Окшош мал-мүлк каражаттарын айырбаштоодо базар баалары эске алынышы кажет.
Мисалы, жогорку сапаттагы буудай менен эски сапаты төмөн буудайды алмаштырып жатканда баалары эсептелиши керек.
Пайыз ошондой эле тараза жана метр менен өлчөнүп сатылган мал-мүлк каражаттарынан да болот. Мындай мүлктөрдү айырбаштоодо тең тартылып өлчөнөт да, анын сапаты, баасы эске алынып акча иретинде берилет. Мал-жандыктар буларга кирбейт.
Андыктан мал-жандыктардан пайыз болбойт.
Сүткорлук туурасында Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Сүткорлук кылгандар (кыяматта) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Буга алардын: Чындыгында соода сүткорлукка окшош» дегени себеп. Алла сооданы адал, сүткорлукту арам кылган...» (Бакара сүрөсү, 275), «Силер адамдардын мал-мүлкү аркылуу көбөйсүн деп берген пайыз (акчаңар) Алланын алдында көбөйбөйт. Алланын ыраазылыгы үчүн берген зекетиңер эселенип көбөйөт» (Рум сүрөсү, 39)
Сүткорлуктун арам болгондугуна карата көптөгөн хадистер да айтылган. Алардын биринде мындай делет: «Абайлагыла! Караңгылык доорундагы сүткорлуктун бардык түрүнө тыюу салынды. Өз акчаңар өзүңөрдүкү (андан ашыкчасы силерге адал эмес).
Мына ушуну (эске алып) аракет кылсаңар, бирөөнүн укугун тепсебеген да, өз укугуңарды
коргогон да болосуңар» (Бухари, Буиуу, 79). Сүткорлук коомдо баилыктын, мал-мүлктүн белгилүү гана кишилердин колунда
болушун шарттаит. Байлык, акча коомдун бардык катмарына жайылышы керек. Коомдогу байлыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгү ар кимге ачык болушу керек. Ислам коомдо белгилүү гана адамдарда акчанын, байлыктын топтолушуна каршы. Исламдын сүткорлук жана башка өкүмдөрүндө да ушул жагдай эске алынган.
Бүгүнкү күнү банк системасы кеңири кулач жайгандыктан проценттүү кредит алуу же берүү көпчүлүк адамдарга жөнөкөй көрүнүш катары сезилет. Негизи бул андай эмес.
Мунун элге өтө чоң зыяндары бар. Банктар элдин акчасын аз процент менен топтоп, аны кайра жогору өлчөмдө процентке коюп элге кредитке беришет. Кредит менен алектенгендер белгиленген суммага процент койушкандыктан мындан эл гана зыян тартат.

#174 13 October 2016 - 14:12
XV. КУМАР ОЙНОО
Ислам дининдеги чоң күнөөлөрдүн бири – кумар ойноо. Исламда адал киреше табуу жолдору белгилүү. Мусулман адам өз маңдай тери менен иштеп, эмгек кылып акча табат.
Ислам шанска таянган (лотерея сыяктуу) оюндарды арам кылган. Ошондуктан ислам аалымдары мындай оюндардын баары кумарга кирерин баса белгилешкен. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жайган лотерея, оюн автоматтары, «картошка» оюндарынын баары кумарга кирет. Мындан сырткары ат жарыш, биллиард сыяктуу спорт түрлөрүнө карата шанс
оюндары (маселен, эки адамдын ортосундагы мелдешүү же ставка койушуу) да кумарга
кирип, арам болуп эсептелет. Кумар ойноо, ойнотуу жана мындай жерлерден акча табуу
чоң күнөө. Куранда төмөнкүчө буюрулат: «О, момундар! Арак, кумар, (сыиынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери.
Мындан сактангыл! Мүмкүн кутулаарсыңар. Шайтан арак, кумар менен ортоңорго кек салып от жагып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт...» (Маида сүрөсү,90-91).174 Кумар дин Исламда өзгөчө баса белгиленген адал киреше табуу, адам укугу, акыйкат, адилеттүүлүк сыяктуу жагдайларга түк дал келбеит. Кумар – бул эч кандай эмгек кылбастан башка адамдардын акыларын жөн жерден алуу. Бүгүнкү күнү кумардын түрү абдан көбөйүп көптөгөн адамдарды өз таасирине алып коомдук көйгөйлөрдү жаратып
жаткан чакта мындай жолдордон оолак болуу ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Кумардын зыяны айтпаса да айдан ачык. Ошондой болсо да бир-эки ооз сөз айтсак ашыкча болбос.
Кумар адамды кебез менен мууздаган, өтө тез ырбап, тез жуккан жугуштуу оору сыяктуу.
Ал ар дайым адамдар ортосуна от жагып, келишкис душманга айлантып, андан ары коомдук бейпилдикке, тынчтыкка доо кетирип, коомдук ынтымактын ыдырашына чейин алпарат. Кумар адамдын жеке өзүн да, үй-бүлөсүн да туңгуюкка бууп, өзүн-өзү өлтүрүүгө, үй-бүлө келечегине ар кандай коркунучтардын жаралышына шарт түзөт. Ошондуктан бул өтө орчундуу маселе.
Бүгүнкү күндүн эң иридеги көйгөйлөрүнүн бири – бул «акча тапсам болду, калганы мени кызыктырбайт» деген чолок ойдун кеңири кулач жайышы. Мусулман баласы эч качан мындай ойго кирбеши кажет. Ал тек гана адал жолго багыт алышы керек. Ал өз акысынан тышкаркы арам кирешенин эртең эле акыретте тозок отуна айланып алдынан тосуп чыгарына кынтыксыз ишенет. Акы-укук, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк жана калыстык Ислам дининин эң маанилүү негизги эрежелеринен болуп саналат.

#175 13 October 2016 - 14:17
XVI. ПАРА АЛУУ
Пара – бул, акыйкаттын алсырашы же адилетсиздиктин үстөмдүгү үчүн алынган
акча каражаты. Ардактуу Пайгамбарыбыз пара алганга да, пара бергенге да наалат айткан
(Абу Давуд, Акзия, 4). Пара негизинен кандайдыр бир нерсеге ээ болуу үчүн, же милдеттүү кандайдыр бир ишти аткарбоо үчүн же кандайдыр бир төлөмдү өз өлчөмүнөн аз төлөө үчүн берилет.
Мунун баары тең чоң күнөөгө кирип, адилетсиздик болуп саналат.
Алла Таала бул багытта адам баласына төмөнкүчө эскертүү берет: «Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жеш үчүн (пара берип маселе чечиш үчүн)
акимдерге алып барбагыла» (Бакара сүрөсү, 188)
Ислам аалымдары, эгер кимдир бирөө өзүнүн акысын тек гана пара берип алууга аргасыз болуп пара берсе, ал күнөөкөр болбойт, ал эми пара алган адам күнөөкөр болот, дешет.
Өзгөчө мамлекеттик мекемелерге, анын ичинен сотторго «пара»нын аралашуусу өтө чоң күнөө. Алланын акыркы Элчиси: «Өкүм берүүдө пара алганга да, бергенге да Алла Тааланын наалат-каргышы болсун!» (Тирмизи, Ахкам, 9) деп элге кескин түрдө эскертүү берген.
Кайсыдыр бир кызматкер адамдын пара менен адилетсиздикке барышы өтө кооптуу иш. Мамлекеттик кызматта отурган адамга жагынуу үчүн, же кандайдыр бир жеке кызыкчылык үчүн белек берүү да «пара берүүгө» жатат.
Зекет чогултмакка дайындалган адам ишинен кайтып келип Пайгамбарыбызга:
«Бул сиздики, ал эми бул мага берилген белек» дегенде ал ачууланып: «Эгер туура айтып жатсаң, баргын да ата-энеңдин үйүндө олтур, мындай белектерди сага ким алып келер экен, көрөлү» (Муслим, Имара, 26-30) деп айтуу менен мындай кызматтардагы адамдарга белек пара ниети менен берилерин билдирген.

#177 17 October 2016 - 00:20
Уландысы дагы болобу?
Оа, албетте болот буйруса. Бир аз убакыт табайын, сөзсүз түрдө аягына чейин жазам. Иншаа Аллах.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#178 18 October 2016 - 02:21
XVII. ИШТӨӨ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БОЛО ТУРУП КАЙЫРЧЫЛЫК КЫЛУУ
Куранда жана сүннөттө мусулман адамды адал эмгек кылууга, иштөөгө үндөгөн аят-хадистер арбын. Жума сүрөсүнүн 10-аятында Алла Таала мындай буюрат: «(Жума) Намаз аяктаган соң жер бетине тарагыла! Алланын ырайымын (адал ырыскысын) табуу үчүн иштегиле! Анан да Алланы көп эстегиле, ийгиликке (түбөлүк бакытка) жетесиңер».
Мына ушул жана башка аят-хадистерди эске алган аалымдар адал эмгек менен киреше табууну өзүнчө ибадат деп эсептешет. Ошону менен бирге мусулман адам жеке өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да муктаждыктарын адал жол менен камсыздашы парз өкүмүндөгү иш болуп эсептелет. Ал эми иштөө мүмкүнчүлүгү боло туруп элден кайыр суроого шарият жол бербейт. Кайырчылык алты саны аман-соо иштөө мүмкүндүгү бар адам үчүн ар-намыска доо кетирген, адамдык кадырды түшүргөн, адамды жалкоолукка түрткөн жат иш.
Ошондои эле Пайгамбарыбыз төмөнкү үч топко кирген адамдардын кайыр сурашын адал деп эсептеген:
1. бир адамга же коомчулукка өкүл болуп карызга белчеден батып карызын төлөй албаган адам,
2. кандайдыр бир кырсык себептүү мал-мүлкүнөн түп орду менен ажыраган адам,
3. кембагал жакыр адам.
Булардан сырткары бир күндүк тамак-ашы
бар, алты саны аман-соо адамдын кайырчылык кылышы адал эмес. (Муслим, Зекет, 109; Абу Давуд, Зекет, 36).
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кайырчылыкты кесипке айлантуу терс жосунга жатаарын баса белгилеп: «(Эмгек кылуу мүмкүнчүлүгү болсо да) Кайырчылыктан такыр кайтпаган адамдар бар. Кыямат күнү мына ошондой адамгерчилиги төмөн адам Алланын алдына жүзү этинен ажыраган абалда барат» (Муслим, Зекет, 103) «Кимде-ким мал-мүлк чогултуу үчүн кайырчылык менен алектенсе, ал элден от-жалын сураган болот»
(Муслим, Зекет, 105) «Кимдир бирөөнүн бир кучак отун топтоп, аны (базарга) алып келип сатышы кайырчылык кылышынан алдаканча артык...» (Муслим, Зекет, 107). Кайырчылык кылуу арийне, терс көрүнүш. Кайырчылыкты кесипке айландырып
алганга акча берүү жакшы эмес. Кайыр-садаганы чыныгы муктаж адамга берүү керек.
Ислам дини мусулмандарга зекет берүүнү парз кылып, кайыр-садага берүүнү сооптуу иш катары сунуш кылат. Кедей тууган-туушкандарга каралашууну милдет катары көрөт.
Ырас, Ислам дининин буйруктары толук орундалганда, кайырчылык болмок эмес.

#179 23 October 2016 - 03:13
ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
МУСУЛМАН АДАМДЫН НЕГИЗГИ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Жогоруда белгиленген негизги ибадаттардан сырткары мусулман баласынын мойнунда дагы бир катар милдеттер бар. Алар мусулман адамдын жана мусулман коомчулугунун негизги өзгөчөлүктөрү болушу кажет. Буга чейин сөз болгон ыйман
негиздери, парз ибадаттар, ырас, Исламдын негизги талаптары. Арийне, мусулманчылык
тек бул ибадаттар менен гана чектелбейт. Демек, арам, күнөө иштерден оолак болуу мусулманчылыктын өзгөчөлүгү. Ата-энеге жылуу мамиледе болуу, ар дайым калыс, адил, боорукер болуу, элдин кызматын өтөө, бирөөгө жардам берүү, адилетсиздикке, зулумдукка каршы туруу, жоомарт, айкөл, иштерман болуу, жалкоолуктан алыс болуу, адеп кармануу, тууган-туушкандык мамилелерди жандандыруу, сабырлуу, кечиримдүү болуу сыяктуу толуп жаткан изги сапаттар мусулман баласынын ажырагыс өзгөчөлүктөрүнүн катарына кирет. Мусулман мына ушундай өзгөчөлүктөрү менен мусулман боло алат. Мунун баары тең Улуу Жараткан Кудай Тааланын буйругу.
I. АЗИРЕТИ МУХАММЕД (саллаллаху алейхи васаллам) ПАЙГАМБАРДЫ СҮЙҮҮ ЖАНА АНДАН ҮЛГҮ АЛУУ
Мусулмандын жашоо мугалими арийне, Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз болуп саналат. Мусулман баласы аны мал-жанынан да артык көрөт. Анткени мусулмандын жашоосу анын таалими менен өзгөчө мааниге ээ болуп көркүнө чыгат. Адам болуунун эң изги өзгөчөлүктөрү анын адамдык касиетинде катылуу.
Ал эң жогорку адеп-ахлакка ээ адам. Өз сөзү менен айтканда, аны жалгыз Алла Таала тарбиялаган. Мына ошондуктан Ыйык Куранда: «Чындыгында, силер үчүн; Аллага жана акырет күнүнө (жарык маанай менен) барууга үмүт байлагандар жана Алланы көптөн-көп зикир кылып эстеген момундар үчүн Алланын Элчисинде эң мыкты үлгү-өрнөк бар» (Ахзаб сүрөсү, 21) деп буюрулган. Андыктан Пайгамбарыбызды таанып-билүү менен улуу Ислам динибизди жакындан тааныган болобуз.
Алла Таала адам баласын жөн-себепсиз, максатсыз жараткан эмес. Элчилери аркылуу ага жакшы-жаманды, адал-арамды үйрөткөн. Калетсиз, акыркы пайгамбар Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) бул багытта өрнөк болчу эң иридеги
инсан. Ал Алланын кулпендеси, ал үй-бүлө кожоюну, өзүнчө ата, өмүрлүк жар, өлкө
башчысы, кара кылды как жарган калыс казы (сот), кошуун баштаган колбашчы, бирөөгө
дос, бирөөгө тууган, элдин керегине жараган элдик инсан, кедей-кембагалдардын башпаанеги. Ал мына ушундай ар тараптуу теңдешсиз үлгүлүү инсан!
Жараткан Алла мындай буюрат: «Ал Пайгамбар аларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарат. Таза нерселерди адал, ыплас нерселерди арам кылат. Алардын оор жүктөрүн түшүрүп, оор милдеттерин жеңилдетет. Бул пайгамбарга ишенген, ага урмат көргөзгөн, жардам берген, аны менен жиберилген нурга (Ыйык Куранга) моюн сунгандар (тозоктон) кутулушат (түбөлүк бакытка жетишет)» (Аараф сүрөсү, 157).
Адам төрөлгөн күндөн тарта ар түркүн өңүттөн бир үлгүгө муктаж боло келет.
Анткени адам ишенимин, кыймыл-ишти бирөөдөн үйрөнүп көрүп жасайт. Бир адамды өрнөк тутуп, анын кишилигине, адеп-ахлагына ашыгуу – бул киши баласынын табигый өзгөчөлүгү. Ошондуктан Алла Таала адам баласына тек китептерин гана эмес, ошол китептердин жандуу өрнөктөрүн, б.а. пайгамбарларын жөнөткөн. Айрыкча адеп-ахлактык,
руханий өңүттөн адам баласы өзүнө үлгү болуп бере алгыдай өрнөккө муктаж. Адам өзүнө
үлгү катары көргөн адамдарга ашыгып, күчүнүн жетишинче аны тууроого, анын тараптары
болууга аракет кылат. Бүгүнкү күнү тилекке каршы, айрыкча жаштар терс көңүл ачуу
жолундагы бир катар адамдарды өздөрүнө идеал катары тутуп, алардын жолуна түшүү үчүн жандалбас уруп, өздөрүн түбөлүк бактысынан ажыратууга аракет кылып келет.
Кандай гана орду толгус касирет! Алар бир жолу гана ыроолонгон өмүр-жашоосун, келечегин текке кетирип, туура эмес өрнөктөргө ашыгууда. Адеп-ахлак дегенде күлкү-табасы келген наадандар, караңгы түркөйлөр, өздөрүн дагы теске салалбаган, каракүч азгырык шайтанга алданып напсинин түбү көрүнгүс туңгуюгуна бой таштаган адамдар, ыймансыздар, катынпарастар, акчанын кулуна айлангандар, заалымдар, мусулмандарга
душман болгондор мусулман баласы өрнөк ала турган адамдар эмес. Мусулман баласы буларга ишенимин арта албайт, булардын сөзү менен боло албайт, алардын жолунан жүрө албайт жана жүрбөшү да кажет.
Жакшылыктын, изгиликтин, акыйкаттын, туура жолдун көрнөгү – Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз болуп саналат. Пайгамбардан үлгү алуу деген мына ушундай болот. Анын сунуштарын жандилден сүйүп кабылдоо, жакшы дегенин жакшы, жаман дегенин жаман деп билүү. Жакшы – бул анын жакшы
дегени, жаман – анын жаман дегени. Ал эки дүйнө тең салмактуулугун үйрөтүп, элди түбөлүк бакыттын гүлзар багына чакырган.
Ага моюн сунбаган, аны өрнөк тутпаган бүгүнкү күндүн айрым адамдары элди жамандыкка, шайтандын акка кара көө жапкан азгырыктарына, акты кара, караны ак кылып көрсөткөн карама сокурлукка үндөп, акыретти жомок катары кароого, дүйнөгө тирек болчудай, эч көз жумбастай болуп адамды материяга кул кылууга чакырууда. Бул жол адамды «жеке кызыкчылык» деген дарттын кулуна айлантып, калыссыздыкты,
адилетсиздикти талаптайт. Мусулман адам эч качан бул жолдун жолоочусу болбошу кажет.
Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз үммөтүнө жамандыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөткөн. Мусулман зулумдук көрсө дагы, зулумдук жолго барбайт. Анткени мусулмандын мугалими заалым эмес, ырайымдуулуктун Пайгамбары. Ал ар качан мээримдүүлүккө, ырайымдуулукка, жакшылыкка гана умтулган жана өз үммөтүн ошого чакырган. Мусулман баласы аны ар дайым сый менен эскерет, ага дубай салам жолдоп Алла Тааладан анын амандыгын, эсендигин, бейпилдигин тилеп, аны чалкыган учу-кыйырсыз Өз Мээрине бөлөшүн суранат. Ал эң тандамал жана теңдешсиз инсан!
Тарыхта бүт өмүрү өтөсүнө чыгарыла, ийне-жибине чейин иликтенген тек пайгамбар жана тек инсан биздин Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) болуп эсептелет.
Азирети Паигамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыкка чейин эле элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып түнөк тапкан. Эл аны кезегинде ар дайым түз жүргөндүгүнөн, ишенимдүүлүгүнөн улам «МухаммадулАмини Ишенимдүү Мухаммед» деп атай турган.
Ал эң мыкты сапаттарга ээ эле. Ал адамгерчиликтин, адамдык бийик сапаттын,
адилеттүүлүктүн туу чокусунда эле. Ал эч качан бирөөнү кандайдыр бир кемчилиги же катасы үчүн жекирип кагып-силккен эмес. Терс кадам таштаган адамдын атын атабай «мындай же тигиндей иш кылган адамдарга эмне болуп калган...» деген таризде эскертүү берген. Жүзүнөн нур, сөзүнөн кут төгүлүп турар эле. Сүйлөгөн сөзү адамды өзүнө тартып такыр тажатчу эмес. Ал эч качан ушак-айың, жөнсүз, дайынсыз сөздөрдү сүйлөчү эмес.
Маңдайындагы адамдын акыл-түшүнүгүнө жараша жөнөкөй же көркөм тил менен сөз сүйлөөр эле. Сыпаа, ийкемдүү, сылык эле. Ал эч качан каткырып күлчү эмес. Жүзү дайыма жылмайыңкы абалда болгон. Аны күтүүсүздөн көргөн киши өзүнчө сүрдөнүп кетээр эле.
Ал кызматындагыларга да өзгөчө көңүл бурган. Өзү жеп-ичкенден алар да жеп-ичер эле.
Айкөл, март, меймандос, боорукер, мээрман эле. Учурунда эрен баатыр да болгон. Убадага бек, сөзгө бекем болгон. Адамгерчилиги, адеп-ахлагы, көрөгөчтүгү, зиректиги жагынан бүтүндөй адамзаададан жогору жан эле.
Пайгамбарыбызга моюн сунуу – Алла Тааланын ыраазылыгына, сүйүүсүнө жетүүнүн кайткыс жолу. Башкача айтканда, мусулман адам ибадатында болобу, күнүмдүк турмушунда болобу, айтор, ар бир ишинде Азирети Пайгамбарыбыздын ак сүннөтүнөн үлгү алмайын ак жолдо жүрө албайт. Ага моюн сунуу багытында Улуу Жараткан Алла
Таала төмөнкүчө буюрат: «Элчи силерге эмнени берсе, аны алгыла! Эмнеге тыюу салса, андан оолак болгула, Алладан корккула! Анткени Алланын азабы оор!» (Хашр сүрөсү, 7)
«О, ыйман келтиргендер! Аллага баш ийгиле, Пайгамбарга моюн сунгула! Бөөдө иш-амалыңар текке кетип калбасын» (Мухаммад сүрөсү, 33).
«Ким Аллага жана анын Элчисине моюн сунса, мына ошолор Алла өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн пайгамбарлар, туура-түз жүргөндөр, шейиттер жана такыбаалар менен бирге болушат. Алар кандай гана ийги достор!» (Ниса сүрөсү, 69).
«Эгер атаңар, балдарыңар, бир туугандарыңар, жубайыңар, досторуңар, тапкан мал-мүлкүңөр, токтоп калуусунан корккон соодаңар жана жакшы көргөн үйлөрүңөр силер үчүн Аллада, анын элчисинен жана анын жолунда жихаддан артыгыраак көрүнсө, анда Алланын амири келгенге чейин күткүлө!деп айт. Алла бузуку коомду туура жолго
баштабайт! » (Тооба сүрөсү, 24). Бул аяттагы Алланын амир-буйругунан максат адамдын
башына келе турган машакат-кыйынчылыктар айтылууда.
Азирети Пайгамбарыбыз бир хадисинде: «Мен (кайсыдыр бир мусулман) адам үчүн өзүнөн, балдарынан, ата-энесинен, жаамы адамзаададан артык болмоюн, ал толук ыйман келтирген болуп эсептелбеит» (Бухари, Иман, 8; Муслим, Иман, 69) деген

#180 24 October 2016 - 20:32
II. ИСЛАМ ДИНИН ЖЕТИК ТҮШҮНҮҮ ЖАНА АМАЛ КЫЛУУ
Мусулман – Ислам ишенимин кабылдаган, анын мыйзам-эрежелери менен жашаган адам. Ошондуктан ал өз динин, эмнеге ишениши керектигин, бул ишенимдин талаптарын үйрөнүшү зарыл. Ислам динибизде ачык-айкын, кескин буйруктар «парз» деп аталат.
Парздарды аткарбоо арам өкүмүндөгү ишке кирет. Ислам дини ар бир мусулман баласынан талап кылган милдеттүү өкүмдөр (б.а. кескин тыюу-буйруктардын негизинде кадам таштоо) парз-ы аин болуп саналат. Ар момун-мусулман үчүн баарыдан мурда «ахли сүннөт» ишениминен жалпы маалымат алышы парз. Андан соң өзүнүн милдеттерин, адал-
арам түшүнүктөрүн үйрөнөт. Маселен, жаңы мусулман болгон адам даарат алууну, намаз
окууну, намаздын парздарын үйрөнүүгө киришиши керек. Рамазан айы келгенде орозонун парздарын үйрөнүшү парз болот. Ошондой эле байыганда зекеттин шарттары, жол-жоболору, ажыга бара турган кезде ажылык жөнүндө кеңири маалымат алуу парз болот.
Бардык нерсе убагы келгенде аны үйрөнүү парз-ы аин болуп саналат. Маселен, үйлөнүүгө камына баштаган адам нике жөнүндө маалымат алып, аял-эркектин укуктары, милдеттери, үй-бүлөгө, балдарга тиешелүү өкүмдөр менен таанышуусу, асыресе, соода-сатык менен алектенүүгө киришкен адам соода-сатыктын жол-жоболорун, шарттарын, өзгөчө сүткорлукту (процент) жакшы үйрөнүшү кажет (парз). Ислам ишеними, Ислам укугу жана
адеп-ахлак, адал-арам, чоң күнөөлөр тууралуу маалымат алып, аны балдарына үйрөтүү да парз-ы аин болуп эсептелет. Үйрөнбөгөндөр жана бала-бакырасына үйрөтпөгөндөр чо күнөө жасаган болушат.
Мусулман баласы Жараткан Алла жана анын Элчиси маани берген нерсеге маани берип, терс көргөн нерсени терс көрөт. Алла Таала сүйгөндү сүйүп,сүйбөгөнүн сүйбөйт.
Чыныгы ыймандын өзөгү мына ушунда жатат. Болбосо, «ишендим, мусулман болдум» деп
гана тим болуп буга чейинки ар түрдүү жат жосундарын уланткан адам чыныгы ыйманга
келе элегин өзү айгинелейт. Мусулман болгон адам Ислам дининде эмне жакшы, эмне жаман экендигин изденип үйрөнүшү керек. Анүчүн дин Ислам менен жакындан таанышууга жанүрөй аракет кылышы кажет. Мусулман күн сайын өсүп-өнүп, айлана-чөйрөдөн кабардар болуп, кайдыгерликтен алыс турушу керек. Ал балдарын ыймандуулукка, адептүүлүккө, адилеттүүлүккө, чынчылдыкка тарбиялап өстүрүшү зарыл.
Азирети Пайгамбарыбыз Лукман табыптын уулуна төмөнкүчө акыл-насаат аитканын билдирген: «Уулум, аалымдардын жыйындарына катыш! Акылман адамдардын сөздөрүнө кулак төшө! Анткени Алла Таала жер бетин майдалап жааган жамгыр менен
жандандырып (көркүнө чыгаргандай), өлүк жүрөктү хикмат (даанышмандык) нуру менен тирилтип (шөкөттөйт)»
Алла Таала согуш учуру болсо да Ислам аалымдарынан бир тайпа согушка барбай,
Исламдын эржүрөк эрендери согуштан кайтканда аларга да жана жалпы эле мусулмандарга Ислам жөнүндө маалыматтарды, Алланын өкүмдөрүн эскертип түшүндүрүп турууларын каалайт. Бул багытта аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат:
«Акыйкатта, момундардын баары жоого аттануулары шарт эмес. Ар бир тайпадан (уруудан) кээ бирлери дин илимин үйрөнүп, жоого чыккандар кайтып келген кезде аларга Алланын өкүмдөрүн үйрөтүп эскертип турушу үчүн динди терең түшүнгөн (аалым) тайпа артта калсын...» (Тооба сүрөсү, 122).
Пайгамбарыбыз «Силердин эң кайырлууңар – Куранды үйрөнгөн жана аны (бирөөгө) үирөткөн адам» (Бухари, Фадаилул-Куран, 21; Тирмизи, Фадаилул-Куран, 15) деген.
Бул багытта көптөгөн куттуу хадистер бар. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
«Ким Куран окуп, жаттап, андагы адалды адал, арамды арам катары кабылдаса, Алла Таала ошол үчүн аны бейишке киргизет. Ал адам өз үй-бүлөсүнөн тозокко түшө турган он адамга шапаат кылат» (Тирмизи, Фазаилул-Куран, 13).
«Үйлөрүңөрдү көрүстөнгө айлантпагыла! Ырас, азгырык шайттан Бакара сүрөсү окулган үйдөн качат» (Муслим, Мусафирин, 212).
«Жүрөгүндө Курандан кыпынчалык да эч нерсеси жок адам ураган үй сыяктуу» (Тирмизи, Фазаилул-Куран, 18)
«Бул дүйнө жана андагы нерселер нарксыз. Тек Алланы зикир кылуу жана Ага жакындаткан нерселер, илим үйрөткөн аалым жана үирөнгүсү келген шакирт мындан тышкары» (Тирмизи, Зухд, 14).
Мусулман адам Ислам боюнча тек аны билүү, үйрөнүү жолу менен гана жашайт.
Аны менен жакындан таанышуу үчүн диний маалыматтар жалпы камтылган китептерди
окуу керек. Ар бир адамдын зарыл маалыматтарды алуу керектигин Пайгамбарыбыз төмөнкүчө корутундулайт: «Илим алуу ар бир мусулман баласына (аял-эркекке) парз»(Ибни Маажа, Мукаддима, 17).
Билген менен билбегендин ортосундагы айырма асман менен жердей. Динибиз элге пайдалуу бардык илим-билгиликке өзгөчө маани берет. Алла Таала билгендер менен билбегендердин абалы бир эмес экендигин сүйүктүү Пайгамбарыбызга төмөнкү аяты аркылуу билдирген: «Айткын: Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?
Чындыгында акыл-эстүүлөр гана (Курандан) насаат алат» (Зумар сүрөсү, 9).
«Кулпенделер арасынан аалымдар гана Алладан акыйкат коркушат» (Фаатыр сүрөсү, 28)
Төмөнкү хадистер илим алуунун маанилүүлүгүнө багытталмакчы:
«Илим алуу үчүн сапарга чыккан адам сапардан кайтып келгенге чейин Алланын.жолунда болот» (Тирмизи, Илим, 2; Ибни Маажа, Мукаддима, 17).
«Ким илим алса, илим алуу аракети буга чейинки күнөөлөрүнө каффарат болот (күнөөлөрү кечирилет)» (Тирмизи, Илим, 2)
Ары терең, ары пайдалуу билгилик деген маанини туюнткан «хикмат-даанышмандык»тын кимдир бирөөгө берилиши Алланын өзүнчө ыроосу болгондугу жөнүндө мынабу аятта айтылат: «Алла Таала хикматты каалаган пендесине ыроолойт.
Кимге хикмат ыроолонсо, демек, ага көптөгөн жакшылыктар берилиптир. Тек акыл-эстүүлөр гана ойлонуп сабак-үлгү алышат»
Үйрөнүүнүн, билимдүү болуунун маанилүүлүгү жөнүндөгү куттуу хадистердин биринде Алланын Элчиси мындай буюрат: «Ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Алла Таала ага бейиш жолун жеңилдетет. Периштелер илим алып жаткандарга канаттарын
керишет. Бир аалымдын сокурлуктун кейпин кийип кылган ишинин (ибадатынын) маани-маңызын анча, жетик түшүнө бербей көп ибадат кылган адамдан жогорулугу – толгон айдын жылдыздарга болгон жогорулугу сыяктуу. Аалымдар пайгамбарлардын
мураскорлору. Пайгамбарлар мурас катары алтын да, күмүш да калтырган эмес. Алар калтырган мурас – бул илим. Ким бул мураска ээ болсо, абдан чоң насип алган болот»
(Абу Давуд, Илим, I; Тирмизи, Илим, 19; Ибни Маажа, Мукаддима, 17).
Алла Таала бизге мынабу «Оо, Жараткан! Илимимди арттыра көр...» (Таха, 114) деген аяты менен Өзүнө дуба кылуубузду сунуштап, «Абаила, наадандардан болбо!» (Анаам сүрөсү, 35) деген аяты менен билимсиздиктен, караңгылыктан оолак болуубузду
каалаит.
Азирети Пайгамбарыбыз мусулмандардын таалим-тарбия, илим алуусуна өмүрүнүн ар өңүрүндө өзгөчө көңүл бурган. Мединага көчүп бараар замат эң биринчи Набави мечитин курдуруп, анын бир бөлүгүн мусулмандардын таалим-тарбия, илим алышы үчүн бөлгөн. Бул жер «суффа» деп аталган. Суффада илим алган кутман сахабалар менен
Пайгамбарыбыз өзү алек болуп, алардын күнүмдүк көр оокатын өзү моюндаган. Ислам тарыхында өзүнчө тартипке (системага) салынган окуу жайлардын туңгучу саналган суффада окуу-жазуу жанабашка илимдерди үйрөтүү үчүн кээ бир билги сахабалар сабак.беришкен. Ислам маданияты мына ушул билги, аалым сахабалардын, алардан илим алган шакирттердин талыкпас аракети, адал эмгеги менен түптөлгөн.
Исламдын алгачкы күндөрүнөн тарта барак ачып окууну, калем кармап жазууну билгендерге өзгөчө маани берилген. Алар Азирети Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн аяттарды жазууга милдеттенме алып, «вахий (Алланын кабарын) жазуучу» деген сыймык
наамга ээ болушкан.
Ислам дини боюнча, кандаидыр бир кесипке же ишке ээ адам өз тармагына таандык
өкүмдөрдү, адалды, арамды үйрөнүүгө тиииш.
Динибизде бардык адамдардын сөзсүз түрдө билиши зарыл билгиликтер «парз-ы
аин» маалыматтар делет. Ошону менен бирге жалпы коомго тиешелүү билгиликтер да бар.
Алар парзы кифая билгиликтери. Башкача аитканда, мусулман коомчулугунда сөзсүз түрдө
бул илимдерди өздөштүргөн адамдар болушу кажет. Бул илимдер өздөштүрүлбөсө,
коомдун ар бир жараны андан жоопкер болот. Ар кимден эле динии илим алына бербеит. Динибизге баиланышкан маселелер
боюнча билги-аалымдардан маалымат алууга кажет. Куранга жана сүннөткө дал келбеген
жаңылык киргизгендердин (бидатчылардын), сахабаларга, аалымдарга терс көз караштагы
адамдардын китептеринен же сөздөрүнөн Ислам динин үйрөнүүгө болбоит. Ахли сүннөт
вал жамаат агымындагы аалымдардын китептеринен пайдалануу керек. Ислам динин ушул
китептер менен жакындан таанууга мүмкүн. Динибизди туура үйрөнүү үчүн «ахли сүннөт
вал жамаат» аалымдарынын бир ооздон кабылдап тастыктаган китептерин окуу зарыл.
Колго тийген эле диний китеп боюнча же аалым көрүнгөн, дин адамы делген ар кимдин эле сөзү же китеби боюнча ибадат кыла берүү туура эмес. Ахли сүннөт эмес дин
адамдарынын китептерине жана сөздөрүнө этибар берилбеши керек.
Курандын буиругу, мааниси, каисы өкүмгө далалат кылгандыгын эң ириде Азирети
Паигамбарыбыздын түшүндүрмөлөрүнөн, андан соң кутман сахабалардын сөздөрүнөн
үирөнүү кажет. Куран аяттары жөнүндө маалымат алуу үчүн анын түшүндүрмөсүнө
багытталган тафсир китептерине назар салуу керек. Паигамбарыбыздын, сахабалардын
жана аалымдардын түшүндүрмө- чечмелөөлөрүнө каирылбастан эч ким өз ою боюнча
аяттарга өзүнчө маани берип, өкүм чыгара албаит. Мындаи кадамга баргандарга этибар
берилбеит. Анткени Куранды түшүндүрүп берүү озуипасы Азирети Паигамбарыбызга
жүктөлгөн. Анын түшүндүрмөлөрүнө күбө болгон адамдар сахабалар. Ошондуктан
сахабалар Курандын каисыдыр бир аятынын мааниси боюнча келген бир пикирге каршы ал
аяттан маани чыгарууга болбоит. Себеби алардын бир ооздон кабылдаган чечими – «ижма»
болуп саналат. Мындаи аяттардын туюндурмасы ачык-аикын.
Азирети Паигамбарыбыздын сүннөтүн жетик үирөнүү үчүн «сахих-туура» делген
хадис китептерин, бул жаатта ишенимдүү аалымдардын китептерин колдонууга болот. Ар
кимдин эле хадистер жөнүндөгү сөздөрүнө этибарбербөө абзел. Ырас, тарыхта
Паигамбарыбыздын атынан жалган хадистер аитылган учурлар болгон. Бирок улуу Ислам
аалымдары өтө кылдат, өтө аяр эмгек-аракеттин натыижасында андаи жалган хадистерди
бөлүп чыгышкан. Бул өзөксүз хадистер бүгүнкү күнү колубузда. Андыктан куттуу хадистер
тууралуу чар жаиыт түшүндүрүү керек деп оиго келгенди аита бербөө, асыресе, бул
багытта өтө кылдат аракет кылып, хадистерге карата адеп сактоо кажет.
Куранда жана сүннөттө ачык өкүм берилбеген маселелердин өкүмүн ижтихад
кылууга (өкүм чыгарууга) укуктуу чоң аалымдардан үирөнөбүз. Алардан үирөнүүбүздүн
себеби – Куран менен сүннөткө ушул жол аркылуу моюн сунуу. Тагыраак аитканда, Куран
менен сүннөткө моюн сунуу үчүн мындаи чоң аалымдардын сөзүнө кулак төшөп, чыгарган
фатва-өкүмдөрү менен амал кылуу. Анткени мусулман бул Алланын өкүмдөрү менен амал
кылган адам. Ал Алланын өкүмдөрүн же Курандан, же сүннөттөн өзүнүн чама-чаркына
жараша, же бул багытта чоң аалым адамдардан үйрөнөт. Агымдар да дал ушул себептерден
улам паида болгон. Агымдар (төрт агым) боюнча жашоонуй жападан жалгыз себеби
Алланын буируктарына жана өкүмдөрүнө моюн сунуу гана.
Курандан жана сүннөттөн өкүм чыгаруудагы же өкүмү бүдөмүк маселелердин
өкүмдөрүн үирөнүүдөгү башчыларыбыз кутман сахабалар болуп саналат. Имам Азам Абу
Ханифа баш болгон төрт чоң агымдын имамы жана башка Ислам аалымдары бул багытта
сахабалардын жолунан жүрүп өмүр кечиришкен. Ижтихад усулунун эмне экендиги,
сахабалардын кандаи аракет кылгандыгы Фикх (Ислам укугу) усулу илиминин негизги
темаларынан. Фикх усулу негизги Ислам илимдеринин бири. Бүгүнкү күнү да бул илимди
окуу жана окутуу өзгөчө мааниге ээ. Бул ишти ишбилги адамдар аркалап аткарышы керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео