Суперстан: Кулагыңа күмүш сырга - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан

#101 Пользователь офлайн   Musulmanka.   06 Август 2016 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

"Аял- кабырга сыяктуу: Аны түздөймүн десең, анда ал сынып калат, а эгер ырахаттанамын десең, аны кыйшыктыгы менен ырахаттан."
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Meruet84   22 Август 2016 - 20:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

БИСМИЛЛАХИР- РОХМААНИР-РОХИМ

ХАНАФИЙ МАСХАБЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ

Азрети Ибн Аббас (р.а) <<кимде - ким он белгини тутса, ал << Ахли суннат вал жамааттан >> болуп эсептелет деп айткан

♻ТАКТАП АЙТКАНДА ТӨМӨНКҮ ОН БЕЛГИ *ХАНАФИЙ МАСХАБЫНАН* ЭКЕНДИГИНИН ДАЛИЛИ.♻

1⃣. Азрети Абу Бакр жана Азрети Умар (р,а) ну мусулмандардын эң абзели деп билүү;✅

2⃣. Азрети Усман жана Азрети Али (р.а) ны сыйлоо; ✅

3⃣. Каъба менен Байтул макдисти урматтоо; ✅

4⃣. Такыба мусулмандын да, күнөөкөр мусулмандардын да жаназасын окуу; ✅

5⃣. Такыба имамдын да, күнөөкөр имамдын да артынан намазды дурус деп билүү;✅

6⃣. Адилеттүү падышага да, заалым падышага да баш ийүү, аларга каршы чыкпоо;❗

7⃣. Маасыга масх тартуу;✅

8⃣. Жакшылык жана жамандык Аллахтан деп билүү; ✅

9⃣. Пайгамбарлар жана бейишке сүйүнүч берилген он сахабадан башка мусулманга <<бейиштик> > же <<тозокту> > деп күбөлүк берүүдөн сактануу;❗

. Намаз жана зекетти фарз деп билүү.✅
_________________________________________
АКЫЙДА КИТЕБИ

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 22 Август 2016 - 20:42

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   23 Август 2016 - 02:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Мааша Аллах Мерует ухти, Куттуу Хадисте: "Дин жолунда ар бир жазган сыянын даражасы шейиттин канынан бийик болот" - демекчи, сенин да жазган ар бир тамгандын сообунун даражасы шейиттин даражасынан бийик болсун иншаа Аллаах...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Salixa.   23 Август 2016 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

Просмотр сообщения Xanif.Kg (23 Август 2016 - 02:54) жазган:

Мааша Аллах Мерует ухти, Куттуу Хадисте: "Дин жолунда ар бир жазган сыянын даражасы шейиттин канынан бийик болот" - демекчи, сенин да жазган ар бир тамгандын сообунун даражасы шейиттин даражасынан бийик болсун иншаа Аллаах...

Аминь.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Сентябрь 2016 - 05:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Marat. (10 Сентябрь 2016 - 22:06) жазган:

Муфтийдин кабар беруусу боюнча быйыл 2016 жыл 12 сентябрь куну Курбан айт майрамы болуп отот Пайгамбарыбыз (С,А,В) айткандай ким де ким бул майрамды Адам дарга жарыялап алар менен бирге откорсо ага бейиштин бир эгишиги ачык деген .Лаа иллоху иллаллах мухамадду расулалах.
Кимде ким арапа куну орозо кармаса 2 жылдык орозо сообуна ээ болот. Ал эми бул кабарды бироого айтса анда ал 80 жылдык ибадат сообуна ээ болот. {Хадисте баяндалган. }

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Oylonkyrgyzym   11 Сентябрь 2016 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 793
  • Катталган: 08 Январь 16
  • Соңку аракети: 15 Май 2018 15:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтуу Ала-Тоо...

Просмотр сообщения Musulmanka. (06 Август 2016 - 21:14) жазган:

"Аял- кабырга сыяктуу: Аны түздөймүн десең, анда ал сынып калат, а эгер ырахаттанамын десең, аны кыйшыктыгы менен ырахаттан."

Мына сага деп кой.)))

Билдирүүнү түзөткөн: Oylonkyrgyzym: 11 Сентябрь 2016 - 15:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Partner   11 Сентябрь 2016 - 18:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 15 Июнь 16
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 01:07

Бир илимдуу имам айттыго """Курман, рамазан майрамдарды элге жарыяласан бейиштен бир эшик ачылат"" ", деген Хадис жок экенго. Ким антсе арам болот дедиго. Ушуну далилдеп койунуздарчы илимдуулор? !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Сентябрь 2016 - 14:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

"КУЛК-МУНОЗУНДУН ЖАКШЫЛЫГЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАН. АНТКЕНИ, АНЫ ОЗУН ОНДОЙСУН! ".

Психология сабагында мугалим студенттерге 100 долларды көрсөтүп: "Муну ким каалайт"- деди.
Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Андан кийин акчаны колу менен бырыштырып "ким каалайт?" -деди. Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Андан кийин акчаны жерге таштап, буту менен тепсеп: "ким каалайт?" -деди. Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Мугалим студенттерге: "Бул бүгүнкү сабагыңар" - деди.
Акчаны колу менен бүрүштүрсө да, буту менен тепсесе да акча өз баалуулугун жоготкон жок. Ошондуктан, адамдар сени канчалык басынтышса да кемсинтишсе да, сени канчалык шылдыңдашса да, сени канчалык жамандашса да, сага көңүл бурушпай кош көңүл мамиле кылышса да - Кудайдын астындагы баалуулугуңа эч ким таасирин тийгизе албастыгына ишен!!!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Сентябрь 2016 - 13:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ТАЗА УРПАК ҮЧҮН ЫЙМАНДУУ ЭНЕ .

✅• Мусульман бир туугандар!
Балдарыбыздын укугун унутпайлы. Айрым Ата-Энелер балдарына нааразы болуп "элдин баласы тигиндей, мындай а сен журосун"- деп баланы капага салып ого бетер артка тартат.

✅• Ата-Энелер балдарына кичинесинен жакшы тарбия берууго умтулуусу керек. Чоноюп калганда урушуп, башкаларга салыштырып тарбия беруу болбогон нерсе.

✅• Сиздерге сахабалардын (Аллах ыраазы болсун) заманында болгон окуядан бир мисал.

✅• Умар (Аллах ыраазы болсун) Ислам мамлекетинин халифасы болуп турган кезде бир адам уулунун начар чыккандыгын даттанып халифага келет.
Халифа Атанын арыз-мунун уккандан кийин маселени чоо-жайын иликтоо максатында баласын чакыртып, эскертуу берет.
Катуу ойлонгон бала халифадан сурайт:

- Халифам.
Озунуз айткандай балдардын мойнунда Ата-Эненин акысы бар экен, ага макул дейли.
А, Ата-Эненин мойнунда балдардын акысы жокпу?

✅- Албетте бар.
Ата эн башта келечектеги таза урпак учун Ыймандуу Эне тандашы керек. Перзенттерине жакшы ысым коюшу керек, замандын шартына ылайык окутуп, таалим бериши керек.

- Халифам, чынын айтайын, менин Ата-Энем сиз айткандын бироосун да аткарган эмес.
Атам бир отпарастын кунуно уйлонуптур, Энемдин Исламдан эч кандай кабары жок.
Атымдын да мааниси жок.
Мени окутмак тургай, жакшы тарбия беришпеди.

• Баланын жообун уккан халифа даттанып келген Атага баш чайкап мындай дейт:

- Балан сенин эмес, сен баландын акы-укугун тебелептирсин" - деди.


Хадистер (кыргыз тилинде) тайпасы.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 13 Сентябрь 2016 - 13:37

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Сентябрь 2016 - 13:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

 Суйуктуу Пайгамбарыбыз саллаллааху алейхи уа саллам айтты :
" Бир кишинин уйундо кыз торолсо Аллах Таала периштелердин бир жамаатын жонотот. Алар келип : " Уй ээлерине саламатчылык болсун " ! - деп айтышып, оз канаттарын алардын устуно жаят жана колдору менен кыздын башын сылайт. 

Андан сон айтышат : " Бир алсыз бир алсыздан чыкты. Мунун жардамына кыямат кунуно чейин бир жардамчы дайындалды ". 

☝ Пайгамбар саллаллааху алейхи уа саллам айтты : " Аял киши боюнда болгон убактан баштап торогонго чейин жана баласын суттон чыгарганга чейин, Аллах Таала жолунда мусульмандардын чек арасын коргогон киши сыяктуу болот. Эгер ушул абалда коз жумса, анда шейиттин сообу берилет. 

☝ Пайгамбар саллаллааху алейхи уа саллам айтты : " Бала торой турган кара тустуу аял, бала торобой турган сулуу аялдан жакшыраак . Мен Аллахтын астында силердин коп болуунар менен сыймыктанам, мейли бойдон тушкон бала болсун. Ал бала Бейиштин оозунда ачууланган абалда турат. Ага : " Бейишке кир ! "- деп, окум берилгенде, ал : " Менин Ата - Энем эмне болот ? "- деп айтат. Ошондо : " Сен Ата - Энен менен чогуу Бейишке кир ! "- деп айтылат ". 

☝ Пайгамбар саллаллааху алейхи уа саллам айтты : " Бойдон тушкон баланын Ата - Энеси тозокко кире турган болсо, анда ал бала оз Раббына ачууланат (урушуп талашат). Ага : " Оо, оз Раббына таарынган бала ! Ата - Эненди Бейишке алып кир " - деп айтылат. Ошондо ал бала Ата - Энесин киндиги менен суйроп Бейишке алып кирип кетет ". 

~ Окурманга эскертме : " Балалуу уй базар, баласыз уй мазар " - демекчи Аллах Таала кимге кааласа уул берет, кимге кааласа кыз берет. 
~ Кимге кыз берсе бул ото чон белек. 
~ Уулдуу болсо кокурок каккан, кыздуу болсо наамыстанган жыланач баатырларга айткым келет : 

~ СЕН БААТЫР ОЗ БАКТЫНА БАЛТА ЧАППА!
КЫЗДУУ БОЛСОН НАМЫСТАНЫП УЙДО ЖАТПА! 
ЖАДЫРАП ЖАЙНАП ЖАР САЛГЫН КЫЗДУУ БОЛГОНУН УЧУН! 
АЛЛАХ ТААЛА ЖОНОТКОН ПЕРИШТЕЛЕР ЖАМААТЫН КУТУП АЛГЫН! 

~ МЫНА УШУЛ СЕНИН ЧОН БАКТЫН!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 13 Сентябрь 2016 - 13:41

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Сентябрь 2016 - 13:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кыз төрөлгөндө атасына Бейиштин бардык эшиктери ачылат,
Кыз турмуш курганда жолдошунун ыйманы толукталат,
Кыз "эне" болгондо Бейиш таманынын астында болот. (Мухаммад с.а.в)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: photostudio_1472743149441.jpg

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Сентябрь 2016 - 20:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

*Кызыңыз бактылуу болуусун каалайт белеңиз?!*

✍Ашкере жасанып, алынын жетишинче кийинген аял акылман карыяга кайрылды:
— Кызым канткенде бактылуу болор эле?
Карыя бир кезүн жумар жуммаксан кылып, аялдын тула боюна көз токтотуп алган соң, айтканы бул:
— Эгер акылы жетик кыз болсо, ага карапайым жүр-гөндү каалар элем. Эгер сырга бек кыз болсо, элге тили менен жакпай, дили менен, кыял-жоругу, жаракөрдүгү менен алынсын деген экен...

Чындыгында бактысыз болуп жүргөн кыздарыбыз азыркы күндө аз эмес. Анын себебин издесең жашоого болгон көз карашы жеңил,адеби, ахлагы начар, мүнөзү татаал ,жүрүм -туруму өзүнө мас эмес болуп чыгат. Эгер билсек кыз деген аппак сүттөй таза,гүлдөй назик,күн нурундай мээримдүү жан келет. Аппак болгон сүттү төгүп намысын жер менен жексен болгону канча? Кызгалдактай кулпурган назик жаңы ачылган гүлдү соолутуп, канчасы жерде тепсенди болгону канча? Күн нурундай мээримин, башкаларга чача албай,төгө албай энелик сезимден ажырап жүргөнү канча?
Булардын баарына балким өзүбүз күнөөлүбүз!
Кыз баланын намысы,ыйманы, абийири ата -эне ,туугандар үчүн алтындай ардакталган маанилүү нерседир. Кыз баланын бойго жетип турмушка чыкканча анын корголушу ата -эненин мойнунда.
Кызыңыз бактылуу болуусун кааласаңыз ыймандан баштаң деп айтаар элем. Ыймандан, динден сөз кылсак даро эле бузукулук кылган хиджапчан кыздар ойуңузга келет э..
Алардын динди жаман көрсөтүү максатта бул иштерди кылып жатканын эске алып койу керек.
Ошол хаджап кийгендин жаман жагын карабай,жакшы жагынан үлгү алганды билсек жакшы болоор. Ойлоп көрсөңүз кызыңыз оронуп,намысын, абийрин таза кармап,намазын окуп,көрүнгөнгө сөз болбой үйүңүздө жакшынакай болуп жүрсө жакшы эмесби?
Балким ыйман эмне экенин өзүңүзда билбей чыгарсыз. Билсеңиз андай деп ойлобойт болчуусуз,кыз балага адеп-ахлак ,жакшы жүрүм турум суу менен абадай керек билсеңиз эгер. Аны биз таза, тууралыкты көрсөткөн,абийирди бийик койгон динбизден алсак болот. "Жакшы кыздын кудасы үзүлбөйт,жаман кыздын ушагы түгөбөйт "-дегендей тарбиянын жакшысы үй -бүлөөнүн бактысы,абийири болуп саналат.
Дегиеле жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө,жеңил ойлуулуктан алыс болуп сабырдуу болууга, жакшы мүнөзү,жүрүм -турумуму менен башкаларга жылуулук тартуулоого, кимдер үчүн үлгү болууга кыз балаңызды ыйман менен суугарың .... Кайсы эле инсан болбосун ыйман менен суугарылып, өсүп жетилсе, аны гүлү эч качан соолубайт,мөмөсү ачуу эмес таттуу болот. Бал аары гүлдүн тазасын,соонунун, жыттуусун издеп келгендей ,анын бшына конгон бактысы өзү издеп келет...

‍‍‍ _«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»_

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: vbtUXtcV1d4.jpeg

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 13 Сентябрь 2016 - 20:51

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Salixa.   23 Сентябрь 2016 - 09:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

Эркеги эркекке тийген элдин башына азап түшөт.

Учурда коомчулукту кайсы бир деңгээлде дүрбөлөңгө салып жаткан бир жыныстагы адамдардын никеси жөнүндөгү сөздү баштоодон алдын, бул ыпластык кайдан чыккан жана аны биз эмне деп аташыбыз керек, мына ушуга токтоло кетели. Азыр мындай адамдарды ар ким ар кандай атап жатат. Мисалы кызтеке, кумса, бачабаз ж.б. Кызтеке деген сөз - бул, эркектик да, аялдык да жынысы бар адамга айтылат, жаңы тил менен айтканда “гермофродит”. Анткени, аялдык да, эркектик да мүчөсү болгондуктан “кыз” анан “теке” деп аталган. Теке бул эчкинин эркеги. “Кыз эркек”, “кыз бука” же, “кыз айгыр” деп айтуу туура келбегендиктен, жеңил гана “кызтеке” деп айтылган. А азыр биз сөз кылып жаткан балээ, элдин-журттун башына азап алып келе турган чоң күнөө, арам болгон иш - “бачабаздык”, жаңы тил менен айтканда “гомосексуализм”. “Голубой” деп коюшат. Бачабаз деген сөз фарс тилинен кирген. Бизге араб тилинен кийинки эле кезекте, фарс тилинен көп сөздөр кирген. “Бача” деген бала дегенди билдирет. Мисалы: байбача деп коёт, бул бай бала же, байдын баласы дегенди билдирет. Азыркы учурда Мургабдык, Жергеталдык кыргыздардын арасында “бача” деген сөз “бала” деген сөз катары кеңири колдонулат. Ал эми “баз” ошону менен шугулданган, ошону менен бирге болгон деген мааниде. Мисалы: “ашпоз” деген сөз, аш бышыруу менен алек болгон адамга айтылат, “кумарпоз” кумар ойноо менен алек болгон адам. Бул сөздөрдүн аягындагы “поз” уланды мүчө, өзү уланган сөзгө карай “поз”, “паз” болуп өзгөрөт. Бул кыргыз тилиндеги уланды мүчөлөр б.а. “уйчу”, “жылкычы” дегендеги “чы” мүчөсү сыяктуу эле өзгөрүп турат. “Бачабаз” дын мааниси бала менен б.а. эркек менен шугулдануучу, аны менен бирге болуучу деген маанини билдирет. Бачабаздык эч күмөнсүз Аллах Таала тыюу салган чоң күнөө. Буга, бир гана Куранда тыюу салынбастан, андан алдынкы китептерде да тыюу салынган күнөө иш. Бул күнөө ишти эң алгач Лут пайгамбардын коому баштаган. Лут пайгамбар аларды Жалгыз Аллахка сыйынууга, Аллах Таала тыюу салган күнөө иштен алыс болууга чакырган. Бирок, алар анын чакырыгына көнгөн эмес. Натыйжада, Аллах Таала аларды кыйратып, жок кылды. Кыйратканда да, буга чейин болуп көрбөгөн азап менен жок кылды. Алгач алар турган жерди астын-үстүн кылды, анан асмандан кызытылган таш жаадырып, алардын үстүн жаап салды. Алардын жасаган күнөөлөрү абдан оор болгондуктан, Аллах Таала аларды жердин терең катмарына киргизип жиберди. Бул туурасында Курандын 11-сүрө, 77-83-аяттарында жана 26-сүрө, 160-173-аятарында кенен айтылган. Азыркы турмушту карасаң, “Сибир жарасы” сыяктуу жугуштуу ооруулар менен ооруган жан-жаныбарларды жерге жөн гана көмүп койбостон, үстүн цемент менен жаап, жылчыксыз кылышат. Ал жерге жакын аралыкта жашоого тыюу салынат. Анткени, бул коркунучтуу оору. Азыр түндүгү-түштүгү болсун, батышы-чыгышы болсун, жер бетинде “Содом” жана “Гомора” деген эки шаарды билбеген эч ким жок. Бул эки сөздү укканда мусулмандар дароо Лут пайгамбардын коомун эстешет. Анткени, бул жер Аллахтын каарына калып, кыйроого учураган Лут коому жайгашкан жер болгон. Кийин ошол жерге суу пайда болуп, көбөйүп отуруп чоң деңизге айланды. Анан ал деңиз “Өлүк деңиз” деп аталып калды. Бул да жөн жеринен болгон жок. “Өлүк деңиз” деп аталуусунун биринчи себеби, анын астында өлүктөр бар. Ал эми илимий себеби ал деңизде тирүү нерсе жок. Балык да жок, деңиз өсүмдүктөрү да жок, микро организмдер да жок. Мына ушундан да бул күнөөнүн канчалык жаман экендигин түшүнсөк болот. Тилекке каршы мындай адамдардын бизде да пайда болгону абдан коркунучтуу. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Жакшыга жакын болуу - миск саткан адам менен дос болгон сыяктуу. Андан эч кандай пайда албасаң да, жагымдуу жыт келип турат. Жаманга жакын болуу - көөрүк үйлөгөн адам менен дос болгон сыяктуу. Андан эч кандай зыян болбогон кезде да, жаман жыты келип турат”. Элибизде: “Сыныктан башканын баары жугуштуу”, “Жакшыга жанаш, жамандан адаш”, “Жакшы менен дос болсоң, жетесиң муратка, жаман менен дос болсоң, каласың уятка” деген сөздөр бар, бул нерсе “микроб” сыяктуу жугат. Бачабаздар азыр ондоп саналышы мүмкүн, балким жүздөп саналар, бирок алардын саны көбөйүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бир канча жылдан кийин кызын күйөөгө бере турган ата, күйөө баласынан: “Сен бачабаз эмессиңби?” - деп сурап калабы? Муну өз убагында токтотпосо, кийин кеч болуп калат. Мунун артынан башыбызга ар кандай балээлер келет. Күнөө көбөйгөн жерде кырсык көбөйөт, кокустан болгон өлүм көбөйөт, кургакчылык болот, ачарчылык болот, мусулмандарга башка элдердин зордук-зомбулугу күчөйт ж.б. толгон-токой жамандыктар биринин артынан бири боло берет. Куранда: “Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка баардык кайгылардан Аллах гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды) шерик кыла бересиңер. Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү! ” - деп айтылган. Аллахтын азабы асмандан да келет, жерден да болот. Ал эми укук маселесине келсек, укук баардык адамдарга тиешелүү болот. Биринчиден адамдын табиятына туура келбеген ишти аткарууну каалап жаткан адамдын укугун коргоо туура эмес. Кээ бир секталарда адамды мууздап, канын ичүүнү каалаган адамдар бар. Биз алардын укугун коргоп, “ушунун канын ич” деп башка бирөөнү кармап беришибиз керекпи? Сойкулардын укугун коргойбуз деп аларга атайын сойкуканаларды ачып бериш керекпи? Укук, анан адилеттүүлүк деген нерсе бар. Баардыгынын укугу бирдей болгон жерде адилеттүүлүк болбой калат. Атанын өзүнө жараша укугу бар, баланын өзүнө жараша укугу бар. Бала эртеден кечке бешикте укташ керек, курсагы ачса энесинин эмчегин соруш керек. “Менин да укугум бар” деп, ата кечке жатып ала албайт. Ошондой эле аялдын укугу башка, эркектин укугу башка. Ошол сыяктуу эле азчылыктын укугу башка, көпчүлүктүн укугу башка. Беш-алты адамдын укугун коргоймун деп, бүтүндөй элдин укугун тебелеп салууга болбойт. Укук коргоочуларга “Аллахтан коркуп, мындай жаман күнөөгө шериктеш болбогула” деп айтар элек. Бул жамандыктын кесепети эртедир-кечтир эл башына тиет. Ошондуктан эсиң барда этегиңди жап дегендей, мындай иштерди жаңы башталып жаткан учурда токтотуу зарыл.
Булагы :Бейиш гезити
Даярдаган: Жаннат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Meruet84   10 Октябрь 2016 - 12:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ТААСИРДҮҮ ОКУЯ

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ.

Бир айылда жалгыз акушер айым жашаган экен. Күндөрдүн биринде түн жарымында акушер айымдын эшигин бирө тыкылдатат, чыкса эчким жок, кайра үйүнө кирип кетет, ушинтип дагы бир эки жолу эшигит тыкылдатат чыкса дагы деле эчким жок болот экен. Төртүнчү жолу эшигин тыкылдатканда, акушер айым эшикке чыкса атчан бир киши турган болот, андан кийин акушерге сөз узатат:

Саламатсызбы? Менин аялымдын толгосу башталып калды жардам берип койоспу дейт.
Акушер айым макул болуп үйүнө жөнөйт.
Үйүнө барса атчан кишинин аялынын абалы оор болот. Акушер айымдын жардамы менен ал айым уул төрөйт, төрөлгөн учурда жанакы кишиге суу алып келип бериң баланы жууганы деп акушер айым айтат.
Жанакы киши көпкө жоголуп бир чарага сүт алып келип берет. Акушер айым ошол чараны бир жерден көргөндөй болот.
баланы жуунтуруп жаткан учурда акушер айым өзүнү шакегин чарага салып койот.
Ал түн дагы өтөт. Акушер айым Кошунасына конокко кирет, кирсе кошунасы балдарына чынысына сүт куйюуп жаткан болот. Балдары ичейин деп калган учурда Акушер айым ичпегиле деп кыйкырат, таң калган кошунасы эмнеге десе, Акушер айым чарадагы сүттү төксө ичиде кечеки наристени жуунтуруп жаткан кезде шакегин таштап койгон. Ошол шакеги чыгат,
Андан кийин кошунасына мындай дейт,
Ичпеңиздер бул сүттү, себеби мен кече ушул сүт менен Шайтандын баласын жуунтургам дейт.

Бул окуя менен эмне демекчибиз.
Тамак ж.б.у.с жасагандан кийин жатаар алдында бетин жаап койгула.
Мухаммед (с.а.в) Пайгамбарыбыз:
Ар кечте эшикти, тамак аштардын бетин ""Биссмиллах ""айтып жаап жүргүлө делген.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   bars_wire   11 Октябрь 2016 - 20:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 519
  • Катталган: 19 Июль 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2019 13:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения Meruet84 (10 Октябрь 2016 - 12:52) жазган:

ТААСИРДҮҮ ОКУЯ

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ.

Бир айылда жалгыз акушер айым жашаган экен. Күндөрдүн биринде түн жарымында акушер айымдын эшигин бирө тыкылдатат, чыкса эчким жок, кайра үйүнө кирип кетет, ушинтип дагы бир эки жолу эшигит тыкылдатат чыкса дагы деле эчким жок болот экен. Төртүнчү жолу эшигин тыкылдатканда, акушер айым эшикке чыкса атчан бир киши турган болот, андан кийин акушерге сөз узатат:

Саламатсызбы? Менин аялымдын толгосу башталып калды жардам берип койоспу дейт.
Акушер айым макул болуп үйүнө жөнөйт.
Үйүнө барса атчан кишинин аялынын абалы оор болот. Акушер айымдын жардамы менен ал айым уул төрөйт, төрөлгөн учурда жанакы кишиге суу алып келип бериң баланы жууганы деп акушер айым айтат.
Жанакы киши көпкө жоголуп бир чарага сүт алып келип берет. Акушер айым ошол чараны бир жерден көргөндөй болот.
баланы жуунтуруп жаткан учурда акушер айым өзүнү шакегин чарага салып койот.
Ал түн дагы өтөт. Акушер айым Кошунасына конокко кирет, кирсе кошунасы балдарына чынысына сүт куйюуп жаткан болот. Балдары ичейин деп калган учурда Акушер айым ичпегиле деп кыйкырат, таң калган кошунасы эмнеге десе, Акушер айым чарадагы сүттү төксө ичиде кечеки наристени жуунтуруп жаткан кезде шакегин таштап койгон. Ошол шакеги чыгат,
Андан кийин кошунасына мындай дейт,
Ичпеңиздер бул сүттү, себеби мен кече ушул сүт менен Шайтандын баласын жуунтургам дейт.

Бул окуя менен эмне демекчибиз.
Тамак ж.б.у.с жасагандан кийин жатаар алдында бетин жаап койгула.
Мухаммед (с.а.в) Пайгамбарыбыз:
Ар кечте эшикти, тамак аштардын бетин ""Биссмиллах ""айтып жаап жүргүлө делген.
Ошондо шайтандын уйуно барып уулун торотуп келдиби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   rnurzida   28 Октябрь 2016 - 01:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

*«ДҮНҮЙӨ БАЗАРЫ»*

بســــــــم الله الرحـــــمن الرحـــــيـــــم


Дүнүйө базарына бардым. Мээримдүүлүктүн баасы көтөрүлүп кетиптир сатып алуу мүмкүн болбоду. Намыс арзан, көпчүлүк адам аны арзыбаган баага сатып жатышыптыр. Намыска кызыккан деле эч ким жок. Шүгүрчүлүктү издеп таппадым, көп убакыттан бери сатылбай калыптыр. Башка жактан издеп көрүңүз дешти. Эң көп сатылган достук аттуу бет каптар экен. Адамдардын буттарынын астында кадыр деген топурак төшөлүптүр. Көлөкөдө алсыз, араң аягын шилтеген жүрөк аттуу кайырчыларды көрдүм. Алар ары-бери өткөн жүргүнчүлөрдөн жалынып-жалбарып, суранып жатышты: "Мээримдүүлүк садака кылыңыз!" .

Мүнөзүм жаман деп эле көрүнгөн адамга орой мамиле жасай бербегин! Адамдардын ар бири эле апаң сыяктуу эмес, сени түшүнө турган.

Абдышүкүр ажы Нарматов

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 28 Октябрь 2016 - 01:52

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Tansuluu09   28 Октябрь 2016 - 16:10

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Телефон менен сүйлөшүүнүн адеби

Телефон адептери Ислам фыкыхындагы зыярат, уруксат суроо, баарлашуу жана сүйлөө адептеринин негизинде белгилүү болот. Кандай өлчөмдө, кайсы убактарда, сөздүн түрү, сүйлөшүүнүн сыпаты сыяктуу маалыматтарды камтып, ар бир мусулман колунан келишинче амал кылууга, жашоосуна киргизүүгө милдеттүү. Телефон адептеринин жыйынтыгы келип-келип акырында жумшактык менен сылыктыкка, адептүүлүктүн жогорку даражасына, кулк-мүнөздүн төрөсүнө жетелейт. Анткени Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат эмеспи: «Кайсы бир иште сылыктык болсо, ал аны кооздойт. Кайсы бир иштен сылыктык кеткен болсо, ал анын көркүн кетирет» (Муслим 6602), «Ким сылыктык менен жумшактыктан куру жалак калган болсо, жакшылыктын баарынан куру жалак калыптыр! » (Муслим 6598-6599).

1. Номурдун тууралыгын тактоо. Адегенде тергиң келген номурду тактооң зарыл. Адашып чалсаң, уктап жатканды беймаал ойготуп, же ооруп жатканды беймаза кылып, илимий иш менен алектенип жатканды алагды кылган болосуң. Эгер адашып калган болсоң «Кечиресиз» деген сыйкырдуу сөздү айтып үзүр сура.

Ал эми трубканын экинчи тарабында турган тууганым, эгер сага адашып чалып алган болсо, ачууланба! Жөн гана «Кечиресиз, номур туура эмес!» деген сөздү колдонсоңуз, өзүңдүн нервиңди, башка бир тууганыңдын көңүлүн сактаган болосуң. Эгер ал чындап эле адашкан болсо, адашкандын айбы жок. Эгер ал атайылап ошентип жаткан болсо, Кыяматта өзү жооп берет.

2. Чалуу убактысы. Чалууга сенде муктаждык жаралса, эсиңден чыгарба, башкалардын башка нерседе муктаждыгы болуп жаткандыр. Биринчиси тамак жеп жаткан болсо, экинчиси китеп окуп, үчүнчүсү өтө оор өткөн жумуш күнүнөн кийин эс алууга эми эле жаткандыр... Ошондуктан да керемет шариятыбыз зыяратка келген адамга, же телефон чалган адамга «жалган айтуунун» ордуна «үзүр суроону» шариятташтырган. Курани Каримде Аллах Таала мындай дейт: «...Эгер силерге (кирүүгө уруксат берилбестен) кайткыла (!), десе кайткыла. Кайтканыңар силерге (жүрөгүңөр менен көңүлүңөргө) тазараактыр. ..» (Нур: 28).

Сенин мойнуңдагы милдет ыңгайлуу убакты аңдоо. Бир тууганыңдын жумуш табияты менен алектенген ишин баамда. Шариятыбызда үй кызматчылары менен жаш балдар таңкы намаздан мурун, түшкү уктоо (кайлуула) маалында, жана кечки куптан намазынан кийин уруксат сурап кирүүлөрү айтылса, чоң адамдар ар бир убакытта уруксат суроо милдеттендирилген (Нур: 58-59) Андан сырткары шариятыбызда түн ичинде сапардан «күтүүсүз» келип эшик такылдатканды да тыйган.

Ошондуктан, урматуу бир тууганым! Сен чалганда колу бош эмес экендигин айтып үзүр сураса, жүрөгүңдү кенен кылып кабыл эт. Эгер сага «күтө тур» десе, күтө тур. Кудайым акыл-эс менен ырыскыландырган эмеспи баарыбызды? !

Ал эми жалпыга бардык учурда кайрылуу мүмкүн болгон учурларда, каалаган убакта чалсаң жарай берет. Мисалы мейманканалар, тез жардам жана башка кызматтар күнү бою кызматыңа даяр.

3. Бир жолу чалганың жетиштүү болот. Эгер жооп берилбесе, сенин ишиң зарыл болсо, анда даарат алып эки рекет намаз окуганчалык убакыттан кийин дагы бир жолу чалсаң болот. А бирок, кайра кайра чала бербе. Анткени, ал жооп бергиси келбегендир, же жооп берүүгө чамасы жетпей жаткан чыгаар. Ар бир пенде жалгыз калганга, өзүнчө болгонго укуктуу го.

4. Сүйлөшүүнүн мөөнөтү. Ар бир учурдун өзүнө таандык абалы болоор. Сүйлөшкөн учуруңда аны зериктирип жибербе, же көп сүйлөп ага оорлук да келтирбе! Колу бош болуп турган болсо, аны да тактап алууң жакшы болот. Сени урматтагандыктан, сөзүңдү бөлө албай тура берген болуусу мүмкүн. Бирок, ошону менен сага болгон урматтоосу басаңдай баштагандыгын эсиңден чыгарба!

5. Адегенде салам айтканды, акырында коштошуу саламын айтууну унутпа. Саламдашканда мусулманча «Ассалааму алайкум» деп учурашууң сүннөт болоор. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Кайсы бир мажлиске келсеңер салам айтып кошулгула! Туруп кеткен учурда салам айтып коштошкула. Алгачкы салам акыркыга караганда абзелирээк эмес!» (Абу Дауд)

6. Сенин ким экендигиң суралган учурда, өзүңдү толук тааныта турган аты-жөнүңдү түшүнүктүү кылып айт. «Бул мен» деп жооп берген туура эмес, анткени ар бир адам өзүн «мен»- деп айтуусу мүмкүн. А сенин аты-жөнүң сеники гана. Анын үстүнө Пайгамбарыбыз (алайхис салам) «Бул ким?» -деп суралганда «Мен»- деп жооп бергенди жактырган эмес (Муслим, Абу Дауд).

7. Телефон аркылуу сүйлөгөндө үнүңдү катуу чыгарбай, кыйкырбай сүйлө! Айрыкча ата-энең менен, же ошолордой кадырлуу адамдарга аларга угула тургандай, түшүнүктүү, ачык, даана жана так сүйлө. Лукман (алайхис салам) уулуна осуят бергенде: «Үнүңдү бир аз төмөндөтүп сүйлө!» (Лукман: 19) деген эмес беле?!. Ошондой эле, телефондон бышылдап-күшүлдөбө, тамак жеп жатып да сүйлөшпө, тигил адамга урматсыздык көрсөткөн болосуң.

8. Аялзаты телефондон махрам эмес адамдар менен, айрыкча эркектер менен сүйлөшкөндө үнүн кубулжутпастан, сулуулугу менен назиктигинин баарын үнүнө чыгарбастан, керектүү өлчөмдөгү сөздөрдү иштетип сүйлөөсү милдеттүү. Ошондой эле, эркектер да телефондон аялзаты менен сүйлөшүүгө туура келип калса ар кандай комплименттерди айткандан, анын көңүлү менен көкүрөгүнө бүлүк салгандан сактануусу кажет.

9. Ар бир сүйлөшүп жаткан инсандын даражасына ылайык мамиле жасоо. Азирети Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Ар бир инсандын даражасына ылайык урмат-сыйын көрсөткүлө! » (Абу Дауд). Башка бир хадисте «Улуусун урматтабаган, кичүүсүн ызаттабаган, аалымдын кадырын билбеген бизден эмес!»- (Ахмад) дейт касиеттүү Пайгамбарыбыз (алайхис салам)

10. Телефон менен сүйлөшкөн убакта, ага билдирбестен туруп телефондун үнүн жарыя таризге коюп, жаныңдагыларга угузууга укугуң жок. Балким, ал өзүнүн сөзүн башкаларга угузгусу келбейттир, же болбосо сага гана айтып, башкаларга айткысы келбеген маалыматтыр. Ошондой эле аны менен сүйлөшүүңдү уруксатсыз жаздырып калууга да болбойт. Сыр сактоо мусулманчылыгыбыздан экенин унутпа!

11. Телефон чалганыңда, тынч чөйрөдөн, ызы-чуу болбогон жерден чалууга аракеттен. Ал адамды урматта. Анткени, ал сага эмес, сен ага чалып жатпайсыңбы? Шашылыш, же айласыз болуп калсаң бир жөн эми...

12. Кээ бир адамдар телефонуна Куран аяттарын, же музыканын түрүн коюп коюшат. Албетте, бул туура эмес. Жөн гана телефон чакырыгын колдонгондугуң жакшы. Куран аяттарын койгон учурда, кээде аяттар окулуп бүтпөстөн, адепсиздик менен телефондон сүйлөшүп башташат. Жараткан Кудай Таалам Куранды телефондордун коңгуроосуна койсун деп түшүргөн эмес эле... Кээде телефон чалсаң, мээңди жеп коё тургандай музыканы коюп коёт, чалып жаткандан кийин коюп коё албайсың, койбоюн десең угуп тура албайсың. Бир туугандарыңа мажбурлап жагымсыз музыкаларды угуза бербе, сураныч...

13. Жумушуңдагы телефондорду жеке кызыкчылыгың үчүн пайдаланууга болбойт. Колуңдан келишинче жумуш үчүн гана пайдалан. Коомдук мүлктү, жалпы мүлктү ар ким каалагандай эле иштете албайт. Кыяматта ар бир нерсенин сурагы бар экенин унутпа!

14. Башка бирөөнүн телефонун өтө зарыл учурда, уруксат суроо менен гана колдон. Колуңдан келсе, телефонду таза жүзаарчы менен сүртүп бергенге эмне жетсин. Башка телефон менен сүйлөшкөн учурда айта турган кебиңди гана айтып, ал телефонго катталып калган таанышыңдын номурун өчүргөндөн кийин ээсине кайтар.

15. Эгер мүмкүн болсо үйдөгү телефонду үйдүн кожоюну, же улуу эркек балдары алгандыгы макул. Кымбат баа асыл аялзаттарыбыздын назик үндөрүн көрүнгөнгө угуза бергенге мусулманчылык кызганычыбыз жол бербөөсү керек. Ошондуктан да шариятыбызда аялзатына азан айтууну милдет кылбайт.

16. Кайсы бир аалымдан маселе сурай турган болсоң, бере турган сурооңду тактап, керек болсо кагазга жазып алгандан кийин сура. Ал аалымдын илимин сыноо максатында, «кантээр экен?..»- деп сураганың мусулманчылыкка туура келбейт. Кээде ал киши ачууланып, же жайсызыраак жооп берсе капа болбо, анткени сен бирөөсүң, ага күн-түнү көп адамдар чалат. Балким сен бүгүнкү чалгандардын элүүнчүсү болуп жүрбө?! Илгери ат менен арып сапар тартып барып сурашчу экен маселени, сен жылуу төшөгүңдө жатып алып сурап турасың, андыктан аалымдын кадырын, урматын жайына кой.

17. Телефон аркылуу көп унутта калган сүннөттөрдү тирилтүүгө мүмкүн. Ооруп калган бир туугандын абалын суроо, ата-эненин кабарын билүү, алар менен саламдашып туруу, жакшылыктарга чакыруу, осуят-насаат айтууну телефон жардамы менен ишке ашырууга болот. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Кээде сенин бир жолку чалууң көп адамдардын үмүт отун жандыруусун эсиңден чыгарба! Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Момун бир тууганыңдын жүзүнө жылмайып карооң дагы садака!»

18. Телефон аркылуу башка адамдарды уруксатсыз сүрөткө тартып алууну шариятыбыз жектейт. Анын мусулманчылык, кала берсе адамдык укугунан ажыратууга кантип укук алдык экен?

19. Уят көрүнүштөрдү, ар кандай жылаңач сүрөттөрдү телефондо сактоого, башкаларга жеткирүүгө тыюу салынат. Жамандыкты жеткирүүчү адам, ошол жамандыкты жасаган адамдын күнөөсүнө шериктеш болоорлугу көп айтылган көөнө шариятыбыздын көөнөрбөс китептеринде.

20. Телефондон беймаани сөздөрдү көп сүйлөп, натыйжада көп каражат кетиребиз. Ошол эле учурда электр энергиясына, же газга төлөгөндү каалабайбыз. Кээде үйдө эт бир жума да жок болуп калат. Кайсы арыбызга телефондон каадаланып сүйлөшөбүз десең… Аллах Таала ысырап кылуучуларды сүйбөйт.

21. Телефон аркылуу башкаларды чочутууга болбойт. Дегеле чочутуу, коркутуу туура эмес. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Мусулман адамдын башка бир мусулманды чочутуусу, жүрөгүнө коркунуч түшүрүүсү арам!» (Ахмад, Абу Дауд) Ушул хадисти окуганда, мени атайын кызматтын тергөөчүлөрү: «Камайбыз», - деп коркутканын эстеп, мамлекеттик башка бир кызматкер: «Аны мууздап салыш керек, Арабияга кубалаш керек!» дегенин угуп, «булар деги мусулмандарбы» деген ой келбей койбойт экен. Кызык…

22. Жашыруун номур менен телефон чалганыңда, сүйлөшүп жаткан адамды сыйлабастык болуп саналат. Үйүңө келип, кирүүгө уруксат сурап, бирок жүзүн көрсөтпөй бекиткендикке барабар. Заалымдын зулумдугунан, же басмачынын кордугунан качып жүргөн болсоң бир жөн.

23. Сендеги бир тууганыңдын номуру, сендеги аманат. Ал номур анын менчиги. Башкага, анын уруксаты болмоюнча берүүгө укугуң жок. Аллах Таала аманаттарды сактоого баарыбызды милдеттүү кылган.

Бул маселелер шариятыбызда маанилүү экендиги эске алынып Жидда (КСА) Эл аралык Ислам академиясы алтынчы отурумунда атайын телефон адептери, милдеттери, укуктары жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле белгилүү аалым Бакр бин Абдулла Абу Зейд «Адабул хаатиф» атуу китепчени ушул темага арнап жазган. Китепче «Даарул аасима» басмаканасынан жарык көргөн. Андан сырткары да башка Ислам аалымдары өздөрүнүн фатваларында, иршаад-ваьз маселеринде бул туурасында жетишээрлик мааалымат берген.

Кудай Таалам баарыбызды ак жолдон адаштырбасын. Куру дооматтан, курулай жалаадан сактасын. Жүзүбүздү жарык кылсын. Жүзүн жуубаган дааратсыздардын жүзүн каратпасын, өзүнөн башкага жалдыратпасын. Жаман сөз, жаман көз, жаман колдон сактасын. Адалдан ырыскы берсин. Оо Кудайым! Алсыздыгыбызды Өзүңө айтабыз, Өзүңө таянабыз. Өзүңдөн жардам сурайбыз. Йа, Каххаару, Йа Латиифу, Йа Мунтакиму! Йа зал жалаали ва икраам. Ва бика астагиису.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Tansuluu09   28 Октябрь 2016 - 16:33

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Чубак ажы Жалилов "акыйкат жолу"китебинен алынды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   happy02   29 Октябрь 2016 - 00:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Эң жакшы маалымат экен..
Маалыматты бөлүшкөндүгүңүз үчүн Таңсулуу сизге рахмат..

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Tansuluu09   29 Октябрь 2016 - 02:35

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения happy02 (28 Октябрь 2016 - 21:57) жазган:

Эң жакшы маалымат экен..
Маалыматты бөлүшкөндүгүңүз үчүн Таңсулуу сизге рахмат..


Окуганыныз учун сизге да рахмат:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 18:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: