Суперстан: Эмгек маянамды сурагандан заарканам - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эмгек маянамды сурагандан заарканам

#1 Пользователь офлайн   begym   19 Октябрь 2016 - 19:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Июль 14
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 15:54

Жүрөгүмө бук толуп кетти. Ким менен бөлүшөрдү, кимге айтаарды, абалдан кантип чыгышты да билбейм. Уккандын баары басып кетпейсиңби, сага мындан башка жумуш жокпу деши мүмкүн. Бирок ошол нерсеге күчүм такыр эле жетпей койду. Бир жерде иштеп атканыма көп убакыт болду. Шефим менден 5-6 жаш эле улуу жигит. Айлык акымды жумушка кирерде башка суммада сүйлөшкөн, бирок аны ала элекмин. Ай сайын бөлүп, бөлүп айтылган суммага 2-3 миң жеткирбей берет. Айта берип тилим тешилди. Акыркы убакта акча сурагандан заарканып да калдым. Иште талапты укмуш коет, тимеле акыркы энергия калгыча, бир тыйынынан бери толук акталып, кактап алат. А маяна берээрге келгенде, айлык бересизби деп сураарың менен карызга акча сурап аткансып, же жөн эле сурап аткансып кабагыын үстү менен карап, жаман көрүп, акча жок, болбосо эмнени берем деп баштайт. Канча жолу айттым, жок болсо бул сиздин проблемаңыз, мен иштеп атамбы, демек айлыгымды алышым керек деп. Бар болсо алдыңа жайып салмакмын дейт. Жайганыңыздын кереги жок, мага тийиштүү гана акчаны бериңиз дейм. Ай сайын ушул көрүнүш. Ушул уруш. Болбосуна койбой жогоруда айткандай 2-3 миң жетпеген сумманы алам. Эми аны мага кылган жакшылыгы деп алыптыр. Мен сага колумдан келген жардамымды берип, акча берип атам дейт. Анысын башында түшүнбөптүрмүн, кийинчерээк байкап калып, жардам бергидей мен иштебей отурсам эле берип атасызбы, мен иштеген үчүн айлыгымды гана берип атасыз. Муну жардам дебеңиз дедим. Бирок ал деле жеткен жок, дайым кайталай берет. Жумуштан чыгып кетейин десем, мени баары кыйынчылыкка туш келгенимде таштап кеткен, сен дагы ошондой турбайсыңбы деп адамдык сапаттан кармайт. Макул, анда убагында бересизби деп кайра иштеп калсам, кийинки айда ушул эле жомок. Бир жолу атайын айлык сурабай көрдүм. Ала турган айымдан бир жума өттү, унчукпайт, эки жума өттү унчукпайт, үчүнчү жума өтүп баратканда чыдабай сурасам дагы жаман көрөт. Акыркы убакта күчүм калбай баратат. Күнүнө эл сегиз сааттан иштешсе, мен он сааттан иштейм. Тогуз саат иштеп кетип кала турган болсом, сөзсүз Фейсбуктан личкама "комментарий" калтырып коет. Акчасы жок экенине ишенбейм, бергиси келген адам жоктон таап берет. бере албаса кызматчыларды жумушка алып балээ барбы, ишин жаап салып ашык маселеден арылып тынч отурбайбы. Этегимди кагып басып кетейин дейм, көп жылдан бери иштешип калганга кыйбайм. Иштей берейин дейм, кантип жашайт, кантип тамак жейт, кантип жол кире кылат деп ойлонбойт, жок дегенден башканы айтпайт. Акыркы убакта үстүмө жугунду куюлуп калгандай, же үстүмөн танк айдап өтүп кеткендей эле сезип жүрөм өзүмдү. Болушунча кемсинтип, кордоп аткандай сезилет. Сыйымдан кетип калбайын деп, анын үстүнө улуу адам болсо деп көп учурда урушту басып, өзүмдү артка тартып калам. Айлык сураш мен үчүн тозок. Айлык акы ала турган күн жакындаганда башкалар кубанса, мен санааркап баштайм. Кантип сөз жеткирсем болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanykey125   19 Октябрь 2016 - 19:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 24 Июнь 15
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 08:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Екатеринбург

Менин тушунугум боюнча ал жумушта сиз эле иштебейсиз го э.Эч ойлонбой иштен чыгып кетиниз ,боор ооруса боорго тебет болбот го шефиниз .Сизди эмне кармайт адамгерчилик сый мамилеби.?ошол мамилени деп озунуз азап чегип журо бересизби.Сиз озунузду ойлошунуз керек.Башка жумушка кире алсаныз керек.Тушунуксуз сиздин жумушунуз кандай Жумуш?эмне Жумуш?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Nuriza.kubatova   19 Октябрь 2016 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2018 11:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:КыРгЫзСтАн

Кандай иште иштнйсиз
Аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aiturgan2015   19 Октябрь 2016 - 20:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 276
  • Катталган: 26 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2017 14:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Чыгып кетиниз ал жумуштан. Ушунун баары сизге керекби? Эмне кыласыз башынызга ашыкча койгой уйуп? Боор ооруса боорго тепкен адам экенда шефиниз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Mandarinka.   19 Октябрь 2016 - 20:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 03 Март 16
  • Соңку аракети: 08 Окт 2019 18:30
  • Калаасы:Тропик аралдары

Чын эле башка иш жокпу? Жакпаса чыгып кет.
Мен учун БАКТЫЛУУЛУК ар бир кунумду куноосуз откоруу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Mandarinka.   19 Октябрь 2016 - 20:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 03 Март 16
  • Соңку аракети: 08 Окт 2019 18:30
  • Калаасы:Тропик аралдары

Мени жумушум өзүмө жагат,коллектив абдан жакшы.
Мен учун БАКТЫЛУУЛУК ар бир кунумду куноосуз откоруу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Sexy_Girl   19 Октябрь 2016 - 20:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 30 Апр 2017 12:35
  • Жынысы:Аялзаты

2-3 миң айлыкты айтасыз да. Мен, менин эжем, күйөөм үчөөбүз бир жерде иштечүбүз. Жаңы иштеп баштаганда баары жакшы, зарплатаны убагында берчү кечиктирбей, кыскартпай. Кийин задержка кыла баштады, ошол менен 3 ай задержка менен ала баштадык бөлүп жарып. Ошентип акчаларыбыз чогулуп калды. Сурай берип тажаганбыз. Меники 90миң, эжем 40 миң, күйөөм 70 миң ошол боюнча калып кетти. Эжем, күйөөм чыгып кетти, мен иштеп калдым, анткени левый акча кылчумун. Жиним келип аябай эле жакшы кылдым, кийин чыгып кеттим.
Айтаарым, 2-3 миңди кечип салып эле башка жумуш издеңиз, жүрөк оорулуу болуп бүтөсүз болбосо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   19 Октябрь 2016 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Тооба кылдым, не башка иш жокпу? 2-3 минге кантип иш болсун?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   byityska   19 Октябрь 2016 - 22:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 319
  • Катталган: 01 Июль 16
  • Соңку аракети: 29 Дек 2020 01:10
  • Жынысы:Аялзаты

Кудай кандай нерсе. Башка жумуш жокбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   hihikayu   19 Октябрь 2016 - 23:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Башка жагынан байланган жок белениз деги?Капа болбонузго бирок,озунузго озунуз проблема арткан адам экенсиз,башка бироо болгондо сенин ишинди урдумда,кол койдум демек
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   arzuuu   20 Октябрь 2016 - 01:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 23 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 20:38

Апеей угу жака жазбай эле озунуз ошол жумушту таштап чыгып кетсениз болмок да. Койдой момун мокок болсонуз ошо да. Жумшак жыгачты курт жейт болуп жатканынызды билиниз. Шарт чыгып кет анын неси кыйын тушунбодум чайналбай чыгып кет башка вариант жок го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   begym   20 Октябрь 2016 - 09:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Июль 14
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 15:54

мини компания, атын атабай эле коеюн. менден башка шеф анан дагы бирөө иштейт. негизги жооптуулук менде болгондуктан, мен эскертпей чыгып кетсем, компания токтоп калат. Туура айтасыздар, койдон момун, мокок экенмин. Өзүмө өзүм кыжырым келет. А бул жакка жазып аткан себебим, балким өзү окуса бир аз уялып калабы деген ой. Өзүнүн персонасын абдан жакшы тааныса керек. Баарынан да мени ыңгайсыз акыбалга калтырганы- айлык сурап баштасам эле өзүнүн проблемаларын айтып баштайт. Балдарымдын батинкеси жок, балдарым мектепке баратып акча сурашты эле бере албадым, элдин балдары гамбургер жешет биз карап турабызбы дешти, үйдө эч нерсе калбады деп жүрөктү оорутуп баштайт. Анын сөзүн угуп отуруп, менин ага айлык бергим келип кетет. Эки-үч сааттан кийин таасир кетип, андан кийин гана кайра ачуум келип баштайт. Гипноздолгонсуп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   begym   20 Октябрь 2016 - 10:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Июль 14
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 15:54

Просмотр сообщения hihikayu (19 Октябрь 2016 - 23:24) жазган:

Башка жагынан байланган жок белениз деги?Капа болбонузго бирок,озунузго озунуз проблема арткан адам экенсиз,башка бироо болгондо сенин ишинди урдумда,кол койдум демек


Башка жактан байлангандан Кудай сактасын. Андай эмес. Кете албай атканымдын дагы бир себеби, конушуп калган жерден чыксам кандай болот, канча убакытта башка иш таба алам, иш тапкыча кызым экообуз кантип тиричилик кылып турабыз деген ойлор жанды жейт да. Же озүмө ишенбеген адам окшойм. Өзүмө берген баам өтө төмөн окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   hihikayu   20 Октябрь 2016 - 10:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Просмотр сообщения begym (20 Октябрь 2016 - 10:18) жазган:

Башка жактан байлангандан Кудай сактасын. Андай эмес. Кете албай атканымдын дагы бир себеби, конушуп калган жерден чыксам кандай болот, канча убакытта башка иш таба алам, иш тапкыча кызым экообуз кантип тиричилик кылып турабыз деген ойлор жанды жейт да. Же озүмө ишенбеген адам окшойм. Өзүмө берген баам өтө төмөн окшойт

Иштете албасан жакшы айлык бере албасан,балдарына акча бере албасан ишинди жап,озундуда биздида ишенди квлбай дегиледа.
Аябай эле озуно ишенбеген,кумурсканан пил жасап алып "аааа"деп корко берген адам окшойсуз.
Анда иштен кеткиниз келбесе иштей беринда кенеш сурабай,баары кет деп кенеш беришседа,кете албайм тиги бу деп кайра...
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   begym   20 Октябрь 2016 - 10:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Июль 14
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 15:54

Просмотр сообщения hihikayu (20 Октябрь 2016 - 10:30) жазган:

Иштете албасан жакшы айлык бере албасан,балдарына акча бере албасан ишинди жап,озундуда биздида ишенди квлбай дегиледа.
Аябай эле озуно ишенбеген,кумурсканан пил жасап алып "аааа"деп корко берген адам окшойсуз.
Анда иштен кеткиниз келбесе иштей беринда кенеш сурабай,баары кет деп кенеш беришседа,кете албайм тиги бу деп кайра...


Мен кенеш суроо бөлүмүнө жазган жокмун, жүрөк сырына жаздым. Жөн гана бугумду бөлүштүм. Бардыгы жумуштан кет деп айтышарын жакшы билгем. Адам качан гана өзүнүн алсыз жагын, коркунучун бирөө менен бөлүшүп талкуулап алгандан кийин гана жашоого болгон сергек оюн ойготуп алат. Мен ошол максатта жазгам. Түшүнүп-түшүнбөй одураңдап алганга караганда сиз да менин шефиме окшогон бирөө окшойсуз


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   ROUSE   20 Октябрь 2016 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Жумуш бул омурунду бироого сатып каражат табуу. Бироого жалданып иштеп жарыбайт экенсин. Сизди алдап, кулдай иштеткенди уйронуп алып, сиздин мээнетиниз менен байыйм деген мите куртка коп жыл жем болгонунуз азбы? Жумуштан чыксаныз коп болсо бир ай кыйналасыз каражаттан. Жумуш коп, издесениз жакшысы табылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ROUSE   20 Октябрь 2016 - 11:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Банальная эксплуатация! Озунузду курмандыкка чалбаныз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Talantbek1994   20 Октябрь 2016 - 11:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 227
  • Катталган: 07 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 12:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Таңдын атканын Азан менен билдирген жер

Мен чыдабасам керек эле. Акырын эч кимге билгизбей жумуш издеп дайынын билип туруп айлык алганда мен иштен чыгам деп эле арыз жазып кетип калыңыз. Ошондо билет сиздин баркыңызды компаниясы токтоп калганда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   alibekova94   20 Октябрь 2016 - 13:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Учурда кайдасыз ? Нерв кетсе кайра оз калыбына келалбайт билесизби ошону ? Сиз эмне учун бироого баш ийип ( баалабаса да ) иштешиниз керек? озунуздун кадыр баркынызды эмнеге тепселетесиз ? башка иш караштырып туруп эн жакшысын тапканда кетип калын, раз сизди барктай албайбы сиз менен иштешпей эле койсун. Адамдарга тан каласын, акча таба баштаганда коздорун май басып адамдык сапаттарын жоготуп башташат. Мен сиздин ордунузда болсом ачка калсам да басып кетмекмин. Москвада болсонуз мен жумуш тапканга жардам берейин...

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Kara.koz   20 Октябрь 2016 - 13:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 16 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 07:40

Өзүңүздү өзүңүз кыйнайсыз ал жерде, адамгерчилигиң жок кыйналганда таштап кетесиңби десе, оа мен ушундаймын деп эле чыгып кетиң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 14:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: