Эми окудум бул өмүр баянды. Аябай сонун жазылыптыр авторго рахмат. Ар бир адам сиздерден үлгү алса албетте сиздердин катарды толуктап бактылуу болушмак.
Жашоомдон таза тунук махабат тилек кылам........
Жүрөгүм бир гана сен деп туруп алды Жүрөгүмдүн буйругу менен сен үчүн нелерди гана кылбадым,гүлүм.
#122 20 Октябрь 2016 - 20:39
momuntay (16 Апрель 2014 - 02:07) жазган:
Эх соонун баян го. Азыркы жашоонорду да жаза кетпепсин да автор. Эки дуйно бактылуулук каалайм. Мен ойлогом окуп журуп эле жашап калышат го деп. Жок сен чыныгы мырзалык кылыпсын. Гулумай КАНДАЙ келин болду. Азыр бала-чакалуу болдунарбы жазып кетпейсинби сураныч
Кыш мезгили жакындап,айылда иш жок,убакыттын барында ушул өмүр баянымды азыркы күнгө чейин жазам деп чечтим.
Бир гана бул форумчу эмес купуяга көптөгөн суранычтар келген болчу,ушул күнгө чейин ошол суранычтарын аткаралбай калдым деп ойлонуп жүргөм.Акыркы бүгүн ойлондум,чыгынып жазам деп. Насип кылса кечинде жазып баштаймын.
#123 20 Октябрь 2016 - 22:17
Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala (20 Октябрь 2016 - 20:39) жазган:
Кыш мезгили жакындап,айылда иш жок,убакыттын барында ушул өмүр баянымды азыркы күнгө чейин жазам деп чечтим.
Бир гана бул форумчу эмес купуяга көптөгөн суранычтар келген болчу,ушул күнгө чейин ошол суранычтарын аткаралбай калдым деп ойлонуп жүргөм.Акыркы бүгүн ойлондум,чыгынып жазам деп. Насип кылса кечинде жазып баштаймын.
Бир гана бул форумчу эмес купуяга көптөгөн суранычтар келген болчу,ушул күнгө чейин ошол суранычтарын аткаралбай калдым деп ойлонуп жүргөм.Акыркы бүгүн ойлондум,чыгынып жазам деп. Насип кылса кечинде жазып баштаймын.
Ооба жазыңыз байке, жеңебиз менен бактылуу жашай бериңиз ылайым..
#124 21 Октябрь 2016 - 04:14
Мен жогоруда аягын кыскартып тез бүтүргөн элем,ошону кап этпесеңер толук улантып кетейин.Анан той ресторанда болду деп да азыркы замандын учуру менен аяктап койгон элем.Биздин убакта кайдагы ресторан,үйдө эле комсомольский вечир болчу.Анда сөз башынан болсун.
Апам бизди үйгө жайгарып коюп өзү кошуна колоңду чакырганы кетти,апамдын ишенген жакшы бир кошуна эже бар болчу үйдө той топур болсо эле апам ошону чакырат.Кошунанын баласын туугандарга жибериптир. Ал убакта кайдагы сотка.Тойго чакыруу жасасак автобустан же таксиден туугандардын айылына берип жиберет элек.Атам дагы бир жактан келип калды.Атам,апам, атамдын эжеси дагы туугандар болуп аяш атамдардын үйүнө жөнөштү,үйлөнүү боюнча сүйлөшкөнү. Бир,эки саат убакыт өткөндөн кийин келишти.Кечке маал кыз кубалап Гүлүмдүн туугандары келишти.Ошентип ызы чуу түшүп той башталды.Той бир жума кийинкиге белгиленип комсомольский той өткөрмөй болдук.Жакын досум болуп Мики чыга турган болду,ал шаардан келди.Ал арада Бакыт агамдар,жеңем, Талант баары келишти.Үйүбүзгө адам толуп өтө чоң майрам болду.Баары эле куйө бала деп куттуктап жатышса кызыктай болот экенсиң.Бир жума өтүп той да башталды.Тойдон бир күн мурда үйдө элге той болду.Айылда ушунусу жакшы да той өткөрсөң,тиги кошунаңдан чоң казанын сурап кел,оо Турат кошунанын самоорун апкел.Алтын жездеңи чакыр кой союп берсин.Муну чакыр аш демдесин деп бүтүндөй туугандарың үйгө келип кызматты кылып.Жеңеңлер нан жаап,ичеги жууп,боорсок бышырып иий деги койчу мына жашоонун керемети айылда го.Сонун жашоо го айылда.Мен ушунчалык айылдын жашоосуна сүңгүп кирдим,берилүү менен кабыл алганыма окшойт мага айылдын жашоосу абдан жакты.Эң жакканы ушул той болсо ушунчалык кубанам.Туугандардын же кошуналардын үйүндө той болсо таң атпай кетип кечке кызмат кылып жүрө берем,анымды билишип баары биринчи кезекте чакырышат.
Негизи тойго чейин достор үйгө келишет эмеспи,бизде маслат деп коет.Балдар чогулуп алып тойду талкуулайбыз. Кантип чыгабыз,кандай машина менен,канча бала канча машина чыгарат,кыскасы ушул сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулайбыз. Бир жагынан бизге чогулууга шылтоо.Ал убакта эң барктуу машина волга болчу,ал дагы айыл боюнча бирөө эле.
Той күн да келди.Эң алдына ак волга чыкты,төрт жигули ар кандай түстө,эки уаз бири жашыл,бири кара,бир сары москвич анан камера ташыганы бир нива чыкты.Баардык машиналарды жасап,шаар илип,бантик тагып,балдарыбыз кычырап костюм шымдарды кийип даярданып,үйдөн ата-энемдин батасын алып кыздын үйүнө зуулдаган бойдон жөнөдүк.Ал жактан ямаханын коштоосунда бизди тосуп алышты.Жеңелер күйө балага көрүндүк бергиле деп мени машинадан түшүрбөй салтын улап жатышты,талашып тартышып жатып бир канча акча жоолук бирдемкелерди өндүрүштү.Кыздын үйүнө кирсек,кыздын жеңелери баштайт салтты бузбагыла деп.Алар менен тартышып талашып берчүсүн берип араң дегенде бир саатта чырагыма жеттик го.Булардын дарты эптеп акча өндүрүшсө,менин оюм болсо эптеп эле тезираак Гүлүмдү көрсөм.Гүлүм болсо аппак фата көйнөктү кийип,чачтарын жасап чырагым жаркырап алыптыр го.Ак көйнөк ушунчалык жарашып калыптыр,көргөн көзүм тойбой кайра-кайра карагым келет.Ичимден кызганып да кеттим,башкалардан.
Ал жакта бир,эки саат ойноп,сыйын көрүп батасын алып жайлоону көздөй жөнөдүк.Жайлоо демекчи биз жайындасы жайлоого чыкчубуз да.Пландаганбыз тойдо загсты сылаганы жайлоого нукура кыргызча кылалы деп.Той күнү загсты сыйлоо үчүн тоого жайлоого барганбыз.Машина жайлоого чейин барат болчу.Азыркы инамаркалар бара албаса керек.Жайлоого барып кыргыз үйдө кымыз ичип,тамак ашын жеп аккордеон менен ырдап,бийлеп тоону жаңырта кыйкырып аябай бийлешти.Аккордеондон тажашканда машинын музыкасын коюп алып бийледик.Гүлүм экөөбүз бири-бирибизди тиктеп абдан кубанып,бактылуу элек.Тоюубуз болуп жатса да Ойлонуп түшүм эмеспи деп ишенбей кетип жаттым.Гүлүмдүн бактылуу жүзүн көрүү мен үчүн абдан чоң кубаныч эле,эч кимге бербей өзүмдүк кылып алганыма ушунчалык жаратканга шүгүр кылып жаттым.Ойлорума эмнелер гана келген жок,ой күлүк деп бекеринен айтпайт экен да.Ызы чуу болуп бийлеп, той болуп жатса да Гүлүмгө жетем деп канча кыйынчылыктарды баштан өткөргөнүмдү эстеп отурдум.Чырагыма жетүү үчүн кандай гана мээнет кылбадым.Шаардан келип айылдын жашоосуна көндүм.Бозала болуп чаң баскан жолдоруна көндүм.Эски кийимдерден жийиркенип жүрүп акыры аларды да кийип үйрөндүм.Жалпайган бозоргон мектепти көрүп маанайым бузулган болчу,ал мектепке да көндүм,ал мектеп мен үчүн эң ыйык мектеп болду,жаңы жашоомдун башталышы так ушул бозурайган жалпак бир этаждуу мектен башталбадыбы. Чоң атамдын үйүн айтсаң,болгону кичинекей 3,4 бөлмө,жапыз үй,жада калса өңү да бозоргон акталбаган үй болчу.Ушулардын баарына көндүм го шумдугуң кургур.Тойдо отуруп ушулардын баарын ойлогону жетиштим.Биринчиден мени айылга чакырган жеңеме,анан Бакыт агама,Талантка ичимден ыраазычылыгымды айтып отурдум.Талант агам,трактор айдаганды,машина айдагады,чөп оргонду деги койчу баарын үйрөттү го.Талант болсо мал караганды,картошка эккенди,эгин эккенди толтура нерселерди үйрөттү.Ойлонуп оюма жетпей койдум.Акыры кой тойдо тойдой тойлоюн деп акырыын Гүлүмгө көз чаптырсам ал дагы бир нерселерди ойлонуп отуруптур.Эмнени ойлонуп калдың десем,ал дагы ушул күнгө чейинки күндөрүн бир эстеп алыптыр.Экөөбүздүн тең сүйлөшүүбүздү бузуп достор шарактап келип бийге тартып калышты.Сыртка чыгып жаратылыштын кооздугуна суктанып,таза абадан кере кере дем алып бийди тыттык го.Эшикти карасаң ар ким өз кызматын кылып жүрөт.Достор кыздар менен бийлеп,аккордеончу ырын созолондуп, камерачы видеого тартып жүрөт.Жеңелер чуркап конокторду тейлеп жүрүшөт.Жезде, күйө балдар,агалар кой союп,от жагып,бирөөсү самоорго чай кайнатып,бир экөөсү эт бөлүштүрүп, бирөөсү аш бышырып,бирөөсү шорпо бышырып эх той деген кандай чоң майрам.Айрыкча айылда туугандарың, досторуң,кошуналарың менен бирге ырдап,бийлеп жыргайсың.Айылда баары ынтымактуу бир үйдө той болсо бүтүндөй айыл келет,айыл ошонусу менен кызык экен да.
Жайлоодогу сыйыбыз да бүттү.Биз бул жакта сыйланып,ырдап, бийлегиче күүгүм да кире баштады.Анан зуулдаган бойдон айылда көздөй жөнөдүк.Эми бизди айылда кечки вечир күтүп жатат.

#125 21 Октябрь 2016 - 05:15
Биздин убактагы тойлор белгилүү да.Бактын арасына мектептен парталарды стулдары менен алып келип тизип,төргө килем тургузуп эки жаштын атын пахта менен жазып ортого ошол эле пахта менен жүрөктүн сүрөтүн тартып коет.Килемдин маңдайына трактордун тележкасын узунан коюп бир тарабын ачып коет.Музыканттар үстүнө кадимки сахнада тургандай туруп ырдай беришет.Ошентип айылга да кирип бардык.Бизде дагы бир салт барго,айылга кире бериште мастар жолдо туруп алып загсты тосушат.Алар менен ызы чуу болуп эптеп арагын берип араң кутулсак жөн эле кое берсе мейли,арагын ачып алып узуууун каалоо тилектерин айтып тура беришет.Акыры шопур аке айдаңыз деп жатып араң кеттик.
Сигналды бапылдатып айылга да кирип бардык,үйгө жакындаганды жаш балдар чуркап загс келдиии деп машиналарга жабышып,шаарларын жулуп,ленталарын талашып жулуп,аларга жетпей калганы машинанын айнегинен шыкаалап карашат.Той ушунусу менен кызык экен да.Бака-шака жаш балдардын кыйкырып кубалашып ойногону,чөп жакта чоңдор ичип отурушканы, очок жакта жеңелер чурулдап шаңкылдап жатышканы,музыкант өзүнчө музыкасын даңкылдатып аткан,үйдө адам көп кирип чыгып жатышкан,иши кылса адам көп,бүтүндөй айыл жада калса коңшу айылдан да атаайын той көргөнү келишкен.
Мына ямаханын коштоосунда той да башталды.Адаттагыдай эле эң папулярдуу ыр
Кубанычтар дайра болуп агылып,келин келет ак шөкүлө жамынып
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн
той башталды той башталды алакандар,алакандар чаабылып..... .деп ышкырык кыйкырык менен той да башталдыАйылдагы комомольский вечир кандай сонун эле ээ,анда эмесе эки жаштын ата энелери куда-кудагыйларды ортого бийге чакырабыз деп андижанская полканы коюп коет))) Кетти ана ,байкуш ата энелер кубанычында чек жок,атам кетти пырпырап, апам кетти чимирилип бийлеш элеби.Тамада эч ким чыкпай турсун куда-кудагыйлар бийлешсин десе ,алар эки минута бийлегенден кийин оптом талпа чыга башташат.Анан башталат той,айылда ар ким ар кандай бийлейт го шумдуктуудай болушуп,шаардакыдай болуп баары бир стилде бийлебейт да.Ар ким ар кандай стилде бийди тытышат.Биз колтукташып алып бакка атайын биз үчүн жасалган килемдин алдына отурдук.Той башталды бийлер башталды,ар кандай бийлерди көрүп жыргап күлүп отурдук.Анда эмесе баланын туугандары келиңиздер десе тапырап 20сы чыгып бирден сүйлөп,белектерин берип бүткүчө эле той ортолоп калды.Эптеп атып тойду да өткөрдүк.Каникул ичи үйдө кызматты кылып экөөбүз шаарга окууга жөнөдүк.Ошентип окшошуп алып студенттик күндөрдүн доорун сүрүп жүрдүк.Эми эч нерседен коркпой жашап калдык.Эч ким алып качпайт,эч ким тийишкенге акысы жок деп.Биринчи курсту бүтүп үйлөндүк,экинчи курсту бүтүп жатканда Гүлүм кадимкидей ичи чоңоюп экөөбүз уулдуу болдук.Каникулга дагы айылга кетип Гүлүм ошол менен бир жыл окуй албады,мен болсо окуумду уланттым.Айткандай айтпай кетиптирбиз. Биз Гүлүм экөөбүз тең айылды жакшы көргөнүбүз үчүн айылда эле иштесек деп кыялданчубуз. Мугалим болобуз деп окуп жүрүп мен башка кесип тандап кеттим.Гүлүм мугалим болду.Ошентип жүрүп төртҮнчү курс болгонумда экинчи наристелүү болдук.Андан бери канча убакыттар өттү.Балдарыбыз чоңойюп мектепте окуп чоңоюп калышты.
Темамдын аты жазылып тургандай бир сени деп эмнелерди гана кылбадым гүлүм деп.Бир адам үчүн бүтүндөй жашоомду өзгөрттүм,мүнөзүм өзгөрдү,шаардык бала айылган болгон терс көз карашым өзгөрдү.Жийиркенип айылга баргым келбейт эле,чаң болом,жамалган кийим кийбейм,эски куртка кийбейм,мал карай албайм,мен айылда жашай албайм деп ыйлаганым эсимде.Эгер атам мени айылга жибербегенде шаарда кандай адам болуп чоңоет элем билбейм.Атам айылга барып окуйсуң дегенде аябай жаман болгонмун,атамдарга керексиздей сезилип,мени атайын эле малдын арасына таштап жатат мени жаман көрүшөт экен да деп ойлогон элем.Мен шаарда жүрүп чынында думдук болуп эле жүргөн экенмин.Айылдык балдардын айырмасы өтө чоң экенин түшүндүм.Алар тарбиялуу,ыймандуу, адамгерчиликтүү келишет экен. Кичүүнү ызаттаган,улууну урматтаган ар бир адам менен саламдашып сурашып,деги эле айылдын эли мага абдан жакты.Айылда жашап калганыма миң мертебе шүгүр кыламын.Буюрса өмүр бою айылда жашайбыз.
Балам гана эми айылдык,жөнөкөй адам болуп чоңойсоң деп атамдын айтканын кийин жакшы түшүндүм,туура кылган экен,мени айылга кубалап.Менин айылдык болушума себепкер болгон бардык туугандарыма ыраазымын.Ошоол азыр ушул учурда да айылдабыз,ата- энемдин колунда чогуу жашайбыз.

#126 21 Октябрь 2016 - 10:43
Бактылуу үй - бүлөөдөн болуңуздар!
!!
Иий окууп алып сезимдерди ий ушунча сезимди кантип жашырып жүргөнсүз, окууп атам ошол сезимдерди элестетип ий өзүм чыдабай кеттим. Гүлүмай эже аябай бактылуу кыз экен ( сизге окшогон мырзалар көбөйсө экен!!!

Эркек балага тарбия берүү менен бир адамды тарбиялайбыз,
ал эми кыз балага тарбия берүү менен бүтүндөй бир үйбүлөнү тарбиялайбыз.
#128 21 Октябрь 2016 - 12:08
Рахмат чыгарманар мага аябай жакты. Мен да айылда тоолордо оском. Эхх азыр, азырчы ошол тоолорду сагынам, балдарымды мен баскан тоолорго 1жолу чыгарсам деймин. Эртеден кечке мааниси жок компьютерди козум тешилип тиктеп олтурам. Кээде компьютерди ойлоп чыккан адамдарды оло жек кором.
#130 21 Октябрь 2016 - 20:23
Бир дем менен окуп чыктым, авторго рахмат. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
#132 23 Октябрь 2016 - 08:38
эн сонун бактылуу болгула.омур бою Гулунду капа кылба ал сиздин Жан шеригиниз омурлук жарыныз сизди ушунчалык суйдуро алыптыр демек ал дагы ото жакшы Адам экен.Балдарынар да сиздердей акылдуу абийирдуу болушун жараткандан тилейм Азаматсынар.
#134 26 Октябрь 2016 - 20:37
ар бир суйуу баян ушундай аяктаса экен,,, туболук бакыт каалайм силерге...
star....
#139 01 Ноябрь 2016 - 12:47
[quote name='Tansuluu09'
date='31 Октябрь 2016 - 20:54' timestamp='1477936491'
post='3171674'
]
Окуп буттум.. Аябай жакшы жазылыптыр. Бактылуу болунуздар. )))
Окуп отуруп Гулумай мн Рустамга суктандым.
Баарынарга ушундай тунук суйуу каалаймын.
Селердин катарынарда мага дагы ушундай суйуу насип кылсын))

#140 02 Ноябрь 2016 - 09:10
Автор кыйналып журуп суйгонуно жеткен экен да, Авторго ыраазы болдум Айылдагы жашоону сонун жеткилууктуу жазган,Айыл менен Шаар асман менен жердей айырмасы бар, Айылдагы адамдар кандай гана жакшы, Ыймандуу, Мээримдуу, Мейман дос, Кен пейил, Менеткеч, айта берсен толтура Ынтымак менен биримдик менеен бардык иштерди чогу жасашат, Жонокой,Кичи пейил , ээх Айылдын таза табыйгый тамак ашы, таза абасы Ден соолуктары чын Чыйрак болот айылдагы кыздар балдар,