"Байлыгыңа байпагым, чоңдугуңа чокоюм" деп колумду сурап келген бардар үй-бүлөнүн баласынан качып, жакшы окуган, ыймандуу жигитке турмушка чыккам. Эми жүрөбүз, 12 жылдан бери батирлеп коюп. Эки кыз, эки уулубуз бар. Мындай кылалы, тигидей кылалы десем "шашпа, баары болот, балдарды окутуп, тарбиялай берели" деп коюп жүрөт. Балдары да атасын тартса, үй-жайы жок өтүп кетебизби?
Бул дүйнөдө баарыбыз квартирантпыз.
Эч ким түбөлүктүү эмес.
Мен бир кишини билем аябай чон үй салган жашаймын деп.Канча мээнет кылды ал үйгө.Баарын бүтүрүп мына эртен көчүп кирем дегенде бул аалам менен коштошту.
Жашоого эч кимдин гарантиясы жок.Андыктан бүгүнкү күн кандай болсо ошого шүгүр кылып барына,жогуна гам жебей сабыр кылсак баары сонун болот.Эн негизгиси балдарыныз бар экен ошого сүйүнүш керек.Канча адамдар бар үй жай машинеси баары бар, бирок баласы жок,бала жытына ушундай зар болуп жүрүшөт.
Сиздин эн чон байлыгыныз бул балдарыныз. Баланын каткырык күлкүсү баарынан кымбат.
Ошолорду көрүп биз канча жашоого болгон үмүтүбүз кайра жанданат.
Андыктан сизде эн чон бакыттын даамы бар экен сүйүнүнүз.

Супер-Инфо
super.kg
видео














