Кишиликтүү болуу талабы жана сөөк коюудагы чатак
октябрь 20, 2016
Тынчтыкбек Чоротегин
.
Кыргызстандын айрым жерлеринде кээ бир түркөйлөр мусулман эмес атуулдарыбызды көрүстөнгө койдурбай жатышса, христиан, бутпарас, ж.б. калктар басымдуулук кылган “каапыр” өлкөлөрдө мусулмандардын бейиттери үчүн атайын жайлар айкөлдүк менен тынч гана бөлүнүп берилүүдө.
.
Маркум Чыңгыз Айтматов бабалардын осуятын шуруга жаңыча тизип, “кишиликтүү бол” деген осуятты айтып бу дүйнөдөн кетти. Бул талап дагы эле күчүндө экендигин тарса (христан) динине өткөн айрым замандаштарыбыздын сөөгүн коюуга каршы чыккандар жана аларды секулярдык демократиялык мамлекеттеги бийлик өкүлү катары тизгиндей албаган жармач төбөлдөрдүн ыкшоолугу же төмөнкү деңгээли тастыктап турат.
.
Мен салттык түрдө “христиан өлкөлөрү” катары кабыл алынган Лондон жана Прага шаарларында байырлаган мусулман азчылыгынын далай турмуштук окуяларына күбө болдум. Кытайда да мусулмандардын көрүстөндөрүн учураттым. Кубанычы да, кайгысы да, жакшылыгы да, жамандыгы да Жер планетасынын эч булуң-бурчун тандабай ар пендеге келет экен.
.
Бул шаарлардын ар кыл көрүстөндөрүнө да барууга туура келди. Ошондо көрүстөндөрдүн бир өңүрүндө мусулмандар да сөөк жашыруусу үчүн жай бөлүнгөнүнө күбө болдум.
Анан суроо туулбай койбойт экен: христиандар өз өлкөсүндө өлгөн мусулмандын сөөгүн жашыруу үчүн жер бөлүүгө милдеттүү да, берки мусулмандардын өлкөсүндө өлүүгө тарсалар үчүн эч уруксат жок, анткени өлкөнүн бүт бардык жери мусулмандарга гана таандык экен да?
Прагада бир кыргызстандык мигрант агабыз каза болгондо, анын сөөгүн “таптаза мусулман” болгон атажуртуна алып кетүү үчүн өтө көп акча талап кылынды (Орусиядагы мындай мүшкүл учур башынан өткөн кыргыздар бул түйшүктү жакшы билишет). Туугандары анчалык оокаттуу болбогон соң, өз ара акылдашып, маркумду ошол эле Прага шаарында жерге берүүгө макулдук беришет. Анан жер тандоо керекпи? Албетте.
Дагы бир түркмөн агабыз да капысынан Прагада кайтыш болду. Анын сөөгүн Түркмөнстанга алып кетүүгө да саясий жана башка себептерден улам эч мүмкүн болбоду. Анан аны да Прага шаарында жашырууга аргасыз болушту. Эми ага да көрүстөндөн жер тандоо азабы турду.
Прагадагы бийлик ага тоскоолодук кылдыбы? Кантсе да, чехтердин басымдуу көпчүлүгү христиандар эмеспи!
.
Мына ушул жерде айтаарым – христиандын сөөгүн жашырууга караманча каршы каршы болгон Ала-Букадагы,
Кочкордогу жана башка кээ бир жерлерибиздеги айрым сабырсыз, толеранттуу эмес, мурдунан алысты көрө албаган исламчыларга жана алардан корунган билими тайкы аткаминерлерге караганда, Прагадагы христиандар жана секулярдык бийликтер алда канча кишиликтүү болуп чыгышты.
Мен ошол Прагадагы “Олшанка” көрүстөнүнө жай берилген маркумдардын бейиттеринин жанына барып, куран окудум. Мындагы көрүстөндүн мусулмандык бурчу берки христиандык жана коңшу иудейлик бөлүктөрдөй эле абдан таза экен; көрүстөндөгү атайын тейлөө кызматы бул жерде түбөлүк жайына тапшырылган маркумдардын мүрзөлөрүн динине карабастан таза кармап, жалпы көрүстөндү тим эле гүлдөтүп, барчу жолдорду бүт асфальттап коюптур.
“Бул жерге мусулмандарды койбогула!
” деген бир дагы нааразы тарсаны учуратпадым.
.
Жер планетасындагы киши баласынын эч бир динге карабастан аткара турган бир жалпы парызы бар. Ал – кишиликтүү болуу.
Кыргыз Республикасынын атуулдарынын эч бир динге чектелбеген бир жалпы парызы бар. Ал – кишиликтүү болуу.
Мен ошол Прагада мусулмандын сөөгүн эч көйгөйсүз эле көрүстөнгө жайгаштырууга уруксат кылган тарсалар бүт тозокко түшөт, ал эми сөөк коюу үчүн көрүстөнгө маркумдун жасатын алып келген тарсаларды таш бараңга алган өзүн “нагыз мусулман” деп санаган маңкурттар бейишке чыгат деп эч ойлобойм. Бул оюмду тигил дүйнөгө барганда да тастыктап кайталайм го дейм, саатым келгенде.
Теңирге (Аллага) шүгүр, “Чубак ажы Жалилов сыяктуу аркы-теркини мыкты аңдаган диниятчыларыбыз тарсанын сөөгүн коюуга бөгөт түзгөндөрдүн кылыгын сындап чыгышты”, деп мага айтышты.
Оторчулук доорунда, коңшуларды ачарчылык каптаган сталинизм заманында, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кыргызстанга ар кыл диндерге жана этносторго бөлүнгөн далай келгиндер келишкен. Далайынын өмүрүн кыргыздар сактап калган. Далайы набыт болгондо, кыргыздар алардын жасатын жерге коюуга көмөк кылган.
.
Азыркы Прагадагы калайык келгин мусулмандарга кандайча мамиле кылса, бабаларыбыз деле алыскы жана жакынкы тарыхыбызда ошондой эле айкөлдүгүн көрсөткөн.
Космостук саякат учурунда өлөсүңбү, мухит кезгендеби,
Мекеде жүрүппү, же үйдө төшөктө жан таслим болосуңбу, айтор, сааты келгенде бул дүйнөдөн белгисиз дүйнөгө аттанасың. Балким, рухуң бейишке чыгат, бейиши болбосо, дагы башка жагына чыгат.
Бирок ушул дүйнөдө туруп кишиликтүү жашай албасаң, маркумга динине карабастан ызаат көрсөтө албасаң, анда чын эле Бардыгын Билген Кудурети бар Улуу Күч түркөйлүгүң жана бирөөгө бөөдө жамандык кылгандыгың үчүн чекеңден сыйлабайт чыгаар?
Бул макаланы мен, чынын айтсам, айрым жердештеримден уялганымдан жазып жатам. Билмексен же көрмөксөн болуп отуруп тура бергим келбеди.
Түркөйлүктүн айынан урмат-сыйга татый албай калган маркумдардын рухтары, эгерде чын эле бар болсоңор, кечиргиле!
Биз түркөйлүктү жоюуга аракет кылалы, сабаттуу бололу, айдыңдарды угалы!
Сабырдуу, ыймандуу болууга чакырган Абу Ханифанын, Фарабинин, Берунинин, Ибн Синанын, Баласагындын,
Махмуд Кашгари Барсканинин жана, ошондой эле, башка ар түркүн диндеги жана ар кыл этностон чыккан даанышмандардын осуяттарын жана кишиликке чакырган чыгармаларын чындап окуйлу, киши бололу! Калыс, айкөл болууга чакырган “Манас” дастанын окуйлу!
Кишиликтүү бололу, чыныгы атуул бололу!
Мазарга ишенесинби? Ишенесиңби?
#82 21 October 2016 - 20:21
Курандын бир барагын ачып окубаганынды жарыя кылба да.
Куран да Кудай Таала Юнус суросундо айтып койду.Фираунду Кыяматка чейин сактап башка адамдарга улгу кыламын деп.
Бугунку кунго чейин Фираундун соогун жер кабыл албайт.
Эми Кыяматка чейин да ушундай болот.Ким Куранга Алла Таалага каршы чыкса аны олтурбой туруп,шерменде кор кылат.
Анын соогун жер кабыл албайт.Мындай окуялар дуйнодо толтура.Бир эле бул аялдын окуясы болгон жок.Калган пенделер да ойлонсун.Жер кимдики экенин,аны ким жаратканын.

++++++
Сектанттардын козу ачылып жатат, динин сатса кандай кор болот экенине.
#83 21 October 2016 - 21:59
Адамды кабырга койгондон кийин кабыр азабы бар,а баптист кабыр азабын тартканда кошуналарына да таасири бар деп тушундум,ошон учун койдурушкан эмеско сыягы...
#84 21 October 2016 - 22:00
Курандын бир барагын ачып окубаганынды жарыя кылба да.
Куран да Кудай Таала Юнус суросундо айтып койду.Фираунду Кыяматка чейин сактап башка адамдарга улгу кыламын деп.
Бугунку кунго чейин Фираундун соогун жер кабыл албайт.
Эми Кыяматка чейин да ушундай болот.Ким Куранга Алла Таалага каршы чыкса аны олтурбой туруп,шерменде кор кылат.
Анын соогун жер кабыл албайт.Мындай окуялар дуйнодо толтура.Бир эле бул аялдын окуясы болгон жок.Калган пенделер да ойлонсун.Жер кимдики экенин,аны ким жаратканын.
Куран да Кудай Таала Юнус суросундо айтып койду.Фираунду Кыяматка чейин сактап башка адамдарга улгу кыламын деп.
Бугунку кунго чейин Фираундун соогун жер кабыл албайт.
Эми Кыяматка чейин да ушундай болот.Ким Куранга Алла Таалага каршы чыкса аны олтурбой туруп,шерменде кор кылат.
Анын соогун жер кабыл албайт.Мындай окуялар дуйнодо толтура.Бир эле бул аялдын окуясы болгон жок.Калган пенделер да ойлонсун.Жер кимдики экенин,аны ким жаратканын.
+++++ Эркекче жооп болду. Ленинда Куранды окуган экен, бирок каапыр. Демек Куранды окудум деп мактангандар эле чыныгы ыймандуу боло бербейт экенда.
#85 21 October 2016 - 23:03
Ыссыкколдо да бир баптистка мазарсыз калыптырго))).
Сектага отушу ойлонбой эле отуп алышты, эми мынтип кордолуп олтурушат.
#86 22 October 2016 - 19:39
Атактуу бир Мисирдик аалым өз баяндарында мындай окуяны баяндаган экен :
" Мага бир жолу бир карындашыбыз телефон чалды :
- Йаа , шейх! Мен палан деген айылданмын. Бугун биздин айылдагы сыйлуу энелерибизден бироо коз жумуп , анын соогун жууп баштаганда тушунуксуз маселе пайда болду. Ушуга сизден кенеш сурап кайрылып жатабыз , -деди.
Мен :
- Айта бер, карындашым , кулак сенде , -дедим.
- Мен жууп жаткан аялдын колдору намаз окуп жаткандай , он колу сол колун бекем кармап жатат. Аларды ажырата албай койдук. Эмне кылуум керек ? -деп сурады соогун жууган карындашым.
- Ал аялдын кандай абалда коз жумганын уйундогулорунон сурачы ,- дедим.
Ал карындашыбыз бираздан сон кайра чалып :
-Бул аял намаз окуп жатканда коз жумган экен, -деди.
Мен :
- Анын жендерин абайлап кыркып алгыла да кандай жатса ошондой бойдон жууй бергиле ,-деп чечим чыгардым.
Анткени , эч качан калп айтпаган Аллахтын Элчиси ( ага Аллахтын салам-салаваты болсун) : " Ким кандай коз жумса , ошондой тирилет " - деген. Коп отпой жанагы карындашыбыз дагы телефон чалды.
- Йаа шейх, дагы бир , башка маселе пайда болду !?
-Айта бер , кулагым сенде.
- Шейх , тиги энебизди кепиндесек , адаттагыдай эле бычылган кепин узун келип , бир жарым метр ашып калды. Эмне кылаарыбызды билбей калдык.,-деди.
Анда :
- Ал аялдын жашоосу тууралуу жакындарынан сурап корчу,-дедим.
- Мен бул энебизди таанычумун , ал кадимки эле дыйкан аял болчу. Бирок сиз айткандай мен да анын озгочолуктору тууралуу сураганымда синдиси : " Эжем кызыктай дуа кылчу , ал ар намаздан кийин :" Эй Аллах, менин күнөөлөрүмдү кечир ,жамандыктардан тос жана кепинимди узун кыл "- деп кайрылаар эле" - деп жооп берди.
Карачы кандай тан калаарлык көрунуш.Кадимки бычылган кепин бир жарым метр ашып калыптыр.
А биз озубуздун кепин тууралуу ойлонуп кордукпу ? Жашоонун мааниси коз жумганда билинет. "Кандай жашасан -ошондой коз жумасын" - деп созун бутурду шейх ".
Интернет булактарынан алынды.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#87 22 October 2016 - 19:46

Ислам дини кандай гана бактылуу дин. Куранды окугам деп мактанып коюп эле журо бербей биздагы Намаз окуп ошентип коп коп дуаларды кылышыбыз керек экенда. Мен эми тушунуп келатам ислам динибизге.
#88 22 October 2016 - 21:51
Жергебизде көптөгөн мүрзөлөр бар.Бир мүрзөдө бир топ жылдан бер көр казып иштеген адам ушул окуяны көздөрүнөн жаш агызып айтып берди:-ʺМен кыйла жылдан бери адамдардын кызматын кылып келем бирок мындайды эч көрө элек элем.Былтыр жазында жол кырсыгынан көз жумган кырк жаштагы бир жигитти көмүш үчүн алып келерин айтышты.Кеч курун жаны үзүлгөн экен.Багымдаттан кийин жерге бере турган болушуптур.
Анан көр казууга туура келди.Бирок эмнегедир көрүстөнгө көңүлүм жок келдим.Эң кызыгы көрүстөнгө келгенимде эч качан кылбаган ишти кылып койгонумду билдим. Кетменимди жана керектүү буюмдарымды үйгө алып кеткен экемин. Барып алып келип көр казууга кириштим.Эч эле жер казылбады.Күрөк,
кетменимди текшерип көрдүм баары жайында.Жердин катуулугуна таңкалып турдум.Башка жерлерди да байкап көрдүм бирок жер таш болуп катып калгандай.Бир убакта жардамчыларым да келишип казууга аракет кылышты бирок эч майнап чыкпады. Багымдат намазынан соң жаназа окулган сөөктү алып келишти.Болгон ишти Имамга айтып бердим. Имам көзүнө жаш алып,сөөк ээлерине барып түшүндүрдү.
Баарынын көзүнчө кайрадан казып көрдүк болбоду.Акыры алар дагы,биз дагы бир чындыкты түшүнүп турдук.Жер сөөктү алгысы келген жок!Имам менен сүйлөшүп сөөктү эптеп мурда чуңкур болуп калган жерге коюп көмдү кылдык.Ойго батып баарыбыз ыйлап тарадык.Эң жаман окуя эртеси күнү мен башка бири үчүн кабыр казып жатканымда ары жактан иттердин үнүн угуп калдым.Барсам кечээги койгон сөөк сыртка чыгып калыптыр.Иттер болсо аны...Окуя түшүнүктүү болсо керек.Иттерди кубалап,ичегилери чубалган сөөктү кайрадан жашырдым.Эртеси да иттер эч нерсесин калтырбаптыр.
Белгисиз мүрзө болсун деп ошол жерди казууга кириштим.Баягы казылбай жаткан жер бул сапар пахтадай жумшак десең.Эч кимге бул окуяны билдирбедим.
Көрдү каздым да кайра көөмп,бир белгисиз пенденин кабырына айлантып койдум.Ар күнү ушул белгисиз кабырга келип ойго батчу болдум.Баягы жер албаган жигит Кудайга жакпаган эмне иштерди кылды экен?Мага кандай кызыгы бар?!Бирок бул окуя мага өтө чоң сабак болду.Бүткүл дүйнөнү кыдырып жүрүп өлгөндө жатканга жер табалбай калышыбыз мүмкүн экен го.Аллаhтан чырайлуу абалда жан берип,кабырыбыз нурлуу болушун көп-көп суранышыбыз керек тура.Бул окуя кээ бирине эч эле таасир бербеши мүмкүн.Бирок инсан өмүрүнүн акыркы кадамдарында кандай абалда болоруна кепилдик бере албайт.Аллаhым сен бизге жетиштүүсүң!
Адаштырбай сен бизди сактай көр!!!
---------------
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#89 23 October 2016 - 05:57
Ысык-Көлдө баптист аялдын сөөгүн жерге берүү талашы чечилди
Ысык-Көлдөгү баптист аялдын сөөгүн жерге берүү маселеси чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда
SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков
билдирди."Баптист аял кечээ каза болгон. Аны мусулмандардын мүрзөсүнө коюуга жергиликтүү эл каршы чыккан. Бүгүн район акими, укук коргоо органдары жана маркумдун туугандары менен биргеликте сүйлөшүп, жерге берүү маселеси чечилди. Маркум ошол айылдагы мусулмандардын эски мүрзөсүнөн 500 метр алыс жерге коюлмай болду. Облус аймагында буга чейин да мындай маселелер болуп келген. Мындан улам диндин баптизм агымындагыларды Балыкчы жана Кажы-Сайдагы мүрзөгө коюп келишкен" , - дейт облус казысы.
Учурда Ысык-Көл облусунда баптизм агымындагылардын саны 1000ге жетери айтылды.
Айта кетсек, маркум Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынан болот. Диндин баптизм агымында жүргөнүнө 20 жылдан ашкан. 60 жашка чыгып калган аял бир канча жыл Орусияда жашап, жакында эле Ысык-Көлгө келген.
Мындай окуя жакында Ала-Бука районунда болгон. Баптист аялдын сөөгүн жашырганга жер табылбай чуу чыккан. Маркумдун сөөгү 3 жолу жерге берилип, 3 жолу тең каршылар тарабынан казылып алынганы маалымдалган.
#90 23 October 2016 - 08:52
Баптистер Ислам динин терен тушунбой эле каралай беришет.Эми кичине эсине келишер,алар учун да дуба кылайлы.
А мазарга келсек.Адамдар мазарга барып олгон адамдардын куноолорун Аллахым кечирсин деп дуба кылышат.Алар оздору дубага муктаж болуп жатса кайдан бизге жардам бермек эле.Ата бабабыздын арбагы колдосун десек динден чыгып калабыз.

#91 24 October 2016 - 14:04
Нурзида эже мна теманыда самтыратпай тиги "Мазарга ишенесинби"
деген темага кошуп салбайспы экоонунтен эле багыты мурзого алып барат экенго.
#92 24 October 2016 - 19:19
Чын эле мна тема менен алдыгы Мотуев ачкан теманын ичи оппо окшош экен, тышы эле башкача болбосо. Экоону кошуп салынызчы аким, оюбузду кайсынысына жазышты билбей атабыз.
#93 24 October 2016 - 20:00
Чын эле мна тема менен алдыгы Мотуев ачкан теманын ичи оппо окшош экен, тышы эле башкача болбосо. Экоону кошуп салынызчы аким, оюбузду кайсынысына жазышты билбей атабыз.
Макул, азыр бириктирип коем.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#94 24 October 2016 - 20:03
"Мусулманмын дегендерге жана Ала-Букалыктарга(баарына эмес) айтаарым."
темасы менен бириктирилди.
Мазар тууралуу талкууларды ушул темада уланталы.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#95 24 October 2016 - 20:12
Во мына эми норма болду. Баптисттер дуйнодогу активный эле килтейген официалдуу дин экенда, анан неге оздоруно официалдуу мурзода ачып койбой, мусулмандардын мурзосуно жалынып, мусулмандарды жамандап жатышат? Омуру откончо баптисттерге кызмат кылып, олгондон кийин иттин олугундой болуп каралбай калып, мусулмандардын мурзосуно суйроп келишкенин мен "Кошунандын уйундо иштеп, ошонун уйунон тоюнуп, кыстап кетенде озундун туалетине чуркап келип, озун туалетинди толтургандай"
эле элестеттим.
Значеть баптисттер оздорунун лидер, чондоруна таарыныш керек экен, себеби карап корсон бут диндердин мурзолору бар, ушуларда эле жок. Эми баптисттерге жана аларды колдогондорго суроо, эмнеге баптисттерде атайын мурзолору жок? Буга ким кунолуу же кайрале бийликпи? Бийлике арыз жазса расмий болгону учун расмий мурзолору учун жерда болуп бермекта.
#96 24 October 2016 - 22:13
+++++ Эркекче жооп болду. Ленинда Куранды окуган экен, бирок каапыр. Демек Куранды окудум деп мактангандар эле чыныгы ыймандуу боло бербейт экенда.
Lenin ewwwek koop adwuu ketirgen kurandy okup butup anyda jer kabyl alvai koogon sebebi koop jerin menin sozum dep algan uchun muzeide katygan boidon turat firaun alihilanaga okwop mumiyaga okwop kyrgyzymdyn eli kyrgyzymdyn kyYzy komdurso bolmok dep aityw kyiyn kitepte bar uchun komdurboi koidu seler jana boz neni bilmekbiz sup inf inten beri bolboibuz kyrdyzdyn kyrgyz kyzrgyzdyn kyzynyn kyzu bolot alda ISLAMDA bolso
#97 24 October 2016 - 23:18

Рашид не баляя деп койгонсун?))))
#100 24 October 2016 - 23:51
Алып келип Жалал-Абад шаарынын четиндеги орустардын мүрзөсүнө көмгүлө . Места бар го . Ал өзү кыргыз бекен?

Супер-Инфо
super.kg
видео