Саламатсыздарбы?
Бул теманы ачканыма байланыштуу " үй шартында"
көп деле нерселерди биле бербейбиз. Мына бул жерде " тажырыйбаларыбыз менен бөлүшөбүз.
1. Капуста аралашкан тамак бышырып жатсаңыз анын жыты чыкпашы үчүн казандын капкагына бир кесим нан коюп коюңуз.
2. Сыртты катуу жаңгактарды оңой чагуу үчүн, аны бир түн туздуу сууда түнөттү керек.
3. Картошка жумшак болуп, солуп калбаш үчүн арасына алма кошуп койсо жакшы.
4. Сырды 15 минут муздаткычта кармап туруп анан кескен ыңгайлуу.
5. Тамактын майы көп болуп калса, казанга муз салып коюңуз. Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.
6. Помидордон жасалган томат кычкыл болсо анын ичине бир сабизди майлалагычтан өткөрүп кошуп койсо даамы өзгөрө түшөт.
7. Абадагы тамекинин түтүнүн тазалоо үчүн оливка майы эң жакшы жардамчы. Май сиңирген пахтаны күйгүзсө аба тазаланып калат.
8. Жумшак материалга оливка майын азыраак куйган соң зергер буюмдарды тазаласаңыз жакшы натыйжа берет.
9. Үйүңүздөгү чоң жалбырактуу өсүмдүктөргө же гүлдөргө айына бир жолу оливка майынан бир чай кашык куюп турсаңыз,жакшы азыктанып жанданып калат.
10. Чымын - чиркей оливка майы сүртүлгөн денени чакпайт.
Сиздер да бөлүшүп кеттиңиздер?
Айымдарга үй шартындагы кеңештер.
#1 23 October 2016 - 22:45
Эркек балага тарбия берүү менен бир адамды тарбиялайбыз,
ал эми кыз балага тарбия берүү менен бүтүндөй бир үйбүлөнү тарбиялайбыз.
#2 24 October 2016 - 23:28
Жакшы кенештер экен, бирок капуста бышып жатса казандын капкагына нан коюп койсо кантип жыттанбай калат экен? Же ичине коебузбу?
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#3 25 October 2016 - 11:35
Бул ырым жырым болсо керек мен азыр дымдама жасайын деп жаткам байкап королу.
#4 25 October 2016 - 16:57
Мындай тема Кыздын Сыры тарапта бар.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5 28 October 2016 - 12:10
Эркек балага тарбия берүү менен бир адамды тарбиялайбыз,
ал эми кыз балага тарбия берүү менен бүтүндөй бир үйбүлөнү тарбиялайбыз.
#6 28 October 2016 - 12:11
Мүмкүн болсо? Ошол темага кошуп же жабып коюңуздарчы?
Эркек балага тарбия берүү менен бир адамды тарбиялайбыз,
ал эми кыз балага тарбия берүү менен бүтүндөй бир үйбүлөнү тарбиялайбыз.

Супер-Инфо
super.kg
видео










