Бугун ушинтип окуп калдымда Конституциянын туп нускасы жоголду деп.
Эгер чындап эле жоголсо ал качан жоголду?
Акыркы жолу Ким коргон экен жоголгон жеринде турганын?
Биз канча жыл же канча кундон бери Конституциясы жок жашап келатабыз?
Эгер чындап эле Жоголуп кетсе?
Кичине билгенинер болсо биз мн болушуп кетбейсиненби?
Конституциянын Туп нускасы жоголду дейби?
#4 22 October 2016 - 07:14
Жоголду деп атышатго маалымат булактары. Конституция жоголсо анда парламентте олтурган депутаттарды эмне деп атасак болот?
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#5 22 October 2016 - 08:52
Кыргызстан да дагы бир майрам пайда болду.
5-май Конституция күнү!
19-октябрь Конституция жоголгон күн!
5-май Конституция күнү!
19-октябрь Конституция жоголгон күн!
Кандай болсоңда сени жактырбагандар чыга берет.
Жадагалса суу үстүндө басып кетсеңда "Ал сууда сүзө албайт экен!"-деп кеп кылышат.
#6 24 October 2016 - 17:15
Конституцияга өзгөртүү кигизебиз деп жаткан маалда жоголуп кеткени кызык болду. Канча күндөн бери атка минээрлерибиз отуратго жоголду деген боюнча.
То что мы видим, зависит от того как мы смотрим.
#7 24 October 2016 - 17:40
Биздин конституциябыз катардагы бир ийне эмеско жоголуп кеткендей. Кайсы жерде катылып жаткан жеринен жоголду деген суроо жаралат экенда.
То что мы видим, зависит от того как мы смотрим.
#8 24 October 2016 - 23:24
Биздин конституциябыз катардагы бир ийне эмеско жоголуп кеткендей. Кайсы жерде катылып жаткан жеринен жоголду деген суроо жаралат экенда.
19-октябрда Кунсерептен кабардар болгонмун, окуп алып ишенген эмесмин адаттагы интрига-пиар деп.
Анан эле
Конституциябыздын жоголуусу буткул дуйного дунк эткени ушунчалык, мен Казахстан сайты NUR.KZтен окуп уялганым жок. Болгондо да суроттор менен чыккан. А эмнеге жоготкондор уялбай мен уялышым керек??
Тируучулуктун рахатын тартуулаган АТА -ЭНЕМЕ таазим!!!!
#9 24 October 2016 - 23:35
Орусиянын Конституциясы 2003-жылы жоголгон ошондо эч ким эч нерсе дебей эле жанысын чыгарып эле алдыго
#10 25 October 2016 - 01:12
Кантип эле?))) Библиотекада,
архивде, универлерде созсуз болот да. Окмоттукун баягы революцияда бир киши которуп бараткан ак уйдон))) Прокуратураныкы болсо баягы имараты орттонгондо куйуп кеткен болуш керек. Бирок айла жок жылмайтат биздин башчылар))
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#11 25 October 2016 - 01:46
чын эле айла жок жылмаясыңда.
шордуу элбиз.бизди кудай колдойт айланайындарым.
табылып калааар (((
#12 25 October 2016 - 02:16
Конституция жоголду десе эле бир буюм же бир китеп жоголду деп унчукпай кала беребиз,тушунбойбузда себеби.Конституциянын жазылган башкы нускасы жоголуп жатпайбы.Эгер ал жоголсо,бийликте отургандардын былыктарын из козун менен корсонда эч нерсе дей албайсын.Кудайгагана салыш керек бул ыймансыздарды.
Кудайым коруп турат баардык кылган ишинерди..Кечээ куну бир Эже айтты Мегакомдун женичинен Берген 1500000$жонундо.
Коруп алып дагы деле озумо келе элекмин.Бул кетиште Кыргызстанда бийликтегилер Жана анын туугандары эле калбаса 5жылдын ичинде калгандары РФнын жарандыгын алып жашап калуусуна ээч кумонум жок.
#13 26 October 2016 - 19:11
Бирөө урдап жок кылганда.
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#14 03 November 2016 - 14:50
Аида Салянова конституцияны өзгөртүү боюнча СДПК элди кантип алдап жатканынын бетин ачып берди
“Бүгүн бийлик демилгелеп, 3-окуудан өтүп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору мыйзамсыз экенин тарых үчүн айтып коюш керек. Бул демилге башталганда эле мыйзамда, конституцияда жок нормалар менен башталды”, – деп билдирди кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова.
“Экинчиден, силер Конституциянын түп нускасы жоголду деп бир чоң оюн баштадыңар эле, бирок эле ачык жооп бербей туруп, түп нуска барбы же жокпу? Дегеле түп нуска деген эмне? деген суроолорго жооп бербей туруп, күчкө салып эле конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип жатасыздар…
Үчүнчүдөн, бул насыя алган жарандар боюнча конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүү. Эгер бул норма кабыл алынса эми банктардан насыя алган жарандар насыясын төлөй албай калышса камалышат. Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстандын жарандарынын жарымынан көбү бүгүн кредит алып, насыяларды алып оокат кылып жатышат. Насыяларды төлөй албай калып, акыркы жашаган тамынан айрылып, мүлкүнөн ажырап, өмүрүн кыйган учурлар да көп. Бүгун силер ушундай жарандарды камаганга жол ачып жатасыңар. Ушундай мыйзамды элдик мыйзам деп айтууга болобу?
Төртүнчүдөн, силер эмне үчүн Коргонуу кеңешинин атын Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүп жатканыңарды эле түшүндүруп жатканыңарда “башка мамлекеттерге барганда несерьезный болуп калат экен” деген күлкүлүү аргументти келтирип жатасыңар да.
Бешинчиден, Кумтөр боюнча киргизип жаткан өзгөртүүңөр, мына жазып жатасыңар, “Кумтөр боюнча кылмыш иштеринин мөөнөтү эскирбесин”, ким кылмышка тиешелүү болсо жоопко тартылсын” деп. Бул жакшы, бирок эмне үчүн силер буга чейин Кумтө боюнча кылмыш иши ачылган 10 адамга бул мыйзам жайылтылбасын деп кошуп койдуңар? Кумтөр боюнча эң башкы күнөөкөрлөр ошол 10 киши да. Элге түшүндүрүп айтпайсыңарбы, эмне үчүн ошол Кумтөрдүн кылмыш иштерине аралашкан 10 адамга бул мыйзам жайылтылбайт! ”- деди Аида Салянова.

Супер-Инфо
super.kg
видео















