Улантпайбы зорго окуп буттум го☺азыр эмне болуп жатат баарын жаз
Күтүүсүз бурулуш... виртуалдуу дуйнонун жашоомо болгон таасири..
#1324 13 Октябрь 2016 - 23:42
Бул жакка коп деле кирчу эмесмин негизи,бирок,
бул баштан откон окуяны окугандан бери менде уйку жок.ушунчалык эмоция менен берилип окудум ыйладым,суйундум.
..ж.б.канча иштеримди жасабай калып да кетти,жада калса баламды да карабай окупмун)))
#1325 14 Октябрь 2016 - 15:57
Аягы эмне болду айтып койгулачы мен аягына чейин окубадым зееригип,
Л
#1328 25 Октябрь 2016 - 09:32
Elime (18 Февраль 2016 - 20:40) жазган:
Аябай узакка жоголуп кеттин го, анда-санда бул тарапка да баш багып тур сени кутуп калдык.Алмаз мыкты жигит болсо, сен акылдуу жансын!Кудай буйруса силер куткон кун да келет, аны биз чын журоктон каалайбыз!
Эн негизгиси берээрин унутпасын жаратканым.
Бекем ден соолук, уй-булоолук бакыт каалайм! Бактылуу жаштардан болгула...
Айселимди колдоп журдунуз элего "наркы" темада)
Айселимди жазган жазуучу эле жазып койду деп ойлогон оюмду дагы бир жолу тастыктап койдунуз)))
#1329 25 Октябрь 2016 - 09:35
Алтындарым,Акимдер менин билдируумду очуруп койгон окшойсуздар)
Очурбой эле койсонуз,сиз очургон билдирууну да бироонун эрке кызы кыйналып-кысталып, убактын болуп жазып атат мээнет менен(((
Очурбой эле койсонуз,сиз очургон билдирууну да бироонун эрке кызы кыйналып-кысталып, убактын болуп жазып атат мээнет менен(((
#1330 25 Октябрь 2016 - 22:42
Мен бул форумга бугун Дубай саат менен 12:00do киргем иш убактымда. Анан Аеропорттон иштен учто чыгып азыр дагы окуп бутпой жатам. Бугун ооруп кыйналып жаттым эле, окуп жатып ооруганымды билбей калдым
Бир кафеге кирип алып, калянды жиним келип чегип, жакшы окуя болсо жыргап соктон ичип бул чыгармага кирип кеттим
))
#1331 25 Октябрь 2016 - 23:40
Ширин эже мен жинди болуп кете элегимде, жазып турунуз. I'm so inspired with your life story. Please update with your new story plz plz
#1332 26 Октябрь 2016 - 12:06
Kalem.kash (25 Октябрь 2016 - 03:32) жазган:
Айселимди колдоп журдунуз элего "наркы"
темада)
Айселимди жазган жазуучу эле жазып койду деп ойлогон оюмду дагы бир жолу тастыктап койдунуз)))
Айселимди жазган жазуучу эле жазып койду деп ойлогон оюмду дагы бир жолу тастыктап койдунуз)))
Балким сиз ошондой ойлогон чыгаарсыз.Чынында мен ал Айселимдин бар экенине чыныгы жашоодо болуп жаткан нерсе экенине,керек болсо аны менен жолугууга да даяр болгом.Бирок окунучтуусу жалган болуп чыкканына мен да капа болдум башка форумчулар сыяктуу эле.А бул тема бойунча айтсам мен Айселимге ишенген сыяктуу Ширинге да ишенгем.Балким чын балким жалгандыр аны бир кудай билет.Кеп колдоп жургондо эмес,кеп ишенгендикте болсо керек...
#1334 26 Октябрь 2016 - 23:39
Ох эээ чыдамым кетип араң окуп бүттүм көк экранды карап отуруп көзүм ооруп да кетти. Ушунчалык жакшы жазылыптыр,
окуган сайын окугуң келет экен. Бул окуяны окуган ар бир жан чечкиндүүккө,
сабыр кылганга, өз намысын сактаганга,
өзүн өзү баалай билгенге умтулуусун каалап калат элем.
Жакшылыктан үмүт үзбөй, Жараткандан жалбарып наристе сурасаңыз берип калар деп тилектеш болоюн. Жубайыңыз менен эки дүйнөдө бактылуу болуңуздар. Кыз уулуңуздун урмат сыйын көрүп, төрдүн көркү болгон абышка байбиче болуңуздар...
Жакшылыктан үмүт үзбөй, Жараткандан жалбарып наристе сурасаңыз берип калар деп тилектеш болоюн. Жубайыңыз менен эки дүйнөдө бактылуу болуңуздар. Кыз уулуңуздун урмат сыйын көрүп, төрдүн көркү болгон абышка байбиче болуңуздар...
#1335 01 Ноябрь 2016 - 14:56
Кандайсын Ширин мен ушул сенин жан дагы бир эки ган темалар учун гана катталдым себеби бул окуяларды окуган сайын адам откон кундорун эске тушот экен бул окуяны 2,3жолу окуп чыктым окшойт кыялымда Ч.Айтматовдунчыгармаларын окугандай болдум
#1336 08 Ноябрь 2016 - 01:56
Ширин экообуз тен чамал окшойбуз, анан да жашообуз, суйуубуз окшошуп кетет экен. Мен да ошол суйуунун айынан оз мекенимен алыс жэрде журом. Сен бактылуу экенсин бактына Алмаздай жигит бар экен. Окуп алып тээ качан жыл арта калган журок жарам тырмалды сен учун да озум учун да тагдырдын алдында алсыз экеним учун да ыйладым. Менда "илхом"
келген куну озумдун суйуум жонундо жазам деп ниет кылып журом. Анан мени тан калтырган нерсе чет жерде окууса эле чиновник жэ дагы бир " кыйындын " кызы дешкени болду. Ушундай ойлогондорго айтарым чет жэрде окуу учун акча эле эмес акыл, шык керек. Баардык эле университетерде толтура программалар бар чет жэрге окууга отуу учун.
#1337 08 Ноябрь 2016 - 22:48
Туура айтасыз ар Бир адамда Максат анан умтулуу кызыгуу эрк керек да. Чет Жака окуш учун тил билуу Бир нерсенин майын чыгара жасоо мисалга алсак талант керек дегендей
#1338 10 Ноябрь 2016 - 07:18
Салам достор жакшы ой тилектер менен чыдамсыздык менен кутолу кабарынды билдирип кой Ширин
#1339 15 Ноябрь 2016 - 21:31
Мен да аябай берилуу менен, окуп чыктым, эмнеге ушул убакытка чейин окубадым экен деп окунуп. Ширин, азыр кандай кундору башындан кечирип жаттынарбы экен кабарынды билдирип койсон куйормандарынды куттурбой.
#1340 16 Ноябрь 2016 - 12:27
Учурда жумушумдун коптугуно карабай жазгым келди. Жан дуйномдо бурганак болуп, сыр кобойуп, айтаар адам таппай калганда кайтып келээр жерим ушул жак окшойт. Бактылуу болуу учун тынымсыз курошуу керек экен. Дегеним бактылуу турмуш учун сабырдуулук,
сабырдуулук жана сабырдуулук абзел. Коп кыйынчылык отту башымдан. Кайнене- келин арасында тушунбостуктор коп болот деп айтышат негизи. Мен тескерисинче кайненем болгондо, азыркы абалымда болбойт белем деп коп ойлоном. Кыргызда "тууганчылык"
деген нерсе бар эмеспи, чоноюп эс тарткандан бери туугандарымдын жакшылыгынан жамандыгын коп кордум. Озумдун сыноом менен алпурушуп, чыдоого аракет кылып жургондо арам создорду айтып, жашоодон бездирген туугандарыма эмне деп жооп берсем? Кантип чыдасам? Жоопсуз суроолор. Абысындарым,
алыс тууган кайнежелерим,
женелерим айтор "тууган"
деген аты бар бардык адамдар менин балалуу боло албаганымды талкуулашып,
менин отмушум жонундо соз кылышып, мени журок оору кылганга ант беришкен окшойт. Укпайын десем угулат, маани бербейин десем эн чон жарамды козгоп жатышпайбы.
Жалган жерден жалаага кабылуу ото оор нерсе экен. Арам создорго чыдамым жетпей, Алмаз менен коп урушчу болдук. "Сенин туугандарын"
деп эч качан айтпайм деген жаным, ичиме батпай кеткенде айтып ыйлап алам. Уй буломо доо кетируудон коркуп жашап келем!