Кенеш бергилечи сураныч. Акылым жетип турса да, тажап кеттим баарынан.
#23 27 Октябрь 2016 - 20:19
Менимче ачык эле айтыш керек ар ким оз баласын баксын деп тууп алып ит таштагандай таштап кетишпей куйобуно айт менда адамын тынч жашашым керек деп алыста журушуп алып балдарынын кыйалын билбей болушкан атанеге тан калам кееде баланын шоктугунада чыдаш кыйын айла жок урушканга тура келет сиздин балдарды урушканга аканыз бар себеби бала туугандыкы емес бакандыкы
#24 27 Октябрь 2016 - 20:24
Автор сизди тушунуп турам.Бизде да ошондой балдар бар эч нерсеге конбогон тарбия жок.Ушулардын айынан канча жаман соз уктум.Башкалар билбей эле авторду аябай шывапсынар го.Корот элем ошондой балдар мн жашаганда кандай кылганынарды.
Айла жок зорго журом мен да.Анысы аз келгенсип балдардын ата-энеси мени ушакташат.Менин балама кун жок болчу кичинекейинде.
Ары отуп бир салып,бери отуп чапчып ташташчу.Азыр эми чоноюп эч кимге моюн бербей каллы.Жамммман тажадым мен дагы!Качан кутулам билбейм.
#25 27 Октябрь 2016 - 20:27
aksy.koi-tash (27 Октябрь 2016 - 20:19) жазган:
Менимче ачык эле айтыш керек ар ким оз баласын баксын деп тууп алып ит таштагандай таштап кетишпей куйобуно айт менда адамын тынч жашашым керек деп алыста журушуп алып балдарынын кыйалын билбей болушкан атанеге тан калам кееде баланын шоктугунада чыдаш кыйын айла жок урушканга тура келет сиздин балдарды урушканга аканыз бар себеби бала туугандыкы емес бакандыкы
Ой ошо урушуп койсок война болуп кетет да.Алардыкы бала дагы биздики балээби дегин келет чон ата чон энесине.Тажап кеттим ушулардан!
#26 27 Октябрь 2016 - 20:30
Shahrizaada (27 Октябрь 2016 - 17:00) жазган:
Кайненен туура кылат. Балдарынын узурун короюн деп аруу тилек мн чонойткон. Балдарын багам деп нервин, ден соолугун короткон, жаштыгын уурдаткан. Апасына салбаганда кимге салат акчаны. Кана менда ошентип ата -энемди даарылатып карайм дегенде эки козум торт. Тим кой сенин акчан кетип жатпагандан кийин.
Ал эми балдарга келсек. Кайсы баланы кордун созулуп отурганын уй чачпаганын, ызылдабаганын. Баарыле шок, баарыле сиет-чычат. Тогот-чачат. Кукла эле болбосо билбейм бир ордунда жата берген. Негизи балада айланага болгон кызыгуусу куч болот. Бир нерсени кармап корбосо, жеп корбосо, чукулап корбосо жаман-жакшы, пайда-зыян деген карама-каршылыктарды кантип ажыратат. Практикада аткарып коруш керекпи акыры. Же сен бала болбогонсунбу?

Ой биздикилер бар жокту билип тушунуп туруп атайылап жаман нерселерди кылышат.Тообо кылам!Тарбиядан эле болот .Чон ата чон эне жокто молдо болуп отуруп калышат.Келди башталды концерт.Менин баламы урмай.Бугун эле мени ушакташканын угуп аябай жаман болуп отурам.
#27 27 Октябрь 2016 - 20:31
Чынында бироонун баласын караш кыйын,тем более тентек болсо.Анан дагы ата энеси Москвада журуп болушканычы анык чынын билбейле.Келин деп эле жаман мамиле кыла берген болбойтта,кочодон таап алган жокда акыры.Бапестеп баккан ата энеси бар.Негизи ар бала оз ата энесинин колунда болгон жакшы экен.
#28 27 Октябрь 2016 - 20:38
Война болсо сизда создон кем калбай ачык ачык эле айтып алышыныз керек тажадым мен деп мен бул уйго бала баканы келген эмесмин деп
#30 27 Октябрь 2016 - 21:22
.Sheke-brat. (27 Октябрь 2016 - 18:33) жазган:
Жакшы келин эмес экенсин автор...
Кеңже келинди эч качан жакшы дешкен эмес. деп бир жеңем айткан болчу. ))
Азыр бирөөнүн баласы келин эмес, бир тууганга деле жакпайт, араң карайт.
Ар ким өзүнүн баласын өзү карасын. Тиричилик деп тиричилике шылтап койбой.
#31 27 Октябрь 2016 - 21:42
Sen Raia ejege kupuiaga kat jazyp kenesh sura bul jerde baarybyz sabr kyl deibiz. Seni jakshy tushunom bashtan otkon.
#32 27 Октябрь 2016 - 21:48
Кенже келин болуш кыйын... Чыдаш керек деп ойлойм. Бул кундор да отуп кетет!
#33 27 Октябрь 2016 - 22:00
Ошентип анан кечки саат 6 да Оштон айылга жонодум, колумда балам кун суук.Бат эле кеч кирип калып жатат го, такси жок кутуп журуп жети жарымда зоргодон келдим айылга.Келсем кетише элек экен кайын энемдер. Уйдо Чон кайненем да бар да, чыйрак кампир балдарды башка учурда ошол эле карайт. Келсем келбейсинби эртерак деп урушту кайын энем. Мен да суйлодум "Эрте кетсем эрте келмекмин да. Чоноюп калган балдар энем мн (Чон кайын энем) олтура берет эле го бир саатка калбай келмекбиз, сооданы жаап баланыз мн, суукта калдык такси кутуп, балам ушуду, ооруп калса озум эле кыйналтам, силерден баланар бала менин балам бала эмеспи деп"суйлондум.
Айткандай балам азыр жотолуп ооруп жатат. Куйоом келгенде ага да айттым "Буга окшогондун кобу болот, мейли ата энеси чет жерде ушул балдарды деп иштеп журот, бироонун балдарды деп жоопкерчиоигинен коркушат деп унчыкпайм, чеги болот да баардык нерсенин мага бала керек эмеспи, али карасан жыгытып атаке, али карасан какатып аткан, уруп аткан тээп аткан, эгер билсен озумдун баламын каллын жуубай атып сенин укалариндикин жуудум, же оошону билишсе карандаш эжелерин кайра панды гуулоп сени гуулоп уруштурат, ушу ьбалдарды кара деп ишке да чыгарбадын,
теги не кылышым керек. Батырбады дебе мага демектен баарын алып келип бак, сен озумдун ондум билем, капа болсо Мен тпжадым делим.
#34 27 Октябрь 2016 - 22:15
Келин жаман эмес.келген жери жаман нак силердин семяга тиешелуу экен
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
#35 27 Октябрь 2016 - 22:37
Ээ айта берсем коп..... Жогоруда жазып кеткен акылмандар айттан нерселерге акылым жетет, жоопкерчилиетжоопкерчиликти деле били тийгем бирок чындап башка келсе чыдаш кыйын экен.Кыйын экен.
#36 27 Октябрь 2016 - 23:16
туурале суйлонуп ойунду айтып уйронуш керек башынан бардык нерсе орду менен болушу керек келин деген бала торогучоле кызматын коросун уже балалуу болгондон кийин туура тушунуш керек аны да илгеркидей балдар оорубай кучтуу эмес азыр бардык жегенин химикат наристелер назик тезле ооруп калат конул болуп карабасан анан баягыле эне байкуш туну менен уктабай кыйналат.кайнене кайната бардык нерсенин алдын алыш керек себеби алар уйдо эн чону баарын акыл менен да билип туйуп турат атайлап кайдыгер болбош керек.
#37 27 Октябрь 2016 - 23:53
Babi. (27 Октябрь 2016 - 19:22) жазган:
Эмнеге жакшы келин эмес,билип билбей суйлой бериш да туура эмесго дейм,бул келинде да,кайын журтунда да кыял бар,болгону тушунушпой жатат..Окуп карасам баарын эле келинди кулагы керен бол иш кыл ант минт депсинер,андай кылбайт дейсинерби,
ашыгы мн болуп кеткенде таштан да ун чыгат эгер билсенер!
Тыйын сымал адамда да жакшы жана жаман сапаттар болот,болгону тушунуу керек..Ооба иш кылыш керек чыдаш керек бирок келинди да бир аз карап конул буруп коюш керек,бул келин кул девеле анын ойун паска урбай.ушундай кайын журтка эч тушунбойм!
келин ал уй було мучосу,неберенин алтын апасы,кайын эне кайын ата карып калганда карап кала турган жан тем более кенже келин болсо.
Авторго айтаарым куйон мн урушпа секиин алда,айтышпа ооба жаным сеники туура де дагы озункун кыла бер,бир нерсе десе кулуп жен,турган соз ал азыр сенин айындан да Россиядагы бир туугандары мн айтыша да кетсе керек,ортодо куйоно эле жаман.Ошончун жок дегенде сен урушпа,алдап суйло.Мындай учурда ушул эле нерсе мн женбесек билбейм дагы башка кандай курал бар женгени.

Анан эмне кыл дейсиз, кайын журтуна барып тушундуруу иштерин жургузолубу?
Келин кул эмес, оюн паска урбагыла. Кичине конул бургула деп.
#38 27 Октябрь 2016 - 23:57
Замандын талабыбы же жашоо шарттын жоктугубу баары эле батышка жоноп жатат. Автор мен сени туура тушуном себеби бир убакта мен да сендей элем. Кайненемдин оз балдары болсо караганы милдетуусун бирок балдарынын балдары кароо... "Сен карап жатасын рахмат " десе ата энеси бир жон. "Сен деген сабапсын бул деген бала"дегеничи.
Ан сайын балдары от алышат. Ар ким оз балдарын карасын тороп эле бак деп таштап кете бербей боюна болтурбай сактанышсын.
Атугул келишсе да балдарын алып кетишпей айылчылап жоношот. Кенже келинге там калат уй жай даяр дешет. Оздору жаны уй салышат кенже келинге эски там калат аны да козуно сайып милдет кылышат. Жакшы тамак жасап бергенинди,
таза кийим кийинкенинди,
сабактарын окутканынды эске албайт. Чымындан пил жасашып сабады дешет. Мен деле кичинекейимде кээде женем карачу. "Женен менен жакшы бол жакшылыгынды да жамандыгынды да ошол айтат"дечу апам. Женем бизди деле чымчып алчу шоктонсок бирок ата энебиз болушчу эмес. Турмушка чыксак деле болушпады. Азырчы? Автор кундун жаманы кетет деген нервинди коротпо. Жолдошун жакшы болсо жаша. Жок дегенде жакшы соз айтууга да жарабаса жаштыгынды откорбо ал жерде
#39 28 Октябрь 2016 - 00:24
. . Сизге сабырдуулукту,
эрктуулукту тилейм!!
!
Эми ал кичинекей "шок" балдар чон эне, чон атасы бар учун ошол жерде журушот да.
Эми эле алар чоноюуп,колдон чыкты дегиче алардын ордун кийинкилери басат. Бул корунуш улана берет. Сизге куч кубат берсин,бактылуу болунуз!! !

#40 28 Октябрь 2016 - 06:36
femidakg (27 Октябрь 2016 - 22:37) жазган:
Ээ айта берсем коп..... Жогоруда жазып кеткен акылмандар айттан нерселерге акылым жетет, жоопкерчилиетжоопкерчиликти деле били тийгем бирок чындап башка келсе чыдаш кыйын экен.Кыйын экен.
Ошол учун нервти коротпо айтышпа деп жатабызда ,мен да кенже келинмин дал сендей элем келгенде ,куйоомо айтпадым ,кайненеме айтпадым ,озум менен озум убара болгон адам болуп ал балдардын кирине да ,тамагына да кош конул элем ,анан баары балдарын алып кетишкен .Сен да айтышпа ошол сенин утушун .Эгер айтышып урушсан анда кучоп кетет,душман уйосун башына чыдаш кыйын бирок алар менен туболук жашабайсын .Акылын жеткенди аткар .