nurikkg1 (18 Октябрь 2016 - 23:59) жазган:
Менин бир уул бир кызым бар аялым менен москвада жашайбыз баары жетиштуу КУДАЙГА шугур но бизде проблема посуда эч качан жуулбайт менин кийимдерим все время даяр эмес квартира (1 ком)жыйылбайт ушунун айынан уруш чыгат акыры ажырашууну ойлодум но эки баламдын апасы эмне кылышка баш жетпейт
Сиз урушпай жон эле себебин сурап корбойсузбу? "Жаным, эмнеден улам ушундай? Себеби эмнеде? Мага тушундуруп берчи жай эле?" деп сурап корунуз.
"Эки бала менен тажадым, жыйнасан, кайра чачат" десе, балдарды алып эки саат сыртка чыгып келиниз, сиздер келгенче жумушун бутурот.
"Эки бала менен уйдо эле отурам, эч кайда чыкпай бук болдум" десе баарыныздар чогуу бир жакка чыгып келиниздер, "уй жумуштарын эртен бутуросун" деп айтып койсонуз, эсинен чыкпаса керек.
Же урушкандан коро, "суйуктуум, мен уйду пылесостоп, балдарды караганча турайын, сен киринди жуу, идиштеринди жуу, башка жумуштарынды бутур" десениз уруштан коро эффективдуу натыйжа болот. Пылесостойсузбу же баштап коюп аягына чыгарбай балдарыныз менен баарлашып отурасызбы, ал сиздин иш.
Негизгиси, уруш менен натыйжа бербеген жерде жакшы суйлоп, эркелетип жол таап кетсениз болот. Сизге аялыныздын начар экенин башкаларга доказать этуу эмес, таза уй, таза балдар, жаркылдаган келинчек керек да, туурабы?