Кыргызстанда турсам да бир жылда бир барам.озу жакын деп айылдашыма турмушка чыккан элем.тилеке каршы Алыста жашап калдым.ата энем.бир туугандардан.
Бир жылда бир каттап ата энемдин козу отконуно.ашына барып калдым(((эхх окунучтуу.ичим аябай ачышат
Төркүнүӊөргө канча убакытта барасыңар?
#43 01 November 2016 - 15:17
#44 02 November 2016 - 12:01
Азыр ушул маселенин айынан куйомдон соз уктум. Озу негизи бир айда 1-2 кунго барам. Бугун апам чалып кечинде синдине жучулар келет экен шартын болсо келсен деди эле. Аны куйомо айтсам сен нени чечесин дейт. Атам Россияда акем Бишкекте. Акемда атамда чалып апана барып бир аз каралашып, жардам берип койчу дешти эле айтсам катту урушту куйом. Жиним келтат не мага ата эне бир туган керек эмес бекен атам болсода бир жон эле. Шаарда апам синдим иним болуп домдо жашашатда. Айылдагы уйго барам десем анда чалкасынан кетмек экен. Аябай жиним келтат куйомо. Кайнэнем келсин суранып барам.
#45 04 November 2016 - 15:18
1 айда бир жолу анда да 1-2 кунго.2- куну эми уйдогулор менен суйлошуп отурсак эле кирип барат жумуштан кайттым эле ала кетеин деп...
#46 04 November 2016 - 16:25
Аралык 4 саат,бир жылда бир жолу барам бир айга,себеби ата энем бир туугандарым Россияда,кичинекейибиз ошол жакта окугандыктан жайкы каникулда эле келишет.Мен да тока жайында барам.Негизи баарыбыз чогу бир шаарда турчук РФте,эки жылдан бери биз мекенде журобуз.А жакшылык жамандыкта эки саат болобу 3 саат болобу барышка аракет кылам шартка карап,жол азабы эле болбосо.
Сагынуу. ......
#47 04 November 2016 - 16:25
Салам форумчулар.
Жаш кезде сейрек барчумун. Азыр убакыт болгондо бара берем чектоо жок. Жаш келиндер торкунго барам деп анын айынан тугоюнор менен чырдашпагыла.
Ар нерсенин оз убагы болот
#48 04 November 2016 - 19:42
Ар кандай болуп калат.Жаны турмушка чыкканда бир жарым жылда баргам.Азыр сагынганда бара беребиз.Кызым озгочо тайларына жакын болгондуктан,
бат эле сагынып калат.Аралыгыбыз узак болсо да, "жакындын тошогу жыйылбайт болбостон"
сагындырып узагыраакта барганга аракет кылабыз.
#50 07 November 2016 - 22:29
2 жылда бир барам, 3ай журуп эс алганча ата-энеме чай кайнатып, турлоп тамак жасап берип, колумдан келишинче карап келем. Дагы канча омурлору калды экен ардактууларым.
Коздорунун барында ммандайына бат, баттан барып тургум келет.
#51 10 November 2016 - 15:59
Ээх биздеда ошол проблема жонотпойт. Ар айда же бир айданда 3.4кун отуп кетет кечки саат 8.9дарда таштап коет эрте менен саат 9да чалат келе жатасынарбы деп. Неге мындай билбейм.болбосом апамдардын уйуно жакшы бассан 30мунотто жетесин
#52 10 November 2016 - 16:21
2 жылда бир барам, 3ай журуп эс алганча ата-энеме чай кайнатып, турлоп тамак жасап берип, колумдан келишинче карап келем. Дагы канча омурлору калды экен ардактууларым.
Коздорунун барында ммандайына бат, баттан барып тургум келет.
Адептуу бол
#53 10 November 2016 - 16:32
Ойдо жакты окуп отуруп коп нерселер меникине деле окшош жашоолор бар экен деп тан калдым, мен болсо атайын барып 1, 2 кун жээ андан ашык жатпайм. Барсам мамам ооруса барам кобунчо жээ болбосо проблемалар болсо барам, менин да жолдошум жаман корот, анан мен таарынам эмне менин эне атам бир туугандарым жокпу деп?
#54 10 November 2016 - 16:44
Биз да 1-2 айда бир барабыз жолдошум менен чогуу, бир же эки кун туруп келебиз.Кайненем мага унчукпайт го, бирок уйдогулорго суйлонот экен.Буларды суйлонот экен деп журо берсен жылдап деле барбай калчудайсын.
Аралыгыбыз деле алыс эмес 3 сааттык жол. Ошого уйдогулорду сагынсам куйоомдун кулагын жибитип баштайм.
#55 10 November 2016 - 16:56
Ата энем Рф жарандыгын алышып ушул жакта отурукташып калышкан.2006 жылы мен турмушка чыктым.2013жылы 2 уулум менен келип 5ай россияда ""торкунумдо"
"журуп кайра кеткемин.ошол боюнча быйыл келип олтурам эми кудайым насип кылып 2 кызым мн келдим.ата энем боюмда болуп торогонумду деле корушпойт.неберелерин эрчитип келип калам 3-4жылда бир.аябай сагынам.ата эне мн балдардын жолу болок экен
#56 10 November 2016 - 19:22
Бир жылда бир жолу барабыз.Ар-турдуу кээде 2-3кун,кээде 10кун.Негизи барып эле 2-3кундон кийин кайтканды жакшы кором.Балалуу-
чакалуу болуп калгандан кийин батпай деле калат экенсин.Кайын энемдер менен жашаганда сурабашчу ,,апандар кандай отурат''
деп.Азыр куйоом деле сурабайт.Тарбиясы ушундай экен да корсо.
#57 12 November 2016 - 01:45
Азыр апамдыкына кетким келип жатат. Жонотпойт да... Ушу доверенность деген нерсе жок болгондо ар бир 3-4 ай барып турсам керек эле.
#58 12 November 2016 - 10:06
Жаны келин болгондо баргым келе берет эле ошого 15кундо бир кээде бир айда бир барат элем анда да 3,4саатка болбосо 10минутада жетебиз.1эле жолу эн коп журдум4кун анда да кайнатам урушуп уйго барып келейин деп кетип калгам азыр Эми РФ да Ата энемдин жанындабыз
#59 12 November 2016 - 10:07
Торкунум жакын эле пешком 30мин. Ошентсе да 1айда же 2айда бир барам да 2сааттан кийин апам "тур кеч кирелекте кетип кал, кайненене тамак ашын даярда" деп тапканын салып берип жонотот. Таарынып калам анан. Бирок озум да жаткым келбейт куйоом коркуп калчудай болуп:-). Турмушка чыкканыма 1 жыл болду эстесем торкунумдо 2кун эле жатыпмын. Анда да уйдо конок тоскону баргамын. Кайнене, жолдошум деле каршы деле болушбайт эмнегедир.
#60 30 April 2017 - 22:00
жолдошум РФ жургондо кобунчо торкуномдоле болом,ал бар кезде ар айда 2 кунго келем,кече келдим,эртен кетем ))

Супер-Инфо
super.kg
видео
















