Тандалмалар Кириңиз, анан билиңиз!
#61 27 Январь 2010 - 10:49
Тунгуюк...кайда барба тунгуюк...
Жан дуйном ачка калган иттей улуп....
Журогум жапжаш туруп карып барат
Кара таардай эскирген жуз жыртылып...
Ойлор...ойлор. ..баар
ы жаман,баары бузук...
Умуттун узулгону...багыттын бузулганы...
А балким ушул менен жашоо кызык?
Кызыгы ушул болсо турмушумдун
Анда мен бул турмуштун озун урдум....
Кол шилтеп баардыгына. ....алыск
а кетким келет
Кучактап жашыл чопту коз жашым токкум келет...
Туш кылган ушул кунго тагдырды соккум келет..........
Айла жок кете албайм...коп ишти башташ керек
Тагдырдын сыноосунан жуз буруп качпаш керек...
Сезимди даназалап..
Ырымдын саптарында туболук жашаш керек......
#62 28 Январь 2010 - 16:57
Ак көңү л адам.
Ак көңү л адам асмандагы кудайга окшош. Биринчиден, аны менен кубанычың ды бөлүшсө ң болот, экинчиден, ага дартыңды айтып, ыйлай аласың, үчүнчү дөн, ал барбы, жокпу маанилүү эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 28 Январь 2010 - 17:32
#63 28 Январь 2010 - 20:34
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#64 09 Февраль 2010 - 10:08
Тажадым. Эмнеден тажаганымды озум деле толук тушунбойм. Жер кезип кетким келет, эч ким мени тааныбаган, мен эч кимди тааныбаган жакка...
Кайдадыр алыстарга... Билем, баардык нерседен качып кутулса болот, бирок, озумдон озум качып барам кайда?
CCCР, Жүрөк сыры, "Жүрө ктөн чыккан ырлар, 28-бет
Жинди-соонун ортосундагы беймаани маек:
- Э досум, көрүнбө йсүн? Кандай анан?
Ден соолук жайындабы? Неге мынча өңү ң азган?
- А ушу.... жазында карыз алгам...
Ошону төлөп жатам....
- Кыйналыпсын. ... качан бүтөт?
Керектир балким жардам?
- Билбейм качан.... ээ тууган...карызга бакыт алгам
Проценти көп....ө лсөм эле кутулам....
-Кой досум...андай дебе....баары оңолот!
Кудайдан куткун жардам....
-А балким....кыжыл болбо....мен эбак көнүп калгам.....
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 09 Февраль 2010 - 10:37
#65 14 Февраль 2010 - 11:42
Цитата
...убакыт жаман тартыш болуп кетти. Кээде каалаган жагыма качып кетчү элем жумуштан, азыр качканга кудуретим жетпей жатат. Шайлоо деп эле элдин баарын кыйнап жибериштиго тим эле - мен өзүм шайлана тургандай эле болуп калдым....
SHAITANKA, Калк айтса, калп айтпайт - "Көйрө ң ырчылардын тизмеси", 1-бет
1) Азыркылар кыйын чыкты...такыр эле дардаңдап кетишти. Батыштын жылдыздарынан өздөрү н-өздөрү пиар кылганды жакшы үйрөнү п атышат.
Мисалы, бир жолу, Мирбек жөнүндө ...гезиттен окугам: Караколго барса кыздар кымбат тонун тытып кетишиптир деп. Өзүм Караколдонмун. Тарыхта болгон эмес андай нерсе...
2) Өткөндө "Супер-инфодон" окудум: Айгерим Расул кызы ырдаган жеринен "Тез жардам" чакыртып,анан үйунө жеткен имиш. Болбосо, анын күйөрмандары бура бастырбай койгон имиш. Окуп алып кечке күлдүм. Мактануунун деле чеги болсо керек деп... Анда Гүлсүн Мамашева, Дарига Жалгасыновалар ырас эле карып алышыптыр да. А то аларды концерт койгон жеринен алып кетууго самолет керек болот беле?
ошо да э
#66 14 Февраль 2010 - 17:39
Бул дүйнө төгүн, төгүн.
Көрсөтү п коюп төрүн.
Бирөөсү н алып кетсе,
Бирөөсү казат көрүн. .
Бул дүйнө жалган, жалган.
Аркасы болуп арман.
Жылаңач келип пенде,
Жылаңач кетеет андан,андан.
Жаралып жарты-бүртү к,
Турмуш деп алпуруштук.
Жалганын билип туруп,
Көңү лдү калтырыштык.
Дүйнө сага чокунабыз,
Мелтеңдеп олтурабыз.
Ойлосоң түбү бошоң
Бир күнү топуракпыз.
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 14 Февраль 2010 - 17:39
#67 04 Март 2010 - 02:44
Умутум сага…
Умутум очо корбо,сенден суранам,жашоодогу жалгызым, караан тутканым озунсун… А сен очом дейсин,зээнимди кейитип…, макулмун дедим го баарына, жалгыз гана сен очо корбо…
Жарыкчылыкта озунсуз жашоо кантип болсун, такыр элестете албайм…Анда эле жашоонун манызы соолуганы ошол да…ойлогум келбейт андайды… озунсуз осумдуктой омур сурууну каалабайм…
Жаралып ушул жашоого келгенимде, кошо жаралган менин туболуктуу жолдошум, жолдо болсо,ойдо болсом ойдо коштогон,ат кошчум, бел кылганым, денемдин ичинде тынбай тукулдогон журогумдун журогу озунсун да Умутум…
Билем, чарчадын, тажатты сени монотондуу окшош кундор, тытып-бырчалап салгынды келтирген курчап турган реалдуу жашоо,зымырап экообузго баш бербеген убакыт.., же чаалыктырдыбы сени, акталбаган менин жарамсыз аракеттерим? ?? а мумкун кээ бир экообузду баалай билбеген кокус адамдардын создору,ага таарынбачы алар деле болгону адамдар да…
Ошентсе да ишенчи, себеп эмес, мунун баары сен мени таштап кетишине…себеп эмес...
Умутум менин арыбачы, сапарынды карытпачы, созсуз биздин кочодо да майрам болот, экообуз ушунча куткон кундорубуздун узурун коробуз…, анан экоолоп багынткан жеништерибиздин бийиктигинде туруп, иштелген ишибизге,артка калтырган чыйыр жолубузга сереп салып турабыз....ошондо эстейсин менин айткан создорумду, анан жылмаясын, кантип туруштук бере албайм деп, азыркы менден кетем дегенинди эстеп…
Сага ишенем, сени туу тутам, маягымсын, таштай корбо мени…
Сенин жылуу ордун менин журогумдо дайыма даяр,ал орун сеники гана… ал орун суйууго да, убакытка да, башка адамзатка буйурулган сезимдерге да тиешелуу эмес…. Умутум менин….биз биргебиз, бирге баарын женебиз, оодону да, томонду да, ызгаарды да, аптапты да, сыноону да,тобон кокко жеткен кубанычты да которуп,тен болобуз.. коросун го… Ал орунду бош калтырбачы сенден суранам… кайдадыр шашасын менден, таштап салып тунгуюкка менсиз сызгын келеби…
Бирге болчу, акыркы демиме чейин менин... Билесин да адам омуру кандай аз…копко деле кутпойсун, убакыт созсуз озунукун кылат…экообуздон коз карандысыз…
Ишенчи мага Умутум, мен сага ишенип, талпынып, ушул кезге чейин жашап келгендей ишенчи… мен сенин ишенимине татырымды билем…
Билдирүүнү түзөткөн: CCCP: 04 Март 2010 - 02:48
#68 15 Март 2010 - 12:06
Суйуумду балапандай там тун баскан,
айталбай журом сактап кокурокко...
калдым мен барктап, сыйлап оз жашоомду,
сага деп, сени менен болушмокко. ...
Ona, Оюн-кулку тамаша, берилген создордон ыр жаратуу, 10-бет
жылуулук таркап турат сен тараптан,
нур болуп айлананы жаркыраткан. ..
майрам го ошол кунум сени коргон,
сеземин бактылуумун, мин сан элден...
Билдирүүнү түзөткөн: kom: 15 Март 2010 - 12:07
#69 06 Апрель 2010 - 17:59
Дайыма күлүп жүрчүмү н...эми күлкүмдү жакшы көргөн жамгырым жууп кеткендей. Ушул үч күн ичинде үч кылымга карып кеткендей сезип кеттим өзүмдү . Адамдар көзүнө калп болсо да жылмайып отурам, бирок көкүрө гүмдө эмне деген ойлор кетип жатканын эч ким билбесе керек. ...Колумдагы эң кадырлуу болгон шакекти чыгарып карап отурам. Бул шакекти эми колго тагынуунун кажети деле жок го...Өзү м жөнүндө эч убакта ойлобопмун . Ойлонууга да убактым болбогон окшойт -өзүм дагы билбейм. Жылмайуу кусалыктын жылмайуусу болуп калдыбы билбей калдым...
ona, Жүрөк сыры, "Монолог" , 24-бет
Мен мурун "Менде баары жакшы болот" деген принцип менен жашачумун... анан тушундум - "Меники азыр баары жакшы" экенин. Бир жерден окудум эле "өткө нүң менен да, келечегиң менен да жашаба - так азыркы мүнөтү ң, бүгүнкү күнүң менен жаша" деп. Көбүнесе өзүбү з ойлоп таап алган идеалдарга же жок маселелерге байланып, капа болуп, бук түшүп кайгырып калат экенбиз... Анан өзүбү здү бактысыз сезип, алтын өмүрдү бепбекер, болбогон нерселерге сарптап, бироолорго таарынып, көңү лүн оорутуп, кек сактап...баары жонокой экенин эстен чыгарып... ооба жонокой... татаалдаштыруунун эч кереги жок.
Азыр жөн гана жашайм, максатыма умтулам, күнүмдү күлүп тосом... Жашоо чынында жакшы.
meerimka, Жүрөк сыры, "Монолог" , 24-бет
Жума сайын, ай сайын, жыл сайын "Мына, эми баарын жаңыдан баштайм" дегенден жададым
#70 06 Апрель 2010 - 18:14
Бала тили.
Неберем Өмүрбекке арнаймын.
«Ысык-папа; коркунучтуу- бөө, бөжү; кир, булганч-кых, (түндү ктө.быкый); сиемин-чү ш; кант-кака; ит-авап, бабап; эт-жиш, (түндү ктө.пыйпый); машина-дү дүт; бас-тайтай; суук-офф; жагымдуу, жакшы, көркөм, сулуу-айай; көтөр- опич; нан, токоч-нана; суу-үп; бөбөк- алле, аллей; мышык-мый; миймий; тоок-түтү ; кой-маа; эчки-чүчү ; ат-чу…»
Бөбөктө рдүн лексикасынан.
Анын тили кас-кас туруп, билинбей жүрүп, бара-бара анан басып кеткенсибей, шок эле чыгып калды. Бир күнү эле:
-Эшек - десе болобу.
Үйдөгү лөрдүн баары ...делдейе түшүшү п, анан...таенеси:
-У садага болоюнум. «Эшек» деген тилиңден, - деп эле баса калып өпкүлө п жатып калды.
-Оо менин уулум чоң жигит болуп сүйлөп калган турбайбы! Кой, көз тийбесин... тфү-тфү -тфү - деп ырым кылып жерге үч түкүрү п койду таятасы.
Ал апасы экөө таятасыныкында убактылуу жашап жатышкан.
Апасы да ага мээрим менен карап, ичи элжирегенинин эч кимге байкатпоого аракет кылып, эмики сүйлөшкө ндө, те алыста...иштеп жүргөн күйөө сүнө.. сүйүнчү лөөнү ойлонуп койду: «Абдан кубанып калар…»
Кийинчерээк, убак өткөн сайын «ата, апа, таята, таене, тага…» деген сөздөрдү да өздөштү рдү дечи. Бирок, наристенин биринчи айткан сөзү эсте калары мыйзамченемдү ү белем, качан да болсо, анын биринчи айткан ошо «эшек» деген сөзүн эстеп алышып күлүшү п, кайра-кайра айтыша берер эле.
Ошентип жүргөн бир күнү эле, бирөө үйрөтү п койгонсуп:
-Таене - эшек-десе болобу. Ага да болбой, удаа эле:
-Таята-эшек- деди. Баарысы күлүп калышты. Буга шерденген бала кайра кайра:
-Таене-эшек, таята-эшек…- деп ырдай кылып кайталай берсе ой, кудая тооба. Ойда кызык угулат экен. «Башка бирөө укса мине дейт кокуй!..»
-Кой, уулум, уят болот минтип айтпа. Андан көрө таята-айай, таене- айай де,-дешти. Болбоду. Ошол эшегин, тактап айтканда, таятасынын, таенесинин ким экендигин сөзүнө н жаңылбай, күндө айта берчү болду. Апасы алдап да, чымчып да көрдү. Болбоду.
Акыры таятасы тамашаладыбы, же чын эле теригип чычаладыбы, айтор, бир күнү:
-Туура айтасың, уулум. Сени багып («апаң экөөң дү» деп айтпады, бирок анысы дал ошондой угулду кызына), чоңойтуп жаткан биз эшек эмей, ким эшек болмок эле, -дей салды жарыктык киши.
Мына ушунусу өтө, өтө-ө оор тийди кызына...баласын кызылдай сабады. Чыңырган баланы таята, таенеси ортого түшүп жатып, араң ажыратып алышты. А тургай «өлтүрө м» деп да жулунду. Балким, ошону да кылат беле ким билет (о койчу, ал жөн опузасы болуш керек, ата-энесинин алдында актанган), айтор, кудай жалгап эртеси күнү эле кызынын күйөө сү алыстан көп акча менен келип, башка жакка көчүп кетишти.
Ошондон бери дым, кабар жок…
Ушу күндөрү таене менен таята ошол небересинин кылыгын аябай сагынып жүрүшкө н кези. Эшек болушуп, үстүлө рүнө мингизишкенге деле кайыл алар...
#71 21 Май 2010 - 02:33
Лимон (ырынын аты жок)
Алыстатат Аллахтан куру сезим.
Айталбай калиманы кетчу кезди
Андай албай алданып жургон кезим.
Аллахым жазган жазмыш келген экен
Азрейил жанды алганы келген экен,
Алкымдан акырындап алып чыгып
Ачык асман тарапка берген экен.
Жашоом бутуп калганын эми сездим
Жаратканга жалбарып тизе кестим.
Жалганга кайтар мени тообо кылам
Жооп болбоду, кеч болду, эми сездим.
Жанымдан карыш жылбай жандап жүргөн
Жароокер сүйгөнү мдөн айрылдымбы,
Жалгыздык кучагында кача албай
Жыртыксыз караңгыга кайрылдымбы,
Жан дүйнөдө н жабыркап жаным калды,
Жарыгым,боордон бүткөн каным калды,
Жаштарын көлдөй төгүп чыркырашып
Жалбырактай күбүлү шүп баары калды.
Атым өчүп сөөк деген атка кондум
Амалсыз наадандардан сапка толдум.
Ач сымал эч нерсеге тойбочу элем
Ак топурак каптаган жайга тойдум
Азаптан башка сыйлык алалбадым
Андан өткөн кыйынчылык табалбадым
Аллахтын буйруктарын аткарганга
Айла издеп бирок такыр табалбадым
Намазсыз жүргон кезге арман кылдым
Наадан элем,ибилиске жардам кылдым,
Түбөлү ктөй элестетип бул дүйнөнү
Таштаганмын ибадатты кандай кылдым.
Озүмө өзүм зулумдук кылган экем
Өзүм барчу бейиш жолду кыйган экем.
Өнөкө тко айландырып арам жолду
Өзүмдү ак жолумдан тыйган экем.
Топурак жайга келип калганымды
Тилим тиштеп арман үнүн салганымды
Тагдырлашып сен сезбедин,сен көрбөдү н
Таң калбагын себеби: азырынча сен өлбөдү н.
Жүрөк согуп,күндү көрүп турган чагың
Жайылтып көбөйтү п ал амал багын,
Жалган жашоо тугөнгө ндо сага дагы
Жүрөгү ңдө калбасын дейм армандарың
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 21 Май 2010 - 02:33
#72 13 Сентябрь 2010 - 09:10
...Тегерегимде жалан озун ойлогон адамдар кобойуп кеткенсийт. Биринчи орунда алар, алардын конулу, алардын талаптары, алардын сезимдери, а меникичи?
А менкин ким эстеп, ким эске алат? Же...
venchik, Кыз-Жигит, Жүрөк сыры, "Монолог" , 35-бет
... Негизи эле ашыкча намыс деген нерсе кишини көп нерседен куру калтырат экен.
Жаку , Кыз-Жигит, Жүрөк сыры, "Монолог" , 35-бет
Бул дүйнөдө досу жок адамдан коркуш керек. Анткени анын жан дүйнөсү жарды болушу мүмкүн!
MIRULYA, Кыз-Жигит, Жүрөк сыры, "Монолог" , 36-бет
.. озгоруулордон тажадым
FIANIT , Кыз-Жигит, Жүрөк сыры, "Монолог" , 36-бет
Бутту деп суйлошкондон кийин такыр эле жоголуп кетпейт белен же суйуубуз учун курошпойт белен...Эми эмне сезимдер менен ойноп жатасын?
#73 04 Октябрь 2010 - 02:57
Жашоо абдан сонун көрүнүп атып эле, дароо токтоп калды. Жан дүйнөм тополоң болуп баратат… Сени күткөн Жан дүйнөм эми не кылаарын билбей өзүн жоготуп баратат. Өх…жү рөгүм да ооруп баштады көрүнө т.
Башым ооруй, колдорум титирей, тилим кыймылдай албай, көздөрү м караңгылай баратат – сен бүгүн келбейсиң … Кулакка жаман угулганы калсын, жан дүйнөмдү козготуп ыйлаттырат. Жанымда досум сонун сүйлөп атты эле, эми болсо тантырай баштады… Ага не болду? Жок-жок, мага не болду? Азыр эле сүйлөп атканына ыраазы болуп, кээде күлкүм келип шаңдуу отурган элек. Эми гана сенин келбесиң ди уккандан кийин айлана тегеректегилер жаман көрүнө баштады. Ары кадам басып, жолго чыктым. Ал гана эмес жол чырагы да кызыл болуп күйүп туруп алганы жаман көрүнү п атты. Тиги машинени карасаң, тиштери сынып калгансып…ой, бул деген мен жактырган машине эмес беле? Мен ар дайым суктаныпа караган жол чырак эмес беле… Деги эле мен жактырган жаратылыш эмес беле...билбейм, не болуп баратам.
Бирок мен билем, эртең сен келгенде мен кайрадан өзүмө келем да, кайрадан эле жакшы маанайым менен баарына жылуу кайрылам. Жылуу учурашып, жылуу сүйлөшү п, тамашалашып… Сүйүү бул суук согуш – бири бирине билдирбей кандай гана жолдор менен жашоо сүрүлө т, тек гана бирөөсү утулуп, сүйрөлү п калмайынча…Ооба, мен утулдум. Мен сага сүйрөлдү м. Бирок мунун баары келечекте баары сонун болот деген үмүт үчүн гана. Албетте, мен сүйүү согушунда күчтүү элемин. Бирок эмнегедир сенин кайгы-кусага батышыңды каалаган жокмун. Тескерисинче мен өзүм ошого даяр болуп, ал эми жылуу, уттурган "согуш тагын" сага ыйгарууну туура көрдүм. Сен менин күнүмсү ң, сен мен үчүн жашоомдун бактысысың . Сенсиз өткөн өмүр кайыгы жок деңиз ортосунда калгандай туюлат. Сен менин өмүрү м. Сен менин жылдызым, сен менин ичкен суумдай… Сен менин турнамсың …
Ээ көлдөгү аппак турна,
Эртелеп күткөн жарың кана..
Экөө лөп көлдү бойлоп көйкөлсө ңөр,
Эркеле жаныңда жарың турганда.
Эмнегедир ар бир жолуккан сайын "сагынба мени" дей бересиң.. . А чынында бул менин колумдан эмес, менин жүрөгү м сени сагынат. Мынчалык бакытты түшүмдө да, кинодон да көргөн эмесмин. Канат менен Заринанын сүйүү сү болобу, Ромео менен Джульетта сүйүү сү болобу, биздин сүйүү гө жетпесе керек. Алар бизчелик көздөн жаш агып бозоруп эс жоготконго чейин сүйбөсө керек… Сени көргөнгө чейин сүйүү бул адамдын шайтаны деп келсем эми болсо сүйүү бул бүт бары деп ишенем…
Сү йүүсү з жашоо жеңил, бирок болбойт!
Мен сени сүйөм Гүльжаным, менин жаным!!!
Тимон.
10.06.2009
#74 19 Октябрь 2010 - 10:48
Монолог. .... Журоктогу сезимдердин учкундары... ...
Zaki "актай барак алгамын"

#75 05 Январь 2011 - 03:10
Бүттү .Кетти . Өчтү баары каректен ...
Денең муздап , дабыш чыкпайт жүрөктөн ...
Көкүргүм ачуу жашка өрттөнөт ..
элесинди көргөн сайын сүрөттөн ...
Чабалактап , даба таппай дартыңа ...
Жатканыңда өлүм менен алыша ...
Таш боор ажал табытынды дайындап
Күткөн беле кара жердин алдында
Карангыбы тар "бөлмөңдүн " ичинде ...
үшүдүңбү жамгыр төксө кечинде ...
Кепиниңдин этек башын тытмалап
Келемиштер кемирдиби сөөгүңдөн ...
Бүттү .Кетти . Өчтү баары каректен ...
Урап түштү өзүң курган тилектер ...
Кан чуркабай тамырларын кургаган
Денең муздап , дабыш чыкпайт жүрөктөн ...
#76 14 Январь 2012 - 10:22
#77 15 Январь 2012 - 00:22
Бул жашоодо өзүн жеңген адам гана соңунда баарын утуп чыгат. Ал үчүн өзүнүн жалкоолугун, өзүнүн коркунучун жана ишенбөөчүлүк сезимдерин жеңип чыгышы керек.
#78 15 Январь 2012 - 00:25
Кызганыч - бул алдамчы сезим. Биз кызганбайбыз, биз жоготуп алуудан коркобуз. Бирок мунун мааниси жок. Анткени кызганууга негиз жок болсо, анда акмакчылык , ал эми негиз бар болсо, анда кеч болуп калат.
#79 16 Январь 2012 - 14:50
Таллас
Акыл
Кичи акылдар адамдар жөнүндө кеп кылышат...
Орто акылдар окуялар жөнүндө...
А чоң акылдар ошол окуялардан алынуучу пайдалар жөнүндө...
Башкалардын каталарынан үйрөн. Себеби, өзүң ката кылып ошолордон кайра үйрөнгүдөй жашооң анча деле узак эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 16 Январь 2012 - 14:52
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

#80 24 Январь 2012 - 07:20
Сүйгөндөр күнүндө "сүйгөнүм жок", - деп капалангандар, апалар күнүндо апасы жоктор эмне кылсын?