.
- (2 )
-
- 1
- 2
"Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным". Курманбек Бакиев Ушул тема болсо кошуп коюнуздар.
#2 06 November 2016 - 19:40
2015-жыл СӨЗ БАШЫ
Тагдырдын жазганына баш ийип, өз мекенинен алыстап кеткен адам гана мекендин чыныгы баркын билип, бул канчалык оор жоготуу экендигин толугу менен сезе алат. Ал түшүндө да ак мөңгүлүү чокуларды, тунук, таза тоо, көлдөрүн көрүп, көктөмдөгү эрте ойгонгон тулаң чөптүн, алгачкы жазгы жамгырдын жытын сезип, түбөлүк муз чүмкөнгөн мөңгүлөргө чагылышкан көзү уялгандай болот. Бул – чабандын түндүгүнөн бурулдап, көтөрүлгөн көк түтүндөй эле ачуу чындык. Арийне, бул – лирикалуу жагы гана. Ал эми турмуш чындыгы, акын жазган сымал, андан алда канча катаал эмеспи.
Айрымдар мага мындай деп айтышы да мүмкүн: сен биринчиси эмессиң, сага чейин эле бизде бир качкын президент болгон деп. Бирок, биздин ортобузда абдан чоң айырмачылык бар.Аскар Акаев өлкөдөн кыжыры кайнаган элден коркуп качкан. Мен болсо, Түштүктөгү июнь айындагы окуялардан соң, жарандык согуш отунун тутануусуна бир гана кадам калган кезде, аны токтотуу үчүн Кыргызстанды таштап чыгып кеттим.
Мага эмне үчүн бул китепти жазуу керек болду?
Демейде, чоң нерсенин карааны алыстан жакшы көрүнөт эмеспи. Мен өзүм туулуп-өскөн, эбак эле талкаланган үйдөн алыста жашап жүрүп, алгач өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн башына түшкөн оор учурда мага колдоо көрсөткөндүгү үчүн, мен ага ыраазычылыгымды билдирген башка өлкөнүн жана анын президентинин коногу катары болуп, эми болсо урматка татыган жараны болуп калсам да, оюмдан Кыргызстаным күндүр-түндүр чыкпай жүрөт. Менин ысымым өз жердештеримдин эсинде – мен жетектеген заводум үчүн, областтар үчүн жана Кыргызстан үчүн бүт аракетимди жумшап жасаган жакшы нерселердин баары тең көрүнбөй, - менин саясий каршылаштарым абдан далалат кылуу менен шыбашкан булганыч катмардын алдында калып, жалаң гана жаман жагынан эстелип каларын ойлогондо, көңүлүм ооруган абалга кабыламын. Балким, башка бардык адамдар сыяктуу эле мен деле сынга алууга татыктуу чыгармын, бирок, мындай бир беткей, кара ниеттик менен көөлөп жамандоо акыйкаттыкка жатпайт.
Анын үстүнө, мен кокустуктан улам гана өлкө президенти болуп калган жокмун да.
Баарынын өз башаты бар
Мен мындан 65 жыл мурда Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Масадан айылында Сали Бакиевдин үй бүлөсүндө төрөлүп, жети бир тууган эркектердин эң улуусу болуп калдым. Колхоз башкармасы болуп иштеген атам таң заардан кеч күүгүмгө чейин иш менен талаада жүрө турган. Биздин апабыз Тотукан чырайлуу, өңү-түсү ажарлуу, башкаларга тик жана түз караган аял эле. Абдан мээримдүү эне жана күйөөсүн терең сыйлаган аял катары апам биздин чоң үй-бүлөнүн бүт түйшүгүн өз моюнуна илип, эч кандай кыйынчылыктарга моючу эмес. Күйөөсү жана уулдары менен сыймыктанчу. Биз баарыбыз тең ата-энелерибиздин алдында карыздар-милдеттүүбүз, муну мен азыркы кезде абдан ачык сезип жүрөмүн.
Жетилген курагым, башка көп теңтуштарым сыяктуу эле, кызыктуу жана келечекте керектүү адистикти тандап алып, билим алуудан башталды. Куйбышевдеги политехникалык институтту бүтүрүп, советтик армиянын катарында кызмат кылган соң, 1979-жылы орус улутундагы кызга үйлөнүп, аны Жалал-Абадга алып келдим. Мен 1985-жылга чейин иштеген штепсель разъемдорун чыгаруучу завод ал кезде СССРдин электрондук өнөр-жай министрлигине карай турган. Ал учурду мен өзгөчө ырахаттануу менен эскеремин. Жаш элем, күчкө толуп-ташып турган учурум, алган билимим жаңы бойдон, башка көптөгөн идеялар келет. Алгач ага инженер болуп иштей баштадым, андан соң жаңы гана түзүлгөн эсептөө борборунун начальниги болуп калдым. Менин чакан коллективим республиканын түштүгүндө биринчилерден болуп өндүрүштөгү автоматташтырылган башкаруу системасын киргизди. Бул чынында эле алга озуу эле. Эсептөөчү машиналардын кубаттуулугу жана сапаты эң мыкты дегенден али алыс болсо да, биз бул жаңы багыттын келечеги абдан кең экенин дароо сезгенбиз.
Андан ары да менин кызматтык карьерам кыйла эле ийгиликтүү улана баштады, бирок, азыркы кезде көп учурагандай, тааныштык байланыштардан улам эмес, кандайдыр бир табигый жол менен, алган билимиме, иштөө жөндөмүмө жана эсептөө борборунун бөлүмүнүн начальниги кезимде, андан кийин заводдун башкы инженери катары алган тажрыйбама жараша өзүнөн-өзү эле улангансып жүрүп олтурду. 1985-жылы мени ошол кезде көндүм сыяктуу айтылгандай, артта калган өндүрүшкө “ташташты” – мен Көк-Жаңгак шаарындагы «Профиль» заводунун директору болуп калдым. Ал мурунку ишкана свяктуу, ошол эле «Ала-Тоо» өндүрүштүк бирикмесине кире турган. Бул дайындоо абдан оор түйшүктөрдү алып келди. Завод бир нече жылдан бери планын аткара албай калыптыр, сыйлык акы төлөө жөнүндө унутуп да калышкан. Жумушчуларга айлык акысын эптеп араң таап берип калыптыр. Бир жылдан кийин ишкана сыйлык акыларды ала баштады, ал эми дагы төрт жыл өткөн соң, заводго Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Кызыл Туусу тапшырылды, ошондой эле завод борбор шаар Фрунзедеги Ардак Тактадан орун алды.
1990-жылдын 5-майында мен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу атаандаштык (альтернативалуу) жол менен Көк-Жаңгакта компартиянын шаардык комитетинин биринчи секретары болуп шайландым. Дагы жарым жыл өткөн соң элдик депутаттардын шаардык Кеңешинин шайлоосу өтүп, мени төрага кылып шайлашты. Ошол жылы күздө Советтер Союзунун бүт бардык аймагында көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да, тагдырыма таасир эткен чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Жалал-Абадга элдик депутаттардын областтык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп кайра барууга туура келди. Андан соң, менин ишке болгон жөндөмдүүлүгүмдү сыноо үчүн, алыскы Тогуз-Торо районуна мамлекеттик администрация башчысы кылып жиберишти. Ал жакта ишти нормалдуу калыбына келтирүү керек эле, мен аны тез эле жөнгө сала алдым. Андан кийинки тепкич – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк Фондунун төрагасынын орун басары кызматы болуп, бирок, мен ал кызматта бар болгону үч ай гана иштедим. Андан соң өзүм туулуп-өскөн Жалал-Абадга областтык элдик депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кайра бардым. Андан кийин Жалал-Абад областынынгубернатору болуп дайындалдым. Бул 1995-1997-жылдарга туш келди. Андан соң мен Чүй областынагубернаторлукка которулдум да, ал жерде үч жылдан ашык – 1997-жылдан 1999-жылдарга чейин, - эмгектендим. 2000-жылдын январында мен Кыргыз Республикасынын өкмөтүн башкарып калдым, 2002-жылдын май айында Аксыдагы трагедиялуу окуяга байланыштуу мен бул кызматтан кеттим. Бул тууралуу кийинчерээк дагы сөз кыламын.
Коңшуларды кудай берет. Президенттерди – эл өзү тандап алат
Аттын баары тулпар болбойт,
куштун баары шумкар болбойт
Кыргыз эл макалы
Ачык айтсам, балким, окурманды терең ойго салармын, бирок, түз эле айтып коеюн: Кыргызстан президенттерге жарыган жок.
Биздин эркиндикти сүйгөн, миңдеген жылдардан бери кулчулукту билбеген элибиз өткөн кылымдын аягында, биринчи президент Аскар Акаев жакшы көрүп, көп кайталагандай, Борбордук Азиядагы “демократия аралчасына” айланды. Аны мамлекеттик саясий түзүмдүн бирден бир гана мүмкүн болгон формасы катары кабылдай албаган коомго демократияны күчкө салып киргизүүгө эч качан мүмкүн эмес. Сын айткандар демократияны башкаруунун начар формасы деп айтышат, бирок, биздин эл аны өзүнүн үмүт-тилектерине жооп бере ала турган табигый нерсе катары кабыл алды. Арийне, демократияны анынидеалдуу калыбында орнотуу дүйнө жүзүндө эч кимдин колунан келген эмес. Ал тургай, «эзелки демократиялар» деп аталгандары деле идеалдан алыс. Ал эми жетимиш жылдан ашуунтоталитардык режим шартында жашап келген коомдодемократиялык өзгөрүүлөрдү кыска мөөнөттө жасоого мүмкүн эмес.
Бул канчалык таң каларлык болбосун, саясий багыттын бурулушу менен байланышкан кескин өзгөрүүлөр алып келген сыноолорду бийлик жөнүндө теориялык түрдөгү маалыматтары гана бар, бирок иш жүзүндө конкреттүү мамлекеттик курулуш маселелери менен алектенбеген окумуштууларга караганда, советтик доордогу башкаруу тажрыйбасы бар, күчтүү экономист жана чарбачыл лидерлер кыйла оңтойлуу ишке ашырышканы көрүнүп турат. Алардын катарына мен Казакстандын жана Өзбекистандын президенттери Нурсултан Абишевич Назарбаев менен Ислам Абдуганиевич Каримовду кошо аламын. Өз бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашыруудагы, демократиялык баалуулуктарды кабылдоодогу жана принциптериндеги айрымачылыктарга карабастан, алар экөө тең СССР талкалангандан кийинки узак убакыт бою өз өлкөлөрүндөгү саясий, экономикалык жана социалдык туруктуулукту сактап калууга жетише алышты. Казакстан азыркы кезде өзүн 2050-жылга чейин дүйнөнүн өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кире ала турган өлкө катары карап жатат, жана да эл аралык аренада кадыр-баркка татыктуу болгон, бардык тараптан алып караганда калыптанган мамлекет болуп эсептелет.
Өзбекистан советтик доордон калган инфраструктураны сактап калып, өзүнүн экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүп, куралдуу күчтөрүн бекемдеп жатат. Түркмөнстандын ийгиликтери да, алардын каршылаштары айткан сындарга карабастан, бир кыйла катуу таасир калтырат. Албетте, Эмомали Рахмондун жетекчилиги алдындагы Тажикстандын аракеттерин дагы белгилөө зарыл. Бул өлкө жарандык согуштун оор кесепеттеринен арылып, чарбасын калыбына келтирип, экономикасын өнүктүрө баштады. Өнүгүүдөгү кыйынчылыктарга карабастан, Тажикстан туура жолдо бара жатат. Анын президенти абдан сабаттуу экономист жана чарбакер ишкер болуп саналат. Мен бул тууралуу аны менен узак убакыт бою кызматташып жүргөн тажрыйбамдан улам билемин, биз ал экөөбүз биргелешип, өз ара пайдалуу негизде көпчүлүк чектешкен аймактардын маселелерин жана талаштуу суроолорду чечкен болчубуз. Биздин улуу коңшубуз Кытай жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек, ал Кыргызстан өз алдынча өнүгө баштагандан бери анын ийгиликтерине өтө көңүл коюп карап, бир нече ирет ар кандай зарыл колдоолорун көрсөтүп, өнүгүп келе жаткан өлкөнүн муктаждыктарын азыркы күнгө чейин эстен чыгарбай келе жатат.
Саясатта достор болбойт, кызыкчылыктар боюнча өнөктөштөр гана болот деп коюшат эмеспи. Бирок, дос мамиледеги коңшулар болот, буга эч кандай шектенүүгө да болбойт. Тарыхый жактан ушундай кырдаал түзүлүп калгандыктан, Кыргызстан өз айланасында татыктуу лидерлер башкарышкан мамлекеттердин курчоосунда турат, ушунун өзү эле ал үчүн абдан жагымдуу фактор болуп кала бермекчи. Эгерде айланасында туруксуз абалда болушкан коңшу өлкөлөр жайгашып, ал жакта такай революциялар, төңкөрүштөр, кагылышуулар болуп турса, Кыргызстан кыйла кыйын кырдаалга кептелип калмак. Азыр болсо алар үчүн, тескерисинче, биздин өлкө тынчы жок коңшу болуп, чек ара аркылуу аларга ар кандай кооптонууларды жараткан агымдар кирип кетип жатат.
Тарыхты, белгилүү болгондой, артка кайрууга эч мүмкүн эмес. Эмне болгон күндө да, аны чийип сала албайсың. Асыресе, олуттуу талдоо аркылуу, Кыргызстандын биринчи президентине байланыштуу болгон кайгылуу жыйынтыктарга алып келген жаңылыштыктарды аныктоого болот. Жаш муундар азыркы кезде Аскар Акаев кантип көз карандысыздык жолун тандап алган мамлекеттин башчысы болуп калгандыгын жакшы билишет.
1990-жылдын октябрь айынын кооптуу күндөрүндө биздин өлкөнүн тагдыры чечилип, анын пайдубалынын эң алгачкы ташы коюлган. Көпчүлүк үчүн мамлекет башчысынын кызмат ордуна эң эле татыктуу талапкер – Советтер Союзу талкаланганга чейин Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп иштеп турган тажрыйбалуу партиялык кызматкер, чарбалык курулуш боюнча олуттуу тажрыйбасы бар Абсамат Масалиев экендиги ачык эле көрүнүп турган. Азыркы күндө бул бийик кызмат үчүн зарыл болгон бардык ишкердик жана инсандык сапаттар анда бар болгондугун танууга болбойт. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттары тарыхый жоопкерчиликти сезе алышпай, биримдиктери жок болгондуктан улам, ал булганыч саясий интригалардын курмандыгы болуп калды.
Кыргыз ССРинин Верховный Советинде (ал кезде Жогорку Кеңеш расмий түрдө ушундай деп аталчу, - котормочунун эскертүүсү) бул кызматка 40тан ашуун талапкер көрсөтүлгөн. Ал тизмеде кимдер гана жок! Кимдир бирөөлөрдүн талапкерлигин көрсөтүшсө, дагы бирөөлөр өзүн өзү көрсөтүп чыгышты. Айрым гана талапкерлер жок дегенде бир аз гана колдоо табышаары ачык эле көрүнүп турган. Баары тең добуш берүү жакындаганда көрсөтүлгөн талапкерлер өз талапкердиктерин алып коюшат деп күтүп жатышкан. Бирок, эч ким өз талапкердигин алган жок. Анын ичинде, А.Жумагулов менен М.Шеримкулов дагы. «Ким өз талапкердигин алып салат?» деп суроо берилгенде, баары тең жогоруда аттары аталган Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюро мүчөлөрү өз талапкердиктерин алып салышат го деп күтүшкөн, себеби, алар бюро жыйынында А.Масалиевдин талапкердигин колдошкон. Арийне, тигиниси да, мунусу да талапкердигин алып салган жок. Жеке амбициялар, атаандаштык сезимдер акыл-парасаттан, партиялык этикадан жана да эң эле жөнөкөй адамгерчиликтен салмактуулук кылып кетти.
Коммунисттердин трагедиясы дал ушундан башталды, ал эми алардын жалпы саны кийинчерээк легендарлуу деп аталып калган парламент депутаттарынын арасында 90 пайыздан ашуун болчу. Добуш берүүнүн натыйжасында бардык ысымдар электен өтпөй калып, баарынан көп добуш алышкан эки гана реалдуу талапкер - А. Масалиев жана А. Жумагулов калышты. Эгерде ошондо экинчиси өз талапкердигин алып койсо, менин оюмча, Масалиев аны премьер кылып дайындамак - ошентип, алар экөө тең бийликте калышмак. Арийне, алдыңкы планга регионалдык каршылашуу чыгып, эки талапкер тең трайбализмдин, интригалардын жана айланасындагылардын көз боемочулук алдамчылыгынын жетегинде калышты. Ошонун натыйжасында баары тең утулушуп, бийликке А. Акаев келди.
Кыргыз Республикасынын экинчи президенти болгон мен дагы бир нече ирет тагдырдын катаал сыноолоруна кабылдым. Али президент болуп шайлана элек кезимде эле, КР премьер-министри болуп иштеп турганымда, мага бир нече ирет А.Акаевдин жеке өзүнө карай багытталган отту тосуп алууга туура келип, жалган жалааларга калган учурларым да болду. Ал эми президенттик кызматта иштеп турган соңку учурларымда коркунучтун чыныгы масштабдарын, оппозициянын өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн кан төгүүгө дагы даяр экендиктерин жеткире толук баалаган эмес экенмин. Өздөрүнүн көкүрөктөрүн койгулап, элге абдан берилгендиктери тууралуу ант берип жүрүшкөн адамдар элге каршы кылмыш жасоого бара алышпайт го деп ойлогонмун. Жаңылышыптырмын, - алар ага барышпадыбы.
Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт
2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы бурулуш жасаган оор трагедия болуп калды. Камакта жаткан ошол кездеги өз депутаты Азимбек Бекназаровду колдоо үчүн райондун борборуна карай бара жатышкан тынч жарандарды милиция кызматкерлери талаадан ок атуу менен тосуп алышкан. Айылдык жети киши тек гана өздөрүнүн жарандык укуктарын ишке ашырууга умтулушканы үчүн курман болушкан.
Албетте, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ок чыгарбашы керек болчу, анткени, адамдардын колдорунда куралы жок болгон, эч кимге чабуул жасашкан эмес, администрацияны басып алууга да эч кандай аракет жасашкан эмес, ал тургай алар райондун борборуна да жетише элек болчу. Кыргызстандын Конституциясында коомдук тартипти сактоону камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик органдардын иш функцияларын жөнгө салган ченем каралган, анын ичинде тынчтык түрдөгү акцияларды жана демонстрацияларды өткөрүү учурундагы милдеттери да каралган. Мамлекеттик органдардын ишине карата өз көз караштарын билдирген тынч митингге катышкандар өз өкүлүн - бийлик кысымына кабылган Жогорку Кеңештин депутатын ачык колдоп чыгышкан, мында мыйзамсыз эч нерсе жок болчу.
Мен ошол оор убакта министрлер кабинетинин башчысы болуп турганым үчүн гана, Кербендеги трагедия боюнча менин дарегиме көптөгөн айыптоолор айтылды. Конституцияга ылайык, мындай операцияларды иштеп чыгып, ишке ашыруу менен түздөн-түз өлкө президентине баш ийишкен тиешелүү күч түзүмдөрү алектенишет. Ошол күндөрдө да дал ушундай болгон. Кийинчерээк белгилүү болгондой, демонстрацияга чыккандарга каршы атайын операциялык чара көрүү үчүн "Тайфун" деп аталган бир план иштелип чыгыптыр, мен ага кол коймок турсун, аны көргөн да эмесмин. Мага эч нерсе айтышкан да эмес, балким, өздөрүнүн конституциялык укуктарынан пайдаланып жатышкан тынч жарандарды күч колдонуп кууп-таркатууга мени каршы болот деп ойлошсо керек. Анын үстүнө, ал окуялар мен туулуп-өскөн түштүк тарапта болуп жатпайбы. А кийин баары үчүн мени жаман көрсөтүү идеясы президент Акаевдин эң жакын чөйрөсүнө тиешелүү болушу ыктымал. Жарандардын өз эрктерин мындай ачык формада билдирүүсүнө анын мындай коркоктук менен мамиле кылуусу жана күч органдарынын кызматкерлеринин ойлонбой жасаган аракеттери ушундай трагедиялуу кесепеттерге алып келгендигин ал кеч түшүндү. Өз башына туш келе калган оору маселени башка бир соо адамга түртө салуу жагынан ал алдына эч качан киши салдырчу эмес. Ошентип, менин ысымымдын айланасында таркатылган ар кандай ушак-айың сөздөрдүн айынан мен сындын бутасына айландым да калдым, ал бутага карай элдин кыжыры кайнаган жебелери президенттин кишиси тарабынан атайылап мага карай бурулуп турду.
Болбогон ишти төгүнгө чыгарууга аракет кылуунун өзү бошко кеткен аракет эмеспи, - эгерде сен кандайдыр бир нерсени түшүндүрүүгө аракет кылып, актана баштагандай болсоң – дароо эле айыптуу адамдай болуп көрүнөсүң. Акаевдик чиновниктердин бейкүнөө адамдарды айыптоодогу устаттыгы дал ушундай ыкмалар менен, жалган жалааларды чүргөө менен жогорку чеберчилигине жеткен. Бул эки жүздүүлүктүн жана арамзалыктын өзгөчө бир түрү: адамды көөлөп, жалаа жаап туруп, элдин алдына, мына, силердин ушундай акыбалга кабылганыңарга дал ушул күнөөлүү деп түртүп коймой адат! Арийне, Аксы эли болуп өткөн кан төгүүлөр боюнча менин эч кандай күнөөм жок экендигин эң жакшы билишкен. Мен кызматтан кеткенимден кийин Ала-Бука, Чаткал жана Аксыны камтыган округ боюнча депутаттыкка көрсөтүлдүм. Аксы районунун шайлоочулары мага 95% добуш берүү менен колдошкон. Эгерде менин Аксы трагедиясына кенедей эле тиешем болгондо, ал жердеги шайлоочулар мага чоң ишеним көргөзүп, мен үчүн добуш беришмек турсун, мени алгачкы жолу талапкер катары барганымда эле өз аймактарынан кууп чыгышмак. Ушунун өзү эле качандыр бир кезде буга ишенип алышкандарга жана да азырга чейин Аксы трагедиясына менин тиешем бар деп жүрүшкөндөргө берилген жооп деп ойлоймун.
Кербендин кара кийген, азалуу күндөрү жөнүндө биздин өзүбүздүн жана чет өлкөлүк журналисттер, адабиятчылар жана саясат таануучулар тарабынан көптөгөн макалалар жана китептер жазылды. Бул адамдарга каран түндүү кайгы алып келген окуя, ошол эле учурда кийинки өзгөрүүлөргө жол ачкан, элдин эркиндикке жана демократияга болгон моюбас умтулуусунун жаркын күбөсү катары тарых барактарында сакталып калары шексиз. Албетте, Аксылык жөнөкөй карапайым жарандардын бул эрдиги адабий чыгармаларда, живописте жана музыкада өзүнүн чагылышын дале болсо күтүп келет. Азыр деле абдан тыкандык менен жазылган, эки тараптын тең кыймыл-аракеттерин ар бир мүнөтүнө чейин чагылдырган аналитикалык изилдөөлөр бар, алар бийликтин өзүм билемдигине каршы чыгышкан жөнөкөй адамдардын каармандыгынан эч шек туудурбайт. Бирок, кургак, протоколдук сүрөттөп жазуулар элдин рухун, анын эркиндикке жана акыйкаттыкка болгон умтулуусун, керек болсо өз өмүрүн кыйып болсо да, күрөшкө даяр тургандыгын толук өлчөмдө чагылдыра албайт. Биздин тарыхтагы бул кара тактар түбөлүккө сакталып кала берет.
Ошол трагедиялуу күндөрдө мамлекеттик жогорку кызматта иштеп туруп, туура эмес чечим кабыл алып таштоо тобокелчилдиги абдан чоң болсо да, өзүмдүн туура кадамдарды жасай алгандыгым үчүн, кырдаалды жөнгө салууга жетишип, от чыккан кагылышууну басып, трагедияны андан ары өрчүп кетүүдөн токтотуп калганым үчүн мен өмүр бою сыймыктанамын.
Март революциясы жөнүндө

#3 06 November 2016 - 19:41
Март революциясы жөнүндө
Ар бир жетекчинин жана элдин жашоосунда өзүн өтө жоопкерчиликтүү сезип, айткан ар бир сөзүн, жасаган ар бир кадамын терең ойлонуу менен жасоого зарыл болгон кездер учурайт. Биздин өлкөдө 2005-жылдын март айында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын тарыхында сейрек кездеше турган дал ошондой окуялардан болуп эсептелет. Биздин урпактар дагы жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин деле, биздин ар бирибиздин аткарган ролубузду биз Март революциясы күндөрүндө баррикаданын кайсыл тарабында болгонубузга жараша баалай беришет.
2005-жылдын 15-мартындагы Жалал-Абаддагы жана 2005-жылдын 24-мартындагы Бишкектеги элдик толкундоолорду мен тагдыр чечүүчү окуялар катары караймын, ал күндөрү Кыргызстан өзүнө бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду. Жараткан өзү биздин акыйкаттык үчүн күрөшкөнүбүздү көрүп, бизди колдоп, жашоого жаңы дем берүү үчүн кубат берип жаткандай туюлду. Мезгил өткөн соң гана, алдын ала белгиленген нерселердин баары тең ишке ашырылбай калгандыгы жана да көп нерселерди мындан кыйла жакшы жасоого мүмкүн болгону тууралуу түшүнүк келет. 2005-жылдын мартында биз баштаган жана бүт көңүл-дитибизди коюп, ушунчалык чоң далалат менен аткарган ишибиздин аягына чыкпай калганы үчүн мен өзүм да өлкө президенти катары жоопкерчиликтүү экендигимди толугу менен сезип турамын. Арийне, чындык биротоло жеңип чыгып, ким канчалык деңгээлде туура же айыптуу экендиги ачыкка чыгат деп үмүттөнөмүн.
Мен кыргыз парламентининдепутаты болуп калган учур өлкөдө ар кандай партиялар жана саясий кыймылдар тездик менен кулач жайып, кубаттана баштаган кезге туш болду. Ачыгын айтканда, Жогорку Кеңештеги жумуш мага анчалык жаккан деле жок, анткени, мен мүнөзүм боюнча ишкер адам болгондуктан, дайыма өндүрүштө иштеп, бир нерселерди жасап, жаратып, куруу менен алек болчумун, а бул жерде болсо мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенүү керек эле. Ошентсе да, мен парламент жыйындарына такай катышып жүрдүм, эч ким мени эч качан жыйынга кечиккендигим үчүн жемелей да албайт. Мыйзам чыгаруу иштеринде мен өз мүмкүнчүлүктөрүмө жана жөндөмүмө жараша катышып жүрдүм, ошол эле учурда өзүм өндүрүш тармагына тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды жана жоболорду иштеп чыгып, эски жоболорду жаңы шарттар, нормалар жана реалдуулук менен шайкеш келтирүүгө менен алектендим.
Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Акаевдин 1997-жылга чейинки башкаруусу өзгөчө нааразычылыктарды жараткан эмес, себеби, ал кезде кийинки былыккан бийлик системасы курала элек болчу. СССР таркап кеткен кезде Кыргызстандын экономикасы агрардык-индустриалдык өлкө катары жашап кетүүгө толук жөндөмдүү бойдон калган эле. Советтик мезгилде өнөр жайды өнүктүрүүгө көп көңүл бурулчу, анда негизги ролду станокторду куруу, тоо-кен тармагы, радиоэлектроника жана башка ушул сыяктуу тармактар ээлеп турар эле. Тилекке каршы, 90-жылдардагы реформалар ийгиликсиз жүргүзүлгөндүктөн улам, республика өзүнүн индустриалдык потенциалын жоготуп, агрардык өлкөгө айланды.
Алгачкы пландар терең таасир калтырып, Кыргызстандан «экинчи Швейцарияны» куруу сыяктуу батылдык менен жасалган билдирүүлөр угулду, буга өлкөнүн масштабы, климаты, географиялык жактан окшоштугу дагы негиз болуп турган. Бул аша чапкан куру убадалуу билдирүүлөр популисттик мүнөздө болуп, сыйкырдуу күч менен өзгөрүүлөр болот дегенге элдин ишенимин ойготууга болгон далбаса сыяктуу эле. Иш жүзүндө болсо, баары тескерисинче болуп чыкты: кагазда баары тең жайында болгону менен, алар аркылуу басып өтүш керек болгон өңгүл-дөңгүл өткөөлдөр жөнүндө унутуп коюшкан болчу, Гогольдун каарманы маниловчосунан куру кыялдарга берилип, баары өзүнөн өзү эле жасала берет, эл жыргап жашап калат деп ишенбей, билек түрүнө иштеш керек болчу. Андай болуп кеткен жок. Көздү чоңураак ачып караганда гана, иш жүзүндө өлкөдө бардык тарапта тең туура эмес жолго түшүп калганын көрүштү, баары тең талкаланып жок болуп, айыл чарбасында жана өнөр жайда, билим берүүдө жана маданиятта, негизги жана киреше берүүчү фондуларда сатууга мүмкүн болгон нерселердин баары сатылып жаткан.
Айтып коюшум керек, абал бардык жерде эле бирдей жаман эмес эле. Апас Жумагулов губернатор болуп иштеген Чүй областында көз карандысыздыктын алгачкы жылдарындагы псевдореформалар учурунда агрардык тармак андай бүт баарын бүлүнткөн сатып-тоноодон аздыр-көптүр дурус абалда сакталып калды. Бирок, жалгыз область бүт өлкөнүн кургуйга түшүп баратканын токтото алмак эмес. Кыргызстандын келечек тагдыры үчүн күйүшкөн көп саясатчылар жана коомдук ишмерлер Аскар Акаевден президент катары көңүлдөрү гана калышпастан, ушул түзүлгөн кырдаалдан кантип чыгуунун эң натыйжалуу жолдорун издеп жатышкан.
1999-жылдын ошондой күндөрүнүн биринде, мен А.Жумагуловдун ордуна Чүй областына губернатор болуп калган кезимде, мага Абсамат Масалиев келди. Биз экөөбүздүн тең тынчыбызды алган, эң маанилүү маселелерди талкууладык, маектешүүнүн аягында ал күтүүсүздөн эле мага мындай деген сөздөр менен кайрылып калды: «Курманбек Салиевич, мен сизге азыр бир сунуш жасаймын, мага дароо жооп бербеңиз. Мен дагы 10 күндөн кийин жооп алганы келемин. 2000-жылы президенттикшайлоодо мен сиздин талапкердигиңизди көрсөтүшүңүздү суранам».
Чынын айтканда, бул сунуш мен үчүн такыр эле күтүүсүз болду. Абсамат Масалиевич андан ары сөзүн улантты: «Сизде жеңишке жетишүү үчүн дурус мүмкүнчүлүктөр бар. Биринчиден, биз - коммунисттер– сизди колдойбуз. Экинчиден, сиздин чоң кадыр-баркыңыз бар. Сиз көп жылдар бою түштүктө Жалал-Абад областын башкардыңыз, сизди ал жакта жакшы билишет. Республиканын түндүгүндө дагы сиз үч жылдан бери Чүйобластын башкарып келе жатасыз. Сизде мүмкүнчүлүктөр бар, биз колдойбуз, - сиз жеңишке жетесиз».
Туура 10 күн өткөндөн кийин ал жооп алганы келди. Мен А.Масалиевдин сунушун этикалык себептерден улам кабыл ала алган жокмун да, муну ага түшүндүрүп берүүгө аракет кылдым: «Абсамат Масалиевич, азыр мен президенттин командасындамын, ал мени алгач Жалал-Абад областына, эми болсо Чүй областына губернатор кылып дайындады. Эгерде мен Кыргызстандын президенттигине өз талапкердигимди көрсөтсөм, мунум Акаевди сатып кеткеним сыяктуу болуп калат».
Мен Акаевге карата мындай туура эмес ниет менен мамиле жасай алган жокмун. Менин бул сөздөрүмдү Үсөн Сыдыков тактап бере алат, ага Абсамат Масалиев менин талапкердигимди ылайык көрүп жатканын айтыптыр. Мен кийин гана мени эмне үчүн мурдагы кызматым менен бирдей деңгээлдеги Чүйобластына которушканын түшүндүм. Кийин мага урматтуу аксакал, депутат Дооронбек Садырбаев айтканына караганда, Жалал-Абад областынын губернаторунун ордун Бекболот Талгарбеков үчүн бошотуу керек болуптур. Мага болсо абдан сылык ишарат кылуу менен гана, жергиликтүү депутаттар Жалал-Абад областында Талгарбековду кабыл алышы керектигин түшүндүрүштү, ал эми Чүй областында мага жардам кылышарын айтышты. Мен Жалал-Абад областтык кеңешинин депутаттарынын сессиясында чыгып сүйлөп, алардан Талгарбековдун талапкердигин колдоп берүүлөрүн сурандым, өзүмдү Чүй областына которуп жатышканын, ал жакта да мени депутаттар колдой турушканын билдирдим.
2000-жылы Акаев мени атаандаш талапкер катары Амангелди Муралиев менен чогуу Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызматына көрсөттү. Биздин ал экөөбүздүн басып өткөн кызматтык жолубуз бирдей болуп, кээде кесилишип жүрүп олтурду. Биз экөөбүз эки түштүк областын бир учурда башкарып турдук - Муралиев - Ошту, мен - Жалал-Абад областын. Мен Чүй областынын губернатору болуп турган кезде ал КР министрлер кабинетин башкарып турду. Кезегинде ал маммүлк Фондунда мен анын орун басары болуп иштеген учурум да болгон, биздин өз ара мамилебиз жакшы жолдоштук деңгээлде калыптанган эле. Албетте, менин талапкердигим Муралиев ээлеп турган кызматтык орунга альтернативалуу негизде көрсөтүлгөн соң, экөөбүздүн мамилебиз да бузулуп калды. Анын үстүнө, мен ошондо аны абдан чоң үстөмдүк кылуу менен утуп чыкпадымбы. Эсимде калганы боюнча, аны бар болгону 9 же 10 депутат гана колдоп чыгышты, калгандары баары тең менин талапкердигимди колдошту. Ошондо президенттинадминистрациясында абдан катуу кармаш жүрдү. Накен Касиев мамлекеттик катчы эле. Мисир Аширкулов – администрация жетекчиси болчу. Жогорку Кеңштин депутаттары абдан татаал тандоого кабылышты, “аксарайдын” амалкөй интригаларын баары эле жакшы түшүнө беришпегендиктен улам, туура эмес добуш берип алып, сызга олтуруп калуудан чочулашты. Кимге добуш берүү керек - премьер-министрлик кызматта олтурган Амангелди Муралиевгеби, же жаңы талапкер Курманбек Бакиевгеби? Албетте, көбү эмне кылууну да билбей, баштары айланып калды, айрымдары Бакиевди колдоп жатышса, башкалары - Муралиевди колдоп жатышкан.
Мен бир нече депутаттык топтор менен жолугуштум, алардын суроолоруна өзүмдүн эки областтагы губернатор болуп иштеген ишим тууралуу жооп берип, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө карата болгон өз көз карашымды айтып бердим. Кандай нерселерди туура деп эсептей турганымды, тигил же бул кырдаалда кандай жасоо туура экендиги тууралуу ойлорумду бөлүштүм. Ошондон кийин депутаттар мага премьер-министрлик кызматты ишенип тапшырууга болот деп калышты окшойт. Сөзүмдүн аягында: «Мен сиздерди уят кылбаймын деп үмүттөнөмүн» дедим. Депутаттык топтор менен болгон бул жолугушуулар менин пайдама иштеди. Менин атаандашым Муралиев парламентарийлер менен жолугушуунун кереги жок деп эсептеп койду, балким, ал өз жеңишинен эч күнөм санабаса керек. Натыйжада, мен Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп калдым.
Жогоруда айтылгандай, Аксыдагы Боспиек айылынын жанындагы кан төгүлгөн трагедиядан соң, мен ага эч кандай тиешем жок болсо да, Кыргызстандын премьер-министрлик кызматынан кетүүнү зарыл деп эсептедим. Мен эми Акаевдин командасында кала алмак эмесмин, айрыкча, ал менин бул кызматтан кетүүмдү ыйламсырап сурангандыктан улам. Акаевге мен бул кызматтан кетсем эле бул өлкөнүн турукташуусуна жардам бере тургандай сезилген болчу. Балким, мени каралоо үчүн колдон келгендин баарын жасашкан анын жакын чөйрөсү ага дал ушундай кеңеш беришкен чыгар. Асыресе, андай үмүттөр акталган жок, тескерисинче, баары теңирден тескери болуп чыкты. Оппозициялык белгилүү газеталардын бири жазгандай, Бакиевдин премьер-министрлик кызматтан кетиши Акаевдин бийлигинин тез арада алсыздануусуна алып келди. Бийлик менен коомчулуктун ортосундагы карама-каршылык жоюлган жок, конфликтти тынч жол менен чечүү Кербендеги окуялардан кийин кайра курчуп, такыр мүмкүн болбой калды. Эл өзүнүн кайратын жана куралсыз өз элине каршы ок чыгарган коркок бийликтин алсыздыгын сезип калды. Ошентсе да, премьер-министрлик кызматтан кетип жатканда менде оппозициялык ишмердик менен алектенүү жөнүндө, анан калса, бийликти кулатуу тууралуу ой дегеле башыма да келген эмес. Бирок, эл мени Жогорку Кеңештин депутаты кылып шайлады, болгондо да дал Аксынын эли, мени чоң саясатка кайра алып келип, менин ысымым менен өздөрүнүн келечектеги оң өзгөрүүлөргө байланышкан үмүттөрүн байланыштырган ишенимин көрсөтүштү.
Көп Кыргызстандыктар 2002-жылдын жазынан соң, өлкө баш-оту менен чумкуп кирген саясий караңгылыкты эсинен чыгарышпаса керек. Аскар Акаевдин айтканы бир башка, жасаганы такыр башка болгон бетпардасы биротоло ачылып, чыныгы жүзү көрүнүп калган. Көп жылдар бою ал чыныгы президент-демократтын маскасын жамынып жүрдү, дүйнөлүк коомчулук да, Кыргызстандын калкы менен бирге, анын саясатчы жана мамлекет башчысы катары чыгаан жөндөмүнө, Борбордук Азиянын башка лидерлеринен аны артык көрсөтүп, айрымалап турган өзгөчөлүгүнө ишенип калган эле. Анын жоопкерчиликтүү жана компетенттүү өкмөттүн башкаруусу алдында ачык жана акыйкат коомду курамын деген убадалары чет өлкөлүк инвесторлордун башын айландыруу үчүн айтылган тек гана куру сөз болчу, алар биздин өлкөгө ишенип, жардамдарын берип, кредиттерди бөлүп жүрүшкөн, ал карыздар азыркы күнгө чейин өлкө үчүн оор жүк болуп, желкеден ныгырып басып турат. Жакшы нерсе дайыма жамандыкты качырат эмеспи. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстандан экинчи Швейцарияны курууга болгон ой авантюра гана болчу, ошонун натыйжасында асмандагы кол жеткис кыялдарга кол сермеп, өз колубузда бар нерселерден айрылып, кол жууп калбадыкпы. Анын ордуна, Кыргызстанга Советтер Союзунан калган завод,фабрикаларды сактап калып, эл чарбачылыгын колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып өнүктүрүп, экономиканын олтуруп калышын алдын алуу керек эле. Мындай жаратмандык күч-кубат чет өлкөлүк гранттарды сурап, тилемчилик кылууга орун берип, бийлик жүзүнө демократиялык маанай сүртүлө баштады.

#4 06 November 2016 - 19:42
Кыргызстандын президенти болгондон кийин мен потенциалды куру кыялдуу максаттарды көздөгөнгө коротпостон,
жөнөкөй жана акылга сыйган принциптерди кармана баштадым. Ошого ылайык, мен команданы да жыйынтык көрсөтүү үчүн иштей ала турган прагматик, практик-жетекчилерден тандап алдым. Алар өз алдыларына реалдуу максаттарды коюшуп, аларды жигердүү түрдө ишке ашыра башташты. Алардын фамилиялары азыркы кезде Кыргызстандыктардыи терс мамилесин жаратып калса да, мен мурдагыдай эле, алар менен чогуу иштөө аркылуу көп нерсеге жеттик деп ойлоймун. Алар: Марат Султанов, Искендер Айдаралиев,
Акылбек Жапаров, Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов, Ахматбек Келдибеков,
Элмырза Сатыбалдиев,
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Игорь Чудинов, Чолпон Баекова, ыраматылык Медет Садыркулов,
Үсөн Сыдыков жана башка дагы көп райондордун акимдери, областтардын губернаторлору.
Балким, окурмандардын эстеринен али чыга элек болушу керек. Абсамат Масалиев башкарган учурда аксакал саясатчы Үсөн Сыдыков Ош областын башкарып туруп кандай сындарды уккандыгы эсиңиздерде чыгар? Ошондо кандай гана айыптоолор анын башына агылып түшкөн жок! Арийне, ал чыгаан уюштуруучу болчу, ошондуктан улам мен аны өз командама тартканмын. Менин баамымда андан башка дагы, балким, мага дили боюнча жакыныраак көп талапкерлер бар болушкандыгына карабастан, мен Ү.Сыдыковдун региондордогу кадыр-баркы, ишкердик жөндөмү жана да жетекчилик чоң тажрыйбасын эске албай кое алган жокмун, мындай кылбасам туура эмес жана алысты көрө албоочулук болуп калмак. Данияр Үсөновдун ысымы азырга чейин көп адамдарга кызыл чүпүрөк буканын кыжырын кайнаткандай эле таасир калтырат. Корсураак жана кербезденген мүнөзү бар болсо да, мопеддердин арасында күрүлдөгөн танк сыяктуу энергиялуу болуп, ал башка талапкерлерге караганда бизнес жана өндүрүш маселелерин жакшы түшүнө турган, чарчоо билбеген иштермандыкка, билимдүү жана эрудициялуу сапаттарга ээ эле. Мен бул өтө жоопкерчиликтүү кызматтык орундарга мындай тажрыйбалуу профессионалдарды эмес, тек гана сыртынан жагымдуу жана илберинңки, сылык, жана да фантазиялуу акылдуу адамдарды дайындап салсам, мындан эч кандай жакшы натыйжа чыкмак эмес.
Чакан коллективдерде жетекчи болуп иштей баштаган алгачкы жылдарымда эле мен негизги принцибимде команда менен чогуу иштей турган лидер катары калыптандым, ошондой эле, сен аларга ишенген жана дагы алар сага ишенишкен адамдар менен болгон ишкердик кызматташтык натыйжалуураак болоруна мен көп ирет ынандым. Мен үчүн ал адамдын кайсыл региондон экендиги маанилүү эмес, дегелерегионализм мага башынан эле жат нерсе. Эң башкысы алпрофессионал болуп, коллектив менен иштеше алып, өз өлкөсүнүн патриоту болсо эле болгону. Ошондуктан, менинкомандамда оппозициянын өкүлдөрүнөн да жетишерлик санда бар болчу. Кадрдык дайындоолор боюнча кетирген эң жогорку деңгээлдеги олуттуу жаңылыштыгым, - 2007-жылы Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынынпремьер- министри кылып дайындоо болду. Бул адам дегеле жетекчи болуп иштегенге жөндөмсүз эле. Бул анын азыркы кезде Кыргызстандын президенти катары беш жылдан берки башкаруусунун жыйынтыгынан дагы ачык көрүнүп келе жатат.
2002-жылдын экинчи жарымындагы, тез аранын ичинде чечүүнү талап кылган, конкреттүү милдеттерге караганда, жалаң гана ишке ашпай турган фантазиялары менен өлкөнү жетектеген адамдын бийлиги тушундагы окуяларга кайра кайрылалык. Ал өзү деле ошол кезде өзүнүн бул эбегейсиз жоопкерчиликти аткара албай калаганын түшүнүп, өз күчүнө өзү ишенбей калган, бирок, Аксы окуяларынан соң өз эли менен бетме-бет сүйлөшүүдөн качып, бийликке катуу жармаша баштаган.
Мен Жогорку Кеңеште иштеген кезде, күнүмдүк, көндүм болгон майда нерселер менен алектенип жүргөнүмдө, мага Азимбек Бекназаров бир нече жолу кирип, бир эле өтүнүчүн – бириккен бир нече партиялардын бирикмесинин лидери болууну, - бир нече жолу кайталаган (менимче, тогуз партия жөнүндө сөз болгон), алар баары биригип, жалпы бир кыймыл түзүүнү каалап жатышыптыр. Мени ошолордун башчысы бол деп суранышты. Адегенде мен мындан баш тартып жүрдүм, себеби, менинпланымда партиялык ишмердик менен алектенүү жок болчу. Бирок, партия лидерлери абдан суранып туруп алышкандыктан, акыры аягында, мен макулдугумду берүүгө мажбур болдум. Бул өтө маанилүү миссия боюнча мага ишеним артышкан адамдарды уятка калтырууга болбойт эле. Кыргызстандын Элдик Кыймылы тез эле кулач жайып, өлкө калкынын арасында таасирдүү күчкө айлана баштады. Мунун себеби, Кыргызстандын коомчулугу Акаевдин бийлигинен жана анын курулай убадаларынан аябай жадагандыгы менен түшүндүрүлүп жаткан. Кеңешип көргөн соң, биз 2004-жылдын күзүндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоолорго катышууну чечтик. Биз өз жеңишибизге биротоло ишенген элек деп айтууга болбойт, жакынкы келечек тууралуу кандайдыр бир реалдуу божомолдорду жасоо да кыйын эле. Бирок, биз, ошол кездеги оппозиция лидерлери Жогорку Кеңештин жаңы курамынан өз ордубузду ээлегенге, өзүбүз өкүлү болгон элдин жана региондордун кызыкчылыктарын коргогонго даярданып жатканбыз.
Шайлоого даярдыктар башталары менен эле, биз өз жонтерибиз менен административдик ресурс деген нерсе эмне экендигин ачык сезе баштадык. Жергиликтүү жана борбордук органдар тарабынан иштей баштаган мамлекеттик машинаыңгайсыз талапкерлерге каршы катуу күч колдоно баштады, мындай кысымдын мизин кайтаруу оңойго турган жок. Ошол запкы тарткан саясатчылардын арасында мен да болуп калып, менин башка көп жолдошторум сыяктуу эле бийлик тарабынан болгон катуу кысымга туш болдум. 2005-жылдын февралындагы шайлоодо реалдуу түрдө жеңишке жетишишкен көп талапкерлерге карата жергиликтүү бийлик органдары жана шайлоо комиссяларынын өкүлдөрү ачык эле, уят-сыйытты такыр унутушуп, коркутуу, алдамчылык жана көз боемочулук менен бут тосуп жатышкандыгын көргөн калктын нааразычылыгы тез арада жогорку чегине чейин өсүп жетти.
Ошондо жасалган мыйзам бузуулардын жана одоно ыпластыктардын бир мисалы катары мен өзүм Тогуз-Торо районуна шайлоочулар менен жолугушууга барганда өз көзүм менен көргөн реалдуу окуяны айтып берейин. Менин шайлоо округума андан сырткары дагы Базар-Коргон районунун бир бөлүгү кирип, аларды күзгү жана кышкы мезгилдерде такыр өтө алгыс тоолор ортосунан бөлүп турган. Казарманга жетиш үчүн миң километрге жакын тоо жолун басып өтүү керек эле. Ушунун өзү эле оңой сыноо эмес эле: жетүүгө кыйын болгон мындай электорат башка эч кимге туш келген эмес. Анысы аз келгенсип, жергиликтүү органдар мени эл душманы катары терс кабыл алышып, бут тосо башташты, шайлоочуларды мени менен эптеп эле жолуктурбай коюш үчүн аракеттерди көрүп жатышты. Кээде атайылап көчкүлөрдү түшүрүшүп, тоо жолунан талапкердин машинасы өтө албагандай кылышып, бир да мектепке киргизбей, бир да коллективге жакын жолотпой жатышты. Ал эми бул учур кышкы мезгилге туш келген, бийик тоолуу аймакта ызгаар суук өкүм сүрүп турган. Мен ошондо жолугушууларды көчөлөрдө өткөргөнгө мажбур болдум. Нарын областында жашашкандар жакшы билишет, Тогуз-Торо районундагы кыш кандай экендигин: күндүзгү аба-ырайынын температурасы минус 30 градус. Эми өзүңүздөр ойлонуп көрө бериңиздер, талапкерге жана анын командасына кандай кыйынчылыктар туш келгендигин! Жолугушуулар кыска гана убакытка болуп жатты, адамдарды аяп, мен адегенде бул жолугушууларды такыр эле өткөрбөй койсомбу деп да ойлогонмун, бирок, адамдар өздөрү талапкер менен көзмө-көз сүйлөшүүгө ынтызар болуп жатышты, өз көңүлдөрүндөгү кайнаган буктарын чыгарып, айтып калууга умтулуп жатышты. Ошондуктан, мен жолугушууларды карандай катуу суукта өткөрүүгө мажбур болуп жаттым. Жергиликтүү бийлик органдарынан коркпой, жогортон берилген буйруктарды аткарбай койгон, эч кимден коркпогон бир гана жетекчи Тогоуз-Торо райондук ооруканасынын башкы врачы Аманкан Жакишев болду. Ал мага оорукананын аймагындагы актовый залда коллектив менен жолугушууга уруксат берди. Мен ошол жерде шайлоочулар менен жолугушууну өткөрдүм. Мага шайлоочулардын алдында сөз берип жатып, башкы врач өзү бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасай тургандыгын жана да алардын эч кимисинин имаратты берүү жөнүндөгү өтүнүчүнө баш тартууга акысы жок экендигин ачык билдирди.
Февраль айы келери менен, а андан кийин март айында шайлоодогу көптөгөн укук бузууларга байланышкан элдик нааразычылыктар эми бардык жерлерде пайда боло баштады. Бир гана Жалал-Абад областында эмес, Кыргызстандын башка областтарында да массалык түрдө каршылык көрсөткөн пикеттер жана митингдер өтүп жатты. Президент Акаевдин администрациясы жаңы парламентке оппозиция тараптан талапкер болушкан 7 же 8 шайлоодон өтүп кеткен фигураларды эптеп эле өткөрбөй коюш үчүн абдан шалаакылык жана акылсыздык менен аракет кыла баштады, аларды мыйзам чыгаруучулардын арасынан көргүлөрү келишпей, кандай айла жасап болсо да, эптеп кулатуунун амалын издей башташты.
Бийликтин кээде ашкере акылсыздык менен аракет кылып, жок эле жерден өзүнө өзү баш оору таап алмай адаты таң калтырбай койбойт. Эгерде ушул шайлоодогу массалык түрдөгү мыйзамды бузуулар, Жогорку Кеңештин 2005-жылдагы шайлоосундагы оппозиядан көрсөтүлгөн талапкерлерге карата каршы бут тосуулар орун албаган болсо, анда каршылык көрсөтүү митингдерине чыгууга да эч кандай себеп болмок эмес. Бирок, бийлик дароо эле көзү сокур болуп калгансып, өзүнө жакпаган талапкерлерди кандай болгон күндө да өткөрбөш керек деген максатты коюп, ага жетүүнү көздөп туруп алды. Алар буга жетишти, бирок бул алар үчүн абдан кымбатка туруп калды!
Массалык түрдө бурмалоолор, көз боёмочулуктар, мыйзамсыз аракеттер ушунчалык эле ачык көрүнүп тургандыктан, алар шайлоочулардын кыжырын ого бетер кайнаткан жардыргыч заттын ролун аткаргандай эле болду. Эл бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы чыгып, көп учурларда жергиликтүү бийлик органдарына баш ийбей калган фактылар орун ала баштады. Бул айрыкча Жалал-Абад областында ачык көрүндү. Ал жерде 2005-жылдын март айынын башында демонстрацияга чыккандар мамлекеттик администрацияны да басып алышкан эле. Кайталап айтып коеюн: ошондо Таласта, Нарында, Ошто, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл областтарында эл өзүнүн массалык нааразычылыктарын билдирип жатышкан.
Бийликтин аракеттери ушунчалык мыйзамсыз, акыйкатсыз болуп, иш-аракеттеги мыйзамдарга кайчы келип жаткандыктан, жарандар эми өз үйлөрүндө тынч жатып албай, мындай маскарачылыкка чыдай албай чыгышкан болчу. Элдер Акаев жүргүзүп жаткан саясатка каршы нааразычылыктарын билдирип көчөлөргө чыгып жатышты. Акыры аяганда элдин чыдамы биротоло жетер чегине жетип, жарылуу болду, ал Кыргызстандын тарыхында 2005-жылдын март айындагы революция деп аталып калды. Бүт дүйнөнүн көңүлү бир нече күн бою биздин республикага бурулуп, бардык массалык маалымат каражаттары болуп жаткан окуялар тууралуу репортаждарды жарыялап жатышты.
Чынын айтканда, уюшулган оппозиция, Кыргызстан Элдик Кыймылына киришкен саясий партиялардын лидерлери окуялар мындай катаал өңүт алып кетерин ойлошкон да эмес. Биз ошондо доктор Жеңишбек Назаралиевдин клиникасынын алдындагы, Чүй жана Юлиус Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянтта чоң митинг өткөрдүк. Ал митингде чогулган элдин алдында мен, Роза Отунбаева, Акылбек Жапаров, Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаровдор чыгып сүйлөштү. Ошол кезде КЭКнын чордонун түзгөн, жигердүү тарапкерлери болушкан. Акылбек Жапаров штабды башкарган, ал штабга Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыковдор киришкен, а мен болсо КЭКын жетектегенмин. Женишбек Назаралиев ал күнү эртең менен биз менен чогуу болбосо да, бул болуп жаткан окуяларга белгилүү бир салымын кошкон. Февраль жана март айларында беш жылдан бери өтө чукул антипрезиденттик көз карашта болуп келген «МСН» газетасында отуз-кырк миңдеген чоң тираж менен Акаев бийлигинин бет чүмбөтүн сыйрыган макалалардын сериясы жарыяланды. Ал макалалар борбордогу окурмандар арасында олуттуу таасир этүүчү резонансты жаратып, коомчулуктун активдеше башташына көмөкчү болду. Акаевдин режимин кулатууга Замира Сыдыкованын «ResPublica» аттуу орус тилдүү газетасы да өзгөчө салым кошту. Ал эми кыргыз тилдүү басылмалар жөнүндө сөз кыла турган болсок, Бекен Назаралиевдин «Жаңы Ордо» газетасын айта кетүү керек, ал такай кашкайган чындыкты гана жазып турду. Бүткүл дүйнөлүк «Азаттык» радиокызматынын программалары да Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоого белгилүү бир өлчөмдөгү салымын кошуп, болуп жаткан окуяларды чагылдырып турду. Ушул басылмалардын жана маалымат кызматтарынын баары тең чындыктын күзгүсү болуп калышты. Алар биздин командага киришкен эмес, КЭКна дагы тиешеси жок эле, бирок, бизге жан тартышып, биздин туура иштерди жасап жатканыбызга ишенишкен, анткени, алар өздөрү да бийликте турган Акаевдик режим тарабынан акыйкатсыздыкка, кысымга кабылып жүрүшкөн. Маселен, «МСН» газетасы бийликтин жогорку эшелонундагы коррупция жөнүндө, президенттин туугандары жана жакындары жасап жатышкан ээн баштыктар жөнүндө тартынбай, батылдык менен жазышканы үчүн Акаевдин бийлигинин соңку жылдарында катуу кысымдарга туш болуп келген. Бул басылмага каршы ондогон соттук иштер козголгон эле. Анын ээси Александр Ким, - мурда «Вечерний Бишкек» газетасын негиздеп, аны Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын арасындагы алдыңкы орунга чыгарууга жетишкен, бул басылманы 2000-жылы рейдердик ыкмага салуунун натыйжасында, Акаевдин кызынын күйөөсү Адил Тойгонбаев тартып алган болчу. Айта кете турган нерсе, Март революциясынан кийин мен акыйкаттыкты орнотуу үчүн өзүмдүн колумдан келгендин баарын жасадым. Ошонун натыйжасында, Александр Ким соттук тартипте өз мүлкүн калыбына келтирип, «Вечерний Бишкек» газетасын кайтарып алган.
Тилекке каршы, А. Атамбаевдин бийлиги азыркы тапта бир кезде Акаевдин командасы жасаган нерсени коркунучтуу түштөгүдөй кылып кайталап, дале болсо «Вечерний Бишкекти» тартып алууга аракет кылууну улантып келе жатат. Арийне, бул жерде таң кала турган деле эч нерсе жок. Кыргызстандын азыркы президенти жана анын бардык командасы төңкөрүш жасоо жолу менен - эптеп эле өлкөдө болгон бардык эң баалуу байлыктарды ээлеп алуу деген бир гана максат менен бийликке келишкен. Парламентаризм жана демократия идеяларын жамынып алышып, алар өздөрүнүн чыныгы максаттарын: өлкөнү толук бойдон талап-тоноо, мародерчулук жана да башка бирөөлөрдүн мүлктөрүн менчиктештирип алуу сыяктуу аракеттерин актоого далалат кылышып, жаңы конституцияны жазышты. Алардан экономиканы, маданиятты өнүктүрүп, калктын социалдык жашоо шарттарын жакшыртат деп күтүүнүн өзү баладай баёолук болуп эсептелет. Алардын түпкү максаты такыр башка жакка багытталган.

#5 06 November 2016 - 19:43
Газеталардын билдирүүлөрүнөн:
“Март революциясына байланыштуу бизди, албетте, кандайдыр бир миллиондогон долларлар үчүн да айыптап жиберишке үлгүрүштү, ал акчаларды бизге чет өлкөдөн жөнөтүшкөн имиш. Эмне демекчибиз? ! Эч кандай ага окшогон нерселер болгон эмес! Биз эч кимден жардам сурап кайрылган эмеспиз. Мен андан бир аз мурдараак революциялар жасалган Грузияга да, Украинага да тажрыйба алмашууга барган эмесмин. Биз тек гана өз алдыбызча революцияга эмес, 2005-жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоого даярданып жаткан болчубуз. Баары ушундай болуп кетет деген ой биздин башыбызга да келген эмес. орун алган окуяларга эч ким алдын ала даярдык көргөн эмес."
Курманбек Бакиевдин "Коммерсант" газетасына берген маегинен үзүндү (30 марта 2005 г.).
Эч кандай финансылык каржылоо болбогондугун ачык айтып коюу керек. Америкалыктар да, россиялыктар да, башка эч ким да бизге финансылык жардам көрсөткөн эмес. Анча көп эмес каражатты төмөнкү төрт адам чыгарышкан: мен, Акылбек Жапаров, Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков. Көчөгө чыгышкан адамдарды плакаттарды, ураандар жазылган транспаранттарды даярдоо үчүн эң эле зарыл болгон жана башка материалдар менен камсыз кылуу максатында, тек гана колдорунан келген жардамды чыгарышкан. Бул абдан эле аз акча каражаттары экендигин эске салып коеюн.
Ошол күндөрдө Жалал-Абадда эмне болуп жаткандыгын айта кетүү зарыл, мен ошондогу кырдаалды эң майда аки-чүкүсүнө чейин билемин. Жөнөкөй эле адамдар пикетчиктерге жан тартып жатышты, пенсионерлер 10 сом, 20 сомдон алып келишип, администрациянын жанындагы боз үйлөрдө жана палаткаларда жашагандарга берип жатышты. Эч кандай ысык тамак уюштурулган жок. Элдер суу менен гана нан жеп олтурушту. Башкача айтканда, нан сатып алышып, чай ичип олтурушту. Алдын ала айтып коеюн, 2005-жылдын 4-мартынан 16-мартына чейин Жалал-Абадда болгон окуялар кийинки орун алган окуялардын баарына тең жол ачып берди. Ошол мезгилде ал жакта күн сайын шайлоодогу бурмалоолорго карата нааразычылык митингдери болуп жатты. Жергиликтүү бийлик ал акцияларды токтотууга далалат кылганы менен, кысымдын күчөшү жана провокациялар митингчилерди ого бетер бекем бириктирди. Акыры аягында, аянтта боз үйлөр шаарчасы орнотулуп, нааразычылык көрсөткөндөр облакимиаттын имаратына кирип алышты да, кабинеттерден орун алышты, бирок, анда башламан-тополоңдун изи да жок болчу. Бир да жумушчу столу же компьютер сынган эмес, эч кандай буюмдар уурдалып же зыянга туш болгон эмес. Ошол эле учурда, бийлик активисттерди коркутуу үчүн куугунтуктоочу ыкмаларын күчөтүү менен алек болуп жатты, оппозициянын маалыматтык офиси, компьютерлери талкаланды.
Газеталардын билдирүүлөрүнөн:
“Шаршемби күнү үч саатка созулган пикир алышуулардан кийин каршылашкан тараптардын ортосунда келишим түзүлдү.
Эки тараптан тең күч колдонуучу аракеттерге жол бербөө үчүн Комиссия түзүлүп, анын курамына губернатордун өкүлү Акмат Тенишев, областтык Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Марат Иманкулов, областтык ички иштер башкармасынын начальниги Өмүрбек Эгембердиев, областтык прокурор Байтемир Ибраев, Жусупбек Бакиев, Акмат Бакиев, Медер Үсөнов, Бектур Асанов, Рая Кадырова жана Азиза Абдрасулова киришип, алар өз ара макулдашууга жетишишти.
Бул макулдашууга ылайык, комиссиянын мүчөлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта болуп турушат. Эки тараптын тең - демонстрациянын катышуучуларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коопсуздугу камсыздалат. Өзүнчө бир пункт менен областтык администрациянын имаратындагы митингчилердин тамак-аш маселеси, алардын кирип-чыгуусу, провокацияларга, уулантууга, электр энергиясын, сууну өчүрүүгө жол бербөө, аянттагы палаткалардын жана боз үйлөрдүн жайгашышы боюнча суроолор каралды. Эки тарап ошондой эле ортолорундагы кагылышууга жол бербөө шарты боюнча, өкмөттү жактаган альтернативалуу митингди өткөрүү тартиби жөнүндө да макулдашышты.
P.S. Кечээ күндүзгү саат үчтө келген 30 адамдан турган ыкчам даярдыктагы бөлүкчө тобу депутаттыкка талапкер Жусупбек Бакиевдин штабына кирип барышкан. Терезенин айнектери талкаланып, бардык компьютерлер жана оргтехникаалынып кеткен.
Бул макулдашуу комиссиясы тарабынан кол коюлган, эки тараптуу макулдашуулардын биринчи жолку бузулушу эле. Митингчилер: “Үч сааттын ичинде Бакиевдин штабын талкалашкан бузукуларды таап, кармап аларды Бишкекке жөнөтүш керек” деген талапты коюшту.
Бул кол салууда областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчилери шектелип жатышат. Бийлик тараптагылар күч колдонбоо жөнүндө келишимди биринчи болуп бузушкандыктан, митингчилер областтык администрацияны курчап турган күчтөрдү алып таштоону талап кылышты, алар бул талап орундалбаса өздөрүн коргоо үчүн активдүү чараларды көрүүгө өтүшөрүн билдиришти».
«МСН» газетасы, 2005-жылдын 11-марты.
Бийлик тараптан болгон ушундай провокациялардан, демонтрацияга чыккандарды күч колдонуп кууп чыгуу аракеттеринен улам, карама-каршылык ого бетер курчуй берди. Ал эми бийлик түн ичинде областтык администрацияга чабуул жасап, анын ичиндеги активисттерди сабашып, камакка алышкандын эртеси күнү Жалал-Абадда ошол кезге чейин болуп көрбөгөн митинг болду. 40 миңге жакын адам аянтка чыгышып, мындай чоң каршылык көрсөтүүдөн улам областтагы бүт бардык бийлик толугу менен элдин колуна өттү.
Март революциясынан алдындагы күндөрдө Жалал-Абаддагы болгон окуялардагы менин ыраматылык иним Жусуп Бакиевдин өзгөчө маанилүү ролун айрыкча белгилеп кетишим керек. Ал элдин эбегейсиз колдоосуна ээ болуп, абдан күчтүү уюштуруучулук сапаттары бар эле. Көп жагынан алганда, анын ушундай кыйынчылыктарга туруштук бере алган, таасир этүүчү күч-кубатынан улам гана жарым айдын ичинде эч кандай ашыкча чыр-чатактар жана тополоң болгон жок. Анын таасиринен улам, Кыргызстандын түштүгүндө эл менен бийликтин ортосундагы карама-каршылыкты тынч жол менен чечүү үчүн көптөгөн иш-аракеттер көрүлгөн болчу. Бирок, кырдаал өзүнөн өзү эле турукташып кетет, Жалал-Абадда тынчтык орнойт деп ойлоо саясий сокурчулук болчу.
Бишкекте олтурушкан президент жана өкмөт митингчилердин талаптарына олуттуу кароодон баш тартып туруп алышты. Ошондо бар болгону бир гана нерсе керек болчу, - Аскар Акаев Жалал-Абадга келип, аянтка чогулган элдин талаптарын угуп, аларга макулдугун бериши керек эле. Ушунун өзү эле элдик толкундоолорду басып, карама-каршылыкты токтото алмак.
Митингчилер кандай талаптарды коюп, эмнеге умтулуп жатышкан эле? Мен жогоруда айткандай, ал талаптар 7-8 негизги фигуралар – оппозиция лидерлери боюнча болуп өткөн шайлоолордогу орой бурмалоолорду моюнга алып, ошол участоктордо кайра шайлоо өткөрүүнү дайындоо жөнүндө болчу. Ушундай эң эле жөнөкөй жол менен ошондогу кризистик кырдаалды чечүүгө болмок! Аскар Акаев элдин алдында өзү 2005-жылдын күзүндө өтө турган президенттик шайлоого – төртүнчү ирет өз талапкердигин койбой тургандыгын убада кылса, бүт бардык толкундоолор дароо басылмак. (А эгерде 1991-жылдагы референдумда элдин президентке көрсөткөн ишенимин тастыктоону эсептесек, анда бешинчи ирет. Ошол эле кезде, 1993-жылдагы КР Конституциясы бир эле адамдын президенттик кызматка эки жолудан ашыкча шайланышына тыюу салган.) 2002-жылдагы Аксы трагедиясынан соң, Акаев бир нече жолу өзүнүн сөздөрүндө жана пресс-конференцияларда 2005-жылы өз талапкердигин койбой тургандыгын айткан. Арийне, шайлоого бир жыл калганда, ал өзүнүн мындай убадаларын бергенди гана токтотпостон, ал тууралуу анын эсине салгандардын баарын тең абдан куугунтуктай баштады. Эл күтүүсүздөн ага каршы көтөрүлдү, анткени, 15 жыл башкарган соң, Аскар Акаев өзүн түбөлүк президент кылып дайындоону ойлоп калгандыгын түшүнгөн эле. Акаевдин жан-жөкөрлөрү кандай гана сөздөрдү айтышпасын, фактыларды кантип бурмалашпасын, баары бир 2005-жылдын 24-мартында чыныгы тынчтык революциясы болуп, бийлик тынч жол менен, кан төгүүсүз кулагандыгын төгүнгө чыгара алышпайт. Митингчилердин жана нын лидерлеринин өлкөдөгү бийликти басып алуу максаты жок болгон, алар өлкөнүн шаарларынын аянттарына куралсыз чыгышкан.
Эми ошол март айындагы күндөрдө Бишкекте болуп өткөн окуяларды дыкаттык менен эскерип көрөлүк. Албетте, борбор шаар ошол кезде эле бийликтин региондордогу провокациялык аракеттерине нааразы болгон элдерге толуп кеткен болчу. Мен жогоруда айткандай, Назаралиевдин медициналык борборунун жанында болуп өткөн митингден соң, элдер Өкмөт Үйү тарапка жөнөштү. Жолдо бара жатканда бул жүрүш жасагандарга дагы эбегейсиз сандагы бишкектиктер кошулуп кетишти, ал коллонада борбордук аянтка келип жеткенде жыйырма-отуз миңдеген адамдар чогулуп калган. Аларга Совет көчөсүнөн ылдый Өкмөт Үйү тарапка карай агылган элдердин колоннасы келип кошулду. Колонналар Өкмөт Үйүнүн жанына келип токтошту. КЭКнын бардык мүчөлөрү Акаев режимине каршы катуу сындарды айтып сүйлөштү. Бирок, мен кайталап айтып коеюн: биздин эч кимибизде Өкмөт Үйүн басып алуу планы жок болчу! Мен муну КЭКнын расмий лидери катары айтып чыкканмын. Аянтта чыгып сүйлөгөндөн кийин, мурдатан эле саат 15.00 гө белгиленгендей, Данияр Үсөнов менен жолугушканы кеткен элем. Ошол кезде мага телефон чалышып, элдин Өкмөт Үйүнө кирип кетишкендигин билдиришти.
Бул жаңылык мени абдан катуу таң калтырды. Борбордук аянтка келип, ал жерде чын эле абдан көп эл топтолуп калганына ишендим. Алардын бир бөлүгү Өкмөт Үйүн курчап турган тосмонун ичине кирип кетишиптир, ар кайсыл кабаттардагы терезелерден кубанычка батышкан адамдардын кебетелери көрүнүп, алардын айрымдары колдорундагы туулары менен жеңиш салтанатын тастыктап, желбиретип жатышты. Көрсө, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен демонстрациячылардын ортосунда тирешүүлөр болуп, аны ортодогу “ак шапкечендер” деп аталгандар – Акаев тарабындагыларды колдоп чыгышкан, ак кепка, ак бейсболкачан атайын даярдалган жаш жигиттердин тобу, - куйтулук менен тутандырып жиберишиптир. Ошонун натыйжасында, кыжырлары кайнап, жеткен чегине чейин жеткен демонстрациячылар эбегейсиз көп элдин массасына таянышып, башкаруудан чыгып кетишиптир. Аларды эми токтотууга эч мүмкүн болбой калгандыктан, алар тосмо аркылуу ашып өтүшүп, Өкмөт Үйүнө кирип кетишиптир.
Түндөсү башаламандыктар башталды. Көзөмөлдөн чыгып кетишкендиктен, топтошкон адамдардын абдан чоң тобумагазиндерди, соода борборлорун талкалай башташты – алар ошол объектилердин баарын Акаевдин үй-бүлөсүнүкү же анын жакындарыныкы деп ойлошкон эле. Мындай абал бир эле учурда шаардын бардык тарабында орун алып, болуп жаткан окуяны көрүү абдан жагымсыз эле. Муну токтотуу да абдан кыйын эле. Кан төгүүлөрдү болтурбоо, мыйзамсыздык биротоло сайран курбашы үчүн биз ар кандай чараларды көрүп, ар кандай ыкмаларды жана каражаттарды пайдаланып жаттык. Мага элдер «Айчүрөк» Борбордук универсалдык магазинине карай жөнөшкөндүгүн айтышканда, биз Феликс Кулов менен чогуу борбордук универмагды коргоп калганы бардык. Кулов орусса сүйлөдү, менкыргызча сүйлөдүм. Биз жаштарды тынчтанууга, провокациялуумародерчулуктарды жасабоого чакырып, мунун баары мыйзамсыз аракеттер экендигин түшүндүрдүк, айтор, ошондо биз эбегейсиз кыйынчылыктар менен элди токтотуп кала алдык.
Алгачкы 10 күн ичинде, мен Улуттук коопсуздук кызматынын имаратында олтурган кезде, иш чачтан көп болуп, стресстик кырдаалдар арбын учурады. Бир күндө 2-3 сат гана уктаганым болбосо, тамакты жегенимди же жебегенимди да билбей калдым. Автоматтык режимдеги сыяктуу иштеп, такай ар кандай абдан чуулгандуу жайларга барууга туура келип жатты. Кырдаалды такай көзөмөлдө кармап, ар бир пайда болгон маселеге, коркунучка жараша иштерди жасап, элдер менен жолугушуп, күтүүсүздөн пайда болгон кризистик жагдайларды чечүү талап кылынды. Өлкө ал кезде боркулдап кайнап жаткан казанды эске салып турган, - элдин көңүл түпкүрүндө мамлекет башчысынын жана мамлекеттик чиновниктер тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерге карата болгон кыжырдануулары толуп-ташып турган. Бийликке болгон кыжырдануусунан жана да жеңип алган эркиндик деминен улам өрөпкүп турушкан адамдарды ойлонулбаган кадамдарга баруудан токтотуп калуу үчүн абдан чоң далалат талап кылынды. Жарандар күнөөкөрлөрдү дароо жазалоону, өз маселелерин тез аранын ичинде чечүүнү, жумушсуз жүргөндөрдү татыктуу жумуш менен камсыз кылып, жерлерди бөлүп берүүнү талап кылып жатышты, айрым топтор өз бет алдынча басып алууга аракет жасай башташты. Бул пайда болгон маселелерди дароо ордунда чечүү абдан чоң кыйынчылыктарга туруп жатты. КЭКнын штабы тыныгуу дегенди билбестен, абдан жигердүүлүк менен иштеп жатты, ошентип, кырдаалды жөнгө салып, мыйзамдуулук жолуна сала алдык. Дагы эки күн өткөн соң мага Владимир Владимирович Путин телефон чалып: «Иштер кандай? Кандай жардам керек?»деп сурады. Мен ага: «Кудайга шүгүр! Баары турукташып бара жатат! Эч кандай жардамдын кереги жок. Өзүбүз эле жасайбыз. Бирок, колдоо көрсөтүп жатканыңыз үчүн сизге чоң ырахмат» дедим.

#6 06 November 2016 - 19:44
«Шейшемби күнү, 29-мартта, Евросоюзда төрагалык кылган Люксембургдун тышкы иштер министринин орун басарыКыргызстандын президенти Аскар Акаевдин бийликтен кулатылышын демократиянын жеңиши деп атады.
Европарламентте сүйлөп жатып, Николас Шмидт Евросоюзда Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөргө кубанып жатышканын билдирди. "Кыргызстандагы демократиянын жеңиши бекем түптөлүшү үчүн, эми биз бу өлкөгө жардам беришибиз керек", - деп айтты Люксембургдунтышкы иштер министринин орун басары.»
Корреспондент. net,30-март 2005, 13:33
Дүйнө биздин революцияга кол чабууда
Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын Белградда жыл сайын өтүүчү жыйынына чогулушкан 86 өлкөнүн үч миңден ашуун бизнесмендери элдик революцияга жана республиканын жаңы өкмөтүнө карата урматын көрсөтүп, вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов баштаганкыргыз делегациясын орундарынан туруп, кол чабуулар менен тосуп алышты.
— Кыргызстандыктардын арасында бизде болуп жаткан нерселерден жалаң гана жаман нерселерди көрүп жаткандар да көп, — деди Данияр Үсеөов Белграддан кайтып келери менен эле журналисттер үчүн өткөрүлгөн пресс–конференцияда. — Жаңы өкмөттүн жасап жаткан ар бир кадамына абдан терең көңүл коюу менен карап турушат, кичинекей гана болор-болбос жаңылыштык ачуу сындарга кабылууда. Көп учурларда, акаевдик режимден мураска калган көп маселелердин жүгүн жаңы жетекчиликтин моюндарына артып коюп жатышкандай таасир калтырат. Баары эле абдан эр жүрөк болуп кетишти, ал тургай уят-абийирсиз болуп кетишти. Арийне, суроо туулат: силер мурда Акаевдин тушунда он беш жыл бою кайда жүрдүңөр эле? Эмне үчүн ушунча көп укук бузуулар жана акыйкатсыздыктар болуп жатканда унчукпай жүрдүңөр да, эми күтүүсүздөн эле кыйын болуп чыга келдиңер? Арийне, биз эч кимден коркпойбуз жана оптимисттик маанайдабыз, жана да баштаган иштерибизди аягына чыгарууга, ата мекенибиз Кыргызстанды эң сонун өлкөгө айландыруу үчүн чечкиндүү аракеттерге даярбыз.
Чоң нерсе алыстан жакшы көрүнөт эмеспи, карагылачы, кыргыз революциясын чет өлкөлөрдө, Батышта кандай кабыл алып жатышат. Бул жерде болсо, Кыргызстанга келип, самолеттон түшөрүң менен эле пессимисттик маанайга чулганасың, тим эле бүт Бишкекке жалаң гана акаев режиминин тарапкерлери чогулуп алышкансып. Мен журналисттерге мындай чакырык таштагым келет: өз өлкөңөрдүн патриоту болгула. Албетте, жаңылыштыктарды жана адашууларды ачуу жакшы нерсе, бирок, жалаң гана кемчилдиктерди көрө берүүнү токтотуу керек. Бизде болуп жаткан нерселердин ичинен ушул тарыхый доор учурунда биздин көз алдыбызда кандай жакшы нерселер болуп жаткандыгын да көрө билүү керек. Бул эми абсурд да, айрым телеканалдар алиге чейин 24-мартта болгон окуялардын ичинен бир гана түнкү мародерчулук кадрларын көрсөтүүнү улантып жатышат.
Ккыргыз революциясынын архитекторунун элесине арналган акция
«2006-жылдын 4-мартында Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жусупбек Бакиевдин элесине арналган митинг болду. Митингге катышкандар колдоруна «Жусупбек Бакиев – элдик революциянын жетекчиси», «Жалал-Абад - революциянын башаты», «4-март - Кыргызстандагы жаңы доор», «Жусуп Бакиев, сен түбөлүк тирүүсүң! » деген сөздөр жазылган плакаттарды кармап турушту.
Митингге чогулушкан Жалал-Абад областынын коомчулугу Жусупбек Бакиевдин көп жылдар бою Жалал-Абад шаардык кеңешинде төрага жана Жалал-Абад областынын губернаторунун орун басары болуп иштеген жетекчи катары областтын өнүгүшүнө кошкон салымдары тууралуу сөз кылышты. Митингде чыгып сүйлөшкөндөр «Жалал-Абаддыктар Жусупбек Бакиевдин Март революциясына кошкон салымын эч качан унутушпайт» деп белгилешти. Алардын айтканы боюнча, элдик толкундоолор 2005-жылы аны Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлатпай коюшкандан кийин башталган экен. 2005-жылдын 4-мартында областтык администрациянын алдына чыгып, кийин анын имаратын ээлешкен элди ал өзү баштап чыккан болчу.
Митингде Жусупбек Бакиевдин жеке адамдык сапаттары жөнүндө да көп сөздөр айтылды - анын адамгерчиликтүүлүгү, алдыга койгон максатынан тайбаган өжөрдүгү жана өз элинин татыктуу уулу болгондугу жөнүндө эскеришти. Анын элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө сунуш айтылды.»
http://mbrtwrw.turmush. kg/ru/news:5527
Акаевге жана анын 15 жылдык башкаруусуна жалпы эл нааразы болгондугуна карабастан, мурунку президентти, анын үй-бүлөсүн жана жакындарын эч ким кысмакка алып, куугунтуктабагандыгын айтууга мезгил жетти. Ал өзү өлкөнү таштап чыгып кетти, эч ким аны кууган да эмес. Анын эки бир тууган агасы ал президент кезинде кандай кызматтарда иштешсе, менин учурумда деле дал мурдагыдай эле иштегенин уланта беришти. Ал тургай, менин жарлыгым боюнча, вице-премьер Данияр Үсөнов баштаган мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага өлкөдө болуп өткөн окуяларды калыстык менен, объективдүү иликтеп, эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз нерселер жасалган болсо, бул жөнүндө парламентке билдирүү тапшырылган болчу.
Мен генералдык прокурор Азимбек Бекназаровго өлкөдөгү мыйзамдуулукту орнотууга, биринчи иретте Аксы окуялары боюнча иликтөөлөрдү аягына чыгаруу боюнча тапшырма бердим. Белгилеп коюп керек, Бекназаров адегенде ишти абдан катуу күч-кубат менен баштаган, алгачкы үч айда Аксы окуяларынын маселелери менен алектенди, бирок, жарым жыл өткөн соң анын мурунку деми басаңдап, ишти ыгы жок чубалжыткан агымга өтүп кетти, – ошол эле учурда башка бир багыттагы иликтөөлөр жана иштер кескин көбөйүп кетти. Мага кээде анын бизнести кысмакка алып, кандайдыр бир акчаларды алып, такыр эле иш козгобой, же акча менен кылмыш иштерин жаап салып жатат деген сыяктуу каңшаарлар жетип жатты. Башкача айтканда, өзүнүн өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуучу милдетин аткаргандын ордуна, ал өзүн өтө эле кыйын, күчтүү сезип алып, кээде мыйзамдуулукту да буза баштаган. Ушунун өзү элеА.Бекназаровду кызматтан кетирүүгө негиз болду. Тилекке каршы, Аксы окуялары боюнча иликтөөнү ал акыр аягына чейин иликтебей, аягына чыкпаган бойдон таштап салды.
Баары ачык-айкын жасалып жатты. Биз Акаевдин учурунда иштеген кадрларды пайдаландык. Башкача айтканда, кадрлар саясатында 2010-жылдын 7-апрелинен кийин орун алгандай, министрликтердин жана ведомстволордун башына компетентсиз, татыксыз адамдар коюлуп калгандай, эч кандай өзүм билемдиктерге, мыйзамсыздыктарга жол берилген жок. Биздин тушубузда эч кандай куугунтуктоолор, кысымга алуулар болгон жок, - эч ким бирөөлөрдүн үйүн өрттөп, банктарды тоногон эмес, эч ким башка бирөөлөрдүн жеке менчиктерин тартып алган эмес. Башкача айтканда, биз кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, өлкөнү башаламандыкка жана менчик мүлктөрдү талашуу чуусуна бөлөгөн жокпуз. Кыргызстандын соңку жаңы тарыхын изилдешкен эксперттер, тарыхчылар жана да өлкө жарандары Кыргызстанда менин тушумда жана мен кеткенден кийин эмне болгондугун эң сонун билишет деп ойлоймун.
Мени премьер-министрлик кызматка жана президенттин милдетин аткаруучу кылып Жогорку Кеңештин эки курамы бекитти, ал жакка мен Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баековаалып барды. Натыйжада, парламенттин мөөнөтү бүтүп, кетип бара жаткан курамы да, алардын ордуна шайланып келишкен жаңы курам да менин талапкердигимди басымдуу бөлүгү колдо добуш беришти. Ошентип, 2005-жылы мен мамлекеттин башына келип, менин ыйгарым укуктарымды жана легитимдүүлүгүмдү Жогорку Кеңештин эки курамы тең колдоп чыгышты, мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында эч качан болгон эмес. Алгачкы күндөрдөн баштап эле, мен бардык бийлик бутактары конституциялык чегинде болуп, бардык чечимдер мыйзамдуулуктун бекем сакталышы менен кабыл алынышы үчүн колдон келгендин баарын жасадым.
Ошентсе да, мен жаңы президенттик жалпы элдик шайлоого даярдана баштадым. Анын үстүнө, Феликс Кулов менен бир тандем болуп чыгууну чечтим. Эмне үчүн мен мындай кадамга бардым? Себеби, мен жана менин командам шайлоодо Куловсуз деле жеңишке жетишмекпиз, муну баары эң сонун түшүнүп турушкан. Бирок, мен коомдук аң-сезимдин маанилүү элементи болгон, биздин байыркы элибиздин оң жана сол канаттарга, урууларга жана регионалдык белгилери боюнча бөлүнгөн айрымачылыктарын эске алуу менен, терең ойлонуп туруп чечим кабыл алдым. Мурдатан эле ушундай болуп келген, эми болсо бул ого бетер күчөдү. Акаев республиканын түндүгүнүн өкүлү болуп, өлкө президенти катары 15 жыл иштеп келсе, эми мен республиканын түштүгүнөн талапкер болуп чыгып жатканмын.
Менин командамдын көп мүчөлөрү бул тандемге каршы болуп чыгышты. Мен ансыз деле жеңип чыгарыбызды түшүнүп турганмын, бирок, түндүк-түштүк болуп, жана да ар кайсыл урууларга бөлүнүү жакшы эч нерсеге алып барбай тургандыгын адамдарга көрсөтүү үчүн, Кулов менен чогуу бир тандем болуп шайлоого барууну туура көрдүм. Менин өлкө биримдигине басым жасап, Кыргызстан күчтүү өлкө болуп, эл биримдиктүү болушуна басым жасай турганымды көрсөтүү маанилүү болчу.
Россияга окууга кеткенден баштап эле, армияда Украинада кызмат өтөп, мен Кыргызстандан сыртта 13 жыл жашадым. Менин адистик жана инсандык жактан калыптанышым Россияда жүргөн учурума туш келди. Кайра Кыргызстанга кайтып келип, мен өз ара бөлүнүшүү деген эмне экендигин такыр билишпеген заводдордо иштедим. Сен түштүктүксүңбү, түндүктөнсүңбү, урууң кайсыл деп, кимдин кайсыл жактан экендигин эч ким сурачу да эмес. Ар бир эмгек коллективинде көп улуттардын өкүлдөрү иштеше турган. Ал кезде Кыргызстандын түштүгүндө орус тилдүү калк көп эле: биздин заводдо кыргыздар, орустар, өзбектер, уйгурлар, татарлар, еврейлер, белорустар, украиндер иштешчү. Эч ким эч качан кимдир бирөөнү улуту боюнча бөлүп карачу эмес, биздин баарыбызда бир гана милдет – планды аткаруу, мамлекеттик заказды аткаруу, союздук республика аларга жөнөтүлө турган продукцияларды чыгарып, иштин жогорку сапатына жетишүү эле.
Мен көпкө чейин урууларга жана жердешчилдикке карап бөлүнүү деген эмне экендигин билген да эмесмин, - кийин гана парламентте иштей баштаган соң, бул кыйкымчыл маселелерди бир аз түшүнө баштадым. Баса, 2005-жылы мен премьер-министр болуп иштеп, президенттин милдетин аткарып жаткан кезимде өкмөт куралып, анын курамына КЭКнын штаб мүчөлөрү киришти: Үсөн Сыдыков – администрация жетекчиси, Дастан Сарыгулов – мамлекеттик катчы, Отунбаева Роза – тышкы иштер министри, Акылбек Жапаров - финансы министри, Азимбек Бекназаров - генералдык прокурор, Исмаил Исаков - коргонуу министри болушуп, жана башкалар да киришти. Өзүңүздөр көрүп тургандай, ошондо эле өкмөттүн курамында регионалдык жактан эч кандай калпыстыктар болгон эмес.
2005-жылы биздин колубузга тийген өлкө экономикалык жактан абдан оор абалда эле (цифраларды кийинчерээк келтиремин). Бийликтин бардык тепкичтериндеги коррупциянын жогорку деңгээлге чейин өсүп жетиши - негизги маселе болчу. Кадрлар менен иштөөдө, тигил же бул кызматка талапкерлерди тандап алууда алардын адистик жана ишкердик мүнөздөмөлөрүн эске албай туруп жүргүзүлүп калган эле. Такыр башка белгилер маанилүү боло баштаган. Муну тастыктоо иретинде төмөнкү мисалдарды келтирейин. Мен Жалал-Абад областында губернатор болуп иштеп турган кезимде Базар-Коргон районунун акимин мага айтпай туруп алмаштырып салышты. Губернатор өзү жетектеген областтын районунун жетекчиси алмашкандыгын массалык-маалымат каражаттары аркылуу билген мындай учурларсейрек учурабай калган. Баары Бишкекте, Өкмөт Үйүндө чечилип калган. Ал жакка жете ала турган чыйыр жол тапталып калган болчу, ал жол менен чоң кызмат орундарын ээлөөнү эңсешкен капчыгы чоң адамдар өздөрүнүн тартууларын жана баалуу белектерин алып алышып, тынбай каттап турушкан. Эгерде ал акчанын көлөмү ошол дайындоолор боюнча маселелерди чече турган адамдар

#7 06 November 2016 - 19:45
үчүн жетиштүү болсо (албетте, президенттин жана анын эл арасында “кадрлар бөлүмү” деген атка конгон жубайынын макулдугу менен), губернаторго мунун себептерин жана шылтоосун эч айтпай туруп эле, бир акимди экинчи башка бир адам менен алмаштыруу жүрүп калган. Мындай бир мисал келтирейин.
Мен Чүй областында губернатор болуп иштеп турган кезимде, дал ушундай жол менен жогортон эле Токмоктун мэри Жаңыл Түмөнбаева кызматтан алынды. Эгерде менин эсимде калган нерселер так болсо, аны 30-декабрда, же 31-декабрда кызматтан алышты. Бир кишиге жаңы жылдык белек жасагандай болушту!
Баары ушундай болуп калган. Ал күнү мага президент администрациясынан телефон чалышты: «Курманбек Салиевич, Токмоктун мэрин алмаштыруу керек». Мен, албетте: «Мында кандай зарылчылык бар, Түмөнбаева жакшы эле иштеп жатпайбы?» - деп сурадым. Мага: «Жогору жактан ушундай буйрук берилди, алмаштыруу керек!» деп жооп беришти. Мен анда: «Мейли андай болсо, эгерде жогору жактан буйрук берилсе, мен аны аткарамын, бирок, бул суроону чечүүнү жок дегенде Жаңы жылдан кийинкиге калтыра турбайлыбы! » дедим. «Жок, дал эртең алмаштыруу керек!» дешти. Мен бул тааныштырууга баргым да келген жок, бирок кызматтык милдетим боюнча барууга туура келди. Жаңыл Түмөнбаевны дал ошол айтылган мөөнөттө кызматтан кетиришти. Ал көпкө чейин мен анын кызматтан кетишин мурдатан билбегениме ишенбей, аны алдын ала эскертип койбогондугум үчүн бир жыл бою мага таарынып жүрдү.
Анын кызмат орду Акаевдин кайсыл бир адамына керек болуп калгандыгы ачык эле байкалып турат. Мындай мисалдар мамлекеттеги коррупциянын масштабдары жөнүндө таасын күбө болуп турбайбы. Ал коррупция иштеги бардык чөйрөлөргө - укук коргоо, сот органдарына, коргонуу системасындагы ведомстволорго чейин жеткен, ал эми саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын айтпай эле коелук. Мамлекеттеги эң эле жаман нерсе - коррупция өлкөнү жогортон эң төмөнкү деңгээлге чейин ириткенде болот, бул экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө сөзсүз таасир этип, өндүрүштү басаңдатып, элдин жашоо деңгээлин начарлатууга алып келет. Жада калса офицердик наамдарды дагы белгилүү бир мөөнөттөгү үлгүлүү кызматы үчүн эмес, жогоруда олтурган командирге кандайдыр бир тартууларды жасоо жолу менен алып калышканга чейин жетишкен эле. Кыргызстан 2005-жылы коррупция боюнча дал ушундай тири укмуштай жаман деңгээлге чейин жетип калган болчу! Бийликтин жогорку эшелонунунун үнсүз макулдугу жана колдоосу аркылуу ушундай болгондугу түшүнүктүү дечи.
Менин мамлекет башчысы кызматындагы эң башкы милдетим өлкөдөгү жооптуу кызматтарга дайындоодо акча жана пара берүүлөр эч нерсени чечпеси үчүн, коррупция менен күрөшүү болуп калды. Бул коркунучтуу социалдык көрүнүштү алиге чейин эч ким толугу менен жеңүүгө жетишпесе да, өлкөдө жарандар өздөрүнүн чыгармачылык потенциалын ишке ашыра алыша турган шарттарды түзүүгө болот жана ошондой болушу керек, аларга бизнесте чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, мамлекеттик кызматты алда канча кызыктуу жана перспективалуу кылуу керек – ошондо гана коррупциянын көрсөткүчтөрү сөзсүз азая баштайт.
Менин командамдагы кишилер эбегейсиз чоң шыктануу менен, өтө берилүү менен иштеше турган, алардын арасында өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн жалпы кызыкчылыктарды сатып кете тургандар жокко эсе болчу. Бирок, бир жолу мен өз өмүрүмдөгү эң чоң жаңылыштыкты жасап, - өлкө жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү максат кылбай эле, тек гана жогорку кызматка эптеп жетүүнү көксөгөн адамды кызматка алганмын, ал - Алмаз Атамбаев болчу. Ал КР премьер-министри болуп 7 ай иштеди. Анын бул кызматта иштеген учуру эсте калган адамдардын баарында тең бул адамдан абдан жаман таасир гана калды. Бери эле болгондо тартиптен баштаганда деле, ал жумушка өз учурунда келбей, каалаганда кетип калып жүрдү. Ошол эле учурда өзү иштеген кабинетинде эле арак ичип алууну көндүм адатка айландырып алды. Ыраматылык Медет Садыркулов, - ал кезде президент администрациясынын жетекчиси болчу, - мындай эч алдын ала болжоп айтууга мүмкүн болбогон адам жана жетекчи - премьер-министр менен кантип иштешти билбей, айласы куруду. Анан мага мамлекеттик иштерди талкуулаш үчүн, Атамбаевди соо кезинде кармай албай жаткандыгын ачык эле айтты.
Мына, эми тагдырдын тамашасынан уламбы, же чындыкка жакыныраагы, шылуун интригалардын натыйжасында бул киши мындан беш жыл мурда биздин өлкөнүн башчысы болуп калды. Жогорку рангадагы мындай жетекчинин саясатынын жана чарбалык ишмердигинин маңызы бир гана коррупция, иритүү жана мурда жетишилген ийгиликтерди жок кылуу гана болушу мүмкүн. Анан калса, бул кишиден андан башка дагы эмнени күтүүгө болмок? Атамбаев кандай пайдалуу иштер менен алектене алмак? Өндүрүштү жана айыл чарбасын көтөрүп, бизнести өнүктүрмөкпү? Ал бул сыяктуу иштерге такыр эле жөндөмсүз, а бирок, мамлекеттин эсебинен байуунун ыкмаларын өздөштүрүү боюнча өз талантын абдан эле эрте ачып, уят-сыйытсыз алдамчылык жолу менен, кымбат баалуу станокторду жана жабдыктарды чет өлкөгө металл сыныктары катары сатуу жолу менен жеке өзүнүн байлыгын арттырууну билген адам. Мындагы эң эле кайгылуу нерсе, мындай президент өз командасын курууда да жеке кызыкчылыктары үчүн баарына барууга даяр турушкан, өзүнө окшогон “адистерди” жана авантюристтерди тандап алат.
Газеталык билдирүүлөрдөн:
"Жакында Кыргызстандын экс-президентиАскар Акаев "7 каналга" интервью берип, анын бийлиги тушунда Жазуучулар Союзуна бөлүнүп берилген 50 млн. рубль уурдалып кеткендигин билдирди. Эгерде сиздердин эсиңиздерде болсо, ал кезде рубль доллардан кымбат болчу.
Акаевдин айтышына караганда,Чыңгыз Айтматовдун өтүнүчү боюнча Кыргызстандын Жазуучулар Союзуна Россия 50 млн. рубль бөлүп берген. Ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин, Ч. Айтматов А. Акаевге бул акчалар Атамбаевге берилгендигин, ал болсо акчаны бир нече заводду өз менчигине сатып алуу үчүн коротуп салгандыгын айтып арызданган. Белгилүү болгондой, ал заводдор алиге чейин Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык болуп эсептелет.
Эгерде А. Акаевдин сөзүнө ишене турган болсок, анда Атамбаев ушундай булганыч ыкма менен өз үй-бүлөсү үчүнзаводдорду менчиктеп алып, Жазуучулар Союзун карактап, аларды куржалак калтырган."
Булак:газета "Майдан.kg" №08 05.03.14, 5бет.
Кыргызстандынэкономикасы жөнүндө азыноолак сөз
Ар бир мамлекеттин жана ар бир өлкөнүн жетекчисинин саясаты кооз жазылган отчеттор жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен эмес, калктын реалдуу жашоо деңгээлин көтөрүү аркылуу өлчөнүшү керек. Эгерде бүгүн адамдар кечээгиге салыштырмалуу жакшы жашап жатышкан болсо, демек, анда жүргүзүлүп жаткан саясат туура. А эгерде калктын жашоосу начарлап кеткен болсо, демек, анда сен жана сенин пикирлештериң кандай кооз сөздөр менен программаларын айтышпасын, баары бир бул саясат жараксыз жана туюкка кептелет. Ушуну түшүнүп, мен 2005-жылдагы март революциясынан кийинки алгачкы жумалардагы туруксуздуктан жана башка бардык тоскоолдуктардан өткөн соң, өз ишимдеги эң башкы максат катары адамдардын жашоо деңгээлин көтөрүүдө реалдуу жыйынтыктарга жетүүнү максат кылып алган болчумун.
Биздин жашоодо баары салыштыруу аркылуу гана билинет эмеспи.
2010-жылдын 7-апрелиндеги трагедиялуу окуялар учурунда куралдуу мамлекеттик төңкөрүш жасагандар өз бийлиги үчүн эбегейсиз чоң курмандыктарга барышты. Муну алдын ала билип туруп, ачык пландаштыргандар же ушундай бүлгүн салган курмандыктарга каршы турууга мүмкүнчүлүктөрү бар болсо да, каршылык көрсөтпөй, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын каны төгүлүшүнө себепкер болгондор бул үчүн жооп бериши керек. Катардагы жарандардын мээлерин айлантып, аларга асман башындагы, кол жеткис кыялдуу убадаларды берип, ант берүү менен алдашкандар, өздөрү бийликке келген биринчи күнү болгон жана да алар бийликте турган соңку учурларда өлкөдө болуп жаткан нерселер үчүн жазаланышы керек.
Алар элдин жашоосун жомоктогудай сонун кылып жиберүүнү бийликке келген биринчи күндөн баштап эле убада бере башташкан. Ал кезден бери азыр жетишерлик убакыт өттү, ошондуктан мен өзүм президент болуп турган убактагы мурунку бийлик менен кийинки келген бийликтин иштериндеги жыйынтыктарды салыштырууга моралдык жактан акым бар деп эсептеймин. 5 жылдын ичинде биз бийликте турганда эмнеге жетишкенибизди жана да ошол эле мөөнөттүн убагында азыркы өкмөт эмне кыла алгандыгын талдап көрөлүк. Ошондой эле, менин убагымдагы жасалган иштерди менден мурунку президент Акаевдин 15 жыл бийликте олтурган кезиндеги жетишкендиктери менен салыштырып көрүп, биздин жүргүзгөн саясаттагы айрым принципиалдуу моменттерди эске салып коюу дагы пайдалуу болот. Мен башкарган мезгилдеги жетишкендиктердин кыскача мүнөздөмөсү экономиканын кыйла өскөндүгүн жана жашоонун социалдык шарттарынын жакшыргандыгын ачык көрсөтүп турат. Азыркы бийлик жок дегенде бир көрсөткүч боюнча эки эсе жакшыртуу болду деп мактана алабы? Аттиң... Айрым бирмоменттерге мен кеңири токтоломун.
Бюджет кирешелеринин көбөйүшү
5 жыл ичинде биз бюджет кирешелерин 275% га көбөйтө алдык, же орточо эсеп менен алганда, жылына 40-50% га көбөйтүп жүрүп олтурдук. Дагы бир баса белгилеп кете турган жагдай, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн мындай эселенип көбөйүшү салыктардын эселенип азаюу фонунда болду, - мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында, дегеле өнүгүп жаткан өлкөлөр тарыхында эч качан болгон эмес. Мен ал көрсөткүчкө кийинчерээк кайрыламын. Өзгөчө белгилеп койгум келет: экономиканын өнүгүшүндөгү жаңы приоритеттерди аныктоо, максатка жетүүдөгү жаңы ыкмалар гана эмес, коррупция менен аёосуз күрөшүү дагы ушундай чоң жыйынтык берди, анткени, көмүскө экономиканы сугарып, мамлекеттин биринчи адамына жакын болушкан тар чөйрөдөгү адамдардын гана байытып келген финансылык булактар өлкө бюджетине карата бурулган болчу. Бул биринчи иретте кичи жана орто бизнести колдоо, ички жана сырткы инвестицияларга жол ачуу, бардык тармактардагы - айыл чарбасында, өнөр жайда, курулушта, финансылык системада, соода кылууда, кызмат көрсөтүүчү чөйрөдө - жаратман эмгектенүүгө шарт түзүү аркылуу ишке ашырылды. Ушул аталган иш-чаралар комплексин ишке ашыруу боюнча жасалган кадамдар өлкө бюджетине түшкөн кирешелердин эселеп көбөйүшүнө алып келди да, ички дүң продукттун бир нече эсеге көбөйүшүн шарттады. Мен өз сөздөрүмдө дайыма республиканы өнүктүрүү боюнча стратегиялык программаларга негизделген экономиканын тигил же бул тармактарына өзгөчө көңүл бөлчүмүн. Мамлекеттик да, тармактык да программалардын аткарылышын мен өзүм жана да парламент катуу көзөмөлгө алып турчу.
Көз карандысыздыктын алгачкы 15 жылында жыйылып калган тышкы карыздын түзүмүн талдоо ал каражаттардын басымдуу бөлүгү инфраструктураны кармап туруу үчүн кеткен чыгымдарга, негизинен жолдорду курууга жана оңдоого жумшалгандыгын билдирип турат. Мындай приоритетти аныктоодо таң кала турган деле эч нерсе жок. Жалгыз гана “Ош-Бишкек” автожолун модернизациялоо боюнча долбоор өзүнө эки миллиард доллардан ашуун сырткы карыздын ичинен 600 млн. АКШ долларын тартып кеткен. Саясий жактан калыс, реалдуу цифраларды гана көрсөтүүчү статистика Акаевдин тушунда жолдорду курууга жана оңдоого жыл сайын, “Ош-Бишкек” долбоорунан сырткары, орточо эсеп менен алганда 150 млн. сом сарпталып келгендигин тастыктап турат. Салыштырып көрөлүк: бир гана 2008-жылы Кыргыз Республикасы магистралдык долбоорду эсепке албаганда, оңдоо жумуштары үчүн 1.5 млрд. сом жумшаган, башкача айтканда, Акаевдин мезгилине караганда 10 эсе көп каражат колдонулган. Курулуш чөйрөсүндө иштегендер, ошондой эле өндүрүшчүлөр муну сезбей кое алышмак эмес. Курулуш индустриясында, курулуш материалдары жана кызмат көрсөтүүдө кескин өсүү башталып, жол курулуш техникаларын, тиешелүү транспорттук каражаттарды көп санда сатуу жана сатып алуу жүрдү. Өлкөдө бардык аймактарда жаңы асфальт заводдору курулуп, таш талкалоочу атайын ишканалар ачылып, керектүү заттар казылып алынуучу жайлар иштетиле баштады. Ошондо эле эң ири, стратегиялык жактан маанилүү болгон жолдорду куруу боюнча долбоорлор негизделип, «Датка» көмөкчү станциясын куруу боюнча макулдашууга, ЛЭП 500 «Датка-Кеминди» курууга, көмөкчү станция ПС 500

#8 06 November 2016 - 19:46
«Кеминди» курууга, «ТЭЦ- Бишкекти» реконструкциялоо долбооруна,
“Камбар-Ата-
2” ГЭСин курууга кол коюлуп, айланып өтүүчү “Бишкек-Балыкчы” жолун реконструкциялоо башталган эле.
Менин тушумда кол коюлган долбоорлордун алкагында бардык техникалык, экологиялык, уюштуруу, администрациялык, финансылык маселелердин баары чечилген болчу. Ошондон улам гана бул башталып калган иштер азыркы күндө улантылып келе жатат, ал эми айрымдары бүткөрүлүүгө жакындап калды. Мен “Кытай-Кыргызстан- Өзбекистан” темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганымды өзгөчө белгилеп койгум келет. ТРАСЕКА программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталып, ага автомобиль жолдору да кирип, ошого ылайык мурдагы Советтер Союзунун бардык өлкөлөрүнүн жолдору Пакистан, Афганистан жана Индиянын жолдору менен туташтырылышы каралган болчу. Аба мейкиндиги аркылуу байланышты жакшыртуу боюнча, жаңы авиалинияларды ачуу, “Манас”, “Ош”, “Тамчы” аэропортторун реконструкциялоо, “Манас-2” аэропортун куруу боюнча да сүйлөшүүлөр башталып калган.
Бул китепти окуган ар бир адамда: “Ушунун баары Бакиевдин тушунда эле киргизилип, башталып калган болсо, азыркы бийлик жаңы эмнени сунуш кылды жана соңку 5 жыл бою конкреттүү кайсыл ишти аткарды?” деген мыйзамченемдүү суроо жаралат. Баса белгилеп кете турган нерсе, 5 айда эмес, Кыргызстандын бийлигинин эң жогорку чокусунда олтурган 5 жыл ичинде бул бийлик кандай иштерди жасап, кандай көзгө басар ийгиликтерди жарата алды?
Тилекке каршы, азыркы кездеги Кыргызстан боюнча маалыматтар оптимисттик маанайды ойгото албайт, чарбачылыктын бардык чөйрөсүндө артка кетүү болуп жаткандыгын гана күбөлөндүрүп турат. Буга далилдер жетишерлик. Эч качан эгемен Кыргызстандын тарыхында инвесторлор өкмөт менен соттошкон учур болгон эмес. Мындай нерсе бийликке төңкөрүш жолу менен келген жаңы жетекчиликтин тушунда орун алды, эми болсо алар эл аралык сотторго берилген доо арыздарга көмүлүп жатып калышты. Доо талаптардын жалпы суммасы 1 миллиард АКШ долларынан ашып кетти, бир нече соттук иштер утулуу менен аяктады. Бизнесмен Белоконьго 16 миллион АКШ долларын, «Ак-Кеме» мейманканасы боюнча түрк жарандарына 11 миллион АКШ долларын, «Кутесай майнинг» боюнча 119 миллион АКШ долларын, ВДНХда («Бишкек» Эркин Экономикалык зонасы) имараттар комплексин арендага алышкан түштүк кореялык компанияга – 29 миллион АКШ долларын уткуруп жиберишти.
Өкмөт инвесторлор менен тил табыша албай, алар менен соттошуп, а эң башкысы, - ал соттук иштердин дээрлик баарын тең уттуруп жатканы маскарачылык иш болуп эсептелет. Ал чыгымдардын баарын тең бюджеттин эсебинен төлөөгө туура келери түшүнүктүү, ал карыздардын түйшүгү акыры айланып келип эле карапайым элдин мойнуна түшкөн жүк болуп калат, анткени карызды жалпы өлкө төлөйт да. Эртеби, же кечпи эл баары бир жүйөөлүү суроону берет: «Эмне үчүн Атамбаевдин өзүнүн жана анын командасынын жаңылыштыктары үчүн ансыз деле жакырдыкка батып калышкан жөнөкөй жарандар төлөп бериши керек? Мындай эбегейсиз чоң чыгымдарды мамлекеттин эсебинен эмес, ошол күнөөлүүлөр өздөрү төлөшү керек. Эсиңиздерде болсо керек, Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда элдин алдында эгерде ал бюджеттен жок эле дегенде бир тыйынды уурдаганга барса, анда аны Кудай өзү жазаласын деп көп ирет карганып ант берген.
Жалпы кыйроонун мезгили
Советтер Союзунун кыйрашы мурда чогуу болуп келген бирдиктүү өндүрүштүк экономикалык инфраструктуранынүзүлүщүнө гана алып келбестен, Кыргызстандын экономикасынын да олуттуу зыянга учурашына алып келди. Ошол мезгилдеги республика жетекчилигинин абдан компетентсиз, жоопкерчиликсиз болушу буга кошумча дагы бир терс фактор болуп калды. Ошонун натыйжасында, мурунку ондогон жылдар ичинде окутулуп, үйрөтүлгөн, кыргыз жумушчу классынын сөңгөгү болгон жүз миңдеген шаардыктар жумушсуз көчөдө калышты. Завод,фабрикалардын иши токтоп, жабдыктары, станоктор, механизмдер уурдалып, металлолом болуп сатылып кетти. Ал тургай, тоолордогу кашарлар жана чабандардын үйлөрү эптеп эки метр арматураны металл сыныгы катары сатуу үчүн пайдубалына чейин бузулду. Бул кез жалпы кыйроочулуктун учуру болуп калды.
Биздин жарандардын үчтөн эки бөлүгү иштешкен агрардыксектор бир аз болсо да азыраак кыйрады. Биздин колхоздор жана совхоздор эмне болгондугу жалпыга белгилүү, «реформалар» - менчиктештирүү, мамлекеттик мүлктү бөлүп алуу жана башка дагы ушул сыяктуу кадамдар кыйратуучу мүнөздө жүргүзүлдү.
Биз баарына белгилүү болгондой, Кыргызстан үчүн оор кесепеттерге алып келген иштин көзүн билбеген, чала сабат чарбачылдык жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бирок, келтирген кесепет зыяндары көп мезгил өткөндөн кийин гана сезиле турган, өзгөчөлөнгөн кыйратуучу процесстер жана кубулуштар да болот, алардын айрымдары азыр гана, биздин көз карандысыздык алганыбыздан бери чейрек кылым убакыт өткөндөн кийин гана билине баштады, дагы узак жылдар бою өтө кыйын тоскоолдук катары терс таасир этүүсүн уланта берет. Мен коммуникациялар жана инфраструктуралар жөнүндө айтып жатамын. Алар -жолдор,суу менен камсыз кылуу, канализация, энергия менен камсыз кылуусистемасы. Аларды талапка ылайык деңгээлде кармап туруу үчүн мамлекет абдан чоң каражаттарды салып турууга милдеттүү, бул үчүн инвесторлор, тартылышы керек, анткени, жеке сектордун мвйда чыгымдарга барууга кудурети жетпейт. Жалпы иштин көлөмү ага кеткен чыгымдар менен эле өлчөнүп кала бербейт. Ар бир адамдын жашоосундагы зарыл болгон нерселерди камсыз кылып турган бул системалардын маанисин ашыра баалоо мүмкүн эмес. Эгерде мамлекет бул маселелерге жеткиликтүү көңүл бурбаса, анда эртеби, же кечпи жалпы түйүндөрдүн иши токтоп калган абалга жетет, бүт организм шал болгон сымал болот.
Советтер Союзу кулаган соң, миң ирет жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урулган өнүккөн социализм учурунда эң эле алыскы тоодогу кырманга, чабан үйүнө чейин салынып берилген асфальт жолдору алгачкы курмандыгы болуп калды. СССР кулагандан кийин Кыргызстандын экономикасы жаңы жолдорду курмак турсун, даяр турган жолдорду өз убагында оңдоп, калыбына келтирип, өз калыбында кармап туруу үчүн жетишерлик каражат бөлүүгө кудурети жетпей калды. Техниканы сатып алууга акча жок эле, мен жогоруда бир мисал келтирип кетпедимби, акаевдин мезгили тушунда транспорт министрлиги жолдорду кармап турууга жылына 150 миллион сом бөлчү, а биз болсо бул сумманы 10 эсеге көбөйттүк деп, бирок, ушунун өзү да абдан аз болчу. Акаевдин тушунда курулган жалгыз жол – “Ош-Бишкек” трассасы Кыргызстан үчүн 650 миллион АКШ долларына турду. Анын айрым участокторун реконструкциялоо азырга чейин уланып келе жатат. Жакында эле Атамбаевдин өкмөтү узундугу 60 чакырым болгон “Бишкек-Кара- Балта” трассасындагы участокту оңдоо үчүн гана 120 миллион АКШ долларын сарптоо боюнча макулдашууга кол койду. Мезгил өткөн сайын баалар да өсүп жатат, ал эми жолдорду карап, оңдоп туруу керек, бул өтө эле кымбатка түшө баштады.
Талкалануунун кесепеттерин жоюу
Алдын ала ойлонулбаган саясаттын, негизги фондуларды талкалап, жок кылуунун кесепеттеринен биз кандайча арыла баштаганыбызга токтоло кетейин. Мамлекеттин сабаттуу экономикалык саясаты көп учурларда жол инфраструктурасына пайдалуу инвестицияларды тартуу үчүн ишенимдүү иштей турган механизмди түзүп, жолдордун өзүн өзү актап, иштеп турушун камсыз кылып, аларды натыйжалуу пайдаланууда турат. Өнүккөн өлкөлөрдөгү бардык чарбалык маселелердин чечүүнүн алгоритми ушундай калыптанган, биз деле ошол жалпы эрежелерден чыгып кете албайбыз. Бул механизм канчалык кеч киргизилсе, - а ансыз эч нерсе болушу да мүмкүн эмес, жол сапаттары ошончолук начарлай берет, ал болсо кийинки муундарга мураска калат.
Биз көрүп тургандай, Кыргызстандын тышкы карызынын 40%зы биз тараптан стратегиялык маанидеги жолдорду курууга жана кармап туруу үчүн салынган каражаттар болуп эсептелет. Ошентсе да, бул каражат да жетпегендиктен, жол инфраструктурасынын абалы абдан эле начар болчу. Бул маселенин абдан олуттуу экендигин түшүнүү менен бирге, мен президент болгон алгачкы жылдардан баштап, башкача айтканда 2006-жылдан баштап, биз бул тармактагы эң эле ири долбоорлорду ишке ашырууга киришкенбиз. Алардын катарында, Кыргызстандын ички региондорун өз ара байланыштарын камсыз кылып турган магистралдык жолдордун маанилүү участокторун куруу же толугу менен реконструкциялоо эле эмес, «Нарын – Бишкек – Торугарт», «Ош – Иркештам», «Ош – Баткен – Исфана» сыяктуу коңшулаш өлкөлөргө чыга тургандары да бар эле. Бул жана дагы «Ош – Бишкек» жолундагы проблемалуу участок болгон Маданият айылы менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы аралыкты кайрадан жаңылап, «Талас – Тараз – Суусамыр» маршруту боюнча азыркы учурдун талаптарына жооп берген автомобилдик жолду куруу болчу.
Бардык күчтү жана ресурстарды эң башкы багыттарга карата чечкиндүү түрдө бөлүштүрүп, аларга буруу менен бирге биз эң эле туура чечим кабыл алганбыз деп эсептеймин, башкача айтканда, дал күрөө тамырды кармаганбыз. Турмуш өзү биздин стратегиялык жактан абдан терең ойлонулган, зарыл чараларды жасаганыбызды тастыктап турат, ушунун өзү өлкө ичиндеги транспорттук байланыштын жана жүк ташуунун жакшырышына гана көмөкчү болбостон, экономиканын, ишкердиктин көтөрүлүшүнө да жигердүү таасир этип, эбегейсиз көп жаңы жумушчу орундарын түзүүгө шарт түзөт. Жалпы жыйынтыгында, ушул чаралардын баары чогулуп келип, сөзсүз түрдө биздин реалдуу көз карандысыздыгыбызды чыңдоого багытталат, а бул болсо мамлекет башчысынын алдында турган базалык, негизги милдет болуп эсептелет.
Маалыматтарды дыкаттык менен талдоого алуу, Кыргызстандын азыркы бийлигинин мамлекеттик төңкөрүштөн кийинки беш жылда эң эле маанилүү болгон инфраструктуралык ишмердик айдыңында жок дегенде бир жаңы долбоорду ишке ашырууга да ниети жок экендигин көрсөтүп турат.
Суу жөнүндө
СССР кулагандан кийин борборлоштурулган каржылоо токтоп калган соң, биз жол маселеси менен гана бет келбестен, өлкө экономикасын кыйрата баштаган маселелерге туш болдук. Ал кезде кардиналдуу түрдө, шашылыш чараларды талап кылбаган электр менен камсыз кылуу системасы гана туруштук бере алды. Ошентип, эгерде жолдорду тез аранын ичинде оңдоп, реконструкциялап, жана да жаңыларын куруу үчүн инвестиция салууда жол тармагы биринчи орунда турган болсо, андан кийинки орунга суу менен камсыз кылуу системасы туруп калды, анткени, ал дагы абдан эле өлөсөлүү абалга жетип, оор участоктору иштен чыгып бара жаткан. Айылдардагы, посёлоктордогу суу сактоочу курулуштар, суу түтүктөрү жана колонкалар талкаланып, биринин артынан бири иштен чыга баштаган кезде, мунун баары кандайча болгондугу урматтуу окурмандардын эстеринде болсо керек. Андан соң бул талкалануунун масштабдары дагы кеңейип, өсүп олтуруп, алгач чакан шаарларга, андан кийин ири шаарларга чейин жетти. Акыры аягында, Ош, Бишкек сыяктуу эң ири шаарлардын жашоочулары да турмуш-тиричиликтеги кыйынчылыктарга туш болушту, суу менен камсыз кылууда үзгүлтүктөрго учурап, иче турган суунун сапаты да начарлады.
Кыргызстандын өкмөтү мындай кыйраткыч агымдарга каршы турууда, эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен, ошондой эле жергиликтүү коомчулукту жана калкты бул демилгелерге тартуу жолу менен тез аранын ичинде көрүлүүчү чараларды жасап жатты. Көз карандысыздыктын жылдарында, айылдык калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча программага ылайык, иштен чыгып бара жаткан суу менен камсыз кылуу тармагын реабилитациялоо максатында, донорлор тарабынан өлкөнүн экономикасына 650 миллион АКШ доллары сарпталган.
Бул жагдайда айрым бир оң натыйжаларга жетише алсак да, бул маселени толугу менен чече алган жокпуз. Тилекке каршы, бул тармакты оңдоого жана кармап турууга өтө көп каражат сарпталганына карабастан, суу менен камсыз кылуу жалпы республикалык деңгээлде жакшырып кетти деп айтууга болбойт. Анысы аз келгенсип, бул абал мурдагыдан да начарлай баштады, азыркы кезде айыл жерлериндеги калктын 60 % зы иче турган таза сууга жетпей калды. Абал ушунчалык катастрофалуу деңгээлге жеткендиктен улам, эксперттердин пикири боюнча, республикадагы суу менен камсыз кылуу системасын камсыз кылууга жана бардык суу сактоочу курулуштарды кайра калыбына келтирүүгө бери эле болгондо 10 жыл убакыт, ошондой эле, 2 миллиард АКШ долларына жакын инвестициялык каражатты тартуу талап кылынат. Казынада мындай акча жок. Аны карызга алууга болот, бирок аны ким, качан жана кантип төлөп берет? Азырга чейин өлкөдө анын эксплуатациялоого жана башка иштерине кеткен чыгымдарын, суунун өзүнө турган наркын жаба ала турган, суу менен камсыз кылуу боюнча акы төлөө механизми биротоло иштелип чыга элек. Бул маселе бардык жакыр өлкөлөрдүн маселеси болуп эсептелет. Бул абалдан чыгуу үчүн карызга акча алып, адистерди тартып, маселени республикалык масштабда кардиналдуу түрдө чечүү зарыл, бирок, андан соң дагы ондогон жылдар бою моюнга илинген карыз оор, майыштырган жүк бойдон кала берет. Арийне, эгерде карызга акча албай жана да бул маселени жакынкы аралыкта чечпесе, анда бул тармак азыркы жарым бүлүнгөн абалынан толук талкаланган абалга чейин жетет да, андан дагы бир аз убакыт өткөн соң, кайра калыбына келтирүү үчүн 10 эсе көп каражатты талап кылат. Бул абдан олуттуу маселе, аны чечүү үчүн бардык колдон келген жана андан да ашыкча аракеттерди көрүү өкмөттүн биринчи иреттеги милдети болуп саналат.
Электроэнергетика жөнүндө
Энергетиканын азыркы кооптуу абалы жөнүндө ар бир Кыргызстандык жаран билет, анткени, менин тушумда да, азыркы бийликтин учурунда деле, башкача айтканда, соңку 10 жыл ичинде өлкө биздин энергосистемада түзүлгөн кырдаалды кыжалаттануу менен талкуулап келе жатат. Гидроэлектростанциялардын, жогорку вольттогу электр тогун өткөргүч линиялардын, трансформатордук көмөкчү чордондордун эскилиги жетип, канчалык ишпалдасы чыккан абалда экендиги, бөлүп берүүчү компаниялар, жылуулук берүүчү борборлору жана казан түйүндөрү кандай шарттарда иштеп жатышкандыгы, жалпыга маалым. Энергетикалык чарбанын жалпы абалы абдан жаман абалда калды. Соңку жылдарда эле энергетика системасына сырткы карыздын ичинен дээрлик бир миллиард АКШ доллары жумшалды. Ошол эле учурда, жакшыруу багытында кескин өзгөрүүлөр болгон жок: бул система кандай болуп келсе, так ошондой эле жексен болуп бара жаткан бойдон кала берди. Бул маселенин маңызы боюнча олуттуу маалымат бар болгондуктан, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бирден бир гана туура жолу бар экендиги билинип турат: позитивдүү өзгөрүүлөр жаңы кубаттуулуктар киргизилип, жаңы технологиялар өздөштүрүлгөндө гана болушу мүмкүн. Менин командам дал ушул программанын үстүнө иштешкен, ошондуктан улам мен президент кезимдеги эң эле маанилүү болгон долбоорлордун бири «Камбар-Ата- 2» гидроэлектростанциясын куруу болуп калды. 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуудан улам, биз 120 мегаваттык жаңы энергетикалык кубаттуулукту пайдаланууга киргиздик. Ошол эле учурда, «Камбар-Ата- 2» ГЭСинде иштелип чыккан бир эле киловатт/сааттын өзүнө турган наркы болжолдуу алганда 15 тыйынга барабар болду.
Азыркы өкмөт энергетика тармагындагы абдан чоң долбоорлор тууралуу дүңгүрөтө рапорт берип, биз Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын курабыз деп айтып жатышат. Беш жылдан бери ошол анча чоң эмес станциялар жөнүндө сөз болуп келе жатат, бирок, менин түшүнгөнүм боюнча, азыркы кезде ал тургай бул станцияларды куруу үчүн жер да бөлүнүп бериле элек, ал эми гидроэлектростанцияларды долбоорлоо иши аягына чыга элек. А эң башкысы, - аталган ГЭСтерди каржылоого байланышкан бир дагы документке кол коюла элек. Андай болсо эмне тууралуу сөз болушу мүмкүн? Кандай курулуш жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Биздин ошол кездеги Россиянын президенти Д. Медведев менен «Камбар-Ата- 1» ГЭСин куруу боюнча 1,7 миллиард АКШ долларына барабар болгон макулдашуубуз ошол бойдон бир сөөмгө да алдыга жыла элек бойдон турат. Эгерде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгон болсо, анда бул артка кетүү жагында гана болуп, ал макулдашуулардын саясий, экономикалык жана юридикалык тарабына олуттуу таасир этет.
Мен Россиянын президенти менен ар тараптан алып караганда тең укуктуу, стратегиялык жактан Кыргызстан үчүн маанилүү келишим түзгөнмүн. Ал келишимге ылайык, Кыргызстан менен Россия бул долбоорлордун теңата ээлик кылуучулары болуп калып, үлүштөрү - 50 жана 50 пайыздан турган. Атамбаевдин өкмөтү кол койгон

#9 06 November 2016 - 19:47
документтер боюнча, Кыргызстандын үлүшү 25 пайызга чейин кыскарган, ал эми Россиянын үлүшү, тескерисинче,
75 пайызга чейин көбөйтүлгөн,
ошол эле учурда, биздин республика 50 пайыздык үлүшкө гидроэлектростанция өзүнө коротулган чыгымдарды актагандан кийин гана ээ боло алат деп сөз жүзүндө жазылган. Ал эми жаңы макулдашуулар боюнча, «Камбар-Ата-
1» ГЭсине кеткен чыгымдар менин бийлигим тушундагыдай 1.7 миллиард АКШ доллары эмес, 3.5 миллиардга чейин көбөйтүлгөнүн эске ала турган болсок, гидроэлектростанция өзүнө кеткен чыгымды болжолдуу болгон алыскы перспективада деле актай албайт, жана да Кыргызстан көрүнүп турган келечекте анын тең укуктуу ээлик кылуучусу боло албайт.
Ушул келтирилген маалыматтардан улам, мен бул келишимдердин айрым негизги детальдары аларга кыргыздар тараптан кол койгон адамдын такыр эле акыл-эси жайында эмес экендигин, же атайылап кылмыш жасоого барууга ниети бар болгондугун ачык далилдеп тургандыгын өзгөчө белгилеп койгум келет. Себеби, ал келишимдерде, жаңы Жогорку-Нарын гидроэлектростанцияларындагы электроэнергиянын өзүнө турган наркы, дегеле ал эгерде 729 миллион АКШ долларына курула турган болсо, болжолдуу алганда бир киловатт/сааты үчүн 5 сом турат деп жазылган. «Камбар-Ата- 1» ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын наркы да болжолдуу алганда ушундай эле, же андан да жогору болот. Ушуга байланыштуу мыйзамченемдүү суроолор жаралат: «Ким ошол электроэнергияны бир киловатт-саатын 5 сомдон сатып ала алат? Эгерде алардын чыгарганпродукциясы ушунчалык кымбатка турса, анда ал гидроэлектростанцияларды куруп эмне кереги бар? Же чын эле эптеп акчаны уурдап, ал эми дароо бир нече эсеге өсүп кеткен сырткы карызды Кыргызстандын элинин мойнуна илип коюу үчүнбү? Азыркы бийликтегилердин мындай иш-аракеттерин экономикалык кылмыш катары баалоого толук негиз бар деп эсептеймин.
Ал эми ата-мекендик энергетикадагы техникалык жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берген ийгиликтүү ишмердиктер жана жетишкендиктер жөнүндө, жаңы трансформаторлорду орнотуу, кышкы чубалгы түйүндөрүн алмаштыруу, Токтогул ГЭСиндеги агрегаттарды реконструкциялоо, андан башка гидроэлектростанцияларды реконструкциялоо боюнча бардык пландар, ошондой эле “Датка”, “Кемин” көмөкчү станцияларын куруу, “Датка-Кемин” жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясын монтаждоожөнүндө жеңиштүү маанайда берилип жаткан рапорттор жана отчеттор тууралуу айта турган болсок, - бул бардык макулдашууларга жана долбоорлорго менин учурумда эле кол коюлуп, бардык маселелер дыкаттык менен иликтөө аркылуу иштелип чыгып, эң соңку чечимди мен өзүм кабыл алганмын (башталышы 2010-жылдын январында, КЭРна жасаган иш сапар учурунда болгон).
Балким, менин белгилүү бир маанайдагы терс мамилем азыркы бийликтин ишиндеги жакшы бир нерсени көрүүгө тоскоолдук кылып жаткан чыгар, мүмкүн, бул китептин окурмандары аны эске салып коер?
Энергетикадагы реформалар
Энергетика тармагындагы реформалар – энергетикалыккомпаниялар, бул тармакта иштешкен адистер үчүн, өкмөт үчүн, а эң акыр аягында, анын эң башкы керектөөчүсү болгон жалпы эл үчүн өтө оор жүк болуп эсептелет. Бирок, бул реформаларды, аларды жасоо канчалык түйшүктүү жана оор болбосун, баары бир баштап, аягына чейин чыгаруу керек! Дал ошондуктан улам, мен өз учурунда эч кандай олку-солку болбой туруп, мындай кадамды жасаганмын. Электроэнергиянын өзүнө турган наркы, мага өкмөт билдиргендей, салыктык төлөмдөрдү эске албаганда, 1 киловатт/саатына 1 сом 24 тыйын турчу. Ошол эле учурда, өлкөдө аны менен бир эле убакта баарын тең салык төлөөгө милдеттендирүү багытында, бирдиктүү калыпка келтирилип, салык системасы дагы реформаланып жаткан. Салыктардагы айрымачылыктардан улам, бир системадан экинчи системага акча которуу мүмкүнчүлүгүнө такыр тыюу салынды. Берилип жаткан электроэнергияга 1 киловатт-саатына 1.5 сомго барабар болгон нарк коюлган. Ошол эле учурда, калктын аз камсыз болгон жана социалдык жактан колдоого муктаж болгон катмарларына бул системада артыкчылыктар каралып, пенсионерлерге ай сайын атайын кошумча төлөмдөр орточо эсеп менен 200 сом өлчөмүндө төлөнүп турду. Айлыктары 5 миң сомдон аз болгон бюджет тармагынын кызматкерлери да ошол сыяктуу эле компенсация алып турушкан. Бюджеттен бөлүнгөн компенсациялардын жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык деңгээлге жеткен. Ошонун натыйжасында, өлкөнүн энергетикасы иштеп чыгарылган электр энергиясынын өзүнө турган наркын гана жаап тим болбостон, бул баага кошумча дагы 10-15% дык энергетика тармагынын кирешеси киргизиле баштап, ал каражаттарды бул системаны өнүктүрүүгө шарт түзүлдү, инфраструктураны техникалык жактан реконструкциялоого кошумча каражаттарды тартууга, мурда пландашылган жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга жана баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Оппозиция техникалык жактан мунун ийне-жибине чейин түшүнбөй туруп, тарифтердин жогорулашын өзү үчүн оңтойлуу учур катары өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, чуу көтөрүп чыгып, Токтогул суу сактагычынан суу уурдалып, сатылып жаткандыгы тууралуу ондогон уламыштарды ойлоп чыгарып жиберди. Айрыкча, иштелип чыгып жаткан электр энергиясынын өзүнө турган наркы киловатт-саатына 8 гана тыйын турат экен деген мифтин таркатылышы биздин оппоненттерибизге оңтойлуу болду. Мындай фантастикалуу арзан наркка жер жүзүндөгү бир дагы өлкө алиге чейин жете элек. Арийне, бул цифра карапайым адамдаргамагиялык сыйкырдуу таасир бергенсиди. Алар буга ишенгиси келип, ишене да башташты, эң эле жөнөкөй арифметикалык эсептерди да эстерине алышкан жок. Мунун баары эмнеге алып келгендиги белгилүү. Мамлекеттик төңкөрүштү жасап, аны уюштурууга, оппозиция лидерлеринин айтуусу боюнча, электр энергиясына коюлган баанын акыйкатсыздыгы негизги себеп болгон. Эң эле маанилүү айыптоо - Бакиев электр энергиясына болгон төлөмдү эки эсеге көбөйтүп жиберди, анан дагы калкка тезек терүүгө сунуш берди деп айтылды. Мен бүгүн деле ошол сөздөрүмдөн баш тарта албаймын. Чарбакер айылдык кожоюн отун, көмүрдү камдоо менен бирге, тезекти да топтошу керек, бул дайыма эле болуп келген, анын ичинде советтик доор учурунда деле. Анан дагы, албетте, энергиянын башка булактары жана аны үнөмдөө жөнүндө, жана да өз турак-айын жылуу кармоо үчүн аларды кантип аралаштырып пайдалануу жөнүндө дагы ойлонушу керек. Бул Бакиевдин кесирленүүсү эмес, дүйнөлүк финансылык кризис доорунда абдан кымбаттап бара жаткан реалдуу жашоонун талабы, бардык өлкөлөрдүн калкынан жылуулукка, сууга жана электроэнергияга кетүүчү чыгымдарды азайтуу катуу талап кылынып жатат. Чыныгы реалдуулук улам өсүп бара жаткан муктаждыктар үчүн энергиянын ар түрдүү булактарын, анын ичинде шамал аркылуу иштетиле турган электр кыймылдаткычтарын жана күндүн нурунан кубат алуучу батареяларды пайдаланууну талап кылууда. Бардык өлкөлөр, анын ичинде өтө өнүккөндөрү да, дал ушул жол менен кетип бара жатышат. Биздин жарандардын аң-сезими, айрыкча улуу муундагылардыкы, мурдагы эле баарын даярдап, белен кылып бергенге көнүп калган да, бийликтен советтик тажрыйбага окшогон нерселердин улантышын күтө берет.
Жалпысынан алганда, ошол кездеги оппозиционерлердин, - азыркы бийликте тургандардын, - Кыргызстандыктарды алдоо жолу менен, бирөөнүн моюнуна минип алып, бейишке кирип алышканын калк түшүнүп калды. Эч кандай сыйкырдуу күч жардам бере алган жок, энергосистемада аудит жасашкан Дүйнөлүк банк жана башка финансылык институттар Бакиев жаңылышкан: электроэнергиянын өзүнө турган наркы 1 сом 24 тыйын эмес, 1 чом 36 тыйын болушу керек деген жыйынтык чыгарышкан. Эгерде азыр электр энергиясына болгон тарифти көтөрбөсө, анда тобокелчилик бир нече эсеге өсүп, энергетика системасын биротоло жоготуп алуу коркунучу жаралат же ал тек гана кыйрап түшөт. Жаңы кубаттуулуктар киргизилбей жатат, ал эми трансформаторлор, генераторлор, жогорку вольттогу жана төмөнкү вольттогу түйүндөр эбак эле эскирип бүтүшкөн жана жаңылоого муктаж. Чубалгылардын, зымкарагайлардын, өчүргүчтөрдүн, бөлүштүргүчтөрдүн бүт запасы пайдаланылып бүтүп, толукталбай калган. Электртүйүндөрүн иштетүүчү жана оңдоочу системанын алдындагы ишканалар абдан жаман абалда калышкан, алар да толугу менен модернизациялоого муктаж. Ачыгын айтканда, Кыргызстандын энергосистемасынын жабдыктары 25-30 жылдык техникалык эксплуатацияга эсептелген болсо, иш жүзүндө андан эки эсе узак убакыт бою иштеп келе жаткандыктан, олуттуу проблемалардын кучагынан чыга албай, абдан оор абалда калган.
Россиянын Саяно-Шушенская ГЭСиндеги авария учурунда, бул дүйнөдөгү эң ири гидроэлектростанцияда техногендик катастрофа болгондугу, Кыргызстандыктарды ойго салышы керек, - кыргыз энергосистемасында ушундай бир нерсе болушу мүмкүнбү? Жооп жайында болбойт: жип кайсыл жерде ичке болсо, дал ошол жерден үзүлөт эмеспи, ошондуктан, андай нерсе болушун жокко чыгарууга болбойт. Электр түйүндөрүн жалпы модернизациялоого, эскирген жабдыктарды алмаштырууга каражат бөлүнбөсө, энергетикалык система толугу менен жаңыланбаса, жеңил ойлуулук менен, баары өзүнөн өзү жүрө берет деп үмүт кылуунун кереги жок. Эгерде ушундай нерсе биздин өлкөдө болсо, - Кудай анын бетин ары кылсын, - анда биз эмне кыла алабыз?Кыргызстан – Россия эмес, ал ушундай оор катастрофаны да көтөрүп кетти. Эгерде биздеги Нарын дарыясында курулган ГЭСтердин биринде ушундай бир нерсе боло турган болсо, - бул жалпы өлкөгө таасир эткен коллапс болот. Кыргызстанда ушундай сценарийди болтурбоо жана трагедиялуу окуяны алдын алуу үчүн - башкача айтканда, гидроэлектростанцияларды реконструкциялоо жана электр менен камсыз кылуунун резервдик системасын түзүү, ички энергетикалык шакекче инфраструктурасын ырааттуулук менен куруу үчүн масштабдуу инвестицияларды талап кылган реформалар зарыл болчу. Мен Кыргыз Республикасынын президенти кезимде өкмөт дал ушул маселелердин үстүндө ырааттуу иш жүргүзгөн. Белгиленген өзгөрүүлөрдүн ийгилиги биринчи иретте электр энергиясына болгон ынанымдуу тарифтер менен өлчөнмөк.
Кечээки оппозиционерлер – азыркы жетекчилер, алар жасап жатышкан иштерине караганда, мамлекеттик төңкөрүштөн кийин алар өздөрү электр энергиясына тарифтер боюнча беришкен салтанаттуу убадалары жөнүндө такыр унутуп калышса керек. Бул канчалык таң каларлык болбосун, алар өздөрү дагы электр энергиясынын өзүнө турган реалдуу наркы боюнча ишене алгыс ачылыш жасашыптыр. Эсептеп көргөн соң, калкка жарык жана жылуулук берүү абдан кыйын нерсе экендигин түшүнүп, буга эптеп ишенишиптир. Анан калса, бул канчалык таң каларлык болбосун, электр менен камсыз кылуу маселелери боюнча коңшулар менен да макулдашуу керек экендигин түшүнүштү. Башкача айтканда, күтүлгөндөй эле, эми алар өздөрү иш жүзүндө энергетика, курулуш, газ менен камсыз кылуу, көмүр казып алуу жана башка дагы ушул сыяктуу жааттарда көп кырдуу маселелер комплекси менен бетме-бет келишти. Өкмөт ушундай узак жана кыйын ойго батуудан соң кандай чечим кабыл алган? Мынакей, катардагы керектөөчүнүн электр энергиясына болгон төлөмдөрү үчүн квитанциясынан алынган маалыматтар: 2015-жылдын май айында калк үчүн айына 700 киловатына 70 тыйын болсо, мындан ашкан көлөмгө киловатына 1 сом 82 тыйын төлөө каралган. Мурдагы премьер-министр Ж.Оторбаев 2017-жылга чейинки тарифтердин сеткасы боюнча токтомго кол койгон. Анда жыл сайын жылуулук, электр энергиясы үчүн баанын 20 пайызга көтөрүлүп турары белгиленген. Бул токтом кагаздагы эле нерсе эмес, иш жүзүндө аткарыла турган нерсе. Азыркы бийликтегилер биздин министрлер кабинети сунуш кылган чынчыл цифраларды 100 пайызга да эмес, дароо эле тымызын түрдө 300 пайызга көтөрүшүүдө. Алар андан да ашып түшүшүп, электр энергиясына болгон бааны 100% га эмес, толугу менен 300% га көтөрүүнү чечишти, эми бир киловатт/саатына эгерде сен өндүрүшчү же фермер болсоң, же жөнөкөй эле бюджетчи болсоң да, 70 тыйын эмес, 2 сомдон ашык төлөөгө туура келет. Ошол эле учурда, электр энергиясын кезектете өчүрүүлөр болбой тургандыгына убада беришип, жарандарды электр энергиясын абдан үнөмдөөгө чакырып жатышат, бирок андай куру убадаларга эч ким ишенбей калган. Жылуулук берүүчү сезон маалында өлкөдө күн сайын 120га жакын электр энергиясы боюнча үзгүлтүккө учуроолор орун алууда, аларды ремонт иштерине байланыштуу болуп жатат деп ишендирүүгө аракет кылышууда.
2010-жылдагы төңкөрүштүн баасы өтө эле кымбатка түштү. Анан дагы бул бааны Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү эмес, аянтта эч күнөөсүз курман болушкан жаш жигиттер өз каны, өз өмүрлөрү менен төлөп беришти. Беш жарым миллион Кыргызстандыктар ал төңкөрүш үчүн болгон бааны күн сайын өз чөнтөктөрүнөн төлөп келе жатышат – кымбаттап кеткен нан, эт, ун жана башка негизги тамак-аш үчүн, кийим, кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде электр энергиясы жана башка көп нерселер үчүн. Бир гана Атамбаевдин жана анын командасынын жашоосу жакшырды. Азыр аларда баары бар, анан ошол бардык нерселер үчүн ар бир орточо статистикадагы Кыргызстандык өз чөнтөгүнөн төлөп жатат, анын ичинде сүт азыктарын жана памперстерди пайдаланышкан эмчектеги бөбөктөр да.
Кыргызстан соңку беш жыл ичинде энергетикада техногендик катастрофа деп аталган түпсүз жарга өтө жакындап келип калды, эгерде кардиналдык өзгөрүүлөр жасалбаса, анда бул катастрофага сөзсүз учурайт. Бирок, дагы бир жолу кайталап коеюн, алреформалар абдан татаал жана оор болот. Аларга бир гана өкмөт эмес, коомчулук да толугу менен даяр болушу керек.
Тазалоочу курулуштар жөнүндө
Инфраструктуранын эң эле бекем системасы канализация системасы болуп калды, ал мына жарым кылымдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Бишкектин– мурунку Фрунзенин, - тазалоочу курулуштары 500 миңдик калкы бар, бир миллионго чейин өсүп жете турган шаарга эсептелип долбоорлонгон. Шаар куруу планында алдын ала каралбаган көп кабаттуу үйлөрдүн жана офистик имараттардын саны Бишкекте абдан тездик менен өсүп жаткандыктан, бул жагдай энерго- жана суу менен камсыз кылуу жана да тазалоочу курулуштар системасында олуттуу бузулууга жана авариялык кырдаалдардын жаралышына алып келиши мүмкүн.
Эгерде канализациясистемасы иштен чыгып калса эмне болот? Бул канчага турат жана эмне болот? Бул абдан кымбатка түшөт, жалпы өлкө боюнча эскирген канализация түтүктөрүн реконструкциялап, жаңыларын куруу үчүн миллиарддаган долларкаражат талап кылынат. Бул системаны тартипке келтирүү үчүн көп убакыт жана күч талап кылынат. Анан дагы, эң эле коркунучтуусу, бизде бири бирибиз менен кандай кылуу туура болот, кандай туура эмес деп талашып-тартышууга да мүмкүнчүлүк калбай калат, биз тек гана өзүбүздүн булганыч таштандыларыбызга чөгүп кетүү тобокелчилигине чейин жетебиз.
Азыркы кезде Көк-Жаңгак, Кадамжай, Кажы-Сай, Кызыл-Кыя, Токмок, Чолпон-Ата сыяктуу чакан шаарчалрдын дээрлик бардык канализациялык системалары иштен чыгып калган. Алар өз ресурстарын иштетип бүтүшкөн, ал эми аларга түшкөн жүктүн салмагы оордогондон оордоп жатат. Бул жагдайдагы маселени кийинкиге калтыруу өлүмгө тете. Соңку 5 жылда бул тармакта такыр эч нерсе жасалган эмес, бир сантиметрге дагы алга жылуу болгон эмес, өкмөт эч иш жасабай олтуруп алды. Мындай маселелер жана татаал суроолор такыр жок сыяктуу түр көрсөтүп, аларга көзүн жумуп коюп олтуруп алды.
Өкмөттүн, президент баш болгон мамлекеттик органдардын ишинин бул тарабы жөнүндө сөз кылып жатып, мен өзүм мыйзамсыз жол менен бийликтен кулатылгандан кийин бийликке келишкен адамдар мамлекетти башкаруу деген эмне экенин такыр эле түшүнүшпөй, алардын алдында кандай милдеттер жана маселелер тургандыгын жана аларды чечүүнүн кандай жолдору бар экендигин такыр билишпей тургандыгын дагы бир жолу кайталап койгум келет. Мен бул китебимде өкмөткө эч кандай сунуштарды бергим келбейт.Мен өз максатымды өзүмдүн мекендештеримдин жүрөктөрүндө кабыл алынып жаткан тагдыр чечүүчү чечимдер үчүн болгон жоопкерчиликти ойготуудан, ошону менен бирге тандап алуудагы жоопкерчиликтен көрүп турамын. Бизди биз өзүбүз тандап алган адамдар башкарышат. Же, тандап албай эле, тек гана алардын шайлоо учурунда бурмалоолор жолу менен келип калышканына кол шилтеп, кайдыгер болуп койгондор башкарышат. Алар эски жана жаңы чакырыктарга татыктуу жооп берип, мезгил биздин алдыбызга коюп жаткан милдеттерди чече алышабы? Бул суроолорго жакынкы арада эле жооптор айтылат, ал учур жакындап калды.
Бактыга жараша, менин көптөгөн мекендештерим дүйнөнүн чартарабын кыдырып, башка өлкөлөрдө жашоого мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан, ал жактагы өкмөттөр тигил же бул маселелерди кантип чечип жатышканын көрүп, талдай алышат. Жолдорду, суу менен камсыз кылууну, энергетиканы жашап кете ала турган деңгээлде кармап туруу, темир жол байланыштарын өнүктүрүү, жаңы вокзалдарды жана аэропортторду куруу, уюлдук байланыштарды, интернетке кирүүнү жаңылап өркүндөтүү, цифралык телекөрсөтүүдө, электрондук өкмөттүн иштеши үчүн шарттарды түзүү сыяктуу иштердин баары азыркы таптагы заманбап өлкөнүн мамлекеттик органдарынын көңүл борборунда тура турган эң эле маанилүү иштер экендигин алардын бийликтери жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, бул приоритеттик комплекстүү инфраструктураны кармап туруу жана өнүктүрүү ар бир өкмөттөн абдан жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти жана компетенттүүлүктү талап кылган чөйрө болуп эсептелет. Кыргызстандыктардын көбү мамлекеттик органдардын өз милдеттерин аткара алышы канчалык маанилүү нерсе экендигин азыркы күндө жакшы түшүнүп калышты. Биз муну жакшы түшүнгөндүктөн, биринчи иретте өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон долбоорлордүн үстүндө иштегенбиз. Эми аэропорттор жана вокзалдар жөнүндө сөз болуп калган соң, "Манас" аэропортун модернизациялоо өлкөдөгү абдан маанилүү объектилердин катарына кирип, анын иши менин учурумда башталып, бүткөрүлгөндүгүн дагы эскерип коюу ашыкчалык кылбас. Азыркы бийликтин бул ишке кийлигишүүсү болсо мамлекет бул эл аралык аэропортко ээлик кылуу укугунан толугу менен ажырап калуусуна гана алып келди.
«Ош-Бишкек» альтернативалуу жолу жөнүндө
Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, КР азыркы өкмөтүндө азырынча жалгыз болсо да, бирден-бир стратегиялык маанилүү долбоору бар. Арийне, түштүк менен түндүктү байланыштыра турган альтернативалуу жолду 800 миллион АКШ долларына куруу – бул чечимдин ойлонулбай жасалгандыгын көрсөтүп турат. Мен жогоруда айтып өткөндөй, «Ош-Бишкек» негизги жолун курууга өз учурунда 650 миллион доллар кеткен. Эми ошол трассанын андан эки эсе кыска болгон бөлүгү үчүн 800 миллион доллар коротуу туура болобу? Мындай кымбат сметага долбоорлоо маалында эле мамлекеттик масштабдагы ири өлчөмдөгү демейдеги эле уурулуктуда кошуп салган чыгымдар дагы кирип кеткен деп болжолдоого болот. Эгерде ошончолук эле доордун из калтырган ишин жасагылары келип жатса, анда азыркы «Ош-Бишкек» автомобилдик трассасына эле кошумча дагы эки тилкени салуу толук реалдуу жана пайдалуу болмок. Анткени, анын айланасында дээрлик бардык инфраструктура бар, жана да бул “өмүр жолунун” боюнда тоолуу региондун негизги калктуу пункттары жайгашкан эмеспи. Дал мына ошол жерде бул инфраструктураны куруп, жакшыртууга болмок. Долбоорго өтө кымбатка турган, аны салуу үчүн бир нече километр аскалуу тоо бетин тешүү керек боло турган туннель-өтмөктү киргизүүнүн ордуна, эки тарапка тең бир тараптуу гана кете турган кыймылды киргизүү кыйла пайдалуу болмок, анан калса, алыска жетүүсү кыйын болгон региондун эли эч кандай муктаж болбогон көпүрөлөрдү куруунун канчалык зарылдыгы бар эле. Бийликтегилердин профессионал эместигинен улам, алардын өз амбицияларын гана канааттандыруну каалашкан аракетинен улам, бул маанилүү долбоорду ишке ашыруунун эсебинен өз жеке жыргалчылыктарын жакшыртып алууну көздөшкөндүгүнөн улам, өлкөнүн бардык жарандары өз чөнтөктөрүнөн төлөп беришерине мен ишенип турамын. Ошол эле учурда, мен Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштыра турган жаңы жолдун кереги жок болчу деп, тануудан такыр эле алысмын. Албетте, бул жол өлкө үчүн керек, бирок, бул алыскы келечекте гана, өлкө экономикалык жактан бутуна туруп, өзүнүн сырткы карыздарын азайтып, же биротоло минималдык чекке жеткирген кезде жасала турган иш болчу.
Мен өзүм президент болуп турган кезде болгон жетишкендиктер бир гана менин өзүмө байланыштуу болгон деп эч качан айткан эмесмин. Такыр андай эмес. Эң башкысы менин жетишкеним – профессионалдардан куралган активдүү команданы түзө алдым, мен муну менен сыймыктанамын! Бул биздин бардык команданын ишинин жыйынтыгы болуп калды, тигил же бул маселелерди талкуулаганда анын ичинде талаш-тартыштар жаралып, ал маселелерди өтө татаал механизмдер аркылуу алып өтүп керек болсо да, соңку чечимди жетишерлик тез арада чыгарчубуз. Азыр тарых өзү тастыктап жаткандай, ал чечимдер көп жагынан алып караганда туура кабыл алыныптыр.
Ал эми «Кытай-Кыргызстан- Өзбекистан» темир жолунун иштери жөнүндө айта турган болсом, ал ишке ашырыла турган баскычтан тек гана куру сөздөр деңгээлине чейин түшүрүлгөн. Акыры келип эле, Кыргызстан абдан кымбат убактысын коротуп жатат. Биз КЭРсы менен жана да коңшулаш чектешкен өлкөлөр Өзбекистан, Тажикстан жана

#10 06 November 2016 - 19:48
Казакстан менен өз ара байланышты түзө алган достук мамилелерди пайдалануу зарыл болчу. Бул негизги стратегиялык багыт биздин тышкы саясатыбыздагы ураан болуп, - карама-каршылыктарды жоюп, коңшуларыбызга карата бурулуп, алар менен болгон байланыштарда эң эле жылуу мамилелерди курууга жетишүү керек эле. Кудай өзү ушундай кылгандыктан,
биз байыркы кылымдардан бери коңшуларыбыз менен жанаша жашап, кубанычыбызды да, кайгыбызды алар менен тең бөлүшүп келе жатабыз, жана да Жер, тирүүлүк бар кезинде мындай жашоо улана бермекчи.
Салык жана бажы төлөмдөрү тармагын тартипке келтирүү
Биздин экономика узак убакыт бою жарым бүлүнгөн абалда болуп келгендигин тануу кыйын. Аны атайылап кысмакка алып, анын көмүскө абалга жетүүсү үчүн аракет кылып келишкен, анткени, көмүскө экономиканы тар чөйрөдөгү адамдардын кызыкчылыктарына иштетүүгө мажбур кылуу ачык жана айкын экономикага караганда алда канча оңой. Укуктук бузууларга жана кылмыштарга барып, мамлекеттен салыктарды жашырып калышкандарды оңой эле коркутуп, аларды текшерүүчүлөргө акча төлөөгө мажбур кылуу оңой болчу. 2005-жылдагы Элдик революцияга чейинки беш жылдагы жана андан кийинки беш жылдагы негизги экономикалык көрсөткүчтөргө калыс талдоо жүргүзүү кирешелердин, биринчи иретте, бажы төлөмдөрүнүн бир нече эсеге өскөндүгү боюнча объективдүү жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берет. Базарларда иштегендердин баары тең – а андай жол менен биздин жарандардын көпчүлүк бөлүгү өз жашоолорун камсыздап калышкан, - ар кандай криминалдык жана жарым криминалдык, “крыша” түзүмдөргө акча төлөгөнгө мажбур болуп келишкендиктен, ошонун натыйжасында өлкө бюджети астрономиялык суммадагы каражаттарды жоготуп калган.
Аталган себептерден башка дагы, кошумча негиз болгон себептер бизди экономиканы көмүскө абалдан ачыкка чыгарууну ырааттуу улантууга, калктын жигердүү бөлүгүнө натыйжалуу, ыңгайлуу жана корголгон түрдө иш алып баруу үчүн шарттарды түзүүгө түрттү. Биз өз алдыбызга коомдун ортоңку классын түзүү жана чыңдоо максатын койдук, анткени, татыктуу жашоо деңгээли үчүн жетишерлик киреше алышкан ишкерлер – иштерман адамдар ар бир мамлекеттин негизги таянычы болуп, кубаттуулуктун негизин түзүп турушат. Ортоңку классты түзмөйүнчө, экономиканы өнүктүрүү жана өлкөнү узак мезгилден берки кармап турган стагнациядан чыгарууну максат кылуу мүмкүн эмес болчу.
Арийне, баары эле абдан жөнөкөй эмес эле, анткени, Эл аралык валюталык Фонд, Бүткүл Дүйнөлүк банк жана башка донорлор сыяктуу эл аралык уюмдар жана финансылык институттар менен түзүлгөн макулдашуулардын талаптарын аткаруу боюнча, ал мамилелер бир тараптуу жана көп тараптуу форматтарда куралгандыктан улам, айрым бир маселелер жана кыйынчылыктар жаралып жатты. Демек, Кыргызстан ошол өнүгүү стратегиясынын жана ошол мурда кабыл алынган программалардын алкагында кетүүгө милдеттүү болчу. Бул болсо Кыргызстандын өз саясатын жүргүзүүдө, анын ичинде экономикалык жактан да, толугу менен көз карандысыздыгы жок экендигин билдирип турган. Мен президент катары буга макул болуп кала алмак эмесмин.
Андай институттар менен өз ара мамилелердин кульминациясы Кыргызстандын ХИПИК программасына кирүүдөн баш тарткан учуруна туш келди. Бул теманы талкуулоо биздин коомдо адистер арасында да, жөнөкөй калк арасында да канчалык катуу жана драмалуу болгондугу эсимде. Өз өлкөсүнүн көз карандысыздыгы үчүн сыймыктануу жана анын өз баркын билүү сезими өскөнүнө жараша, биздин балдарыбыздын келечегин өз алдыбызча аныктоого болгон умтулуу бир тараптан болсо, экинчи тараптан донорлордун ой жүгүртүүлөрүндөгү өзүлөрүнүкүнөн башка бирөөнүн пикирине кулак салбай, өздөрүнүн гана ойлорун туура дешкен пикирлердин айтылып жатышы кээде ашкере чыңалган маанайды жаратып жатты.
Бир жолу өкмөт мүчөлөрү улуттук банктын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдө эки тараптагылар абдан катуу карама-каршылыкка туш болушуп, мындай абалдан талкууга биротоло чекит кою аркылуу гана чыгуу керек болду. Бул чекитти мага коюуга туура келди. Бүткүл Дүйнөлүк банк менен Валюталык фонддун кезектеги обзордук миссиясы аяктап жаткан, ушуга байланыштуу мен ал делегациянын урматына кечки сый тамак бердим. Кыргыз тараптан ал кечки тамакта финансы министри Марат Султанов, вице-премьер Данияр Үсөнов, улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдер катышышты. Мындай президент атынан кабыл алуу деңгээлине карабастан, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эки тарап - урматтуу донорлор жана менин командамдын мүчөлөрү - эч тынчтана алышпай, талашууну улантышты. Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүл айымы өз көз карашын абдан катуу коргоп, биздин Кошумча нарк салыгын жана киреше салыгын төмөндөтүүгө акыбыз жок (баса белгилеп коеюн: акыбыз жок деди!) экендигин белгиледи. Ал өз көз карашын абдан эле жөнөкөй жүйөөлөр менен негиздеп, салыкты жыйноодо анын чогулбай калышына чоң тобокелдиктер пайда болорун айтып, ушунун өзү бюджеттеги чоң жетишпегендикке алып келет, биз мугалимдерге, врачтарга айлык төлөй албай калабыз, социалдык жактан камсыздоого муктаж болгондорго каражат таба албай каларыбызды билдирди. Биздин команданын мүчөлөрү өз пикирлерин коргоого алышып, дал ушул экономикалык эркиндиктерди кеңейтүү көмүскө экономика менен күрөшүүдөгү жыйынтыкты реалдуу көрүүгө мүмкүндүк берет, дал ушул экономиканы көмүскө абалдан алып чыгуу бюджеттик позициялардын көп эсе жакшырышына алып келет деп айтып жатышты.
Бул эки команданын талашы абдан катуу, айыгышкан карама-каршылыктарга өтүп кеткенин көрүп, анын үстүнө, биздин эл аралык уюмдардагы досторубуз белгилүү бир чектен өтүшүп, бизге кандай жашоо боюнча өз пикирлерин таңуулай башташканын көрүп, мен алардын талашына кийлигишүүгө мажбур болдум. «Кечирип коюңуздар– дедим мен, - мындай бир суроону коюуга уруксат бериңиздерчи - бул өлкөдө ким президент – сиздерби же менби?» Стол үстүндө оор жымжырттык өкүм сүрүп, абдан ыңгайсыз жымжырттык кыйла узакка созулуп кетти. Акыры аягында Бүткүл Дүйнөлүк банктын өкүл айыма эптеп жооп берди: «Кечирип коюңуз, мырза президент, албетте, Сизсиз».
Ошондо мен мындай дедим: «Бул өлкөдө биз кандай деп чечсек, баары дал ошондой болот. Биз сиздердин пикириңиздерди абдан жогору баалайбыз жана да андан азырынча баш тартпайбыз. Бирок, соңку чечимди баары бир биз өзүбүз кабыл алабыз!»
Ушундан кийин өкмөт жана парламент кыска мөөнөттүн ичинде салык тармагы жаатында олуттуу реформаларды жасашты.Кошумча нарк салыгы бюджеттин киреше бөлүгүнүн эң башкы салыгы 20%дан 12%га чейин төмөндөтүлгөнүн эсиңиздерге салып коеюн. Кирешеге болгон салык да эки эсеге азайтылып, ал дагы 20% дан 10% пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ал эми жол салыгы деп аталган салык тегеретүүдөн 0.8% дан (адистер мунун абдан чоң сумма экендигин билишет) толугу менен жоюлду. Өзгөчө кырдаалдар үчүн болгон 1.3% өлчөмүндө болгон салык да толугу менен жоюлду. Жер салыгынын баскычтары да олуттуу түрдө төмөндөтүлүп, эң эле көп болгон жер салыгы түндүктүн өрөөндүү райондорунда сугат жерлер үчүн бир гектарына 400 сом өлчөмүндө, же айына бир гектары үчүн 30-40 сом гана болуп калды. Суусамырда жайыт жерлерин пайдалануу үчүн бир гектарына жылына 8 сомду түзсө, бул айына бир сомдон да аз болуп калды. Биз бизнес үчүн жеңил шарттарды сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө түзүүнү кааладык.
Чакан ишканалардын көбүн патенттик негизде иштөөгө өткөрдүк: унаа жуугуч, чачтарач, тиш сала турган кабинеттер, сауналар, мейманканалар, унаа оңдоочу жайлар, ачкычтарды даярдоочулар – алардын баарын санап бүтүү да мүмкүн эмес. Башкача айтканда, өздөрү үчүн өздөрү жумушчу орундарын түзүп, өз үй-бүлөлөрүн багып, ал аз келгенсип, мамлекетке дагы жардам берип жаткандардын ар биринин артынан кубалап жүргөндүн ордуна, биз аларга эркиндик берип: төлөп коюп, патенттин алкагында эмне керек жана пайдалуу деп эсептесеңер ошону жасай бергиле дедик. Ал патенттердин баасы да шарттуу гана болуп, айына - 50-100 сом болуп калды. Башкача айтканда, айына бир-эки доллар, же болжолдуу алганда бир пачка тамекинин акчасын гана төлөйт да, бир ай иштей бергиниң, эч ким сага тоскоолдук да кылбайт. Патентке базарлардагы контейнерлерде соода кылгандар, тандырларда нан бышырып саткандар, өз жеке чарбаларында өндүрүлгөн жумуртка жана каймак саткандар да өткөрүлдү.
Өз көз карандысыздыгыбызды жарыялагандан бери эле, мен өзүм мурдатан эңсеп жүргөндөй, элге эркиндикти берүүдө мен өзүмдү жоопкерчиликтүү, милдеттүү сездим. Өз жашоолорун өз колдору менен жакшыртуу эркиндигин берүүгө милдеттүү өзүмдү сездим. Эгерде биз өкмөт катары адамдарга жумушчу орундарын түзүп бере албасак, завод фабрикаларды кура албасак, анда биз биринчи иретте чакан жана орто ишкерлерге эркиндикти беришибиз керек. Тобокелчилик бар беле? Ооба, тобокелчилик бар болчу, фискалдык саясатта мындай терең реформаларга баруу менен бирге, биз мамлекеттик финансылык саясатын кыйратып алышыбыз да мүмкүн болчу. Бирок, биз бардык кемчилдиктерди жана оң жактарды эсептеп көргөн соң, ушундай тобокелчиликке бардык да, мындан утуп чыга алдык! Акаевдин тушунда бюджеттин киреше бөлүгү 18 млрд. сом болсо, ал эми 2009-жылы биз бюджеттин киреше бөлүгүнө 57 млрд. сом топтодук, башкача айтканда, өсүш 300% ды түздү, ошол эле учурда бул өсүш салыкты абдан төмөндөтүп, эки эсе азайтуудан кийин болуп жатпайбы.
Мен бажы позициялары боюнча өзгөчө белгилеп койгум келет. Бул жагынан алып караганда, Кыргызстанда постсоветтик мейкиндиктеги уникалдуу чечим кабыл алынды - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бажы аркылуу өткөрүү, биринчи иретте, Кытайдан өткөрүү килограммдап эсептеле баштады. Өлкөгө эмне алынып келип жатканына карабастан: тапочкаларбы, текстильдик материалбы, мектеп үчүн буюмдарбы, же телевизорлорбу - ушунун баары таразага тартылып көрүп, ал жүктүнар бир килограммы үчүн 15 центтен бажылык төлөмдөр улуттук банктын курстук эсеби боюнча алына баштады. Бул болсо өз кезегинде эл аралык сооба байланышы тармагында ишкерликтин эркиндигин жана жөнөкөйлүгүн аныктады.
Бажы салыгынын жөнөкөй жана жеңил шарттары менен кагазга түшүрүлүшү “Дордой”, “Кара-Суу” базарларынын - орто азиялык регионалдык соода борборлорунун, же азыркыча айтканда, соода хабдарынын түзүлүшүнө өбөлгө түздү. Кытайдан алынып келинип жаткан товар агымынын 90-95% зы андан соң Тажикистан, Өзбекистан, Казакстан, Азербайджан, Туркменияга жана Россияга кетип жатты. Биздин жарандар мындан каражат табышып, байый башташты. Эч кандай апыртып айтуусуз эле, бул киргизилген жаңычылдыктар Кытай менен болгон соода байланыштарынын дүркүрөп өсүшү үчүн чечүүчү факторлордун бири болуп калды, а бул болсо биздин улуу коңшубуз менен болгон мамилебиздин жакшырышына да алып келди.
Базарда ар кандай товарлар менен соода кылышкан адамдар өздөрүнө ыңгайлуу үйлөрдү курушуп, балдарын чет өлкөлөрдөн окутууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышты, ал эми иштери өтө эле ийгиликтүү жүрө баштагандары Алматыдан, Москвадан квартираларды сатып ала башташты. Муну баары көрүп турушту. Адамдардын канын төгүп, көз жашын агызып келишкен азыркы бийликтегилер жарандардын жашоосун дароо бир нече эсеге жакшыртып жиберебиз дешкен убадаларын такыр унутушуп, эми болсо уятсыздык менен кыргыз элинин терисин тескери сыйрый башташты. Мен эмне жөнүндө айтып жатамын? Азыркы бийлик бажы төлөмдөрүн 300% га көтөрүштү, азыркы кезде товарларды бажы өтмөгүнөн өткөрүү үчүн адамдар мурдагы менин учурумдагыдай 15 цент эмес, бир килограмм үчүн 45 центтөлөп жатышат. Мен ошол эле Араб Эмираттарынан товарларды алып келип жатышкан бизнесмендерди, "Манас" аэропортунда мурдагы 45 центтин ордуна эми ар бир килограмм үчүн 1.5 доллардан төлөп калышканы үчүн абдан аяймын. Башкача айтканда, бажы салымдары дароо эле 300% га көбөйтүлдү. Өлкө Евразиялык экономикалык коомчулукка кирери менен бул жөнөкөйлөтүлгөн бажы салымдарын төлөө дагы токтойт. Кыргызстан өзүнүн башка бардык өнөктөштөрү сыяктуу эле, товарларды бажылык өтмөктөрдөн алып өтүүдө расмий эсептик-дүмүрчөктөр боюнча төлөөгө өтүшү керек болгондуктан, демек, бизнесмендерге бул сөзсүз жасалышы керек болгон жол жобо үчүн бир нече эсе көп төлөшкө туура келет. Биздин ишкерлерге иштөөдө абдан чоң кыйынчылыктар жаралгандан сырткары, эң эле коркунучтуу нерсе – ушунун баары үчүн катардагы сатып алуучу өз чөнтөгүнөн төлөй баштайт. 300 - 500 пайызга өсүп кеткен бажы төлөмдөрү азыртан эле республика калкынын баары үчүн жеткиликтүү болбогон товарлардын өзүнө турган наркына түздөн-түз таасир этип калат. Бул тууралуу ойлоо мен үчүн оор, анткени, мен өзүмдүн бийлигим тушунда кандай болгондугун, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кандай чечимдерди кабыл алууга туура келгендигин абдан жакшы билгендиктен, азыркы бийлик башындагылар өлкөнү кайсыл тарапка алып бара жатышканын ачык көрүп турамын. Бирок, бул бийликти кандай болгон күндө да эл өзү тандап алгандыктан, эч кандай каршы сөз айтуу, өкүнүү пайдасыз.

#11 06 November 2016 - 19:50
Сырткы карыз
Экономикалык саясаттын бир артыкчылык берүүчү багыты катары мен эң эле жөнөкөй принципти - өз каражатыңа жараша жашоо керек дегенди кабыл алдым. Бул принцип мамлекеттик каражаттарды үнөмдөп, башкаруу аппаратын ырааттуу түрдө кыскартып, башкаруунун сапатын жакшыртуу стратегиясына алып келди, бирин бири кайталагандарды жоюп, жергиликтүү бийлик органдарынын ролун күчөтүп, республикалык органдардын ишин оптимизациялоо керек болду. Арийне, өз каражатыңа жараша жашоо деген бир гана үнөмдөөнү билдирбестен, республиканын сырткы карыздардан болгон көз карандысыздыгын мүмкүн болушунча азайтып, аларды оптимизациялоону дагы билдирет. Туура, мен бийликке келгенде өлкөнү өзүмдөн мурда башкарган Акаевден Кыргызстанды жалпы мамлекеттик карызы 2,5 миллиард АКШ долларына жакын жеткен абалда кабыл алган элем. Бирок, менин башкаруум аяктаган 2010-жылдын 1-январына карата мамлекеттик карыз 2 миллиард долларга жакын ылдый түшкөн, башкача айтканда, 500 миллион АКШ долларына азайган. Сырткы карыздын азайышы мамлекеттин алтын валюталык резервинин тез өсүшү менен байланыштуу болду. Акаев Бакиевге улуттук банкта бар болгону 500 миллион АКШ долларына жакын резервди “калтырса”, Бакиев Атамбаевге улуттук банктагы резервдерди 2 миллард АКШ долларына жакын акча менен “өткөрүп берген”. Демек, Кыргызстандын алтынвалюталык резервдери менин бийлигим тушунда үч эседен ашуун көбөйгөн. Мурда сырткы карызды алуу бюджетти каржылоонун жана ири инфраструктуралык долбоорлорду аткаруунун бирден бир гана жолу болуп келген. Азыр болсо экономисттер дал менин бийлигим тушунда бюджет эң эле тең салмактуу болгон деп эсептеп жатышат. Бюджет тартыштыгы, карыздык милдеттерди аткара албай калуу, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөй албай калуу деген коркунучтуу көрүнүштөр болгон эмес. Тескерисинче, айлык акылар өз учурунда төлөнүп, пенсиялар өз учурунда берилип, бардык экономикалык көрсөткүчтөрдүн ырааттуу өсүшү белгилене баштаган.
Акаевдин сиңирген эмгеги катары, албетте, улуттук валютаны киргизүү жана өлкөнүн Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна киришин айтууга болот. Бул алдыга жылуулар постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп жасалгандыктан, ушунун өзү Кыргызстанга айрым артыкчылыктарды алып келди. Бирок, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү тандалып алынган туура эмес багыт, өнөр жай жана агросекторду реформалоо жөнүндөгү жаңылыш жасалган кадамдар, менчиктештирүүнү жасоо ыкмалары, айрыкча айыл чарбасында, өлкө экономикасынын бардык негизги бөлүктөрүн кыйратууга алып келди.
Улуттук валюта ушунчалык кара мүртөз мүнөздөгү инфляцияга тушукканы, бул болсо Кыргызстандык карапайым жарандардын жашоосундагы өтө катуу оорчулуктарга алып келгени таң калычтуу деле эмес. Себеби, сом киргизилип жатканда 1993-жылдын май айында сомдун расмий курсу 0,25 АКШ долларына барабар болчу. Арийне, ошол жылдын аягында эле сомдун наркы 50 пайызга түшүп кетти. Улуттук валютанын курсунун төмөндөшү тынымсыз жүрүп олтуруп, 1997-жылы бир доллар 15 сомго чейин өстү, ал эми Акаевдин бийлигинин соңку учурунда, 2005-жылы кыргыз сому бир долларга 45 сом болгон деңгээлге чейин түштү. Бир гана айлык акыга карап жашап жатышкан өлкө жарандарынын маанайы кандай болуп калгандыгын элестетүү деле кыйын эмес. Эртең менен кассадан алган акча кечке чейин эле реалдуу күчүн жоготуп, айлык маянага үй-бүлөнү бир жумага гана эң зарыл нерселер менен камсыз кылуу мүмкүн болуп калган.
Мен бийликке келгенде улуттук валютанын курсу бир долларга 45 сом болуп калган, а мен бул кызматтан кеткен кезде доллар 5 жыл ичинде бар болгону үч сомго өсүп, бир доллар 48 сомго бааланган. Ушунун өзү эле биздин инфляцияны ооздуктап, улуттук валютанын түшүп кетпешин рекорддук деңгээлде кармай алганыбызды көрсөтүп турат. Эгерде бюджетке болгон кирешелерди эсептеп көрүп, же ички дүң продукцияны эсептей турган болсок, реалдуу курстук эсептөө боюнча алганда, мурунку беш жылдыктагы жетишкендиктерди кийинки беш жылдагы экономикалык жыйынтыктар менен салыштырып көрө турган болсок, анда Атамбаевдин экономикадагы “абдан чоң жетишкендиктерине” өтө калыс баа берилет: эч кандай өсүш жок, бир гана кыйроо жана стагнация гана бар. Дегеле, бул сомдун курсунан деле көрүнүп турбайбы. Соңку беш жылда эле улуттук валюта бир долларга 48 сомдон 63 сомго чейин түшүп кетти. Мындан ары ушундан да жаман боло берет. тез аранын ичинде чараларды көрүп, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү керек.
Кыргызстандын карыздарынан кутулууга мүмкүнчүлүктөр бар, эгерде терең ойлонулган, жаратмандык принциптерге негизделген экономикалык саясат жүргүзүлө турган болсо, ал карыздар кайтарылып берилет. Биз ишене албай турган ийгиликке жетише алганыбызды өзгөчө белгилеп койгум келет. Менин бийлигим тушундагы беш жыл иштеген учурда бюджет кирешелери кескин өсүп, ошол эле учурда салык да кескин түрдө кыскарган, ойлонулбаган сырткы карыздардан баш тартып, Эл аралык валюталык фонд жана Бүткүл Дүйнөлүк банктын таңууланган талаптарынан баш тартуу менен бирге, ири долбоорлордун негиздерин түзүп, иштеп чыга алдык. Биз анклавдарды айланып өтүп, Исфанага автомобильдик байланыш жолун кура алдык. Бул тууралуу биз Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Баткен областында өткөн эки жолку жолугушууда макулдашууга жетиштик. Тажикстан менен кышкы жана жайкы мезгилдерде электр энергиясын алмаштыруу боюнча суроолор дагы ошондой эле ийгиликтүү чечилген, ал эми Лейлек районунун тургундары энергетикалык туюктан чыгышкан. Ошондо эле анклавдарды айланып өтүүчү көпүрөлөрдү жана жолдорду куруу башталып, ошол эле учурда эки республиканын тең чектешкен аймактарында суу менен камсыз кылууну жакшырта алдык. Тажик өнөктөштөрүбүз менен айыл чарба жайыттарын чогуу пайдалануу аркылуу биз өзүбүздүн Алай району аркылуу Тоолуу Бадахшанга жүк ташууну мыйзамдаштырып, кыйла жөнөкөйлөштүрө алдык. Биздин байыртан берки жакын коңшубуз Тажикстан менен болгон өз ара мамилелерди жакшыртуудагы стратегиялык маселелерди чечүүдө жасалган нерселердин баарын эсептей да албайсың.
Азыркы кезде чектешкен аймактардын жаңылыктарын окуу коркунучтуу жана жүрөк оорутат. Ал жаңылыктар согуш талаасынан келип жаткан маалыматтарды эске салып: тиерде өлтүрүп кетишти, бул жерде чабуул коюшту, алжакта атып кетишти, ал жерде чек араны талашып жатышат, тигинде макулдаша албай жатышат деген сыяктуу жаңылыктарга толгон. Деги кайда баратабыз? Биздин коңшулар менен менен болгон өз ара мамилелерибизде жетишилген тынчтыкты кантип ушундай жоопкерчиликсиз бузууга болсун?
Мен 2005-жылы бийликке келген алгачкы жумалардан баштап эле, ЛЭП-110 «Айгульташ- Самат» курулушун баштоо пландалган болчу, “Датка” көмөкчү станциясын куруу боюнча даярдык көрүү, “Датка-Кемин” электр өткөргүч линиясын, «Кемин»көмөкчү станциясын куруу иштери башталган. Менин тапшырмам боюнча, жалпы суммасы 350 АКШ доллары болгон долбоордук иштерге кол коюлган, ал боюнча кредитти кытайлык Эксим Банкбере турган болгон. Азыркы бийликтин жалгыз гана жетишкендиги – анын дал ошол келишимге кайрадан кол коюшу болуп калды, андагы сумма 390 млн. АКШ долларына көбөйтүлдү. Башкача айтканда, долбоор эл үчүн 40 млн. долларга түшүп калды. Мындан сырткары, мен Бишкек Жылуулук берүүчү Электр борборун реконструкциялоо боюнча долбоорду, Тамчыдагы аэропортту реконструкциялоону, Кызыл-Кыядагы цемент заводун (бул долбоор 2007-жылдын августунда колдоого алынган) баштаган элем. “Ош-Бишкек” магистралдык трассасынын экинчи жана үчүнчү фазаларын реконструкциялоо болгон. «Джунда» (2009-жыл) нефти иштетип чыгаруучу заводунун курулушу башталган, “Кумтөр” боюнча маселелерди реструктуризациялоо жана чечүү башталып, башкача шарттардагы жаңы келишимге кол коюу маселелери чечилген, АКШ менен “Манас” авиациялык базасы боюнча өз ара мамилелер оптималдаштырылды. Бул аталган нерселерге дагы бир топ өлкө үчүн жетишерлик маанилүү болгон долбоорлорду кошууга болот.
"Кумтөр" долбоору
Соңку 15-20 жылдан бери «Кумтөр» темасы Кыргызстандын маалыматтык- экономикалык аймагында биринчи орунда келе жатат. “Кумтөр” боюнча «Алтын папка» легендарлуу парламентти таркатууда машаанын ролун аткарган. Кыргызстандан Швейцарияга алтынды ташып кетүү жөнүндө сөздөр, ар кандай күбүр-шыбырлар жана да ойго да келбей турган ири өлчөмдөгү пара берүүлөр, шалаакылык, кыргыз чиновниктери тарабынан “Кумтөр” маселеси боюнча улуттук кызыкчылыктарды сатып кетүү сыяктуу сөздөр азыр өлбөс-өчпөс уламышка айланып калды. 2003-жылы эле “Кумтөргө” ээлик кылуу укугуна ээ боло турган Кыргызстан, андан бери 12 жыл өткөнүнө карабастан, дале болсо бул маселени чечүүдөн абдан алыста калып келе жатат.
Айта кете турган бир нерсе, 2010-жылдын апрелинде куралдуу мамлекеттик төңкөрүш жасашкан оппозицияда да “Кумтөр” темасы эң башкы ураандардын бири болуп калган. Бийликке каршы чыккандар андан бул долбоорду улутташтыруу боюнча абдан чуу көтөрүп, кыйкырып чыгышкан эле. Ачыгын айтканда, бул иштеп жаткан комбинатты бардык мыйзамдарды бузуп туруп, тартып алып, канадалыктарды кууп чыгуу боюнча, башкача айтканда, ишкананы рейдерлик жол менен тартып алуу жөнүндө айтылып, Кыргызстандын элин алтынга бөлөп коюуу жөнүндө сөз жүргөн болчу. Эмне демекчибиз, Бакиевден кутулууну ушунчалык самашкан оппозиция лидерлери өз максатына жетишти. А бирок, бул мезгил ичинде, ушунча жылдан бери реалдуу эмне жасай алышты деген суроо туулат? Жана да Бакиев “Кумтөр” маселеси боюнча жетише алган жыйынтыктыр менен салыштырып көрүү керек. Мындай болгон учурда эч нерсени жашырууга болбойт, ал лидерлерге түрткү болгон ар кандай көз караштар жана келишпестиктер жана да себептер келип ачыкка чыгат.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби .
Газеталык билдирүүлөрдөн:
«Ошентип, 1994-жылы ачык бөлүктөгү кенди иштетүү Кумтөр алтын кенинде 316 тоннага барабар болгон. Жер алдындагы бөлүгү - 399 тонна. Ошентип, жалпы запасы 716 тонна алтын болгон.
2007-жылы пайдалуу кен байлыктар боюнча Мамлекеттиккомиссия (ГКЗ) аныктаганы боюнча, Кумтөрдө ошол кезге чейин 352 тонна алтын запасы калган.
2010-жылдын1-январына карата 266 тонна алтын иштетилип чыккан. Ал эми ачык кендеги алтын запасы 129 тонна болгон.
Акаевдин тушунда 1997-жылдан бери – 2004-жылга чейин дээрлик 156 тонна алтын иштетилип чыгып, анын жалпы наркы – 1 млрд. 617 млн. 955 миң АКШ долларына барабар болгон.
Бакиевдин тушунда 2005 – 2009-жылдарда 68 тонна алтын иштетилип чыгып, анын жалпы суммасы 1 млрд. 597 млн. 419миң АКШ долларына барабар болгон.
Убактылуу Өкмөттү башкарган Р. Отунбаеванын тушунда жана Атамбаев президенттик кылган 2010-жылдан2014- жылга чейин 87 тонна алтын иштетилип чыгып, алрекорддук суммага – 3 млрд. 909 млн. 338 миң АКШ долларына жеткен.
Суроо пайда болот– азыркы бийлик бул каражатты кайда жок кылып жиберди?
Анча татаал эмес эсептөөлөр боюнча, алтындын калган запасы азыркы учурда бар болгону 41 тоннаны түзөт. Эми ушунун баарын Центерра 2026-жылга чейин, 11 жыл бою казууну көздөп жатабы? Же алар жер алдынан дагы ачык ыкма менен кошумча алтын казышабы? Бул эмне дегенди билдирет?
Эгерде жер алдындагы алтын бөлүгүн ачык ыкма менен казып алыша турган болсо, анда азыркы технология боюнча Борбордук, Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деп аталган участоктордогу мөңгүлөр толугу менен жок кылынат. Бул эбегейсиз чоң кен запасын иштетүү үчүн дагы бир хвостохранилище курулушу керек. Анткени, азыркысы 316 тонналык карьер запастарына толуп калган.
Бул экологиялык катастрофанын масштабын эки эсеге көбөйтөт. мөңгүлөр эрип, карьерлерге агып кирип, толуп калат. Муну болтурбоо үчүн топурак көчкүнү башка жакка ташуу керек болот, ал төгүлгөн топуракты мөңгү басып калгандыктан, мөңгүнү да жылдыруу керек. Бийлик ушунун баарына билип туруп барууну көздөп жатат. Ушунун өзү эле диверсия жана өз өлкөсүнө карата жасалган кылмыш эмеспи?
2012-жылы парламенттин тапшырмасы боюнча, жана да КР өкмөтүнүн токтомунун негизинде ЗАО «Кумтор Оперейтинг Компани» тарабынан табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын өндүрүштүк коопсуздугун жана социалдык коргоо боюнча нормалардын жана талаптардын аткарылышына текшерүү жүргүзүп, изилдөө үчүн Мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
Комиссия 25 адамдан туруп, алар үч топто Артыкбаев Осмонбектин жетекчилиги алдында иш алып барышкан (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын мурунку директору)- экологиялык жана тоо техникалыкэкспертиза боюнча топтун башчысы, Шыкмаматов Алманбет (мурунку юстиция министри) – юридикалык тарап боюнча жумушчу топтун башчысы, Байгончоков Мирлан (мурунку финансы министри) – финансылык бөлүм боюнча жумушчу топтун башчысы.
Жети жыйын өткөрүлгөн. Алардын баары тең ачык болуп, коомчулуктун жана журналисттердин катышуусу менен өткөн.
2013-жылдын февралында Мамлекеттик комиссиянын отчетун угуп, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши “Кумтөр” боюнча токтомдун бирдиктүү долбоорун колдоп берди».
(Булак - газета «ResРublica" 15.06.2015ж.)
Ал кездеги кырдаалдын уникалдуулугу ушунда болчу, 2005-жылы мага бул алтын кени жыртык тепшидей болгон абалда колума тийген. Кыргызстандын “Кумтөр” боюнча акциялары бар болгону 16% ды түзүп калган эле. Эң соңку 17% дык акцияны премьер Н.Танаев жана анын өкмөтү 86 миллион АКШ долларына сатып жиберген экен. Бакиевдин колуна дал ушундай мурас тийген! Калган акциялардын - 16% дын баасы 85 миллион АКШ долларына барабар болуп, Кумтөр жыл сайын 2-3 миллион доллардын тегерегиндеги салыкты төлөп калган болчу.
Ал эми дагы беш жыл башкарган соң, Бакиев өз элине эмнени калтырды? 16% дын ордуна 33% Кумтөрдүнакциясын калтырганмын, ал кездеги биздин үлүштүн наркы 2010-жылы 1 миллиард 750 миллион АКШ долларына барабар болгон, башкача айтканда, Кыргызстандын үлүшү 85 миллион доллардан 1 миллиард 750 миллион долларга өскөн! Жаңы макулдашуу 2025-жылга чейин, башкача айтканда, бул ишкананын иши аяктаганга чейин Кыргызстан бул компаниядан салык төлөмдөрүнүн эсебинен 3 миллиард АКШ долларын алууга жол ачкан. Ошондуктан, биздин сырткы карызыбыз биздин өлкөгө саясий жактан да, экономикалык жактан да коркунучсуз болуп, анын көз карандысыздыгына кооптонуу туудура алмак эмес. Анын үстүнө, экономиканы турукташтыруу процесси андан аркы өнүгүүлөргө масштабдуу перспективаларды ачмак, дал ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өнүгүү Фонду түзүлгөн, бирок, бул өзүнчө башка тема.
Атамбаев 2007-жылы премьер болуп иштеп турган кезинде Кумтөр тарыхына өз салымын кошууга далалат жасагандыгын эске салып койгум келет. Кумтөр менен жаңы макулдашуу иштелип чыгып, кол коюлган эле, бирок, бул келишим Кыргызстан үчүн биринчи иретте экономикалык көз караш боюнча алып караганда такыр эле пайдасыз болуп калган эле. Ошондуктан, парламент ал келишимди четке каккан. 2009-жылы жаңы пайдалуу келишимге кол коюлуп, ал азырга чейин иштеп, менин элиме өз пайдасын берип келе жатат.
Бакиев кеткенден кийин өлкөнү алтынга чөгөрүп салмакчы болгон Атамбаевдин бийлиги “Кумтөр” боюнча бир дагы суроону чече албай келе жаткандыгы абдан өкүнүчтүү. Мыйзамченемдүү жыйынтык болду: “Кумтөр” боюнча салыктык төлөмдөр азайып, азыркы кезде жылына 100 миллион долларга түшүп калды. Ал эми биздин 1 миллиард 750 миллион долларлык наркы бар акциябыздын аасы 350 миллион долларга чейин азайды. Жалгыз гана ушул долбоор боюнча, кыргыз эли Бакиевди Атамбаевге алмаштыруу менен 1.5 миллиард АКШ долларынан кол жууп калды. Атамбаевдин бийлиги кыргыз элинин чөнтөгү үчүн абдан кымбатка түшкөн, оор жүк болуп калды.
АКШнын «Манастагы» базасы жөнүндө
Бириккен аскерлердин коалициясынын «Манастагы» авиациялык базасы (АКШ деп оку) 2001-жылы киргизип, Акаев Кыргызстанда орун берген эле, ал эң эле мыкты делген учурда Кыргызстанга бар болгону 2 миллион доллар төлөп жүргөн. Ал эми менин тушумда бул “Манас” аскердик базасынан түз жана кыйыр үшкөн төлөмдөрдүн баасы жылына 150 миллион долларга чейин өсүп жетти.
Атамбаев америкалык базаны чыгарып жибергенден кийин бюджетке акча түшпөй калды. Ал эми саясий пайдага келсек, бул деле талаш жараткан маселе бойдон калууда. Ал эми «Кумтөр» боюнча, чыр-чатактардан, талаштардан жана эксперттерге акы төлөп берүүгө кеткен мамлекеттик бюджетке келтирилген көп миллиондук чыгымдардан башка, өлкө эч кандай пайда көрө алган жок. 2009-жылдагы келишимден улам гана Кыргызстан “Кумтөрдөн” алтынга болгон дүйнөлүк баа 30% га азайганына карабастан, чоң суммадагы каражатты алуусун улантып келе жатат. Биздин урпактарыбыз менин өкмөтүм “Кумтөр” боюнча да, “Манас” аэропортундагы база боюнча да Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоодо жасаган жакшы нерселери үчүн өздөрүнүн оң бааларын беришерине мен ишенемин.
“Кумтөрдөн” башка өндүрүштүк компаниялар боюнча айта турган болсок, Кара-Балтадагы килем комбинаты 1984-жылы ишке киргизилип, биздин өлкөдө советтик доор учурунда курулган эң соңку ишкана болуп калды. Ал эми 1990-жылдардан кийин өнөр жай ишканаларынан бир гана Токмоктогу айнек заводу ишке киргизилди. Ошондон бери Кыргызстанда бир дагы тигил же бул өлчөмдөгү мааниси бар өндүрүш курулган жок, менин учурумда гана бул жааттагы иш мурдагы өлгөн калыбынан тирилип, кайрадан козголду. Кызыл-Кыядагы кубаттуулугу 1 миллион тонналык цементзаводу, «Камбар-Ата- 2» гидроэлектростанциясыкурулуп, пайдаланууга берилди. Бул ГЭСтин экинчи жана үчүнчү агрегаттарын пайдаланууга берүүгө негиздер түзүлдү.«Джунда»нефти иштетип чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Дагы бир кичинекей сүртүм: Ыссык-Көлдө көз карандысыздык мезгилинде Акаевдин тушунда бир дагы жаңы пансионат курулбаса, мен башкарып турган кезде 5 жыл ичинде 11 жаңы пансионаттар курулду.
Атамбаев жана анын командасы жалпы улутташтыруу боюнча процессти баштап алышып, алиге чейин аны бүтүрө албай келе жатышат. Бул китепте белгиленген реалдуулуктар эки президенттин ишмердигиндеги олуттуу айрымачылыктарды көрүүгө мүмкүндүк бере алат. Менин тушумда “Каражатка жараша жашоо керек” деген ураан гана айтылып тим болбой, колдо бар каражаттарды да акыл-эс менен чыгымдоо адаты пайда болду, бул айрыкча гранттарга тиешелүү болду. Мен бир нече мисалдарды келтиргим келет. 2008-жылы менин Кытай Эл Республикасына жасаган расмий иш сапарымдан соң, Кытай тараптан Кыргызстанга абдан чоң суммадагы грантты бөлүп берүү жөнүндөгү келишимге жетиштик. Андан соң бул грантты кандай түрдө алуу пайдалуураак болот деген суроо жаралганда, мен эч ойлонбостон туруп, ал грантты айыл-чарба шаймандык техникалары түрүндө алуу биздин фермерлердин эң эл орчундуу муктаждыктарына жооп бере алат жана да алардын айыл чарбасындагы милдеттерди чечүү талабына жооп берет деп чечтим. Өлкөгө 1000 трактор келип, бул техниканы бардык областтар жана райондор алышты, ал техника азырга чейин иштөөнү улантып келе жатат. Эсимде, Ошто тракторлорду тапшыруу учурунда аянтта бир аксакал мага мындай деди: «Мына, эми сен чыныгы азамат экениңди баарына көрсөтө алдың. Акаев биздин станокторду жана заводдорду Кытайга металл сыныктары түрүндө жөнөтүп жиберсе, сен аларды кайра трактор түрүндө кайрадан кыргыз элине алып келип бердиң. Бул үчүн сага чоң ырахмат, уулум».Мындан сырткары, ушул аталган КЭРнын грантынын эсебинен ШКУнун Кыргызстандагы юбилейлик жыйыны алдында мамлекеттик резиденцияда 6 конок үйү, конгресс-холл курулуп, мамрезиденциянын өзүн олуттуу реконструкциялоо иши жүрдү. Ал жерде 1960-жылдардан бери такыр эч нерсе курула элек болчу. Ошентип, дээрлик 40 жыл өткөн соң, мен өңү өчө түшкөн өлкөнүн кадыр-баркын кайрадан көтөрүүгө, Кыргызстан татыктуу жана жагымдуу жүзгө ээ болушу үчүн колумдан келген аракетимди жасадым. Менин учурума туш келгендей эле мөөнөттө азыркы бийлик бүгүнкү күнгө чейин кайсыл бир олуттуу ишти бүткөрө алдыбы? Кыргызстанга гранттар келүүсүн улантып жатат, бирок ага эл муктаж болгон тракторлорду алып келбей, ал каражатка тар чөйрөдөгү жакын адамдар жана элита үчүн мерседес жана кадиллактарды сатып алып жатышат.
«Кыргызгаз»
Менин тушумда биздин Өзбекстан менен болгон өз ара байланыштарыбызда мурда эч качан болуп көрбөгөндөй бири-бирибизге болгон ишеним, чыныгы бир туугандык мамиле жаралды, бирок, азыр болсо ал мамилелер түп-тамырынан бери кыйрап калды. “Кыргызгазды” бир долларга сатуу жөнүндөгү чечим элге каршы жасалган иш, ачыгын айтканда кылмыш болуп эсептелет, мен муну башкача деп атай да албаймын.Депутаттардын бири айтмакчы: «Биз Кыргызгазды сатып жибердик, эми

#12 06 November 2016 - 19:51
болсо бизде “Кыргызгаз” да, газ да жок». Бирок, биздин ал компаниядан айрылып калганыбыз - бул газ маселесинин жалпыга көрүнүп турган гана чокусу болуп эсептелет. Балким, Атамбаев өзүнүн кызматка дайындалышы үчүн акы төлөп берип, өзүн колдоп беришкендердин ишенимин актагысы келген чыгар, бирок, ал мындай болгон кезде акы төлөөнүн абдан туура эмес эсебин тандап алган. Биздин убакта, мен бийликке келгенге чейин көп мезгил мурда эле газ маселеси пайда болуп турчу, бирок, биз аны чеччүбүз. “Кыргызгаз” компаниясы эч качан чыгымдуу болгон эмес, анын карыздары айдан айга, жылдан жылга өтүп туруучу, ал эми газ иш жүзүндө керектөөгө жараша төлөнүп турчу. “Кыргызгаздын” уланып жүрүп олтурган карызы болжолдуу алганда 2-3 млн. АКШ долларына жакын болчу. Мен бул багыттагы ишти кыйла ийгиликтүү деп эсептечүмүн,
дал ошондуктан улам, өз кезегинде “Кыргызгаздын” жетекчиси Игорь Чудинов Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. Демек, бул компанияны бир долларга сатуудан мурда, 40-50 млн долларлык карыз кантип чогулуп калганын талдап көрүп, кимдин мында күнөөлүү экендигин аныктоо керек болчу. Биринчи иретте, андай зыянды ким алып келгендигин тактап, андай уурдоолорго катыштыгы барлардан бул чыгымды жабуусун мыйзам боюнча эң катуу талап кылуу керек болчу. Ошондон кийин гана Атамбаев эгерде “Кыргызгазды сатууну чечсе”, бүткүл системанын реалдуу наркын аныктоо зарыл болчу. Ал системада узундугу 120 км магистралдык чоң диаметрдеги жогорку басымдагы түтүкчөлөр,
узундугу 700 км магистралдык орточо басымдагы орто диаметрдеги түтүкчөлөр,
жана дагы узундугу 12 миң километр келген төмөнкү басымдагы түтүкчөлөр бар болчу. Буга дагы кошумча иретинде Сокулуктагы жана Жалал-Абаддагы эки бириккен газ станцияларын,
үч жүздөн ашуун газды бөлүштүрүүчү щиттердив (ЩРП), Майлуу-Суудагы жана Шахимардандагы сыйымдуулугу 5млрд.куб болгон 2 чоң газ сактоочу жайды айтуу керек. Ушунун баары башка жабдыктарды жана шаймандарды эске албай туруп айтканда гана. Менин оюмча, аны баалоодо “Кыргызнефтегаз” чалгындап чыккан, Кыргызстандын жер астындагы 7 млрд куб газ запастары, жана да газ транспорттоо инфраструктурасы үчүн бөлүнүп берилген, “Кыргызгаздын” өз менчиги катары саналган жердин наркы да эске алынышы керек болчу».
Кыргызстан – чакан гана тоолуу өлкө, анын Армения менен айрым окшош жактары бар, калкынын саны боюнча бул республикадан чоң экендигине карабастан. Мына эми карап көргүлөчү, “Армянгаз” ошол эле Газпромго Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн алдында 750 млн АКШ долларына сатылган. Менин оюмча, “Кыргызгаз” андан арзан эмес эле, тескерисинче, андан кымбатыраак болушу мүмкүн эле.
Андай болсо эмне үчүн өзүнө турган наркы бери эле болгондо 750 млн доллар турган элдин менчиги 1 долларга сатылып кетти? Ким бул үчүн жоопко тартылышы керек? Ким буга уруксат берди жана ким ушундай бүтүмгө барды? Жок эле дегенде, бул суроону референдумга коюу керек болчу. Республиканын мүлкүн мындай чарбасыз шалаакылык менен чачып кылууга, анын ичинде юридикалык жактан да өзүнүн баасы берилип, элдик байлыкты жок кылууга багытталган мындай чечимди кабыл алышкандар татыктуу жаза ала турган убакыт келерине мен ишенемин.
Окурман Бакиев өзүн өзү мактап жатат деп ойлоп калбасы үчүн, мен социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү айрым бир негизги көрсөткүчтөрдү таблица түрүндө келтирип кетким келет. Анда Акаев мезгилиндеги статистикалык маалыматтар биздин 2009/2010-жылдардагы жыйынтыктар менен салыштырылган.
2006-2007-жылдардагы Конституциялык реформалар
Ар кандай социалдык толкундоолор адатта көп кырдуу себептерден улам келип чыгып, кээде жарандарды эң эле акыркы деп эсептелген чараларга барууга мажбур кылат. 2005-жылдын март айында түзүлүп калган коомдук-саясий кырдаал абдан чыңалган жана жарылып кете турган чекке жетип калган болчу. Өлкөдөгү терең системалык кризис жана бийликтин реформаларды жасоого барууга жөндөмсүздүгү адамдарды аянтка алып чыкты. 2005-жылдагы парламенттик шайлоолордо өтө орой укуктук бузуулардын орун алышы Кыргызстандын элинин эң соңку чыдамын кетирген, массалык нааразычылыктарга түрткү болгон жардыргыч зат болуп калды, ал нааразычылыктар учурунда элдер акыйкаттыкты жана мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып жатышты. Эреже катары, мындай учурларда саясий оюнчулар абдан активдешип кетишет да, саясий системанын, дегеле мамлекеттин өнүгүшү боюнча ар кандай варианттарды сунуш кыла башташат. Албетте, көпчүлүк жарандар жана коомдук ишмерлер бул кризистен эптеп чыгып кетүүчү жолдорго мүмкүндүк бере ала турган чараларды ак дилинен издөөгө багыт алышат. Бирок, сөзсүз түрдө мындай учурду пайдаланып калып, атайын иштелип чыккан ыкмалардын аркасы менен коомчулукту талаштын чыныгы маңызынан адаштырып, жарандардын башын айлантып, ошол аркылуу өз кызыкчылыгына жетишкен саясатчылар да болушат. Кризистик учурда өздөрүнүн геосаясий амбицияларына жетүүнү көздөшкөн, өз эрежелерин таңуулап, элдик массаны башкарып алууга умтулган сырткы факторлор жана күчтөр да аралашып кетишет.
2005-жылдагы март революциясынан кийин конституциялык реформа жөнүндө мыйзамченемдүү суроо жаралды, жаңы бийлик жарандардын бийликти жана анын институттарын, саясий системаны, мамлекеттик түзүлүштү жана дегеле коомду толугу менен түп-тамырынан бери акыйкаттык менен жаңылап, кеңири масштабдагы экономикалык реформаларга баруу жөнүндөгү талабын канааттандырууга милдеттүү болчу. Ошол күндөрдө менин көп тарапкерлерим бардык маселелерди “декреттик” жол менен чечүүгө барууну сунушташкан, алар кийинчерээк, 2010-жылы бийликке келишкен соң өздөрү ушул жолго барышкан. Бирок, мен мындай мыйзамсыз ыкмаларга барууга караманча каршы болуп туруп алдым. Конституциялык реформа жолу менен чече турган негизги маселе саясий инфраструктуранын ар түркүндүүлүгү менен байланышкан болчу, коом ар кандай саясий багыттагы көп топторго бөлүнүп калган эле. Саясий процесстин субъектилери Кыргызстандын мындан аркы саясий түзүлүшү боюнча диаметралдуу карама-каршы моделдерди сунуш кылып жатышкан. Коомдогу кооптуу же агрессивдүү маанайды басаңдатып, жумшартуунун ордуна, ансыз деле туруксуз болуп турган саясий системаны ого бетер шалдыратып салууга кызыкдар болуп турушкан күчтөр да көп эле. Президенттик башкаруунун америкалык системасынын модели, Батыш Европанын парламенттик системасы, аралашма формадагы башкаруу системалары сунуш кылынып жаткан. Биздин алдыбызда – бардык саясий күчтөрдүн, а эң башкысы - өлкө жарандарынын кызыкчылыктарын канааттандыруу деген абдан кыйын милдет турду. Демек, тарыхый жактан улантып кетүүчүлүктү, жана ошондой эле өлкөдөгү реалдуу саясий жана экономикалык кырдаалды эске алуу менен бирге, эң эле натыйжалуу моделди тандап алуу зарыл эле.
2005-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык Кеңеш түзүлгөн, анын курамы өлкөдөгү дээрлик бардык саясий боектун баарын чагылдырып турган. Ага мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, сот бийликтеринин, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү киришкен. 2005-жылдын апрелинен баштап, бул кеңеш иштей баштаган. Алгач КК 105 мүчөдөн турса, кийинчерээк жарандык коомдун жана саясий партиялардын талабы боюнча 300 мүчөгө чейин кеңейтилген. Конституциялык Кеңештин секретариатына алгач иштей баштаган күндөн баштап эле, Негизги Мыйзамдын көптөгөн долбоорлору, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардан конкреттүү сунуштар жана эскертүүлөр келип түшө баштаган.
Сунуш кылынган долбоорлордун арасында Элдик Жыйын идеясы бар академик Т. Койчуевдин иши, депутат К. Байболовменени Ф. Куловдун парламенттик- президенттик башкаруумодели, коомдук ишмер С. Назаровдун кыргыз элинин менталитетине жана каада-салттарына таянган моделдери башка иштерден кыйла айрымаланып турду. Көп долбоорлор жалаң гана элдик каада-салттарга жана да кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый институттарына негизделиптир.
Асыресе, Конституциялык Кеңештин иши күтүлгөн жыйынтыкты бере алган жок, анткени, анын мүчөлөрү реформанын негизги жоболору боюнча бирдиктүү бир позицияны иштеп чыга алышкан жок. 2005-жылдын күзүндө өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жалпы элдик талкууга алуу учурунда айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү талдоо дагы бул маселенин маңызын жеткире түшүнбөгөндүктү жана карама-каршылыктуу көз караштардын орун алгандыгын көрсөттү. Жалпы элдик талкуунун көпчүлүк катышуучулары жана Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү биринчи иретте башкаруу формасын тандап алып, андан соң гана Негизги мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришүү зарыл экендигин түшүнүштү.
2005-жылдын декабрында Конституциялык Кеңештин жыйынында 2006-жылы башкаруунун формасын, же Конституциянын долбоорлорунун варианттарын бирин тандап алуу үчүн жалпы элдик референдумду өткөрүү чечими кабыл алынган.
2006-жылдын жазынан баштап, атайын түзүлгөн эксперттик топтун Негизги мыйзамдын варианттарынынын маңызын түшүндүрүп берүү үчүн республиканын бардык региондоруна баруулары башталды. Электорат менен болгон ошол жолугушуулардын жыйынтыктары жөнөкөй элдин басымдуу бөлүгү күчтүү бийлик, күчтүү президент жана да элдин алдында жоопкерчиликтүү болгон мамлекеттик органдарды көргүлөрү келип жатканын билдирип турду. Чоң эсеп боюнча алып караганда, элге анын коопсуздугун камсыз кылып, эң эле зарыл болгон керектөөлөрүн жана муктаждыктарын камсыз кыла алган бийлик керек болчу, ал эми ал бийлик кандай башкаруу формасында болот – мунун көпчүлүк үчүн мааниси деле жок болчу.
Ошол эле учурда, өлкөдөгү кырдаал күн өткөн сайын уламдан-улам чыңалып, көп саясатчылар парламентаризм идеясын, референдум мындай турсун, эч кандай талкууларсыз эле күчкө салып өткөрүүгө, тез аранын ичинде парламенттик башкаруу системасына негизделген жаңы конституцияны кабыл алууга далалат кыла башташты. Массалык-маалымат каражаттарында айрым “эксперттердин” жазгандары жарыяланып, алар демократияны элдин көз карашын, каалоосун аныктабай туруп эле курууга болот, мындай ийгиликке жетүүгө күчтүү саясатчылардын тар чөйрөсү эле жетиштүү деп далилдөөгө аракет кылып жатышты.
Негизги талаш президент жана парламенттин ыйгарым укуктарынын тегерегинде жүрдү. Парламенттик республика идеясын кабыл алууга болбой тургандыгын түшүнүү менен бирге, биз белгилүү бир өлчөмдөгү компромисстерге жана макулдашуу жол-жоболоруна барууга мажбур болдук. Ошол эле учурда, өзүбүзгө алган жоопкерчиликти түшүнүп, мен Конституциялык Кеңештин секретариатына компромисстик сунуштарды эске алуу менен, бийликтин аралашма модели боюнча долбоорду даярдоону тапшырдым. Бул долбоордун негизги идеясы күчтүү жана жоопкерчиликтүү бийликти орнотуу менен байланышкан эле, башкача айтканда, - күчтүү президент, күчтүү парламент, көз карандысыз сот жана күчтүү жарандык коом деген схеманы ишке ашыруу каралган болчу. Абдан катуу талаш-тартыштарды жараткан негизги эки суроо - өкмөттү түзүүгө жана анын көзөмөлгө алынып, отчет берүү жол-жобосуна барып такалып жаткан. Экинчи эң эле тагдыр чечүүчү маанилүү маселе – Конституциялык соттун тагдыры болуп калды. Алгач мен Жогорку сот менен Конституциялык сотторду 2010-жылдан кийин жасашкандай, бириктирип салууга ынанып турган элем. Бирок, узакка созулган ойлонуудан жана консультациялардан кийин, мен Конституциялык сотту конституцияны коргоо боюнча өз алдынча орган катары сактап калуу керек деген чечимге келдим. Бул туура чечим болгон деп эсептеймин. Соттук акыйкаттык милдеттери ар түрдүү болгон сот органдарын бириктирип салууга болбойт.
2006-жылдын ноябры бурулуш жасаган учур болуп калды, “Реформалар үчүн” кыймылынын кысмакка алуусу менен, биз конституциянын жаңы редакциясын кабыл алдык. “Ак Үйдүн” тегерегинде жана “Ала-Тоо” аянтында эмне болгондугу баарынын тең эле эстеринде жакшы сакталып калган болушу керек. Бирок, коомчулук ошол күндөрдө республиканын тагдырына байланышкан мамлекеттүүлүктүн негиздерине кандай коркунучтар жаралганы жөнүндө азырга чейин билбейт. Оппоненттер тарабынан чогултулган канчалаган боец-спортсмендер чабуул жасоого даяр турушкан, алардын колдорунда көп куралдар бар болуп, ушунун өзү эле кан төгүүгө алып келиши мүмкүн эле. Куралдар жада калса Өкмөт Үйүнүн жанына токтотулуп коюлган жеңил машиналардын ичинен да табылып жатты. Ошондуктан, конституциянын компромисстик вариантынын пайда болушун ошол кездеги саясий кризистин курчуп кетишинин башкы жыйынтыгы катары эсептөө керек. Көчө жана оппозиция лидерлери ошол жылы ноябрда өз эрктерин абдан катуу таңуулашкандыктан, бул долбоор макулдашуучу жумушчу тобу тарабынан тез аранын ичинде, эч экспертизасыз жана терең талдоосуз даярдалган болчу. Дагы бир жолу кайталап айтып коеюн, - өз пикирлештеринин колдоосуна таянышкан көчө трибуналары тез аранын ичинде Негизги мыйзамды кабыл алууну талап кылышкан. Туруктуулукту сактап калып, алдын ала айтууга мүмкүн болбогон окуялардын келип чыгышын болтурбоо үчүн, биз ноябрдагы конституцияга кол коюуга барганбыз. Мен ошол кезде түзүлгөн кырдаалды драмалаштырып жаткан жокмун, бирок, өлкө чындыгында эле жарандык согуштун, бөлүнүп кетүүнүн жана кан төгүүнүн алдында турган.
Айрым бир тар чөйрөдөгү адамдар үчүн бул өлкө үчүн тагдыр чечүүчү күндөрдө улут кызыкчылыгы улам арылап, артка сүрүлүп, алардын өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары улам барган сайын алдыңкы орунга чыга баштаган. Бул адамдар жаңы бийликтин ишине тоскоолдук кылуу үчүн баарына барууга даяр турушкан. Конституциялык реформа бүтпөй калганын түшүнүп турсак да, биз коомдогу чыңалууну азайтуубуз керек болчу, анткени, кабыл алынган долбоордо көптөгөн карама-каршылыктар орун алып, мамлекеттин негиздерин кыйратуучу нормалар негизделип калган эле. Тилекке каршы, азыркы иштеп жаткан 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда да чала иштелип калган жагдайлар бар. Бул партиялардын бөлүштүрүп алуу принцибинин негизинде түзүлгөн бийликтин жоопкерсиздик мамилесин жараткан жана ушуга жол берген жоболорго байланыштуу, бул болсо коомчулуктун бөлүнүп-жарылуусун жаратып, саясий топторго карата көз боемочулук мамиле кылып, аларды бири-бири менен кагыштырууга, алардын ички партиялык ишмердигине бөлүү жана алсыздандыруу максатында таасир этүүгө мүмкүндүк берет. Саясий оппоненттер үчүн ошол кезде президенттин жана парламенттин ыйгарым укуктары жөнүндөгү маселе гана кызыктуу болуп турган. Алар адам укуктары маселесине, соттордун көз карандысыздыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүргүзүлүшүнө кызыгышкан эмес. Эң башкысы - парламенттин пайдасына ыйгарым укуктарды көбүрөөк берип, президенттин бийлигин алсыратуу гана болгон, калган маселелердин баарына тең алар кайдыгерлик менен карашкан.
Биздин соңку жаңы тарыхыбыз абийирлери таза эмес саясатчылар тарабынан жасалган интригалуу, саясий оюндарга жана фактылардын бурмаланган мисалдары абдан көп, алар өз жеке амбицияларын канааттандырып, өз максаттарына жетүү үчүн баарына барууга даяр турушкандыктан, бул көп учурларда өтө трагедиялуу жыйынтыктарга алып келип жатат.
Мен өз ишмердигимде интригачылардын жана абийири таза эмес саясатчылардын кысымын такай сезип келдим, бул айрыкча конституцияны даярдоо мезгилинде болду, бирок, мен аларга коомчулукка жана элге таянуу менен туруштук бергенмин. Дал ошондуктан улам, Конституциялык Кеңештин курамы ушундай чоң болгон. Жарандык коомдун ролу саясатчылардын таасирине караганда алда канча маанилүү болуп келген, анткени, алар конституциялык өзгөртүүлөр боюнча маанилүү эскертүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү сунуш кылыша турган. Ошентсе да, эң соңку чечимди кабыл алуу саясатчылардын колундагы нерсе болгондуктан, өлкө жетекчиси үчүн бул маселелердин чечилбестен кала бербей, бузулбай кабыл алынышы маанилүү болчу. Парламенттик башкаруунун натыйжасыздыгын, демек, ушундай ошол кездеги биздин шарттарда жоопкерсиздикти, башкарууну жок кылып, хаосту колдогон системаны кабыл алууга болбостугун тажрыйба көрсөттү. Баштан өткөн тажрыйбадан өткөн мыкты окутуучу жок, - ал кымбат бааны алат, бирок, абдан жакшы түшүндүрөт деген сыяктуу эле болду.
2006-жылдын ноябрында кабыл алынган Конституция бир нече күн өткөндөн кийин эле ыңгайсыз сезимдерди жаратты, анткени, Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү кабыл алууга болбой турган жоболорду камтып калганын түшүнүштү. Анан калса, эң эле уят нерсе, бул текстте Конституциянын өзүнүн иштешине тыюу сала ала турган нормалар кирип калгандыгы болду. Муну кандайча түшүнүүгө болот? Биринчи жободо 1993-жылы 5-майда кабыл алынган КР Конституциясын тиешелүү редакцияда кароо жөнүндө сөз болсо, акыркы жободо аны толугу менен күчүн жоготкон жобо катары кароо айтылган. Ошентип, жаңыланган Негизги мыйзамдын вариантын жазуу менен катар эле, анын иштебей тургандыгын таануу дагы сунуш кылынган. Кабыл алынган конституциянын жоболору өкмөттү түзүү маселесинде дататаалдык жаратты. Мындай учурлар арбын учурады. Мындай мыйзам чыгаруучу нонсенс парламенттик система идеясына үндөшкөн жоопкерчиликсиз саясатчылардын кысмагы алдында гана мүмкүн болду. Эң эле жулкунгандар Өмүрбек Текебаевдин шакирттери болду, ал үчүн болсо парламентаризмди өнүктүрүү эмес эле, Бакиевдин бийлигин алсыздандыруу эң эле маанилүү маселе болчу.
Бул коллизияны түшүнүшкөн соң, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары КР Конституциясынын жаңы долбоорун демилгелеп чыгышты, андан кийин 2006-жылдын 30-декабрында парламент анын жаңы редакциясын кабыл алып, көп карама-каршылыктарды жок кылды, бирок, башкаруу системасы өзгөрүүсүз калтырылды. Эң башкысы, - ноябрдагы жана декабрдагы конституциялар бийликтин колун байлап, масштабдуу реформалардын жүргүзүлүшүн жокко чыгарды. Ноябрдагы жана декабрдагы конституцияларды кабыл алуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары ЖК регламентине толуктоолорду киргизүү жолу менен кабыл алуу жол-жобосун дагы бузушканы жөнүндө дагы айтпай кое албаймын. Алар конституциянын өзүнүн талаптарын айланып өтүү менен бирге, ага Конституциялык соттун чыгарган жыйынтыгы жок туруп толуктоо киргизүүгө барышты. Ошол эле учурда, аны абсолюттук көпчүлүк добуш менен, эки жолкудан аз эмес окуудан кийин кабыл алуу керек деген конституциялык талапты эки жолу тең бузушту. Жогоруда келтирилген айрым көрүнүштөр биздин көптөгөн карама-каршылыктарды жыйып алгандыгыбьзды, ал эми конституциялык реформа өзүнүн аягына чейин чыгарылбай калганын күбөлөп турат.
Ноябрдагы жана декабрдагы конституциялар кабыл алынгандан кийин мен - аны нейтралдуу, адистер – саясатчылар эмес, юристтер жасашы керек деген жыйынтыкка келдим. Алар дайыма өз кызыкчылыктарына карата тарта беришет. Саясатчылардын милдети принципиалдуу суроолорду компромисстик негизде чечүү менен гана чектелиши керек. 2006-жылдагы Конституцияны кабыл алууга байланышкан бардык процесстер бир гана бийликти бөлүштүрүү максаты менен чектелди. Ошентсе да, кабыл алуу кыска убакытта болуп, кемчилдиктер орун алгандыгына карабастан, бул конституциянын тексттеринде заман талап кылып жаткан жаңы жоболорду жетишерлик санда бекитүүгө жетиштик. Ошондой өтө келечектүүлөрү эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун тастыктоо боюнча гендердик теңчилдик жана аны ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндөгү норманын бекитилиши болуп калды. Адам эркиндиги жана жаран укуктары багытында мамлекет кош жарандуулукту тааныды, өлүм жазасына тыюу салынды. Камакка алуу жөнүндөгү санкциянын сот органдарына өткөрүлүп бериши жөнүндөгү нормада кармалган адам өзүнүн кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө суроону чечүү үчүн 24 сааттын ичинде сотко жеткирилиши керек деген сыяктуу нормалар да олуттуу жетишкендик болуп калды. Саясий системаны өркүндөтүү маселесинде КР Жогорку Кеңеши 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланышы керек деген жобо да жаңы киргизилди, ошол эле учурда алардын 50 пайыздан кем эмеси пропорционалдуу система боюнча шайланышы керек болду. Ушул позитивдүү өзгөрүүлөрдүн баары тең - аң-сезимдери жогорку деңгээлдеги жарандардын, кайдыгер карай албаган жарандык коомдун сиңирген эмгеги болуп калды.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби .
2007-жылкы Конституциялык реформа 2007-жылдын октябрындагы жаңы редакцияны кабыл алуу менен аяктады. Эми кыйла убакыт өткөн соң, бул документ бир бүтүн, системалуу жана салмактуу болгондугун, бийликке республиканын турмушундагы бардык тармактарда мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө натыйжалуу жана динамикалуу мүмкүнчүлүктөрдү берген деп айтууга болот. Конституциянын 2007-жылдагы редакциясы авторитардык катары сынга алынып келе жатканына карабастан, ал бардык конституциялык институттардын иштешин так жана түшүнүктүү жөнгө салгандыгы менен айрымаланып турат, ар бир конституциялык субъект өзүнүн ыйгарым укуктары жөнүндө ачык түшүнүктөргө ээ болуп, аларды ишке ашыруудагы жоопкерчиликтерин билип келген. Дал ушундай жазылган нормалардан улам гана, биз

#13 06 November 2016 - 19:52
кыска убакыттын ичинде саясий реформалоодо,
экономикада,
социалдык тармакта көрүнүктүү жыйынтыктарга жетише алдык.
Кийинки бир нече жылдын ичинде, биз мурунку ондогон жылдарда жасалбаган иштерди жасай алдык. Бул дал ошол 2007-жылы кабыл алынган Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынан улам мүмкүн болду. Мен муну ошол жылдардагы көптөгөн жаңы программаларга жана долбоорлорго өздөрү түздөн-түз аралашкан мурунку жана азыркы мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлеринин эстеринде болсо керек деп ойлоймун. Алар эки мезгилди тең салыштыра алышат, жана да 2010-жылга чейин алардын эмгеги канчалык натыйжалуу болгондугун белгилей алышат. Биз көп мамлекеттик программалардын жана улуттук долбоорлордун пакетин иштеп чыктык, мамлекеттик, коомдук жана маданий тармактардын баарын өзүнө камтып турган долбоорлорду жана программаларды даярдадык. Эгерде аларды өз учурунда бүтүрүүгө мүмкүндүк түзүлгөн болсо, биз өлкөдөгү абалды жакшы жагына кескин өзгөртүүгө жетише алмакпыз, ал эми өзгөрүүлөрдүн динамикасы жана алардын жыйынтыгына азыркы учурда татыктуу баа берүүгө болмок.
Мен транспорт коммуникациясындагы стратегиялык жактан маанилүү долбоорлор жөнүндө жана да Кыргызстанды башка айланадагы курчап турган өлкөлөр менен байланыштырган, бүт тараптан чулгап турган трассалар жөнүндө, энергетика тармагындагы республиканын чыныгы көз карандысыздыгына пайдубал түзгөн долбоорлор жөнүндө, мен башкарып турган соңку жылдарда Кыргызстанга агып келе баштаган масштабдуу инвестициялар жөнүндө жогоруда айтып кеттим. Бул долбоорлордун бир бөлүгү азыркы бийлик тараптан анын жеке өзүнүн идеялары жана иштеп тапкан жетишкендиктери катары пайдаланылып келе жатканы жашыруун эмес. Мейли, ким аларга автор болгону анчалык деле маанилүү эмес, эң башкысы, алар республикага пайда алып келсе болгону. Тилекке каршы, биздин көп ойлор жана пландар пайдаланылбай, же атайылап жаман көрсөтүлүп калды. Анткени, азыркы жоопкерсиздик системадан жана ишкердиктеги шал болуудан улам алардын ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Кытай, Кыргызстан, Өзбекстанды байланыштырган темир жолдук магистральды куруу боюнча долбоорлор жана ойлор ушундай тагдырга туш болду. Эгерде ишке аша турган болсо, Кыргызстанга Пакистан жана Индия аркылуу Индия океанына чыгууга мүмкүндүк берген ТРАСЕКА долбоору дагы бүлгүнгө учурады. Мен башка анчалык глобалдуу эмес болсо да, бирок мааниси боюнча андан кем калбаган, - айыл чарбасын, сот системасын, мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоо жөнүндө долбоорлор тууралуу, Кыргызстан Евросоюз менен болгон кызматташтыкта жетише алган тыгыз кызматташтык жөнүндө айтпай эле коеюн. Ушул бардык башталып калган иштер апрельдеги төңкөрүштөн соң түп-тамырынан бери жулунуп жок кылынды.
Бир гана күчтүү, профессионал жана мобилдүү бийлик гана бардык маселелерди тез аранын ичинде чечип, аларды ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликти өзүнө ала алат. Баса белгилеп коеюн: 2007-жылы күчтүү президенттик бийлик системасын жана масштабдуу реформаларды камсыз кыла алган, ага ылайык Конституцияны тандап алууну, биз билип туруп жана ошол максаттарга жетүү үчүн тандап алган элек.
Тилекке каршы, азыркы иштеп жаткан 2010-жылы кабыл алынган конституция андан мурунку вариантка салыштырмалуу да алсыз болуп эсептелет. Ал ушундай абалда түзүлүп калгандыктан, эч ким эч нерсе үчүн жооп бербейт, ал эми президент такай өз ыйгарым укуктарынын чегинен сырткары чыгып, ошонусу менен бирге Негизги мыйзамдын жоболорун бузууга барып жатат. Анда өкмөткө көрсөтмөлөрдү берүү боюнча, ички жана тышкы саясатты аныктоо боюнча ыйгарым укуктары жок, бирок ал бул процесстерге такай кийлигишип келе жатат. Президентке ал КР Конституциясынын, адам эркиндигинин жанажаран укуктарынын гаранты деген ыйгарым укук берилген эмес.Андай болгон соң, анын өзү такай конституциялык нормалардыбузуп жатканына таң калуунун деле кереги жок, соттор да, бардык деңгээлдеги чиновниктер да, жада калса мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөш керек болгон прокуратура да дал ошондой кылып келе жатышпайбы.
Ошентип, мен эки жарым жылдан ашуун убакытка созулган конституциялык реформа бекем, туруктуу, мобилдүү жана жоопкерчиликтүү бийликти орнотконуна эч кандай шегим да жок, ал бийлик өлкөдөгү саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууга, адам эркиндигин жана жарандардын укуктарын, коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмдүү болчу. 1993-жылдагы конституциянын эрежелерин жана ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирүүнүн натыйжасында, 2007-жылдагы редакциясы боюнча мамлекеттик бийлик ушул китептин экономикага, стратегиялык долбоорлорго, кризистик кубулуштарды жеңип чыгууга арналган бөлүктөрүндө айтылып кеткен жетишкендиктерге жетише алды. Өлкө бутуна бекем туруп, боюн түздөп алып, абдан тез өнүгө баштаган болчу, - бул дал ошол 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүшкө чейин дал ушундай болуп келген. Муну баары ачык көрүп турушкан, биздин душмандарыбыз да, эгерде колдон келген бардык ыкмаларды жана каражаттарды колдонуп туруп, өлкөнү өнүгүү жолунан тайбай бара жаткан багытынан тайдырышпаса, анда алардын мындан ары эч мүмкүнчүлүктөрү болбой турганын түшүнүп турушкан.
Убактылуу Өкмөттүн декреттери жөнүндө
Адамдын чыныгы ниетин анын курулай сөздөрү жана убадалары эмес, ошол сөздөрдөн кийин жасаган реалдуу кадамдары жана иштери билдирип турат. Оппозиция лидерлери 2010-жылдын 7-апрелиндеги кан төгүлгөн мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келишкен соң, бул "революционерлер" абдан көп сүйлөшүп, ал тургай курман болгондордун денелеринин жанында туруп ант берип да жиберишкен, өздөрү укуктук, демократиялуу мамлекет курушарын, анда бийлик элге таандык болуп, коррупцияга жана тар чөйрөдөгү адамдардын өз кызыкчылыктары үчүн башкаруусуна жол берилбесин айтышкан. Арийне, Убактылуу Өкмөттүн эң алгачкы кадамдарына юридикалык баа берүү эле, алар өздөрүнүн эң башкы максаттарына – менчиктерди, бийликти бөлүштүрүп, Кыргызстандын бардык улуттук ресурстарын жеке өздөрү пайда табуу үчүн сатууга мүмкүндүк түзгөн мыйзамдарды жаратууга чечкиндүү түрдө бет алышканын күбөлөндүрүп турган.
Убактылуу өкмөттүн декреттерине мыйзамсыз акт катары көп адистер, саясат таануучулар жана юристтер өз бааларын беришкен, мен да алардын пикирине макулмун. Азыркы учурда декрет чыгаруу - нонсенс. Көп адамдарга бул шашылыш кабыл алынган декреттер юридикалык сабатсыздык, убактылуучулардын жоопкерсиздиги жана да мындан дээрлик жүз жыл мурда болгон, романтикалуу сыяктуу сезилген революциялык демилгелерди ашкере тууроодой болуп көрүнүшү да мүмкүн эле. Бирок, алардын кийинки бардык аракеттери жана окуялардын өнүгүү логикасы, алардын мындай чарага алдын ала билип туруп, өлкөнү юридикалык коллизияга алып барып, туюкка камап салып, укуктук жактан башаламандыктардан пайдаланып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, биринчи иретте мүлктүк кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталгандыгын айкын далилдеп турат. “Жалындуу” декреттер шашылыш кабыл алынган соң, төңкөрүшчүлөр жалаң улутташтыруу маселелерине байланышкан декреттерге гана көңүл буруп олтуруп алышты. Жеке менчиктерди кайрадан бөлүштүрүү – “революциялык акыйкаттык” деген жалган жалбырак менен бул кызыкчылыктарын жабышка аракет кылышканы менен, убактылуучулар башынан эле дал ушунун өзүнө умтулушкан болчу.
Дал акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү ошол сыртынан кулакка жакшы угулган шылтоолорго өздөрүнүн абдан коркунучтуу максаттарын – мамлекеттин негиздерин жана укуктук системанын негиздерин талкалоо үчүн декреттер идеясын атайылап түртө салышканан адегенде түшүнүшкөн да эмес. «Канчалык жаман болсо – ошончолук жакшы» деген ураан, меннн оюмча, Убактылуу Өкмөттүн аракетиндеги логиканы абдан так мүнөздөп турат. Болбосо анын мүчөлөрүнүн аракеттерин башкачаквалификациялоо мүмкүн эмес.
Куралдуу күч колдонуп, бийликти тартып алган соң, УӨтүн алдында тандоо мүмкүнчүлүгү бар эле: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболордун чегине ылайыклегалдашуу, же болбосо бардык укуктук принциптерди жана нормаларды тебелеп-тепсеп, конституцияны жана мыйзамдарды эсепке албоо жолу менен кетүү. Бийлик кылмыш жолу менен тартылып алынгандыктан, эч ким аларга тоскоолдук кылбагандыктан, убактылуучулар өз жоболорун мыйзамдаштырууга, өз абалдарын Кыргызстандын жарандарынын алдында, дүйнөлүк коомчулуктун пикиринде легитимдештирип алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок, алар башка бир шашылыш, ак жип менен тигилгендей, оркойгон сымал, өз ыйгарым укуктарын бекитүүгө шашылышты. 2005-жылдагы март революциясынан кийин, оппозициянын мурунку бийликке болгон мамилеси кандай болгонуна карабастан, тандоо жолу бирден-бир туура болгон - баарын тең Кыргызстандын иштеп жаткан мыйзамдарында каралган жол-жоболор алкагында чечүү деген. Биз парламентке бардык, өкмөттү түздүк, премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Баары тең мыйзамдын так сакталышына ылайык жасалган. Албетте, ошондо деле оппозиция арасында кызуу кандуу адамдар бар эле, алар «декреттик жол» менен кетүүнү сунушташкан, бирок, көпчүлүгү мыйзам баарынан жогору экендигин тастыктап беришкен.
Декрет деген эмне? Бул кежирленүү, амбициялар жана адискөйлүктүн жетишпегендиги жана да Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерсиздиги. Эмне үчүн конституция кабыл алынгандан кийин да декреттер көп кабыл алынган? Себеби, жогоруда айтылгандай, менчиктерди бөлүштүрүү процессин ишке ашырып бүтүрүүгө үлгүрүп, анын чыныгы себептерин жана кийинки кесепеттерин юридикалык жактан чаташтырып таштоо керек болчу.Укуктук хаосту атайылап, билип туруп күчөтүү декреттер аркылуу конституцияда да, мыйзамдарда да каралбаган бийлик органдарын жана кызмат орундарын түзүү менен коштолуп олтурган. Убактылуу Өкмөт деген, техникалык өкмөт деген, өткөөл мезгилдеги президент ж..б.д.у.с. дегендер эмне болгон нерселер? Ошондой фиктивдүү, мыйзамдык негиздемелери жок органдарды жана кызматтарды киргизүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле? Мунун себеби эң эле жөнөкөй болчу.
Декрет – деген – бул кылмыштуу банда тарабынан чыгарылган жөн гана бош, юридикалык жактан эч кандай күчү жок кагаз. Анан ошол декреттер эч кандай мыйзамга баш ийбеген орой күч тарабынан кыймылга келтириле баштаган. Демек, кабыл алынгандан тартып, алар эч кандай күчү жок актылар жана эч мааниси жок документтер болгон, башкача айтканда, алар кийинки юридикалык себептерди түзгөнгө жөндөмсүз болчу. Бирок, убактылуучулар аларды эл колдобой коет же кууп чыгат деп коркушкандыктан улам, кандай жол менен болсо да эптеп легалдашууга аракет кыла башташкан. Ошондуктан, ушундай тополоңдук маалында бардык декреттер кабыл алынып, жаңы бийлик органдары бекитилген. Мындай вакханалия жана мыйзамсыздык мурунку бийликке кызмат кылгандарга, бизнесмендерге жана жөнөкөй жарандарга карата мыйзамсыз күч колдонуу жана куугунтуктоо менен коштолуп жүрүп олтурган.
Адамдарды коркутуу процесси азыр деле уланып келе жатат, массалык маалымат каражаттарында азыркы учур өткөн кылымдагы, 1937-1938-жылдардагы репрессиялар менен салыштырылып жатканы кокусунан эмес. Буга Атамбаев өзү шык берип жатат, ал 7-апрельдеги курмандыктарды Эскерүү Күнүндө Кыргызстанда алиге чейин Украинадагыдай люстрация жасала элек деп кейип, саясатчыларды, басмакана ээлерин жана журналисттерди өлкөдөн кууп чыгуу керек деп айткан. Өз жарандарын өлкө тышына кууп чыгууга тыюу салган өзүнүн Конституциясын окубаган мамлекет башчысы, - Кыргызстан үчүн катастрофа. Декреттер мамлекеттин бүт укуктук системасын туюк мыйзамсыздыкка каптады, эми аны бул абалдан чыгарууга азыркы бийлик аракет да кылган жок, себеби, юридикалык жактан алганда ар бир мыйзамдуу чечилиш убактылуучулар үчүн – өлүм менен барабар. Ал эми бир юридикалык түшүнүксүздүк өз артынан дагы көп туюкту пайда кылып, уланып кетип жүрүп олтурат.
Декреттер менен биздин жарандардын, юридикалык тараптардын жеке менчиктерге болгон укуктары бузулган. Ал менчиктердин убактылуучулар тарабынан улутташтырылышы мыйзамды жана соттук чечимдерди кыйгап өтүп, ал объектилердин өзүнө турган наркын төлөбөй туруп жасалган. Эгерде Конституциялык палата өзү декреттер укуктук-ченемдик актылар деп эсептелбейт деп жатса, анда ал эмне үчүн ошол ходатайстволор боюнча кайрылууларды кароодон тек гана баш тарткан жок, тескерисинче, ошол декреттердин мыйзамдуулугун негиздеп, чечим чыгарууга далбас урду? Ошол эле учурда, убактылуу өкмөт мыйзамсыз жол менен табылган байлыктарды улуттуштырган деген болжолдуу ойго гана таянып туруп, айрым адамдардын күнөөлүү экендиги жөнүндө чоттун чечими же өкүмү жок туруп эле бүтүм чыгара салды. Бир дагы цивилизациялуу мамлекетте мүлктүн кандай табылганын болжолдуу негизде гана айтып, улутташтырууга жол берилбейт.
Өз чечими менен КП өзүн конституцияны коргоо боюнча сот органы катары эмес, убактылуу өкмөттү жана ал тарабынан эптеп чүргөлгөн жасалма документтерди коргоого алууга милдеттенме алган мекеме катары көрсөткөн. Анан дагы өкмөткө улутташтыруу механизмин иштеп чыгууну тапшырган, ал эбактан бери эле мыйзам актыларында бар экендигине карабастан, башкача айтканда, мыйзамды аткаруунун ордуна, өкмөт мурда эле жасалган велосипедди ойлоп табышы керек экен, же бар нерсени кайра ойлоп чыгуу керекпи? А өкмөт болсо бул механизмди иштеп чыгуу жөнүндө ойлоп да койгон жери жок, мурдагыдай эле толугу менен мыйзамсыздык айдыңында аракет кылуусун улантып келе жатат. Ушундай жол менен биздин көз алдыбызда өтө коркунучтуу саясий салт жаралып, ага ылайык ар бир жаңы өкмөт эң эле маанилүү маселелерди өзү каалагандай жол менен чечип, өзүнөн кийинки мураскоруна ушундай эле үйүлгөн укук бузууларды калтырууга укук алды. КП тарабынан өкмөткө көрсөтмө берүү фактысы сыпайычылык болбой калган. Мындай ыйгарым укуктар конституцияда да, мыйзам актыларында да каралган эмес. Конституциялык палатанын бул саясий чечими жогортон берилген тапшырма экендиги ачык эле көрүнүп турат, анткени, соттор арыздарга жана даттанууларга көмүлүп калган. Бишкектин абийирдүү жана чынчыл сотторунун бири карап көрүп, убактылуучулардын декретин мыйзамдык күчү жок деп тааныган, бул үчүн ал өзү иштеп жаткан кызматтан бир күндүн ичинде “өз ыктыяры менен бошонууга” аргасыз болгон. Бул айтылгандар аз келгенсип, Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарын чектен ашыруу жолу менен, жалпы сотторго декреттердин мыйзамдуулугун кароого тыюу салып койгон. Бул сот органдардын иштерине түздөн-түз кийлигишүү болуп эсептелет. Бул мыйзамсыз чечими менен Конституциялык палата жарандарды соттук коргоодон ажыратып, мыйзамсыз органдардын түзүлүшүн (Убактылуу Өкмөт) актап салган, ошонусу менен кырдаалдын стандартка ылайык эместигин шылтоо кылуу менен кийинки төңкөрүштөрдүн жасалышына шарт түзүп берген. Башкача айтканда, элдин жаңы толкундоолору (экстраординардык кырдаал) жаңы убактылуу өкмөттөрдү, же органдарды түзүүгө алып келүү менен аякташы мүмкүн. Эксперттер Конституциялык палатанын аталган чечими – бул укуктук чеги жоктук деп акыйкат айтып жатышат. Ал укуктук-ченемдик актыларга укуктук баа гана бериши керек, бирок, саясий процесстерге мүнөздөмө бере албайт.
Укуктук системага жана биздин жарандардын укуктук аң-сезимине 2010-жылы кабыл алынган конституцияны кабыл алуу жол-жобосу өтө чоң зыян алып келди. Өлкөнүн түштүгүндө эмне болгондугун унутуу мүмкүн эмес, Ош жана Жалал-Абад областтарында кан төгүлүп, адамдар өлүп, турак-жайлар өрттөлүп жатты. Анан ошол кездеги убактылуучулар жасаган мамиле уятсыздыктын, абийирсиздиктин жеткен чеги болуп калды, алар кан төгүүнү токтотуп, кырдаалды турукташтыруунун ордуна өздөрүнүн конституциясын кабыл алуу үчүн шашылыш референдум өткөрүүгө даярдана башташты. Ал дагы ошол эле декреттерге негизделген болчу. Цивилизациялуу өлкөдөгү кандай сот болсо да, бул референдумдун мыйзамсыз болгондугун, демек, кабыл алынган конституциянын да мыйзамсыз болгондугун тастыктамак. Ал мыйзамсыз деп гана кабыл алынбай, эч кандай мааниси жок деп да табылмак. Себеби, ошол кезде иштеп жаткан конституция жана мыйзамдык актылар боюнча, референдумду өткөрүүнү бир гана президент чече алмак. Эгерде алар укуктук жол менен кетишкен болсо, эч кандай суроолор пайда болбосу үчүн, адегенде президентти шайлап алып, андан соң гана референдумду дайындоого барышмак. Анын үстүнө, референдум Жогорку Кеңештин депутаттардын макулдугу менен гана дайындалмак. Ошондон кийин гана мамлекет башчысы жарлыгын чыгарышы керек болмок. Убактылуучулар болсо мында да декретти пайдалана коюшуп, референдумду ошол эч кандай юридикалык күчү жок, маанисиз акт аркылуу дайындашты.
Декреттердин тагдыры, декреттердин иштөө мөөнөтү - убактылуучулардын өз өмүр баяндары сыяктуу, алардын бийликте болуу тагдыры жана учуру сыяктуу. Көпчүлүк туура, акыйкат ой жүгүрткөн жарандар жаңы бийлик келери менен Убактылуу өкмөттүн бардык декреттери өзүнүн юридикалык баасын алып, мыйзамсыз деп эсептелерине ишенишет. Бул убак келе турган учур да жакындап калды.
Бишкекте 7-апрельде
Менин оюмча, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяларга толугу менен ар тараптуу саясий баа берилип, суроолуу маселелердин баарына чекит коюла турган учур да келет. Түшүнүктүү себептерге байланыштуу, мен бул китепте өзүмө белгилүү болгон бардык детальдар жана майда-чүйдө фактылар тууралуу айта албаймын. Мен буга өтө жалпыланган мүнөздөмө берип, эмне болгондугун, мунун баары кантип башталгандыгын жана да бүткүл өлкөнү жана элди кандай оор терс кесепеттерге алып келгенин гана айтамын. Чоң эсеп боюнча алганда, мен жашыра турган жана корко турган эч нерсе жок, мен дароо эле эл аралык деңгээлде объктивдүү иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылганмын, ал ушуну баштагандарды жана катышкандарды баарын ачыкка алып чыкмак. Мен мындай сунуш менен БУУнун генералдык катчысынын ошол кездеги орун басары Ян Кубишке кайрылганмын. Бирок, бийликке келген Убактылуу Өкмөт бул сунуштан баш тартып койгон, ушунун өзү эле алардын өз аракеттериндеги кылмыштуулукту билип турушканына маанилүү далил болуп эсептелет. Чындыкты эч ким жашырып кое албайт, мен бул китеп биздин коомго ошондо болгон окуяларды түшүнүүгө түртөт деп үмүттөнөмүн.
Мен өзүм бийликте турган кезде мага оппозиция болушкан, азыркы бийликке карата болгон өзүмдүн жеке мамилем тууралуу азыноолак айтып кетишим керек. Мен президенттик бийликке келген учурдан баштап, 2005-жылдын жазынан 2007-жылдын күзүнө чейин бери эле болгондо үч ирет Өкмөт Үйүн басып алуу аракеттери болду. Мунун баары баягы эле көндүм болгондой болду. Топтошкон адамдар чыгып алышып, «Бакиев кетсин!» деп кыйкырышат бар болгону. Эмне үчүн, кандай себептер менен -мунун баары эч кимди кызыктырчу эмес. Бул чыгуулар, албетте, каржыланып турган, болбосо митингге эч кимди алып чыга алышмак да эмес. Жаштар “Ак Үйдүн” айланасында туу көтөрүп жүрүштү. Биз эч качан аларды күч колдонуп, кууган жокпуз. Мен мындай деп катуу тапшырма берген элем: «Митингге чыга беришсин, адамдар өз караштарын эркин билдирүүгө укуктуу, жада калса кыйкырып, айкыра да беришсин, а биз иштей берелик, иш менен алагды бололук». Биз, эреже катары, ошентип эле иштеп жүрдүк. Ошол 2007-жылдын күзүндө эле митингчилер мыйзам алкагынан чыгып кетишкен, алар тараптан милицияга таш ыргытуулар болгондо, укук коргоо органдары күч колдонушуп, үн чыгаруучу гранаталарды жана көздөн жаш чыгаруучу газды колдонушуп, аларды кууп таркатышкан. Бул бардык эле мамлекеттердеги тартипти жана мыйзамдуу бийликти коргоодогу нормалдуу иш тажрыйба. Милиция мыйзам бузгандарды кууп чыкканда, элдер балкондоруна чыгып, кол чабышкан: «Кудайга шүгүр, акыры аянтты булгашкан бул бекерчилерди кууп чыгышты» дешип. Эсимде, мен Бишкектин мэри Арстанбек Ногоевге таң аткыча бүт аянтты жууп, тазалоо жөнүндө тапшырма бергенмин. Ал муну аткарган. Кийинки күнү аянтта эч ким болгон эмес. Аянт тазаланып калган.
Митингге чыккандарга жеке мен өзүм мындай мамиле жасачумун - мейли, өз укуктарыңарды коргой бергиле, бирок, баарын тең мыйзамдын алкагында гана жасагыла. Ачыгын айтканда, мен 2010-жылдын 7-апрелинде болгон митинг деле мурда биз көрүп жүргөндөй, массалык акция болот деп ойлогон элем.
Бирок, бул жолу такыр башкача болду, - эч кандай плакат жана ураандар жок. Демонстрацияга чыккандардын көбүнүн колунда алар мурунку күнү 6-апрельде Таласта Ички иштер башкармалыгын талкалашып, тартып алышкан куралдар бар болчу. Баса, Таласта болгон окуя жөнүндө мен 7-апрель күнү эртең менен, борбор шаардын борбордук аянтында элдер чогула баштаганда гана билдим. Топтошкон адамдардын ичинде өзүнчө бөлүнүп көрүнгөн, жумшартып айтканда, өзгөчөлөнгөн адамдар бар эле. Муну көз көзү менен көргөндөрдүн көбү айтып чыгышты, – бийлик тараптагылар да, оппозицияга кошулуп кеткендер да. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева ошол күнү таңдан кечке чейин аянтта жүрүп, кырдаалды курчутууга абдан активдүү аракет жасады, бул документалдуу кинокадрлардан да көрүнүп турат, жада калса мына ошол киши дагы демонстрацияга чыгышкандардын ичинде жөнөкөй жарандарча кийинишкен көп адамдар жүрүшкөнүн, бирок алар жергиликтүүлөрдөн эмес, жакшы уюшулган, бардык аракеттерин чогуу жасаган адамдар болушкандыгын ачык айтып чыккан.

#14 06 November 2016 - 19:53
Албетте, топтошкон адамдардын ичинде ичип алышкан көп адамдар, ошондой эле психотроптук каражаттардын таасири астында болушкан жаштар көп эле, аларды андай нерселер менен жогоруда айтылган белгисиз адамдар камсыз кылышы толук мүмкүн болчу. Ушунун баары бул күнү аянтта алдын ала кылдаттык менен ойлонулуп чыккан, бийликти алмаштыруу боюнча атайын операция башталганын көрсөтүп турган. Жүрүштөгүлөрдүн алдыңкы катарына жаштар чыкканда, алардын акыл-эстери жайында болбой, көбү эч нерсени сезбей, өз башчылары эмне десе ошону аткарганга даяр турушканы көрүнүп турган. Жада калса, алар жаракат алышып, ооруканаларга түшкөндө да ооруну сезбей калышкан. Аларга ооруну басаңдатуучу каражаттарды сунуш кылышса, алар каткырып жатышкан. Бул жерде мындай атайын операцияларды өткөрүүдөгү иш тажрыйбасы барлардын профессионалдык даярдыгы менен болгон жетекчилик сезилип турган!
Ички иштер министрлигинин жетекчилигин иштен чыгаруу чечүүчү фактор болуп калды, анын башчысы Молдомуса Конгантиевди 6-апрельде Таласта чала өлүк кылган абалга жеткиргенге чейин сабашкан. Ошонун натыйжасында, ички иштер органдары борбордо мыйзамсыздыкка каршы туруп бере алышкан жок. Баса, Таласта деле башка жактан барышкан адамдар өз иштерин жасашып, психотроптук каражаттар пайдаланылган. Кийинчерээк Таластыктар Конгантиевдин алдында ага карата мындай ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле болгону үчүн кечирим сурашкан, аны шылдыңга алып, сабашкандар кайдан-жайдан келишкени белгисиз адамдар болушканын, дал ошолор ушундай жапайы агрессияны баштап жиберишкенин моюндарына алышкан.
Албетте, мындай топ колдоруна мурда тартып алышкан көп сандагы куралды алып алышып, Өкмөт Үйүнө карай жөнөшкөнүнүн өзү эң эле трагедиялуу жыйынтыкка алып келбей коймок эмес. Демонстрацияга чыккандар Өкмөт Үйүн карай ата башташканда, бир ок ал тургай мен олтурган кабинеттин терезесин талкалап кирип, дубалга тийди. Бирок, ушундай кырдаалда да мен андай эч мааниси жок жоготууларга жол бербөө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым. Ошол кезде борбордук аянтта эмне болуп жатканын түшүнгөндөр аз эле болду, дагы бир кыйла убакыт өткөндөн кийин гана кандуу төңкөрүштүн картинасы ачылып, кырдаал аздыр-көптүр түшүнүктүү боло баштады.
Мен дайыма ошол күндөр тууралуу жүрөгүм ооруганга чейин эстеп жүрдүм, бирок, мен өлкөдөгү өз бийлигимден ажыраганымдан улам эмес, шаардын ортосундагы дал ошол киши өлтүрүүлөрдү токтото албай калганым үчүн, Кудай өзү буга күбө болуп турат, бул мыкаачылыкты мен жана менин командам уюштурган эмес. Өлкө президенти өлкөдө болуп жаткан бардык нерселер үчүн жооп бериши керек. Ошол мкүнү шаарда жүзгө жакын жаш жигиттер курман болушту, миңге жакын адамдар ок атуулардан жаракаттарды алышты. Мен өз командам мындай кагылышууну жасоо үчүн эч нерсе кылбаганын билип турсам да, мамлекет башчысы катары ошол трагедиялуу күнү болгон бардык нерселер үчүн өз жоопкерчилигимди сезип турамын.
Мен бул жерде Бишкекте 7-апрельде ар кандай себептерден улам курман болгондор тууралуу бир аз сөз кыла кетким келет. Азыркы бийлик ошол жаштардын курман болгону үчүн ошол күнү Өкмөт Үйүндө олтурган өлкөнүн президенти катары мени айыптоого аракет кылып көрдү. Бирок, тарых эртедир-кечтир баары бир бул биздин тарыхтагы трагедиялуу эпизод боюнча чекит коюп, ошол тышкыбы, же ичкиби кара күчтөрдү жамынган саясатчы сөрөйлөрдү жана кылмышкерлерди ачыкка алып чыгат деп ишенемин. Алар, бийликти коргогон укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен демонстранттарды чагыштырып, ортосунда от койгон соң, Кыргызстанда криминалдык төңкөрүштү уюштурушкан өздөрүнүн колдоочулары тарабынан зомбиленген топтун таасири астында калган элди ошол тири укмуштай коркунучтуу кырдаалга алып келип, таштап салышпадыбы. Мен ошол күнү Бишкектин чок ортосунда митингге чыккандардын баары эле жашоодон өз ордун таппай калышкан бактысыз маргиналдар, криминалитеттин өкүлдөрү, эс-учтарын билбей калышканча чегип, ичип алышкан наркомандар, ичкич бандиттер болушкан деген ойдон өтө алысмын. Мамлекет башчысы катары, өлкөдөгү бийликти алмаштыруу боюнча атайын операция кандай сценарийлер боюнча өткөрүлөрү тууралуу менде жетишерлик толук маалыматтар бар эле. Инспираторлор – чагымчыл күчтөр катары элдин арасына профессионалдар ташталат, жаштардын белгилүү бир бөлүгүн зомбилештирүү болот, атайын психотроптук каражаттар адам организмине жана аң-сезимине оңолгус болгудай терс таасир этет. Мындай операциялар эреже катары адамдардын көптөгөн курмандыктарына алып келет, муну биз ошол күнү Бишкектин ортосунда каран түн түшүргөн күнү көрдүк.
Чынын айтканда, оппозиция лидерлери эптеп бийликке жетиш үчүн ушундай кадамдарга барышат деген ой мага үч уктасам түшүмө да кирчү эмес. Эми ошол трагедиядан бери ушунча жыл өткөн соң, алардын өз максаттарына жетүү үчүн бул жолго барып, кылмыштуу ыкманы алдын ала пландап, тандап алып, массалык курмандыктарды билип туруп жасашканы ачык эле билинип калды. Апрель окуясынан кийин дароо эле, абдан көп адамдар курман болушуп, жаракат алышканына карабастан, Убактылуу өкмөттүн лидерлери ошол эле мыйзамсыз жана кылмыштуу ыкмаларды, шантаж, дезинформация, коомдун аң-сезимине көз боемочулук кылып, криминалдык авторитеттерди жана лидерлерди колдонуу жолу менен түштүк регионунун калкын даярдоого киришишти. Эгерде апрель окуясында регионализмге таянышса, же жөнөкөйлөтүп айтканда, Бакиевди эптеп кызматтан кетирүү үчүн баарына барууга даяр турушса, кийинки Ошто жана Жалал-Абадда болгон этникалар аралык массалык кагылышуулардын алдында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү атайылап кыргыздар менен өзбектердин ортосунда от чыгарууга аракет кылышып, өзбек криминалитети менен билип туруп жакындашууга барып, аларды кылмыштуу аракеттерге барууга түртүшүп, өз ара бирин-бири колдоо тууралуу макулдашышты.
7-апрель окуялары боюнча сот азыркы күнгө чейин соңуна чыга элек, жана да бул бийлик турган кезде акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алынарына ишенүү кыйын. Ал эми андай чечим курман болгондордун туугандарына жана айыпталып жаткандарга жана да өлкөнүн бардык жарандарына керек, себеби, бул абдан маанилүү. Журналист Ырысбек Өмүрзаков, 2010-жылдагы окуя боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп, олуттуу китепти даярдаган, анда апрель окуясынын, өлкөнүн түштүгүндөгү этникалар аралык кагылышуунун сыры ачылган. «Седьмое апреля и кровавые июньские события 2010 года» деп аталган китепте окуянын ар бир мүнөтүнө чейин чагылдырган материалдар, документтер, фотосүрөттөр, эксперттердин жыйынтыктары окурманга сунуш кылынган. Соттукмедэкспертизанын жана баллистикалык экспертизанын маалыматтары дыкаттык менен тандалып алынган.
7-апрельде “Ак Үйдө” Кыргызстандын бардык укук коргоо органдарынын өтө көп сандагы аскерлери жүрүшкөн: ИИМ,коргонуу министрлиги, УКМК, Мамкүзөт кызматы. Ар бир курал сөзсүз түрдө баллистикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы соттун эс-учун жыйдырып, тергөөгө жаңы суроолорду берүүгө мажбур кылышы керек болчу. Эгерде ошол “апрель революциясынын баатырлары” деген атка конушкан, курман болушкандардын ичинен бирөө дагы ак үйдү коргошкон аскер кызматчыларынын куралынан өлбөсө, анда аларды кимдер аткан жана революционерлердин өлүмүнө кимдер күнөөлүү, андай болсо ошол кезде бардык күч түзүмдөрүнүн Убактылуу өкмөттөгү куратору болгон Азимбек Бекназаров айткан колго түшкөн ондогон снайперлер кайда кетишкен? “Кара снайперлер” деп “революционер- укук коргочу” Токтайым Үмөталиева айткандар кайда? Снайперлердин кармалгандыгы жөнүндө убактылуу өкмөт башчысы Атамбаев айткан снайперлер кайда? Элдер аянтта кандай куралдардан жана кимдер тарабынан өлтүрүлдү? Бул суроолорго дал ушул суроолор сыяктуу эле түз жана так жооптор берилиши керек, муну мүмкүн болушунча, ошол окуя жөнүндөгү чындык жыл өткөн сайын жаңы жана фантастикалуу майда-чүйдө фактылар менен толукталып, мифологемага айланып кете элек кезинде, тезирээк ишке ашыруу зарыл. Албетте, мен бул болгон окуя үчүн моралдык жактан жоопкерчиликтүүмүн, бирок, мен өз элиме каршы ок атууга буйрук берген эмесмин. Өз бийлигимди кыргыздардын жашоосун кыюу жолу менен сактап калуу жөнүндө буйрук берген эмесмин. Бир эле мен үчүн гана эмес, бүткүл кыргыз элине эптеп кимдир бирөөгө жалаа жабуу эмес, чындык, акыйкаттык керек экенине ишенемин.
2010-жылдын июнь айындагы трагедиялуу окуя азыркы Кыргызстандын тарыхында “бүлүнткүчтөрдүн” колу менен жазылып калган эң коркунучтуу барак болуп калды. Келечекте мындай окуяларды болтурбай коюу үчүн толук аракеттер көрүлгөн жок. Июнь айындагы окуяларды иликтөө бир нече комиссиялар тарабынан бир жактуу жүргүзүлүп, өзбек коомчулугунун лидерлерине байланыштуу ойдон чыгарылган айыптоолор айтылды, ошол отчеттордо убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тынчтык көгүчкөндөрүндөй көрүнүшөт. Ал эми эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету, ал Кыргызстандын өкмөтү тарабынан чакырылып, колдоого алынса да, негативдүү реакцияны пайда кылды, өлкөнүн парламенти аны мыйзамсыз жана объективдүү эмес, улуттар аралык бөлүнүп-жарылуучулукту жаратат деп тааныды. Оорулуу баштан соо башка ооруну оодара коюу, фактыларды өздөрү каалагандай бурмалоо – Атамбаевдин жана анын жакын жан-жөкөрлөрүнүн уят-сыйытсыз сапаты болуп эсептелет.
Мен “Манас” аэропортундагы АКШ базасы жөнүндө көп ойго батамын. Көптөрү менин бийликтен кетирилишимди, менин Россия жетекчилигине мурда берген экен деп айтылган кайсыл-бир убадамды бузуп койгонума байланыштырышат.
Мен жогоруда айтып өткөндөй, Акаевдин тушунда база Кыргызстанга жылына 2 млн доллар төлөчү. Бийликке келген соң, биз бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк да, америкалыктардын аренда үчүн гана, Кыргызстанга бул түзүм иштеп жатканына байланыштуу башка кошумча түшкөн кирешелерди эсепке албаганда, жылына 60 млн доллар төлөөсүнө жетиштик. Албетте, “Манас” аэропортунун аймагында АКШнын базасы, ал эми Кантта россиялык аскердик база турганы жөнүндө суроо ар кандай өңүттө апыртылып айтылып жүрдү. Моюнга алуу керек, Россия жетекчилиги тараптан нааразычылыктар болуп келген: көп чоң кызматтагы адамдар ишарат кылуу аркылуу, кээде ачык эле бул америкалык базаны чыгаруу керек, анын бул жерде турушу Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыктарына туура келбейт деген сыяктуу сөздөрдү айтышчу. Биз бул темада Дмитрий Анатольевич Медведев жана Владимир Владимирович Путинменен бир нече жолу сүйлөшкөнбүз. Акыры аягында, бул базаны чыгаруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.
Өкмөт аны чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алды. Бирок, биз муну жасагандан кийин бир-эки күн өтпөй эле, Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү өз аймагын АКШнын жүк ташуусу үчүн берүүгө даяр экендиктерин айтып чыгышты. Эсимде, мен буга аябай ачуум келген, телефондон Д.А Медведевге: «Силер эмне кылып жатасыңар деги? Мен базаны чыгарып жатсам, силер болсо транзиттик жүк ташуу үчүн өз аймагыңарды берип жатасыңар» дедим. Ал мага: «Жок, биз аймакты берген жокпуз, биз эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүп, аба мейкиндигин гана беребиз» деп жооп берди. Анда мен: «Демек, силер Афганистандагы террористтер менен күрөшүүгө жардам берет экенсиңер, ал эми Кыргызстан буга каршы экен да?» дедим. Бизге карата россиялык өнөктөштөрүбүз ушинтип анча сылык эмес мамиле жасап коюшту. Ошондо дагы бир суроо пайда болду: эми бул маселени эч кимди таарынтып албас үчүн, кантип чечүү керек?
Америкалыктар да базанын макамын өзгөртүү боюнча варианттарын сунуш кыла башташты, биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошонун натыйжасында, биз андагы мурда дипломатиялык макамга ээ болушкан аскерлердин макамын өзгөрттүк. Натыйжада алар шаарга куралчан чыга албай калышты, аскердик базанын өзүнүн макамын да өзгөрттүк – ал транзиттик жүк ташуучу Борбор болуп өзгөрдү. Кыскасы, биз америкалыктар менен сүйлөшүүгө жетишип, эми аскердик базаны эмес, Россия жана башка коңшулар сунуш кылышкан эле шарттарда ТЖБны өзүбүздө калтырдык. Кыскасы, база маселеси чечилип калды.
Эсимде, Россия берген кредит жөнүндө, мен жана менин үй-бүлөм аны жеке пайда көрүү максатында пайдаланышкан деген сыяктуу абдан көп сөздөр болгон – мунун баары, албетте, былжырак кеп болчу! Минскиге келгенден кийин мен пресс-конференция өткөрүп, журналисттерге сөз жүзүндө гана эмес, документалдуу түрдө да тактап бергенмин: 2010-жылдын 6-апрелинде россиялык артыкчылык берүүчү 300 млн АКШ доллар кредитинин ичинен 286 млн кредити Кыргызстанда бар болчу. Анын бир сому же бир доллары да уурдалган эмес. Убактылуу өкмөт деп аталган нерсе бул акчаны кантип пайдаланганы жөнүндө, банктарды кантип карактаганы жөнүндө, ишканаларды жана квартираларды кантип тартып алышканы жөнүндө жооп бериши керек.
Ал эми кредит суммасына келсек, пресс-конференция учурунда КР Өнүгүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Игорь Чудинов 300 млн. АКШ доллардык өлчөмдөгү кредитти пайдалануу жөнүндө отчет берген. Анын айтканына караганда, бул акча төмөнкүдөй жол менен бөлүнгөн (салынганына жараша алынган кирешелерди кошо эсепке алганда):
$100 млн кредит улуттук долбоор «Камбар-Ата 2»;
$17 млн Кыргызстандын коммерциялык банктарынындепозиттеринде болгон;
1,130 млрд сом дагы коммерциялык банктардындепозиттеринде болгон;
$171 млн 590 миң КР Улуттук банкынын, "АзияУниверсалБанкта" жана "KICB" эсебинде турган.
1 млрд 83 млн сом дагы КР Улуттук банктын жана"АзияУниверсалБанктын" эсебинде болгон.
Өнүгүү Фондунун республикадан сырткары аймакта эч кандай каражаты болгон эмес. РФ еврооблигацияларга салган каражаттар фонддун эсебинде турат.
Өнүгүү Фондуна Кыргызстандын өкмөтүнүн чечими мененроссиялык 300 млн. АКШ доллары кредитинен 286,3 миллион АКШ долларын приоритеттүү республикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилген. Кредиттик макулдашуунун шарттары боюнча, калган 13,6 миллион доллар Россиянын Внешэкономбанкында кыргыз тараптын негизги карызын жабуудагы биринчи төлөмдүн кепилдиги катары депонентке салынгандыгын, ал карызды төлөө мөөнөтүнүн башталышы 2016-жылга туш келгенин айтып коюу керек.
ЦАРИИнин түзүлгөндүгү жөнүндө жана биз эмне үчүн бул кадамга баргандыгыбыз жөнүндө дагы азыноолак айып коюу керек. Бул пункт да кычууга тийген факторлордун бири болуп, аны Бишкектеги массалык митинг учурунда оппозиция лидерлери жасалма түрдө көбүртүп-жабыртып жиберишти. Инвесторлор бир министрликтен экинчи министрликке, алардан чыгып алып дагы бир үчүнчүлөрүнө карай убакыт коротуп кыдырып жүрүшпөсү үчүн, Кыргызстанда түз инвестицияларды тартуу боюнча бирдиктүү орган керек болчу, чиновниктер аларга тоскоолдук кыла албай калышмак, тааныш-билиштик, өз ара жакын мамилелер, коррупцияны жараткан жагдай үчүн түзүлчү шарттар жоюлмак.
Дагы бир жолу 7-апрельдеги трагедиялуу окуяларга кайрылып, айтып койгум келет, - эгерде мен өз элим жөнүндө ойлонбосом, бийлигимди сактап кала алмакмын. Түштүктө олтура бермекмин, менин тегерегиме ансыз деле көп сандагы элдер чогулуп калышкан эле, алар мен үчүн катуу турушуп: «Биз сизди бербейбиз, сатпайбыз, сизди коргойбуз» деп айтып жатышкан. Бул абдан олуттуу конфликтке алып келиши мүмкүн эле. Ошол кезде мен Владимир Владимирович Путин менен телефондон сүйлөштүм. Ал мага ачык эле мындай деди: «Курманбек Салиевич, Өкмөт Үйүнүн жанында болгон окуя үчүн сизди эч ким айыптабайт, ал эми эгерде “Түндүк-Түштүк” регионалдык конфликти чыгып кете турган болсо, баарын сизге үйүп коюшат. Мен сизге өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуш кыламын». Ал мага сөзмө-сөз дал ушундай деди. Мен ойго батып калдым. Чынында эле, эгерде мен андан ары да түштүктө кала берсем, ал жакта элементардык бир провокацияны уюштуруп кое алышмак, ал кезде мени көп миңдеген аскер топтоп алып, Бишкекке жүрүш баштайт экен деп сөз чыгара башташкан. Ар кандай ушак-айыңдар айтылып жатты. Эң эле жөнөкөйү, алар мындай кыла алышмак: менин атымдан жасалып жатат деп турушуп, Бишкекке 10-15 куралдуу адамдарды жөнөтүшүп, ал жакта ок атышуу болуп, отуз-кырк адам өлтүрүлмөк, а андан соң: бизди Бакиев өзү жөнөткөн деп айтып чыгышмак. Бул сценарийди ар бир каалаган адам жасай алмак. Путин менен болгон ушул сүйлөшүүдөн кийин гана мен эки кичинекей балам жана аялым менен кошо өлкөнү таштап чыгып кетүүнү чечтим.
Александр Григорьевич Лукашенкого ырахмат, ал мени ошол оор кырдаалда жана кыйын мезгилде мен үчүн, жалпы эле менин өлкөм үчүн, менин үй-бүлөм жана жакындарым үчүн достук жардам берген колун созду. Менин балдарым бул жерде окуй алышы үчүн мага үй-жай, шарт түзүп берди. Беларустун президенти менен жанаша жашап, көп сүйлөшкөн соң, мен аны мурдагыдан да жакшы билип калдым, бир гана күчтүү жетекчи жана мамлекеттик ишмер катары эмес, инсан, көкүрөгү эң эле таза адам катары да. Анын улуу муундагы адамдар жөнүндө кам көргөнү, менин кичинекей балдарым орусча жана белорусча ырларды окушканда, алардын ийгиликтерине ак дилден кубанганы эле анын мүнөзүн айкын көрсөтүп турат.
Эч кандай бийлик ал үчүн адамдардын канын төгүүгө арзыбайт. Мен өзүмдү оппозиция лидерлери бийликтен мыйзамсыз алып түшүшкөнүн билемин, алар өз максаттарына жетүү үчүн Кыргызстандын көп жарандарынын канын төгүүгө барыштан да кайтышкан жок. Албетте, менде да ишимде жаңылыштык кетирген учурлар болду, ошентсе да, беш жылдын ичинде мен жана менин командам мурунку жылдардагы негативдүү тенденцияларды жокко чыгарып, Кыргызстандын көз карандысыздыгын олуттуу түрдө бекемдей алдык, келечектеги дүркүрөп өсүү үчүн пайдубал түптөп койдук. Бирок, убактылуучулардын атынан айтылган сөздөрдүн ичинен баарынан дагы мага оор тийгени, 2010-жылдын 7-апрелинде борбордук аянтта кан төгүлгөндүгү үчүн мени айыпташкандары болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу, мен дагы бир жолу биздин соңку жаңы тарыхыбызда болгон айрым фактылар менен салыштырууларды келтирип кетким келет. Эсиңиздерде болсо керек, 1990-жылы Абсамат Масалиевди кызматынан мыйзамсыз жол менен кетирүү үчүн оппозиция жана көчө адамдары аны бардык ал жасабаган күнөөлөр үчүн айыптап чыгышкан. Аны трайбалист деп аташкан, ал эч качан андай адам болбосо да, аны Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык конфликтти от алдырган деп айыпташкан, а бул толугу менен тантырагандык болчу. Менин дарегиме айтылган айыптоо сыяктуу эле абсурд, 2010-жылы жайында өлкөнүн түштүгүндө болгон кагылышууда менин атамдын үйү, жана туугандарымдын үйлөрү биринчи болуп жабыркаса да, ал өрттү мен чыгарган имишмин. Деги мени эмне деп гана айыпташкан жок! Эми болсо Масалиевдин эч кандай күнөөсү жок экендигин, ал абдан абийирдүү саясатчы болгондугун, аны эптеп бийликке жетүү үчүн баарына барууга даяр турушкан трайбалисттер жана интриган саясатчылар жаманатты кылышканын баары билишет. Менин өз элимдин алдында абийирим таза, эгерде мен күнөөлүү болсом, анда бир гана нерсе үчүн – убактылуулардын бийликке жетүүсүнө мүмкүндүк бергеним үчүн гана күнөөлүүмүн. Себеби, менде аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн көп ыкмалар бар болчу, айрыкча мен башкарып турган алгачкы эки-үч жыл ичинде өлкөдө митинг, пикеттер басылбай, провокациялар жана бийликке төңкөрүш жасоо аракеттери болуп турган кезде. Бирок, мен дайыма жашоону урматтап, эптеп өз бийлигимди сактап калуу үчүн жок дегенде бир кишини да курмандыкка чалууга барган киши эмесмин. Менин Кыргызстандын азыркы жетекчилери менен болгон айрымам дал ушунда турат.
2010-жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр
2010-жылдын 7-апрелинен кийин мен өлкөдөгү зордук-зомбулуктарга жол бербөө үчүн өз үй-бүл0м мененКыргызстанды таштап чыгып кеттим. Менин тарапкерлерим түштүктө да, түндүктө да көп экендигине карабастан, мен кан төгүүнү болтурбоо үчүн өлкөнү таштап чыгып кетүүгө мажбур болдум. Асыресе, мыйзамды бир жолу бузуп, Бишкекте массалык түрдө кан төгүүгө барышкан адамдар кийинки жасаган иштерине караганда, өздөрүн токтото да албай калышты окшойт. Кыргызстандын түштүгүндө мен жок кезде абдан коркунучтуу нерселер болду, – массалык этникалар аралык кагылышуу болуп, ал көптөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип, биздин Мекенибизди улуттук катастрофанын чегине жеткирди.
Ал трагедияга алиге чейин өзүнүн толук баасы бериле элек, бул деле түшүнүктүү. Түштүктөгү окуялар үчүн ким күнөөлүү экендиги жөнүндө суроого жооп табуу 2010-жылдын 7-апрелинде Түндүктө, Бишкекте болгон кандуу кылмыштардын чыныгы күнөөкөрлөрүн табуу сыяктуу эле кыйын нерсе. Анын үстүнө, бул эки окуя тең бири-бири менен тыгыз, ажырагыс байланышта турат, өлкөнүн түштүгүндөгү этникалар аралык кагылышуулар Кыргызстандагы бийликтин күч колдонуу менен алмашуусунун түздөн-түз уландысы болуп эсептелет.
А. Эркебаев башында турган улуттук комиссия да, К.Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да эң башкы суроого жооп беришкен жок, муну жасай да алышмак эмес, анткени, аларда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн дыкаттык менен суракка алуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктар жок болчу. Алар чыгарган жыйынтыктардагы так эместиктер дал ушундан улам болгон. Эң башкы айыпкерлер көңүл борборунан сыртта калышып, ал эми бардык жоопкерчилик «жергиликтүү бийликтердин жоопкерчиликсиздигине», коомдогу реваншисттик маанайдын бар экендигине, жана да сырткы күчтөрдүн издери бардыгына үйүлүп калган. Ошол эле учурда Кильюнендин комиссиясы үчүнчү тараптардын кийлигишүү фактысын аныктай алган эмес, бирок, трагедиянын бардык маңызын Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалар аралык карама-каршылыктарга жана саясий талащ-тартыштарга алып барып такап салган. Бирок, чындык көзү начар көргөн адамга деле ачык көрүнүп турбайбы. Убактылуу өкмөт кылымдардан бери бул региондо чогуу жашап келе жатышкан элдерди кагыштыруу үчүн колунан келгендин баарын жасаган, ал эми бул үчүн күнөөнү мага жана менин тарапкерлериме оодарып салууга аракет кылган.
Ош окуяларын иликтөө боюнча А.Эркебаев баштаган Улуттук комиссия Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында жалпы курман болгондордун саны 426 адам, жаракат алгандар 2000ге жакын киши деп эсептеген. Өздөрүнүн чектелүү ыйгарым укуктарына карабастан, К.Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да, А. Эркебаев башында турган улуттук комиссия да, кыйыр түрдө болсо да Убактылуу өкмөт 2010-жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар үчүн жоопкерчиликтүү экендиги жөнүндө күбөлөндүрүшкөнү мүнөздүү нерсе. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дагы Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар да, өзбктер да күнөөлүү эмес, ал эми жоопкерчилик ошол кан төгүүнү болтурбай кое албаган бийликте жатат деп айтканы белгилүү. Ошол эле учурда, өзбек лидеринин айтканына караганда, бул окуяларды сырт жактагы күчтөр тутандырган.
Мамлекеттик комиссиянын отчетунда бийликтин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн:
"Убактылуу өкмөттүн жетекчилери, түштүк областтарынын жана шаарларынын жетекчилери даярдалып жаткан улуттар аралык кагылышуу тууралуу маалыматка жана аны токтотуп калуу үчүн керектүү убакытка ээ болушкан.Улуттук коопсуздуктун аймактык кызматтары, тагыраак айтканда, УКМКнын Ош областтык жана Ош шаардык башкармалыктары 2010-жылдын апрелинен баштап июнь айына чейин область губернаторуна 12, мэрияга – 4, УКМКнын борбордук аппаратына – 34 маалыматтык кат жөнөтүшкөн. Ошол берилген маалыматтардын негизинде, УКМК 9 жолуКыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнө кайрылган. Ал улуттар аралык кагылышуулар коркунучу жөнүндө бир нече жолу эскертүүлөргө карабастан, калкты жана аймактарды чукул кырдаалдарга даярдоо боюнча эч кандай чараларды көргөн эмес. 2008-2009-жылы Ошто Орозо майрамы учурунда, 2009-жылы Ноокатта болгон экстремисттик уюмдардын чыгууларынан сабак алынган эмес.
Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн жетекчилери жана мүчөлөрү И. Исаков, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, А. Атамбаевжана Р. Отунбаевалардын Кадыржан Батыров менен – Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидерлеринин бири менен болгон байланышы бардыгы аныкталган, анын 2010-жылдын июнундагы этникалык толкундоолорду уюштуруудагы ролу дагы иликтөөнү жана изилдөөнү талап кылат. Алар баары телефон аркылуу К. Батыров менен улуттар аралык жана саясий маселелерди талкуулап турушкан, алар өздөрү дагы муну тастыкташып, сүйлөшүүлөр кеңири форматта жүргөндүгүн билдиришти. Кийинчерээк КРдагы Өзбек маданий борборунун төрагасы, Жалал-Абаддагы университеттин негиздөөчүсү Кадыржан Батыров, өзүнүн интернет-кайрылуусунда Р.Отунбаева жана башка Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ага бир нече жолу Курманбек Бакиевди түштүктөгү өзбек калкы тарабынан колдоого жол бербөөнү суранып кайрылышкандыгын, ага өкмөттөн кызмат ээлөөгө сунуш кылышканын жазып чыкты. А кийин болсо аны жана башка өзбек маданий борборунун ири ишмерлерин өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык бөлүнүүнү чыгарышкандыгы үчүн айыпташкан. (http://[moderated]/? newsid=1516 )
Алгач интернетте Өмурбек Текебаев, Кадыржан Батыровжана Алмаз Атамбаевдин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат чыккан. К. Батыров Ош жана башка райондордогу өзбектерди аралаштырууну убада кылган, ал эмиА. Атамбаев болсо конфликт чыгаруу керек, эгерде ал чыр-чатакта беш-алты жинди өлүп калса коркунучтуу деле эч нерсе болбойт деп белгилейт.http: //www.gezitter.org/society/ 33627_kogda_budet_dana_politicheskaya_otsenka_oshskim_sobyitiyam_na_kotoryie_otunbaeva_zakryila_glaza_i_pro_kotoryie_zabyil_atambaev/
К.Кильюнен башында турган эл аралык комиссиянынотчётунда да ошол кездеги бийликтин эч кандай чараларды көрбөгөн ишмерсиздигине терс баа берилген.
"Убактылуу өкмөт Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды туура баалай албай, бул регионду натыйжалуу көзөмөлдөй алган эмес, жергиликтүү кыргыздар өзбектердин аракеттерин мамлекеттүүлүккө карата түзүлүп жаткан коркунуч катары баалашкан. Убактылуу өкмөттүн кайрылууларында бардык кыргыздар Бакиевдин тарапкерлери катары баалангандыктан, алар өзбектерди өз бийлигинин негизи катары эсептешкен. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнүн өзбек лидерлери менен өзүнчө жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү түштүк кыргыздарына кандай таасир этерин билишкен да эмес. Анын ордуна, алар өзбектерден өздөрүнүн оппонеттерине каршы күрөшүүдөгү кошумча ресурсту көрүшүп, аларды Бакиевдердин мүлктөрүн өрттөгөн тарап катары жооп бере турган тарап катары кабылдашкан. Бул өзбектердин нааразычылыгын жараткан жана кыргыздардын бийликке болгон ишенимин жок кылган".
Албетте, тигил да, бул да комиссия Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүн түздөн-түз айыптап чыга алган эмес, бул үчүн аларда мындай мүмкүнчүлүктөр да болгон эмес. Бирок, коомчулук Оштогу окуяларда Р.Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөт айыптуу экенин билет. Бул тууралуу азыр жетишерлик сандагы макалалар жана аналитикалык иликтөөлөр жазылган. Баса, эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюненге бул отчетту жарыялап жибергендиги үчүн Жогорку Кеңеш Кыргызстанга кирүүгө тыюу салып койгон.
Трагедияны болтурбай коюуга болот эле, бул үчүн республиканын УКМКсынын натыйжалуу иши жетиштүү болмок. Себеби, бул мекеме өлкө кызыкчылыгын сактап, сепаратисттер жана алардын пландары жөнүндө билиши керек болчу. Ош окуялары күтүүсүздөн эле жаап, башка түшкөн кардай болгон жок. Өлкөнүн түштүгүндө көзөмөлдөн чыгып кеткен коркунучтуу процесстер каптап калганга чейин, узакка созулган алдын ала даярдык жүргөн: жашыруун жолугушуулар болуп, кагылышуулар болгон, экстремисттик чакырыктарды жана ураандарды жазып, жасалгалоо иштери жүргөн. Кайсыл бир убакта түштүк калкынын өзбек бөлүгүнүн псевдолидерлери өздөрүн адам тагдырларын чече турган күчкө ээбиз деп ойлоп алышып, алар каалаганын жасай берсе болот, кыргыз бийлиги жана эли урматтого татыксыз деп калышкан.
Мен өзүм да, менин туугандарым да запкы тартышты: Бишкектеги менин үй-бүлөмдүн жана жакындарымдын мүлктөрү уурдалып тонолду, ал эми менин атама – Улуу Ата мекендик Согуштун ардагерине, - жана башка Жалал-Абаддагы туугандарыма таандык болгон үйлөр өзбек диаспорасынын криминалдык лидерлери менен тил табышып алышкан Убактылуу өкмөттүн лидерлери тарабынан күлү көккө сапырылып, өрттөлдү, мен кеткен соң алар ал жерде кандуу вакханалия жасашты.
Албетте, мезгил баарын өз-өз ордуларына коет, акыры аягында келип эл трагедиянын чыныгы күнөөкөрлөрүн билип, аларды жоопко тартат. Эгерде мен Кыргызстандын президенти катары соттоло турган болсом, анда бир гана нерсе үчүн - өзүмдүн бийликтен кулатылганыма, муну тири укмуштай мыйзамсыз жол менен жасашып, өлкөнүн бейкүнөө жарандарынын канын төгүшкөн убактылуучулар келишкендигин көрүп турсам да, жарандык согуш оту тутанып кетпеси үчүн гана буга көз жумуп, өлкөдөн чыгып кеткендигим үчүн соттолушум мүмкүн. Бирок,алар тез эле Кыргызстандын түштүгүндө андан да ашып түшкөн массалык кан төгүүлөрдү жасашты, аны сепаратисттерге каршы чогуу биригишкен кыргыз жана өзбек элдеринин акылмандыгы жана каармандыгы аркылуу токтотууга мүмкүн болду. Арийне, Убактылуу өкмөт бийликте кала берди, жана да андан кийинки жылдарда деле ошол эле элге каршы саясатын, өзүнүн бардык кетирген кемчилдиктери үчүн мурунку бийликти айыптоону улантып келе жатат. Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды толук жана объективдүү иликтөө Атамбаевди жана УӨттүн мүчөлөрүн бийликтен кетиргенден кийин гана болушу мүмкүн.

#15 06 November 2016 - 19:58
Элдин тарыхый тандоосу жөнүндө
Алмаз Атамбаев кантип бийликке келип калды? Албетте, биринчи иретте, иштегенди билген адамдарга каршы демагогдордун жана интригандардын бийлик үчүн биригүүсү болду, бирок, кан төккөн куралдуу көтөрүлүштүн эң чечүүчү фактору - тышкы күчтөр тараптан жасалган көп тараптуу колдоо болуп калды. Убактылуу өкмөт дал ушул кыртыштан өнүп чыкты, баары экономика маселелеринен, саясий карама-каршылыктан же кандайдыр бир принципиалдуу келишпестиктерден жана талаш-тартыштардан эмес, дал ушундан келип чыкты. Мен шарттуу түрдө бардык адамдарды бүлүнткүчтөр жана жаратмандар деп атап, өз өмүрүндө курулуш, жер айдоо, эгин эгүү, кийим тигүү, токуучулук сыяктуу иштер менен алектенип, материалдык байлыктарды жараткандарга жана да тегерегинде дайыма чыр-чатактар чыгып, көп чуу болуп, куру убадалардан башка да, өз оппоненттеринен дарегине опуза айтуудан башканы билбегендер катары бөлүп караймын. Алардын артында алдамчы куру сөздөрдөн жана өзүн өзү пиар кылуудан башка эч нерсе калбайт. Өзүмдүн Беларуста берген биринчи маектеримдин биринде эле мен элди алдап, кан төккөн куралдуу мамлекеттик көтөрүлүш аркылуу Кыргызстанда бийликке келгендер менин өлкөмдө жакшы эч нерсе жасай алышпайт деп айткан элем. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрү убада беришкен нерселердин ичинен эмнени аткара алышкандыгы тууралуу азыркы кезде ар бир адам өзү жыйынтык чыгара алат. Менимче, жашоо алда канча оордоп, эми ал туруксуз жана алдын ала айтууга мүмкүн болбой калган абалга жетти. Башкача болушу да мүмкүн эмес болчу, себеби, бул компания жаратмандар эмес, толугу менен бардыгы тең жалаң гана бүлүнткүчтөрдөн куралган. Муну түшүнүү үчүн беш жыл коротконубуз аянычтуу. Мен болсо муну мурдатан эле билип, айтып да келгенмин. Балким, алгач мен деле Кыргызстандын бүт эли сыяктуу, качандыр бир кезде учур келет, анан алар дагы өлкө кызыкчылыгын коргоп, өлкө кызыкчылыгы үчүн, иштей башташат деп үмүттөнүп жүргөндүрмүн. Эми болсо баары үчүн айкын болду, ал үмүттөр акталган жок.
Менин көз карашымда, бүлүнткүчтөр “тукумунан” чыккандардын эң эле белгилүү, таанымалдары, мен мурда айтып өткөндөй, А.Бекназаров жана да Ө.Текебаев. Мына, дээрлик чейрек кылымдан бери ал депутат, дээрлик чейрек кылымдан бери ал оппозиционер. Текебаев жеке жоопкерчиликти талап кылган кичинекей иштен дагы коркуп, эң соңку жыйынтыкты талап кылуучу бардык иштерден качып турат. Аны бардык жерде, дайыма чыр-чатактар коштоп, өзүн өзү пиар кылуу, алдамчы сөздөр коштоп жүрөт, - бул эми сыртынан гана көрүнүп тургандары.
Роза Отунбаева – бүлүнткүчөрдүн ичиндеги аялдан чыккан өзгөчө бир түрү. Аял менин түшүнүгүмдө дайыма жаратмандык, сүйүү, акылмандык менен ассоциацияланып келген. Бирок, дал ушул Отунбаева мен үчүн ушак-айыңдарга, чыр-чатактарга байланыштуу бардык терс сапаттар жыйылган, адамдагы эң эле жаман сапат – сатып кетүүчүлүктүн үлгүсү катары туюлат. Сөз бир гана мени сатып кеткендиги жөнүндө болуп жаткан жок. Бул айым үчүн эч кандай моралдык тоскоолдуктар жок. Эгерде олуттуу колдоосу жок болсо, эч качан жете албай турган ушундай бийиктикке чейин өзүн көтөрүп чыккандардын баарын ал оңой эле сатып кетти: Акаевди, Айтматовду, Шеварднадзени жана алардын катарында мени дагы.
Анан дагы, албетте, бүлүнткүчтөрдүн эң эл чыгаан үлгүсү Атамбаев болуп эсептелет. Мен айрым адамдар аны бизнесмен деп аташканына таң каламын. Мага белгилүү болгонуна караганда, анын бардык болгон бизнеси Кыргызстан жазуучулар Союзунун акчасына анын "Кыргызавтомаштын" бир нече заводун сатып алып, анын көпчүлүк бөлүгүн демонтаж кылып, Кытайга жөнөтүп, түшкөн акчасын Турцияга инвестиция жасаганынан турат. Мен аны өнөр жай министри кылып дайындаган элем, ал иштей албай койгон, чарчап-чаалыккан соң, митинг жасаганы кетип калган, кайра келип, көпүрө болуп берейин деди. Мен аны премьер кылып дайындадым - иштей алган жок, дагы чарчап калды, кетип калды, митингдерге чыгып жүрдү. Эч ойлонулбаган, айгайлаган, куру кыйкырыктуу билдирүүлөрдү жасаганды жакшы көргөн, бирок айтылган сөзү үчүн жоопкерчиликти өзү сейрек учурларда гана соо болгон кезинде да сезбеген неме.
Булар мамлекеттик төңкөрүштүн башында турушкан Убактылуу өкмөттүн бар болгону бир нече персонасы. Алардын ар бирине кыскача мүнөздөмөнү биздин эл гана бере алат. Алдыда келе жаткан шайлоолордун алдында муну түшүнүү билүү абдан маанилүү, анткени, Кыргызстандын эли каалайбы, каалабайбы, баары бир бүт өлкөнүн келечек тагдырына байланышкан тандоо жасашы керек болуп турат.
Мен үчүн саясатчы катары, мамлекет башчысы катары биздин өлкөнүн темирдей бекемдигин сактоо, Түндүк менен Түштүктүн бир бүтүн нерсе катары турушун камсыз кылуу эң башкы милдет болчу. Биздин көпчүлүк жарандарыбыз, анын ичинде, ушул китептин окурмандары да, эч кандай бийлик адам канына татыбай тургандыгын терең түшүнүп турушат, ошондуктан, кыргыздар эч качан "Түштүк-Түндүккө" бөлүнбөшү керек. Атамбаевдин келиши – бул мен үчүн гана болгон жаза эмес, бүткүл кыргыз элине болгон жаза болуп калды. Мен ушул жазадан кыргыз эли кандай чыгат экен деп көп ойлонуп, абдан кайгыга батамын. Дал ошондуктан улам, ушул китепти жазууну чечтим. Тарыхтан сабак алуу керек да, алдыга жаштарды чыгаруу керек, мейли, алар чоң саясатта тажрыйбасыз болушса да. Жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, билимдүү, патриот адамдар өлкөнү өз ара каршылашкан региондорго бөлбөйт.
Азыр Кыргызстанда биз өз учурунда жана туура чечим кабыл алганыбызга эч ким шектенбейт болушу керек. Мына, эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү ошол кадамдарга барууга аргасыз болушту да, электр энергиясына болгон бааны менин учурумдагыдан дагы кымбат баага көтөрүп салышты.
Дегеле, биз баарыбыз тең ойлонбой тез жыйынтык чыгара салуудан жана бири-бирибизди айыптоодон качышыбыз керек. Китебимдин аягында мен сиздердин көңүлүңүздөрдү оппозиция лидерлеринин менин дарегиме айтышкан негизги айыптоолоруна дагы бир ирет бургум келет.
Каркыра
Оппозиция лидерлери мен тууралуу эмнелерди гана айтышкан жок, кандай гана оор айыптоолорду тагышкан жок? Анын натыйжасы эмне болду? Ошол эле 2010-жылы апрельде өлкөдө кандуу төңкөрүш жасашкан адамдар өздөрү бийликке келишкен соң, ушул өткөн жылдар бою жалпы мародеорчулук катары гана мүнөздөөгө ылайыктуу болгон коомдук мүлктү карактоо жана республиканын стратегиялык ресурстарын сатуу, анын экономикалык жана саясий көз карандысыздыгына зыян келтирүү сыяктуу саясатты гана жүргүзүп келе жатышат. Кыргызда осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймап алыптыр деген лакап бар.
Ошол эле логиканы курал кылып алышып, алар мени Каркыра маселесин чечүүдө да Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып жиберген деп айыптап келе жатышат.
Дүйнөлүк тажрыйбада территориалдык маселелер эки тараптуу тартипте чечилет: кимдир бирөө аймактын бир тарабында чегинүүгө барат, а экинчиси аймактын башка бир тарабында чегинет - биз деле дал ошондой кылдык. Каркыра боюнча биз эч нерсе уттурган жокпуз. Парламент депутаттары ал жакка барып, баарын көрүп, иликтеп көрүшкөн, ошол жерде жашашкан элдер менен сүйлөшүшкөн. Адамдар Казакстан эгерде бизге тигил жана бул жерлерди берсе жакшы болмок дешкен. Казакстан биздин талабыбызды орундатып, жергиликтүү калк сураган жерлерди берген. Каркыраны биз сатып жибергенбиз деп жөн эле куру сөздөрдү айта берүү – бул былжыраган сөз.
Бир дагы мамлекет өзү каалагандай кылып чек арасын чийип, анын ичиндегини өз аймагы деп жарыя кыла албайт. Чек ара маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилет.
Бул иштердин башынан аягына чейин катышкан, билген КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Токон Мамытовдун сөзүн келтирейин.
0494926E-5578-4094-B37F- 3E53C01A19CD_w60
«Каркыра участогун берүү туура эмес болгон деп айтып, ушуга байланыштуу саясий оюндарды уюштуруунун өзү туура эмес. Оппозиция лидерлеринен айрымаланып, мен Каркыра жери менен жакшы таанышмын. Мен Ысык-Көлдө чоңойгонмун жана бул жерлерди билем, ошондуктан биз ал жерлерди казактарга берип койдук деп айтуунун кереги жок.
Кыргыз-казак чек арасы жөнүндө сөз кылуудан мурда, келгиле, мындан бир нече жыл мурдагыга кайрылалык. 2001-жылдын 15-декабрында Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кыргыз-казак чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлганын биз баарыбыз билебиз. Ошол келишимге ылайык, 2003-жылдын 31-декабрында Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине ички жол-жоболордун баары сакталгандыгын, бул келишим Казакстан тарабынан ратификациялангандыгын билдирет. Ошондон бери, 2003-жылдан 2008-жылга чейин бул маселени Кыргызстан чечпей келген. Мына, эми жакында гана бул келишим биздин парламент тарабынан ратификацияланды, ошондуктан, акыры келип бул ишке чекит койсок болот. Бирок, ушуга карабастан, оппозициялык күчтөр бул суроону Талас, Чүй областтарындагы жер маселелери боюнча, ошондой эле Каркыра боюнча жана Ысык-Көл областындагы төрт пансионат боюнча улам-улам көтөрүп жатышат. Төрт пансионат боюнча макулдашуу дагы ратификацияланган. Айрым адамдар ал пансионаттар бекер берилди деп эсептешет. Мен буга макул эмесмин. Жер 49 жылга арендага берилген. Өз учурунда ал пансионаттарды Казакстанкурган. Макулдашууга ылайык, пансионаттар жыл бою иштеши керек, ал үчүн аларды үч-төрт жылдыздуу отельдердин деңгээлине жеткирүү керек. Казакстан бул максатта канча каражатты сала алат? Биз ушуну карап чыгышыбыз керек. Мындан сырткары, пансионаттардын кызматкерлеринин 80%ы кыргыз жарандары болушат. Менин оюмча, пансионаттар маселеси туура эле чечилген.
Ал эми Каркырага келе турган болсок, анда 1998, 1999, 2000 – жылдарда - Казакстан менен Кыргызстан тараптын өкмөттөр аралык комиссиясында 600 гектар жер маселеси каралган. Мындай комиссиялардын курамына сөзсүз түрдө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы киргизилерин сиздер жакшы билесиздер, мисалы, губернатор же анын орун басары. Мындан сырткары, айыл өкмөт башчылары комиссиянын наамына ошол аймактар боюнча өздөрүнүн доолору барбы, же жокпу, билдирип кат жазышат. Мына ушулардын негизинде комиссиянын биргелешкен иши жүргүзүлөт.
Маселен, Түп районунда, Каркырада, Санташ айылында 4-чү ферма бар. Ал жерде жашаган адамдар жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, областтык администрация ошол жерди өздөрүнө берүүнү суранып комиссияга жазышкан, себеби, ал жер Санташайылына жакын экен, жергиликтүү калк ал жерде мал жайып, малы үчүн чөп жыйып алууга ыңгайлуу. Биз ал жерди ченеп көрдүк, анын аянды 1150 гектар болуп чыкты. Ал эмиКазакстанга биз 620 гектар жер бердик.
Мен ушул суроолорду көтөрүп жатышкан адамдар өздөрү Каркырада эч качан болушкан эмес деп ойлоймун. Бул туура эмес. Баары биригип 620 гектар жер берилген, анын үстүнө чек арага жакын Кеген постуна жакын жер берилген. Ошол эле учурда биз 1150 гектар жерди Санташ айылына жакын жайгашкан 4-чү ферманын жанынан алабыз. Ошондуктан, бул стратегиялык жаңылыштык деп айтуу туура болбой калат. Бул суроо ички кызыкчылыктарды эске алуу менен, коңшулаш өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилген”.
Мени Кытайга Үзөңгү-Куушту берүүдө жана Аксы окуялары боюнча жана 2005-жылдын мартында чет өлкөлүк кандайдыр бир спонсорлордун колдоосуна таянып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого барган деп айыптап келе жатышат. Бул китепти көңүл коюп окуган адам кимдин тигил же бул окуя же кадамдар үчүн айыптуу экендигин тез эле түшүнөт. Дал ошол сыяктуу эле, мени трайбалист, регионалист деп, жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган айыптоолорду тагып жүрүшкөндөрдү да мен абсолюттук түрдө четке кагамын. Мен бул китепте жазгандай, 40 жашка чыкканга чейин мен дегеле кыргыздардын урууларга жана региондорго бөлүнүшөрү тууралуу эч түшүнүгүм да болгон эмес, менин командамдагы адамдар иштиктүү сапаттары жана иштей алышкандыктары үчүн тандалып алынып турган.
Биз баарыбыз тең бет келип калган айрым тарыхый процесстер жана окуялар эле татаал, кыйчалыш жана чырмалышкан сыяктуу болот. Ошентсе да, көңүл коюп, терең ойлонуп көргөн адам көп нерсени түшүнө алат, ал эми мезгил өткөн соң эң эле тереңде катылган сырлар да ачылып, ачыкка чыгат.
Башкаруунун формасы жана шайлоолор жөнүндө
Соңку жылдарда биздин өлкө жана коом баштан кечирген бардык коркунучтарды жана сыноолорду, - регионалдык жактан бөлүнүү, трайбализм, улутчулдук жана экстремизм, жана башка көп нерселерди эске алганда, эриксизден өлкө азыр күчтүү жана жоопкерчиликтүү президенттик бийликке абдан катуу муктаж болуп турат деген жыйынтыкка келесиң. Биз баарыбыз тең өзүбүздүн жеке амбицияларыбызды тыйып, демибизди басып, партиялык башкаруу системасы жана парламентаризмдин таза түрү жөнүндө убактылуу болсо да унутуп коюшубуз керек. Азыркы учурда биздин регион үчүн бир гана президенттик башкаруу формасы оптималдуу экендигин турмуш өзү тастыктап жаткандыгын эми баары эле түшүнүшкөндөй болушту окшойт. Буга Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экономикалары кандай өнүгүп жаткандыгын карап көрүү эле жетиштүү болот. Россиянын тажрыйбасы дагы президенттик бийлик натыйжалуу иштей аларын далилдеп жатат: жада калса глобалдуу санкция учурунда да бул өлкөнүн экономикасы токтоп калган жок. Ал тургай АКШ деле – дүйнөдөгү эң биринчи экономика – президенттик башкаруу формасындагы өлкө. Же болбосо дүйнөдөгү экинчи, а балким, көптөгөн параметрлери боюнча эмитен эле биринчи экономика боло баштаган Кытай Эл Республикасын алып карап көргүлөчү – ал деле, чын чынына келгенде, катаал президенттик башкаруу формасын карманып келе жатпайбы. Партиялык тизме боюнча шайлоодон толук бойдон баш тартууга мүмкүн болбой калган кезде деле, мен депутаттардын жарымы партиялык тизме боюнча, жарымы мажоритардык система боюнча шайланыша турган аралашма шайлоо системасын сунуш кылар элем.
Учурдагы конкреттүү кырдаалда парламентаризмден баш тартуу жети жылдык мөөнөтү дагы эки жылдан кийин аяктап жаткан Кыргызстандын азыркы президентине интригалардын жана ар кандай алдамчылык айла-амалдардын натыйжасында кайрадан бийлик чокусунда олтуруп калышына жол бербей тургандыгы менен дагы өзүн өзү актай алат. Алмаз Атамбаев Текебаев экөө чогуу иштеп чыгышкан конституция боюнча экинчи ирет жети жылдык мөөнөткө шайланууга укугу жок. Арийне, ал президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстандын премьер-министри боло алат, ал эми президенттик кызматка өзүнүн кишисин түртө алат. Ошентип, ал дагы 7 жыл өткөн соң дагы бир ирет – эми экинчи жолу - Кыргызстандын президенти болуп шайланып алуу үчүн, иш жүзүндө өлкөдөгү өзүнүн бийлигин сактап кала алат. Мындай ойрон кылуучу трансформацияларга жол бербөө үчүн, президенттик башкаруу формасын киргизип, парламентаризм менен, партиялык система боюнча шайлоолорду өткөрүү менен ойногонду токтотуш керек, алар коррупция, махинациялар жана жоопкерсиздик үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү гана көбөйтөт.
Эгерде биз Батыш Европанын калыптанып калган парламенттик демократия чөйрөсүндө жашасак, биз өзүбүзгө ошол сыяктуу эксперименттерди жасап көрүүгө мүмкүндүк бере алмакпыз, бирок, жада калса ал жакта деле парламентаризм таза түрүндө кезикпейт. Францияны президенттик- парламенттик өлкө деп атоого болот; жада калса Германия сыяктуу ушундай таза парламенттик өлкөдө да канцлерден сырткары абдан күчтүү таасир этүүчү өлкө президенти кызматы каралган.
Ошондуктан, бизге аздыр-көптүр тааныш болуп калган президенттик башкаруу формасын жеткиликтүү кылып жакшыртуу маанилүү, себеби, парламентаризм азыркы кездеги шарттарда баары бир кыйроого учуроого тушугат. Сиздер өзүңүздөр деле Атамбаев менен Текебаевдин Кыргызстанда парламенттик бийлик формасын түзүүнү каалагандыгынын жыйынтыгы кандай болгондугун көрүп туруп, айта аласыздар. Биздин өлкө азыр мурдагыдан эффективдүү, азыраак коррупцияашкан өлкө болуп, көз карандысыз сот, көз карандысыз Массалык маалымат каражаттары, акыйкат шайлоо системасы түзүлдүбү?
Аттиң, андай абдан так иштей турган демократиялуу система жөнүндө берилген убадалардын ордуна, кандайдыр бир коркунучтуу монстр пайда болду, азыр ушундай мамлекеттик түзүлүш жаралып, эч ким эч нерсеге жооп бербей калды, бирок, бардык бийликте турган партия лидерлери өз байлыктарын арттырып алуу менен алек болушуп, портфелдерди, стратегиялык ресурстарды, бөлүштүрүшүп, эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Өлкө президенти азыркы конституцияга ылайык, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишине кийлигише албайт, бирок ал муну такай жасап, бардык жерге өз кишилерин коюп келе жатат. Көз карандысыз сотторду, телекөрсөтүүнү түзүү, шайлоо системасын реформалоо боюнча убадалардан эч нерсе чыккан жок. Парламенттик республиканы куруу аракети массалык түрдөгү жоопкерчиликке, партиялык-кландык вакханалиянын өзүм билемдигине айланды. Коррупциянын жана уурулуктун аталышы башкача кылып өзгөртүлүп, ал эми өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын сатууну аргасыздыктан жасалган иш деп, же ал абдан прогрессивдүү тарыхый кадам деп ата койгондон эле жасалган кылмыштын маңызы өзгөрүп кетпейт. Эртедир-кечтир тарых баары бир уятсыздык менен коомдук менчиктин эсебинен, жеке менчик бизнеске рэкетчилик кылуу жана эбегейсиз чоң масштабда каракчылык кылуу менен байыгандарды жоопко тартпай койбойт.
Биздин көп саясатчылардын административдик- аймактык аталыштарды өзгөртүүгө жана кайра атоого абдан эле ашыкча, тим эле ооруп калгандай кызыгышканы да мени абдан тынчсыздандырат. Мына бир нече жылдан бери кимдир бирөөнүн областтарды жоюу керек, райондорду гана калтыруу керек деген сунушун угуп келе жатамын, ал мындай чара чиновниктер аппаратын кыскартып жана мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун күчөтөт деп ак дилинен ишенип алыптыр. Кыргызстандын картасын өзгөртүп, азыркы 40тан ашуун район жана 7 областтын ордуна 15-20 аймакты калтыруу керек деп сунуштагандар да көп. (Ал тургай, Кыргызстанга областтар да, райондор да, жада калса Жогорку Кеңештин да кереги жок, ал жерде 120 бекерпоз олтурат деп чын дилинен ишенип алышкан демагогдор да бар – аларды эркине койсо, бул түзүмдөрдүн баарын таркатып жиберип, алардын ордуна эл менен иштеген бир гана президент калат да, бардык иш эң сонун жүрөт.)
Мындай «рационализаторлор» бул сыяктуу трансформациялар жана жаңылыктар жакшырууга, же ал тургай, мамлекеттик органдардын ишиндеги кескин түрдөгү сапаттык өсүүгө алып келет деп ишенишет. Азыркы учурда өлкө үчүн мындай псевдожаңылоолордон коркунучтуу жана акылсыз нерсени элестетип көрүү да мүмкүн эмес! Областтык түзүмдөрдү жоюп жиберүүдөн ким утушка ээ болот? Элестетип көрүңүздөрчү, күндөрдүн бир күнүндө эле Баткен же Нарын областы жок болуп калганын? Биз тек гана узак жылдардан бери областтык түзүмдөрдө ийгиликтүү иштеп келе жатышкан тажрыйбалуу кадрлардан гана айрылбастан, бул органдарсыз региондорду башкаруу мүмкүн болбой калган абалга жетебиз. Ал эми жоюлган түзүмдөрдүн ордуна жаңыларын түзүүгө коп убакыт жана күч талап кылынат. Областтык түзүмдөрсүз Ош, Ысык-Көл сыяктуу чоң областтарды кантип башкарууга болорун элестетип көрө аласызбы? Балким, эгерде бардык областтык түзүмдөр жана ведомстволор жоюлса Чүй областы эптеп иштеп, жашап кете алар. Ал борборго жакын аймакта жайгашкандыктан, качандыр бир кезде республикага баш ийген аймак болуп эсептелген. Өлкөнүн калган бардык региондору анархияга жана башаламандыкка толуп кетет.
Областтык түзүмдөрдү жоюу же аймакка окшогон түп-тамырынан бери жаңы аймактык түзүмдөрдү уюштуруу сыяктуу псевдореформалар бир гана административдик хаос жана башаламандык менен чектелип калбай, бирок биздин коомдогу ансыз да терең болгон кризистик маанайды күчөтөт. Жоюлган административдик түзүмдөрдүн мүлкү жана аткарган милдеттерин талашып, алар үчүн аягы жок күрөш башталат, бул болсо заматта эле бизге жакшы тааныш болгон прихватизация деп аталган коомдук байлыкты чачып жок кылууга алып келип, бүтпөгөн чыр-чатактар, соттошууларга алып келет.
Саясатта жана башкарууда ойлонбой ойрон кылып салбоо үчүн, дайыма эң эле чекке жеткен чечимдерден качуу керек. Менин оюмча, биздин эл көп нерсени башынан өткөрдү, ар кандай тигил же бул жакка калчай берүүлөрдөн улам, эксперименттерден улам чарчап турган кези. Мындай чектен ашкан категориялардын катарына мен Атамбаев менен Текебаевдин өлкөгө парламенттик башкаруу формасын киргизүү аракетин гана эмес, сунуш кылынып жаткан Улутту сактап калуу Курултайын чакыруу жана бийлик түзүмүн уюштуруу жөнүндөгү сунушту жана Жогорку Кеңешти уруулук бөлүнүүнүн негизинде түзүү сыяктуу такыр эле акылга сыйбаган ойлорду жана ойдон чыгарылган фантазияларды киргизер элем.
Улам такыр жараксыз варианттарды ойлоп таба берүүнүн эч кажети жок, тек гана биздин өзүбүздө бар жана биздин элге мүнөздүү болгон нерселердин ичинен пайдалуу жана жашап кете ала тургандарын өнүктүрүү керек. Жаңылануулар, реформалар, албетте керек. Бирок, алар ырааттуу түрдө, улам ары-бери ыргыбастан, керексиз секирүүлөрү жок эле жүргүзүлүшү керек. Радикализм саясатта деле, маданиятта деле, динде деле, башка эч кандай чөйрөлөрдө деле жакшы эч нерсеге алып келбейт. Мыкты, абийирдүү жетекчи, өлкө президенти кайсыл бир деңгээлде бир чоң үй-бүлөнүн акылман атасы сыяктуу болушу керек. Мен көп балалуу үй-бүлөдө өсүп чоңойдум, ошондуктан бул салыштыруу мен үчүн абдан түшүнүктүү жана жагымдуу. Менин атам менен апам дал ошондой ата-энелерден болчу, биздин баарыбызды тең багып өстүрүп, бутубузга тургузушту, бул үчүн мен жана менин инилерим – баарыбыз тең аларга ыраазыбыз. Мына ошентип, ата менен апанын биринчи катардагы жана эң эле маанилүү камкордугу болуп дале болсо ... экономика эсептелет, үй-бүлөнү тамак-аш менен камсыз кылып, нормалдуу жашоого шарт түзүлүшү керек. Андан соң гана билим берүүгө, маданиятка, спортко, көңүл ачууларга көңүл бурууга болот. Мамлекет башчысы да биринчи иретте экономика маселелерин чечүү жөнүндө ойлонушу керек, ал эми билим берүү жана тарбия бул максатка жетүүгө баш ийдирилиши зарыл. Башкача айтканда, реформаларга жана демократияны өнүктүрүүгө багыт алынган болсо, булар элдин материалдык жыргалчылыгын көтөрүүгө көмөкчү болушу керек. Экономика маселелерине байланышпаган реформалар менен гана алектенип олтуруп алуу логикага сыйбайт жана да керектүү жыйынтыктарга жеткирбейт, бул баягы аттын алдына арабаны коюп салуу аракетин гана элестет.
Мен кээде өз дарегиме маданиятка, тарыхка, кыргыз тилди өнүктүрүү маселелерине, динге жана башка ушул сыяктуу нерселерге жеткиликтүү көңүл бурган эмессиң деген жемелерди угуп каламын. Айрым адамдар, ал тургай мени патриоттук сезими жок деп айыптоого да ыкташат. Бул, албетте, туура эмес. Менин инсандык калыптануум интернационалдык чөйрөдө болгондугу – бул менин патриот эмес дегендикке эч жатпайт. Мен окурмандардын эсине салып коеюн, мен бийликке келгенден кийин дароо эле мен курултайды уюштурууга, жана да коомдук ишмерлер тобуна Бедел ашуусуна барып, 1916-жылкы Үркүндө курман болгондордун сөөгүн көмүүгө жардам бергенмин. Биз мындан 100 жыл илгери падышалык жазалоочулардын колунан курман болушкандарга урмат көрсөтүп, чоң иш жасадык. Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго, Ишеналы Арабаевге жана башка репрессияга туш болгон кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнө арналган конференциялар мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кыргыз тилинин мамлекеттик макамын чыңдоодо дагы маанилүү жетишкендиктер болду, кыргыз тили региондордо гана эмес, Бишкекте дагы кагаз, документация иштерин жүргүзүүдө көбүрөөк колдонула баштады. Дал менин тушумда биздин армиянын солдаттары кыргыз тилинде сүйлөй башташты. Маданиятка, республиканын Жазуучулар Союзуна, диний уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп турду. Мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтиятынын ишин чыңдоого колумдан келген салымымды коштум. Эске салып коюшум керек, азыр курулуп бүтөйүн деп калган Бишкектеги борбордук мечиттин пайдубалы да менин тушумда эле түптөлүп, курулушу башталган болчу. Мен 2008-жылы эле анын бардык маселелерин комплекстүү түрдө чечүү каралган жарлыкка кол коюп, жер бөлүп берүүдөн баштап, финансылык каржылоого чейинки маселелер чечилген болчу. Бирок, мен дагы бир жолу кайталап айтып коюшум керек, өлкө жетекчисин биринчи иретте экономика маселелеринин ийгиликтүү чечилиши жана иштеп кете ала турган команданы тандап алуу толкундатышы керек, ошондо гана бардык маанилүү маселелер иш тартибинин алкагында чечиле баштайт.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби .
Өлкөгө кандай жетекчи келгендиги жарандардын өздөрүнө, алардын келечек жөнүндө ойлоруна, алардын ишенимине, акыйкаттыгына, чынчылдыгына жана башка моралдык сапаттарына көз каранды болот. Мына, Беларусь президенти Александр Григорьевич Лукашенкого жана жалпы эле ушул өлкөгө жана да бул жактагы адамдар кандай жашап жатышканына, кандай деңгээлде ой жүгүртүшүп, өздөрүн кандай алып жүрүшкөнүнө өзүңүздөр карап көрүңүздөрчү. Кандай таза жана камкордукка бөлөнгөн өлкө! Көчөлөрдө жана парктарда, ал тургай токойлордо да идеалдуу тартип орнотулган. Албетте, алардын башчылыгына күчтүү сабаттуу чарбакер адам келип калышы белорустар үчүн ооматтуу иш болгон, ал совет бийлигинин 70 жылдык мурасын гана сактап калып, өз элинин жыргалчылыгы үчүн активдүү пайдаланып гана тим болбостон, колдо бар өндүрүштү ал азыркы заманбап батыштык технологиялар менен байытууга жетишкен деп айтар элем. Мурда даңкы чыккан советтик тракторлорду чыгарган заводдор азыр заманбап айыл чарба техникасынын моделдерин Германиянын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн машина куруучу корпорациялары менен тыгыз кооперациялашып чыгарып жатышат. Лифттердин өндүрүшүндө, турмуш-тиричилик электроникасында - телевизорлорду, муздаткычтарды чыгарууда да ушундай эле болгон. Бардык жерлерде мурдагыинфраструктура тек гана сакталып калбастан, азыркы учурдун талаптарына жараша модернизацияланган. Мына ушунун өзү эле чарбакердик мамиле жана таланттуу жетекчинин ишмердигинин жемиши деп аталат! Жеңил өнөр жайынын, тамак-аш индустриясынын, агрардык сектордун продукциялары жөнүндө айтпай эле коеюн. Бардык магазиндер, базарлар, гастрономдор, универмагдар бийик сапаттагы атамекендик продукцияларга толуп турат, алар өнүккөн өлкөлөрдүн ушул сыяктуу эле товарларынан эч кем калбайт жана тиешелүү деңгээлде кооздолгон кутучаларга салынып, жасалгаланган.
Беларусь Республикасынын элине дайыма, бардык жерлерде абийирдүүлүккө, тазалыкка, жупунулукка умтулуу мүнөздүү. Жөнөкөй жарандардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү бийик үлгү сыяктуу, көчөдө же паркта сейилдеп жүрүп бир дагы катуу чыккан үндү укпайсың, кимдир бирөөлөр ачуулана талашып, же сөгүнүшү, же спирттик ичимдиктерди ичип алып, коомдук жайларда жаңжал чыгарышы мүмкүн эмес. Мындайды бул жерде элестетүүгө да мүмкүн эмес. Белорустар өз өлкөсүнүн мыйзамдарын сыйлаган адамдар, алар өз бийликтерин жана өлкөпрезиденти Лукашенкону сыйлашат. Биз дагы бийлик түзүмдөрү менен элдин ортосундагы ушуга окшогон модельге умтулушубуз керек. Такай эле карама-каршылыкта тура бербей, бири-бирибизге жардам берип, колдоого аракет кылышыбыз керек.
Кыргызстанда гүлдөгөн жана толук кандуу мамлекет болуусу үчүн бардык зарыл нерселер бар. Ал кооз табигаты, абдан бай табигый ресурстары, тарыхы жана кыргыз улутунун менталитети менен айрымаланып турат. Бул жөнүндө баарынан калыс, так бааны чет өлкөлүктөр берип келе жатышат. Алар ушулардын баарына четтен байкап, көз салып турушкандыктан, алардын пикирине объективдүү көз караш катары карасак болот. Алардын жалпы пикирлерине караганда, биздин өлкө Борбордук Азиядагы бардык өлкөлөрдүн ичинен эң эле коозу жана өзүнө тартып турганы болуп эсептелет. Кыргызстандын тарыхы да абдан байыркы жанабай тарых болуп, көп жагынан алиге чейин изилдене элек. Албетте, биз революция, митингдер жана демонстрациялардын саны боюнча дүйнөлүк рекордго жакындап калдык. Арийне, 2010-жылдын апрелинде болгон окуяларга байланышкан бардык негативдүү нерселерди алып салсак, анда эркиндикти, акыйкаттыкты жана демократияны сүйүү кыргыз жанынын жана менталитетинин негизги байлыгы деген жыйынтыкка келүүгө болот.Биз өзүбүздү төмөн таштап жиберүүгө акыбыз жок, биз сөзсүз түрдө биздин эң мыкты жана байыркы этностун жашоосундагы позитивдүү жана артка кайрылгыс өзгөрүүлөргө жетише алабыз. Мен бир жолу бул элдин президенти болуп, анын ээ-жаа бербеген күчтүү эркине баш ийип, бийликтин эң жогорку чокусуна жеткенмин. Мен муну башкаларга караганда жакшы билемин.
СОҢУ

#16 17 November 2016 - 00:22
Мындан жакшыраак жазса болмок. Мунусунан от души жазбаганы корунуп турат.
#17 17 November 2016 - 02:20
#19 03 December 2016 - 18:10
Адам качан адам болот эгер озунун кетирген катачылыгын мойнуна алса. Мен бакиевдин жазган "мемуарын"
окуган деле жокмун бирок байкашымча озун аябай эле иштерман таза корсотуп актаптыр. Бирок ошолорго кошуп анын президент кезинде буйрутма адам олтуруулор,
криминалдын бийлике аралашып, кылмыштуу топтор озунун мыйзамын коомго орнотуп ошол менен жашап калганын, уулдары туугандары бийлике аралашып, элдин акчаларын каалашынча майкандаганын.
Ар кайсы эл керектоочу кызматтарга тарифтерли жогорулатып элдин жонунан кайыш тилгени. Жонокой эле бироого гудок бергенин учун 70тыйындан толотконун кыскасы айта берсе арман коп дегендей толгон токой ашмалтай башкаруусун айтпай каяктагы жоо жомокту жазганына жол болсун. Кудай ошондогу кылган иштерин эми чет олкодо тентитип тарттырып жатат. Сооп болсун бир кезде майкандап малдай коргон кыргыздын элине жерине жетем дегенде эки козу торт болуп куссалыктан куурай берсин. Мага демектен миң мемуар жазсын райда зыяны жок.
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#20 04 December 2016 - 08:28
Атамбаевдин детский эч ойлонбой суйлогон создорунон орусияда мекендештерге убал болду.Орус полициясынын чырагына май тамды кыргыздарды кордоп жатышат.
Бакиев кетирген катачылыктарына анализ кылып,эч чон каталыгы Ашаны бийлике тартканын айтыптыр.Ажо кеткиче миграция маселесин жонго салып койсо жакшы иш кылган болоор эле.

Супер-Инфо
super.kg
видео