Суперстан: 7-НОЯБРЬ: Бүгүн Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

7-НОЯБРЬ: Бүгүн Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү Баскан жолубузга, тарыхка кылчаю

#1 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   07 Ноябрь 2016 - 12:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Жашасын революция! !! Жашасын СССР!!! Бул революция кыргыз элин кыргындан сактап калып Мекенибизди, мамлекеттуулугубузду кайтарып берди. Карангы элибиздин кат-сабаты жоюлуп 70 жылдык тарыхыбызда жуздоп завод-фабрика курулуп, дыйканчылык, мал чарбачылыгы, кен казуу ж.б.жолго коюлду. Миндеген чакырым кара жолдор, темир жолдор салынды, автовокзал, ж.д.вокзал, аэропорттор курулду. ГЭСтер курулуп тээ алыстагы чабандын кашарына чейин электр энергиясын тартып барып жарык жеткирди.

Маданиятыбыз онукту, мыкты акын, жазуучу (прозаик), драматург, опера балет жылдыздары, суротчу ж.б.ошол доордо чыгып кино тармагы алтын доорун жашады. Эл кыйын кундорду женип отуп 8 сааттык жумушка жетип, ар танда жузундо кубаныч менен ойгонуп турду. Анткени мамлекет аларга шык, умут тартуулап кам коруучу. Элдин курсагы ток, кийими бутун, ынсаптуу, ыймандуу эле... Анан да темирдей тартип болуп кары-жашы баары мыйзамды сыйлачу...Айтор ошол доорго данк жана данк!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   07 Ноябрь 2016 - 12:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Ал эми азыр баары тескери, мечит-медресе кобойгону менен элден ыйман качты (бул жерде куноо ислам дининде эмес, коомдо, адамдардын озундо). Баары алсам-жулсам деп жутунуп турат, колунда жогу да, колунда бар байы да. Элде ынсап жоголду. Мамлекет элди бакпай эл бийликти бага баштады, ал жакпаса алтын-кумуш сатып, жерин-суусун сатып миллиард топтоп алышат. Эл сабаттуу болгону менен тушунугу, дуйно таанымы томондоп кетти. Маданият кризиске кептелди айрым бир тапмактарын эске албаганда.

Союздан калган завод-фабрикалар, ферма, МТС баары баары кыйрады. Азыр мамлекет оз кучу менен бир ГЭС же аэропорт кура албайт же оз акчасына жол сала албайт. 25 жылда болгону мамлекет жол салыптыр, Датка-Кемин комок чордонун ишке киргизиптир, мунун баары тышкы карыз, кредиттердин эсебинен бутту. Айтор мамлекет эч нерсеге жарамсыз. Олкодо тартип жок, мыйзам иштебейт. Кимдин таанышы кучтуу, капчыгы толо акча болсо мыйзам (соттор) ошонун созун суйлойт. Кыскасы бир соз менен анархия!

Олкодо жумуш жок, табылса да маяна ото аз, корпупция гулдоп майлуу-суттуу кызматтар бир ууч байлардын менчигинде. Карапайым элдин жарымы Россия, Казахстан ж.б.тентип журот оор жумушта кыйналып иштесе да чыдап уй-було багайын, там салайын деп... Кыргызстанда калган жарымы (карапайым элдин) ар аткан танда заарканып ойгонот, бугунку кун кандай отоор экен деп. Карыз-кредит ж.б.ж.б.баш оорулары толтура. Эртенки кун кандай болоорун эч ким билбейт. Мурункудай эртенки кунго ишеним жоголгон.

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya: 07 Ноябрь 2016 - 12:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   07 Ноябрь 2016 - 12:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Союз убагында миндеп мектеп, бала-бакчалар курулуп, ооруканалар, институттар (бугунку университет), маданият уйлору, филармония, драм театрлар, ар айыл сайын клуб, дукон, китепканалар, шаарларда парктар ж.б.курулуп калган экен. Билим беруу, саламаттыкты сактоо жыл сайын сапаты артып бараар эле. Мына капитализмге келип акчасы жоктор торотканада каралбай калууда. Акчасы жок ата-эне балдары каралбай олуп кетуудо. Акчан болбосо врачтар карабайт да, операция да жасабайт.

Дары дармек баасы асманда. Ошол себептуу бир топ адамдар операциядан баш тартууда. Жарым миллион-бир миллион сомго дарыланып уй-булосун кыйнагыча ошол бойдон озу кыйналып олуп кетууну абзел коруудо. Бул факт. Дыйкандарга барсан жерлери арыктап буткон, агроном жоктугу корунуп турат. Жайыттар такырлана тушкон. Кай жерде кен болсо кыргыздар иштеп пайдасын бийлик менен кытай, казак, канадалыктар коруудо. 25 жылда козго толоорлук эч нерсе жок... Айтор айта берсе арман коп...

Эн башкысы 25 жылдан бери бийлик экономикада осуш болуп жатат деп алдап келе жатканы. Чынында экономикабыз кобунчо артка карай "осуп", ийгиликтуу жылдары ордунда токтоп калат. Кааласанар 1985-89-жж. экономикабыздын абалы менен учурдагы абалын салыштыралы. .
Ошондо канчалык артка кеткенибизди тушунуп жетууго болот..

Союзду жаман деп бир ууч демократтарды ээрчип отуруп капитализдин сазына батып мына базар экономикасынын жемишин татып отурабыз, анын жемиши базарга агылган эл, миллиондой мигранттарыбыз жана бийликти менчиктеп алган бир ууч бизнесмен депутат-министрлер. ..

Анан да майга жетпеген мышык сасык дейт дегендей Союзду жамандап калабыз...

Эми СССР кайтып келбейт, бирок Кыргызстан озу ошол Союздун жакшы жактарын улгу алып улгулуу мамлекет курсак болоор эле го...

Азыр ал тууралуу баш катырып элдин жашоосун, эртенин-келеченин ойлогон эч ким жок, корунбойт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   bosmos777   07 Ноябрь 2016 - 12:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 17 Июнь 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscow

Эн туура!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 16:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: