Суперстан: Атамды эскерип... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атамды эскерип...

#21 Пользователь офлайн   Monchoshka   10 Ноябрь 2016 - 22:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Просмотр сообщения Muslim1990 (08 Май 2016 - 16:46) жазган:

Атанын жашоодогу орду табылгыс.Атамдан ажырагандан кийин билдим кадырын.Атамдан каза болушу мен учун жоодон элин коргогон баатырдан айрылгандай эле болду.Азыр деле атамдан айрылганыма ишене албай кетем.Жумушта журсом уйдо жургондой,уйго келсем сыртта жургондой эле сезиле берет.Атанарды сыйлагыла,урматтагыла, кучактап бетинен,колунан оопкуло,жузун эл алдында жер каратпагыла, катуу суйлоп конулун оорутпагыла, ооруса жанында жолок болгула,басса бутуна бут,колуна кол болгула.
Жаратканым жанаттан жай берсин сизге атакем.Сиз учун дайым Жаратканга жалбарып дуба кылам атакем.


Омиийн.. Өмүрлөрүн берсин..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Aikoo2014   10 Ноябрь 2016 - 22:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Автор эже атаныздын бейишин берсин ылайым!
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   kok-jar   10 Ноябрь 2016 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 656
  • Катталган: 01 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 22:07
  • Жынысы:Аялзаты

Менда бул жерди окуп аябай ыйладым атамды сагындым жылына айт куну аш кылып чакырат эле быйылкы айт биз учун ото оор кун болду.Менин атам бир тууганлары Озбекстанда тууганда алыс жашаш ото кыйын экен эки иниси отту бара албады чек арадан ото албады оксуп тизелеп жалынсада откорбоду,азыр эми чек ара маселеси чечилди жанылыктарды коруп аябай оксудум атакем тируу болгондо кандай кубанат эле деп,мен олсом ким комот дем коп ойлончууле ошого алысраак бир инилерине мени узаткан гор майрамым силер болосунар деп той кылбай эле беш алты айдан кийин кылабыз деп энемдер уй баштап алып арадан уч жыл отуп кетти быйыл уй бутту атакем апакем жанына бардык суйлошуп биздин тоюбуз белгиленди атакем жаныма келип бактылуусунбу кызым деп кучактап ооп койду ошол акыркы жолу боорунузга кысканыныз билсем тоюп тоюп ооп жыттап албайт белем атакем.Ошентип мен кайын журтум менен келе бердим эртеси айт кун аябай бактылумун иним зуулдап машинада келди атан озуно келбей ататкен жур деп козумдон тып тып тамчы агат шашып бардык чуркап уйго кирдим атан бир жакшына озун карма деп кошна эже сооротту суйунуп алдына кирсем атакем бетин жаап коюшуптур озумон кетип чынырып ыйладым негеее бир кун алдын кандай журот элениз деп баарыбызды алаксытып коюп оорудумда дебей ун чыгарбай тыыынч айт куну азан айтылып жатканда кете берди.Бир кун алдын меенин кызым эн сулууу келин болот деген создорун эстеп кооп ыйлайм атакем бул жашоодон эрте кетти арман эмне экенин билбейт элем журогумдо арманым коп биздин жакшылыктарыбыз корбой кетти атакем жайыныз жанаттан болсун калган омурунуз апама берсин аллахым.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Nariste...12   10 Ноябрь 2016 - 23:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Muslim1990 (08 Май 2016 - 16:46) жазган:

Атанын жашоодогу орду табылгыс.Атамдан ажырагандан кийин билдим кадырын.Атамдан каза болушу мен учун жоодон элин коргогон баатырдан айрылгандай эле болду.Азыр деле атамдан айрылганыма ишене албай кетем.Жумушта журсом уйдо жургондой,уйго келсем сыртта жургондой эле сезиле берет.Атанарды сыйлагыла,урматтагыла, кучактап бетинен,колунан оопкуло,жузун эл алдында жер каратпагыла, катуу суйлоп конулун оорутпагыла, ооруса жанында жолок болгула,басса бутуна бут,колуна кол болгула.
Жаратканым жанаттан жай берсин сизге атакем.Сиз учун дайым Жаратканга жалбарып дуба кылам атакем.


"Атанын жашоодогу орду табылгыс! ! Атакем бул дуйнодо " конок" экенин, качандыр бир убакта атамды коргонго зар болоорумду мурдаарак билсем гана аттин!! Тынбай телефон чалып, тез-тез атакеме барып турмакмын. Кана эле ошону билсем гана.... Баарыбызды зарлантып, ыйлатып , кайгыга салып, биз менен туболукко келбес жакка кете берди...
Сагындым Атаке!!! Сагындым..... Жузунду бир корууго зар болдум го...

Баарыбыз ата-энелерибизди козу барда сыйлайлычы. Алар бул жашоодо " конок" экенин унутпайлы!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   tavanova.sarah   11 Ноябрь 2016 - 16:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Май 2021 00:58
  • Жынысы:Аялзаты

Мен жалгызмын уй булоом болуп туруп,
Мен алзысмын кара кучко толуп туруп.
Жанымда кенеш берер адамым жок,
Мен жансызмын журогум согуп туруп.
Арманымды кимге айтып даттанам?…
Эрдик кылсам кимге барып мактанам?…
Айланамда адамым жок таянган,
Куноо кылсам кимге барып актанам?…
Жургон кезим эч бир жанга ачылбай,
Жудоп кеттим каш-кабагым жазылбай…
Келчи АТА бир кунго эле суранып?
Суйлоор элем БИР мунотко басылбай! …
Келчи АТА бир кунго суранып?
Суйлоор элем БИР мунотко басылбай…
Сагындым АТА сизди!…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Deniza88   11 Ноябрь 2016 - 17:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 797
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 01:54
  • Калаасы:Ай

Мен да сагындым... Папамды ( кечирим сурайм бирок мен папа деп конуп алган экемин негедир )
Ар дайым сиздин мээриминиз жетишпей келет, мээриминизди жытынызды сагындым....
Кыз киши чын эле атасына жакын болот экен, мен атанын мээримине конуп калган экемин, сиздин бул дуйнодон кеткениниз мен учун оор болду... Ар дайым мен барганда бапырап , жаркылдаган маанайыныз менен тосуп алчу элениз...
Башында ишенбей журдум кантип эле деп, бирок убакыт откон сайын, мен уйго барган сайын баягыдай бапыраган чон Ак там бош сыяктуу, сизден башка баары бар болсо да негедир жетишпейт...
Жыл откон сайын уйго барган сайын жашоо мага далилдеп келет сиздин бул жашоодо жок экенинизге ...


Сиз наркы , чын дуйнодо болсонуз дагы сиз менен суйлошкум келет, билгим келет... Кантип , кандай журосуз...
Кыз кишинин Ар бир кетирген куноолорун агасы менен атасы тартат деген соз угуп калдым эле, кечирим сурагам келет балким жазып Тайып сиздин куноонузду кобойтуп койгон болсом...

Баягыдай Жылуу ары кучтуу алакандарынызды жетелеп алып тоого, токой го, суу Аралап басып сырдашкым келет....
Сагындым...
Сагындым.....
Сагындым сизди .....

Жараткан Аллам сизге бейиштен орун берген болсун... Жалган дуйнодон жетпей, толук канбай калган мээриминизге чын дуйнодон жолугайын....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   kalima88   11 Ноябрь 2016 - 18:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 881
  • Катталган: 24 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 31 Дек 2021 04:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Атамдан 7 жашымда, апамдан 15 жашымда айрылгам...
Ата-энесиз омур кечируу эн кыйын.Ата-энемдин жоктугунан коп эле учурларда сынып калгам.Айтып ,жазып отурсан тагдырга нааразылыгынды корсоткондой болуп каласын.
Кудайыма керек экен, алып кетти.Колубуздан Куран тушургондон башка тук эч нерсе келбейт.Сагыныч, кусаны ый мн чыгарып буто албайбыз.Баары бир конулундо оксук боло берет.Жетимдиктин азабын мына ушу кундо да тартып келем, канчалаган ыйга, коз жашка болонгон кундор отту, озумду алсыз, конулу , журогу боксо адам сезип коюп журом.Мээримге ,эненин эркелеткенине тойбой калгам.Айта берсен арман коп. Бирок айла жок.
Андыктан, ата-энени козу барында болушунча кадырлоого, сыйлоого умтулунуздар.


Кокурок-коодонум толо арман,
Комуско женууго жетпей дарман.
Айыккыс дартым бар, а анткени,
Ата-энемдин мээримине тойбой калгам.

Билдирүүнү түзөткөн: kalima88: 11 Ноябрь 2016 - 18:48

Комурго эле эмес, баарына бай - Таш- Комурум,
Кайда журсом сени мн го ой- конулум.
Мезгилге багынбаган балалыкта ,
Кучагында канча ойнодук чан торундун.
Шамалынды сагынганда шашып жонойм,
Шахталардын кен Мекени -Таш - Комурум!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   KAPAGAT   11 Ноябрь 2016 - 23:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 888
  • Катталган: 25 Август 16
  • Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Окуп жатып менда оксуп , оксуп ыйлап алдым.Атабызды арабыздан алып кеткенине 6 жыл болуптур.Анда эрке кыз элем.Эркелеп , тентектик кылган кундоруму эстесем озумду жейм неге андай кылдым экен деп.Тордо отураар маалында ,балдарыныздын ийгилигин , жетишкендигин, неберелериниздин биринда корбой кеттиниз. Неге анча шаштыныз экен атакем ай.Мотурайган уул кыздарыныз бой жетип ата , апа болдук.Сиздин ордунуз билинип жакшылык -жамандыкта козубузго жаш алабыз. Атакем ай кагылайыным , сизди аябай сагындым ...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Deniza88   12 Ноябрь 2016 - 01:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 797
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 01:54
  • Калаасы:Ай

Просмотр сообщения kalima88 (11 Ноябрь 2016 - 18:47) жазган:

Атамдан 7 жашымда, апамдан 15 жашымда айрылгам...
Ата-энесиз омур кечируу эн кыйын.Ата-энемдин жоктугунан коп эле учурларда сынып калгам.Айтып ,жазып отурсан тагдырга нааразылыгынды корсоткондой болуп каласын.
Кудайыма керек экен, алып кетти.Колубуздан Куран тушургондон башка тук эч нерсе келбейт.Сагыныч, кусаны ый мн чыгарып буто албайбыз.Баары бир конулундо оксук боло берет.Жетимдиктин азабын мына ушу кундо да тартып келем, канчалаган ыйга, коз жашка болонгон кундор отту, озумду алсыз, конулу , журогу боксо адам сезип коюп журом.Мээримге ,эненин эркелеткенине тойбой калгам.Айта берсен арман коп. Бирок айла жок.
Андыктан, ата-энени козу барында болушунча кадырлоого, сыйлоого умтулунуздар.


Кокурок-коодонум толо арман,
Комуско женууго жетпей дарман.
Айыккыс дартым бар, а анткени,
Ата-энемдин мээримине тойбой калгам.



Коооп балалуу болуп бактылуу жашайсыз деп ишенем....

Килейип куйоого тийген болсом да жакшы сырдашым эле.... Мына андан бери 5 жыл болуптур....



Ушул теманы окугандар ата энеси эсине тушуп , алыста болсо телефон чалып ал ахвалын сурап, жакын болсо жакшылап отуруп баарлашып мурдагыдан да жакын болгонго аракет кылышты болуш керек деп ойлоп жатам.... Ар дайым ошондой болсун, ата энени козу барда колдон келишинче сыйлайлычы. .. Мейли кайната кайнене болобу, аларды да оз ата апанардай коргуло....... .... :cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   erkekyz1   12 Ноябрь 2016 - 18:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 21 Февраль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 19:46
  • Жынысы:Аялзаты

Мен да "ата" деген сөздү айтпаганыма 14 жылдын жүзү болду. Атамдын караанын көрбөгөнүмө, ага эркелебегениме 14 жыл болду. Сагынам, кусаланам, туталанам. Атамдын жоктугун арман кылам. Айла жок экен, тагдырга баш ийүү менен гана жашайт экенбиз. АЛЛАХыма шүгүр апакем бар. Атабыздын жоктугун иним экөөбүзгө билдирген жок. Куран окуйлу дейбиз сизге арнап бирок ага да дитибиз барбайт. Өлүүңүз же тирүүңүздү билбей 14 жылдан бери арманда жашайбыз. Мүмкүн бир күнү иштен келгендей жарк эте кирип келүүңүздү күтөбүз. Бирок жоксуз. Кайда кетип, кай жерде экениңиз белгисиз бойдон. Ошол күн дагы да эсимде бар. Эртең менен кадимкидей жумушка кетип, кечкисин кайткан жоксуз. Күттүк. Ал учурда уюлдук телефон да жок эмес беле. Эки-үч күн күттүк, дайынсыз болдуңуз, апамдын издеп барбаган жери калган жок. Милициядан баштап ММК ларга чейин издөө болду. Жыйынтык болбоду. Ошондогу апамдын абалы, биз го кичине болуп эч нерсеге түшүнбөдүк. Мына ошод күндөн ушул күнгө чейин илгери үмүт менен жашап келебиз. Билесизби ата, менин каалоом мен турмушка узаарда мага ак көйнөк кийгизип, кыз узатуу ырларынын бири менен сиз мени колтуктап чыгып күйөөмө, куда кудагыйыңызга тапшырып жатканыңызды элестете кыялданам. Ошол күн буюраар бекен дейм. Ата, эгерде сиз аман болсоңуз, мүмкүн кайсы бир жерде чыгалбай жүргөндүрсүз. Билиңиз, сизди сагынып, зарыга күткөн адамдар бар. Жараткандан бир гана тилегеним баардык ата-энелер аман болсунчу, эч качан оорубасын, жаныбызда жаркылдап гана жүрө беришсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Sagyn.91   12 Ноябрь 2016 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Просмотр сообщения sagyn91 (11 Май 2016 - 21:51) жазган:

Ата-энебиздин козу барында кадырына жетеличи, сый урмат менен мамиле жасап, айткан создорун жерге калтырбай, кабак буркобой, каяша айтпай, Омурунун узак болуусун тилейличи. Баарыбыздын ата-энебиздин омурлору узак болсун ылайым.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   aiko8908   14 Ноябрь 2016 - 14:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 96
  • Катталган: 29 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Сен 2019 19:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Азыр менде баары бар, бир гана атам жок.Биз уй-булоодо 9 бир тууганбыз 8 кыз 1 уул ,мен жетинчи уул ээрчитип келген атамын жакшы коргон кызы элем.Баардык эжемдерди жогорку билимдуу кылды, жалгыз озу мамлекеттик жумушта 44 жыл тынымсыз иштеп, эми гана эс алууга чыкканда кутуусуздон каза болду.Атам жалгыз инимди балам кыздардын арасында чонойду, тарбия корсун деп армияга жоноткондон кийин анын келишин корбой калды.Аттин арман бир кем дуйно деген ушул тура.Азыр 6 жыл отсо да эч эле ишенбей келем сиздин жоктугунузга. Атам жок деп да айткым келбейт.Атамды айта берсем соз бутпойт. Жараткан Аллам бейиштен орун берсин сизге АТА....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Aikewa   15 Ноябрь 2016 - 04:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Атам менин аска-зоом, тирегим элениз... Сагындым сизди(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Gulzina1993   15 Ноябрь 2016 - 14:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 19:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ата- уч тамгадан турганы менен мааниси терен, канчалаган адамдар, кандай гана керемет создорду жазыптыр. Ооба ата деген оорду толгус адам. Бирок кээде жашоо оз атанды жек корууго алып келет, канчалык сагынып турсан да, кылганын эстеп кечире албаган кундор болот......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   atakyzy   24 Ноябрь 2016 - 11:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 14 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Сен 2019 13:22
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

-Датка кызым десе атам
-ооооу атоооов
деп эле эркелеп журчумун Атам ото патриот инсан болчу айылда бут жерде атам изи бар. Айылга келген сайын, кочолордо атам жургондой эле , мектепке келсем линейкада атам суйлоп жаткандай , маданият уйундо атам микрафон кармап элдин койгойун айтып аткан инсан , айыл окмотто каарылар мн элдин келечене куйуп аткан деги баардык жерде элесин кором! Адамдардын мындай инсан бир туулат деп айткан создору мени журогум эзип салат . Ыйлайм неге неге менин атам деп........... атам насааттары , жон эле айткан созу да жок жерден айтылчу эмес , мен да атамдай эрктуу,кучтуу, акылдуу, кечиримдуу болгум келет бироооок..... .. эч колумдан келбей жатат атоооу((( Сен менин кызымсын эсин мн бол .....! ушул бир ооз соз мени турмуш жолун да адашуудан , чогуп кетуудон сактап келет. Кимин атасы жанын да болсо ал инсан ды кадырлап барктап билиниздер! !!АНАН айтаарым эч убакта ушул инсансыз кандай жашайбыз деп айтпаныздар аллахым ансыз жашатып коет экен ((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   ulanbek2917   24 Ноябрь 2016 - 11:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 05 Май 2017 15:17

Ата Апа деген созду айтыш мага буйруган эмес торолгонумдон эле. Азыр тируу эле бирок менде Ата Энеге болгон мээрим жок. Тайэнемдин колунда осконумобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Antoshka2016   01 Декабрь 2016 - 09:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 19 Июн 2017 16:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Tuulgan jerim altyn beshigim.

Эхх Атам.Атам биз учун аз эле жашады.Мен болгону 25жашта элем.Атам аябай жакшы киши болчу.Оорду жоктолот уйго барган сайын.Ичим боксоруп оксуп оксуп ыйлап алам.Мен учун Ата деген жылдыз очконуно 1 жарым жыл болуп баратат.Атамдын мээнеттери. кылган иштери калды.Озу олтургузган бактары калды.Жаратканым жургон жерин бейиштин гулбакчасынан кылсын.Тушумдо кучактап сагынып ыйлай берем негедир(((
Адептуу бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   mamatmusakuzuraziya   01 Декабрь 2016 - 16:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 170
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 31 Янв 2018 06:32
  • Жынысы:Белгисиз

менда атамды абдан сагындым.... бул дуйнодон кеткенине 3 жыл болуп калды 49 жашында аты жаман илдет 6 ай тошоко каптап жанын кыйнап алып кетти.... эми уул кызынын чайын ичээр убагында небере жыттап жетелеп журоор убагында бизди таштап кете берди....апамдан да атама жакын элем аттин жашоо аттин бир кем дуйно.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   rnurzida   04 Декабрь 2016 - 01:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мен деле сагынам ата деген сөздү айтышты ...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 16:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: