Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан
#122 29 Октябрь 2016 - 15:57
#123 07 Ноябрь 2016 - 19:53
#124 14 Ноябрь 2016 - 21:43
Окуя ушул жерден бүттү... Бирок, окуядан алынчу сабактар бүтө элек.
Балыкчыга берилген бермет таш бул сенин "Рухуң, жаның", ал баа жеткис аманат байлык. Бирок анын кадырын өлүм келгенде гана билесиң. Ал эми казына дегени бул "Дүйнө" Алтын-күмүштөр болсо "Салих амалдар, намаз, орозо, зекет, хаж жана башка сооп иштер". Жылуу төшөктөр болсо: "Акыретти унутуп капылетте жүрүү". Ал эми тамак-аштар болсо "Алкымына ээ боло албай, напсинин азгырыгына алдануу". Ал эми балыкчы болсо ушул окуяны окуп жаткан "СЕНСИН" .
✅Окуядагы балыкчынын кейпин кийип калбаш үчүн уйкуңду азайт, жылуу жуурканыңды ташта, акыретке азыгыңды камда, алты сааттык берилген өмүрүңдү текке кетирип алба!
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Хадистер (кыргыз тилинде) тайпасы .
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 14 Ноябрь 2016 - 21:43
#125 14 Ноябрь 2016 - 21:50
Так калбасын жүрөктө, ал да сыйың.
Кечирсең да сен аны мен энемин.
Энелерге кечирүү абдан кыйын.
Жаман болсо жакшы деп жашырып кой.
Жамандыктан аз гана жашынып кой.
Сенин бүлөөң аябай тынч экен деп.
Көөдөнүмдө жашасын жакшылык ой.
Турмуш кээде татаал, сабырдуу бол.
Сабырдуулук эң эле кадырлуу жол!
Жаратканым ар дайым мээрим төгүп.
Айланайын секетим бактылуу бол..." -
деп ар бир эне перзентке күйөөр.
(Автору: Таирбек Ерматов)
#126 15 Ноябрь 2016 - 08:07
Алма бактын ээси бул жаш жигиттин абалын карап, такыбаалыгынын чын-жалганын билиш үчүн мындай дейт:
- Жеген алмаң үчүн эмне бересиң?
- Алтын-күмүш, эмнем болсо берейин.
- Мен алтын-күмүш каалабайм, бирок, эгер кыяматта сага доочу болуумду каалабасаң сага бир сунушум бар, аны кабыл кылышың керек.
- Сунушуң эмне?
- Орундай турган болсоң айтайын…
- Исламиятка туура келсе орундай алам.
- Сокур, дүлөй, тилсиз жана колу-буту шал болгон бир кызым бар, аны менен үйлөнүүгө макулдук берсең ошондо гана бул алманы сага адал кылам.
Сабит хазреттери акыретке кул акысы менен кетпөө үчүн бул сунушту кабыл кылат. Нике той даярдыктары көрүлөт. Сабит хазреттери биринчи түнү бөлмөгө киргени менен чыкканы бир болот. Дароо кайын атасына жүгүрүп барып: «Ата, бул жерде бир жаңылыштык бар сыяктуу, бөлмөдө сиз айткан сыпаттагы кыз эмес таптакыр башка бири отурат!» - дейт. Кайын атасы күлүмсүрөп: «Балам, ал менин кызым, сага адал болгон кыз. Мен сага аны сокур деп айткан болсом, ал эч качан арам нерсе көргөн эмес. Дүлөй деген болсом, ал эч качан арам нерсе уккан эмес. Тилсиз деген болсом, ал эч качан арам нерселерди сүйлөгөн эмес. Шал деген болсом, ал эч качан арам жерлерге барган эмес. Бар эми адал жубайыңдын жанына бар, Аллаху Таалаа мубарек жана бактылуу кылсын.»
Мына ушул үйлөнүүдөн, б.а., ушундай эне-атадан Имам Азам Абу Ханифа дүнүйөгө келген.
Шемседдин Сивасинин Менакых-и Имам Азам аттуу эмгегинен алынган.
#128 22 Ноябрь 2016 - 00:58
✍️️"Ооруганыңды сезсең, демек- тирүүсүң. Эгер башка бирөөнүн оорусун сезсең демек - адамсың."
✍️️"Жете турган жерге ишенсең, кадам шилтегенден коркпо."
✍️️"Бактылуу учуруңда убада, үшкүрүп турганыңда жооп бербе жана жинденип турганыңда жыйынтык чыгарба."
✍️️"Дарактын дарактыгы өзүнөн, адамдын адамдыгы сөзүнөн белгилүү болот."
✍️️"Сен үчүн керек болсо өмүрүмдү берем дегендер, өмүрүңдү алат да кетишет."
✍️️"Жакындарың жан дүйнөңдү кейитсе, сен аларды кейитпе. Себеби сен алардан артыксың."
✍️️"Сени жүрөгүмө батырам деп, жүрөгүмдөн эмнелерди гана чыгарып салбадым."
✍️️"Баардыгын өзүндөй таза ойлогон адам, жүрөгүнө дарысыз оору чакырган адам."
✍️️"Бир эле кишиге арнап жазгандарыңды, миң киши окуп алып баш оорутушат."
✍️️"Арман ашыктык оңой жазылат бирок оңой жашалбайт."
✍️️"Ыйлайсың, ыйлайсың. Бирок ким үчүн ыйлаганың маанилүү."
✍️️"Акчасы барлар базардан, ыйманы барлар мазардан коркпойт."
✍️️"Булбул гүлгө, карга күлгө алпарат. Ким менен дос болгонуңду жакшылап бил."
Бул, улуу Ислам даанышмандарынын сөздөрү, Кураан халистердин мазмунунан...
#129 22 Ноябрь 2016 - 01:30
Xanif.Kg (22 Ноябрь 2016 - 00:58) жазган:
✍️️"Ооруганыңды сезсең, демек- тирүүсүң. Эгер башка бирөөнүн оорусун сезсең демек - адамсың."
✍️️"Жете турган жерге ишенсең, кадам шилтегенден коркпо."
✍️️"Бактылуу учуруңда убада, үшкүрүп турганыңда жооп бербе жана жинденип турганыңда жыйынтык чыгарба."
✍️️"Дарактын дарактыгы өзүнөн, адамдын адамдыгы сөзүнөн белгилүү болот."
✍️️"Сен үчүн керек болсо өмүрүмдү берем дегендер, өмүрүңдү алат да кетишет."
✍️️"Жакындарың жан дүйнөңдү кейитсе, сен аларды кейитпе. Себеби сен алардан артыксың."
✍️️"Сени жүрөгүмө батырам деп, жүрөгүмдөн эмнелерди гана чыгарып салбадым."
✍️️"Баардыгын өзүндөй таза ойлогон адам, жүрөгүнө дарысыз оору чакырган адам."
✍️️"Бир эле кишиге арнап жазгандарыңды, миң киши окуп алып баш оорутушат."
✍️️"Арман ашыктык оңой жазылат бирок оңой жашалбайт."
✍️️"Ыйлайсың, ыйлайсың. Бирок ким үчүн ыйлаганың маанилүү."
✍️️"Акчасы барлар базардан, ыйманы барлар мазардан коркпойт."
✍️️"Булбул гүлгө, карга күлгө алпарат. Ким менен дос болгонуңду жакшылап бил."
Бул, улуу Ислам даанышмандарынын сөздөрү, Кураан халистердин мазмунунан. ..
Э бар экенсизго таксыр брат, озуям суроолор тиякта кобойуп кеттиле барып жооп берип коюн. Калгандарынын жообу канаттандырбай жатат, эптеп эле бир нерселерди жазган болот.
#130 03 Декабрь 2016 - 23:12
Акыркы 10 жылда бул дарт 8 эсеге өскөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 8000ден ашык ВИЧ оорусун жуктурган жарандар жашайт. Алардын көбү айыккыс бул дарттын вирусун жыныстык катнаш аркылуу жуктурушкан.
1988-жылдан тарта 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү белгиленип келет. Бирок бул күрөштөн эч кандай майнап чыкпай келет.
Комментарий:
Абдулла ибн Умардан риваят кылынат: Расулулла биздин алдыбызга келип: «Эй мухажирлер жамааты, беш нерсе бар, аны менен балээленсеңер кандай абалда калар экенсиңер. Силер бул балээге чалдыгып калбооңорду Алладан суранам:
1) Кайсы бир коомдо бузукулук (жыныстык мамилелер назарда тутулууда) кең жайылып кетсе, аларда жана ата-бабаларында болбогон оорулар көбөйөт.
2) Кайсы бир коомдо өлчөө жана таразадан уурдап калса, алардын башына ачарчылык, кыйынчылык жана жетекчинин зулуму келет.
3) Кайсы бир коомдо малдарынын зекетин бербей койсо, аларга асмандан жамгыр жаабай коёт, эгер айбандар болбогонунда, аларга эч жамгыр жаабай коёр эле.
4) Кайсы бир коомдо Аллага жана Расулуна берген убадасын бузса, Алла алардын үстүлөрүнө өздөрүнөн башка, душмандарын өкүмдар кылып коёт. Алар ошол коом ээлик кылган нерселердин айрымдарын тартып алышат.
5) Кайсы бир коомдо жетекчилери Алланын Китеби менен өкүм жүргүзбөсө, алар Алла түшүргөн нерсени ыктыяр кылышпаса, Алла аларды өз ара уруша турган кылып коёт»
#131 04 Декабрь 2016 - 01:54
*_Сонун хадис...._*
*☝5 ИШТИ АТКАРМАЙЫНЧА УЙКУГА ЖАТПАГЫН !!!*
_Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (с.а.в) Алини (р.а) жанына чакырып,ага мындай деди. Бул 5 ишти аткармайынча төшөккө жатпагын:_
1⃣. Куранды толук окумайынча.
2⃣. 4000 дирхамды саадака бермейинче.
3⃣. Каабаны зыярат кылмайынча.
4⃣. Бейиштен бир орунду ээлемейинче.
5⃣. Ыза бергендеринди ыраазы кылмайынча.
_Ошондо, таң калган Али (р.а):" Мен булардын баарын кантип аткарам"- деп сурады._ _Пайгамбарыбыз (с.а.в) минтип жооп берди:_
1⃣. Ихлас сүрөөсүн 3 жолу окусан Куранды толук окуган болосун.
قل هو الله احد. الله الصمد. لم يلد و لم يولد. ولم يكن له كفوا احد.
Окулушу:
*Кул хуваллааху ахад. Алоохус сомад. Лам йалид ва лам йууллад ва лам якун лаху куфуван ахад.*
Котормосу: _Айткын:Аллах Жалгыз! Аллах эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн! Ага эч ким тендеш эмес!_
الحمد لله رب العلمين.الر حمن الر حيم. ملك يوم الد يب. ايك نعبد و اياك نستعيب.اهدنا الصرط المستقيم. صرط الذين انعمت عليهم غير المغضوب عليهم و لا الضا لين.
2⃣. Фатиха сүрөөсүн 3 жолу окуусан 4000 дирхам садака кылгандай болосун.
Окулушу:
*Алхамду лиллаахи роббил ааьламиин. Аррохманир рохиим. Маалики явмиддин. Иййаака наьбуду ва иййаака настаьиин. Ихдинас сироотал мустакиийм. Сироталлазина аньамта алайхим гойрил магдзууби алайхим ва ладзоолиийн. *
Котормосу: *Мээримдуу,ырайымдуу Аллахтын аты менен! Ааламдардын Эгеси болгон Аллахка мактоо! (Ал) мээримдуу, ырайымдуу. Кыямат кундун падышасы. Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз. Озун бизди туура жолго баштагын. Ошол Сенин каарына калбагандар жана адашпагандарга Озун тартуулаган жол.*
لا اله الا الله و حده لا شريك له، له الملك، و له الحمد،. و هو علي كل شي قدتر.
3⃣. Ушул дубаны 10 жолу айткан Каабаны зыярат кылгандай болосун.
Окулушу:
*Лаа илааха иллал-ллоху, уахдаху лаа шариика лах, лахул мулку уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шайин кодиир.*
Котормосу:
_Аллахтан башка Кудай жок. Ал өзү гана. Анын шериги жок, мулк Аныкы. Мактоо Ага гана. Ал бардык нерсеге кадыр._
لا حول و لا قوة الا با لله العلي العظيم.
4⃣. Ушул дубаны 10 жолу айтсан- Бейиштеги ордунду сактаган болосун.
Окулушу: *Лаа хаула уалаа кувата илла биллахил алииул азиим.*
Котормосу: _Куч жана кубат бир гана Аллахка таандык. Аллах Улуу, Бийик._
اسغفر الله العظيم الذ ي لا اله الا هو الحي اقيوم و اتوب اليه.
5⃣. Ушул дубаны айтсан- ызаа бергендеринди ыраазы кылган болосун.
Окулушу: *Аставфируллохал- азнимиллазии лаа илааха иллаху вал хайюл койюм, уа атуубу илайхи.*
Котормосу:
_Өзүндөн башка сыйынууга татыктуу Зат жок болгон, тируу жана ар дайым тууруучу, Улуу Аллахтан кечирим сурайм жана тообо кылам.
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 04 Декабрь 2016 - 01:56
#132 06 Декабрь 2016 - 12:35
БАЛДАРДЫ КАНТИП ТУУРА ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?
Азыркы заманда жаштардын бузулуп баратканы көбөйүүдө. Мисалга алсздар эркектен кем калбай тамеки чеккен, эркектер менен кучакташып отурган, сөгүнгөн, жарым-жылаңач болуп алышып койкоңдоп көчөдө жүрүшкөн. Эркегиң болсо кыздан кем калбай чачын өстүргөн, чапташкан шым кийген бар-жогун билдирип. Автобус , маршруттарга түшсөң кыздар , апа-эжелер турушат да жапжаш жигиттер отурушат . Эркек деген сыпат калбай калган. Кичинекейи жаш-карыга карабай көчөдө сөгүп аткан, мушташып жатышкан, интернет-клубдарда пайдасы жок оюндар менен ойноп отурган.
Туура мындай жаман көрүнүштөрдүн көбөйүүсүнө биз ата-эненин да күнөөсү бар. Себеби , жайлоодогу малды деле карабай койсоң эмне болот? Албетте башы оогон жакка оттоп кете берет да кийин таппай канча убара болосуң , а сиз деген курсакта 9 ай толгонуп көтөргөн, анан суткалап толготуп төрөгөн , уктабай өткөргөн түндөрүңүзчү? Элестетиңизчи ?! Канчалаган кыйынчылыктар менен чоңойтуп-өстүргөн балаңыздын жогоруда айтылган жаштардын катарына кирип калуусун каалайсызбы? Албетте жок! Баары эле балам андай болсо экен , мындай болуп өссө экен деп жакшы жагын ойлойт бирок, сиз ошончолук аракетин көрүп жатасызбы , жакшылап ойлонуп көрүңүзчү?!
Күзүндө эгин мол, ойдогудай болуусу үчүн эмне кылабыз? Жазда биринчи жер айдап, түздөтүп, сээп, отоп, суугарып анан мал кирип кетпесин деп кайтарасыз ж.б машакаты көп туурабы? Анда неге балаңызга ошондой убакыт кетирбейсиз, неге кайдыгер карайсыз? Акыры бул өз карыныңыздан чыккан балаңыз го! Ошол балаңыздын келечеги сиз үчүн маанилүү эмеспи?! Ошол балаңыз сиздин урпагыңызды улай турган , сиздин атыңызды ал тургай бүтүндөй кыргыз элинин атын чыгара турган инсан го?!
Билесизби мойнуңузда кандай деген жоопкерчиликтер жатканын? Ойлоно турган болсок биз төрөп-өстүрүп жаткан уул-кыздан эртең кыргыздын, мусулмандын абийирин жаап-жашыра турган , бүтүндөй элди сыймыктандырган , элдин-жердин керегине жарай турган инсанды өстүрүп , өнүктүрүп татыктуу тарбия берип элибизге, жерибизге чоң салым кошуу мына биз ата-энеден көз каранды!
Келиңиздер балдарыбызга көңүл бөлөлү, жакшылап бир тарбияны берели! Колдон келсе дин менен тарбияласак жакшы болоор эле , анткени биз алар үчүн дайым үлгү болуп өтөбүз , ошого өзүбүз кандай болсок, мына балдарыбыз дагы ошондой болуп өсүшөт, келечеги да ошол тарбиясынан көз каранды. Ал үчүн өзүбүздүн динден түшүнүгүбүз болуусу шарт себеби , биз канчалык Аллахтан корккон , ыймандуу, такыбаа болсок, мына ошончолук балдарыбыз дагы ошондой болуп өсүшөт, биз сыймыктанаарлык деңгээлге жеткирүү үчүн ошончо мээнет керек.
Баланы канчалык кичинесинен баштап дин менен тарбияласак , ошончолук жакшы. Анткени Акыретте Арштын көлөкөсүндө жети түрдүү адамды Аллах Таала күндүн мээ кайнаткан ысыгынан сактайт экен, ошол жетөөнүн бирөөсү бул кичинесинен тартып Аллах жолунда такыбаа болуп чоңоюп-өскөн бала дейт.
Балаңызды тили чыккандан баштап эле үйрөтө баштаңыз , эң эле жөнөкөйү " апа мен сизди жакшы көрөм" деген сөз , ал үчүн сиз бул сөздү балдарыңызды тез-тезден ушундай сөздөр менен эркелетип турууңуз керек. Канчалык мээрим төксөңүз ошончолук бала сизге жакын болот, сизди идеал көрөт, ошончолук сизди угат. Эч качан балага кыйкырып же уруп түшүндүрбөңүз анткени кыйкырганда бала түшүнбөй тескерисинче коркуп тура берет. Буга мен башыман өткөнүн айтып өтөйүн.
Куран окуганды үйрөтөм деп айылда бир эже чакырганынан барып үйрөнө баштадым, анан ал устаз окутканды үйдөн жолдошум мн чогуу кайталайбыз, баягы жаңы үйрөнгөнгөбү тамгаларды тааный албайм же тилим келбейт бир айтканды он айтсам деле окшошпойт анан жолдошум ой андай эмес мындай деп айтып жатам го деп үнүн бийик чыгарганда эле менин маанайым түштү, окугум келбей анан жолдошума таарына баштадым , ар күнү ушундай мени жаш балача урушат анан ойлодум байкуш кызым да сабак жазганда мен ушинтип үнүм бийик чыгарсам ушундай жаман абалда калчу турбайбы деп кийин кызымды сабак жазуу учурунда акырын айтып түшүндүрө турган болуп калдым ал сыңарындай балаңызды урбаңыз, жаман сөздөр менен тилдебеңиз ! Бала укканын, көргөнүн кылат.
Сиз үйдө кандай сөз сүйлөсөңүз балдарыңыз ошондой сүйлөшөт, сиз гыйбат кылсаңыз эртең балаңыз үйрөнө баштайт , сиз жолдошуңуз менен урушсаңыз, ал кызыңыз кийин күйөөсү менен урушат апам деле ушинтчи деп, эгер катуу тентектик кылса атасы урушуп жатканда сиз болушпаңыз же сиз урушуп жатканда атасы унчукпасын себеби, баланын алдында баркыңар түшүп калат. Телевизор көрүп отуруп алып аны китеп оку десеңиз ал айтат эмнеге мен окуйм а апам окубайт деп? А эгер сиз намаз окууну адат кылсаңыз, бала да бир күнү окуйт, Куран окусаңыз , үйрөтсөңүз үйрөнөт дегендей. Сиз ата-энеңизге кандай мамиле жасасаңыз алар ошону көрүшөт кийин сизге ошондой мамиле жасашат.
Адеп-ахлакка дагы үйрөтүү керек м: улуулар менен учураш, улууларга орун бошотуп бер, улуулар отура электе тамакка кол сунба деген улууларга болгон сый-урмат тууралуу айтыңыз.
Үйдө балдарыңыздын арасында адилеттүү болуңуз, балдарыңызды башка балдардын арасында мактаңыз да , үйдө эч ким жокто кылган каталарын айтып-деп урушсаңыз болот бирок тилдебей.
Көчөдө кайсы балдар менен ойноп жүрөт, аларга кошулуп алып башка балдарды тийишип- тилдеп жаткан жокпу , короосуна кирип алма-өрүгүн күбүп ташып жеген жокпу ? Ошондон улам башталат уурулук деген. Компьютерде оюн ойнотпоңуз андан пайда жок , телевизор көргөндө караңыз эмне көрүп жатат, уят кинолорду, мыкаачылыкка, жалкоолукка, тентектикке үйрөткөн мультфильм , кинолорду көрсөтпөңүз.
Үйдө болуп жаткан нерселерди сыртка айтпа деп үйрөтүңүз себеби, баланын калп айтпайт экенин билип ичи тарлар сурашы мүмкүн. М: биздин кыздан көп сурашчы экен атаң эмне кылат, апаңчы антеби ж.б.у.с дайыны жок суроолорду беришип анан бир күнү бизге жетти ал сөз , анан жаман болдук да кызыбызга айттык мусулмандар үйдөгүнү сыртка айтпаш керек, үйдөгү сөз үйдө гана болуш керек деп, анан минтип жооп бер деп үйрөтүп койдук: " Кечиресиз , бирок мусулмандар үйдөгүнү сыртка чыгарбаш керек ошого жооп бералбайм" -деп)) кийин кызыңар укмуш бизди ушинтип өчүрдү деп канчасы жүрүштү, кийин сурабай калышыптыр. Калп айтпай ачык сүйлөшкөндү үйрөтүңүз .
Мектепте эже-агайын уксун, сыйласын деп үйрөтүңүз, сабагына көңүл бөлүңүз. Сабактан түз үйгө келсин, көчөдө тааныбагандар менен сүйлөшпөсүн.
Бойго жеткен сайын ошончолук көңүл бөлүңүз эч нерсени жашырбай сизден коркпой бардыгын айта ала тургандай кылып мамиле жасаңыз. Эмне гана болбосун баардыгын сиз менен бөлүшө тургандай болсун ошондо сиздин да санааңыз тынч болот.
Эртең кызыңызды турмушка бересиз , кудаларга уят болбогудай болуңуз. Баягы макал бар го
"Энесин көрүп кызын ал" -деген ошого өзүңүздү биринчи тарбиялаңыз, динден илим алыңыз, Аллахтын буйруктарын аткарып , уул-кыздарыңызды да ошого үйрөтүңүз. Биз балдарыбызга күзгүбүз.
Уулуңуз канчалык зыңгыраган илимдүү-билимдүү, ыймандуу, адеп-ахлактуу болсо , ошончолук сиздин уулуңузга өзүнүн кыздарын бергиси келет туурабы? А уулуңуз чегип-ичип, мушташып, сөгүнүп жүрсө ким кызын бергиси келсин! Канчалык уул-кыздарыңызды мыкты тарбияласаңыз ошончолук силер ата-энелер үчүн жакшы! Баланчанын баласы мыкты кыз же мыкты жигит , ыймандуу, сылык-сыпаа, акылдуу, зээндүү , намаз да окуйт андай-мындай деген сөздү угуу жакшы эмеспи ?! Ай койчу ай ошонун баласы бала болбой куруп кетсин антип коюптур , минтип коюптур деген сөздөн көрө.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васаллам) хадисинде: "Эч бир ата-эне баласына мыкты тарбиядан артык мурас калтыра албайт" деген.Келиңиздер эртең балдарыбыздан: " ырахмат ата-апа сиздерге ушундай жакшы-татыктуу тарбия бергениңиздер үчүн " - деген сөздөрдү угуунун аракетин көрөлү.
Кийин эл караган бетибиз жер карабагыдай болсун. Айталы , дейли. Бойго жеткен кыздарыңар болсо жоолук салынып, намазын окуй баштасын, эркектерди дагы намазга үйрөтүп , орозо карматалы, Куранды үйрөтөлү, динден илим алуусуна жардам берели . Жаштар ыймандуу болсо , ыймандуу келечек болот, ыймандуу карыйбыз дегендей , ыйман жолунда тарбиялап, динди үйрөтөлү канчалык диндар болсо эртең биз өтүп кетсек бизге дуба кылышат ин ша Аллах.
Эртең акыретте балдарыбыз мойнубузга асылбагыдай кылып жакшылап тарбиялайлы. Биз баланы дин менен тарбиялап балдарыбыздын дагы , өзүбүздүн дагы келечегибизди жана акыретибизди куруп жатабыз мына ушуну эске алалы!
Эртең өлгөндөн кийин артынан калган такыбаа баласынын дубасы эч токтобойт!
Баарыбыз өлөбүз, ошого артыбыздан сооптор жетип турса кандай жакшы!
Чындыгында Алла-Мартабалуу, Даанышман!
Аллахым,баарыбыздын абалкы,азыркы келечектеги күнөөлөрүбүздү кечирип улуу бейишиңде чогу кыл!
#133 06 Декабрь 2016 - 14:48
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Мен Исра жана Мираж түнү Ибрахим пайгамбарды жолуктурдум. Ал мага: О, Мухаммад! Үммөтүңө менин саламымды жеткир. Жана аларга: бейиштин топурагы борпоң, суусу таза, жери колот, түз жер экендигин айт. Жана: "Субхааналлах, валхамдулиллах, ва лаа илааха иллаллоху, валлооху акбар" - деп айтылган ар бир зикрдин сообуна бирден дарак отургузуларын айтып сүйүнчүлө” - деди. Ибрахим пайгамбар бейиштин кандай экенин айтып жатат, бул сөз - бул дүйнөдөн тиги дүйнөгө көчкөн адамдын сөзү.. Ибрахим пайгамбар бейиштин топурагы борпоң жана берекелүү, суусу болсо даамдуу, тунук жана таза экендигин кабар берди. Ал эми бейиштин аянтынын түз, эч кандай дарак өспөгөн теп-тегиз жер бойдон калтырылуусунун себеби ал жерге мусулман адам: "Субханаллох, валхамдулиллах, ва лаа илааха иллаллох, валлоху акбар" - деп зикр кылып дарак отургузуп алуусу үчүн экендигин айткан..
Эгер сиз да досуңузга "Субханаллох, валхамдулиллах, ва лаа илааха иллаллох, валлоху акбар" - деген сөздүн пазилетин, ал сөздү айткан адамга кандай белек тартуу кылынаарын айтсаңыз, тиги досуңуз ал сөзгө амал кылып ушул зикрди айтса, анда досуңузга да сизге да бейиште бирден дарак отургузулат. Анткени: "Жакшылыкка үндөгөн адам, ошол жакшы ишти аткарганга барабар" - деп Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам)дын айтканы бар. Сиздин себебиңизден ушул зикрди жаттап айтып жүргөн адамга бирден дарак отургузулган сайын, сизге да бирден дарак отургузулат. Балким ал кезде сиз уктап жаткан болушуңуз мүмкүн, тамактанып же иштеп жаткан болушуңуз мүмкүн... Андыктан эртеңдин камын көрүп, бейиштеги багыңызга көчөт отургузуңуз…
Автор: Абдишүкүр Нарматов
#134 12 Декабрь 2016 - 01:01
Колундагы мин сом
масжидге канчалып коп го, базарга аябай аз...
Бир жарым саат зикр канчалык узактай сезилет го, токсон минут футбол канчалык тез
тугойт...
Дуада создор эч эле табылбайт го, гыйбатта аябай куюлуп
кетет...
Эгер футболдо кошумча
убакыт бериле турган болсо, канчалык толкунданып чыдамсыздык менен турабыз го, Рамазандагы кошумча намаздан
узак деп наалыйбыз...
Куръандан бир
аят окуу аябай кыйын го, "Супер-Инфо" дон
20 бет окуу аябай оной...
Бир нече минут масжидде аябай узак го, катардагы сериал алдында канчалык аз...
Эстрада сахнасында алдынкы катарда олтурууга аябай ынтызар болобуз го, Аллахтын уйундо сонку
сафтарга качабыз...
Адамдарга жума
маърузаларынан эсте сактап, башкаларга жеткируу аябай оор го, ушак миш-
миштерди ташып журуу аябай женил...
Телевизордун ар бир жалгандарына созсуз ишенебиз го, Жараткандын хак созунон
кумон кылабыз...
Суйуктуу передачалардын
алдынан даярданып,канча болсо да кутобуз го,
намаз убагы отуп кетсе да, ага эч канча даярдык корбойбуз...
Сериал каармандарын канчалык суйуп, аларды куйуп-
бышып талкулайбыз го, масжидде жаныбызда турган намазканды тааныбай отуп кетебиз...
Ар бирибиз Жаннатка кирууну дабаа кылабыз го, бул учун бир нерсе кылуу, же амал кылууну оюбузга да келтирбейбиз.
— Эх аттин!...
#135 12 Декабрь 2016 - 06:24
Salixa. (06 Декабрь 2016 - 12:35) жазган:
БАЛДАРДЫ КАНТИП ТУУРА ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?
Азыркы заманда жаштардын бузулуп баратканы көбөйүүдө. Мисалга алсздар эркектен кем калбай тамеки чеккен, эркектер менен кучакташып отурган, сөгүнгөн, жарым-жылаңач болуп алышып койкоңдоп көчөдө жүрүшкөн. Эркегиң болсо кыздан кем калбай чачын өстүргөн, чапташкан шым кийген бар-жогун билдирип. Автобус , маршруттарга түшсөң кыздар , апа-эжелер турушат да жапжаш жигиттер отурушат . Эркек деген сыпат калбай калган. Кичинекейи жаш-карыга карабай көчөдө сөгүп аткан, мушташып жатышкан, интернет-клубдарда пайдасы жок оюндар менен ойноп отурган.
Туура мындай жаман көрүнүштөрдүн көбөйүүсүнө биз ата-эненин да күнөөсү бар. Себеби , жайлоодогу малды деле карабай койсоң эмне болот? Албетте башы оогон жакка оттоп кете берет да кийин таппай канча убара болосуң , а сиз деген курсакта 9 ай толгонуп көтөргөн, анан суткалап толготуп төрөгөн , уктабай өткөргөн түндөрүңүзчү? Элестетиңизчи ?! Канчалаган кыйынчылыктар менен чоңойтуп-өстүргөн балаңыздын жогоруда айтылган жаштардын катарына кирип калуусун каалайсызбы? Албетте жок! Баары эле балам андай болсо экен , мындай болуп өссө экен деп жакшы жагын ойлойт бирок, сиз ошончолук аракетин көрүп жатасызбы , жакшылап ойлонуп көрүңүзчү?!
Күзүндө эгин мол, ойдогудай болуусу үчүн эмне кылабыз? Жазда биринчи жер айдап, түздөтүп, сээп, отоп, суугарып анан мал кирип кетпесин деп кайтарасыз ж.б машакаты көп туурабы? Анда неге балаңызга ошондой убакыт кетирбейсиз, неге кайдыгер карайсыз? Акыры бул өз карыныңыздан чыккан балаңыз го! Ошол балаңыздын келечеги сиз үчүн маанилүү эмеспи?! Ошол балаңыз сиздин урпагыңызды улай турган , сиздин атыңызды ал тургай бүтүндөй кыргыз элинин атын чыгара турган инсан го?!
Билесизби мойнуңузда кандай деген жоопкерчиликтер жатканын? Ойлоно турган болсок биз төрөп-өстүрүп жаткан уул-кыздан эртең кыргыздын, мусулмандын абийирин жаап-жашыра турган , бүтүндөй элди сыймыктандырган , элдин-жердин керегине жарай турган инсанды өстүрүп , өнүктүрүп татыктуу тарбия берип элибизге, жерибизге чоң салым кошуу мына биз ата-энеден көз каранды!
Келиңиздер балдарыбызга көңүл бөлөлү, жакшылап бир тарбияны берели! Колдон келсе дин менен тарбияласак жакшы болоор эле , анткени биз алар үчүн дайым үлгү болуп өтөбүз , ошого өзүбүз кандай болсок, мына балдарыбыз дагы ошондой болуп өсүшөт, келечеги да ошол тарбиясынан көз каранды. Ал үчүн өзүбүздүн динден түшүнүгүбүз болуусу шарт себеби , биз канчалык Аллахтан корккон , ыймандуу, такыбаа болсок, мына ошончолук балдарыбыз дагы ошондой болуп өсүшөт, биз сыймыктанаарлык деңгээлге жеткирүү үчүн ошончо мээнет керек.
Баланы канчалык кичинесинен баштап дин менен тарбияласак , ошончолук жакшы. Анткени Акыретте Арштын көлөкөсүндө жети түрдүү адамды Аллах Таала күндүн мээ кайнаткан ысыгынан сактайт экен, ошол жетөөнүн бирөөсү бул кичинесинен тартып Аллах жолунда такыбаа болуп чоңоюп-өскөн бала дейт.
Балаңызды тили чыккандан баштап эле үйрөтө баштаңыз , эң эле жөнөкөйү " апа мен сизди жакшы көрөм" деген сөз , ал үчүн сиз бул сөздү балдарыңызды тез-тезден ушундай сөздөр менен эркелетип турууңуз керек. Канчалык мээрим төксөңүз ошончолук бала сизге жакын болот, сизди идеал көрөт, ошончолук сизди угат. Эч качан балага кыйкырып же уруп түшүндүрбөңүз анткени кыйкырганда бала түшүнбөй тескерисинче коркуп тура берет. Буга мен башыман өткөнүн айтып өтөйүн.
Куран окуганды үйрөтөм деп айылда бир эже чакырганынан барып үйрөнө баштадым, анан ал устаз окутканды үйдөн жолдошум мн чогуу кайталайбыз, баягы жаңы үйрөнгөнгөбү тамгаларды тааный албайм же тилим келбейт бир айтканды он айтсам деле окшошпойт анан жолдошум ой андай эмес мындай деп айтып жатам го деп үнүн бийик чыгарганда эле менин маанайым түштү, окугум келбей анан жолдошума таарына баштадым , ар күнү ушундай мени жаш балача урушат анан ойлодум байкуш кызым да сабак жазганда мен ушинтип үнүм бийик чыгарсам ушундай жаман абалда калчу турбайбы деп кийин кызымды сабак жазуу учурунда акырын айтып түшүндүрө турган болуп калдым ал сыңарындай балаңызды урбаңыз, жаман сөздөр менен тилдебеңиз ! Бала укканын, көргөнүн кылат.
Сиз үйдө кандай сөз сүйлөсөңүз балдарыңыз ошондой сүйлөшөт, сиз гыйбат кылсаңыз эртең балаңыз үйрөнө баштайт , сиз жолдошуңуз менен урушсаңыз, ал кызыңыз кийин күйөөсү менен урушат апам деле ушинтчи деп, эгер катуу тентектик кылса атасы урушуп жатканда сиз болушпаңыз же сиз урушуп жатканда атасы унчукпасын себеби, баланын алдында баркыңар түшүп калат. Телевизор көрүп отуруп алып аны китеп оку десеңиз ал айтат эмнеге мен окуйм а апам окубайт деп? А эгер сиз намаз окууну адат кылсаңыз, бала да бир күнү окуйт, Куран окусаңыз , үйрөтсөңүз үйрөнөт дегендей. Сиз ата-энеңизге кандай мамиле жасасаңыз алар ошону көрүшөт кийин сизге ошондой мамиле жасашат.
Адеп-ахлакка дагы үйрөтүү керек м: улуулар менен учураш, улууларга орун бошотуп бер, улуулар отура электе тамакка кол сунба деген улууларга болгон сый-урмат тууралуу айтыңыз.
Үйдө балдарыңыздын арасында адилеттүү болуңуз, балдарыңызды башка балдардын арасында мактаңыз да , үйдө эч ким жокто кылган каталарын айтып-деп урушсаңыз болот бирок тилдебей.
Көчөдө кайсы балдар менен ойноп жүрөт, аларга кошулуп алып башка балдарды тийишип- тилдеп жаткан жокпу , короосуна кирип алма-өрүгүн күбүп ташып жеген жокпу ? Ошондон улам башталат уурулук деген. Компьютерде оюн ойнотпоңуз андан пайда жок , телевизор көргөндө караңыз эмне көрүп жатат, уят кинолорду, мыкаачылыкка, жалкоолукка, тентектикке үйрөткөн мультфильм , кинолорду көрсөтпөңүз.
Үйдө болуп жаткан нерселерди сыртка айтпа деп үйрөтүңүз себеби, баланын калп айтпайт экенин билип ичи тарлар сурашы мүмкүн. М: биздин кыздан көп сурашчы экен атаң эмне кылат, апаңчы антеби ж.б.у.с дайыны жок суроолорду беришип анан бир күнү бизге жетти ал сөз , анан жаман болдук да кызыбызга айттык мусулмандар үйдөгүнү сыртка айтпаш керек, үйдөгү сөз үйдө гана болуш керек деп, анан минтип жооп бер деп үйрөтүп койдук: " Кечиресиз , бирок мусулмандар үйдөгүнү сыртка чыгарбаш керек ошого жооп бералбайм" -деп)) кийин кызыңар укмуш бизди ушинтип өчүрдү деп канчасы жүрүштү, кийин сурабай калышыптыр. Калп айтпай ачык сүйлөшкөндү үйрөтүңүз .
Мектепте эже-агайын уксун, сыйласын деп үйрөтүңүз, сабагына көңүл бөлүңүз. Сабактан түз үйгө келсин, көчөдө тааныбагандар менен сүйлөшпөсүн.
Бойго жеткен сайын ошончолук көңүл бөлүңүз эч нерсени жашырбай сизден коркпой бардыгын айта ала тургандай кылып мамиле жасаңыз. Эмне гана болбосун баардыгын сиз менен бөлүшө тургандай болсун ошондо сиздин да санааңыз тынч болот.
Эртең кызыңызды турмушка бересиз , кудаларга уят болбогудай болуңуз. Баягы макал бар го
"Энесин көрүп кызын ал" -деген ошого өзүңүздү биринчи тарбиялаңыз, динден илим алыңыз, Аллахтын буйруктарын аткарып , уул-кыздарыңызды да ошого үйрөтүңүз. Биз балдарыбызга күзгүбүз.
Уулуңуз канчалык зыңгыраган илимдүү-билимдүү, ыймандуу, адеп-ахлактуу болсо , ошончолук сиздин уулуңузга өзүнүн кыздарын бергиси келет туурабы? А уулуңуз чегип-ичип, мушташып, сөгүнүп жүрсө ким кызын бергиси келсин! Канчалык уул-кыздарыңызды мыкты тарбияласаңыз ошончолук силер ата-энелер үчүн жакшы! Баланчанын баласы мыкты кыз же мыкты жигит , ыймандуу, сылык-сыпаа, акылдуу, зээндүү , намаз да окуйт андай-мындай деген сөздү угуу жакшы эмеспи ?! Ай койчу ай ошонун баласы бала болбой куруп кетсин антип коюптур , минтип коюптур деген сөздөн көрө.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васаллам) хадисинде: "Эч бир ата-эне баласына мыкты тарбиядан артык мурас калтыра албайт" деген.Келиңиздер эртең балдарыбыздан: " ырахмат ата-апа сиздерге ушундай жакшы-татыктуу тарбия бергениңиздер үчүн " - деген сөздөрдү угуунун аракетин көрөлү.
Кийин эл караган бетибиз жер карабагыдай болсун. Айталы , дейли. Бойго жеткен кыздарыңар болсо жоолук салынып, намазын окуй баштасын, эркектерди дагы намазга үйрөтүп , орозо карматалы, Куранды үйрөтөлү, динден илим алуусуна жардам берели . Жаштар ыймандуу болсо , ыймандуу келечек болот, ыймандуу карыйбыз дегендей , ыйман жолунда тарбиялап, динди үйрөтөлү канчалык диндар болсо эртең биз өтүп кетсек бизге дуба кылышат ин ша Аллах.
Эртең акыретте балдарыбыз мойнубузга асылбагыдай кылып жакшылап тарбиялайлы. Биз баланы дин менен тарбиялап балдарыбыздын дагы , өзүбүздүн дагы келечегибизди жана акыретибизди куруп жатабыз мына ушуну эске алалы!
Эртең өлгөндөн кийин артынан калган такыбаа баласынын дубасы эч токтобойт!
Баарыбыз өлөбүз, ошого артыбыздан сооптор жетип турса кандай жакшы!
Чындыгында Алла-Мартабалуу, Даанышман!
Аллахым,баарыбыздын абалкы,азыркы келечектеги күнөөлөрүбүздү кечирип улуу бейишиңде чогу кыл!
Ушул билдируу,абдан таасирлентти. Коздон да жаш чыгып кетейин деди го.
#136 17 Декабрь 2016 - 20:01
. Сүйгөн жарынын ачык кабагы. Уйдөн чыгаарда аманчылык тилеп, жубайынын узата тиктеп турган жагымдуу көздөрү. Бул жолдошуңуз үчүн өтө жагымдуу нерсе. Келиниздер анда эркектерди үйгө ашыктыра турган 6 амал менен тааныштырып өтөлү:
1.Жолдошуңуз
келгенче үйдүн
ичин тазалап, буюмдарды ирээтке келтирип өз ордуларына коюп, тыкан жайгаштырыңыз. Бул үйдүн ичине кирген адамдын көзүнө чалдыгуучу эң башкы нерсе болуп саналат.Жана да үйүңүздүн ичи жагымдуу жыттанып турсун.
2. Босогодон аттаганда эле күйөөңүздүн кабак- кашын карап коюңуз. Жылмайып карап, алгач учурашыңыз.
Отурган кезде андан биринчи сөз
баштап, ар нерсени сүйлөй бербеңиз. Сиздин кантип күндү өткөргөнүнүздү
угуу дайыма эле маанайга туура келе бербейт.
3. Үйдү отурган
аял болсуңуз , келбетинизге сөзсүз
көңүл буруп коюңуз. Жолкоолукка моюн сунуп,убакыт жок дебеңиз. Баардыгына жетишсеңиз болот. Анткени сиз аялсыз! Сулуулугуңуз өз колуңузда! Жагымдуу болуп турсаңыз жолдошуңуздун чарчап турган абалын да басып, маанайын көтөргөн болосуз.
4. Курсагы ток, көнүлү
жай адам өз үйүнөн безе качпаарын эстен чыгарбаңыз. Таттууларды , шербетти даамын чыгара даярдап, тамакты түрлөп жасаңыз. Билбейм деп айтпаңыз, ар кайсы гезит-журналды карап, интернетти чукулай койсоңуз эле тамактын жеңилин да, татаалын да үйрөнүп алсаңыз болот.
5. Албетте, ар бир эркек тынчтыкты сүйөт.
Жумуштан чарчаган ар бир эркек, эртерээк үйгө барып, жубайымдын даамдуу тамагын
жеп алып, сыналгынын алдында эс алып отурсам деп шашат. Андыктан балдарга эртерээк тамагын берип коюңуз.
6. Жумуштан ачууланып келген адам алдынан чыккан адамдан
ачуусун чыгарып алышы мүмкүн. Эркек эле эмес, баарыбызда эле бул жагдай кезигет эмеспи. Мындай
учурда, аял ачууланып эмес, эркелеп женет деген сөздү
эстеп коюңуз.
#137 22 Декабрь 2016 - 01:00
Salixa. (17 Декабрь 2016 - 20:01) жазган:
Улуулар м-н коп жургондуктон, тушунуп да, практика жузундо кордум. Жанагы " Эркек ашказаны м-н суйот" деген соз туптуура! Иштен чыгаарыбыз м-н. Бир агайым, уйуно шашканга ашыгат эле. Чарчады дейин десен, иш деле оор эмес, Корсо, женебиздин тамагын жегиси келчуу экен. Озу да айтат, курсагым ачканда, жененден да, тамагын 1_чи эстейм деп. Женебизде да, изденуу куч экен, кунуно ар жасаган тамагына жанылык киргизип даамына, даам кошуп жасачу экен.
2чи агай, кээде жур бильярд ойнойбуз деп,кечирээк кетчуу. Кийин кордук 2 женени тен, 1си уйго шашканчалык бар экен. Андай даамдарды " времена года"дан да жей элекмин.
Муну м-н, биз эркектерди тамагынар м-н эле суйдуруп койсонор болот экен да.
. Сүйгөн жарынын ачык кабагы. Уйдөн чыгаарда аманчылык тилеп, жубайынын узата тиктеп турган жагымдуу көздөрү. Бул жолдошуңуз үчүн өтө жагымдуу нерсе. Келиниздер анда эркектерди үйгө ашыктыра турган 6 амал менен тааныштырып өтөлү:
1.Жолдошуңуз
келгенче үйдүн
ичин тазалап, буюмдарды ирээтке келтирип өз ордуларына коюп, тыкан жайгаштырыңыз. Бул үйдүн ичине кирген адамдын көзүнө чалдыгуучу эң башкы нерсе болуп саналат.Жана да үйүңүздүн ичи жагымдуу жыттанып турсун.
2. Босогодон аттаганда эле күйөөңүздүн кабак- кашын карап коюңуз. Жылмайып карап, алгач учурашыңыз.
Отурган кезде андан биринчи сөз
баштап, ар нерсени сүйлөй бербеңиз. Сиздин кантип күндү өткөргөнүнүздү
угуу дайыма эле маанайга туура келе бербейт.
3. Үйдү отурган
аял болсуңуз , келбетинизге сөзсүз
көңүл буруп коюңуз. Жолкоолукка моюн сунуп,убакыт жок дебеңиз. Баардыгына жетишсеңиз болот. Анткени сиз аялсыз! Сулуулугуңуз өз колуңузда! Жагымдуу болуп турсаңыз жолдошуңуздун чарчап турган абалын да басып, маанайын көтөргөн болосуз.
4. Курсагы ток, көнүлү
жай адам өз үйүнөн безе качпаарын эстен чыгарбаңыз. Таттууларды , шербетти даамын чыгара даярдап, тамакты түрлөп жасаңыз. Билбейм деп айтпаңыз, ар кайсы гезит-журналды карап, интернетти чукулай койсоңуз эле тамактын жеңилин да, татаалын да үйрөнүп алсаңыз болот.
5. Албетте, ар бир эркек тынчтыкты сүйөт.
Жумуштан чарчаган ар бир эркек, эртерээк үйгө барып, жубайымдын даамдуу тамагын
жеп алып, сыналгынын алдында эс алып отурсам деп шашат. Андыктан балдарга эртерээк тамагын берип коюңуз.
6. Жумуштан ачууланып келген адам алдынан чыккан адамдан
ачуусун чыгарып алышы мүмкүн. Эркек эле эмес, баарыбызда эле бул жагдай кезигет эмеспи. Мындай
учурда, аял ачууланып эмес, эркелеп женет деген сөздү
эстеп коюңуз.
#138 22 Декабрь 2016 - 12:12
ХАДИС: Жабир розиаллооху 'анхудан риваят: Мухаммад саллаллооху 'алайхи ва саллам айтты: "Илим эки турдуу болот. 1; журоко тушкон илим. Мына ушул пайдалуу илим. 2; тилдеги илим башкача айтканда амал жана ыкластан бош илим, бул Аллаh Та'ала тарабынан адам баласына каршы (анын куноокор экендигине) далил болот. Башкача айтканда билип туруп эмнеге амал кылбадын?- деген суроо болот". (Таргиб)
#139 24 Декабрь 2016 - 20:06
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Адамдардын даражалары ар түрдүү болот. Эгерде сиз падышалык даражага жетсеңиз, анда дебаттарда же кимдир бирөө менен талашып кеткен кезде одоно мамиле кылуудан сактана аласыз. Ал эмес каршыңызда турган адамды сенин айтканың туура эмес деп айтууга да аракет кылбайсыз. Кээде сиз айтпаган сөздү айтты деп, сизди жалганчыга чыгарган адамдарда кездешет, бирок сиз аларды жалган айттың деп айыбын ачпайсыз, анткени сиз акыйкатты билесиз, ошондуктан анын айткан сөздөрүн катардагы эле сөз катары угуп коёсуз. Себеби, сиз адамдарды өзгөртө албашыңызды түшүнүп жетесиз, наадан адам канчалык өзүн акылдуу кылып көрсөткөнгө аракет кылбасын наадан бойдон кала берет, келесоо адам канчалык маданияттуу болуп көрүнбөсүн келесоо бойдон кала берет.. эшек Меккеде деле эшек, алтындан ээр кийгизсең деле эшек бойдон кала берет. Эгерде падышалык даражага жетсеңиз, анда бардык проблемаларды, сизди түйшөлткөн түйшүктүү маселелерди артка таштап жашооңузду уланта бересиз. Ооба, өз кезеги келгенде түйшүк проблемаларды чечүүнүн жолун ойлонуп ойго батышыңыз мүмкүн, бирок убакыттын өтүүсү менен кайрадан падышалык даражаңызга кайтасыз. Адамдар баасы жок, эч нерсеге арзыбаган нерселер үчүн бири-бири менен урушуп, бири-бирин алдап калган кезде, сиз жүзүңүздө жылмайуу менен падышадай өмүр сүрө бересиз. Эгерде падышалык даражага жетсеңиз, анда бүгүнкү кубаныч эртеңки кайгынын башталышы, же тескерисинче бүгүнкү кайгы эртеңки кубанычтын башталышы экендигин жакшы түшүнүп жетесиз. Эгерде падышалык даражага жетсеңиз, анда тагдырга болгон ыйманыңыз бекем болот, жана Алла Таала тагдырыңызга жазган нерселердин бардыгын сизге берилген жакшылык катары кабыл аласыз. Эгерде жогоруда айтылган даражага жетип калсаңыз, анда өзүңүздү өзгөрткөнгө аракет кылбаңыз, анткени сиз өзүңүзгө өзүңүз падышасыз. Өмүрүбүз өтүп жашыбыз улгайган сайын акылыбыз толуп, аң-сезимдерибиз өскөн сайын көптөгөн акыйкатты түшүнө баштайбыз. Мисалы: Колубузга таккан саатыбыз 300 сомдук болсо да, 3000 сомдук болсо да бирдей эле убакытты көрсөтөт, чөнтөгүбүздөгү кошелёк 300 сомдук болсо да, 3000 сомдук болсо да ичинде канча акча бар экендиги эске алынат. Ал эми жашап жаткан үйүбүздүн аянты 300 кв метр болсо да, 3000 кв метр болсо да андагы жалгыздык сезими бирдей болот. Акыр аягында бактылуулук материалдык нерселерге байланбастыгын түшүнөбүз, айдоочу болуп автобустун алдыңкы отургучунда отуруп баратсаңыз да, же ошол автобустагы жолоочу болуп эң арттагы отургучта баратсаңыз да көздөгөн жериңизге белгиленген убакытта жетесиз. Ошондуктан балдарыңызды бай бол деп эмес, Алладан корккон такыба бол деп насаатыңызды айтыңыз, алар чоңойгондо буюмдун баасына эмес баалуулугуна маани берип жашасын. Убакыттын учкан куштай зымырап өтүүсү коркунучтуу көрүнөт, анткени башыбызды жаздыкка койуп уктадык дегенче нурун чачып таң атып калат, же тескерисинче таң атып уйкудан ойгондук дегенче кайрадан түн болуп уйкуга даярданып калабыз.. Күндөрүбүз артка кылчайбай өтүп барат, бүгүнүбүз кече болот, эретеңибиз бүгүн болот. Адамдардын жашоосуна карап турсаң бардык адамдар бактылуулукту көксөйт, бардык адамдар бактылуу болууга умтулат. Ал эми чыныгы бактылуулукка жеткен адам - кыямат күнү окулуучу китебинин барактарын күн сайын сооптуу амалдар менен толтуруп жаткан адам. Алла Таала бизди такыбаа, салих жана бактылуу пенделердин катарынан кылсын!...
Жүктөгөн-Эрназар Таштанбаев.
Nasaat.kg
#140 30 Декабрь 2016 - 17:33
Бул айтылган сөздөр биринчи кезекте айткан адамдын өзүнө керек ..
Баарыбыз динге,
бактылуулукка муктажбыз !
Кечээ күнү биринчи жолу үч күндүк дааватка чыгып келген
бир жигит айтып жатат:
« Мен ээми түшүндүм жашоомдун максатын !
Көрсө адам дин менен гана бактылуу болот турбайбы.
Мен үйлөнүп жатканда,
динден ээч кабарым жок эле.
Эч ким мага,
үйлөнүп жаткан учурумда кеп-кеңешин, насаатын айткан эмес.
Бир гана өзүмдүн бир тууган агам
бир насаат айткан:
«Иним ?!
Аялды башынан кармаш керек! »-деген.
Мен аялымды башынан тарбиялап алам деп аракет кылып жүрдүм..
Турмуш куруп,
бир нече убакыт жакшы жашап жаттык, андан кийин күнүнө урушуп,
жаңжалдашчу болдук ..
Келинчегим менин бир да сөзүмдү укпайт !
Мен аялымды укпай,
үй-бүлөө аты бар,
бирок ичи ушунчалык жаман абалда эле..
Себебин издеп таба албай койдум. Бирок мен ээми,
Алланын жолуна чыгып,
көп нерсе үйрөндүм !
Өмүр бою издеген суроомдун жообун үч күндө эле жообун таптым !»-дейт.
Үч күндүк дааваттан үйгө кайтып барганда аялымдан сурадым :
«Сен мага турмушка чыгып жатканыңда, бирөө насаат айтканбы,
ушундай кыласың, андай кыл,
күйөөңдү сыйла,
мындай кыл деген беле ?»-десем
бир аз ойлонуп туруп келинчегим айтат: «Менин жеңем бир насаат айткан..
Башка эч ким айткан эмес ..
Жеңем мага :
«Эй кыз !?
Бир дагы бош келбесеңиз баары чечилет, бош келбең !»-деген эле дейт.
Мен өзүнчө, агамдын айтканындай кылам деп,
аялды башынан кармайм деп жүрүпмүн .
Келинчегим бош келбейм деп жүрүптүр)))
Ошого тынч жашоо жок экен ..
Чындыгында жашоодо
Дин болгондо аял өз ордун,
эркек оз ордун жакшы билип тынч жашашмак да туурабы туура эмеспи?
«Сахаабалар» сиз менен бизге үлгү!
Алар үйүндө да,
көчөдө да тооллук дин менен жашаган!
Сиз менен биздин көчөдөгү жашообузду көргөн адам суктанышы мүмкүн такыба экен депчи ).
Бирок үйдөгү, үй ичиндеги жашообузду башка бирөө көрсө шарманда болобуз!)
Сахаабалардын үй ичи да
сиз бизге үлгү боло алат !
Абу Салама родияллоху анху сахаба менен Умму салама родияллоху анха энебиздин жалгыз уулу бар эле..
Абу Салама (атасы) орозо тутуп
ырыскы таап келгени
эрте менен кетсе,
жалгыз уулу ошол күнү көз жумат.
Аллах сактасын бирок ордуна коюп көрүңүз өзүңүздү ...
Умму салама энебиз (апасы)
көз жумган баласын жууп,
кепиндеп, төшөккө уктап жаткандай кылып жаткырып коёт..
Абу Салама ачка орозо эле..
Үйгө келип Салама (балабыз) каякта , көрүнбөйт да ?- десе уктап жатат деп койду.
Ээң таттуу тамактарды пышырып берди.. Абу Салама оозун ачты
ифтарлык кылды..
Анан жатып эс алышып,
ээң бир бактылуу түндөрдүн
бирин өткөрүштү ..
Түндөсү баласынын көз жумганын атасына айтса болот эле,
бирок айтпады эмнеге ?
Себеби адам жатаарда жаман кабар укса, уйкусу качып мээси кургап,
түнү менен кыжалат болуп
уктай албай, эртеси өттө кыйналат..
Ошондуктан Умму Салама энебиз аны айтпады. Алар ушундай жашоону билген акылдуу адамдар болушкан эле!
Бүгүнкү күндө ушундай аялдар барбы? Орозо экениң менен иши барбы а?))
«Тээз жетип кел!»- деп телефон чалат да дароо эле, ана жоок мынаа жоок!- деп. Орозосуң, ачка келсең үйдө бакырык-чыңырык же тамак жок,
бала да өлүп калган же аны жууп койгон эмес, жер жапчып желмогуздай болуп чачын жайып, авратын ачып
көрсөтүп отурган болот эле да туурабы?
Ошентип эртеси күнү Умму Салама энебиз Абу Саламага карап (атага) ушундай суроо берди:
«Эгер бирөөдөн бир нерсени карызга аманат алсаң, ээси аны кайра сурап келсе аны кайтарып берүү керекпи ?»-десе
Абу Салама айтты:
«Албетте, аманатты кайтарыш керек!»- деп жооп бергенде
Умму Салама энебиз айтты:
«Аллах Таала бизге берген аманатын кайра алды, жалгыз уулубуз көз жумду..»-деп даанышмандык менен кабар берди..
Караңыздарчы,
ким ушундай кыла алат бүгүнкү күндө? Алардын такыбачылыгынын берекетинен андан кийин 10 балалуу болушту,
балдарынын ону тең аалым,
Куран жаттаган каары болуп чоңоюшту..
Фатима энебиз Пайгамбарыбыздын
эң сүйүктүү кызы эле.
Бейиш аялдарынын ханышасы!
Анын жүзүн төрт гана эркек көргөн.
Атасы Пайгамбарыбыз алейхис салам , күйөөсү Азирети Али,
жана Хасан Хусейин эгиз балдыры төртөө гана көргөн дейт..
Меккеге барсаңыздар аялдар бети башын жаап жүрөт..
Бир ай жашап Кыргызстанга келсең аялдарды көрсөң жыңалачтай эле көрүнөт,
ал эмес бети ачык болсо жыңалач көрүнөт))).
Фатима энебизди 4 эркек гана көргөн. Ушундай такыба энебиз бир күнү
бир сахааба аялдын үйүнө бир нерсе сурап барып,
эшигин тыкылдатса ичкериден:
«Ким бул?»- деген карыгаан бир кемпирдин үнү угулду..
Фатима энебиз, өзүн тааныштырып:
«Үйгө кирсем болобу?»- деп уруксат сурады эле жанагы кемпир:
«Оо Аллахтын Элчисинин сүйүктүү кызы!
Мен сизди жан деп киргизет элем бирок....
бул менин эмес, менин күйөөмдүн үйү, анын уруксатысыз эч кимди киргизе албайм, эртең келиңиз»- деп жоон сүйлөгөн абышканын сөзү угулду. Фатима энебиз эртеси, өзүнүн уулу Хасанды ээрчитип жанагы үйгө кайра барды.
Өзүн тааныштырып,
бир уулу менен келгенин айтып
кирүүгө кайра уруксат сурады. Ичкериден:
«Эй Расулуллоохтун кызы ?!
Кече күйөө келгенде мен сиздин эле й
үйгө киришиңизге уруксат сурагам, балаңызга уруксат албадым эле,
эртең келиңиз !»-деди абышка.
Макул деп эртеси Фатима энебиз эки уулун тең ээрчитип алып,
кайра барса, үйдөн үн чыкты:
«Оо Пайгамбардын сүйүктүү кызы?!
Мен күйөөмдөн Сизге жана бир эле
уулуңуздун кирүүсүнө уруксат сурагам, экинчи балаңызды мен киргизе албайм, эртеге келиңиз !»-деди.
Фатима энебиз эртеси күнү кайра барды. Жанагы кемпир эшикти ачып,
үйгө киргизди.
Фатима энебиз жанагы кемпирди көрүп тааң калды.
Ушунчалык жаш,
өттө сулуу келишкен бир аял экен. Фатима энебиз тааң калып,
эмнеге абышкага окшоп сүйлөдүңүз десе айтты:
«Менин үнүм өттө кооз,
күйөөмдөн башка эркек угуп калып шахваты ойноп,
ниети бузулбасын деп,
оозума таш салып алгам !»-деди.
«Нобел» сыйлыгын алган кыз ушундай кыла алабы ?
Бүгүнкү күндө кайсы аялдын тарбиясы , адеп-ахлагы ушундай??.
Бирөө келсе оозун чормойтуп, болушунча ичке сүйлөп
жасалма кылып )))
Бейтааныш эле эркек капысынан келип калса бир жумуш менен,
Күйөөсүнөн уруксат сурап отурабы а? Чай ичип кет дейт да дароо эле)))
Жок дегенде Нан ооз тий деп
өзүнчө мейман дос адам көрүнүп,
Керек болсо жатып кет дейт эле да, туурабы туура эмеспи?)))
Бир аял эркек турмуш куруп,
экөө тең динден түшүнүгү бар,
дин менен жашаган үй-бүлөөлрдүн бири эле.
Дин менен жашаса да,
үйдө жаңжал көбөйүп,
ажырашууга чейин барышат..
Эмнеге десе:
«Тамактын айыбын ачпай жеш бул Пайгамбардын сүннөтү экенин билет эле, бирок амал кылбай коюп,
бир күнү аялы тамак алып келсе,
даамы ачуу болуп калыптыр! »-
деп айтат..
Аялынын да ачуусу келип кетип,
өзүңдү бил андай-мындай кыласың - деп сөз кайтарса,
күйөөсү да бакырып урушуп
күүндүгө жаңжал болот экен..
Караңыздар бир эле сүннөт аткарылбаса каанча уруш-жаңжал чыкты.
Ал эми сиз биздин үйүбүздө Пайгамбарыбыздын канча сүннөтү жок??.
Чөнтөктөгү акчаны эле эсептей бербей, жашоодогу сүннөттөрдү да эсептеп коёлу а туугандар ?
Кандай эле бүгүнкү күндө
ар бир адам сомго муктаж болгондой, эртең Кыямат күнү ар бир адам ошончолук соопко муктаж болуп калат..
Ошентип жанагы аялы ойлонот:
«Биз дин менен жашасак,
намаз окусак экөөбүз тең,
бактылуулук динде болсо дагы эмнеге бактылуу болбойтабыз,
эмнеге уруш-жаңжал күндүгө ?»- деп ойлонуп бир аалымга барып маселени төкпөй чачпай айтып берет..
«Күйөөм сүйлөсө каяша кайтара коём, анан ал бакырат ошентип урушуп кетебиз, себебин билбейм »-
деп баарын айтып берсе,
жанагы аалым угууп турат да,
актай кагазга бир нерселерди жазып, жанагы аялга айтат:
«Күйөөң сага карап бакырып
урушуп баштаары менен сен ушул кагазды ачпагын,
бүктөп азуу тиштериңе каттуу басып бекем тиште,
эч озуңу ачпай туруп алгын !»-дейт.
Келин макул деп үйүнө кайтып келсе, ку
күйөөсү кычыктанып дагы бир нерсе таап
сүйлөнүп бакырып уруша баштаганда, аялы жанагы аалым жазып берген кагазды ачпастан бүктөп
азуу тиши менен өттө каттуу тиштеп уунчукпастан туруп алат..
Ушундайча бир күн болот,
эки күн болот,
беш күн өтөт...
Жыйырма күн,
анан бир айдан өткөндө,
экөөнүн мамилеси ушунчалык оңолду, бириинчи таанышкандай
экөөнүн бири-бирине болгон
махабаты толуп-ташып кетет .
Бир айдан кийин жанагы аял
жашоосу оңолгонуна сүйүнүп,
өзүнчөө ыраазы болуп,
аалымга кайтып барат да :
«Рахмат сизге, рахмат !
Күйөөм менен биэир да урушпай калдым,
күйөөм качан ачуусу келип сүйлөп, уруша баштаганда ушул сиз жазып берген кагазды азуу тишиме кысып, каттуу тиштеп, уунчукпай туруп алаар элем..
Азыр жашоом Алхамдулиллах,
аябай жакшы,
сиз мага чооң жардам кылдыңыз ! Рахматын кайра-кайра айтып таңдана сурайт: «Сиз өттө илимдүү экенсиз!
Эң күчтүү дуба жазып берген окшойсуз, бир айда эле уй тынч болуп калдыт?»-десе аалым жылмайып,
келинди караап туруп айтат:
«Кагазды ачып окуп көрчү ?»-дейт.
Келин пүктөлгөн кагазды ачып
окуп көрсө :
« Тилиңди Тыйгын ! »-
деген жаззууну эле жазып берген экен .)
Аял тилин тартса эле баардык нерсе жайына келет эмеспи ...
А.О.*
"Бактыңыздын багыты”