Эгер кимгедир кызык болсо -
"жер менен айдын аралыгы"
Түркүн дүйнө. Чыныгы факт )))
#182 14 November 2016 - 22:15
#183 14 November 2016 - 22:16
#184 14 November 2016 - 22:19
Суу бул жашоо.
Баардык жандыктар, осумдуктор суунун составынан турат. Миссалы:
Жаныбарларда -75%,
балыкта -75%,
медузада -99%,
картошкада -76%,
алмада -85%,
помидордо -90%,
бадранда -95%,
дарбызда -96%,
Адам да суудан турат .
86% суу составы жаны туулган балакайда болот, жаша откон адамда 50% чейин суу составы, орточо адамда 70%!!!!

#185 14 November 2016 - 22:20
#186 14 November 2016 - 22:21
#188 16 November 2016 - 01:04
#189 16 November 2016 - 01:05
#190 16 November 2016 - 01:07
Дуйнодогу эн чон экскаватор
-
Бул машина Германиядагы комур шахта учун курулган. Жаратуу жана куруу учун Krupp компаниясы учун 5 жыл жана 100,000,000$ кеткен. Машинанын бийиктиги -95 метр,Узуну -215 метр.Бул 45,500 т. салмактагы экскаватор минутасына 10 метр казат.
(азыркы убакта канал казуу иштерин кылат)

#191 16 November 2016 - 01:11
Ливия Президентин Каддафини кайсы куноолору учун олтурушту.
1. Бензин литр суудан арзан кылган — 0,14 $
2. Жаны баш кошкон жаштарга 64 000 $ берген, оздоруно уй сатып алуусуна
3. Образование жана медицина бекер
4. Ар бир уйбуло адамдарына 1000$ дотация берип турган
5. Пособие по безработице — 730 $.
6. Варенный база НАТОну жабып салган.
7. медсестралардын айлыгы — 1 000 $.
8. Жаны торолгон бобокторго учун - 7 000 $.
9. Оздук бизнесин ачам деген адамга, материалдуу жактан — 20 000 $.
10. Ири налогтор жок
11. Образования жана чет олкого практикага барыш олконун казынасын толонот
12. Эгер магазинде продукта убакыт кунунон отуп кетсе, ири штраф салынат
13. Даары жасап саткан адамга олум жаза
14. Уй-жер арендасы жок
15. Электроэнергия акысыз
16. Алкоголь ичимдиктери сатылбайт
17. Кредитке машина же уй алышса процентсиз
Кырк жылдык президентигинде
-Ливиянын туштук тарабындагы Муаммаре негрлары оздорун кул эмес эркин адамдай сезишти.
Калктын саны 3 эсеге ашты, жаш балдар олуму 9 эсеге азайды,
Каддафи -Ливиянын дуйнолук бонковский системага чыгармак жана 12 араб олкоруно онуккон олко кылмакчы болгон.!! !!

#192 16 November 2016 - 01:12
#193 16 November 2016 - 01:13
#194 14 March 2017 - 17:19
Coca-Cala-
нын рецептин дуйнодо 2 адам гана билет жана экоосу бир самолётто учушпайт. Кокус кырсык болсо рецепти билген бир адам калышы керек
#196 14 March 2017 - 17:25
*•АКЫР ЗАМАН•*
Акыр заман болоордо
Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.
Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.
Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.
Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.
Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.
Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.
Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.
Арам- ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.
Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.
Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.
Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.
Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулуп кылат катының.
Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.
Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.
Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.
*Туяк акын (1856-1912)*
Акыр заман болоордо
Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.
Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.
Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.
Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.
Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.
Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.
Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.
Арам- ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.
Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.
Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.
Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.
Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулуп кылат катының.
Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.
Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.
Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.
*Туяк акын (1856-1912)*
#197 15 March 2017 - 10:27
Бишкек кайтадан эң начар шаарлардын
катарына кирди
.
Кыргызстандын борбору былтыркы жылга
салыштырмалуу өзүнүн көрсөткүчүн эки
тепкичке гана жакшырта алган.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Американын
аналитикалык Mercer компаниясы тарабынан
түзүлгөн шаарлардын рейтингинде Бишкек 231
шаардын ичинен 207-орунду алган.
Рейтингди түзүүдө саясий туруктуулук,
саламаттык сактоонун сапаты, билим берүү,
кылмыштуулуктун деңгээли, транспорт,
инфраструктура жана көңүл ачуу жайлары
эсепке алынган.

.
Рейтингде биринчи орунга сегиз жыл катары
менен Австриянын борбору Вена шаары
татыды. Алдыңкы ондукка Цюрих
(Швейцария), Окленд (Жаңы Зеландия),
Мюнхен (Германия), Ванкувер (Канада),
Дюссельдорф (Германия), Франкфурт
(Германия), Женева (Швейцария), Копенгаген
(Дания) жана Базель (Швейцария) шаарлары
кирди.
.
Орто Азиядагы шаарлардын ичинен эң
алдыңкы орунга Алматы (178-орун) татыган.
Андан кийин Ташкент, (205-орун) Бишкек
(207-орун), Ашхабад (211-орун) жана Душанбе
(215-орун) шаарлары турат.
.
Ал эми рейтингдеги эң акыркы орундарга
Йемендин Сана шаары (229-орун), Борбор
Африка мамлекетинин Банги шаары (230-
орун) жана эң акыркы орунду Ирактын Багдад
шаары (231-орун) ээледи.
.
Mercer компаниясы буга чейин да шаарлардын
рейтингин чыгарып келген. Былтыр Бишкек
шаары "Ислам мамлекети" террордук тобунун
"коркунучунан" улам эң начар шаарлардын
катарына кирип, 209-орунга татыган.

#198 23 April 2017 - 01:25
Адам төрөлгөндө анын мээсинде 14 миллиард клеткалар болот. Бул көрсөткүч адам өлгөнгө чейин өспөйт, тескерисинче 25 жаштан кийин бир күндө 100 000 клеткага кыскарып турат. Бир барак китеп окуганда 70 клетка өлөт. Адам 40 жашка чыккандан кийин клеткалар ылдамдык менен азайып, мээнин көлөмү кичирейе баштайт.
• Адамдын сакалы 7-15 миң талдан турат. Ар бир тал бир жылда 14 сантиметрге өсөт.
• Чылым чеккен эркектин каны 6 айда тазаланса, аялдыкы 3 айда тазаланат. Анткени, аялдын этек кири менен кошо кандагы микробдор тезирээк чыгат.
• Жер жүзүндөгү төрөлгөн балдардын көбү көк көздүү болуп төрөлүшөт.
• Эки миллиард адамдын ичинен бирөө гана 116 жашка чейин же андан көп жашка чыга алышат.
• Бир суткада адамдын денесинен чыккан жылуулук таштай муздаган сууну 33 градуска чейин кайната алат.
• 1918-1919-жылы грипптин натыйжасынан Европа менен АКШда 20 миллион адам көз жумган.
• Баш менен дубалды бир сүзгөндө 150 калорийди жоготконго барабар.
• Адамда болжол менен 2 миллион тер бездери бар. Орто эсеп менен адам бир күндө бир литр тер чыгарып, 540 калорий жоготот. Аялдарга караганда эркектер 40% га аз тердешет.
• Мессопатамиде доктур оорулуга ийгиликсиз операция жасап өлтүрүп алса өлүм жазасына тартылган, ал эми көзгө операция жасап оорулууну айыктыра албаса доктурдун өзүнүн көзүн чукуп салышчу.
• Адамдын сөөгүнүн 50%ы суудан турат.
• Бүт өмүрү өткөнгө чейин адамдын териси орто эсеп менен 1000 жолу түлөп, кайра калыбына келет.
• Көгүш көздүү адамдар башкаларга караганда ооруга сезимтал келишет.
• Адамдын манжалары өмүр бою болжол менен 25 миллион жолу ийилет. Башка манжаларга караганда ортоңку манжанын тырмагы тез өсөт. Тырмак кечки саат төрт менен алтынын ортосунда көбүрөөк өсөт.
• Адамдын организиминдеги эң күчтүү булчуң – тил. Тил менен 2000 ден ашык даам сезүүгө мүмкүн.
• Адамдын өмүрү өткөнчө чачынын узундугу болжол менен 725 километрге чейин өсөт. Ал эми бир түндө бир тал чач 0,35 милиметрге чейин узарат. Бир күндө орто эсеп менен 40-80 тал чачтан айрылабыз. Эгер бул көрсөткүч жогоруласа доктурга кайрылганыңыз оң. Бир тал чач 3 килограм салмакты көтөрө алат.
• Адамдын денесинин 95% ы түк менен капталган. Аялдарга караганда эркектер бат таз болушат. Себеби, аялдардын чачы териде 2 милиметрге тереңирээк болот.
• Бир жылда адамдын жүрөгү 36 800 000 жолу соксо, ымыркайлардын жүрөгү бир мүнөттө 140-160 жол согот. Адамдын жүрөгүнүн салмагы 220-260 граммды түзөт.
• Адамдын денесиндеги май менен 7 кесим кир самын жасоого болот.
• Уктап жатканда адам бир жылда орто эсеп менен 14 курт-кумурска жутуп алат.
• Өпкөнүн сол жагына караганда оң жагына көп аба батат.
• Адамдын денесиндеги хлор менен беш бассейинди тазалаганга болот. Ал эми фосфор менен 20 миң тал ширеңке даярдоого болот.
• Адам бир күндө 23 000 жолу дем алат.
• Адамдын ичке ичегисинин узундугу 2,5 метрди түзсө, өлгөндөн кийин узундугу 6 метрге жетет.
• Эркектин бою 130 сантиметрден кем болсо, аялдыкы 120 сантимертден кем болгондон кийин гана эргежээл деп аталышат.
• Өмүрү өткөнчө адам 40 тоннадан ашык ар түрдүү азык-түлүк жей алат. 60 жаштан кийин адамдын даам сезүүсү 50% га начарлайт.
• Дүйнө жүзүндөгү төрөт үйлөрдө бир күндө 12 наристе ата-энесинен жаңылышып, башка колго берилишет.

#200 25 April 2017 - 15:14
Деңизден бакыт издеген кыргыз жаштары
.
Жумуш издеген жаштардын изи Жер Ортолук
деңизинен тартып, Кариб аралдарына чейин
жетти. Аларды бир жагынан жогорку маяна
кызыктырса, экинчи жагынан жер кезүү
мүмкүнчүлүгү өзүнө тартууда.
Борбор калаада жаштарды деңизге саякат
жасоочу круиз кемелерине жумушка
орноштурган ишканалардын иши кызып
жаткан кези. Май айынан тарта Европанын
жана Американын ири круиз лайнерлери
мухитке сапарга аттанат. Кардарларга кызмат
көрсөтүү үчүн кошумча күчтөр талап
кылынат.
23 жаштагы Элдар Саалиев түйүнчөгүн түйүп,
жакындары менен коштошуп жаткан маалы.
Ал май айынын башында Мальтага жөнөп
кетет. Жер Ортолук деңизинде кеме менен
саякаттап жүргөнүн элестетип, толкунданып
турганын жашырбады:
.
- Немистердин Mein Schiff кемесинде официант
болуп иштей турган болдум. Деңизге алгачкы
жолу чыгам. Сегиз айга кетип жатам. Алдыда
кызыктуу күндөр күтүп турат деп ишенем.
Официанттын жумушу мен үчүн оор деле эмес.
.
Анткен менен Элдарга бул орунга илешүү оңой
болгон эмес. Талапкерлер милдеттүү түрдө
англис тилине кошумча түркчө, кытайча же
немисче билүүсү шарт. Ошондуктан да узак
сапарга тобокел деп жөнөп жаткан
жаштардын баары колунда диплому бар,
жогорку билимдүүлөр. Арасында бул жактагы
туруктуу жумушун таштап же жергиликтүү
ишканалардын сунушун четке кагып кетип
жаткандар да кездешет.
Элдар да айлыгы 30 миң сомдук жумушка
алымсынбай, интернеттен гана көргөн
жайларга жөнөп жатат:
.
- Университетти котормочу адистиги боюнча
быйыл эле аяктадым. Эки-үч ишканага кабыл
алышкан. Бирок үч айда тапкан акчаны ал жакта
бир эле айда табасың. Ага кошумча экзотикалык
жерлерди көрөсүң. Алгач жумуш берүүчүлөр
менен скайп аркылуу англис тилинде
маектешип, 2-турда немисче сүйлөштүк. Андан
ийгиликтүү өткөндөн кийин Украинанын Одесса
шаарына барып медициналык кароодон
өтүшүбүз керектигин айтышты. Мунун баары бир
топ убакытты жана каражатты талап кылды.
.
Бактысын деңизден издегендерге Бишкектеги
бир нече агенттиктер кызмат көрсөтөт. Элдар
“ Круиз Консалт” агенттигине кайрылган. Алар
кардар менен круиз компанияларынын
арасында ортомчулук кызматын аткарат. Бир
жыл аралыгында элүүдөй улан-кызды деңизге
аттандырганга жетишкен.
Жаштардын Кара деңиздин боюндагы
Одессага барып ден соолугун текшертүүсү да
теги жерден эмес. “Круиз Консалттын” өкүлү
Өмүрбек Элчибековдун айтымында, чет элдик
компаниялар Кыргызстандан алынган
медициналык справкаларды жаратпайт:
.
- Бул жактан кургак учук менен ооруган адам
деле куландан соо деген справка жасатып алса
болорун алар деле билишет. Алар деңиз
рыногунда көп жылдан бери ийгиликтүү иштеп
келаткан беделдүү компаниялар болгондуктан,
аброюна тыкыр көңүл бурушат. Эгер жумушка
талапкерлердин денесинде татуировка же
пирсинг болсо, жумушка албай коюшу толук
мүмкүн. Анткени кеменин коноктору көрүнүктүү,
бардар адамдар. Биз жөнөтүп жаткан жаштар
талапка ылайык болушу үчүн аларды дыкат
даярдайбыз. Чет тилинен тышкары мурда
соттолуп-соттолбогону, адамдык сапаттары
кандай экендигине да карайбыз.
.
Деңизге аттандырган ишканаларга лицензия
керек болгондуктан “ Круиз Консалт”
Украинанын порттук шаары Одессадагы
“ Воланс” деңиз агенттиги менен кызматташат.
Жапониянын Нагасаки шаарынан чыккан
“Принцесс Круиз” кемеси Чыгыш-Кытай
деңизин жиреп Шанхайга сапар алды. Ичинде
тейлөө кызматында иштеген кыргызстандык
жети жаран бар. Алардын бири Чыңгыз Ажиев
барда официант. Кардарларынын басымдуу
бөлүгү кытайлар. Чыңгыз кытай тилин мыкты
билгендиктен, алардын тилин таап, кошумча
чай пул "өөнөп" келерин жашырбайт:
.
- Колуңа айлыгың тийгенде, ага чай пулдары
кошумча болуп отуруп, иш учурундагы
кыйынчылыктарды унутуп коесуң. Бош убакытта
палубага чыгып, чалкып жаткан деңизди
көргөндө чарчаганыңды унутасың. Жаңы дем
менен ишке киришесиң. Азыр Шанхайга
баратабыз. Ал жерде кемеге жаңы кардарлар
чыгат. Алар менен Тайбейге жөнөп кетебиз.
Жумушум кызыктуу. Кыргызстанда жүрө берсем
мунун баарын кайдан көрмөк элем. Үч айдан
кийин келишим мөөнөтү аяктайт. Кайра эле
кайтып келем деп чечип койгом.
.
Чыңгыз мекенине келе элек жатып, Элдар
деңиз сапарына алгачкы ирет аттанып жатса,
Жазгүл Тургунбекова алты айга созулган
сапардан кайтып, эми кийинки кезегин күтүп
турган чагы. Кемеде жумуш жеңил
болбогонуна карабастан, деңизге чыгып
келгендер сөзсүз түрдө экинчи ирет барууга
аракет кылышат:
.
- Жумуш жеңил эмес. Бирок Кыргызстандан
баргандар кабагым-кашым дебей иштей беришет.
Анын үстүнө маянасы жогору, портторго
токтогон сайын шаар кезсең болот. Мен Италия,
Испания, Франциянын порттук шаарларында
болдум. Андай кезде жумуштун оордугун деле
эстен чыгарасың. Кыргызстанда көпкө
кармалбайм го. Чакыруу келери менен эле
жөнөп кетем. Мурда иштеп кеткен, тажрыйбасы
барларга бир топ жеңилдиктер каралган. Бизди
сынаксыз эле алышат. Биринчи барганымда
барда иштесем, эми карьералык өсүштү күтүп
жатам.
[I]
.
Чет өлкөлүк жаштарды жумушка алууга деңиз
компаниялары өздөрү да кызыкдар.
Кыргызстандыктарды деңизге алгачкы болуп
жөнөтүп баштаган “Ворк лэнд” ишканасынын
жетекчиси Махабат Токомбаеванын
айтымында, кыргыз жаштарына суроо-талап
жогору:
.
[I] - Чынын айтканда, биздин балдар башка
улуттарга салыштырмалуу жоопкерчиликтүү
келип, иштин майын чыгара аткарышат. Биздин
ишкананын үч жылдык иш тажрыйбасында
кайрылгандардын дээрлик баарын эле жөнөттүк.
Ден соолугу эле талапка жооп бербей калбаса,
тилди мыкты билбесе да кыска аралыкта өзүбүз
үйрөтүп, жөнөтүп жатабыз. Мисалы, бир орунга
индонезиялык, малайзиялык жана
кыргызстандык талапкер болсо, акыркысынын
мүмкүнчүлүгү жогору болот. Анткени биздикилер
ак эмгегинин арты менен кадыр-баркка ээ
болушкан.
.
Аталган ишканалардын өкүлдөрү
маалымдагандай, жаштар арасында бул
жумушка кызыккандардын аягы суюлбай
келет. Кайрылгандардын баары жаштык дем
менен тобокелге барышат.
Кыргыз Республикасынын жарандарын анын
чектеринен сырткары жумушка орноштурууга
байланышкан иштерге уруксатты өкмөткө
караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
берет.

Супер-Инфо
super.kg
видео