АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.
Жыйырма жетинчи болум.
Эрте менен биз чай ичип отурсак Алмаз эшиктен кирип келип, ата-энесин ээрчитип алып чыгып кеткен. Алардын базарда жумуштары бар окшойт. Андан ары автобузга салып коём деп кеткен. Мен алар менен болуп жатып жумушка бир аз кечигип келдим. Жумуштарымды буткоруп коюп столго келип, адатымча терезени карап ойлонуп отурдум.
Кун ото берет турбайбы. Жакында жаны жыл келет. Бул жылдын кандай отуп кеткенин да билбей калдым. Быйыл мен Аман менен бактылуу да, кайгылуу да кундорду откордум. Мына эми кечээ Аманымдан биро толо айрылып, экообуз эки жолго туштук. Умутубуз очуп эми бири бирибизге жетпешибизге толук козубуз жетип ишенип отуруп калдык. Эми мен Аманды бир да корбойм! Аман жакшы болуп уйуно бараары менен Гулжанга уйлонот! Гулжан бул жаны жылды ото чон кубаныч менен, ото чон бакыт менен тосуп алгыдай. Ал кандай гана бактылуу!
Ал болгондо да озунун канча жылдан бери суйуп, кутуп жургон жигитине баш кошот! Сабырдын тубу сары алтын дейт беле? Чыдап кутту эле, мына эми Аман мага жетпей калып, кайра эле эски суйуусу Гулжанга кетти. Бактылуу болушсун!
Андан болок эмне дей алмак элем!
Кечинде Гулмира мени машинасы менен уйго таштап коюп отуп кетти. Уйго кирип Алмаздын келишине тамак даярдадым. Сууга тушуп чыксам да Алмаз келбеди. Аны кутуп телевизор коруп отуруп уктап кетиптирмин.
Катуу уктаппын. Алмаз уйго кирип жаныма отуруп алып мени бетимен ооп жатканда чочуп ойгонуп кетиптирмин.
Коптон бери Алмаз менен чогуу болбогонго чочусам керек. Мурда деле мени ушинтип ойготчу. Анда мен ошол жерден эле колумду анын мойнуна орочумун. Алмаз менин уктап жатканымды копко чейин тиктеп отурган окшойт эле. Ал мени чачтарымдан сылап, кайра кайра мойнуларымдан жыттагылап кирди.
- Тамак жейсинби ? дедим ага.
- Жок жебейм. Сени сагындым!
- Саат канча болуп калды дедим. Ал колундагы саатты мага коргозду. Саат он экиден отуп калган экен
- Саат жата турган убак болду жаным! Жур деп ал мени которуп алып уктоочу болмого алып кирди. Алмаз мени чындап эле катуу сагыныптыр.
Кумарлуу коздору менен кайра кайра козумо тигилип, мени бекем кучактап эринимден суйуп, моюнумдан жыттап жатып мени чечиндирип салды.Ал жан эргиткен создорун айттып бут денемди эритип, мени балыктай туйлатып, ал туну Алмаз экообуз тээ бир убакка чейин уктабай махабат отуна чомулуп жаттык.
Эрте менен турсак саат ондон отуп кетиптир. Алмаз шашылып кийинип, мени кайра-кайра тойбой опкулоп жатып чыгып кетти. Мен жумушка эмне деп бармак элем? Уялганымдан телефон чалып ооруп калдым деп айтып койдум. Тушто мага Гулмира келиптир.
-Ооруп жатыпсын. Дагы эмне балекет болуп кетти? Барып эле оз козум менен коруп, келейинчи деп, келдим деди ал мага таныркай карап. Мен ага аябай кулдум.
-Гулмира оорубай эле сопсоомун!
Болгону тундо уйкудан калдым дедим. Ал бир азга тушунбой,
- Эмнеге? кандай уйкудан каласын? деп... барып кулуп жиберди. Экообуз каткырып копко кулдук.
- Байкуш Алмаз, анан эмне ал анчалык сага таарынат деп Гулмира мени менен суйлошуп отуруп калды. Туштон кийин ал да эринип жумушка барбай койду. Аны сурап иституттан кыздар чалышкан экен
- Алтынай ооруп, Гулмира ошонукуна кетти дешиптир жумуштагылар.
Анан кыздар мага чалышат. Ооруп жатса сурап коёлу дешип. Гулмира аларды да
-тез келбесенер болбойт деп жатып, дос кыздар жок жерден биздикине келип суйлошуп отуруп кетишти. Анын устуно эртеси дем алыш кун эле.
Алмаз ал куну да тундо мен уктап жатканда келди. Эртеси куну Алмаз экообуз тен уйдо болдук. Ал экообуз бир да Аман тууралуу соз кылбадык. Экообуздун ортобузда болуп откон тушунбостуктор жонундо да суйлошподук.
Билбейм Алмаз бир чоон балээден кутулгансып,
озунчо менден конулу тынч. Экообуздун мамилебиз мурдагыдай эле уланып кетти. Мен да бул ирет Аманды эстеп мурдагыдай ичимден эзилбедим. Себеби мен эми Аманды эстесем жанында бактылуу болуп отурган Гулжанды кошо эстей турган болуп алдым. Мен Аманды Гулжанга берип койгондой болуп журдум акыркы кундору. Бирок Гулжан канчалык бактылуу болбосун Амандын журогунун тубундо мен бар экенимди, ал созсуз сезерине ишенем!
Алмаз экообузго жаны жылга деп быйыл кутулбогон чон белек болду. Аяш энем бизге чет олкого эс алып келгенге жолдомо берди. Мен ага аябай суйундум. Чындап эле коп нерседен чарчап кеттим эле. Барып жакшы эс алып келбебиз деп, суйунгонумдон Алмаздын мойнуна асыла кеттим. Ага баары кулуп калышты. Аяш энем, Алмаз экообуздун мамилебизди жакшыртуу учун атайын ушундай аракеттерди жасап жатканын мен тушунуп эле турдум! Бирок кээде тан калып калчумун, аяш энем Алмаз менен да кайнатам менен да жакшы суйлошуп, аларга жакшы мамиле жасачу. Оздорунчо алар кээде кубурошуп бирдемелерди башкалардан жашыра суйлошуп жаткандай боло берчу мага. Ичимен булардын ортосундо эмне сыр болмок эле деп кайра конул бурбай каламын.
Биз чет олкодон кайтып келээрибиз менен эле, мени кайнатамдар торкулотушуп ата-энемдин уйуно алып барып келишти. Апам куйоо баласы Алмазга деп, аябай жакшы сарпай кылыптыр. Кийимдери бут импорт. Башына норка тумак кийгизишти.
Гулмира айтмакчы аларды кийгенде Алмаз куйоолордун мырзасы, жигиттин жигити болуп эле жатып калды.
-Алтынай куйоонду карачы, келишкен мучосуно кийимдердин жарашканын.
Кен далысы чыгып тону да жакшы жарашыптыр деп Гулмира Алмазга суктана карап турду. Негизи Гулмира башынан эле Алмазды эркек катары жакшы баалочу. Анын бой келбети, коп суйлобогон оор мунозу, баскан турганы баары Гулмирага жакчу.
-Эркекке тийешелуу сапаттардын баары Алмазда бар деп ал мага коп айтып калчу.
- Койчу Гулмира Алмаз бийлегенди билбейт. Бир жерге барсан Алмаз бийлебей эле мени тиктеп отура берет. Ага жон койсон мени озунун жанына отургузуп алып, колумдан кармап отура берсе, деп мен суйлонуп калар элем. Бирок мен азыр Алмазды такыр башкача коз менен карап турдум. Алмаз чындап эле козумо сымбаттуу да суйкумдуу да корунуп турду. Анын устуно ал экообуз чет жакта эс алып келгенге ортобуз аябай эле ыссык болчу. Ал жакта Алмаз экообуз бассак турсак чогуу болуп, дайыма кол кармашып, кочодо журсок да ээн эркин кучакташып коздорубуз кадала обушо калчубуз. Экообуз чогуу уктап чогуу ойгонуп бири-бирибизге эркелешип, кээде жаш балдардай куушуп ойноп, ал кундордо экообуздон откон бактылуу адам жок эле. Алмаз экообуз башыбыздагы бардык нерселерди унутуп жакшы эс алып кайттык. Кундун кандай тез отконун да билбей калдык.
Бугун мынтип эки тарап бири-бири менен сарпайлашып,
эки дос (атам менен кайнатам) кудай кошкон куда болдук, тууган болдук дешип кайра кайра кучакташып суйунушуп манаайлары жакшы. Эки дос балдырына ак батааларын беришти. Отургандардын баары эле Алмаз экообузду балалуу болуп, Насыр менен Кундуз небере кучактап отуруп калышсын, кеч куздо бешик тойго баралы дешип батааларын берип, уйдун ичинде тамаша кулкулуу создор менен баары ызылдашып конулдуу отурушту.
Ошентип ал кун да отуп Алмаздын ата-энеси бир милдетинен кутулушуп, оздорун женил сезип уйундо эс алып отуруп калышты.
Алмаз экообуз Ошко келип тирилигибизди улантып жаттык.Ошто биздин уйго досторубуз коп келет. Айрыкча Алмаздын достору. Бугун да Гулмира экообуз жумуштан чыгып келсек, уйдо Алмаз менен досу Азамат бар экен. Алар экоо дайыма чогуу журушот. Жумуштары ошондой. Алмаз да Азаматка аябай конуп калган. Айрыкча Аман келип кырсыкка учурап, Алмаздын ошол оор кундорундо,
мына ушул досу Азаматтын ото коп пайдасы тийип жургон.
Биз Гулмира экообуз уйго кирип эле, ашканага кирип кеткен элек. Бир убакта Алмаз чыгып
-Алтынай уйдо мейман бар деп калды. Корсо бугун Азаматтын суйлошкон кызы Фрунзеден келиптир. Бир жумадай бизде жашап турушат деди Алмаз. Мен унчукпадым.
Азамат баарыбызды ал кыз менен тааныштырды.
Ал куну аларды коноктоп баарыбыз чон болмодо отурдук. Гулмира кетем дегенин, даяр машина бар тамак жеп кетесин деп жонотпой койдум. Чынын айтсам ал кыз мага коп жага бербеди. Гулмира экоо бир аз суйлошуп олтурушту.
- Азамат мени коргусу келип калган экен, сегизинчи мартка Ошко барып майрамдап келейин деп, атайын келип калдым, деп чоёндоп мактанып, орусча аралаштырып суйлоп отурду. А чынында аны Азамат чакырбаптыр деле. Озу анын артынан келиптир. Аны мага кийин Алмаз айтып берди. Ал куну Гулмира биздикинен кеткенден кийин, Азамат ал кыз менен чон болмодо жатты. Биз уктоочу болмодо. Бирок мен аларды коп жактыра бербедим. Азаматка да жактырбагансып суйлоп журдум. Биздикинде эки кун турушту. Кийин каякка кетишти билбейм. Азамат кийин менден копко чейин уялып журду. Ал кыз Азаматка ылайыктуу деле кыз эмес болчу.
Кундор билинбей ото берет экен. Апрель айы аяктап бараткан эле. Бир куну эле Алмаз келип эртен эрте менен айылга барышыбыз керек. Иним Азим суйлошкон кызын ойдо жок жерден алып качып келип алыптыр деди. Мен кулуп эле
- Охо! абысындуу болгон турбаймынбы дедим. Алмаз бир аз ойлонуп туруп
- Эртен жумушуна жолугуп эки уч кунго жооп алсан жакшы болот эле деп калды. Алмаз экообуз буга чейин да суйлошкон элек. Мен арыз жазып жумуштан кетсемби деп жаткам. Себеби СССР таркалып, жумуш орундары кыскара баштаган эле. Магазинде баары кымбаттап, эл арасында ар кандай имиш создор журуп жаткан болчу. Эгер биздин жумуш орундар кыскара турган болсо, биринчи болуп мен кетишим керек. Ошондуктан эртерээк эле, озум арыз таштап, жумуштан бошоп алсамбы дегенмин. Алмаз менин оюма макул болду.
Эртеси арызды жазып берип, Алмаз экообуз айылга отуп кеттик.
Азим кайним, менин классташым эмеспи! Ошондуктан эки уч кун биздин уйдо менин классташ балдарым болушат экен. Анын устуно ага кайнатам чон той кылбай турган болду. Жон эле, ошол куну эки жашка той кийимдерин кийгизип, достору менен шаарга ойнотушуп келе турган болушту. Кечкисин уйдо кыз кууп келген кудаларды, Азимдин досторун коноктой турган болдук.
Мен бул уйго келин болуп келгенден бери бугункудой кызмат кыла элек болчумун. Уйго келгенден баштап эки билегимди турунуп алып, жаным тынбай тарсылдатып кызмат кылып журдум. Мени коргон элдин баары, менин кылган кызматыма оздорунчо ыраазы! Бир убакта эки жашты уйдон чыгарып батаа беришип шаарга узатып калышты. Кайнатам баш болуп туугандар баары, мени да баланын женеси болуп, алар менен чогуу шаарга барып кел деп калышты. Мен когоруп болбой койдум.
- Классташ балдар менен чогуу ойноп келем деп, Алмазды кызгандырып отурайынбы дедим кайненеме. Ошол созумдон кийин баары унчугушпай калышты. Анын устуно арасында Касым да бар.
Алмаз мени азыр, мен корккончолук эле кызганбайт.
Бирок керектуу жерлерде жакшы эле кызганып коёт. Анын ал мунозун билгенден кийин мен озум да этияттанып турам.
Абысыным жакшы келин болуп чыкты. Озу да жонокой мугалим кыз экен. Мен аны кайненеме окшотуп койдум. Унчукпай кызматын кылып журо берет. Кайним экоо бирин бири жакшы сыйлашат.
Мен ушул келин келгенден баштап тынчсыздана баштадым. Мага ошол куну эле баары кулак кагышкан эле.
- Алтынай! Сен эми эртерээк торо! Сенден кийин келип, жаны келин тороп берсе, озунчо жаман болуп каласын. Эртерээк врачка корун дешип оздорунчо соз кылып жатышкан.
Чындап эле, абысынымдын келээри менен боюна бутуптур. Ичи бир аз билинип да калгансыптыр.
Аны коруп мен озумчо ичимден кыжаалат болуп ыйлагым келип журом. Врачтарга барып дарыланып баштадым. Азырынча дайын жок.
Акыркы убактарда айылга да коп барбай койдум. Анын устуно Гулмира экообуздун чогуу бизнесибиз бар эмеспи. Экообуз дагы деле ээрчишип журобуз. Азыр Гулмира кобунчо биздикинде.
Алмаз жумуштан коп кечигип келет эмеспи, ошондой кундору жатып калып журуп, ал да биз менен жашап калган. Айрыкча мен ага конуп калгам. Ал жок болсо кайра кайра телефон чалып, уйдо жалгыз отура албай калгам. Алмаз да Азаматты ээрчитип уйго коп келет. Кээде атайын келип туштонушуп кетишет. Тортообуз кээде ээрчишип алып , эс алып кафелерге же кино концерттерге барып калабыз. Бугун да дем алыш куну эс алып келебиз деп шаардын четине чыкканбыз. Тортообуз жерге кок чоптун устуно колокого дасторкон салып тегерене эс алып суйлошуп отурабыз. Азамат бир чекеде бизге далысын сала, алыска коз чаптырып озунчо ойлуу олтурат.
Мен кээде ушул Азаматка тан кала берчумун. Ал озу аябай жакшы жигит. Бой десе бою, ой десе ою бар жигит. Кашы козу карарып сулуучан келген, мунозу адамды тушуно билген акылдуу жигит. Ал бойдок болгону менен кыздардга коп конул бура бербейт. Жанагы Фрунзеден келген кызы менен суйлошпой калгам деп калат анан билбейм? Канчалаган дос кыздарыбыз Азаматка ашык болуп журду. Тамашалап ага айтсак кулуп эле бир шылтоону айтып эптеп кутулуп кетет. Озу да Алмаздан бир жашка улуу уйлонойун деген ой жок. Мен Азаматты карап ушуларды ойлонуп жатып, ага соз ыргыттым
- Азамат эмне уйлонбой журосун? Же кыздар менен суйлошпойсун!
дедим. Гулмира да кызыгып мени коштоп
- Ошону айтсан. Биздин досубуз Самарага деле конул болбой койдун? деп ага карап кулуп калды. Азамат бул жолу ойлонуп эле отуруп калды
- Ушул сен бироону катуу суйгонсун!
Ошондуктан башкаларга конул болбойсун дедим. Билбейм журогундо дайыма бироону сактап жургондойсун дедим.
- Ооба Алтынай, туура байкагансын,
мен чындап эле коптон бери бироону суйуп журом деди ал. Гулмира экообуз тиктеше кулуп койдук. Карасам Азамат тамашасы жок эле чын айтып жаткандай. Алмаз болсо биздин созубузго конул болбой эле озу менен озу болуп бир буюмун колуна кармап алып чукуланып отурат.
- Анан? Ал кыз билеби, сенин суйоорунду?
- Жок билбейт, деди Азамат башын чайкап.
- Айткан эмессинби?
- Жок! Айталбайм.
- Эмнеге? деди Гулмира ага таныркай. Ал жооп бербей унчукпай эле ойлонуп, алыстан козун албай тиктеп отура берди
- Ал кыз кандай кыз экен, сен айталбаган?
Кызык! Ал озу каякта? дедим мен.
- Ал ушул жерде. Аны кундо коруп турам. Дайым эле ага айтам дейм. Бирок айта албай келем. Мен айткан кундо да, ал эмне дейт билбейм? Себеби ал мени буга чейинки Фрунзеден келген кызымды да коргон деди. Биз Гулмира экообуз тан кала тиктешип калдык.
- Азамат ким ал? Мен тааныймынбы?
дедим ага суролуу тигиле.
- Ооба Алтынай сен аны ото жакшы тааныйсын!
Бугун да ага айтсамбы деп, кантип айтышты билбей ойлонуп отурам деди Азамат. Мен козумду чоон ачып эле бир аны, бир Гулмираны карадым да Алмазды турткулоп
-Алмаз! Алмазчик!
Тур ордундан жаным. Биз экообуз азыр, бул жерден тез кетишибиз керек деп аны колунан тарткылап ордунан тургуздум. Ал эч нерсеге тушунбой эле
- Эмне болду? Каякка барабыз? деп берки экоону караса, экоо унчукпай эле ойлуу отурушат.
- Жур Алмаз кеттик деп аны колтуктап алып, ал жерден жылып кеттик.
Сентябрь айы. Алмаз экообуздун баш кошконубузга бир жылдан отуп баратыптыр.
Гулмира экообуз айылга келип кайненеме памидор, бадыран туздап, андан сырткары да салаттарды кайнатып банкаларга жаап бердик. Эки кундон бери аябай коп банка жааппыз. Кайненем да аябай суйунуп калды.Гулмира бугун кечинде Ошко жоноп кете берди. Мен Алмазды кутуп айылда калып калдым. Ал бугун кечинде келмек, эртен биз да Ошко кетмекпиз. Кун батып куугум киргенде Алмаз уйго машина менен кирип келди. Мен очоктун башында оюмда эч нерсе жок жыйынып жургом. Абысыным тамак жасап жаткан. Элиза да биз менен аралашып бизге эркелей ойноп жургон. Алмаз туура бизге басып келди. Анын онун коруп коркуп кеттим. Аны сезген абысыным уйго карап басып кетип калды. Ал келип эле мени бир колу менен желкемден халатымдан мыжыга кармап озуно жакын тартты. Мен чочуп кеттим.
-Сен эмне, мени эч нерсени билбей журо берет деп ойлодун беле? деди Алмаз козу менен мени атып жибергидей карап.
- Мен эмне кылдым сага? дедим тушунбой. Ал мени жаактан ары катуу чаап жиберди. Элиза бизди коруп коркконунан,
кыйкырып ыйлап жиберди. Алмаз болгон жини менен нарыда турган челекти тоголото бир тепти. Челек антарылып тушуп жердин бетине суу жайнап кетти. Кайнилерим энем бизге чуркап жетип келишти. Алар келгенде Алмаз мени жакаман кармап булкулдатып кирген болчу. Башыман жоолугум жылмышып желкеме тушуп калыптыр.
- Алтынай, эмнеге ал суроттор Айбекте журот? Эмнеге аларды сен жок кылып салган эмессин? Сен качанга чейин мени унчукпайт деп, оз билгенинди жасап журо бересин! деп жаткан болчу. Кайнилерим анын колун менден аран тартып алышты. Алмаздын, мени уйундогулордун козунчо, айрыкча абысынымдын алдында мага кылган мамилесине аябай арданып кеттим. Ызама чыдабай ыйлап кирдим. Энем Алмазды уйго кир, уйдон суйлошобуз деп жатты. Атам уйдо жок эле. Алмаз азыр келем деп кочого чыгып кеттип калды. Бизге баары эле тушунбой калышты. Анын устуно булардын уйундо мындай жанжал биринчи жолу болуп жатышы эле. Энем мени
- Алтынай бети -колунду жууп уйго кир деп калды. Мен бети колумду жууп бутуп карасам, баары уйго кирип кетишкен окшойт эч ким коруно бербеди. Карангы кирип калган экен. Мен эч кимге билдирбей кочого чыктым да апамдардыкына кетип калдым..
Уйго келсем, уйдо атамдын инилери менен женелерим келишкен экен. Баары верендада сорудо дасторконду тегеректей каткырышып конулдуу отурушкан экен. Менин кирип келгенимди корушуп, баары мени онумдон эле сезишти окшойт. Унчукпай эле отуруп калышты. Аркы уйго кирип кеттим. Артымдан апам бир женемди киргизиптир.
Экообуз суйлошуп отурсак сырттан машинанын уну угулгансып калды. Корсо Алмаз ата-энеси учоо машина менен келишиптир.
Аларда келип соруго отуруп калышты. Канча отурушту билбейм? Мен ыйлап тетири карап жатып алган элем. Бир убакта женем кирип
- Кыз сизди атаныз чакырып жатат, журунуз! деп мени кутуп калды. Айласыздан чыктым. Атам мага карап
- Алтынай, сен азыр уйуно кет кызым! Сага айтып коёюн Менин эшигимдин алдына экинчи мындай болуп, болор болбос нерсеге таарынып келбегин!
деди. Менин козумдун жашы куюлуп жатты. Кайненем сорудон тушуп
-Жур кызым кетели, уйго барып суйлошобуз.
Бул жакка келе бербей, бир аз сабыр кылып турсан кайнатан келет эле го! Озубуз эле суйлошуп чечип коё турган ишке, эмнеге бул жакка баса бердин?! деп ал кейип калды. Мен унчукпадым.
Атамдарга таарынгансып,
ыйлаган бойдон машинага келип озум эле эшигин ачып ичине кирип отуруп алдым. Мен ичимден озумдун ата-энеме аябай капа болуп ыйлап жаттым. Жок дегенде экоонун бироосу
- Кызым эмне болду, эмнеге капа болдун? деп бир ооз сурап коюшпады!
Ыйлап отурсам Алмаз келип эшикти ачып энкейе берип мага карады. Анын оозунан арак жыттанып кетти. Ал жана кочого чыкканда ичип алган окшойт.
- Алтынай туш машинадан!
Сен азыр атамдарга Айбектеги суроттордун баарын жок кылам деп соз бересин! деди .
- Алмаз балам эмне эле болуп жатасын? Отур машинага кетели деди энем баласына.
Алмаздын артынан баары аларды узатып сорудон тушуп келишип калышкан эле.
- Алтынай эмне отурасын туш дейм! Алмаз унун мага бир аз которуп суйлоду.
-Тушпойм!
- Тушосун! .
- Алмаз мен тушпойм! Эгер тушо турган болсом, кайра машинага чыкпайм! дедим жиним келе чечкиндуу суйлоп. Ал мени тиктеген бойдон туруп калды. Баары бизди карап турушкан эле. Жанатан бери бизди унчукпай карап турган кайнатам.
- Алмаз! Отур машинага коп суйлобой деп буюра суйлоду. Ал унчукпай келип отуруп машинаны айдап, биз атамдын уйунон чыгып кеттик.
Уйго келип эле мен озубуздун болмого кирип кеттим. Чыкпадым. Саат ондон отуп калган экен. Баары оз ордуларына кирип кетишти. Алмаз дагы кочого чыгып кетти. Туну уктап жатсам Алмаз келди. Аябай мас. Саат он экини корсотуп турган экен. Алмаз менин мээмди жей баштады. Кой маска тенелбейин деп алдасам да болбоду. Эски жаратымды козгоп, Алмаз тан атканча мага Аманды айтып, жок эле Амандан мени кызганып чыгып кетти. Танга жуук Алмаз уктап калды.
Мен ыйлап Аманымды эстеп жаттым. Аман экообуздун суротубуздун баарын мен Айбеккке каттырган элем. Аман Ошко келгенде Айбек Аман экообузду армансыз эле аябай коп суротко тартып алган эле. Ал жалан менин суротторумдон фото коллекция кылып атайын бир альбом ачкан. Аны мага коргозгондо менин оозум ачылып, Айбектин талантына ошондо баа бергем. Ал жерде Аман да бар. Кечээ Алмаз ал альбомду коргон эмес. Болгону ал Айбекти тойдо коруптур. Айбек чемодандын ичине Аман экообуздун суротубузду чаптап алган. Озун реклама кылган атайын альбом ачып анда да менин Амандын суроттору бар эле. Ошону коруп калыптыр. Бирок Алмаз эч убакта Аман экообуздун суротторду жок кыла албайт. Мен Айбектеги альбомду жанымды берип болсо да сактап калам. Айбек да ошентсе керек.
Эртеси Алмаз тушко чейин уктап жатты. Мен да шашпай эле тургам. Сорудо баарыбыз чогулуп чай ичип отурганда мен кайнатама
- Ата, мен Алмаз менен башка жашай албайм. Бизди азыр ушундайыбызда,
ортобузда бала жок кезде ажыратып салгыла! Баарыбызга жакшы болот деп ыйлап жаттым. А кечээги сурот боюнча аларга тушундуруп айттым. Ал менин Алмазга чейинки суротторум!
Аларды мен озум, бир да коргон эмесмин деп койдум. Ошентип отурсак кайнатамдын бир тууган эжеси келип калды. Ал аябай сурдуу адамдын конулуно карабаган, бетке айтып суйлогон эркекче аял эле. Ал келгенде мен ордумдан туруп кеттим. Ага чай коюп жатсак Алмаз туруп келип бети колун жууп ал да, алар менен чай ичип отуруп калды. Абысынымдын ичи билинип беш айлык болуп калган эле. Бир убакта эле ал эжебиз бизди карап отуруп
- Алмаз! Катынын качан тууйт? Туубаса нары горго жок кыл! Сулуулугун эмне, бышырып жейт белен? Туубагандан кийин, анын сулуулугу башында калсын! деди. Мен ошол жерден эле ыйлаган бойдон уйго чуркап кирип кетип калдым.
Декабрь айы.Кыш. Биз баарыбыз Гулмира менен Азаматтын тоюнда чон ресторанда журобуз. Чынын айтсам аяш энемдин кубанычында чек жок. Ал озу айтып журчу эле
-Алтынай! Гулмира сени менен чогуу журуп жакшы адамга туш келсе экен дейм! деп. Мына бугун ошол тилеги ашыгы менен орундалып, аяш энем бугун эн сонун, эн акылдуу, эстуу жигит Азаматка кызы Гулмираны узатып жатат. Гулмиранын торт айлык боюнда бар. Алар буга чейин эле жашап алышкан эле. Айткандай Алмаздын бир окуясын силерге айтып берейин. Азамат менен Гулмира жаны эле кыз жигит болуп ээрчише башташкан эле. Биз Алмаз экообуз бир куну, айылдан тан эрте менен уйго кирип келдик. Келсек Азамат менен Гулмира биздин уйдо жатышыптыр.
Биздин келгенибизди корушуп алар да ордуларынан туруп кийинип калышты. Алмаз мени менен ашканада эле отурган болчу. Кандай чыгып кеткенин байкабай калыптырмын.
Бир убакта эле чон болмодон Гулмира кыйкырып, дупур -дупур деген ундор чыгып калды. Чуркап эле кирсем Алмаз, Азаматты бурчка такап алып муштуму менен башка козго берип жатыптыр. Гулмира экообуз кучубуз жетпей жатып аран ажыраттык. Арасында Алмаздын колу мага да тийди. Азаматтын бети канап, аябай эле ызы чуу болгонбуз. Алмаз, Гулмираны Азаматтан кызганып урганын мен ошондо эле тушундум. Гулмира ыйлап Алмазга суйлонуп кирди. Мен ага айттым
- Гулмира Алмаз сени кызганып жатат! Сен эмне тушунбой жатасынбы? дедим. Кийин ал окуяны эстеп алып копко чейин кулуп журдук. Азаматтын бети копко барып анан айыкты. Алмаз болсо
- Гулмира менин бир тууганымдай болуп калган. Ошого кызганып кеттим деп калат. А бугун Алмаз Азаматка жакын куйоо жолдош болуп анын жанында журот! А мен Гулмираны жандап, жакын дос кызы болуп журом. Чон кызматтагылардын тою да башкача отот экен. Мен мындай тойдо биринчи жолу болушум!
Январь айынын этегинде абысыным кыз тороду. Биринчи небересине кайнатамдар аябай суйунушту. Биз Алмаз экообуз да оор которунуп барып белектерибизди берип кайттык.. Кызга деп аябай коп кийимдерди сатып алган элем. Абысыным аларды коруп коздору жайнай суйунуп эле отуруп калды. Мен аны колума алып отурдум. Менин ушунчалык журогум эзилип балалуу болгум келип кетти. Алмазды карасам, мени кулуп эле тиктеп отурган экен. Анан эле жанагы эжебиз келип калбадыбы? Эшиктен кирип келатып эле
- Баланы бери алгыла! Ага карматпагыла,
сугу тушот! Керек болсо озу тууп алсын деп дагы суйлонуп баштады. Мен дагы уйдон ыйлаган бойдон чыгып кеттим. Алмаз да менин артымдан чуркап чыгып, экообуз ошол жерден эле кайра Ошко жоноп калдык. Кайнатам эжесин озунчо урушуп кала берди. Кайненем чуркап чыгып мени сооротуп коё тургула, деп уйго кирип боорсок нан каймак алып чыгып бизге туйуп берди.
Ошол куну Ошко келип ооруп жатып калдым. Эжебиздин создору мени адам катарынан чыгарып койгондой эле болуп калды.Ошого ыйлап жаттым. Алмаз келип мени сооротуп опкулоп жатты. Алмаз мени канча кызганып мээмди жеген менен, балага келгенде мага бир да каттуу айтпады. Мен ыйласам дайыма мени аяп турат.
- Ыйлаба Алтынай! Биз да созсуз балалуу болобуз. Азимдер кыздуу болду, эми биз уулдуу болобуз деп мени сооротуп калат. Мен андайда Алмазды карап ичимен ага байкушум деп боорум ооруп кетет. Мойнунан бекем кучактап озумчо ага ыраазы болуп коё бербей тура берем.
Аяш энемдин жардамы менен тааныш врачтар аркылуу мен бугун Фрунзеге дарыланганы учуп кетем. Алмаз мени аэропортко алып келип экообуз копко чейин тиктешип турдук.
- Алтынай, жаным менин! Баары жакшы болот! Биз экообуз кооп балалуу болобуз. Сен коп ойлонуп кыжаалат боло бербе деп ал менин бетимдеги жашты колу менен аарчып, эки козумдон ооп койду. Мен самалётко отуруп Фрунзеге учуп кеттим.
Уландысы бар!
Аяш атамдын баласы
#62 16 November 2016 - 14:37
АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.
Жыйырма сегизинчи болум.
Терезеге келип сыртты карап ойлонуп турдум. Бугун биринчи март. Жаз келди. Алмаз экообуз уйлонгондон бери быйыл мына учунчу жазды кутуп отурам. Эртен авгут айы келсе биздин баш кошконубузга торт жыл болуп калат экен. Дагы деле балалуу боло албай журобуз. Фрунзеге эки жолу барып дарыланып кайттым. Бирок эч кандай натыйжа болбоду. Жашоо мен учун кундон кунго кызыксыз болуп бараткандай. Ансызда элдин жашоосу кыйындап, кымбатчылык жокчулук каптап, кандай заман болуп кеткенин адамдар оздору да тушунбой калышты. Коммунизмге эмес, капитализмге карап жол алып калгандайбыз. Жумуш издеген адамдар коп. Мен уйдо эле отурам. Алмаздын жумушу жакшы. Гулмиранын атасынын колдоосу менен азырынча болумдун орун басары болуп калган. Анын келечегинде коп жакшы умуттор бар.
Азаматка болсо Гулмира балпайган чон эркек бала тороп берген. Ал торогондо, анын баласын коруп баарыбыз баатыр торолду деп журдук. Салмагы оор торолуп, ыйласа уну ошондо эле жанырып жоон эле. Азаматтын ошондогу суйунгонун айтпагыла. Озун эркек сезип, досторунун алдында мактанып болбой эле калды. Бала торолгончо деп алар аяш энемдикинде копко чейин жашап журушту. Мен алардыкына кундо барып жаттым. Барып эле балага жабышам. Гулмира баласын эмизгени гана болбосо, калганын аяш энем экообуз кылабыз. Ал аз келгенсип кечинде жумуштан келген аяш атам да небересин бизден талашып, колуна которуп алат. Небересин эркелетип аны менен кадимкидей суйлошуп кирет, ал тушуно тургансып. Ага баарыбыз кулуп калабыз. Гулмира чынында бактылуу кыз экен дейм. Жакшы жигитке туш келди. Куйоосу экоо аябай ынак. Ага уулду тууп берди. Эми мынтип Азаматтын алдынан тушпой, мойнунан кучактап ага эркелеп козунон козун албай, ооп жыттап коюп отурат. Ал аяш энемдерден деле уялбайт. Алардын козунчо деле Азаматты кучактап отура берет. Азыр алар Германияда. Мындан бир ай мурда кетишкен. Азаматтын ал жакта кандайдыр бир жакын эле туугуны бар экен. Гулмира аны уккандан эле, ал жакка кызыга баштаган болчу. Азаматты акыры кондуруп, ошол жакта иштеп жашаганы кетишкен.
Алар кеткенден бери мен чунчуп жалгызсырап кеттим. Гулмирага аябай конуп алган экенмин.
Айылга да коп барбайм. Баргандан корком. Барсам эле жанагы эжебиз келип алып
-Алмаз! Туубаган катынды эмнеге ээрчитип журосун! Сулуулугуна кызыгып кун откоруп журо бербей, эртерээк жогот анынды! Мен тийип тууп берем дегендер, артындан андып толтура журушот! деп менин козумчо эле суйлоно баштайт. Акыркы убактарда анын созуно кайненемдер да унчукпай калышкан. Мен ыйласам мурдагыдай сооротпой да коюшкан.. Унчугушпай жумуштарын жасап журо беришет. Бирок мага алар эч жаман соз айтыша элек. Бир эки жолу кайнатама, Алмаз менен ажырашайын деп, кеткенге жакшы эле аракет жасадым. Бирок ал киши болбой койду.
- Сабыр кыл кызым! Бир куну силер да балалуу болосунар! Баарына чыдаш керек! Чыдасан баары жакшы болот деп, менин созумду уккусу келбей койду.
Алмаз жумуштан келгенче соксоюп аны кутуп уйдо жалгыз отурам. Кээде ал ото кеч келет, кээде мас келет. Мени мурдагыдай кызганбай калган. Кимден да кызганмак эле. Озум да азыр копчулукко аралашпай калгам. Достору чогулса да, азыр алардын баарынын экиден учтон жаш балдары бар. Чон майрамдарда аялдары балдары менен келишип эс алчу жерлерге чогулуп барып калабыз. Келиндер озубузчо кээде бир чекеде суйлошуп отурабыз. Ошондо бири баласын эмизип жатса, бири баласын эркелетип же дагы бир нерсе кылып жаткан болушат. Сенин канча балан бар? Колундагы уулбу же кызбы? дешип балдарынын кылыктарын айтып суйлоп олтурушат. Андан башка суйлошоор создору деле жок. Мен андайда аларга соз кошо албай ким суйлосо ошонун оозун тиктеп эле отура берем. Ошентип журуп, азыр эч жакка да баргым келбейт. Дос кыздарга кошулбай койгом. Айрыкча Гулмира кеткенден кийин бир айдан бери эч жакка чыкпай уйдо эле отуруп калдым.
Алмазды тундо кутуп отуруп, ал келе бербегенинен жатып алган болчумун. Ал тун бир убакта келип жаныма унчукпай эле жатып калды. Эрте менен туруп карасам ашканада вазага кызыл роза гулдору салынып туруптур. Аны коруп жузум жарк дей тушконсуду. Алмаз тундо алып келип койгонун тушундум. Мага акыркы жолу бул гулду Аман ооруканадан чыгып баратып берген эле. Ошондон бери мага биринчи жолу Алмаз гул алып келиптир! Козумо жаш тегеренип кетти. Мындан он кундой мурун мен Алмазга ажырашалы деп айттым.
-Балалуу болбойт окшойбуз Алмаз! Канчалаган кучтуу врачтарга корундум. Умутум деле очуп калды! Сен да эртерээк балалуу болушун керек. Андан коро менин жообумду бер, мен кетейин дедим. Ал менин козумо тигиле карап
- Алтынай! Экинчи мага мындай созду угузба! деди
- Жок Алмаз! Мен туурасын айтып жатам. Сен эмне омур бою баласыз отмок белен? Жакшылап ой жугуртуп корсон озун?
Алмаз копко чейин ойлонуп отуруп эле мени бекем кучактап калды
- Алтынай! Алтынайым менин! Менин жаным! Мен омур бою сени менен бирге болом! Кандай кунго калбайлы мен дайыма сенин жанында болом. Мен сени эч качан, эч жакка коё бербейм жаным!
- Алмаз, тушунсончу! Бала жок болсо кантип жашоо болсун!
- Болот! Болот Алтынай! Бизде баары болот! Экообуздун кооп балдарыбыз болот, экообуздун ортобузда ыссык, бузулгус бекем суйуу болот! Байлык бакыт баары болот! Мен озумо дагы, Аманга дагы соз бергем! Мен сенин журогунду ээлеген суйуун болом! Тушунуп жатасынбы? Сенин журогундо жалгыз мен болом!
Мен Алмаздын бул создорун угуп унчукпай калдым. Алмаз мага бул создорду мас убагында коп айттат эле. Эми соо убагында да айта баштаптыр. Айнып баштабаса эле, болду эми дедим ичимен. Аман ал, буткон иш! Анын бул жерге эмне тийешеси бар?! Аны эмнеге айтат?! Алмаз акыркы кундору кундо ичип келчу болду. Жумушунда да ичип журсо керек. Ушинтип журуп алкаш болуп кетпесе экен деп корком! Эмне кылышты да билбей калдым. Же мен Алмазга бала тороп бербесем? Ортобузда бала жок, акырында баласын алкаш кылып ата-энесине алып барып бербесем эле болду! Анда омур бою Алмаз учун мени кунолуу кылышат! Бироонун айдай баласы мени деп алкаш болуп кетсе? Бул туура эмес. Кой андан коро бир айласын кылышым керек деп ойлонуп журом.
Бугун 8-март Алмаз розаларды тундо эле алып келип койгонуна ичимен ыраазы болуп турдум. Кечкисин Алмаз мени ресторанга алып барды. Жакын чогуу иштеген достору атайын аялдарын сыйлап коёлу дешип уюштурушуптур! Майрам конулдуу отуп жатты. Жакшы тостор айтылып, музыкага ортого чыгып бийлеп жатышты. Мен Алмаздын жанында козголбой отура бердим. Бийлегим жок. А мурда музыканы угаарым менен отурган жеримден эле кыйшаландап баштайт элем!
- Алтынай! Эмнеге бийге чыкпай койдун, сен бийлегенди жакшы корот элен го? деди Алмаз мага карап
- Азыр жок! Бийлегим келбейт. Ушундай эле отурайынчы дедим. Алмаз болбой атып мени колумдан жетелеп ортого алып чыкты. Анын шок бийге бийлегенин омурумдо биринчи жолу корушум эле. Мен ага карап кулуп бийлеп жаттым. Алмаз да менин бийлегениме кубанып жатты. Байкушум десе, менин конулумду которуш учун бийлеп жатканын дедим ичимен. Андан кийин Алмаз мени белимен бекем кучактап экообуз женил бийге бийлеп кирдик. Коздорубуз менен тиктешип айланадагыларга деле конул болбодук. Мен Алмазды эки колум менен мойнунан асыла бекем кучактап башымды кокурогуно жолоп алдым.
Ал куну Алмаз коп ичпеди. Уйго кайтканыбызда Алмаз мени подьезден эки колуна которуп алып экинчи этажга уйго кирип келдик. Ал туну да Алмаз экообуз тээ бир убакка чейин махабаттын туу чокусуна чыгып алоолонуп жанып жаттык.
Эртеси да дем алыш кун болгондуктан
Алмаз экообуз шашпай турдук. Жуунуп таранып бутуп эми эле чайга отураарда, эшиктин конгуроосун басып, биздикине Айнагул менен Нуралы кирип келишти. Колдоруна Гул, торт, дагы бир чон пакет кылып которунуп келишиптир.
-Озум сенден кабар албасам, сен мени такыр эле эстебей калдын го Алтынай. Айылдан синдим келген экен, балдарды ага таштап коюп, силерге келе бердик деп суйлоп отурду Айнагул.
Алардын чон баласы мектепке барып калган. Андан кийин да эки балалуу болушкан. Айнагул утуру балдарына телефон чалып кабар алып коюп отурду. Аларга ыссык тамак жасап тортообуз жай суйлошуп отурдук. Нуралы жумушунан Фрунзеге барып келиптир. Бир убакта Айнагул сумкасынан эки даана сурот алып чыгып
- Алмаз сен эстуу жигит эмессинби?! бизди туура тушуносун деп ойлойм. Анын устуно Алтынай экоон эрди-катын болгондон кийин ортонордо сыр жатпаш керек деген ойдо бул суроторду сага да корсотуп жатам деп аны алдыбызга койду. Ал суротторду коргондо журогум жарылып кете жаздады. Озумду аран кармап отурдум. Суротторду Нуралы Фрунзеге барганда алып келиптир. Суротто Аман менен Гулжан ортолорунда бир жашар кызы менен тушушуптур. Бироосундо экоонун уйлонуу тоюндагы сурот экен. Алмаз суротторду копко тиктеп отуруп
- Аман кыздуу болгон турбайбы деди.
- Ооба кызынын атын Алтынай деп коюшуптур, кызы бир жаштан отуп калган окшойт деп Нуралы бир аз ойлонуп турду да
- Аман силерди сурады, силердин балалуу боло албай жургонунорду угуп, озун аябай кунолуу сезип, капа болду! Балалуу болушса, мага созсуз кабарлап койгула! Менин журогум тынч журсун деп айтты дегенде мен чыдабай ошол жерден шолоктоп ыйлап жибердим. Алмаз мени бооруна тарта кучактап алып чачыман сылай сооротуп калды. Мени коруп Айнагулдун да козунон жашы куюлуп аны аарчып жатып
- Алтынай сен коп капа боло бербе досум, силер созсуз балалуу болсунар! Мен бул суротторду атайын силерге корсоттум. Жок эле жерден кызганып урушканды токтотуп, эми экоо балалуу болушту гана ойлонсун дедим. Откон отту, кеткен кетти. Элдин жашоосу отуп жатат. Силер да эскилерди козгобой, алдыга умтулуп максат менен жашагыла деди
- Жок, Айнагул! Бизде андай жанжалдардын токтогонуна коп болгон! Биз эми балалуу болуп алсак жак........, деп.созумдун акырына чыгалбай буулугуп ыйлап кирдим. Байкуш Нуралынын да козу жашып, чыдабай ордунан туруп балконго тамеки тартканы чыгып кетти.
Кун ото берет экен. Мына мынтип жай мезгили да келип калды. Жайдын куну кундун ыссыктыгынан уйдо отуралбай калат эмессинби! Уйдо жалгыз олтура бербейин деп кечки салкында кочого чыгып басып келем. Бугунда ойлонуп скверде жай басып баратсам кокустан эле алдымдан Гулай чыгып калды. Аны коруп унчукпай эле отуп кетем го деп ойлогом. Бирок ал болбой эле алдымдан торой мага суйлоп калды.
- Ии Алтынай сулуу кандайсын? Алдына убагында кечирим сурап барсам, бой которуп, асмандан тушконсуп болбой койдун эле! Мени жумуштан айдатып эмне жакшылык таптын? Уктум, Балалуу боло албай соксоюп жалгыз журот экенсин! Коптон бери сени коргум келип журду эле, бугун озун эле мынтип алдымдан чыгып калдын деп мени мыскылдай кулуп карап турду. Мен аны жаман козум менен бир тиктедим да
- Биздин суйлошо турган соз ошондо эле буткон, мага башка суйлобо деп отуп кете берерде ал мени чыканагымдан кармап калды. Мен бир булкуп тартып алайын десем болбой калды, экообуз тиктешип туруп калдык.
- Алтынай, биздин создор эми башталат! Эртен эле эрин сени таштап кеткенде, сенин шумуройгон куу баш кебетенди коргону бир келем го! Калганын ошондо суйлошобуз деп ал мени коё берди да каткырган бойдон мазактап кулуп кете берди. Анын созуно ичим орт болуп куйуп жатты. Эмне кылышымды билбей калдым. Уйго кирсем Алмаз келгенче чыдабайм. Ал да соо келеби? Мас келеби? белгисиз. Ыйлаган бойдон аяш энеме бардым. Уйго кирерим менен эле аяш энемди кучактап буркурап ыйлап жибердим.
- Менин не жазыгым бар эле аяш эне! Мага неге кудай бала бербеди? Эч кимге деле жамандык кылбадым эле го! Мен бул создорго кантип чыдайм. Тимурдун айынын омурумдо укпаган создорду уктум го! Адамдар неге тушунушпойт, неге мынча таш боор болушат аяш эне деп боздоп жаттым. Ал мени чачыман сылап, башыман кучактап кайра кайра ооп, соороталбай мага кошулуп ыйлап жатты.
Ыйлай берип чарчап калган окшойм. Уйкум келип кетти. Аяш энем болбой атып мени сууга тушуп чык, кичине озуно келип каласын деп мага таза халат менен чачык алып чыгып берди. Мен сууга тушуп жатып да ыйлап жаттым. Буга чейинки, мага ким нааразы создорду суйлосо, ошолорду эстеп жаттым. Тагдырыма ушунчалык нааразы болуп кеттим. Бир убакта мага Гуля Эштаевнанын качанкы бир айткан создору эсиме тушуп кетти
- Алтынай! Сен эмне? омур бою ушундай жаш бойдон, сулуу бойдон журо берем деп ойлойсунбу? Эмне эле анчалык озундун боюнду которосун? Турмуш деген! - сага окшогондорду оной эле сындырып жолго салып коёт! Адам деген - бир аз, жонокой болгону да жакшы!
Чындап эле адамдар эмнеге бирини бири тушунгулору келбейт? Орто жолдон эле тушунбостуктордун айынан туура эмес, создорду суйлоп алышып, бири бирине капа болуп журо беришет.
Суудан чыгып аяш энем менен чай ичип отурсам аяш атам жумуштан келип калды. Ал киши менин ал абалымды, Алмаздын жумуштарын сурап отуруп калды. Экообуз коптон бери мындай суйлошо элек болчубуз. Мен ага Алмаздын акыркы убактарда коп ичип жургонун, кандай айла кылышымды билбей жургонумду айтып даттандым. Аяш атам ойлонуп эле отуруп калды. Ошол убакта телефондон Алмаз мени сурап чалды. Арадан коп убакыт отпой ал келип мени уйго алып кетти.
Алмазга кийинки кундору эмне болгон билбейм! Ичпей калды. Же аяш атам Алмаз менен суйлошконбу деп ичимен ойлоп коём. Экообуз ээрчишип алып врачка бардык. Мага дагы толгон токой дары уколдорду жазып беришти. Алмазга да эки турдуу укол анан азыраак дарылардан жазышты окшойт. Экообуз убак убагы менен дарыларыбызды ичип, уколубузду алып журдук. Арасында айылга бардык. Буга чейин да мени апамдар канча жолу табыптарга, бубу- кемпирлерге алып барып журушкон эле. Бул жолу да апам мени бир жерге алып барып келди. Баары эле бизди балалуу болушат дейт. Бирок биз дагы деле балалуу боло албай журобуз. Азыр эч кимге деле ишенбей калдым. Апам менен суйлошуп отуруп айттым.
- Алмаз менен ажырашат окшойм апа! Бекер эле аны кармабайын дедим. Мен ажырашпаган кундо да мени созсуз жанагы эжеси ажыратат деп, анын создорун апама токпой чачпай айтып бердим.Апам байкуш эмне десин унчукпай эле ойлонуп отуруп калды.
- Ажырашып каякка барасын? деди апам
- Билбейм апа, Россияга Настянын алдына барып бир эки жыл журуп келсемби дейм. Бирок аны эч кимге, Алмазга да айтпашым керек. Анын укпаганы жакшы деп апама ичимдеги сырымды айттым. Бирок апам мага макул болбоду. Эч жакка кетпейсин! Азырынча жашап тур, кандай болоорун убакыт корсотот деп мага каршы чыгып койду.
Уландысы бар.

#63 16 November 2016 - 14:43
АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.
Жыйырма тогузунчу болум!
Коёндой окшош кундор отуп жатып куз айлары да келип калыптыр. Алмаз экообуз билинбей отуруп торт жыл чогуу жашап коюптурбуз. Бул куздон баштап бешинчи жылды баштайт экенбиз. Алмаз ичпей жакшы келе жатты эле, билбейм дагы аны кайсы кара теке сузду? Октябрдын акыркы кундору болчу. Тун жарымдан отуп Алмаз бутуна туралбай мас келди. Аны коруп ушунчалык зээним кейиди. Озум да ойлоно берип, арыктап жудоп кеткен экенмин. Озумду ушунчалык таштап жиберипмин. Ушундай жашоо кантип болсун? дедим ичимден. Озгортпосом болбойт. Уйдо жалгыз Алмазды куто берип чарчадым. Мумкун Алмаз менен ажырашсам, анын жашоосу да жакшы жагына озгоруп калаар! Башкага уйлонуп балалуу болуп калса ичпей да калаттыр. Кой! Чындап эле бул журушто мен Алмазды жон эле алкаш кылып аламын. Мен Россияга кетсем, менин да жашоом озгороор. Ошондуктан эртерээк жолго чыгыштын камын коройун. Озумчо кандай жол менен эч кимге билдирбей Настяга кетиштин планын тузуп баштадым.
Ошол дем алышта айылга барып апамдарга жолуктум. Апама да айтпай кете турган болуп чечтим. Ичимден озумчо ата-энем, бир туугандарым менен коштошуп жаттым. Кайненемдикине келсем алар да баары эле уйдо экен. Абысынымдын ичи билинип экинчиси боюнда бар экен. Кызы чоноюп басып журот. Ал январда экиге чыгып калат. Мен аны жакшы коруп колума алып эркелетип ооп коюп отурдум.
- Алтынай, Алмаз кандай журот! Акыркы убактарда кобуроок ичет деп жаттын эле. Азыр кандай, ичпей калдыбы? деп кайненем сурап калды. Уч айдай бир да ичпей журду эле. Уч кундон бери дагы ичип келгенин байкам журом дедим
Ал кыжаалат болуп, бир нерсе деп айткысы келди окшойт, кайра унчукпай отуруп калды.
Самалётко билет албадым, анткени Бишкектен пересадка болот эмеспи. Менин кайсы багытка учаарымды Алмаз оной эле билип, ошол жерден эле таап кармап алаары бышык болчу. Анын устуно ал озу да азыр издоо болумундо орун басар болуп иштейт. Ал учурда Фрунзени, Бишкек деп озгортконуно эки жылдан ашык убакыт болуп калган эле. Бирок кошуна олколор менен чек аралар бекемдей элек болчу. Мен озбекстандын Андижан шаары менен кетууну ойлондум. Машина менен Андижанга жетип алсам, андан ары поездге отурмак болдум. Мени ал жактан издоо Алмаздын оюна да келбейт деп ойлодум.
Тан эрте менен туруп кийинип тундо салыштырып койгон сумкамды эшиктин оозуна алып келип койдум. Уктоочу болмого басып келип Алмазды карасам, тундо ичип келгенге эч нерсени билбей мемиреп уктап жатат. Аны бетинен колум менен акырын сылап унчукпай тиктеп карап турдум. Козумо жаш келип кетти.
- Жаным десе, менин! Мен учун сен дагы канчалаган азаптарды тартпадын! дедим ичимден кубуроно суйлоп. Акырын бетинен жыттагылап эрининен суйуп койдум. Ал башын бир кыймылдатып койду да кайра уктап кетти. Эки буктом катты столдун устуно койдум да сумкамды которуп чыгып баса бердим. Чыксам кун мурунтан суйлошуп койгон женил машина мени кутуп туруптур. Ага отурдум да Андижанга карай сызып жонодум. Жол катар Алмазды эстеп, ичим ачышып козумдун жашын суртуп коюп бараттым.
Алмаз чындап эле мен учун башынан кандай гана кундорду откорбоду. Ал мени жанынан артык коруп суйот. Мени кызганып эмнелер гана болбоду. Артымдан чуркап журуп, Аманга бербей мени ала качты. Тимурдун балдары аны сабап салса да, менден калбады. Балалуу болбогонубуз учун мага бир да жолу каттуу айтпады. Мени сооротуп конулумду алган менен, ичинен эзилип кыжаалат болуп ичип журот.
Алмаз, жаным менин! Мен Алмаздын койнунда жатып, ага эрип жалынып жалбарып кандай гана жакшы создорду ага терип айткан менен бир да жолу оозумдан суйом деген соз чыкпаган.
Арыстаным менин! Мен сени азыр эле сагынып кеттим. Мен эми сенин кучагынды, сенин жытынды кантип унутамын жаным? Билинбегени менен мен сага аябай конуп алган экенмин! Эми сен озун кантээр экенсин жолборсум? Сенин кучагында эми башка бироо болот! . Сен эми башка бироону кучактайсын! Мен ушул жерге келгенде шафёрго карап
- Токто! Токтот машинаны! Артка кайттык деп жибергим келип кетти. Бирок айла жок эле. Айла жок!. Кош Алмаз! Кош менин кара жаным! Мага тагдыр ушуну буйруган экен. Мен Аманды дагы, сени дагы башка бироого берет экенмин!
Алмазга жазган катымдын кыскача мааниси да бул:
Алмаз! Мени издебе! Ата-эненди да ойлон! Алар мага айталбаганы менен, мен алардын оюн тушундум. Сен созсуз балалуу болушун керек! Ичине салып ичип журуп, сенин билинбей барып алкаш болуп кетишинден мен корктум. Сенин досторундун арасында кумсарып, бозурайып отурушунду башка коргум келбейт жаным! Эртерээк ажырашканыбыз баарыбыз учун жакшы да болот! Менден камтама болбо! Мага да кудайдын буйруганы бардыр! Алмаз бактылуу бол! Коп балалуу бол! Кош!
Мен башка ичимдеги ага ыраазы болгон, журогумдогу Алмазга деген жакшы создорумду жазганга кудуретим жетпеди. Аны окуп алып Алмазды ичинен эзилбесин дедим.
Темир жол вокзалга кирип эле, кассага бардым. Кечки саат жети жарымга поездге билет алдым. Ага чейин тамактанып, вокзалдын озундо эс алмай болдум. Ноябрь айы башталып калган менен Андижанда кун жылуу эле экен.
Кун кечтеп мен кетчу убакыт да жакындап келатты. Залга келип озумчо даярданып, таблицаны карап отуруп калдым. Радио узулден поезддердин каттамын кабарлап, жаныртып суйлогон аялдын унуно кулак салып отургам. Бир убакта милициялар отургандардын арасынан бироону издештирип карап жаткансыды. Бир эки аялдардын паспортун сурап алып, карап чыгып кайра берип коюшту. Мен аларды алыстан тиктеп карап отургам. Анан эле мен кетуучу поезддин кайсыл катардагы жолго келип токтоорун радиодон жаныртып айтып калды. Ордумдан туруп сумкамды суйроп алып, эл менен аралышып жолго чыктым.
Вагонго чыгып номер боюнча озумдун орундугумду таап сумкаларымды жайгаштырып эми эле отурсам, милициялар келип паспортумду сурап калышты. Алардын бироосу менин паспортумду текшерип жузумо бир карап койду да жанындагысына
- Кабар бере бер ушул вагондо экен деди. Ал мени карап бир аз унчукпай турду да
- Та-ак! Кыргызстандан келип калган экенсиз да! Бирок сиз кетпей калып каласыз го?деди мага табышмактуу тигиле. Жанымдагы отургандардын баары бизди карап кубур шыбыр болуп калышты. Мен ага карап
- Эмнеге? дедим тушунбой. Ангыча эле вогондун кире беришининен Алмаздардын бизди коздой чуркап келатканын коруп калдым.
Алмаз мени вагондон тушуруп алып, экообуз жерде кучакташып турдук. Мен ошондо биринчи жолу Алмаздын козунон агып тушкон жашты кордум. Ал менин козумо тигиле карап
- Алтынай! Экинчи мындай кылбагын! Уктунбу?! Биз экообуз омурубуздун акырына чейин бирге болушубузду эч качан унутпай жургун! деп мени бооруна бекем кыса кучактады.
Мен жолдо келатып ажырашсак жакшы болоорун, Алмазга айтып да, деп да тушундуро албай койдум. Уйго келгенден кийин, эрте менен Андижанга кечинде Ошко карап жол жургонго эзилип чарчап калыпмын. Коп капа болуп ыйлаганга башым ооруп, тегеренип айланып конулум айнып турду. Алмаз менин суйлогон создорумдун бироосун да уккусу келген жок. Башым ооруганга мага ыссык чай кайнатып берип
- Ачка болсон керек да, жол катар ыйлай берип да башын ооруп чыкты. Бир нерсе жеп алсан деп мага муздаткычтан жегенге бир нерсе таап келди . Эмне жегенимди озум да жакшы билбейм. Бир аз жегенден кийин эле, кускум келип, аны барып кусуп келдим. Тан атып калганда уктоочу болмодо сулк жатып уктап калдым. Алмазды билбейм. Жумушуна бардыбы? Барбадыбы? Эмне болуп жатканын бир да билбедим. Туштон кийин саат учтордон отуп ордуман турсам. Башым болбой эле калыптыр. Коздорум аябай шишип чыгыптыр. Озогум озоруп курсагым аябай ачып калган экен. Эмне жээримди билбей турсам Алмаз эшиктен тамак- аш которунуп кирип келди.
Ошондон бери Алмаз такыр ичпей койду. Менин ага жазган катымдагы
- Ичине салып ичип журуп, билинбей барып сенин алкаш болуп кетишинден корком деген созум ага ото каттуу таасир бериптир. Тез эле кундун ичинде мунозу да озгоруп чыкты. Мен андан муурдагы кыз кезимдеги, мени кызганып дункуюп жургон Алмазды кордум. Бул созумду мен анын мойнунан эркелей кучактап алып, озуно да айттым. Ал мага жалооруй карап
- Жаным, мени кечирип кой! Мен силердин баарынарды ойго салып койгонумду, такыр сезбей жургон экенмин. Бирок...деп барып калган созун айтпай колун силкип койду.
Алмаздын ичпей калганына суйунгонум менен мен озум жакшы боло албай, ошондон бери озумо жакшы келе албай жаттым. Тамагымдан эч нерсе отпой, жегенимди кусуп жаттым. Врачка баргым келбеди. Дары укол дегендерди коргонго козум жок! Бир аз жакшы болгонум менен кайра эле башым айланып, конулум айнып журду.
Ошондон он кундой убакыт отсо керек эле. Терезеден сыртты карасам кузгу жамгыр майдалап жаап баштаган экен. Мен Алмаздын келишине тамакты жасап коюп, эми эле газды азайттым эле. Эшиктин конгуроосу басылып калды. Ачсам кошунанын баласы
- Бул сизге, сырттан бир эже сизге берип кой деп менден суранды эле, деп мага калын конвертти таштап кетти. Тан калып эле ичин шашып ачып калдым. Козун жамандыкты корбосун! Ичинде жалан суроттор бар экен. Аларды козумду алайта чоон ачып алып, бирден коруп жаттым. Алмаздын суроттору. Ал бир келин менен тошокто уктап жатат. Ал суротторду акырына чыктымбы жокпу билбейм, озумду жоготуп стулга отурайын деп энкейип жатканымды бир билем калганын билбейм. Козумду ачсам Алмаз менин бетимди чапкылап озумо келтирип жатыптыр. Мен эмне болгонуна тушунбой жаттым. Карасам жанында Ороз да бар экен. Бир аз ойлонуп жатып мен озумо келип баарын эстедим. Менин козумон жашым агып жатты.
- Алтынай, сен капа болуп, коп ойлонбой тур! Анан экообуз суйлошобуз. Мен докторду чакыртып койдум эле азыр келип калат деп Алмаз жан алы калбай мага жалынып жатты. Мен эч нерсе дебедим. Жузумду буруп, тетири карап жатып алып буулугуп ыйлап жаттым. Эмне деп ойлонушумду да билбей калдым. Ангыча эшиктин конгуроосу басылып уйго ак халатчан эки адам кирип келишип мени текшерип башташты. Ал мени ото берилуу менен дем алдырып тыншап, колумдун тамырын басып турду.
- Врачка акыркы жолу качан корунгонсуз? Мен жакшы эстей албай жатып, билгендеримди айттым.
- Айызыныз качан токтогон эле, эстей аласызбы деди. Мен башымды чайкадым. Башыма ото коп суроолор келип кетти, менин башым айланып калды. Врач ордунан туруп жатып Алмазга карады
- Куттуктайм! Аялыныздын боюнда бар экен. эртенден калбай барып, врачтын козомолунон откуло деди. Мен ал созду укканда дагы озумду жоготуп бараттым.
Каттуу ойлонуп журуп, айрыкча Гулайдын мага жоолугуп
- Шумуройгон куу баш кебетенди коргону келем деген созуно мен аябай каттуу чогуп озумду таштап жиберген экенмин. Куйбогон жерим кул болуп орттонуп журуп, айызымдын келген келбегенин да байкабай калган экенмин. Врачка барсак менин эки айлык боюмда бар экен. Бирок врач мени ото катуу ойлонуп стресске тушконумду баса белгиледи. Жаш эле экенсин, мындан коп жыл отуп да балалуу болгондор бар. Озунду болор болбоско коп алдыра бербе деп.
-Витаминдуу тамактарды коп жегин, конулунду коп которуп жургонго аракет кыл деди. Алмаз аябай суйунду! Бирок жанагы суроттордон улам мага коп батына албай турду.Ал мага
- Алтынай мен ото каттуу мас элем. Мен ал келинди тааныбайм. Мен ал менен жатканда эмесмин. Мен озумду билбей калганча ичсем дагы, мен эч качан башка кыз- келиндерге конул бурган адам эмесмин. Мен соо боломбу, мас боломбу эч качан кыздарга маани бербейм. Мен уктап жаткан жеримен эле алып барып, бироолор жаткырып коюшса керек. Бул ишти азыр озум каттуу изилдеп баштадым. Мен бул ишти ким жасаганын созсуз табып жазалайм деп актанып жатты. Алмаздын бул создоруно мен ишенгим келди. Себеби мен Алмазды жакшы билем. Чындап эле ал женил балдардан эмес. Убагында Гулмира аны ар кандай кылып сынап дос кыздарына чейин айтып тийиштиртип коргон. Ал ошондо эле мени ишендирип айткан эле
- Алтынай! Алмаз бир адамды жактырса, ошондон башканы карабаган адамдарга кирет.экен. Менин оюмча Алмаз созсуз, кандай кылып болсо да сени алат. Ал сенден эч качан калбайт ко дейм, деген. Мен Гулмиранын бул созуно ошондо кулгом!
- Эсинде болсун Гулмира мен Алмазга эч качан тийбейм. Ага тийгенче, классташым Касымга тийгеним жакшы дегенмин. Бирок Алмаз Касымды уруп, мага экинчи жологус кылып салган.
Врачтан чыгып Алмаз экообуз уйго келсек, бизди Айбек подьездин тушунда кутуп отуруптур. Чогуу уйго кирдик.
Ал Алмазды суротко алган баланы жакшы тааныйт экен. Айбек менен суйлошуп суруштуруп отуруп, мен ошол жерден эле бул ишти ким кылганын тушундум. Алмаздын анчалыкка барчу душманы деле жок болчу.
Бул Гулай эле! Аны укканда Алмаз мага аябай тан калды.
- Ал сени ушунчалык эле эмнеге коро албайт, сен ага эмне жамандык кылдын эле, деди. Мен Алмазга карап
- Мен аны сага кийин айтып берем дедим.
Алмаз жумуштан чыгаары менен уйго шашып келет. Биз жаны уйлонуп, ушул уйго жаны кочуп келгенде, экообуздун мамилебиз кандай ыссык болсо, азыр андан эки эсеге отуп ыссыкпыз. Алмаз мени ото этяттап козумо карап турат. Ошондой кундордун биринде уйго Тимур келди. Менин боюмда бар экенин коруп ал да аябай суйунду! Менин паспортумду сурап алды, эмнеге экенин сурасам, анан айтам деп койду. Арадан бир жума убакыт отуп отпой Алмаз менен Тимур уйго чогуу кирип келишти. Тимур биз жашап жургон эки болмолуу уйду менин атыма каттатып салыптыр. Уйдун документтерин мага берип жатып
- Алтынай! Менин айымдан жок жерден жаман создорду угуп, коп ыйлаганынды билем. Мени кечирип кой! Бул уй менден силерге белек, болсун! деп калды. Мен Тимурдан чындыгында мындай чон белекти куткон эмес элем. Мен ага кулуп эле
- Тимур сенден бир алтын чынжыр белекке алам деп, эмнелерди гана корбодум, Уйду белекке алсам, кандайдай болоор экен дедим. Тимур каткырып кулуп жиберди
- Ал жагынан эч кыжаалат болбо Алтынай! Баары жакшы болот деди ал..
Аял кишини кудай таалам мынчалык бактылуу кылып жаратпаса! Аял заты назик, сулуу, озунчо бир керемет жан экен! Ошондуктан эркектер аялдарды сыйлап, аярлап, аздектеп суйушот турбайбы?! Айрыкча боюнда бар кезде, Аял деген ото сулуу болот экен! Толготуп, кырк омурткан сыздап торогон- бул бир гана аял затына тийешелуу касиеттир. Аял- бул Эне! Дуйнодо Эне болуп, бала эмизгенден откон чон бакыт жоктур! Мен ушулардын баарын башыман откоргонум учун ото бактылуу элем!
Мен ЭНЕ болдум! ЭНЕ болдум мен! . Болгондо да эгиз уулдардын энеси болдум! Уйлонгонубузго беш жыл дегенде мен баарын суйундуруп ыйлатып, Алмазыма эгиз уулдарды тороп бердим. Июнь айы болчу. Алмаз бизди айылдагы уйго алып келээри менен эле чон энебиз бизди ырымдап элге коргозбой, уйдон чыгарбай койду. Качан гана кыкркыбыз чыккандан кийин гана элге аралаша баштадык. Апам бизге бешик алып келди. Бешиктеги балдарымды эмизип жаткандагы, сезимимдеги бактымды, силерге соз менен айтып жеткире албастырмын. Жараткан дуйнодогу ар бир ургаачы пендесине эне болуу бактысын насип кылсын деп тилээр элем! Кудайым баарынарга бала берсин!
Алмаз экообуз кээде эки бешикти эки жактан терметип жатып, бири бирибизден козубузду албай тиктешип отурабыз! Балдарымды эмизип жатканымды, карап отурганды, Алмаз аябай жакшы корот. Аныбызды бир жолу айылда жургондо чон энебиз байкап калыптыр. Бешикке колумду артып алып баламды эмизип отурсам Алмаз келип, мага туштай жамбаштап жатып алып менден козун албай тиктеп турду. Бир убакта эле Чон энебиз байкатпай акырын басып келип, Алмазды таягы менен бир чапты. Ал чочуп кетип эле тушунбой эки жагын элендей ордунан тура калды. Мен аны коруп кыткылыктап кулуп жаттым.
- Антип экинчи тиктебей жургунун! Катынына сугун тушуп калат деди чон энебиз суйлоно. Ал мени да коп урушуп калаар эле.
- Балдарына коп эле узулуп тушо бербе, коп аларды тиктей бербе, ата-эненин балага сугу тушуп калса жаман деп. Биз айылда копко журдук. Айылдан Ошко жоноп кетээрибизде эжебиз келип мага
- Сен менин баягы создорумо коп капа боло бербе! Сени атайын куйуксун дедим. Ошондой ырымы бар. Куйуккондон да кээ бирлер боюнда болуп калат деди. Мен анын созун копко чейин эстеп журдум. Эгер куйуккондон бойго бутсо, мен Гулайдын созуно куйуп орттонуп эле кеттим го ! Менин ошондон кийинчерээк эле боюма бутуп калган болчу. Ким билет кандай экенин? Бирок негизи бул балдарды мага кудайым берди! Баары кудайдан эмеспи!
Биз Ошко келгенден кийин да уйубуздон адам узулбоду. Айнагул менен Нуралы да келишти. Алар Аманга телефон чалып биздин эгиз уулдуу болгонубузду суйунчулогондорун айтып отурушту. Аман да эми чындап конулу жай алып, журогу тынчтанып отуруп калгандыр.
Алар кеткенден кийин тундо тошокто жатып Алмаз мага карап
- Алтынай мен сенден, коптон бери бир нерсени сурай албай журдум эле, деп ойлонуп туруп калды. Мен андан кызыга
- Эмнени сурайын дедин эле? Сурай бер! дедим. Бирок мен Алмаздын онун коруп журогум кызыктай болуп турду.
- Сен баягыда Бишкекке дарыланганы барганында , сага оорууканага Аман барган беле? деди. Мен Алмазга аябай тан калып кеттим. Козумду чон ачып эле
- Алмаз сага эмне болду? дедим
- Мен сенден сурап жатам? Барганбы? Же жокпу? деп Алмаз унун бир аз которо суйлоду.
- Жок! Эмнеге антип сурап жатасын дедим, анын козуно тигиле. Ал менин коздорумду копко тиктеп турду да, оор дем алып чалкасынан жата кетти.
- Нуралы баягыда суротторду алып келгенде экообуз балконго чыгып суйлошуп турганбыз. Ошондо Нуралы мага Амандын созун айтып берди. Аман айтыптыр
-Алтынайдын ооруканада жатканын уктум! Бирок бир да баралбай койдум. Алмаз менен эркекче кол алышып койгон элем. Алтынайга башка эч качан жоолукпаймын деп. Дос катарында Гулжан менен ээрчишип барып, коруп келсемби деп да ойлодум. Бирок карасам туура эмес болуп калгыдай, Ошондуктан эч бара албай койдум дептир.
Биз Алмаз экообуз дагы тиктешип туруп калдык. Мен унчукпай эле Алмаздын кокурогуно башымды коюп жаттым. Биз экообуз тен ойлонуп ойлуу жаттык!
Уландысы бар! Бул жагы аз калды. Комм-ди кообуроок кутом

#64 16 November 2016 - 15:21
Бири кем дунуйо..
Бирок баары бир балалуу болушат деген умуттомун.

Тируучулуктун рахатын тартуулаган АТА -ЭНЕМЕ таазим!!!!
#65 16 November 2016 - 16:00
#66 16 November 2016 - 16:16
АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.
Отузунчу болум.
Арадан эки жыл убакыт отуп биз кыздуу болдук. Мен майда балдарым менен жудоп уйдон эч жакка деле чыкпайм. Анын устуно Асан Усонум да аябай эле кеч басышты. Башта мизилдеп таптаза турган уйум азыр чачылып, бир жерде балдарымдын оюнчуктары жатса, бир жерде кийимдери, анысы аз келгенсип балдарым да колуна эмне кирсе ошону суйроп журушуп, туш келди жерге таштап кете беришет. Азырынча алар жаш, айтканга тушунушпойт. Балдарымдын тамактарын берип, кир когун жууп, оздорун жуунтуп кечкиге Алмаздын келишине тамагын жасап, кечке жаным тынбай журуп, кундун кандай кечкиргенин да билбей калам. Кечинде колуна уйго керектуу тамак ашын которунуп Алмаз кирип келет. Ага тамагын алдына коюп берип экообуз эми эле суйлошуп баштаганда Асан Усонум келип мага жабышып отургузуша коюшпайт. Алмаз жумушунан кечке журуп ал да чарчайт. Мен балдар менен болуп журуп, Алмазга мурдагыдай коп тигиле карап, мойнуна асылып эркелегенге убактым да жок. Бирок ага Алмаз болмок беле, балдырым аз келгенсип кээде ал да мени ооп жыттап мага жабышып калат. Балдарымды уктатып коюп, ашкананы жыйнап, Алмаздын эртен кийчу кийимдерин дайындап бутуп, эн артында озум сууга тушуп чыгып Алмаздын койнуна кирип кетем.
Кундор отуп отуруп убакыттын кандай отконун да билбей калат экенсин.
Кызыбыз тыпылдап басып бир жарым жаштан отуп калды. Алмаз айрыкча ушул кызыбызды
-Ширин кызым деп эркелетип аябай жакшы корот. Жумуштан келип эле кызы экоо кучакташа учурашып, аны колуна которо эркелетип калат. Асан Усонум да атасын этектеп, бир демелерди божурашып аларда Алмазга жабышып калышат. Балдырын ооп жыттап сагынычтары таркагандан кийин Алмаз мага басып келип бетимен ооп коюп анан тамакка отурат. Бугун да Алмаз столго тамакка отуруп жатып
-Алтынай аяш энеме жоолугуп анан келдим. Абалы жакшы эмес. Бугун тундо Азамат менен Гулмира учуп келишет экен. Бизди да эртен созсуз келгиле, кызынарды озунор менен чогуу ала келгиле деп аяш энем катуу дайындады деп калды. Мен Гулмиранын келээрине суйунгонум менен ичимден аяш энеме кыжаалат болуп калдым. Анын акыркы убактарда ден соолугу жакшы болбой бир жумадан бери тошокто жатат. Мен майда балдарым менен болуп ага да коп баралбай калдым. Кобунчо Алмаз жумуштан чыгып келатып жолугуп келет.
Эртеси куну Алмаз жумушунан эртерээк бошонуп келип кызымды колума алып аяш энемдикине бардык. Асан Усонумду студент синдимди эртерээк келип балдарымды карап отуруп тур деп чакырып, ага таштап койдук.
Канча жылдан бери эми жолукканга Гулмира экообуз сагынышып кучакташып козубузду жашытып жатып учураштык. Гулмира да уулунан кийин кыз торогон. Уулу алты, кызы эки жашта. Азамат бир аз толуп чоон эле киши болуп калгандай. Гулмира ошондогудай эле корунду мага. Бирок ал апасынын ооруп калганына аябай капа. Биз менен чогуу аяш энем менен суйлошуп отуруп да ыйлактап отурду. Ага аяш энем
- Гулмира ыйлаба кызым. Мен кудайга ыраазымын! Сени турмушка берип балдарынды мынтип коруп отурам. Эмнеси болсо да сенден конулум тынч. Мындан он жыл мурда, баягыда катуу ооруганымда олуп калсам эмне болот эле? Мени кудайым сени куйоого узаттырып балдарынды корсун деп дагы да омур берди. Мен бирдеме болуп, узап кетсем эси жоктук кылып ашыкча ыйлаба. Ушунусуна да шугур дейли деп суйлоп жатты. Аяш энем бир убакта колундагы кичинекей кутучаны
- Мен бул алтын сойкону Алтынайдын кызына деп атайын сатып алып койгон элем. Кулагына сен тагып кой деп Гулмирага берди. Мен унчукпай эле алдыма алып отурган кызымдын кулагындагы сойкосун чыгарып баштадым. Озу да мындан эки уч ай мурда эле кулагын козоткон элем. Гулмира сойкону кызымдын кулагына тагып коюп, аны колуна которуп алып кайра кайра чопулдатып ооп алды. Кызымдын аты Марта. Атыны ушул Гулмира койгон. Мен тороп род.домдо жатсам Алмазды куттукташып телефон чалышыптыр. Кызынардын атын мен коюп берейин деп Марта деген ысымды айтыптыр.
Биз копко суйлошуп отуруп, уйго кайтар кезде аяш энем мени
- Сага айта турган созум бар деп, озумду жалгыз алып калды. Мен аяш энемдин айтар созун жана эле сезгем. Оюмда ал, кызым Мартага сойкону бекерден салган жок деп ойлоп жаттым. Бирок андай болгон жок. Мен адашыпмын. Аяш энемден мен бул создорду куткон эмес элем. Ал мага
- Алтынай! Мен сага бул созду азыр айтпасам, кийин кеч болуп калгыдай. Менин ичээр суум буткон окшойт. Кокурогумду ойугон бул сырдын айынан, канча жылдан бери Алмаз экоондун бактылуу жашап кетишинди кудайдан тилеп, балалуу болгучанар мен да ичимден коп азаптанып журдум. Мен сени ата-энендин назарынан калбасын дедим кызым! Атанды кыйышпас досунун алдында жаман абалда калуусун каалабадым. Эгерде сен Аман менен кетип калганында, атан сага эч качан батаасын бермек эмес эле!. Мен ата-энен менен суйлошуп отуруп ушулардын баарын тушундум кызым! Сени жаштык кылып, оз тагдырынды ката жолго салып албасын дедим! Себеби Амандын да ата-энеси ал жактан силерге каршы болсо?! Аманды да бироо коз жаш менен кутуп отурганын экоон бир да этибарга албадынар! Ошончо адамды нааразы кылып силер экоон коп алыс бара албайт элененер! Суйуу, суйуу деген менен суйуунун артынан канчалар туура эмес жолду басып алышып, кайра азабын тартышты. Алтынай сен мени азыр толук тушунбогонун менен убагы келгенде созсуз тушуноорсун! Сен ошондо гана мага ыраазы болоорсун. Ошентсе да сен мени кечирип кой кызым! Сен Дурус болоно бекер эле таарынып суйлобой журосун! Ал болгону сени алып качканга Алмазга гана жардамдашты! Бул жерде Дуруска караганда менин тийешем кобуроок. Аманга да мен барып жоолугуп, аны ишендирип суйлогон мен болдум. Ал менин созумо ишенип Фрунзеге кете берди. Себеби мен сага ишенбедим! сени эч кимге айтпай Аман менен Фрунзеге кетип калабы деп корктум! Ошондуктан сени Аман кеткенге чейин, ага жеткирбей алып качууга туура келди деди.
Аяш энеме мен аябай копко чейин тан калып журдум! Ал жонундо эмне деп айтаарымды да билбей калдым. Мени суйуумдон айрылткан адам катары эсептейин десем, турмушта менин бактым учун мага ар тараптан колдоо корсотуп журду! Аяш энемдин Алмазга жасаган жакшы мамилесин эми тушундум окшойт. Алмаз жакында эле жумушунан дагы которулгон. Мындай ийгиликтерге ал аяш атамдын аркасы менен гана жетишип олтурганы талашсыз эле! Баарынан да менин кок беттигим кармап ушул кунго чейин Дурус боломо таарынып суйлобой журомун. Журогумдон чындап эле, ага аябай катуу капа болгон экенмин.
Ошондон эки кун отуп аяш энем коз жумду. Алмаз эки кун катарынан алардыкына барып журду. Мен балдарымдан улам чыга албай эртен аяш энеме барып жолугуп келем деген куну танкы саат бештерде телефон чалышып бизге кабарлашты.
Биз Алмаз экообуз да убагында Гулмиралардын артынан Германияга кетсекпи деп ойлогонбуз. Бирок кайнатам Алмазды жанымда болосун, ишенген эн улуу баламсын деп болбой койгон. Анын инилери баары россияга иштеп кетишкен. Биз омур бою Ошто журдук. Мен Марта кызымдан кийин эки уул эки кыз тороп жети балалуу болдук. Торт уул уч кыздын ата-энесибиз! Чон энебиздин козу отуп кеткенине коп болгон. Асан Усонум бешинчи класста окуп жургондо кайнатамдын журок оруусу кармап ал киши да о дуйного узап кете берди. Алмаз ошондо атасына куйуп-куйуп, катуу ыйлады. Мен аны коргон сайын козумдун жашын агызып, Алмазды аяп турдум. Ошондон кийин Алмаз апасынан тынбай кабар алып, инилерине баш коз болуп, анын чечимисиз уйдо азыр бир да иш бутпой калган. Алмаз эн кичинекей карындашы Элизаны оз колу менен турмашка узатты. Андан улуу инисин да озу уйлоп жайлады. Азыр Алмаздын кадыр баркы которулуп, аны бардык бир туугандары, айылдагы дос жоро жолдоштору, тууган- урук баары сыйлашып турушат! Анын устуно Алмаз да азыр жогорку кызматта иштеп, мунозу да оор басырыктуу ашыкча коп соз суйлобогон сурдуу адам болду. Мен болсом бала деп балага коп зарланып жургонум учунбу, кудайым берген балдарды тороп аларды багып чонойтом деп, уйдо эле отурдум. Жумушка чыгып иштейт элем деп бир да жолу Алмазга айтпадым. Качан гана балдарыбыз чоноюп баштагандан кийин гана озумо ылайыктуу чакан бизнес ачып берди. Кээде чет мамлекетерге барып эс алып журдук. Германияга Гулмира Азаматтарга да барып конок болуп эс алып кайттык.
Гуля Эштаевна айтмакчы турмуш мени оной эле сындырып жолго салып койду окшойт. Балага зарлантып аларды тапкандан кийин, Алмазга бир да баш которуп каяша айтпай калгам. Анын жакасын агартып колумдан келишинче колдоп, сыйлап келдим. Анын устуно Алмаз да ошого ылайыктуу омурлук жолдош болуп берди мага. Ашыкча созу жок, уй болосун эч нерседен кем кылбай багып келет. Баарынан да ал мени омур бою жанынан артык суйуп, мени деп жашап келди. Турмуш тиричилик менен алышып, балдарыбызды чонойтобуз деп журуп Алмаз экообуздун бир бутун адамга айланып калганыбызды озум да сезбей калыпмын. Алмаздын уруксаты жок, анын кенешисиз бир да ишти, озум билемдикке салып жасабайм.
Ошко чоон коп болмолуу уй тургуздук. Тууган урук жоро жолдоштор менен жакшы катташып, барган жерлерибиз да бизди сыйлашып турушат. Алмаз кайненемдин сыймыктанган уулу болду. Апам болсо биздикине келгенде, куйоо баласынын торундо керилип отуруп мандайы тердеп чай ичип, кудайдын ушул кунду корсотконуно шугур келтирип калат! Алмаз менин ата-энемдин жети кызынын куйоолорунун арасындагы эн жакшы коргон, эн сыйлуу куйоо баласы болду!
Аяш атамдын баласы, ушундай мыкты куйоо бала болуп чыга келди.
Убакыт учкан куш демекчи Алмаз азыр элуу жашта, мен кырк сегиздемин. Асан- Усонум чет олкодо студент. Кызым Мартаны да Бишкекке эле окуталы десем болбой былтыры Алмаз агаларынын жанына жонотту. Агалары коз салып журушот дейт. Былтыр Марта кызым мектепти аяктап жатканда Алмаз экообуздун ортобузда чон тушунбостуктор болуп кетти. Мага Алмаз акыркы жолу качан кол которгонун жакшы эстей албай жаттым. Мен балалуу боло албай ыйлап жургондон баштап эле Алмаз мени аяп козумо карап конулумду алып журбоду беле. Асан Усонум туулгандан кийин Алмаз мага кол котормок мындай турсун, унун да катуу чыгарбай калган. Анын устуно мен да Алмазга баш ийип, анын айтканы менен болуп калгам. Себеби мен Алмаздын мага болгон суйуусун урматтап сыйлашым керек экендигин тушундум. Анткени ал мен учун эмнелерди гана жасабады! Анан да ал биздин уй-булонун башы, балдарымдын атасы, менин омурлук тугойум эмеспи! Ошентип Алмаз экообуздун ортобузда сый мамиле башталды. Экообуз козубуз менен тиктешип, коз карашыбыздан эле бири бирибиздин оюбузду тушунуп журдук.
Марта мектепти аяктап коштошуу кечесине кеткен болчу. Алмаз да уйдо жок, жумуштары менен кармалып танга жуук келиптир. Келсе мен уйдо эч нерсени билбей уктап жатам. Мени ойготуп кызды сурады. Ордуман туруп барып Мартанын болмосун карасам ал дагы деле келбептир. Алмаз мени кызынды карабай эмне кылып журосун деп суйлоно баштады. Бети колумду жууп кийинип алып дарбазаны ачып кочого чыктым. Алмаз да артымдан келип мага кошулуп ал да чыгып алды. Карасак Марта кочодо жаай басып классташ баласы менен жетелешип келатыптыр. Алар да бизди коруп чочуп кетишип эле шашып калышты. Бала ошол жерден эле Марта менен коштошуп, артына бурулуп басып кетип калды. Марта бизге жакындап келатканда Алмаз уйго кирип кетти. Марта жаныма келээри менен эле
- Марта тан атканча каякта журдун деп сурап баштадым.
-Классташтар баарыбыз тан атканча атайын эле чоогу болдук деп ал мага тушундуруп жатты. Экообуз ээрчишип уйго кирсек Алмаздын кабагы карыш салынып, ачуусу келип бизди кутуп отуруптур. Байкуш кызым атасынын турун коруп коркуп кетти. Алмаз менин жаныма басып келип
- Кызын тан атканча кайда журуптур? Сен аны карабай эмнеге уктап жатасын деп эле мени койгулап кетти! Андайды омурундо бир да жолу корбогон кызым, Марта бакырып кыйкырып эле ыйлап кирди. Балдардын баары ойгонушуп чуркап чыгышты. Асан- Усонум да андан бир аз кун мурда эле каникулга келишкен болчу. Атасын келип кармашып менден тартып калышты.
Алмаз озун токтото албай калды. Бир убакта карасам эле Алмаз журок тушун колу менен кармап жыгылып баратыптыр.
- Алмаааз ! деп бакырып эле ага кандай жетип барып кучактаганымды билбей калдым. Корсо Алмаздын да журогундо бар экен! Врачтар азырынча ага дары дармектерди жазып беришти.
Баарыбыз ошол куну уйдо отурганбыз . Марта кызым атасынын мойнунан кучактап алып ыйлактап бетинен ооп, кечирим сурап жатты. Алмаз кызына таарынып жакшы суйлобой аткан болчу. Алмаз унчукпай эле кызын чачынан сылап мандайынан ооп
- Марта! кызым менин! Эми мындан бул жагына эсин менен болуп жургун. Эгер мени чындап Атам деп жакшы коруп сыйласан менин айтканымды угасын деди. Кызым ыйлап жатып унчукпай эле башын ийкеп койду.
Андан бери бир жыл убакыт отту. Жакында балдарыбыздын баары каникулга келишет. Гулмира менен Азамат да уч баласы менен чогуу Ошко учуп келишет. Менин журогум алып учуп бир орунда эмес. Аяш энем мага айтпаганы менен Азамат менен Алмазга керээз кылып дайындап айтып кетиптир. Чындап эле ал, кызым Мартага бекеринен сойкону таккан эмес экен.
-Гулмира менен Алтынай тууган болуп, экоонун ортодо неберелери бир болсун деп Гулмиранын баласына кызымды байлап кетиптир. Эми бул жагы кандай болот билбейм.? Апамды укпай уйдон таарынып чыгып кетип, озум каалагандай басып, каалагандай суйлоп, тополон кылган кундорумду эстеп алып коркуп кетем. Балдар чонойгондо ата-эне жугу кандай оор экенин эми сезип, Атам менен Апамды эми тушунуп отурам! Чынын айтсам мен Гулмира менен кол узушпой жакын тууган болгум келет. Анын устуно Азамат Гулмиралар да теги таза жакшы адамдар. Кызым да жатка кетпей мен озум билип коруп жургон адамдарга эле бармак. Гулмиранын деле оюу ушундай. Ал мени менен кудалашуу учун жанын бергенге да даяр! Бирок балдар бирин бири коргондон кийин эмне дешет билбейм! Кээде балдар оз тагдырларын оздору чечкени жакшы го?, деп ойлогонум менен Алмаз эмне дейт? ошол менин журогумду ойуп турат.
Биз куткон адамдарыбыздын баары келип, ушул кундору баарыбыз кубанычтуу журобуз. Гулмиранын балдары менин балдарым менен таанышып чогуу ото кызыктуу кундорду откоруп жатышат. Азырынча баары жакшыдай эле. Марта кызым менен Гулмиранын баласы жакшы эле суйлошуп жетелешип журушот. Экоо бирин бири жакшы корушуп эле калышкандай. Корсо Азамат баласына Марта тууралуу айтканына коп жыл болгон экен. Ал Марта менен буга чейин эле интернет аркылуу байланышып, экоо суйлошуп журушуптур. Эгер балдар макул болушса кийинки жылы той кылып кызынарды алып кетебиз деп тортообуз отурганда Азамат айтып отурду. Ал жагын эми убакыт коргозоор!
Гулмиралар жакында кайтышат. Ага чейин биз Алмаз экообуз Бишкекке жолугушууга барып келмей болдук. Мен ал жолугушууга барам деп бир да ойлогон эмес элем. Алмаз макул болбосо керек дегем. Нуралы Алмаз менен суйлошконбу, кандай экенин билбейм? Алмаз озунон озу эле мени, Россиядагы чогуу окуган досторундун жолугушуусуна алып барып келем деп калыптыр. Бул жолугушуу бизде буга чейин эле отмок. Бирок заман озгоруп кетип ким кайсыл жерде экенин билбей журушуптур. Баягы эле Нуралы байкуш бир жылдан бери жугуруп журуп баарын таап Бишкекке ресторанга чогултуп жатыптыр. Анын устуно азыр интернеттин жетишип турган убагы эмеспи. Нуралы баардык ошол учурдагы россияда окуган кыргыздарды таап,
-Мумкун болсо чон балдар кыздарынардан да ээрчите келгиле, аларды да тааныштырып коёлу. Эгер кудалашып кетсек андан да жакшы болот деп баарын кулдуруптур. Анын устуно Нуралынын улуу баласы чон бизнесмен болгон. Жакшы жердин кызына уйлонуп аябай бутуна жакшы турган деп айтып калышат. Ресторан да ошонун баласыныкы.
Биз Бишкекте Айнагулдор менен чоогу анын баласыныкында болдук. Айнагул экообузго салондон кыздар келип бизди ошол жерден эле жасап коюшту. Саат алтыга ресторанда болушубуз керек болчу. Нуралы бизге чейин эле чыгып кеткен. Биз машинада Алмаз Айнагул мен учообуз кетип бараттык. Балдар артыбыздан шашпай барышмак. Алмаз машинаны жолдон токтотуп, Айнагул экообузго бирден букет гул сатып алып колубузга карматты. Дагы колундагы бир букет гулду кимге алды билбейм?. Сурабадым.
Биз Ресторанга жакындаган сайын менин журогум алып учуп жатты. Мен бугун Аман Гулжан менен кантип учурашарымды элестете албай бара жаттым. Амандын элеси коз алдыма тартылып, журогумдон Амандын соккон журогун сезип жаткандаймын!
Биз келип кутуучу залга кирдик. Баары келип бутушуп калган экен. Нуралы бизди алдыбыздан тосуп алып бир чекеден баары менен тааныштырып алар менен учурашып жаттык. Достордун бирин таанысам бирин тааныбай калыпмын. Кезек эн артында Аман менен Гулжанга келди. Биз тиктешип эле бири бирибизди кулуп карап туруп калдык. Амандын коздорунон от жанып турду. Ал мага жакындап басып, колундагы кыпкызыл роза гулдорун сунду да, менин колуман ооп койду. Алмаз экоо каттуу кол алышып учурашкан сон ал Гулжанды колтуктай кармап биз менен тааныштырды. Гулжан экообуз баш ийкешип эле кулуп турдук. Алмаз колундагы гулду Гулжанга сунду. Карасак тегеректин баары бизди карап кулуп турушкан экен.
Музыканын коштоосунда баарыбыз ичкериге кирип орун алдык. Канча жылдан бери корушо элек достор кызуу суйлошуп отурдук. Балдардын чачын ак аралап чоон эле кишилер болуп калышыптыр. Кимисинин аялы ким экенин деле жакшы ажыраталбай отурдум. Кээде Гулжан менен тиктешип калып жаттым. Аманды коп тиктей албай отурдум. Суйлоп жаткан учурларда эле карабасам, башка учурларда карай албадым. Себеби Алмаздан корктум. Балээ басып дагы кызганчаак оруусу кармап калбасын дедим. Бир убакта тамада, бизди куттукташып балдарыбыз келгенин айтып, аларды чакырып калды. Музыка ойнолуп колдоруна гулдорун которушуп баарыбыздын балдарыбыз бизге карап келатышты. Карасам алардын арасында чоон жигит болуп менин Асан-Усонум да мени коздой келатышат. Аларды коргондо мен толкунданып кеттим. Алар козумо бир башкача корунуп, кечээ эле зарлап тапкан балдарым бугун мынтип эр жетип досторумдун балдарына аралашып келатканына, озумду кармана албай
- Боюнардан силердин! Садага болоюндарым менин! деп ичимден кубуронуп жибердим. Козумон жашым сызылып агып кетти. Балдарым жаныма келгенде аларды кучактап алып жашымды токтото албай ыйлап турдум. Бир убакта
- Алтынай болду эми деп Алмаз мени тарткылап калды. Баары мени карап кутуп калышкан экен. Мен аларга карап
- Булар менин балдарым Асан-Усонум дедим.
Баарыбыз бака -шака болуп каткырып кулуп отурдук. Балдарыбызды тааныштырып кимдин канча баласы бар сураштырып жатып, эн коп баласы бар мен экенмин! Эн коп балалуу эне деп мага Нуралы приз берди. Бир аздан кийин менин жаныма Аман кызы менен басып келип
-Алтынай, копчулуктон сырткары мен силерди дагы бир жолу тааныштырып отойун бул менин тун кызым Алтынай деди.
Мен кулуп эле Алтынайдын бетинен ооп чачынан сылап койдум. Коздору Амандын эле коздору!
-Кызын сулуу кыз экен дедим Аманга куло карап.
- Ооба сага окшош сулуу! Гулжан дайыма бул кызыбызды сага окшоштурат деп кулуп калды ал.
- Мен сиз жонундо Атамдан коп уккам. Сиз чындап эле сулуу аял экенсиз. Бугун атайын сиз мага белекке берген алтын чынжырды тагынып келгем байкадынызбы деди Алтынай мага карап кулуп.
- Ооба Алтынай аны жана эле байкагам деп мен да кулдум. Алтынай турмушка чыгып эки балалуу болуп калыптыр. Амандын эки небереси бар экен. Аман азыр биз окуп буткон россиядагы шаарда, уй булосу менен жашап ошол жакта иштеп калыптыр. Заман озгоргондон кийин ошол жакка уй булом менен кетип, ошол жактын жарандыгын алып алганмын деп калды. Ал Алмаздын чон кызматта иштээрин айттып мактап, баарынан да менин коп балалуу болгонума кубанычында чек жок экенин кайра кайра айтып жатты.
Музыка ойнолуп баары бийлеп жатышкан. Мен бир карасам Аман менен Алмаз бир чекеде оздорунчо суйлошуп турганын байкадым. Алар копко суйлошуп отурушту. Нуралы кызып калды. Микрафондон Амандын кызына соз берилип, Алтынай баарыбызды куттуктап Аман экообузду вальс бийлеп беруубузду суранып калды.
Аман келип мени бийге тартты. Мен бул бийге коптон бери бийлей электигимди айтып кулуп калдым. Жай музыка башталып биз бийлей баштадык. Аман чынында эле бийге укмуш жакшы бийлейт. Мен башында бир аз онтойсузданып жатып, бирок бат эле Аманга кошулуп берилип бийлеп кирдим. Мен бийлеп жатып бугунку кунумду унутуп, тээ кыз кезимдеги Аман менен колтукташып жургон жаштыгыма кирип кеттим. Музыканы да атайын кун мурунтан даярдатып коюшканбы билбейм? Биз Аман экообуз копко бийледик. Бирде алыстап бирде жакындап, бирде тездеп, бирде жайлап Аман экообуз коз ирмебей тиктешип жатып бийледик. Биз козубуз менен тиктешип журогубуз менен суйлошуп жаттык.
- Алтынай!
- Аман!
- Алтынай....,Менин ак куум! Сен мени унутпадынбы?
- Жок Аман, Унутпадым! Менин жаштыгым, менин таза тунук махабатым! Мен сени кантип унутайын! Биздин таза сезимдер таза бойдон, тээ журоктун тубундо сакталып калган эмес беле?!
- Арадан канча жылдар отту Алтынай! Жаштыгымды эскерген сайын мен сенин элесинди коз алдыма келтирип, сагынып келем. Канча мезгилдер отсо да мен сени дагы деле журогумдо сактап суйуп келем.
- Билем Аман, аны билем!. Бирок кундор отуп отуруп, омурубуз откон сайын биздин журоктогу суйуулор балдарыбызга отуп кете берет экен. Менин журогумдун бут баарын балдарым ээлеп алышкандай!
- Ооба Алтынай мен аны, жана сени коргондо эле тушундум.Сенин балдарынды кучактап ыйлап турганынды коруп, озумду коёрго жер таппай калдым! Бирок ал балдар Алмаздын балдары да?
- Ооба Аман, ал балдар Алмаздыкы!
- Демек сенин журогунду чындап эле Алмаз ээлеп алган тура! Алмаз мага катуу соз берип, "Коросун Аман! Убакыт келип Алтынайдын журогун созсуз багындырып озум ээлейм" деген болчу.
- Турмуш деген ушундай экен Аман! Бирок мен, жаштыгымда сага жолугуп, сен экообуздун ортобузда болгон ак суйуубуз учун эч качан окунбостурмун! Сени менен чогуу откоргон студенттик кундорум да мен учун чон бакыттыр!
Сен менин жаштыгымсын Аман! Угуп жатасынбы?! Сен менин жаштыгымсын! Эми биз экообуз жаштыгыбызды эскерген сайын бири-бирибизди эстеп турабыз!
-Ооба Алтынай, ошентебиз! Ошентип биз омур бою бири-бирибизди эч качан унутпайбыз! Себеби биздин суйуу ошого татыктуу таза суйуу! Биздин суйуу балдарыбызга жомок болуп айтылып калчу суйуу.
-Аман!
-Алтынай!
-Мынчалык журогу таза адам болбосон Аман!
- Алтынай айтсан сен! Сен бактылуусунбу?
- Ооба Аман, мен бактылуумун! Мен бул бакытка жетем деп коп кыйналдым. Менин бул бакытка жетишиме Алмаз мага коп туруштук берди!. Сенчи Аман? Сен озун бактылуусунбу?
- - Ооба Алтынай! Мен сенин бактылуу экенинди уктум! Демек мен дагы бактылуумун!
Музыка токтоду. Биз Аман экообуз бири бирибизди кулуп тиктеп турган абалда бийибизди токтоттук. Баары бизге кол чаап калышты. Биздин жаныбызга Асаным келип кулуп эле, чыканагын буго мага тосуп туруп калды. Мен уулумду колтуктап экообуз жетелешип ордубузга келдик. Музыка ойнолуп башкалар баары бийлеп жатышкан. Алмаз эч жерде корунбойт. Мойнумду созуп мен аны издеп калдым. Мени байкаган балам
-Атам жана сыртка чыгып кетти деп калды. Мен ордуман туруп эле Алмаздын артынан жонодум . Биринчи кабатка тепкичтер менен ылдыйлап тушуп келдим. Алмаз кутуучу залда ойлонуп эле эки колун шымынын эки чонтогуго салып,чоон айнектерден сыртты тиктеп карап туруптур. Мен аны артынан келип акырын кучактап далысына башымды жолодум.
- Алмаз.. Жаным, сага эмне болду? дедим. Ал унчукпай эле тура берди. Мен анын алды жагына отуп козуно суроолуу тигилдим. Экообуздун коздорубуз тиктешип тура бердик. Бир убакта ал мени кучагына тартып бекем кучактап мандайыман опту да
- Алтынай, жан биргем менин! Озум да билбейм? Канчалык сени кызганбайын деп, озумду ушунчалык кармансам да болбоду. Мен сени баары бир Амандан кызганып кеттим! деди.
Мен ага эркелей жылмайып эки колумду анын мойнуна арттым.
- Жаным менин, сен билесинби? Менин журогумду аяш атамдын баласы эчак эле ээлеп алганын! Ал мени бекер эле кызганып журот дедим тамашалай.
Алмаз менин коздорумо козун кадап копко тигилди да мени бекем кучагына алды. Мен Алмаздын мойунун бекем кучактап жатып, экинчи кабатта тепкичтердин башталышында бизди тиктеп турган Аманды коруп калдым. Ал экообуз тиктешип калдык. Аман бир азга бизди тиктеп турду да, ошол жерден эле шарт бурулуп артты коздой кирип кетип калды.
АЯГЫ.

#67 16 November 2016 - 17:38
Рахмат чооон авторго да, ушул жака жазып копчулук менен болушкон адамга да. Ото таасирлуу экен, алар ыйласа кошо ыйлап, кубанса кошо озумчо суйунуп аттым. Ар бир пендеге насип этсин бактылуулук!
#68 16 November 2016 - 17:46
Эх эх абдан ойго салган чыгарма экен,эркек башым менен ыйлагым келди.Бул чыгарманын кее бир жерлери менин жашоомо окшоп кетет экен
#69 16 November 2016 - 18:36
Аябай адамды толкунданткан чыгарма экен. Аягы жакшы бутконуно кубандым.
Ыраазычылык илген адамга да,жазган авторго да! Ийгилик!! !
Ыраазычылык илген адамга да,жазган авторго да! Ийгилик!! !
Тируучулуктун рахатын тартуулаган АТА -ЭНЕМЕ таазим!!!!
#70 16 November 2016 - 19:17
Эээххх суйуу суйуу деп. Соонун чыгарма экен. .авторго рахмат талыкпай жазганына
#73 16 November 2016 - 20:25
Чыныгы суйуу деген чыгармаларда гана болот деп ойлойбуз бирок ошол чыгармалар жашоодон алынат тура. Бул жашоодо чын болгон болсо мен суктандым Алтынай учун Алмаз учун суйуулору учун
#75 16 November 2016 - 21:38
Чындыгында жакшы чыгармалардын бири экен.
Башында автордун озунун чыгармасы окшойт деп, суроо бергим келип карасам эле кочуруп жазган авторго тиешелуу эмес чыгарма экен. Китеп окуганда, же ушуга окшогон чыгармаларды окуганда,ошол чыгармага баш отум менен сунгуп кирип, элестетип окуймун каармандарды.
Каармандарды коргум келе берет, чыгармалар деле чыныгы жашоодон алынган да, бир аз эле коркомдолгону гана болбосо.

#80 17 November 2016 - 20:49
Сонун чыгарма экен. Ойлоп кетемда мурдакылардын сүйүүсү туруктуу,таза болгонбу деп. Азыркы суйуулор таанышып жетишелек жата калат анан мени таштап кетти деп ыйлактай беришеби деп.
..

Супер-Инфо
super.kg
видео