Дагы кийимдин автору "Мырк" деген сөзгө позитивдүү боек сүртүп, атургай аны модага айланткысы келет имиш.
"Негизги идея – М тамгасынан алынган, ал BMWнын бир бөлүгү – мотоспорт. Биздин шаарда унаасын жол эрежелерин бузуп айдаганды жакшы көргөн жигиттер темир тулпарынын үлгүсү кайсы экенине карабай, ушул белгини чаптап алышат. Эл арасында буларды "мырк" деп коюшат. Биз тамаша иретинде ушундай брендди тартып койгонбуз. Интернетке жарыялаган түнү эле абдан көп каалоочулар бар экени белгилүү болду. "Мырк" деген жазуусу бар кийимди кийгиси келгендер көп экен. Азыр өндүрүүчүлөр менен иштешип атабыз, эмки жумада ушундай аталыштагы кийимдерди сата баштайбыз" , — дейт Батырканов.
"Мен үчүн бул сөз коомго жага бербеген жүрүм-турумду түшүндүрөт. Ошол эле учурда бул сөздө духтун эркиндигинен кабар берген бир нерсе бар. Муну чет элдиктер түшүнбөйт. "Россияны акыл менен түшүнүп болбойт" деген кеп бар го, бул сөз тууралуу дагы ушундай айтса болот", — дейт Батырканов.
Анын айтымында, биринчи кезекте сатыкка "Мырк" деген жазуусу бар калың жемпир жана футболкалар чыгарылат.
Ал эми, форумчулар киет бекен бул кийимдерди?

Супер-Инфо
super.kg
видео


















