Суперстан: Табышмактуу жана коркунучтуу окуялар(мистика) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Табышмактуу жана коркунучтуу окуялар(мистика)

#81 Пользователь офлайн   Kanzada97   26 Ноябрь 2016 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 29 Март 16
  • Соңку аракети: 25 Дек 2021 16:20
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Менде кудай сактасын ушул маал га чейин болгон эмес болбой эле койсун эми мен корком. коргон эмесмин. бирок белгисиз ундор угула берет эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   1985lana   26 Ноябрь 2016 - 15:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 16 Июнь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:59
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sagyndym90 (26 Ноябрь 2016 - 12:54) жазган:

Жок мен муну одноклассниктен алган элем.Билбегендер билип алсын деп.

Ой елки, суйунуп кетсе, издегеним табылды деп! Туугандар, ушундай кучтуу, жин чыгарган, билимдуу тааныш молдолор болсо, номерин же адресин жазып койгулачы, сураныч!! !! Желательно Ош жактан.
Счастье не в деньгах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   buiga   26 Ноябрь 2016 - 15:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 13 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 05:00
  • Жынысы:Эркек

Мен да айта кетейин.Тайатамдын окуясы.Илгери тайатам экинчи айылдан уйуно келе жатса, ат мн экен.Аты баш бербей эле чуркай баштаптыр.Аркасын караса капкара ит ээрчип алыптыр.Ит жакындаган сайын ат чуркай баштаган экен.Аттын оозун койберип чаап жоноптур.Ит кубалап айылга кире берген копурого чейин кууп келиптир.Аттын кулуктугунон жетпей калыптыр.Копуродон откондо карас жок болуп кетиптир.Тайтамын оозу кыйшыйып, молдого окутуп атып жакшы болгон экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   26 Ноябрь 2016 - 21:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Кече ушул теманы окуп атсам,тугоп калды. Издеп жонодум анан. Однодон куйоо баламдын гр кирсем ойда зорлору бар экен. Кече ушу маалда кирип,бугун азыр чыктым. Кочурушту билбеймда болбосо кочуруп коет элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Aikewa   26 Ноябрь 2016 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Просмотр сообщения -FREEDOM- (26 Ноябрь 2016 - 21:40) жазган:

Кече ушул теманы окуп атсам,тугоп калды. Издеп жонодум анан. Однодон куйоо баламдын гр кирсем ойда зорлору бар экен. Кече ушу маалда кирип,бугун азыр чыктым. Кочурушту билбеймда болбосо кочуруп коет элем.

Аябай кызыгат окшойсунар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Aikewa   26 Ноябрь 2016 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Тувиндер менен Алтайлыктардын мифологиясында “Албыс” деп аталып, аны жезкемпир катары эсептешет. Албыс эркекке жолукканда аялдын, аялга жолукса эркектин кейпин кийип алат. Анан дагы ал каалаган адамга айлана алат. Айрыкча аңчылардын аялдарына көп айланышат. Өздөрүнүн кейпинде болсо, алардын эмчектери желкесинен артына ашыра ала турганчалык узун болот. Чачтары сары, үстүнкү эриндери кесилген болуп көрүнөт да кээде жез тырмактуу жана жез тумшуктуу болуп көрүнөт. Албыс аңчыга ийгилик алып келет. Ошондой эле ага аялы болуп көрүнүп, тамак аш, эт – өзүнүн кабыргасынан алынган, сүт – өзүнүн эмчегинен саалган, алып келет. Адамдын ичине кирип кетсе адам оорулуу болуп калат. Эгер аны атып салса ал, эчкинин жүнүнөн жасалган кездеменин кичине бир бөлүгүнө айланып, жерге түшүп калат. Албарсты кыргыз фольклорундагы эң табышмактуу фигура эмес, тескерисинче эң баарына белгилүү фигура. Кимден сураба анын кандай экенин айтып берет. Төмөндөгү окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Караван айылында болгон. Айылдагы бир кишинин беш жашар кызы бир күнү жоголуп кетти. Аны издешип, эч жерден таппай коюшат. Жер жутуп алгандай жок. Бир жума издешип, эч жерден таппай коюшкан. Кийин бир чабан тоодон келе жатып бир кызды жанында бир түрү суук аял менен турганын көргөнүн айтып келди. Ал аял койчу кишиге анча жага бербей,шектүүдөй көрүнүп,аны урушуп салыптыр. “Бир аз тазараак болсоң боло, желмогуздай болгон түрүңдү урайын!”- деп урушуп салган экен,ошол замат экөө тең көздөй кайым болушуптур. Муну айтканда айылдагылар кыз жоголоор алдында аябай чоң түлкүнү көрүшкөнүн айтышты. А түлкү болсо – албарсты эң көп айлануучу жаныбар катары эсептелинет. Мындан кийин элдер кызды албарсты уурдап кеткенин түшүнүштү. Элдер топтолуп алышып, мылтыктары менен тегеректеги тоолорду тытмалап издөөгө киришти. Албетте, ар кандай жандыкка айлана ала турган нерсени табуу өтө кыйын. Бирок, соңунда кызды табышты. Ал аябай арыктап кеткен экен. Кийимдери да тытмаланып айрылган. Аны табышкан кишилердин айтымында тиги кыз алар менен кеткиси келбей, бул жерде жалгыз эместигин айтып: “Апам менен жүрөм. Апам азыр келет, бир аз күтүп турушум керек!” -дептир. Ага тамак аш сунушса жебейм, апам курсагың ачканда жейсиң деп таштап кеткен нерселер бар деп, колундагы чийки этти көрсөткөн экен. Көрсө албарсты аны ушул нерсе менен багып жүрүптүр. Кызга болсо албарсты берген чийки эттер жакшы эле тамактай көрүнчү экен. Издеген кишилер ошентип турушса эле бир кезде тиги кыз: “Тигине апам! Апам келе жатат!”- деп кыйкырып кириптир. Кишилердин бири да эч нерсе көрө албаптыр. Караса, таштын артында түлкүнүн куйругу чыгып турган экен, дароо атып салыптыр. Бирок, тийбей калып, түлкү ал жерден жок болуп кетиптир. Жыйырма биринчи кылым. А эшикте түлкүгө кубулушуп кетүүчү нерсе жаш балдарды уурдап кетип, аларды чийки эт менен багып жүрөт. Ишенүүгө кыйын окуя. Албарстынын эң жакшы көргөн иши – бул адамдарды уурдап кетүү деп эсептелинет. Бирок, албарсты өзү каалаган нерсеге айлана алат дегендер да көп. Мисалы түлкүгө гана эмес, адамга, шыпыргыга же жөн гана бир боорукер таанышыңа айланып алышы да мүмкүн. Таластык бир киши бир жолу күн баткандан кийин үйүнө кайтып келе жатыптыр. Айылга кетчү жол жалгыз болуп, жолдун эки жагын талаа ээлеген. Ошол жолдон бара жатып, тээ ыраакта от жагып алышып, оттун тегерегинде шишкебек бышырып жеп олтурушкандарды көрөт. Кызыгуусу күч алып, аттын башын ошолор тарапка буруптур. Жанына барса, баары учурашып, жылуу тосуп алышыптыр да, дасторкон четине олтургузушуп ар кандай түркүн тамактар менен сыйлашыптыр. Чай ичип бүткөндөн кийин байкаса эч кимиси дуба кылганга шашпайт имиш. Мындайды кантип унутушкан деп, бул каталыкты өзү оңдоого киришет. Анан колун жайып: “Аллаху акбар! Оомийн!” -деп, колу менен жүзүнөн сылап, колун түшүрүптүр. Көзүн ачып эле караса бир жалаңда өзү жапжалгыз олтуруптур. Анын жанагы жолдоштору эң ой жеткис жол менен жок болуп кетишиптир. Бирок, анын алдында аябай көп чийки куруган эт менен канализациялык калдыктар калыптыр. Козунун эти менен боорсоктордун ордуна ушуларды жеп олтуруптур. Албетте, мындай ачылыштан кийин окшуп-окшуп кусуп салган. Бирок, аягында дуба кылбаганда мунун баары башкача бүтмөк да! Балким албарстылар өздөрү менен эрчитип кетип, кул кылып алышмак?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Aikewa   26 Ноябрь 2016 - 22:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Интернеттен алынды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Aikewa   26 Ноябрь 2016 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Албарсты уйку маалында да көп басып, муунтат. Мындан кутулуунун бир эле жолу бар. Ал жатаар дубасын окуп жатуу. Ким эгерде акылдуулук, куулук менен албарстыны алдап, чачынан кесип алса, ал адам үчүн албасты кул болуп берет. Эң кыйын түйшүктөрдү чечкенге, байып кеткенге аябай жардам берет. Мындай окуя Баткендин Бужум айылынын тургуну Мамажунус байке менен болгонун өз оозунан айтып берели. “Бир топ жыл мурда, бизден бир айыл нараакта жашаган досум уулун үйлөп калды. Той аябай сонун болду. Тойдон эртеси калган коноктор менен бир аз ичип алып, аларды үйлөрүнө жеткирип кайра келе жаткам. Мингеним “жигули 06” болчу. Кайра досумдун үйүнө бара жатсам, берки айылдан чыга бериште эки үч аял бир эки жаш баласы менен жолдун жээгинде турушуптур. Кычыраган кыштын күнү. Эшик суук. Тигилер кол көтөрүштү. Токтосом, бири: – Иним, бизди жеткирип койчу. Биз жаңы эле жүгөрү оруп кайттык эле. Мына бул мака паяларды артып ал! -деди. Карасам азыр эле жүгөрү оруп, аларды боолоп алышкан экен. Бирок негедир биринин да жүзүн жакшылап көрө албадым. Алардын кийингендери да башкача эле, самсаалашып… – Мен азыр бир жерге барып келейин, беш мүнөттө келем!- дедим да зуу койдум. Досумдун айылына киргенден кийин акылыма бир нерсе кылт этти! Ызгаарлуу кыштын күнүндө кайдагы жүгөрү?! Кайдан орушу мүмкүн? Заматта машинени токтоттум да кайра артка кайттым. Жанагы жерге келсем, баягы аялдар олтурган жерде эч ким жок. Жүгөрүнүн боолорунан бир чаңы да карга түшпөптүр. Дароо албарстыны эстеп кеттим. Мурда-кийин элдерден эки айылдын ортосунда көп ушундай окуялар болоорун угуп жүрчүмүн. Дароо келме келтирип, үйгө кетип калдым!” Жогорудагы окуянын каармандарын көптөр албарсты эмес азыткы деп аташат. Анткени, көпчүлүк учурларда булар ар кимге окшошуп алышып адамдарды азгырып, эрчитип кетишет. Мите менен азыткы. Мите менен азыткы Кыргызстандын түштүгүндө албарстынын дагы бир түрү катары эсептелинет. Азыткыга азгырылган адамдар албарстыга жолуккандардан бир топ эле көп. Мисал катары төмөндөгү окуяны сунуштайлы. Баткендик чабандан: “Тоодо мал багып жүрөм. Кечкисин малдарды короого камап, короодон бир аз ары жакта зым керебетте жаткам. Түн жарымда керебеттин башына бир мал келип алып, кулагымдын түбүндө маарап жатыптыр. Ойгонуп кетип карасам бир ак улак короодон чыгып кетиптир. Аны айдап алып барып короого киргизип келдим. Эртеси күнү да ошондой болду. Эшикти жакшылап бекемдем жапканымды билем. Башка жагынан чыгып кетүү мүмкүн эмес эле. Сүйлөнүп барып, кайра камап келдим. Үчүнчү күнү күндүзү дагы бир чабан менен жолугуп калып, насвай чегип сүйлөшүп олтуруп ак улак жөнүндө айтып берсем, өңү бузула түштү. Эмне болду десем: – Бүгүн да келсе, эптеп карма дагы, жүнүнөн кесип ал! -деп коюп, малын айдап кетип калды. Түн ортосунда башымда бир улак маарап турат. А мен ойгоо болчум. Алдын ала даярдап алган бычагым бар эле. Укмаксанга алып жата бердим. Жакыныраак келип эми маараганда бутунан кармап алдым. Бычак менен жүнүнөн кесип алдым да бычакка ороп, кынына салып койдум. Кызыктын баары ошондо башталды! Көрсө ал менин жалгыздыгымдан пайдаланып азгырып кетүүнү каалап жүргөн экен. Ошондон тартып ар түнү келип, башымда маарай берчү болду. Акыркы күндөрү адамча сүйлөп: “Менен чачымды бер! Айтканыңды кыламын!” -дей баштады. Элдерге айтсам, баары эле бербе, куран китепке салып кой дешет. Бир жолу аябай курсагым ач олтуруп, өзүм да билбей калдым кантип “Ак улак!” -деп кыйкырып, аны чакырып алганымды. Карасам заматта маарап келип калды. “Курсак ачты, нан алып кел!” -дедим. Эки мүнөт да өткөн жок, жайлоодо таштын ары жагынан нан көтөргөн бир жаш бала кирип келди. Түсү адам баласына окшобогон, ушунчалык жагымсыз жандык турду. Нанды алдыма акырын таштады да: “Чачымды берчи?”- деди. Бар, колуңду жууп башка нан алып кел!- десем, ары басып кеткен. Артынан туруп карасам, колуна сийип, сийдиги менен жууп жатыптыр. Сөгүп салдым. Кийин өзүм дасторкон жайып, чай ичүүгө кириштим. Ары жакта тигил алып келген нан бар эле. Аны жегим келбей, өзүмдүн нанымды бисмиллани айтып жей баштадым. Чай ичип болуп, дасторконумду жыйнап алайын деп жатсам тигил алып келген нандын ордунда малдын тезеги туруптур. Чочуп кеттим. Кайра-кайра келе берип тажатты. Акыры чачын күйгүзүп, күлүн асманга сапырып салдым. Ошондо акыркы жолу келип, жаш баладай ыйлап олтуруп, кетип калган эле. Андан бери көрүнбөй калган.” Басырык.  Албарстынын аналогундагы дагы бир руханий жандык бар. Ал басырык деп аталат. Басырык көбүнчө уйку учурунда басат. Уктап жатканда үстүңө бирөө чыгып алгансып же оозуңдан бекитип, дем алдырбаганга аракет кылып өлтүргүсү келишет. Ал ар бир үчүнчү адам менен болуп турат. Эгерде түн жарымында ойгонуп кетип, жаныңыздагы адам уйку учурунда кыйналып жатканын байкап калсаңыз дароо келмени келтирип, аны түртүп ойготуп коюңуз. Бул учурда басырык дароо ал жерди таштап, жок болуп кетет. Кээ бир адамдарды басканда бүт денеси шал болуп, кыймылдай албай калат. Аябай кыйкырса да эч кимге угулбайт. Кыйкырып-кыйкырып, эми коюп жибергенде үнү сыртка угулуп кетиши мүмкүн. Андыктан, түшүркөп жатат деп көңүл бурбай койбостон, акырын ойготуп : “түз жат!” же “бир аз жылып алчы?” –деп койгон оң. Басырыктын басышынан качуу үчүн жатаар алдында уйку дубасын окуп жатууну адатка айландыруу кажет. Ал дуба оңой эле: “Аллохумма бисмика амуту ахьяа” же “Өз атың менен өлүп, өз атың менен тирилебиз, оо аллахым!” -деген котормосун окуп койсо да болот. Мына ушундай. Бүгүнкү күндө ар кандай коркунучтуу окуялар күн сайын планетабыздын ар кайсы бурчтарында болуп турат. Албарсты, азыткы, мите, жин, жезтумшук, басырык, жезкемпир, үй ээси, арбак, рух, шайтан ушулардын баары жомок эмес чындыктан алынгандай. Сиздерди, бизди, малдарды, куштарды, данектен дарактарды, деңиздерди деги эле бүтүндөй он сегиз миң ааламды жараткан Алла Тааланын колунан мындай нерселерди жаратып коюу да албетте келет! Эң негизгиси ,биз Алладан гана жардам сурап, ага гана таандык экенибизди унутпайлы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Kanzada97   27 Ноябрь 2016 - 00:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 29 Март 16
  • Соңку аракети: 25 Дек 2021 16:20
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Менин да рамаатылык атам албарсты мн кадимкидей алышып чачын кесип салган экен.канчалык чындыгы бар экенин билбейм го бирок менден башка неберелери айта береттер эле аларга деле туугандар айтса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Aikewa   27 Ноябрь 2016 - 00:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Бир окуя эсиме тушту жаза кетеин. Анда тээ 2 жэ 3 класста окусам керек, таякем келип калды жанында 35тегерегиндеги 2 байкелер жургон. Бироосу кичекей бутылкага суу куюп ошого соомойун тынбай салып журчу тан калып коп карачубуз, 3 кундой турушуп кетишти. Бой жэткенде апам айтып берген неге соомойун сууга салып жургонун.
Озбекстандын кылмыштуу дуйносундогу белгилуу бир кишинин атасы олот анан тиги киши атам тируусундо намаз окуган эмес деп молдолордон бироону таап, атасы коюлгандан кийин жанылбасам "табарак" суроосун 40 кун окуйсун дейт тигинин макул болбошко айласы жок макул болот. Ошентип кишини жэрге коюшат тиги молдо баткыдай жай казышат жанына да торт бурчтук ачык калтырат коюлган жэрден. Жаназа окулуп кишилер тарап кетет. Тиги молдо болсо окуп баштаптыр ачык жэрди карап алып бир маалда эле дейт темир эшик жабылгандай "шарак" ун чыгаткен. Окуп жаткан кызыгып торт бурчтук "окшоканы" шыкааласа эч нерсе корунбоптур, карангы да ичи кордун, жон турбай колун салып иет, соомою ыссык бир нерсеге тиет эми бут денеси ортонгондой эле болуптур. Баягы атып чыгып качып жонойт, ошол бойдон беркилер олтурот калсам деп Кыргызстанга качып отот. Соомою кадимкидей эле бирок куйгондой болуп ооруганы басылбайт экен ошого сууга салып журчу экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Aikewa   27 Ноябрь 2016 - 00:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Интернеттен алынды.
Айылда бир киши каза болуп, төрт-беш жигит мүрзө казганы көрүстөнгө келишет. Казып бүтүп айыл четине келишет да аракка киришет. Улам-улам бирөөсү чуркап, аз болуп отуруп бир топ кызып калган соң, ар кимиси өз алдынча бакылдап, урунаарга тоо таппай, кыскасы ичкилик жаш жигиттерди" эрдикке" тартып туруп алат. Ошондо күрсүйгөн бирөөсү "эр болсоңор мелдешели, бүгүнкү казган көргө кимиңер кирип бир саат жата аласыңар?" деп калбайбы. Мындайды күтпөгөн беркилер эмне дээрин билбей туруп калышат. "Ии, эмне унчукпайсыңар ия, мөөрөйүңөрдү сайгыла, мына мен кирип жатып берем!" Бир экөө "койсоңчу" демиш этет. Күүлөнүп алган неме койебу, тура калып жөнөп берет. Ачык көргө кайра келишет. "Мен азыр кирип жатам, келчү аңкир-мүңкүрү менен бир кармашып көрөйүн. Силер таш менен корумдап койгула да алысыраак басып кеткиле. Бир саатта кайра келип тартып аласыңар мени".Айтат да кетменди алып көр ичине түшүп кетет. Достору оозун жаап нары басышат. Арадан он, он беш мүнөт өтпөй көрдөн чыңырган үн чыгат. "Аңкир-мүңкүрлөр менен кармашып атат окшойт" дешет беркилер. Дагы бир аз отуруп "кой мунун дайнын билеличи" дешип көргө келишет кайра."Эй чыкпайсыңбы, утук сеники" дешет. Жооп жок. Экөө түшө калып караса тиги кыймылсыз сулк жатат. Бери тартышса эчак мүрт кеткен экен. Кетмендин сабы жанында жатат, темирин болсо кокосуна кийгизип кетиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Aikewa   27 Ноябрь 2016 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Интернетен кочурулду.
Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен
.
Чоң атабыз Тагай мерген 70-жылдардын акырында, 85 жашында дүйнөдөн кайтты.Тагай атабыз Нарындын башы Жаңы-Жер-Улан деген адам барбаган калың карагай-чер токойлуу, коркунучтуу капчыгайга каттоочу экен...
Мергенчилер ал токойдун чеке-белинен эле аюу, жолборс атып алып, тереңдеп киргенден жүрөксүшчү тура. Даап барышпаптыр. Бир жайда өзүнө ишенген жаш мерген Тагай ошол капчыгайды өрдөп ууга чыгат. Уунун кызыгынан кеч калып, түнөөгө аргасыз болот. Атын таң ашыра байлап коюп, отту чоң жагып, кайберен этинен шишкебек бышырып жеп отурса, бир маалда аты тыбырчылап, тайганы кыңшылап бут алдына сойлоп кирет. Жүрөгү бир жамандыкты сезген мерген мылтыгын октоп даярдап, туш-тушун аярлап караса эч нерсе көрүнбөйт, дабыш деле угулбайт. Анын үстүнө оттун жанында олтурган адамга караңгыда эч нерсе көрүнбөйт эмеспи. Ошентип отту алоолонто жагат да, эттен кесип жеп олтура берет. Көп өтпөй оттун жарыгында энтеңдеген киши сыяктуу сөлөкөт пайда болот да, ал дабыш билгизбей басып келип оттон алысыраак жерге адамча чөк түшүп отура калат. Үн-сөзү жок. Бир колу менен мурдун калкалап алган. Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен. Мерген же үн чыгарарын, же атып жиберерин билбей бир топко карап отурат. Акыры эмнеси болсо да Кудайдан көрдүм же өлдүм деп отто чала бышкан эттен бирчоң кесимди бычактын учуна сайып тигинин алдына ыргытат. Ал бир колу менен шып ала коюп оозуна салгандай болду. Дагы бир кесим ыргытты эле, аны да лып илди. Ошентип тиктешип отура беришти. Кимибиз биринчи кол салаар экенбиз деп эки көзү тигинин кыймылында. Ал да көзүн албайт. Таң сүрө ал акырын артка кетенчиктеп жыла баштады да, шып туруп чуркап кетти."Таң атканын коркконумдан байкабапмын" - дейт мерген. Эртеси жарыкта бул желмогузбу, жин-шайтанбы деп тигинин түндө отурган жерин карасам, ыргыткан эки кесим эт жатат, жебептир. Атты отко коюп, уктап калып, кайра ууга чыктым. Мергенчиликтин кызуусу менен, күндүн батканын аңдабай калып, кечинде баягы үңкүргө келдим. Отунду тоодой үйүп, от жактым. Атты отко коюп, итти байлап, өзүм жатчу жерге чириген дүмүрдү киши сыяктуу узата жаткырып, тумагымды кийгизип, көрпөчөмдү үстүнө жаап койдум да, өзүм үстүңкү таштын жараңкасынан орун жасап, дөңгөчтү кароолго алып отурдум.Түн ортосунда атым кошкуруп, итим кыңшылай баштаганда даяр турдум. Оттун жарыгында баягы сөлөкөт аяр жылып келе жатат. Бир маалда катуу чыңырган бойдон келип дөңгөчтү басып жыгылды. Мылтыктын машасын кандай басканымды билбейм. Эсимди жыйсам таң атыптыр. Атым титиреп турат, итим жок. Ордуман калтырап түшүп келдим. Дөңгөчтүн үстүндө баягы жүндүү сөлөкөт кыймылсыз жатат. Союл менен оолактан туруп оодарсам жүндүү, эки көзү бар, тумшугу түлкүнүкүндөй уятуу, колу-буту кишиникине окшош, тырмактары жез экен. Тырмактарын, тумшугун кесип алып, өлүгүн ошол жерге таштап, айылга келип түлөө өткөрдүк. Эртеси ошол укмушту көргөнү бир топ адамдар менен барсак, үңкүрдүн жанында дөңгөчтөн башка эч нерсе жок. Бир топ издер калыптыр. Аксакалдар "жез тумшуктун" дагы тукумдары бар, өлүктү ошолор алып кетишкен тура, эми ал жакка барбагыла, өч алышат" - деп тыюу салышкан. Ошондон улам Тагай чоң атам алжакка ууга чыкканды токтотконун айтып калаар эле.
Ысыката району
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Aikewa   27 Ноябрь 2016 - 00:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Окугандар барбы? Берилип болгон окуяларды кочуруп атам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Letchik-bolgum-kelchuu   27 Ноябрь 2016 - 01:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 639
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 17:40
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Aikewa (27 Ноябрь 2016 - 00:48) жазган:

Окугандар барбы? Берилип болгон окуяларды кочуруп атам.

Булар бар башка темаларда жокторун кочуруп келсен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Kanzada97   27 Ноябрь 2016 - 01:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 29 Март 16
  • Соңку аракети: 25 Дек 2021 16:20
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Aikewa (27 Ноябрь 2016 - 00:48) жазган:

Окугандар барбы? Берилип болгон окуяларды кочуруп атам.

мен окуп атам Кудайым сакта деп келме келтирип
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Aikewa   27 Ноябрь 2016 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Просмотр сообщения Letchik-bolgum- kelchuu (27 Ноябрь 2016 - 01:03) жазган:

Булар бар башка темаларда жокторун кочуруп келсен.

Аракет кылып короюн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   cholpon9393   27 Ноябрь 2016 - 13:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Февраль 16
  • Соңку аракети: 01 Окт 2017 12:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ

Просмотр сообщения Letchik-bolgum- kelchuu (26 Ноябрь 2016 - 07:28) жазган:

Классташтарникдегилер суперстандан уурдап кетишкен.

Жок бул хидаят kgден алынган маалымат экен.мен ошол жактан окуган болчум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   sister   27 Ноябрь 2016 - 23:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Менин жолдошум тункусун уйкусу жок. Уку ( сова) деп коюшатко, бирок анысы менен курошууну уйронуп алгам: ушундай окуялардан айтып берсем тыппырайган бойдон кыймылдабай уктап калат))). Рас болбодубу, а то фантазиям эмне ойлоп табаарды билбей калды эле. Ушул жактагылардан окуп алайын.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Aikewa   28 Ноябрь 2016 - 03:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Чон энемдин айтканын жаза кетеин. Негизи кайсыл бир жэрге катылган алтын байлыктын ээси болот деп коюшат. Ошол чон атамдын айылында кыргыз элиме белгилуу баатырлардын биринин кумбозу бар. Кумбоз чон жолдун боюнда. Чон энем абысыны Тургун апанын уйундо суйлошуп отурса баласы Жолдош ону кубарып атын чаап келиптир тим эле оозуна соз келбейт дейт титиреп. Бир аз куто турушуп эмне болгонун сурашыптыр. Корсо тиги байке торпок издеп ошол кумбоз жака чейин барыптыр, куугум убак экен. Жолдо капкара жыгач жатат имиш туурасынан машина отсо жолтоо болбосун алып коеюн деген ойдо жакын барса жол менен бир болуп жылан жатыптыр. Куйругу жолдун берки бетинде башы аркы бетиндеги булактан суу ичип атыптыр. Жол эми 2 3 машина кенен батат элестеткиле жыланды озу табиятынан чыпалактай жыландан коркон байкем кантип уйуно жэткенин билбейткен. Ошол жэрде алтын ж.б. баалуу таштар катылган болсо керек деп коп айтаар эле чон энем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Aikewa   28 Ноябрь 2016 - 03:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

Интернетен алынды
Ээсин издеген кол

Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес, улуу-кичүү дебей "Мадакелеп" урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча-мынча кишини басынтып да койчу.
Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак-шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш экен, бат эле узайт да, Мадали кайра ишине киришет. Бирок, алагүү кылган "ак молдо" аздык кылып, дасторкондо калган бир шише аракты жанына коюп алып, улам жүздөн ичип коюп иштеп жатып, кызып калат.
Электр тогу менен иштеген араа станогуна жыгач араалап жатып мас неме колун араага оңбогондой эле алдырып, кансырап кулайт. Аялы Гүлжамал колунун жарааты жедеп ырбап кеткенде гана күйөөсүн догдурга алып барат.
Врачтар консилиум жасап, устанын колун чыканагынан кесип салбаса аз өтпөй гангренага айланып кетерин белгилешип, аргасыз кол кесилип ыргытылат. Ооруканада жатканына бир ай чамалаганда Мадалинин түшүнө өзүнүн кесилген колу кирип, улам зекий берет: "Мадали, мен сени канча бактым, а сен болсо менин кадырыма жетпей, мас болуп кестирдиң! ". Эки-үч түн өтпөй ал кол түшүндө ээсин бетке чабат. Жарым ай өткөн тушта экөө түн ичинде кадимкидей салгылашып чыгышчу болду.
Ал үйүнө бир колу чыканагынан жок мунжу болуп чыгып барганда да кол анын артынан калбады. Дале түшүндө кыйнаганын койбой, атүгүл күчөттү. Мадали көп таяк жечү болду. Эртең менен чын эле бети-башы көгала болуп калмайы адатка айланып, ал жинди болуп кетпесем экен деп далбас уруп невропатологго көрүнсө, ал "түшүң - түлкүнүн куйругу, бар, бара бер, сопсоо элесиң" деп айдап чыгат.
Бир күнү баягы кесилген колу тикесинен муштум түйүп: "Мени догдурлар ыплас жерге ыргытып, көөмп коюшту. Тап. Таппасаң эми ийниме чейинкисин да алам. Чирийсиң! " дейт. Мадали: "Жок дегенде болжолдуу дайынын айт" десе, кол айтып берет.
Эртеси мунжу уста айыл молдосун, эки жигитти алып, түшүндө көргөн жол менен барып, таап, ырым-жырымын жасап көмүшөт. Ошондон кийин Мадалини кесилген колу кыйноого салбай, тынчып калат.
Аксаткын ДҮЙШӨМБҮ кызы, Базаркоргон району
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 17:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: