Суперстан: Алмазбек Атамбаевди ким колдойт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Алмазбек Атамбаевди ким колдойт? Атамбаев Алмаз Шаршенович

#121 Пользователь офлайн   82_kurd   16 Ноябрь 2016 - 00:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Апр 2020 14:04
  • Жынысы:Эркек

ушул Атамбаев деген неме ертереек кетсе сонун болот еле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   22 Ноябрь 2016 - 01:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Коалицияны уч партиядан курап, бийлик ресурстарын бут эле сыдыпыка ээлеп алыптырго...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Daud   22 Ноябрь 2016 - 02:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения tahircan (01 Ноябрь 2016 - 12:52) жазган:

Акыркы кезде көп адамдар ушул киши сүйлөр алдында түйүлүп, Кудайга жалынганы жалынып бир нерсени балп эткизип салбаса экен деп тиленип калчу болду. Бирок, алардын тилеги таш каап бир жумуда эле (!) мен билгенден 2 "балп этмейден" залп атылды :)

1) "Анын мерседеси бар";
2) "Беркисин айтпай эле коёюн";

Менин журналист болбогонум жаль да жаль. Болбосо гезити болобу, же журналы болобу, же интернети болобу ошол жакка "Алиги кишинин аттырмайлары" деген аталышта бир макала жазып ал жакка бул кишинин "сонун сөздөрүн" тизмектеп берет элем.

Мисалы, Дмитрий Анатольевичтин перлдериндей кылып Сүрөт


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Kyrgyz_myrza   22 Ноябрь 2016 - 18:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 810
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2018 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыстардаа

Туура бир жыл калды, чыдап тургула мундан да кутуласынар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   -NURIK-   27 Ноябрь 2016 - 17:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Айланайын Атамбаев кыргыздын бешенесине бутон эле шорусун да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Tansuluu09   01 Декабрь 2016 - 13:43

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Бүгүн, 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Бугун АШАнын куну окшойт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   -Sumitra-   01 Декабрь 2016 - 21:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 757
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 15:52

Бул жактагы комменттерди окуп эле жыргап калдым го.Чынында уят эле да президент ошентип суйлоп атса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   argen.kg4   04 Декабрь 2016 - 08:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 981
  • Катталган: 15 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 07:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ал жерден корунбойт

Шылтоо таппай турган орус полициясы Ашанын эки созу менен жердештерди дагы кордой башдады.
Томожный союздун башка мучолорунун жарандарынын мынчалык кордолуп обьезянкаларда жатканын эч корбодум "рахмат" ажобузга жана аны колдогондорго.

Билдирүүнү түзөткөн: argen.kg4: 04 Декабрь 2016 - 08:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Piligrim   05 Декабрь 2016 - 18:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан


Алмаз Атамбаевдин дем алыш күнү Бишкектеги жолугушуудагы “балп” этмелери


Ишемби күнү, 3-декабрда Алмаз Атамбаев кыргыз филармониясынын залында Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу “Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөнүн КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет. Бирок жолугушууга көз карандысыз журналисттер чакырылган эмес.

Ал эми жолугушууга катышкан айрым Бишкектиктер бизге расмий маалыматтарга кирбеген Атамбаевдин ал жолугушуудагы “балп” этмелерин айтып беришти.

“Кирип баратканыбызда баарыбызга Оксолиновая мазь таркатып берип жатышты. Ал гриппке каршы иш чара экен. Жайланышып олтурганыбызда эле Атамбаев “тиги Оксолиновая мазь менен жакшылап мурдуңарды майлагыла. Уялбагыла, тартынбагыла. Эгер кимдир бирөөлөр грипп менен ооруп жатса туруп кете берсеңер болот, таарынбайбыз, түшүнөбүз”, деп баштады.

“Президенттик фонддон гриппке каршы күрөшүү үчүн 2 млн сом бөлгөнү жатам, Саламаттыкты сактоо министри айтчы, 1 млн сом жетеби же 2 млн сом керекпи? ” деп сурады эле министр “2 млн сом жетет” деп жооп берди. Анан бир прокурорго кайрылып “прокурор айтчы, мен 2 млн сом которуп бергенге укугум барбы?” деп сурады эле анысы “укугуңуз бар” деп жооп берди.

“Конституциянын өзгөртүүнүн канчалык зарылдыгы тууралу суроо берилди эле Атамбаев “Азыркы конституция боюнча эркек менен эркек деле үйлөнө берсе болот. Ал эми конституция өзгөргөндөн кийин андай болбойт. Эми дагы айтышат президент дөөдүрөп жатат деп, бирок Фаина Раневская айткандай “ар ким өз көчүгүн каалагандай пайдаланганга акысы бар” да. Чынын айтканда айрымасы кайсы, баардык эле павлиндин куйругунун астында баягы эле тешик да”, деп карсылдап күлө баштады. Кирерге жер таппай калдык. Залда кары-картаңдар, жаш селкилер, ар түрдүү курактагы адамдар олтурушкан”.

«Өткөндө Турцияда ооруп калганымда өлүп калат экемин деп ойлодум, ошого даярдандым, өлсөм да Измирдеги кыргыздардын мүрзөсүнө көмүлөйүн деп Стамбулдан Измирге алып баргыла деп ошол жакка бардым. Ал жерде байыркы кыргыз баатырларынын мүрзөсү бар. Ошол жерге көмүлөйүн дедим. Анан Путин телефон чалып, Москвага чакырып, орустардын күчтүү доктурлары сактап калышты” деди.

“Мен резиденцияда эле олтуруп иштей берем. Ак үйгө сейрек келем. Көп болсо жумасына бир-эки жолу. Резиденцияда кабинетим бар, министрлерди ошол жерде кабыл алып, ошол жерде эле иштей берем. Ал кабинет бир кезде Айдар Акаевдин кабинети болгон экен. Ал эми Ак үйгө Аскар Акаев менен Бакиев олтурган кабинетке аз баргым келет. Бир нерсе жуктуруп аламбы деп корком. Анан аларга окшоп экинчи мөөнөткө да калам деп чыгамбы деп чочулайм” деди.

“Мен азыр СДКПга мүчө эмесмин, Конституция боюнча укугум жок, бирок, президенттик мөөнөтүм бүткөндө кайра СДПКга барып, партияны жетектейм, тазайлайм. Өлкөнүн тагдырына сырттан карап туралбайм”.

“Ал эми Кой-Таштагы үй боюнча айтсам, атайылап суунун аркы бетине дагы бир ошондой үй курайын деп жатам, Текебаевдин ичи күйсө туз жаласын”, деди.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   -NURIK-   06 Декабрь 2016 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

АША аман эле болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Piligrim   23 Декабрь 2016 - 19:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан


Индиядан Тажикстандын президенти 3 ГЭС курууну макулдашып келсе, Атамбаев 1 аппарат көтөрүп келди


Өткөн жуманын аягында Тажикстандын президенти Эммомали Рахмон Индияга визит жасап, Тажикстанда 3 ГЭС курууга келишим түзүп келди.

Анын артынан эле Индияга барган Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаев 1,5 млн доллардык онкологиялык медицинасына аппарат алып кайтты.

Адатынча “балп” этмейин жасады. Видеосун жүктөсөм, баарибир өчүрүп коюшабы дейм.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   tynara81   27 Декабрь 2016 - 18:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Ушул кишинин ар бир кылыгы нервти кашайтат го. Адашып келип калган да ажолукка. Өзү жакшы эле адам болсо керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Piligrim   03 Январь 2017 - 19:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Азамат Кыязов, журналист: “Урматтуу Алмазбек ага! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды”


Урматтуу Алмазбек ага!
Сиз, кечээ өлкө элин президент катары алтынчы жолу жаңы жыл майрамы менен куттуктадыңыз. Анын ичинде мени да. Мен дагы жооп катары, Сизди бир ирээт куттуктагым келди… Сиз, катчыңыздын даярдап берген көркөм куттуктоосун окуп куттуктасаңыз, мен өз дилимден чыккан чыныгы каалоомду жазып куттуктайын…
Береги сүрөткө 2006-жылы, Сиз Бакиев-Кулов тандемин «талкалап», премьер-министр боло элек кезиңизде түшкөнбүз. Ошо тапта тарапташыңыз раматылык Мелис Эшимкановдун «Агым» гезитинде жооптуу катчы элем. Шефибиздин гезитине, өзүңүз айтмакчы, андагы «мерседес минген чоң бай» адам катары, кез-кез пулдай-каражат берип, идеялаш, багытташ болгондугуңуздан улам, Мелис байкебиз да Сизге тынымсыз колдоо көрсөтүп, марттыгы ашынып кабарчыларды каптатып ийчү. Бирибиз диктофон, бирибиз фотоаппарат көтөрүп алып, кайда барсаңыз ошол жерде жүрчүбүз. Сиздин айткан-деген айбаттуу ойлоруңузга таасирленип, образга киргендиктенби же оппозициялык гезитте иштеп, өзүбүздү «оппозиционер» сезгендиктенби, Сизге жанаша тура калып сүрөткө «чырк» эте калмай адатыбыз бар эле. Тиги ирмем ошондой күндөрдөн калган элес. Ала-Тоо аянтына түмөн элди чогултуп алып «ажыдаар жөнүндө жомок» айтып турган, бетпардаңыз толук ачыла элек, «сүттөй ак» учуруңуз…
Ооба, ал күндөгү Атамбаев менен бул күндөгү Атамбаев таптакыр башка. Алмазбек ага, бүгүн мындан он жыл илгери айткан жомогуңуздун каарманы болдуңуз. Сиз такка отургандан кийин ажыдаарга айланып кеттиңиз! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды. Шоопуруңуз “олигарх” болуп чыга келди. Өзүңүздү курчаган “техникалык” кызматчыларыңызга элди басып бердиңиз. Жан сакташ үчүн, камалып калбаш үчүн СДПКнын ырын ырдаш керек экенин Пирматовдон сурасаңыз, обон кошуп созуп береттир. Сиздин кадырыңызды чоркок кадрларыңыз менен кошоматчы кеңешчилериңиз биротоло жалпайта тебелешти. Бирин-экин мисал тарта кетейин, апрель окуясынын, Ош, Жалал-Абад коогалаңынын жыйынтыгын же камала калып кайта бошотулуп жаткан кит коррупционерлердин темасын козгобой эле коёюн, Сарпашевиңиздин «ток-шоу» шайлоолорун, Сегизбаевиңиздин «гейт-дейттерин», Сариеваңыздын «современный окуу китептерин” кичине “үлп” эткизсек жетиштүүдүр. Каниет кылганыбыз тынчтык. Бирок ал тынчтыкты Сиз эмес, Эл сактап турат. Анткени, чуу чыгарчу оппозициячылардын баары Акүйгө небак жайланышып алышкан. Ошого да карабай, бириңди-бириң чукуп, бириңе-бириң актанып, бийликте экениңерди унутуп калып, абийириңер кетип отурат. Өкүнүчтүүсү, коом ушуну “саясат” деген түшүнүктө кароодо. Тагыраагы, колунда бийлиги бар эки бизнесмендин кер-мур айтышуусун “саясат” деңгээлинде шөкөттөп, кыргызга сиңирдиңер. Акыркы аракеттериңиз, “көзүр” партияңыздын көзү менен тең айланган “клон” партияларыңыз, “рефлекс” референдумуңуз, орусчул кадамдарыңыз, “өкүл ата” жүрүштөрүңүз – “Мен бийликтен кетпейм!”, – дегендик эмей эмине?! Жок, байке, ошол опуртал оюңуздан кайтыңыз! Кыргызстанга түбөлүк бийлик жүргүзүү үчүн сөзсүз эле президент же премьер-министр болуу шарт эмес, Үсөн аке Сыдыковдой “серый кардинал” болуп алып, идеясын ишке ашыра берүү алда канча натыйжалуу. Ана, небересин Бишкек шаардык кеңешине депутат кылды. Мына, Сиз даңктаган кандуу “революциянын” жемиши! “Коктуну ойлобой коомду ойло!”, – деген урааныңыздын маанисин, паспорттон “улут” графасы жоюлганда түшүндүм. “Чөгөлөбөйбүз”, “тизелебейбиз” деген лексиконуңуздун жандырмагын – кечээги мээзордук референдумуңуздун соңунан чечмеледим. Сиз кебиңиздин маңыздуу жерине басым коюп, эки кайталап сүйлөйт эмессизби, мен да сөзүмдүн маанилүү моментин эки кайталайын – Азгырылбаңыз! .. Азгырылбаңыз! ..
Сиз окуган жаңы жылдык куттуктоодо биримдик, ынтымак, тынчтык болсун деген тилектер айтылды, ылайым ошондой болсун! 2016-жылдагы эң башкы ийгиликтерди: “Үркүнгө куран окуттук, “Көчмөндөр оюндарын” өткөрдүк, “Азия-микс” жеңди”, – деп санап, кубандыңыз. Кубанычыңыз кут болсун, кошулам, бирок, мен бул ийгиликтерди – өлкөнүн өнүгүүсү деп тааныбайм. Эгерде, Үркүнгө арналып, мамлекеттин эсебинен татыктуу кино тартылса, Үркүн азабын көргөндөрдүн укум-тукумун аныктап, аларга социалдык жеңилдиктер каралып, ага Орусия жетекчилигин көңүл бурдура алсак, жок дегенде ошол ата-бабаларыбыздын арбактарын коргоп “элдик көтөрүлүш” деп кайпактабастан “баскынчылык саясаттын курмандыктары болушкан” деген саясий бааны ачык бере алсак… “Көчмөндөр оюндары” өтчү ипподромду “Газпром” эмес, өзүбүз куруп алган болсок, макул дейт элем. Ал эми, “Азия-микс” тобу – бул өнөрпоз балдардын жеке таланты менен жараткан ийгилиги да. Менимче, мамлекет үчүн жылдын жыйынтыгы экономикалык, өндүрүштүк көрсөткүчтөр менен өлчөнгөнү олуттуурак го… Маселен, мен “4 миллиард тышкы карызыбыздын 5 миллионунан кутулдук”, “эмгек маяналар 50 пайызга жогорулады”, “товарлар 30 пайызга арзандады”, “момунча миллион продукция өндүрдүк”, “баланча км. жол, оорукана, мектеп, бала-бакча, курдук” ж.б. деген сыяктуу жыл жыйынтыгын уккум келет. Эми, бул көз карашым ийгиликти – концерт, байлыкты – “Мерседес”, “Москвич” менен өлчөгөн адамга жакпасын билем, андыктан, мени “балашка” же “баклажка” деп шылдыңдап койсоңуз деле таарынбайм. Сизге көпчүлүк таарынбай деле калганын, балким, байкай баштагандырсыз. Байкаган болсоңуз, кыргыз эли чектелген эркиндикте жашап көнбөгөнүн эсиңизден чыгарбаңыз. Азчылыктын кызыкчылыгы үчүн көпчүлүктүн укугун чектөө калыссыздык. Хан кендирин калыссыздык кесип келбедиби… Улут келечегине кайдыгер карабаган жаран катары, “журналисттик түйшөлүү” менен күн кечкен кесипкөй катары оюмду чала-чопкут айта кеттим.
Кымбаттуу Алмазбек ага, ушул жаңырган 2017-жыл, Сиз үчүн бурулуш жыл болсун! Сиз майнапсыз мансаптан, билгисиз бийликтен кутулуңуз! Сиз ажо болбой калсаңыз жаны үзүлүп кетчүдөй болгон аттан түшсө да, ээрден түшпөгөн балекет-салекеттерден, “премьер-сремьер” деген “кара-дубалардан” арылыңыз. Электрондук эмес, элдик шайлоо өткөрүүнү шарттаңыз. Сиздин ордуңузга абийирдүү, эрктүү, чечкиндүү, намыстуу, саясий тажрыйбасы мол, стратег, ичкилик ичпеген, ыймандуу, калыс, улутун сүйгөн, “соодагер” эмес, кеменгер, чынчыл, акылдуу, таза, башкысы “жүрөгү бар” президент келишине жол ачыңыз. Бул Сиздин кыргыз эли үчүн жасаган зор эрдигиңиз болот. Сиздин качып-бозбой, каргышка калбай, эл ичинде ардактуу инсан бойдон калышыңызды, кыргыздын төрүндө дөөлөттүү карыя болушуңузду Кудайдан тилейм. Кыргызстандын тынчтыгы Сизге көз каранды, бийликти тынч өткөрүп бериңиз! 2018-жылды буга чейинки президенттерден он эсе күчтүү президенттин куттуктоосу менен тосолу! Ден-соолукта болуңуз…

Азамат Кыязов, журналист


Билдирүүнү түзөткөн: Piligrim: 03 Январь 2017 - 19:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Piligrim   04 Январь 2017 - 14:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан


Равшан Жээнбеков: “Американын президенти Трамп өзүнө кеңешчи кылып Илон Маскты, Цукербергди, Билл Гейтсти алып жатат, ал эми Атамбаев шоопурун, жан сакчыларын, секретарларын алып жатат”


“Мен акыркы 5 жылда тынбай, байма-бай айтып келатам, мамлекетте бүгүнкү күндө саясый чечим кабыл алган, экономикалык чечим кабыл алган, социалдык негизги чечимдерди кабыл алган бир эле институт бар. Ал президенттик институт”, – деп билдирди саясатчы Равшан Жээнбеков Сентябрь каналына.

“Эгерде бүгүн мамлекетибизде социалдык-экономикалык оор абал түзүлсө, эгерде бүгүнкү күндө өлкөдө кадр саясаты өлдү деп айта турган болсок анда анын баарына президент күнөөлүү деп биз так айтышыбыз керек. Мына, жакында Америкада Доналд Трамп деген ишкер Президент болуп шайланды. Трамп өзүнүн, президенттин кеңешчилери кылып өлкөдөгү эң акылдуу адамдарды чогулта баштады. Өзүнүн экономика боюнча кеңешчиси кылып “Тесла” деген электромобилди ойлоп чыккан, жаңы энергетиканы пайдаланып, үйдү шыйпыр аркылуу күндүн нуру менен жылытуучу технологияларды киргизип жаткан, жеке менчик космостук компаниясы бар Илон Маскты өзүнүн негизги экономикалык кеңешчиси кылып алды. Фейсбукту ойлоп тапкан Марк Цукербергди кеңешчи кылып алып жатат. Майкрсофтту ойлоп тапкан Билл Гейтсти кеңешчи кылып алып жатат. Ал эми биздин президенттин кеңешчилерин карап көрсөңүздөр, анын шоопурлары, жан сакчылары жана секретаршалары. Албетте ар бир президент өзүнүн командасын алып келүүгө укуктуу. Бирок, мамлекетин өзгөртөм деген адам эч убакта шоопурларын, эч убакта жан сакчыларын, эч убакта секретарларын мамлекетти башкарууга алып келбейт. Бул Кыргызстандын гана президенти кылып жаткан саясат”, – деди Равшан Жээнбеков


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   05 Январь 2017 - 05:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Piligrim (03 Январь 2017 - 19:50) жазган:

Азамат Кыязов, журналист: “Урматтуу Алмазбек ага! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды”


Урматтуу Алмазбек ага!
Сиз, кечээ өлкө элин президент катары алтынчы жолу жаңы жыл майрамы менен куттуктадыңыз. Анын ичинде мени да. Мен дагы жооп катары, Сизди бир ирээт куттуктагым келди… Сиз, катчыңыздын даярдап берген көркөм куттуктоосун окуп куттуктасаңыз, мен өз дилимден чыккан чыныгы каалоомду жазып куттуктайын…
Береги сүрөткө 2006-жылы, Сиз Бакиев-Кулов тандемин «талкалап», премьер-министр боло элек кезиңизде түшкөнбүз. Ошо тапта тарапташыңыз раматылык Мелис Эшимкановдун «Агым» гезитинде жооптуу катчы элем. Шефибиздин гезитине, өзүңүз айтмакчы, андагы «мерседес минген чоң бай» адам катары, кез-кез пулдай-каражат берип, идеялаш, багытташ болгондугуңуздан улам, Мелис байкебиз да Сизге тынымсыз колдоо көрсөтүп, марттыгы ашынып кабарчыларды каптатып ийчү. Бирибиз диктофон, бирибиз фотоаппарат көтөрүп алып, кайда барсаңыз ошол жерде жүрчүбүз. Сиздин айткан-деген айбаттуу ойлоруңузга таасирленип, образга киргендиктенби же оппозициялык гезитте иштеп, өзүбүздү «оппозиционер» сезгендиктенби, Сизге жанаша тура калып сүрөткө «чырк» эте калмай адатыбыз бар эле. Тиги ирмем ошондой күндөрдөн калган элес. Ала-Тоо аянтына түмөн элди чогултуп алып «ажыдаар жөнүндө жомок» айтып турган, бетпардаңыз толук ачыла элек, «сүттөй ак» учуруңуз…
Ооба, ал күндөгү Атамбаев менен бул күндөгү Атамбаев таптакыр башка. Алмазбек ага, бүгүн мындан он жыл илгери айткан жомогуңуздун каарманы болдуңуз. Сиз такка отургандан кийин ажыдаарга айланып кеттиңиз! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды. Шоопуруңуз “олигарх” болуп чыга келди. Өзүңүздү курчаган “техникалык” кызматчыларыңызга элди басып бердиңиз. Жан сакташ үчүн, камалып калбаш үчүн СДПКнын ырын ырдаш керек экенин Пирматовдон сурасаңыз, обон кошуп созуп береттир. Сиздин кадырыңызды чоркок кадрларыңыз менен кошоматчы кеңешчилериңиз биротоло жалпайта тебелешти. Бирин-экин мисал тарта кетейин, апрель окуясынын, Ош, Жалал-Абад коогалаңынын жыйынтыгын же камала калып кайта бошотулуп жаткан кит коррупционерлердин темасын козгобой эле коёюн, Сарпашевиңиздин «ток-шоу» шайлоолорун, Сегизбаевиңиздин «гейт-дейттерин», Сариеваңыздын «современный окуу китептерин” кичине “үлп” эткизсек жетиштүүдүр. Каниет кылганыбыз тынчтык. Бирок ал тынчтыкты Сиз эмес, Эл сактап турат. Анткени, чуу чыгарчу оппозициячылардын баары Акүйгө небак жайланышып алышкан. Ошого да карабай, бириңди-бириң чукуп, бириңе-бириң актанып, бийликте экениңерди унутуп калып, абийириңер кетип отурат. Өкүнүчтүүсү, коом ушуну “саясат” деген түшүнүктө кароодо. Тагыраагы, колунда бийлиги бар эки бизнесмендин кер-мур айтышуусун “саясат” деңгээлинде шөкөттөп, кыргызга сиңирдиңер. Акыркы аракеттериңиз, “көзүр” партияңыздын көзү менен тең айланган “клон” партияларыңыз, “рефлекс” референдумуңуз, орусчул кадамдарыңыз, “өкүл ата” жүрүштөрүңүз – “Мен бийликтен кетпейм!”, – дегендик эмей эмине?! Жок, байке, ошол опуртал оюңуздан кайтыңыз! Кыргызстанга түбөлүк бийлик жүргүзүү үчүн сөзсүз эле президент же премьер-министр болуу шарт эмес, Үсөн аке Сыдыковдой “серый кардинал” болуп алып, идеясын ишке ашыра берүү алда канча натыйжалуу. Ана, небересин Бишкек шаардык кеңешине депутат кылды. Мына, Сиз даңктаган кандуу “революциянын” жемиши! “Коктуну ойлобой коомду ойло!”, – деген урааныңыздын маанисин, паспорттон “улут” графасы жоюлганда түшүндүм. “Чөгөлөбөйбүз”, “тизелебейбиз” деген лексиконуңуздун жандырмагын – кечээги мээзордук референдумуңуздун соңунан чечмеледим. Сиз кебиңиздин маңыздуу жерине басым коюп, эки кайталап сүйлөйт эмессизби, мен да сөзүмдүн маанилүү моментин эки кайталайын – Азгырылбаңыз! .. Азгырылбаңыз! ..
Сиз окуган жаңы жылдык куттуктоодо биримдик, ынтымак, тынчтык болсун деген тилектер айтылды, ылайым ошондой болсун! 2016-жылдагы эң башкы ийгиликтерди: “Үркүнгө куран окуттук, “Көчмөндөр оюндарын” өткөрдүк, “Азия-микс” жеңди”, – деп санап, кубандыңыз. Кубанычыңыз кут болсун, кошулам, бирок, мен бул ийгиликтерди – өлкөнүн өнүгүүсү деп тааныбайм. Эгерде, Үркүнгө арналып, мамлекеттин эсебинен татыктуу кино тартылса, Үркүн азабын көргөндөрдүн укум-тукумун аныктап, аларга социалдык жеңилдиктер каралып, ага Орусия жетекчилигин көңүл бурдура алсак, жок дегенде ошол ата-бабаларыбыздын арбактарын коргоп “элдик көтөрүлүш” деп кайпактабастан “баскынчылык саясаттын курмандыктары болушкан” деген саясий бааны ачык бере алсак… “Көчмөндөр оюндары” өтчү ипподромду “Газпром” эмес, өзүбүз куруп алган болсок, макул дейт элем. Ал эми, “Азия-микс” тобу – бул өнөрпоз балдардын жеке таланты менен жараткан ийгилиги да. Менимче, мамлекет үчүн жылдын жыйынтыгы экономикалык, өндүрүштүк көрсөткүчтөр менен өлчөнгөнү олуттуурак го… Маселен, мен “4 миллиард тышкы карызыбыздын 5 миллионунан кутулдук”, “эмгек маяналар 50 пайызга жогорулады”, “товарлар 30 пайызга арзандады”, “момунча миллион продукция өндүрдүк”, “баланча км. жол, оорукана, мектеп, бала-бакча, курдук” ж.б. деген сыяктуу жыл жыйынтыгын уккум келет. Эми, бул көз карашым ийгиликти – концерт, байлыкты – “Мерседес”, “Москвич” менен өлчөгөн адамга жакпасын билем, андыктан, мени “балашка” же “баклажка” деп шылдыңдап койсоңуз деле таарынбайм. Сизге көпчүлүк таарынбай деле калганын, балким, байкай баштагандырсыз. Байкаган болсоңуз, кыргыз эли чектелген эркиндикте жашап көнбөгөнүн эсиңизден чыгарбаңыз. Азчылыктын кызыкчылыгы үчүн көпчүлүктүн укугун чектөө калыссыздык. Хан кендирин калыссыздык кесип келбедиби… Улут келечегине кайдыгер карабаган жаран катары, “журналисттик түйшөлүү” менен күн кечкен кесипкөй катары оюмду чала-чопкут айта кеттим.
Кымбаттуу Алмазбек ага, ушул жаңырган 2017-жыл, Сиз үчүн бурулуш жыл болсун! Сиз майнапсыз мансаптан, билгисиз бийликтен кутулуңуз! Сиз ажо болбой калсаңыз жаны үзүлүп кетчүдөй болгон аттан түшсө да, ээрден түшпөгөн балекет-салекеттерден, “премьер-сремьер” деген “кара-дубалардан” арылыңыз. Электрондук эмес, элдик шайлоо өткөрүүнү шарттаңыз. Сиздин ордуңузга абийирдүү, эрктүү, чечкиндүү, намыстуу, саясий тажрыйбасы мол, стратег, ичкилик ичпеген, ыймандуу, калыс, улутун сүйгөн, “соодагер” эмес, кеменгер, чынчыл, акылдуу, таза, башкысы “жүрөгү бар” президент келишине жол ачыңыз. Бул Сиздин кыргыз эли үчүн жасаган зор эрдигиңиз болот. Сиздин качып-бозбой, каргышка калбай, эл ичинде ардактуу инсан бойдон калышыңызды, кыргыздын төрүндө дөөлөттүү карыя болушуңузду Кудайдан тилейм. Кыргызстандын тынчтыгы Сизге көз каранды, бийликти тынч өткөрүп бериңиз! 2018-жылды буга чейинки президенттерден он эсе күчтүү президенттин куттуктоосу менен тосолу! Ден-соолукта болуңуз…

Азамат Кыязов, журналист


Кыргызстанда чындыкты чыркыратып коркпой таамай айткан, чыныгы журналисттер арабызда дагы эле бар экенин билген сон "чон семирип" алдым, чын дилден кубанып...

Эгер бийлик башына ушундай эли-жери учун жан куйдургон инсан келгенде, олкобуз эбак эле онолуу, онугуу жолуна тушмок...

Жогорудагы жазылган макаланын мазмунуна жана андагы каалоо-тилектерге толугу менен кошулам, колдоп-кубаттаймын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   bosmos777   05 Январь 2017 - 06:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 17 Июнь 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscow

Колунан келишинче иштеди! Менимче бийликти откозуп берсе болду! Ким келип ? Кыргыздын пешенесин жарытар экен? Кыргыздар ошол нерсени ойлонубуз керек!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   eldar96   05 Январь 2017 - 19:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Эч нерсе кыйраткан жок. Алдыга кетпей эле, артга кеттик.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   bosmos777   05 Январь 2017 - 19:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 17 Июнь 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscow

Козго сайылып турса деле! Жаман кылгысы келгендерге. Жаман боло берет. Макул .Келечекте жакшы адам келсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Jelmoguz.brat   05 Январь 2017 - 21:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 422
  • Катталган: 21 Февраль 15
  • Соңку аракети: 30 Апр 2021 12:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Билип емне кыласын

АША саякаттап журуп эле беш жылын откоруп жиберди кайран гана убакыт.Эл учун иштегендерди коро албай иштен Алып ордуна чонтогуно гана иштегендерди отургузду бийликке Ашаны териштире турган биро келер буйурса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Lion.   07 Январь 2017 - 21:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 785
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 06 Янв 2020 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

АША кытайда эсалып журотко ары жок:97:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 15:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: