Өлкөдөн Орусиянын
аскер базасы
чыгарыларын айткан
Алмазбек Атамбаевге
Орусия жооп кайтарды
Өз аймагынан Орусиянын
аскердик базасын
чыгарса, Кыргыз
Республикасы терроризм
менен жалгыз күрөшүүгө
туура келет. Мындай
пикирди 1-декабрда
Орусиянын Федерация
кеңешинин Эл аралык
иштер боюнча
комитетинин мүчөсү
Владимир Жабаров
билдирди. Орусиялык
ММКлар жазгандай:
"Эгерде Кыргыз
Республикасынын
Президентине
орусиялык базанын
кереги жок болсо, демек,
ал террористтик
коркунучтарга,
жакын
жерде жүрүшкөн
талибдерге каршы
турууга даяр. Ошентсе да
жыйынтык чыгарууга
шашылбайлы,
балким,
жыйынтыгында башка
чечим кабыл алынып
калышы мүмкүн", - дейт
Жабаров.
1-декабрда жыл
жыйынтыктоочу
маалымат жыйынында
президент Алмазбек
Атамбаев Кыргыз
жеринен Орусиянын
аскердик базасы
чыгарыла турганын
айтты. Кыргыз
Республикасы келечекте
өз күчүнө таянышы
керек деген пикирде.
Президент 2014-жылы
өлкө аймагынан АКШнын
аскердик базасынын
чыгарылышы да туура
чечим болгонун
белгиледи.
Баракча 1 - 1
Орусиянын аскер базасын чыгаруу туурабы? Орусиянын аскер базасын чыгаруy тyуpабы?
#3 02 Декабрь 2016 - 12:04
Талибдер Ооганда куч алып жатса.
Игил Сирия Ирактан качып жатса орустарды кетирбей эле турган онго менимче.
Игил Сирия Ирактан качып жатса орустарды кетирбей эле турган онго менимче.
Билдирүүнү түзөткөн: argen.kg4: 02 Декабрь 2016 - 12:07
#4 02 Декабрь 2016 - 12:47
Ммм,
демек орустар минеле кыргыздарга сайыла баштады десе, көрсө гаптин баардыгы быякта турбайбы? Атамбаев базасын чыгарсын, кыргыздарды Россиядан тазалайт да. Уже тазалап баштады!
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#5 02 Декабрь 2016 - 13:06
Туура тазалап баштадыыыы,
жок документтерди ойлоп таап, жок болсо депортация кылып, ..
биз баарыбир эми Россияга коз карандыбыз. . себеби биздин мамлекетте эч нерсе жок, айлык акы аз ал жакта журсон карызга батып кетесин, бирин шапкасын , бирине кийгизип..
биз баарыбир эми Россияга коз карандыбыз. . себеби биздин мамлекетте эч нерсе жок, айлык акы аз ал жакта журсон карызга батып кетесин, бирин шапкасын , бирине кийгизип..
#6 02 Декабрь 2016 - 16:22
Орусиянын базасы чыгып кеткенден коро Атамбаев озу эле чыгып кетсин Кыргызстандан.
Бизге Орусиянын базасы турганы ынгайлуу, оз кучубуз менен коргоно албайбыз, эмнебиз бар коргончудай ??? Чондор кайсыл башы менен ойлонуп жатат мындай ойду! Чек араны эптеп коргоп жабалбагандан кийин...
Жүрөгүмсүң
#7 04 Декабрь 2016 - 02:11
Ээй Алмаз аксакал кой анпе. Элини ойло орусия менен жан багып атабыз эптеп, оз элине жардам бергендин ордуна кайра кыйнашат экенда бул акмактар!
!! Чиновниктерге наалат!!
!
#8 05 Декабрь 2016 - 02:54
Чыгарып салсын. Качанга чейин оруска ишенип жашайбыз? АША айтмакчы озубуз кучтуу армия тузуу керек. Керек болсо ошол Россияны коркута турчуу. Кичинекей Израиль 5млн эли бар. Армиясы дуйнодогу алдынкы 20 топто
#9 05 Декабрь 2016 - 03:01
always-here (05 Декабрь 2016 - 02:54) жазган:
Чыгарып салсын. Качанга чейин оруска ишенип жашайбыз? АША айтмакчы озубуз кучтуу армия тузуу керек. Керек болсо ошол Россияны коркута турчуу. Кичинекей Израиль 5млн эли бар. Армиясы дуйнодогу алдынкы 20 топто
Ииий! Израиль ким биз ким! Кыргызстан чек араны эптеп жабалбагандан кийин кайдагы кучтуу армия? Озу кыл учунда жоголуп кетейин деп аран турса, эптеп колу жеткен мамлекеттин бар байлыгын ары бери тарткылап... Орусия менен жаман жакшы боло турчу болсок жок эле болуп кетебиз, ошончо чон кучтуу Туркияны ары бери ойноткон биз буларга чымынчалык эмесбиз.
Жүрөгүмсүң
#10 07 Декабрь 2016 - 15:09
alibekova94 (05 Декабрь 2016 - 03:01) жазган:
Ииий! Израиль ким биз ким! Кыргызстан чек араны эптеп жабалбагандан кийин кайдагы кучтуу армия? Озу кыл учунда жоголуп кетейин деп аран турса, эптеп колу жеткен мамлекеттин бар байлыгын ары бери тарткылап...
Орусия менен жаман жакшы боло турчу болсок жок эле болуп кетебиз, ошончо чон кучтуу Туркияны ары бери ойноткон биз буларга чымынчалык эмесбиз.
.
Азырынча чымынчалык эмесбиз, келечекте эмне болоорун эч ким билбейт.
#11 08 Декабрь 2016 - 17:54
Ойноп суйлосонда ойлоп суйло урматтуу Атамбаев Орусиянын базазын чыгарып эмне пайда табасын же озундун срогун бутуп жатып бир нерсе баштагын келип жатабы сага го баарибир байлыкты топтоп алгансын эл жер Кыргыз эли керек эмес ушунча чет олкодо жан багып жаткандарды ойлодунбу 1 миллион Кыргыз Орусияда иштеп жатат сенин созунду угушуп Кыргыздарга кысым ото кучоп кетти эмне байлыгындан багасынбы ушунча элди
#12 10 Декабрь 2016 - 03:17
Россияда жүрө бербей башка өлкөлөргө баргыла. Орустар ТСга киргизип алып кыргыздарды сазга кайра батырып жатат. Ал атамбаевдин сөзү үчүн мигранттарга кысым болуп жатканы жок. Андан мурунураак Москва мэри Сергей Собяниндин кыргыздарга карата билдирүүсүнөн улам полиция текшерүүнү күчөткөн. ТСга кирсек жыргайбыз ээн эркин Россияда жүрөбүз дегендер кана эми. Өзбек менен тажиктер эмне ТСсыз эле иштеп жүрүшөт? Алардын бир жери кемип кыргыздар көтөрүлүп кеткен жери жок ошол ошол акыбал. Биз Грузиядай болуп Европаны тандообуз керек. Же араб өлкөлөрү Турциялар менен союздаш болуу керек. Кытай менен да жакшы болуу керек. Орус бизди онуктурмок түгүл өзү жок болот барып барып. Россия үчкө төрткө бөлүнүп кетүүсү мүмкүн. Европа тарабы башка, Сибирь тарабы башка, Уралы башка, Кавказы башка болуп.
#13 11 Декабрь 2016 - 12:32
always-here (10 Декабрь 2016 - 03:17) жазган:

Россия азыр бир эле курал жарак , согуштук ондурушко басым жасап кетти . Билим беруу, илим изилдоо, ички бизнес тышкы бизнеске , курулуш, элди тейлоо тармактарына бюджет ото аз болунот экен да оор согуштук ондурумго бюджет коп болунуп жатыптыр. Орустарда Меценанттар да жок почти. Баарыле футбол клубдарды сатып алган олигарх магнаттар. Азыр Россиянын ишенгени Трамп. Эгер Трамп бут санкцияларды алып салса онолуп кетишет болбосо танкасына жолонуп , катюшасына минип калышат акырында.
Базасыны чыгарса чыгарбаса айырма жок , база турса эле эч ким тийишпей калган жери да жок. Ошо чек ара чыры болуп келе атат боло берет . Узбектин чек арачылары бастырып келип отурушту кийилигишкен жок деле. Ошону сынары россиянын базасы болгону учун жашап атабыз деп озунорду ото эле ишендирип албагыла.
Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
Баракча 1 - 1