В7 приветик!
Мындайда достор, копчулугунордун эле суйгонунор бар болуш керек менимче. Ошол суйгонунорду чын суйосунорбу же обу жоктонуп эле суйом куйом кыйналдым жанчылдым деп журосунорбу?
Азыр коп эле кыздар деле жигиттер деле суйуусун айтып даттанган жерлер, интернеттеби башкадабы коп эле учурайт. Эмне болду андан башкасы жокбу дуйнодо кыздар жигиттер толтураго десен баары эле -мен аны катуу суйом, ал учун баарына даярмын- дешет. Ынтымактуу суйушуп жургондор деле бир бирин берилип суйушкондорбуз бир бирибиз учун жаралганбыз деп журушот. Эгер чындап башына иш тушсо ошол суйгону учун олуп же куйуп кете алабы? Колунан келеби суйгону учун баардык нерсе? Ромое Джулеттадай курмандыка бара алышабы? Силер суйгонунор учун даярсынарбы кандай болбосун нерсеге? Кантип далилдей аласынар чын суйгонунорду?
Мумкун колунардан келбей калаар? Суйгонунор олсо кошо оло аласынарбы?
Менимче жок, эгер жигитин же кызын отуп кетти дейли же куйоон же аялын. Ошого болгон суйуунду омур бою сактабай башкасын табасын туурабы? Анда бул баштагы суйгонуно болгон суйуунду жууп кетип жатбайбы. Анан эмнеге жаныбызды жей беребиз сени гана суйом, туболук суйом, эч кимге алмаштырбайм,
олсон кошо олом жана башка ишенимдуу создор менен?
- (2 )
-
- 1
- 2
Сүйөм-күйөм эле дейсиңер, сүйгөнүңөр үчүн эмнеге даярсыңар? Же обу жоктукпу?
#2 10 December 2016 - 01:02
Сенсиз жашай албайм деп чыккандарычы.
А бирок канча жыл ансыз жашап откондорун оздору да байкабай калат.
#3 10 December 2016 - 01:05
#4 10 December 2016 - 01:11
Мындай темага эркектер аралашканы болбойт уят, кыздар оздору суйлошо берсин))
#5 10 December 2016 - 01:15
Мындай темага эркектер аралашканы болбойт уят, кыздар оздору суйлошо берсин))
Кыздар эмесле эркектер да жогорудагыларды айткан да.
#6 10 December 2016 - 01:21
#7 10 December 2016 - 01:27
Башыма тушо элек. Бирок менимче мен эч нерсеге даяр эмесмин... СУЙУУГО ИШЕНБЕГИЛЕ ЖОК НЕРСЕ жон эле Жакшы коруп каласынар болгону.....Ошо баш оору суйушкондор бири бирине жетип турмуш жолуна тушкондон кийин суйуу озунон озуле жок болуп кетсе керек
ойумча
#8 10 December 2016 - 13:14
Башыма тушо элек. Бирок менимче мен эч нерсеге даяр эмесмин... СУЙУУГО ИШЕНБЕГИЛЕ ЖОК НЕРСЕ жон эле Жакшы коруп каласынар болгону.....Ошо баш оору суйушкондор бири бирине жетип турмуш жолуна тушкондон кийин суйуу озунон озуле жок болуп кетсе керек
ойумча
Сүйүү деген эмне?
Жакшы көрүү деген эмне?
Ким, кармалса кармап, даамы болсо даамын татып көрүшүптүр?
Эмне үчүн сүйүү жок деп жатасың? Ушуларга жооп берчи
#9 10 December 2016 - 13:50

Жон эле Жакшы коросун .. характерини же сулуулугунбу билбейм? Менимче канча бир убакытка.... Кун,ай,жыл откон сон Эстен чыгат. Кээде кандайдыр бир убакыт келгенде жон Гана эстеп жымайып коёсун..
Ошондо же окуносун, же кулосун,же жинди болуп эле жургон экем дейсин.
#10 10 December 2016 - 13:55
Эээ билбейм.. кээде адамдарга тушунбойм. Суйгону учун оз жанын кыйган, уйунон качып чыгып кеткен адамдарга. Не аларга Ата -эне дагы эмес, ар намыс дагы керек эмеспи....
Бир эле суйгону керек..
Ушул Туурабы???
Баары чеги менен болуп Адам озун кармай билиш керекко..

#11 10 December 2016 - 15:08
Сен бул аялдамага жете элек окшойсуң. Сүйүү адамды көр кылат деп койотко, ошого окшоп ойлонбой иш кылып каласың да. Туура ата эне, намыс биринчи орунда турушу керек. Берген акылды туура пайдалана алышпай ар кандай жолдорго барып калышатта. Беш кол тең эмес ар ким ар кандай.
#12 10 December 2016 - 15:36
Сен бул аялдамага жете элек окшойсуң. Сүйүү адамды көр кылат деп койотко, ошого окшоп ойлонбой иш кылып каласың да. Туура ата эне, намыс биринчи орунда турушу керек. Берген акылды туура пайдалана алышпай ар кандай жолдорго барып калышатта. Беш кол тең эмес ар ким ар кандай.
Оа туура айтасын жете элекмин)))
#13 10 December 2016 - 15:39
Башыма тушо элек. Бирок менимче мен эч нерсеге даяр эмесмин... СУЙУУГО ИШЕНБЕГИЛЕ ЖОК НЕРСЕ жон эле Жакшы коруп каласынар болгону.....Ошо баш оору суйушкондор бири бирине жетип турмуш жолуна тушкондон кийин суйуу озунон озуле жок болуп кетсе керек
ойумча
Сүйүү бар го дейм, мейли ал көз ирмемчелик болсо да..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#14 10 December 2016 - 16:05
#15 10 December 2016 - 16:10
ооба суйом суйом суйом. суйгонум учун каршылыкка карабай баш коштук. ансыз жашай албайм дебейм. себеби тааныгычакты ансыз деле жашап жургом. мындан ары бирге эле жашап бирге чын дуйного аттаналы деп тилейм. ансыз кийинки жашоомду элестете алам бирок элестетуудон корком.
#16 10 December 2016 - 16:20
“Сүйүү” дегенди кандай түшүнөсүз?
.
Көпчүлүк адамдар “Сүйүү” дегенди сезим жана секс
деп түшүнүшөт. Чынында эле ошондойбу?
Келиңиздер, анда, бул суроого жооп издеп көрөлү.
.
Деги “Сүйүү” деген эмне? Ооба, сүйүү- бул өтө күчтүү
жакшы көрүү сезими. Бирок бул эле эмес. Орус
тилинде ар кандай жакшы көрүү сезимдерин бир эле “
Любовь” деген сөз менен билдиришет. Адамзаттын
дүйнө-таанымында сүйүүнү 4 түргө бөлүшөт
.
1. “Филео”- бул элине, жерине, досторуна,
теңтуштарына ж.б. болгон сүйүү- жакшы көрүү .
Мында урматтоо сезими артыкчылык кылат.
.
2. “Сторге”- ата-энеге, тууган- уруктарына,
жакындарына болгон сүйүү. Муну кыргызча “мээрим”
дейт.
.
3.“Эрос”(сексуалдык сүйүү)- бул кыз- жигиттин, эркек
менен аялдын ортосундагы сүйүү. Бул- махабат. Бул -
өзүн кимдир бирөөгө арноо, өзүнүн сезимдерин,
эмгегин, акчасын, күч-кубатын, убактысын сүйгөн
адамына сарптоо. Ошондой эле башка адамга кам
көрүү, аны ар кандай жагымсыз нерселерден коргоо,
аны кандай болсо, ошондой кабыл алуу. Мында
негизги ролду жыныстык кумар, бири- бирине
тартылуу, дене кызыкчылыгы ойнойт.
.
4. “Агапе”- грек сөзүнөн алынып,бул чыныгы,
Кудайдан болгон сүйүүнү билдирет. Бул- адамдын
Кудайга жана Кудайдын адамга болгон, Рухтан-рухка
болгон сүйүү. Бул сүйүү эч качан өз пайдасын
көздөбөйт, ал сүйгөн адамынын жыргалчылыгын
ойлойт. Бул эч кандай шарт койбогон, өзүнүн
кызыкчылыгынан кечкен сүйүү. Мындай сүйүү
көбүнчө ата-энелердин балдарына болгон
мамилесинде орун алган.
.
Мындан тышкары адамдарда “ашык болуу” сезими
бар. Бул- адамды эс-мас кылган, акылын тумандатып,
бүткүл жан- дүйнөсүн ээлеп алган өтө күчтүү сезим.
Бирок, тилекке каршы бул чыныгы сүйүү эмес. Муну
“сезимдер дүйнөсүндөгү наркотик” деп койсо болот.
Ошондуктан жаштар ашык болуп калып, тез эле
үйлөнүп алып, бир балалуу болгондо караса, алганы
ал ойлогондон таптакыр башка адам экенин көрөт да,
андан көңүлү калат. Азыр ажырашуулардын көптүгү
да ушундан. Ырчылардын “ сүйдүм- күйдүм, сага
жетпесем өлөм” деген ырларынын көбү- ашык
болуудан келип чыккан. Анткени ашык болуу адамдын
сырткы турпатына негизделип( сулуулугу, күлгөнү,
фигурасы ж.б.), анын жан- дүйнөсү көмүскөдө калат.
Жаштарга жардам болсун үчүн макаланын аягында
чын сүйүү менен ашык болуунун айырмасын
келтиребиз.
.
Анда эмесе чын сүйүү эмнеге негизделиши керек?
.
-дүйнөгө, турмушка, жашоого болгон көз караштардын
окшоштугуна, жамандыкка жана жакшылыкка,
адамдарга, акчага, мамилелерге, бирдей кароого.
Бекеринен В.А. Сухомлинский : “ Сүйүү деген – бул
бири- бирине кароо эмес, бир багытта кароо” дебесе
керек.
.
Сүйүүнүн негизги принциптери- бири-бирин урматтоо,
боорукердик, мээримдүүлүк, тарбиялуулук, сылыктык,
ак ниеттүүлүк, тартиптүүлүк ж.б. жакшы сапаттар.
.
Сүйүүнүн максаттары: турмуш жолун бирге басып
өтүү, балдарды тарбиялоо, бири- бирин бактылуу
кылуу, кыйын учурда бири-бирине жардам берүү,
жашоонун кыйынчылыктарын да, кубанычын да тең
бөлүшүү, улгайганда бири- бирин колдоо.
.
Сүйүүнүн “достору”, б.а. сүйүү өчпөй, узакка жашашы
үчүн жардам бере турган сапаттар: ак көңүлдүк,
токтоолук, кең пейилдүүлүк, сабырдуулук,
чыдамдуулук, кубаныч, тынчтык, бири-бирине ишенүү,
марттык, үмүт, кечиримдүүлүк.
.
Сүйүүнүн негизги душмандары: ачуулануу, жек көрүү,
заар тил, оройлук, уруш- жаңжал,чыр- чатак,
аракечтик, наркомания, тамеки тартуу, ойноштук,
жокчулук, кечирбестик, айыптоо, кыжырдануу, калп
айтуу, көктүк, таарыныч, адепсиздик, чыдамсыздык,
текебердик, ичи тардык, наадандык, көңүл калуу,
кайгы-капа, өзүмчүлдүк, каардануу, адилетсиздик,
кызганчаактык.
.
Сүйүүнүн тилин билесизби, б.а. сүйгөн адамдар
кантип бири-бирин тушүнөт жана баарлашат?
.
• Шыктандыруучу, мактаган сөздөр, сүйө турганын
айтуу, анын сулуулугун, талант- ж.б. сапаттарын
баалоо.
• Аны м-н бирге убакыт өткөрүү: сейилдөө,
ресторанга, театрга баруу, саякатка чыгуу.
• Белектерди берүү. Бул сиздин сүйгөн адамыңызга
көңүл бөлгөнүңуздү билдирет.
• Жардам берүү: үй-тиричилигинде, базарга баруу,
ремонт жасоо ж.б.
• Сезимдерин денелик жакындык аркылуу билдирүү:
кучактоо, кол кармашуу, өбүү, интим, ж.б.
Cүйүүнүн мүнөздөмөлөрү:
• Cүйүү өзүмчүл эмес. Ал ордуна эч нерсени
күтпөстөн бергенди каалайт.
• Cүйүү өзү сүйгөн адамдын жашоосун жакшыртуунун
жолдорун издейт.
• Cүйүү башка адамдардын алсыздыгын көтөрө алат
жана алардын көйгөйлөрүнө боору ооруйт.
• Cүйүү-аялуу сезим. Ал башкаларды шыктандырат
жана аларды эркин болушун каалайт. Cүйүү
кечиримдүү.
• Cүйүү ачууланбайт жана оңойлук менен таарынбайт.
• Cүйүү аны менен макул болбогон адамдарды да
кабыл алат жана алардын идеялары менен пикирлери
жакпаса да ал адамдарды жээрибейт.
• Cүйүү ар дайым өсүүгө умтулат жана өз күнөсүн
моюнга алат. Cүйүүдө өзгөрүүгө болгон жөндөм бар
жана ал өзгөрүүлөрдү кабыл ала алат.
Cүйүүнү чоң суулар да,суу каптоолор да чөктүрө
албайт.Эгер бирөө бардык болгон нерсесин сүйүүгө
алмашууну сунуш кылса, сүйүүгө эгедер болгон адам
бул сунушту эч качан кабыл алмак эмес.
.
.
Сүйүү менен ашык болуунун айырмалоочу белгилери
Ашык болуунун белгилери :
.
• Көбүнчө баскан- турганы же сулуулугу, күлгөнү ж.б.
сырткы көрүнүшү жагып калат да күчтүү тартылууну
пайда кылат.
• Денелик сезимдерге негизделип, толкундоону,
жүрөгү тез-тез согуп, кучактап, өбүүнү, сүйлөшүүнү
каалайт.
• Адамдын эркин бийлеп, турмуш чындыктарын
унуткартат, көбүнчө сезимге алданып, ойлонбой иш
кылганга түртөт.
• Жыныстык мамилелер болбосо тез эле унутулат,
бирок ал да узакка созулбайт.
• Ашык болгон адамынын кемчиликтери байкалбайт,
ал идеалдуу болуп көрүнөт.
• Демейде достору жана үй- бүлө мүчөлөрү анын
тандаган адамын жактырышпайт.
• Аз убакытка көрүшпөй калганда эле эстен чыгат
жана жүрөк оорутпай унутулат
• Чыр-чатак, талаш- тартыш менен коштолуп, көп
учурда ажырашууга алып келет.
• Өз кызыкчылыгын гана көздөйт. Өзүмчүлдүк менен
өз каалоосун аткарат.
• Өтө кызганчаак болот, анткени өнөгүнө өзүнүн жеке
менчиги катары карайт.
• Демейде өзүнө туура келбеген адамга көңүлү түшөт
жана акылын жоготуп берилет
• Өзүнө ишенбегендик, көңүл калуу, шектенүү,
күнөөлүү сезим көп жолугат.
• Көбүнчө жаштарда кездешет.
Алар учун секс биринчи орунда турат. Төшөктө
жыныстык мамилеси болбосо кызыкпайт.
• Көңүл ачууга башка адамдарды катыштырышат жана
аларсыз зеригишет.
• Алардын сезимдери жана мамилелери терең боло
албайт жана көпкө созулбайт.
• Ашык болуу сезими тез эле өчөт же унутулат, кээде
өкүнтөт.
• Ал партнерун өз кызыкчылыгына пайдаланат
Бул сезимдерге негизделип курулган мамиле тез эле
бузулат.
.
.
Махабат- сүйүүнүн белгилери :
.
• Мүнөзү, жашоодогу баалуулуктары жана жалпы
кызыкчылыктары туура келер- келбесин жакшылап
текшерет.
• Денелик тартылуу, кызыгуу сезимдерден тышкары
да көп жактарына көңүл бурат.
• Бардык жакшы жактарын жарыкка чыгарат,
инсандын өсүшүнө, максаттарга жетишине жана
урматтоого жардам берет.
• Махабат өнүгүп- жетилүүсү үчүн да жана ал өчүп –
өлүшү үчүн да убакыт керек.
• Сүйгөн адамынын жакшы жактарын эле эмес, анын
кемчиликтерин да көрө алат.
• Жакын адамдары алардын бири-бирине жакшы
таасирин көрүп, жактырышат.
• Алыста жүрүшсө да бири-бирин унутпайт жана
сезими узакка өчпөй сакталат.
• Проблема болсо уруш- жаңжалсыз, бири-бирин
урматтоо, түшүнүү менен чечилет.
• Көбүнчө өнөгүнүн кызыкчылыгы м-н эсептешет,
макулдашып чечим чыгарышат.
• Бири-бирине бекем ишенет жана өнөгүнүн
эркиндигин чектебейт же контролдобойт.
• Чыныгы сүйүү эреже катары өзүнүн көз карашына
туура келген адамды тандайт.
• Айланадагыларга жана өзүнө ишенет, айрыкча
сүйгөн адамынан шектенбейт.
• Убакыт өткөн сайын сезим жана психологиялык
жактан жетилүү келет.
• Бири-бирине болгон кызыгуусу азайбайт жана
кубанычтары узакка созулат.
• Ар дайым бирге болуп, чогуу иш жасагандан,
баарлашуудан рахат алышат.
• Убакыт өткөн сайын алардын жалпы кызыкчылыгы
жана ынактыгы өнүгөт.
• Чыныгы сүйүү узакка жашайт, онойлук менен
унутулбайт, көпкө чыдайт.
• Сүйгөн адамы үчүн кам көрөт, аны коргойт.
Чыныгы сүйүүнүн негизинде бактылуу үй- бүлөнүн
фундаментин курууга болот.
.
Ар бир жаш адам ашык болгондо акылын
жоготпостон, өз сезимин анализдеп көрүп, туура
чечим кабыл алуусу абзел. Болбосо өмүр бою
өкүнүчтө калышы мүмкүн. Бир китептен окудум эле:
“”Влюбленность похожа на весенние цветы: они так
же украшают жизнь человека, но так же быстро
вянут”- дегенди. Ошондуктан шашпай, өмүрлүк жарды
туура тандоо керек. Кээ бир “ маменькин сынок”
болуп чоңойгон жигиттердин энелери балдарын идол
кылып алышат да, уулун келинчегине ыраа корбой,
келини менен баласын кошкусу келбей кызганат.
Мындай үй-бүлөлөр тез эле ажырашып кетишет. Бул
сүйүү эмес, -кызганчаактык, өзүмчүлдүк. Анын аягы -
жаштардын трагедиялуу тагдыры менен бүтөт.

#19 11 December 2016 - 11:20
Сүйүүнүн "с" на ишенбей калгам. Азыр акыл менен эле сүйүп жүрөм. Характерлерине карап дегендей...
#20 12 December 2016 - 01:11
Эч нерсеге даяр эмесмин, не зарил кеппи ал үчүн өлүп же майып болуп
.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео