Айылдык кыз эже жаткан жериниз жаннаттан болсун! Эх .... ажал ....... ((((((( ыйлагым келди сизди корбосомда ата-эненизге боорум ооруду ....сабыр тилейм
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#16263 13 December 2016 - 18:09
Ден соолук адамдын жүзү деген чын туура
Оорусаңда жүрөт экенсиң жылмайа
Шириндерим үчүн жүрөмго бул дүйнөдө
Коор болбосун деп өзгөгө
Оорусаңда жүрөт экенсиң жылмайа
Шириндерим үчүн жүрөмго бул дүйнөдө
Коор болбосун деп өзгөгө
#16264 13 December 2016 - 18:14
Ишенгим келбеди...жан дуйносу аруу таза, жардам колун созуп башкаларга кубаныч тартуулагысы келген эженин...кантип эле...жаткан жери жайлуу болсун. Оору менен тен тайлаша алышкан кундорундо монолог менен сырдашканын окуп, аяп кетээр элем.
#16265 13 December 2016 - 18:28
Жакшы адамдар бул жалган жашоого аз гана убакытка келээри ачуу чындык тура... ишенгим келбейтат дале
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#16267 13 December 2016 - 18:51
Кудай аааайй((
Ишенгим келбей турат.Кантип? Кантип эле?
Жараткан бейишинен насип кылган болсун ылайым!
Кайдан кире калдым монологго?! Шок болуп олтурам
Ишенгим келбей турат.Кантип? Кантип эле?
Жараткан бейишинен насип кылган болсун ылайым!
Кайдан кире калдым монологго?! Шок болуп олтурам
#16268 13 December 2016 - 19:11
Ишене албай турам, ишене албааай (((. Ойгонсом, түш болуп калсачы ээ (. Эх, бирок андай эмес, бул Алланын өкүмү. Баш ийүүдөн башка айлабыз жок. Жүрөк титиреткен сенин кабарыңды угуп, өзүмө келалбай жатам. Көзүмдүн жашын токтото албай шайым кетти. Ыйдан эмне пайда, дуа кыл деген алтын эжемдин сөзү бир аз алаксыткансыды.
Кечээ гана сени эстеп, сага эмне белек алууну ойлонуп аттым эле. Көрсө, мен ойлонуп аткан учурда, сен бул дүйнө мн кош айтышып үлгүрүпсүң эле ((. Сага деп пландаган белегимди алууга үлгүрбөстөн туруп, сага атап Куран окуп, дуа кылып калаарымды ойлогон эмесмин ((. Сен менин форумдан тапкан эң жакын, сырга бекем, аманатка кыянат кылбаган, эң бир сонун курбум элең. Канчалаган сырларымды бир гана сага айтчумун. Сен гана сырга бекем асыл адам элең. Кээде наалып калсам, ансыз да жашоо кыска, кичине күлүп жашасаң деп поззитивке үндөчүсүң. Семирүү тууралуу сөз козголсо, экөөбүз күйөөгө тийгенде семиребиз, акыркы үмүтүм ошол деп маанайды көтөрөт элең. Эх, бирок ошол акыркы үмүтүңө жете албастан кете бердиң Алланын алдына ((. "Силер мн барып албасам быйыл да калып кетем", деп күнүмдүк жашоону унутта калтырып, чогуу Көлгө барганыңа кубанам. Сени мн эң сонун күндөрүм өткөн. Ооруп, кыйналып турсаң да эч качан наалып, нараазы болчу эмессиң. Жакынкы күндөрдө сага жолугуп, дагы бир сырдашкым келип, кечирим суроону пландаган болчум ((. Менде ушул убакка чейин эч качан мындай өкүнүч болбогон (. Билем, сен бизге таарынып калдың эле. Так себебин билбейм, бирок таарынганың анык болчу. Мен сенден кечирим сурап үлгүрө албай калдым. Кечирип кой, оа уже баары кеч ((. Эми сага бир гана дуа кылуудан башка айлам жок. Бир күн келип баарыбыз кетебиз бул жалган дүйнөдөн, бирөө эрте, бирөө кеч ((. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот дейт. Оа, сен жакшы адам элең. Кудай сүйгөн пендесине сыноо берет дейт. Көпкө оорудуң, оору мн көпкө алыштың. Сени Алланын сүйгөн пендеси деп билем. Шартылдап турчу аяш энемдин жашка толгон жүзүн көз алдыма элестетип кеттим ((. Жаткан жериң жайлуу болсун досум менин. Аллахым сурагыңды жеңил кылсын. Жаратканым бейишинен жай берген болсун.
Мен да ишене албай турам... Акыркы жолу Оштон жолукканда, "сени коноктой албай калдым, таарынба" деп, сиңдисин турмушка узатууга камданып, сүйүнүп жүргөн эле. Сабырдуу, акылдуу болчу(( Жашоосун маңызга толтургусу келчү. Колубуздан куран окуудан бөлөк эч нерсе келбейт. Ооруп жатканын да көп айтып же көрсөтө берчү эмес, баарына камкор болуп, жардам бергиси келчү, ичибиз ачышып гана кала бердик...
#16269 13 December 2016 - 19:18
Жаткан жери жайлуу болсун.Аллах сурагын женил кылсын...
Инна лиллаахи ва инна илайхи рожиуун.
Инна лиллаахи ва инна илайхи рожиуун.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#16270 13 December 2016 - 19:52
Allahka cheksız shugurlor jana maktoolor bolsun!
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#16271 13 December 2016 - 20:01
Жакындарына сабыр тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун! Бул дуйнодо билип билбей кылган куноолору кечирилсин!
#16276 13 December 2016 - 21:15
Жараткан жаткан жеринди жайлуу, топурагынды торко кылсын. Адамзат ушул экенбиз да, бугун бар эртен жок.
Жакындарына сабыр тилеймин.
Жакындарына сабыр тилеймин.
#16277 13 December 2016 - 21:30
Сиздей Жан дуйносу таза, боорукер адамдар бар экенине кубандым.Ыраазычылык сизге!
#16278 13 December 2016 - 22:03
Кечиргиле!
!! Жалган жашоодо вирт дуйносундо бири-бирибиздин конулубузду оорутпайлычы?
!. Мунозум оор тарс-турсмун бирок шайырмын, ошентсе да каттуу айтып конулунорду оорутсам кечиргиле!
!!
#16279 13 December 2016 - 23:10
Форум аркылуу сырттан таанычуум.Жаткан жери жайлуу болсун!Аябай капа болуп жатам окуп алып.
#16280 14 December 2016 - 00:03
Эхх.. Бул дүйнөдө түбөлүк эч нерсе жок турбайбы..
Бүгүнкү окуя мени тарс эткизе башыма уруп эсиме келтиргендей болду..
Эже менен вотс апптагы бир группада чогу болуп калып кичине болсо да жылуу маанайда пикир алыштык эле..
Аттиң дүйнө..
Жакындарына Кудай күч кубат берсин.. Жаткан жери жайлуу болсун.. Топурагы торко болсун..
Форумда мен үчүн орду чоң бир адамдын оору менен курошуп жургону бүгүн мени өзгөчө ойго салды.. Жоок- жоооок жаман ойлогум келбейт.. Бирок..
Мен сиздин көңүлүңүздү көп ооруттум, бугун ушунчалык сизден кечирим сурагым келди, бирок даап сүйлөй албай буйдалып жүргөнүм-жүргөн. . Колуман иш түшүп, жазган билдирүүмдү бир эмес эки үч ирээт аягына чыкпай өчүрдүм.. Мен сизден кечирим сурайм көңүлүңүздү оорутуп каттуу сүйлөгөнүм үчүн..(( Окуп калсаңыз ичиңизден кечирдим деп койоорсуз.. Билбейм башка жол таба албадым..
Ойлорум чар-жайт, жазгандарым да чар-жайт болуп калды окшойт..
Бүгүнкү окуя мени тарс эткизе башыма уруп эсиме келтиргендей болду..
Эже менен вотс апптагы бир группада чогу болуп калып кичине болсо да жылуу маанайда пикир алыштык эле..
Аттиң дүйнө..
Жакындарына Кудай күч кубат берсин.. Жаткан жери жайлуу болсун.. Топурагы торко болсун..
Форумда мен үчүн орду чоң бир адамдын оору менен курошуп жургону бүгүн мени өзгөчө ойго салды.. Жоок- жоооок жаман ойлогум келбейт.. Бирок..
Мен сиздин көңүлүңүздү көп ооруттум, бугун ушунчалык сизден кечирим сурагым келди, бирок даап сүйлөй албай буйдалып жүргөнүм-жүргөн. . Колуман иш түшүп, жазган билдирүүмдү бир эмес эки үч ирээт аягына чыкпай өчүрдүм.. Мен сизден кечирим сурайм көңүлүңүздү оорутуп каттуу сүйлөгөнүм үчүн..(( Окуп калсаңыз ичиңизден кечирдим деп койоорсуз.. Билбейм башка жол таба албадым..
Ойлорум чар-жайт, жазгандарым да чар-жайт болуп калды окшойт..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















