"Спортивный"
ырлардан бөлүшкүлөчү,
көнүгүүлөрдү шаңдуу жасаганга.1-
класста кечке жазгандан кийин "колдорубуз шак-шак,буттарыбыз так-так" деген сыяктуулардан)))
колдун манжаларын кыймылдатып :" баш бармак бадал тырмак, ортон оймок оюу чөймөк, кичине бөбөк.Баш бармак башта, сөөмөй көрсөт, ортон - мерген, аты жок - чечен, чыпалак - бөбөк. Баш бармак сен малга бар, бадал тырмак сен отун ал,ортон оймок казан ас, кичине бөбөк сен же" деген оюнду ойнотушкан. Бала чүчкүргөндө " ак чүч,айран ич, кырга чык, кымыз ич" дешкен. Анан " арпа куур, буудай куур" деген оюн бар. Баланын колун жазып, алаканын сөөмөй мн тегеретип: " буудай куур, арпа куур, таза эле, талканы элге." деп андан кийин баланын ийнине чейин ар кайсы жерин басып " мында чычкан, мында мышык. Арпаны чычканга уурдатпа" деп кытыгылар ойноткон.

Супер-Инфо
super.kg
видео











