Досум 3-4 жыл бою бир кыз менен суйлошуп журду. Бирин Бири суйуп, коп деген жакшы кундорду откозуп эки куда тарап дагы тааныш болуп калышкан. Кыз дагы жакшы жердин кызы, досум дагы билимдуу абдан тарбиясы жакшы бала. Азыркы учурда чет мамлекетте иштейбиз.
3 ай мурун баардык тууган уругу чакырылып, баарына тойдун болоор убакты сааты белгиленип чакыруу баракчасы таралып кеткен. Ресторанга акчалары толонуп, ар кандай шоу программаларга дагы толонуп калган. Ошол менен досум Кыргызстанга учуп кетти.
Тууган уругу жакындары атайын Италиядан, Казакстан, Россиядан бери келишет тойго кубоо болуу учун. Баары эртен жакшылыкта баштарын бириктирип, жаны келиндуу болуп, энелер баталарын берип, эки жашка бакыт тилешейин деп турганда тойдун болбой калганын угушат.
Себеби досум Дубайда жашайт, бул жактын закону боюнча алган жубайын озунун туруктуу визасына (Husband Visa) каттатуу учун бир айдай убакыт кетет анан жубайы артынан келет. Ушунун баарын ал жакшылап тушундурот башында суйгон кызы макул болот. Экообуз уйлонгондон кийин эн коп дегенде эки айдан кийин артыман келесин деп. Кыз макулдугун берип калат. Ошол анан той болооруна эки кун калганда кыз айнып досумдун айкандарына конбой, уйлонгондон кийин сени менен чогуу кетем болбосо турмушка чыкпайм деп болбой койот. Досум байкуш жалбарып сурансада кыз конбой баары талкаланат.
Азыркы учурда досумдун абалы абдан журок оорутарлык, корсом боорум ооруйт.
Эмнеге кыз ошону башында эле айтпады экен, мен жалгыз бир кунда сенсиз кала албайм деп. Азыркы учурда уйлонгон тугойлор чет мамлекеттерде бирин бири корбой 1-2 жылдап журбойбу тушунушуп колдошуп. Ошол эки ай учун ушундай болуп кетти.
Анан досум бул жакка келгенден кийин ал кызы чалып, жазып баштайт. Эмне кылышы керек?
Билдирүүнү түзөткөн: aibars: 15 Декабрь 2016 - 02:42