!
- (2 )
-
- 1
- 2
Падышахан Султаналиева Эженин башынан өткөргөн күлкүлүү, кайгылуу окуялары
#22 11 February 2016 - 15:25
Тушунбодум?
??? Жогорудагы суроттогу ким? Падышахан бул болгон окуябы же чыгармабы?
Чыгармабы же болгон окуябы кыскасы сонун жазылган бирок бирок кээ бир жерлери баш айланма жазылган,96 жж соз кылып атып эле,кайра башты айлантып 90 жж соз кылвп кетет,бир жерде таанышканда 70 бир нерсе жылкымын дейт ал эми анын студенттик доору союз кулаган убакты чагылдырылат

Ушул эле болумдогу "Арзып тапкан махабат" чыгармасын окусаныз баары тушунуктуу болот
#23 15 February 2016 - 00:25
Атасы өлүп атса ичимдик ичкени жакпады.
Внешность - это козырь , но не туз…
#24 25 November 2016 - 01:37
Муну да жылдырып коёюнчу.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#25 04 December 2016 - 01:22
Балалыктан бир элес, бир каткырып алгыла, жашасын айылдык чындыктар.
7 - класста окучу элем, окуучулардын арасында физиология жактан эң өнүкпөгөн кичинекей, психология жактан кемпирлердей өнүккөн мен элем. Айылда кызык деле жок эле, бирөө бир ушак айтам десе уккуча кулактар делдейип спутниковый антенага айланып кетчи. Бир шайтан досум кечинде кел үйгө, бир гана сага ишенем сынактан өткөнсүң сыр сактоо жагынан десе болобу. Ой кокуй айта көр кечке чейин чыдабай мозг от алып кетиши мүмкүн десем досум ичин тырмап каткырды. Жок эч ким жокто айтам каты секрет деп. Ошентип кечинде Чынардыкына жатып келейин десем апам да атам да, бир туугандар да каршы чыгышты. Ой өлүп баратам бир жаңылык айтат десем, апам өл кулагың кычышып делдейип деди. Мммм шашпагыла бир айласын табам деп кечкери ойлондум. Орустар айтмакчы кто владеет информацией, тот владеет миром деп шашылып уккуча

#26 04 December 2016 - 01:30
Уландысы
Жок дегенде 2 же 3 саатка жоголуп угуп келишим керек эле досумун секретин. Кеч кирип койлор эчкилер талаадан келди, бир бооз туа турган эчкибиз бар эле, секин кармап уй канага киргизип бекитип байлап койдум. Бир маалда апам келди түгөлбү баары жандыктар деп, мен кайдан билдим келгенин камап койдум кой канага, барып караңчы уйларды саап баарын жайладым деп тымырайып койдум. Ииий бооз эчки жок чурка кырга бир жерге тууп койсо карышкыр жеп кетет, тез тез деп мени шаштырат ансыз да Чынарга шашып турсам. Жөн кетпей 2, 3 саатта таап кайтсам Чынардыкына жатып келгени жөнөтөсүзбү деп соодалаштым, кет жогол тез таап кайт жөнөтөм дейт. Оногу Сталинденда уруксат алып кой дедим атам да өтө катаал киши эле. Ошентип апам үйгө кирип кетти эле чызып тамандан чаң сапырылып Чынардын үйүнө чуркадым самолеттой учуп, ракетадай атырылып. Чынар күтүп отурган экен айииий укмуш жаңылык экен, эки классташыбыз сүйүшүптүр бири бирин бир жыл өтүп кетиптир мен делдең кулакка эми жеткизишиптир. Эркек кыял болгондуктан байкабапмын партада жакын отуруп. Өзүм жөнүндө да ушак уктум менин үстүмөн классташтарым күлөт экен баарыбыздын көкүрөктөрүбүз чыкты Пашайымдыкы жок эркектердей секирип чоймо атып, шише атып, кырк эшек ойноп жүрө берет дешиптир. Жетилбеген гибрид байкушка айтпай эле койгула дешет экен , мүмкүн балдар менен сүйүшүп жүргөнүбүздү укса жүрөк ооруу болбосун эми бир аз кемда деп боорлору ооруйт экен кээде. Анан кайттым башым шылкыйып спутниковый антеналар тартпай шалбырап жерге сүйрөлүп. Эх шордуу мен качан жетилет экем кыздарга окшоп деп ой басты. Эми түшүндүм эмнеге туулган күндөргө барганда эч ким вальска тартпайт десем, балдар кызыгаарлык балекет да жок турбайбы . Шашпагыла акыры чоңойгондо көрсөтөм ким сонун экен деп өллө кейидим кемпирлердей. Келип уй канага кирсем бооз эчки тууп баштаптыр улактын башы чыгып, ойбоой кое тур желмогуз, сенда жетилип тууп өлүп баратасыңбы шашылып, классташтардан беш бетер деп, жетилген көкүрөктүүлөрдү көрө албай өзүмчө эле, кой канага араң эчкини сүйрөп киргизип жатсам атам келип калды, ооо азамат таап кайттыңбы деп. Уккан сөздөрүмө жиним кайнап чынын айттым. Алдап койдум жоголбогон эчкини бекитип Чынарга жаңылык укканы баргым келип ажжап болот мага десем, ииий жакпадыбы жаңылык мага айтчы деди атам. Төкпөй чачпай айтсам каткырып охууу кызым сенин классташтарың карыганда, сен эми чоңойгон болосуң сонун эмеспи кеч жетилген, мен кичинекеймин мени тарткансың деп бир кучактап жакшы көрдү өпкүлөп, эх жаным менин эң сулуу кызым деп. Апаңы тартсаң сөлдөйгөн узуун болмоксуң анча мынча сөз жетпей деп бир каткырат атам байкуш жаткан жери жайлуу болсун сонун ачык сарказмды катырган киши эле. Апаң укпасын деп көзүн кысып койчу.

#27 14 December 2016 - 12:19
Бул эженин китебин окуп озумдун кээ бир кыял жоругумдан уяла туштум. Мен да болушунча жонокой болгонго аракеттенуудомун.
#28 14 December 2016 - 13:06
Тамашаны куюлуштуруп укмуш жазат, каткырып эле күлүп жатып калам окуган сайын.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#29 14 December 2016 - 21:58
Мен ушул эженин окуяларын окуп баштагандан бери менде уйку жок. Кызыгып окуп олтуруп саат 02:00 болгонун байкабай калыпмын, жумушка да кечигип калдым:-)
#31 14 December 2016 - 23:03
Мынча таасирдуу.Аябай кыйын,энергичная,
позитивная эже экен. Суктандым.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#33 14 May 2017 - 13:39
Теманы ачкан кыздын илхамы кеткенби же зээриктиби.
Андан бери Падышахан эже дагы бир топ кызыктуу нерселерди жазды го. Бул жакка жазбай калыптыр теманы ачкан автор. Падыша эже учурда Кыргызстанда болсо керек.
#34 26 August 2017 - 16:44
Жазгылачы эженин жазгандарын.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео