Кандайсыңар мен чынын айтайын уялыштын кажети деле жок. Мен баспай калганымды сыр тутуп келдим, себеби мени адамдар тоготпой коюшабы сүйлөшпөй деп. 2007 жылдан бери ушул. Менде бир ой жаралат да коляскада жүрсөм элдин баары мени карап калышат, кыздар балдар ошондо мен өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем, эмне үчүн мени карап калышты мен деле адаммын да ооруганым эле болбосо баары жайында го депчи. ошо себептен көчөгө көп чыкпайм. кээ бири не деп ойлоп калышат деп кызыгып калдым, силерде да болобу мындай учур алдыңдан инвалид чыгып калды, ошол убакта оюңарга эмне келет ? аны жеңсе болобу уялбаш үчүн ошол тууралуу ой бөлүшүп кетсеңер.
- (2 )
-
- 1
- 2
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге элдин көз карашы Элдин көз карашы.
#2 16 December 2016 - 02:59
Ошол нерсени коп ойлогонго сени карагандай сезиле берет самовнушение деп коет го. Уялба озуно ишен. Жашоо бир келет эл мындай ойлойт андай ойлойт деп эч кыжалаат болбо. Бир жолу эле жашайбыз баарыбыздын бара турган жерибиз бир.
#3 16 December 2016 - 09:35
Менин коз карашымда жолуман коляскачан же басалбай таяк менен жургондорду корсом ичимен аяп кетем,тикийип карабашка аркет кылам.Бирок озумчо копко ойлоном.Айрыкча жаштарды корсом.Ушул бала аракет кылып,озунун талантын таап алса,убактысы коп,коп окуп чыгарма жаратса же сурот тартып,атактуу суротчу болсо деп ойлоном.Кобунчо биздин улут индивалит балдарга анча конул бурбай,келечегин ойлошпойт.Ошол баланын деле кандайдыр бир Алахым берген жондому болот.Со балага караганда индивалит балдарга шарт тузуп окутуп,билим алдырса.Ойноо балдарга караганда отуруп калган балдардын убактысы коп болуп,зерикенинен конулу чогуп кыйалы озгоро баштайт.Ошон учун китептер дуйносуно синириш керек...
Биздин дулой жээнибиз бар.Эки жашынан билдик ошол жылы жездебиз кайтыш болуп кеткен эле.Эжемди кайненем раматылык жетим балага эч ким кызын бербегенинде, оз кызын эки ата откон инисине берген экен.Энемин бир тууганынын кызы дулой эле ал эже чон эле аял эле.Ошол эженин кор болгонун коруп мен 2,5 жарым жашар баланы Ошко алып келдим,дулойлор садигине бердим корсо баланын кыйалы бузула баштаган экен.Писихологдор жана сурдопедогогдор менен баланы кайра тарбиялашты. Бала туубаса талант суротчу болот дешти.Ленинградка 7 жашка жеткенде жонотобуз деп таярланып атканда союз тарап кетти...
Бирок билим алды 5- класка чейин кийин эжем окутпай койду. Ошоло учурда озум да катуу ооруп,балага конул боло албай калдым.Бирок тарбиянын башатына сугарып калган экен азыр окатына тын,оз укугун коргой алат.Китепти коп окуйт жана да машина айдап такси кылып уй - булоосун багат.
Айтылат го талант бир процент,99 % тин изденуу менен ийгилике жетет деп.
Ошон учун балам индивалит айып эмес,эгер оз турмушундун фундаментин кура албай калсан ошол айып.

#4 16 December 2016 - 09:44
Чынында карабаганга аракет кылам.Алдымдан чыгып калса ээх тагдыр экенда деп коём.Анчалык озунлу ынгайсыз сезишьин кереги жок,элдердин андай адамдарга мыскылдоо же башка максатта караганын же ойлогонун угупда,корода элекмин.Баары эле аяп,боору ооруп,тообо кылып карашса керек...
Сен бар учун...
#5 16 December 2016 - 11:34
Кандайсыңар мен чынын айтайын уялыштын кажети деле жок. Мен баспай калганымды сыр тутуп келдим, себеби мени адамдар тоготпой коюшабы сүйлөшпөй деп. 2007 жылдан бери ушул. Менде бир ой жаралат да коляскада жүрсөм элдин баары мени карап калышат, кыздар балдар ошондо мен өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем, эмне үчүн мени карап калышты мен деле адаммын да ооруганым эле болбосо баары жайында го депчи. ошо себептен көчөгө көп чыкпайм. кээ бири не деп ойлоп калышат деп кызыгып калдым, силерде да болобу мындай учур алдыңдан инвалид чыгып калды, ошол убакта оюңарга эмне келет ? аны жеңсе болобу уялбаш үчүн ошол тууралуу ой бөлүшүп кетсеңер.
Адамды адам карайт экен. Мен деле кочодо кетип жатсам адамдар карай беришет. Жакшылеминби деп озумо озум бир коз жугуртуп алам. Кишилер караса уялам ачуум келет неге карашат деп? Аялдар болсо бутунан башына сынаап карашат.
Адамдар баарын эле карашат. Карабаганы козго корунбогондор эле.
#6 16 December 2016 - 11:53
Адам болгондон кийин карайт экенсинда. Менин оюма Кудай тушот биринчи. Ичимен шугурчулук кылып коем. Негедир ойлор берем бул дуйноодо майыптарга оор сыноо бериптир, башкалардан мумкунчулугун азыраак кылыптыр, аркы дуйнодон корсун бул жашоодо корбогон жыргалды деп ойлонуп коёмун.
#7 16 December 2016 - 12:00
Сизге мындай кеңеш берет элем, эч кимдин көз карашына көңүл бурбаңыз. Ар кимде ар кандай ой болот, ошон үчүн ал эл, ошон үчүн коом делет. Мен бардык адамдарга түз караганды жактырам, адамдын алты санына эле эмес, кебетесине карап мамиле кылгандар да бар, ага караганда бул көтөрүмдүү эмеспи. Тескерисинче,
буттууларды уялтып өзү сүйгөн жумуш менен алектенип, алдыга умтулуу керек.
Мен сыйлаган бир жигит бар, кырсыктан баса албай калды, ошол адамдын басып кетүүсүн тилейм дайым. Ал дагы ушинтип кысылганын байкап калам, жадакалса "кыздар баары бир ушуга карайт экен" деп кейип калганын да уктум, мисалга алып айтам, "мен ден соолугуна карап сендей эркектен баш тартмак эмесмин" деп...

#8 16 December 2016 - 12:39
Кандайсыңар мен чынын айтайын уялыштын кажети деле жок. Мен баспай калганымды сыр тутуп келдим, себеби мени адамдар тоготпой коюшабы сүйлөшпөй деп. 2007 жылдан бери ушул. Менде бир ой жаралат да коляскада жүрсөм элдин баары мени карап калышат, кыздар балдар ошондо мен өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем, эмне үчүн мени карап калышты мен деле адаммын да ооруганым эле болбосо баары жайында го депчи. ошо себептен көчөгө көп чыкпайм. кээ бири не деп ойлоп калышат деп кызыгып калдым, силерде да болобу мындай учур алдыңдан инвалид чыгып калды, ошол убакта оюңарга эмне келет ? аны жеңсе болобу уялбаш үчүн ошол тууралуу ой бөлүшүп кетсеңер.
Тушуном мен дагы андай суроо жаралат кееде. Басканымды коруп кызыктай коз караш менен карашат бирок мен конул деле болбойм ага конуп калгам уже.Бизге мындай сыноону берсе демек биздин кучубуз жетет
#9 16 December 2016 - 13:00
Кандайсыңар мен чынын айтайын уялыштын кажети деле жок. Мен баспай калганымды сыр тутуп келдим, себеби мени адамдар тоготпой коюшабы сүйлөшпөй деп. 2007 жылдан бери ушул. Менде бир ой жаралат да коляскада жүрсөм элдин баары мени карап калышат, кыздар балдар ошондо мен өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем, эмне үчүн мени карап калышты мен деле адаммын да ооруганым эле болбосо баары жайында го депчи. ошо себептен көчөгө көп чыкпайм. кээ бири не деп ойлоп калышат деп кызыгып калдым, силерде да болобу мындай учур алдыңдан инвалид чыгып калды, ошол убакта оюңарга эмне келет ? аны жеңсе болобу уялбаш үчүн ошол тууралуу ой бөлүшүп кетсеңер.
Салам, сен туура эмес ойлойт экенсин эмнеге жаман коруп суйлошпойкойсун, менин алдыман инвалид чыкса ага боорум оруйт жана кудайга шугур кылам мени ушундай дени соо кылып жаратканына.
P.S Мени озундун досун деп эсептесен болот
#10 16 December 2016 - 13:28
Капа болбо укам, сени мен билчуумун мурда эле ушуга окшош тема ачкансын. Жараткандын сыноосунан эч кайда кача албайт экенбиз. Сен озунду бактылуу сезишин керек. Ошол оору себепчи болуп сен кундо Кудайды эстейсин. Эгер ден соолугун соо адам болуп ар кандай шапар тээп жургон, Кудайды эсине албаган адамдардан болбой калганына шугур кыл.
#11 16 December 2016 - 14:38
Бог не дает выше твоих возможностей деп айта беле толук эстей албадым. Ката болсо толуктап койсоңуздар деген үмүттөмүн.
Айтайын дегеним ар бирибиздин пешенебизге сыноо жазылат эмеспи. Кимге оор, кимге жеңил. Үмүт кыл Аллахым Улуу Бейишине өз мээрими менен киргизсин деп. Бул сыноо ошон үчүн болуп журбосун, сабыр кылыңыз, шүгүр кылыңыз. Адамдардын алдында сенин ким экениңдин кызыгы жок, Алланын алдында кимсиң? Эң негизги суроо ушул!

#12 16 December 2016 - 15:00
Менда конул карабай, конул бурбаганга аракет кылам. Анан Бишкекте Аламедин районунда бир бала бар коляскачан 20-25 жаштарда болсо керек. Сен эшике чыкпаганга аракет кылам депсин, ал кундо эшикте, райондогу балдар баарыле тааныйт. Балдар менен катуу бир нерсе талкуулап жаткан, шашылып бир Жака бара жатышкан, же бир иш кылышавы билбейм. Кыскасы анын чектелген эч нерсеси жоктой балдар менен аралашып бир нерсе кылыпле жургону жургон. Анан уйдо соз болуп калды жетишпеген уй булоогобу жардам берип койолу деп. Ошол балагада бир нерсе алып барып берип койсокпу деп , кайра уялганбыз албай койобу деп. Себеби кийингени да таза тыкан, жакшы кыргыз орус балдар менен журот, эч нерседей кем эместей. Айткым келгени корунгондун козун карап, Ким мени кандай карайт деп ойлонбо, кайра адамдар менен кобуроок тыгыз катташ, эшике коп чык , керектуу, сага жакчуу онор же иштуу болуп калаарсын. Себеби жашоодо жакшы адамдар аябай коп)))
#13 16 December 2016 - 15:15
Мен чыгармачылык менен эле алек болуп калдым, кээде ойлоп калам басып жүргөндө чоң окуу жайда окуп жүргөн болот элем деп. оңой оокат табыштын иши бул ырчылык деп айтып калышат го. андай эмес экен ырчы болуш деле кыйын болот тура. менде башка арга жок чыгармачылык менен эле алек болом го.
#14 16 December 2016 - 16:18
Аябай жакшы экен чыгармачылык менен алек болсон. Корунгону эле уйкудан ойгонупле чыгармачылык менен алек боло бербейт. Негизи колу буту бети майып эмес , ,,Жан дуйносу,, майып жаш балдарды коргондо чындап боорун ооруйт... А Эгер сени менен бир жерде чогуу олтуруп калсак мен сенин жанына олтурмакмын)) Себеби менин кичинекей балам аябай музыканы жакшы коруп, аябай бийлейт, сен менен ушундай темаларда баарлашуу кызык болсо керек эле.))
#15 16 December 2016 - 16:20
Мен жолдон жолуктуруп калсам аны ынгайсыз абалда калбасын деп маани берип карабайм бирок ичимден бир тыз деп алам колумдан келсе аябай жардам бергим келет баягы кинолордогудай болу бирге суйлошуп сейилдеп келгим келет бирок озум тартынам кандай кабыл алат деп. Келечекте Кудай буюрса мумкунчулугу чектелген адамдарга жардам беруучу уюм ачсам деп кыялданам ар бири менен суйлошуп ар биринин бир жылмайып алуусуна себепкер болсом дейм
#16 16 December 2016 - 19:23
Бул да Алланын берген сыноосу да. Мен дагы карабашка аракет кылам,бирок ичим ачышып кетет.
#17 16 December 2016 - 21:13
Мен чындыгында ушундай майып балдардын мектебинде иштейм. Майып деле дегим келбейт негизи. Окуучуларымды ушунчалык жакшы көрөм, таштап кете албасам керек келечекте. Туура адамдын баары бирдей эмес. Бирдей ой жүгүртө алышбайт. Бирок,бирок деген нерсе барда. Алардын жан дүйнөсү ушунчалык таза,баё келишет. Уяласын өзүңдүн жан дүйнөңдү салыштырып алып. Эрте менен барсаң эжеке деп алдыңан чуркап чыгып бетиңден өбүшөт. Башка балдарга салыштырып эч качан бөлбөйм аларды.
Жакшы көз караш менен караган дагы инсандар бар автор. Эч качан өзүңдү башкача инсан катары караба.

#18 17 December 2016 - 00:13
Сиз мага ватсаппта жазган элениз коп болду бирок,реп окуп бергенсиз, эч ойлобогон экем мындай абалда экенинизди.
..
Сабр
Сабр
#19 17 December 2016 - 01:39
Мен коляска корсом тооба кылам жана шугур келтирем.Менин бир таанышым аварияга кабылып коляскада олтуруп калды.Бирок ал озун ооруулуу сезбей ар кандай бизнес пландарды жазып мага окшогон тааныштары аркылуу ишке ашырып тез эле ото коп байлык арттырды.
Мен бугун эле теледен баягы Нарындык майып болуп калган устаны коруп,анын эрктуулугуно, кайраттуулугуна тан калдым.Алты саныбыз аман туруп биз андай иштерди жасай албайбыз.
Сабыр кылып,онор уйронуп алдыга умтула бер тууган.Басып журуп озун кадырлай албагандар толтура.Алла да мээнетти суйгон пендесине берет.

#20 17 December 2016 - 09:05
Мен чындыгында ушундай майып балдардын мектебинде иштейм. Майып деле дегим келбейт негизи. Окуучуларымды ушунчалык жакшы көрөм, таштап кете албасам керек келечекте. Туура адамдын баары бирдей эмес. Бирдей ой жүгүртө алышбайт. Бирок,бирок деген нерсе барда. Алардын жан дүйнөсү ушунчалык таза,баё келишет. Уяласын өзүңдүн жан дүйнөңдү салыштырып алып. Эрте менен барсаң эжеке деп алдыңан чуркап чыгып бетиңден өбүшөт. Башка балдарга салыштырып эч качан бөлбөйм аларды.
Жакшы көз караш менен караган дагы инсандар бар автор. Эч качан өзүңдү башкача инсан катары караба.
Жакшы көз караш менен караган дагы инсандар бар автор. Эч качан өзүңдү башкача инсан катары караба.
Туура айтасыз, алардын жан дуйносу бай.
Жогоруда жазгандар аларды корсом боорум ачыйт дебей, ичим тызпыз дебей, озунорго эле боорунар ачысынчы! Алар биздей эле, керек болсо бизден дагы кыйын адамдар.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео