Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#1041 Пользователь офлайн   emmaya   12 Декабрь 2016 - 20:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 21 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 19 Мар 2017 23:41

Тооба кылдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1042 Пользователь офлайн   rnurzida   13 Декабрь 2016 - 01:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кабыр казган казактын окуясы, темасы менен бириктирилди.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1043 Пользователь офлайн   Patriot...kg   15 Декабрь 2016 - 22:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

:shok:
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1044 Пользователь офлайн   uikuchu7   18 Декабрь 2016 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бир күнү университетте профессор студентке суроо узатты.
Профессор: Кудай жакшыбы?
Студент: Ооба.
Профессор: Азезилчи? ...
Студент: Жок.
Профессор: Туура. Айтчы, балам, Жер жүзүндө карасанатайлык барбы?
Студент: Ооба.
Профессор: Карасанатайлык толуп жатат, ушундайбы? Бардыгын Кудай жараткан, туурабы?
Студент: Ооба.
Профессор: А карасанатайлыкты ким жаратты?
Студент: ...
Профессор: Планетада түрү сууктук, бети жоктук, оорулар, түркөйлүк да барбы? Мунун бардыгы бар, туурабы?
Студент: Ооба, сэр.
Профессор: Ошондо аларды ким жаратты?
Студент: ...
Профессор: Илим тастыктагандай, айланадагы дүйнөнү изилдөө үчүн адамда 5 сезим бар. Айтчы, балам, сен Кудайды качандыр бир көрдүң беле?
Студент: Жок, сэр.
Профессор: Айтчы бизге, Кудайдын үнүн уктуң беле?
Студент: Жок, сэр.
Профессор: Сен качандыр бир Кудайды туйдуң беле? Анын даамын татып көрдүң беле? Жыттадың беле аны?
Студент: Жооп берүүдөн корком, жок, сэр.
Профессор: Анан сен ага ушу күнгө чейин ишенип жүрөсүңбү?
Студент: Ооба.
Профессор: Алынган тыянактардан улам Кудай жок экендигин илим тастыктайт. Сен ушуга бир нерсени каршы койо аласыңбы?
Студент: Жок, профессор. Менде ишеним гана бар.
Профессор: Дал ошондой. Ишеним – бул илимдеги башкы маселе.
Студент: Профессор, суук деген барбы?
Профессор: Бул эмне деген суроо? Албетте, бар. Сен эч качан үшүбөдүң беле?
(Студенттер жаш мырзанын бул суроосуна күлүп калышты).
Студент: Чындыгында, сэр, суук деген жок. Физиканын закондоруна ылайык, биз суук деп эсептеген нерсе, чындыгында, жылуулуктун жоктугу болуп саналат. Адамды же предметти анда энергия барбы же ал аны өткөрүп береби деген маселеге карата иликтөөгө болот. Абсолюттук нөл (Фаренгейт боюнча – 460 градус) жылуулуктун толук жоктугу. Бул температурада бүткүл материя инерттүү болуп, реакция бере албай калат. Суук деген жок. Биз бул сөздү жылуулук жоктугунда сезүүчү нерсени сүрөттөө үчүн жаратканбыз.
(Аудитория тынчтанып калды).
Студент: Профессор, караңгылык барбы?
Профессор: Албетте, бар. Түн деген караңгылык эмей эмне.
Студент: Сиздики дагы туура эмес, сэр. Караңгылык деген жок. Караңгылык, чындыгында, жарыктын жоктугу. Биз караңгылыкты эмес, жарыкты иликтей алабыз. Ак түстү түстөрдүн көптүгүнө ажыратып, ар бир түстүн толкунунун ар кандай узундугун иликтөө үчүн Ньютон призмасын пайдалана алабыз. Сиз караңгылыкты өлчөй албайсыз. Жарыктын жөнөкөй шооласы караңгылыктын дүйнөсүн жарып кирип, аны жарыктандыра алат. Кандайдыр бир мейкиндик канчалык караңгы экенин кантип биле аласыз? Сиз жарыктын саны канчалык бар экендигин өлчөйсүз. Ушундай эмеспи? Караңгылык – бул жарыктын жоктугунда эмне болоорун сүрөттөө үчүн адам пайдалануучу түшүнүк. Эми айтыңызчы, сэр, өлүм деген барбы?
Профессор: Албетте. Жашоо бар, өлүм да бар – бул анын арткы жагы.
Студент: Сиздики дагы туура эмес, профессор. Өлүм – бул жашоонун арткы жагы эмес, бул анын жоктугу. Сиздин илимий теорияңызга олуттуу жарака кетти.
Профессор: Сиз эмнени айткыңыз келип жатат, жаш мырза?
Студент: Профессор. Сиз студенттерди баарыбыз маймылдан тараганбыз деп окутуп жатасыз. Сиз эволюцияны өз көзүңүз менен байкадыңыз беле? Профессор сөз төркүнү кайда баратканын түшүнүп, жылмаюу менен башын чайкады.
Студент: Бул процессти эч ким көргөн эмес, демек Сиз көбүрөөк даражада окумуштуу эмес, дин кызматчысы экенсиз.

(Аудитория күлкүгө толуп чыкты).

Студент: Эми айткылачы, ушул класста профессордун мээсин көргөн бирөө-жарым барбы? Аны уккан, жыттаган, сыйпалап көргөн бирөө барбы?

(Студенттер дале күлүп жатышты).

Студент: Сыягы, эч ким жок. Анда эмесе, илимий фактыларга таянып, профессордун мээси жок деп тыянак чыгарууга болот. Сизди бүтүндөй урматтоо менен, профессор, лекцияда айткандарыңызга биз кантип ишене алабыз?

(Аудиторияда тынчтык өкүм сүрүп калды).

Профессор: Силер мага жөн эле ишенишиңер керек деп ойлойм.
Студент: Дал ошондой! Кудай менен адамдын ортосунда бир гана байланыш бар – бул ИШЕНИМ!

Профессор олтуруп калды.

Бул студенттин аты-жөнү Альберт Эйнштейн эле.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1045 Пользователь офлайн   Romantik.   24 Декабрь 2016 - 20:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Бул окуя азыркы кездеги илим ээси тарабынан айтылган.
Жакшылап окусаныздар абдан маанилуу жана мазмундуу.

Бир ирет куйоосу жумуштан келип,аялына кечинде ресторанга барып тамактанып келууну сунуштайт.
-Жок,Мен барбай эле коеюнчу,Менден да татыктуу бир аял бар,ошону ресторанга чакырбайсызбы? -деген аялына тан кала караган куйоосу;
-Кайсы аял туралуу соз кылып жатасын?
Мен андай эркектерден эмесмин,башка аялдар менен жургон.
Мен сага тамактанып келели десем,Сен мага башка аял менен бар,дегенинди кандай тушунсо болот?
Тамашанбы же чынынбы?
-Жок,Мен Сени бузулган деген жерим жок.
Менден башка аялды деп,Апам туралуу айтып жатам. Сен баласы болгондон кийин,Апамды алып барып,тамактанып, Апамдын конулун которуп койсон,жакшы болоор,?дегем.

Элестетип коргуло,эми ушул абалды,Кандай сонун абал,кандай гана Аллахтын мээрими ыроологон абал.
"Мен бугун сени менен ресторанга барбай эле коеюн,себеби, Сен Апанды ал жерге алып барып,Апандын ыраазычылыгын ал,"деген келиндин созу канчалык мактоого татыктуу жана Аллахтын алдында суйкумдуу...

-Чынында,Мен Апама коптон бери конул бурбай,жумуш, акча табыш керек,уй-булону багыш керек,деп журо берип,байкуш Апам,унутта калгансыйт.
Апам болсо,"Балам ооруганча,мен болоюн ордуна,"деп, Мени ар убакта амандыгымды тилеп журчу эле.деп куйоосу аялына,Аллах сени жакшылыгы менен сыйласын деп,суйунуп, Апасына телефон чалат.
-Апа,алтын Апа, Кандай журосуз,? Мен азыр сиздикине бара жатам,жакшыканай койногунузду кийип,даярданып турунуз.
Ресторанга барып чогуу тамактанып келели.
Жок,Апа экообуз эле.
-Чын айтып жатасынбы?балам, же тамашанбы?
-Тамаша эмес Апа,даярданып турунуз азыр жарым саатта барып калам.
Баласы Апасынын уйуно жетип,экоо тамактанганы барышты.
Ал жерден чыккан сон,Апасы менен баласы бак аралап сейилдеп,копко чер жазышып суйлошуп отурушту.
Апасы баласынын кичинекей кезиндеги кыял жоруктарын айтып берип жатты,
Кичинекей кезинде баласы,Апасынын койногунун этегин кармап,Апасынын жанынан бир карыш жылбай,ээрчип ыйлап,жургон кездерин айтышып,копко суйлошуп отурушту.
Ошол куну Апасынын журогу суйунучко толду,Ал учун ушинтип,баласы менен сейилдеп,баласынын жанында журуу,ото чон ырахат эле.
Алар учун ресторан эмес,кара жерде тамактанышса да,ушундай конул бурса,Эне журогу кандай кубанар эле.
Ошол кун Эне учун эн кубанычтуу унутулгус кун болду.
Баласынын бул сыйына ыраазы болуп,Жараткандан жакшылык тилеп,баласына ак батасын берди.
-Колум бошогондо,дагы ушинтип тамактанып туралы Апа,макулбу?
-Жок,балам,эми Мен сени чакырам,ошондо Сен кел,эми ресторанга, макулбу?
-Жок,Апа,уят эмеспи,Мен чакырам.
-Анын эч оорчулугу жок,Мен учун,-деп Апасы баласы менен ажырашкан экен.

Ошентип арадан билинбей айлар отот,баласынын жумуштан колу бошобой журуп,бир куну Энесинин бул дуйнодон козу отуп кетет.
Энесин жерге жашырып,арадан дагы бир жума откондон кийин,балага эки кишилик ресторанга чакыруу кагазы келет.
Кимден келди экен деп тан калган баласы,аялын ээрчитип,так ошол Апасы менен барган ресторанга келет.Ал жерде иштоочу кызматкерлер, тамакка кошо Энесинин жазган катын алып беришет.Ал жерде мындай соз жазылган эле:
Уулум,садагам кетейиним,аман- эсен журосунбу?оорубадынбы?
Сени бул жерге чакырайын десем эч эле колун бошобой жатат.Сенден Аллахым ыраазы болсун,Аллахтын алдында берген убадама турайын деген ой менен ордума келинчегин менен тамактанып кетсин,деп сени бул жерге чакырып отурам.Менин ордума ушул жерге келинчегинди эп кордум. Ал байкуштун да балдар менен кечке алек болуп,эшике чыкканга да убактысы болбой жатканын баамдап жатам..Мени ойлоп конулумду которгонуно Мен ыраазымын.Аллах силерден ыраазы болуп,силерди жакшылыгы менен сыйласын..
-Уулум,сени менен бакта сейилдеп,жакшы создорду суйлошкон жерге кээде келип кетчуу элем.Сени сагынып,дагы бир жолу беттен ооп,кучактагым келди.!
-Уулум,келечегин кен болсун,!
Келинчегин менен ынтымактуу жашап,узак омур сур! Балдарындын сый-урматын кор.деп жазган экен.

Мына туугандар,эми ойлонуп королучу! Уйлонгондор же уйлоно электер,баарыбыз эле кимибиз Энелерибизди тамактанганы чакырып конулун котордук? Бизди ушул даражага жеткирген Апалардын ак сутун,ак эмгегин актоо мумкун эмес,ошондой болсо да актоого аракет кылдыкпы?

Ага-инилер,эже -карындаштар! Азыр да кеч эмес,козу тируу болсо,конулун которуп кызматын кыл,Апаныздын козу откон болсо,Жараткандан жаннаттык кылышын тилеп,дуа кыла жур.Ар куну куран окуп тур.

Ушул создорду окугандан кийин,балким Сиз дагы ойлонорсуз, Апанызга азыр телефон чалып,жок дегенде конулун которуп коюнуз.

Дуйнодо эн кымбатым сенсин Энем,
Ар дайым сыймыктанам сени менен,
Мен сени урматтаймын алтын Апа,
Сен учун журогумдо орун кенен.

Апа,деген атын озу асыл созбу,
Апа,сенде акыл кенчи мынча коппу,
Уйротуп тарбиялап айтып турсан,
Тугонбос кайра толчу акыл кенчи.

Ой,Апаке,сенден жарык тан барбы,
Сенин шоолан туболукко очпогон,
Ой,Апаке,сенден кучтуу жан барбы,
Кандай жан бар баарын чыдап которгон.


Башкаларга да окутуп койунуздар..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1046 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   13 Январь 2017 - 19:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Нанды бөлүшүү нандан да таттуу*

Мына бүгүн да акыркы сабак аяктап калды. Окуучулар чыкканга аябай шашып жатышты. Дептер менен китептерин сумкаларына салышып, коңгуроо кагылары менен эшикке чыкканга даяр. Бир гана Азамат даярданган жок. Кеч чыгуу үчүн колунан келишинче башка нерселерди жасап жатты. Акыры коңгуроо кагылды. Окуучулар баары эшикке жанталашып чыгып кетишти. Бир гана Азамат ордунан козголгон жок. Окуу куралдарын шашпай жыйнаштырды. Бир чети мугалимин көзүнүн кыры менен карап, бир чети классташтарынын чыгуусун күтүп жатты.

Мугалими анын бул кыймылын байкап калып:

– Азамат эмне болду? – деди. – Үйгө барбайсыңбы?
Азамат акыркы классташы чыккандан кийин жооп берди:

– Сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.
– Мейли сүйлөшөлү? – деди мугалими.
– Акылбек досубуз бар го…
– Ооба. Акылбекке эмне болуптур?
– Абалы анча эмес го. Апасы мектептен жегенге эч нерсе бере албайт экен.
– Анан?
– Ага жардам бергим келип жатат. Бирок, менин жардам берип жатканымды билсе таарынат. Күнүгө бир токочтун акчасын топтоп сизге берсем, сиз ага берсеңиз болобу?

Чөнтөгүнөн бир ууч акча чыгарып, партанын үстүнө койду. Таң калган Кенжебек агай акчага тийбей, отуруп ойлонду. Бул жакшы окуган жана сүйкүмдүү окуучусу ушунчалык ак ниет эле. Азаматтын үй-бүлөсү жакыр болчу ага карабай жардам бергиси келип жатат. Ал аз келгенсип жардам бергенин билдиргиси да келген жок.

Кенжебек агай:

– Азамат коё турсаң. Билишимче силердин да материалдык абалыңар анча жакшы эмес. Туурабы?

– Ооба, ошондой. Атам күнүмдүк жумуштар менен гана чектелет. Көп учурда жумуш таппайт. Бирок, мен дагы иштеп акча таап жатам.

– Каякта иштеп жатасың?
– Токоч сатып жатам.

Кенжебек агайды дагы ой басты. Ушунчалык жакшылыкка эмне деш керек? Мунун ишке ашуусу кыйын. Аны бул иштен баш тарттырууну ойлоду. Бирок окуучусунун көңүлүн оорутпашы керек. Балким, аны менен бир аз сүйлөшсө бир жолу табылып калар…

Кенжебек агай Азаматты карап:

– Чоңойгондо ким болгуң келет? – деп сурады.
– Эң бай ишкер…
– Эмне үчүн?
– Адамдарга көп жардам берүү үчүн…
– Жакшы, – деди Кенжебек агай. Эми Азамат, Акылбектин үй-бүлөсүнүн абалы начар, бул чындык. Бирок, силердики да андан айырмасы жок шашпай тур. Аябай бай болгондо элдерге жардам бересиң. Кандай дейсиң?

– Жок болбойт, – деди Азамат. Азыр жардам беришим керек.
– Эмнеге болбойт?
– Анын үч себеби бар.

Биринчиси, бул акча ансыз деле меники эмес. Жакшылык жасаганым үчүн Жараткан мени адамдарга сүйкүмдүү көргөзүүдө. Адамдар да жактырып, көп токоч алып жатышат. Андыктан күнүгө башклардан көбүрөөк токоч сатып жатам. А түгүл биздин райондо Асан байке күнүгө эки токоч көгүчкөндөргө берет.

Экинчиси, жаш кезде мындайды үйрөнбөсөм, чоңойгондо эч кимге жакшылык жасай албай калам. Азыртадан жасабай муну бай боло турган убагыма калтырып койсом, бай болгондо да “дагы байыганда” жакшылык жасайм деп, өзүмдү алдап жүрө берем.

Үчүнчүсү, абдан маанилүү. Чоңойгондо аябай бай ишкер болгум келип жатат. Убагында эч нерсе кылбагандар эң бай ишкер боло алышпайт.

Кенжебек агай маңдайында чоң бир киши тургандай сезди:

– Үчүнчүсүн жакшы түшүнгөн жокмун, – деди.
– Түшүндүрөйүн, – деди Азамат. Азыр анча бай болбогондуктан, күнүгө бир токочтун акчасындай гана жардам бере алам. Мындан ашыгыраак бере албаймын. Жараткан бейишке колунан келишинче жакшылык жасагандарды киргизери анык. Азыр колумдан ушул эле келгенине байланыштуу мен үчүн бейиштин баасы бир токочтун акчасындай. Эгер бай болбой туруп каза болсом, анда бир нече токочтун баасы менен бейишке киришим мүмкүн. Мындан да жакшы нерсе барбы?

Кенжебек агай таң калып, Азаматка макул болгонсуп, “ооба” дегендей, аны үйүнө узатты.

Класска кирип баратса мектепте эч ким жок экен, буюмдарын жыйнаштырайын десе, үстөлүнүн үстүнөн Азаматтын таштаган акчасын көрдү. Айла жок акчаларды алды.

Ага бир да акча мынчалык барктуу болгон эмес. Дүйнөнүн эң кымбат баалуу асыл таштары, алтындары колунда тургандай. Жада калса, бул акчалар андан да кымбат. Бул акчалар бейишти сатып ала турганга тете. Такыр таштагысы келбей акчаны бекем кысып кармады.

Кенжебек агай отурган жеринен турган жок. Жан дүйнөсү башкача болгонун сезди. Жай жааган жаанга окшоп ыйлай баштады. Ыйлап кирди... Ыйлап жатты... жана да ыйлай берди.

Өзүнө келсе кеч кирип калыптыр. Акырындан басып бара жаткан Кулубек кароолчу “токочтон түшкөн акчалар менен бейишке кирүү”, “токочтон түшкөн акчалар менен бейишке кирүү” деген сөздөрдү Кенжебек агайдын кайталап жатканын укту. Кароолчу абдан таң калып: “Кенжебек агай эмне дейсиз?” – деген сөзүн агай уккан да жок. Кенжебек агай кароолчунун таң калуусу менен күүгүмдү тосуп алды.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1047 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

*АСЫЛ ЖООП ШЕЙХТЕН

Индустандык шейх, Ислам аалымы Хусайн Ахмад Маданий шакирттери менен бирге поезде бара жатса, бир англичан аялы менен чыгып, алардын жанынан орун алат.
Бир топ адамдар айланасында кызмат кылып жүргөн аалымга таңданган англичан, анын ким экенин сурайт.
"Бул белгилүү ислам аалымы Хусайн Ахмад" деп жооп беришет.
Анын Ислам аалымы экенин билген англичан ага жакын келип:

- Азирет, мен силердин диниңердеги бир маселеге жакшы түшүнбөй жүрөм, - деп сөз баштады,

- силер аялдар жолук салынып, дене-башын жаап жүрүүсү керек, болбосо башка эркектерди кызыктырат деп айтасыңар, мына менин аялым жолугу жок, кыска көйнөкчөн отурат, бул поезде ага эч ким деле кызыкпайт деп ойлойм, - деди.
Анын сөзүн кунт коюп угуп отурган шейх унчукпастан отура берди. Арадан бир канча убакыт өтсө да шейх жооп берүүгө шашылган жок.
Бир убакта
ал жанында отурган шакиртин бир чыны чай менен бир лимон алып келүүгө буюруду. Шакирт чай менен лимонду алып келди.
Шейх чайды стол үстүнө коюп, лимондун кабыгын акырын ажырата баштады. Кабыгы арчылган лимондун кычкыл жытына жанындагылардын шилекейи эзилип кетти.

Шейх англичанга көз кырын салса, ал оозуна толгон шилекейин жутуп отурган экен.

Ошондо Шейх сөз баштады:

- Бул лимон ушундай өсүмдүк, кабыгы менен турса эч кимдин көңүлү бурулбайт, бирок кабыгын арчысаң баарынын шилекейи куюлат.
Ушул жансыз кичинекей лимон кийимин чечип, адамдардын шилекейин куюлтса, сиздин жандуу, ары сулуу, ары келишимдүү аялыңызга эч кимдин шилекейи куюлбайт деп ойлосузбу?!

Шейхтин жөнөкөй, бирок даана айтылган жообуна эмне айтарын билбеген англичан бир аны бир аялын карап, оозуна толгон шилекейин жута албай отуруп калды.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1048 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы тарбиянын жемиши*
Бир аял күйөөсү менен бир канча жыл жашап, балалуу болбой ажырашып кетиптир. Күйөөдөн ажырагандан кийин тим отура албай эшик алдына бир түп терек тигет. Аны сугарып, түбүн жумшартып, курт-кумурскадан сактап, баласындай бапестеп багат. Ар тарабынан өнүп чыккан бутактарын кесип таштап: "Балам сага мындай жаман кылыктар жарашпайт" - деп күлүп койчу. Күндөр өтүп терек асман тиреп чоңоё берет. Ошол заманда бир падыша өзүнө Аксарай салдыра баштайт. Кабат-кабат салынган сарайдын эң жогорку түндүгүн көтөрүп тура турган узун жыгач эч жерден табылбайт. Падыша бүт аймактарга чабарман жиберет, алар андай узун жыгач таба албай кайра келишет. Бир күнү падышага бир аялдын короосунда узун теректин бар экендиги тууралуу кабар келет. Падыша дароо ага адамдарын жөнөтөт. Алар аялга келип: - Бизге бул даракты сат, - деп, суранышат. Бирок, аял: - Кечиресиздер, бул дарак эмес, бул менин балам, кайсы эне өз баласын акчага сатсын" - деп, бербей коёт. Алар падышага болгон окуяны айтып келишет. Анан аялга падыша өзү барат да: - Оо, мээримдүү эне, ар бир аял баласын бир керекке жарасын деп тарбиялайт. Уулуңузду падышага кызмат кылсын деп сурануу үчүн өзүм келдим, - дейт. Аял макул болуп даракты кестирет, анан падышага карап:
- Эгер сиз уруксат берсеңиз, мен каалаган убагымда барып уулумду көрүп турсам, - деп, суранат. Падыша макул болот. Бир күнү аял Аксарайга келет. Аксарайга кирер замат өзү өстүргөн устунду жазбай тааныйт.
Анан анын жанына келип колу менен сылап, бир нерселерди айта баштайт. Аны көргөн падыша акырын жакындап келип тыңшаса, аял устунга карап минтип жатыптыр: "Мына көрдүңбү балам, мен сага жакшы тарбия бердим, сен эми падышанын аксарайында кызмат кылып турасың. Эгер мен сени жаман тарбия кылганымда, сен эчак эле наабайчынын тандырында күйүп күлгө айланмаксың" .

Бул окуядан ибрат ал бир тууганым. Биздин балдарыбызда ушул дарак сыяктуу эгер тарбияны жакшы берип,абайлап арам,адалдан сактап чоңойткон болсок Аллах Тааламдын сүйүүктүү кулу болуп кызмат кылат,анын барар жери бейиш болот. Ал сиздин башыңызга конгон бакыт ,сыйы-урматы менен төрүндө кадырлуу конок кылып,дубасы менен мээримин төгүп турса мындан өткөн бакыт жоктур! Бул бакытты баарыбыз эле кааламакпыз ошон үчүн Алла жолунан калбаңыз!

А эгер тарбияны туура эмес ,кайдыгер болуп,көңүл бурбай кайда жүрөт,эмне кылып жатат ,кимдер анын досу текшерип турбасак бир күн сизди укпаган акмакка айланып чыгат. Ал шайтандын досу болуп бараар жери тозок болот . Ал сиздин жүрөгүңүзгө сайылган тикен,аны алып салсаңызда жайы бүтпөс жарага айланат. " Балаң каарылар үйүнө алып барып салса,арак ичип кетсе,балаңды эмес өзүңө күнөөлө!" ..
Буну эч бир эне баласына,өзүнө кааламак эмес ошон үчүн баланы жашынан деген сөзгө көңүл буруп балаңызга тарбияны жакшы бериңиз...

Бул дүйнөнүн,акыреттин да сыйлуу коногу болууну кааласаңыз ,тарбияны өзүңдөн башта дейт. Ар үй- бүлөөдө ата- эне балдарына үлгү болот,үйдө эмне көп айтылып,эмне жасалса ошону көрүп бала тарбиялана баштайт. " Алма алманын астына түшөт " - деген сөз ошондон калган...
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1049 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Үй-бүлө ынтымагы кантип курулат?

Кай бир заманда баш кошуп бирге түтүн булатып жашаган жубайлар болуптур. Алар үй-бүлө курганына көп болсо да араларында тез-тез жаңжал чыгып турчу экен.

Күйөөсү: “Бир сөздөн калсаң өлөсүңбү? Аялдай болуп баш ийсең боло”, десе, аялы: “Кечке чейин бир ооз жакшы сөз айтып көңүл көтөргөндөн убактыңды аяйсың”,-деп жооп кайтарат. Бул сыяктуу чыр-чатактарды көптөн бери угуп жүргөн коңшусу келип: Аркы өйүздөгү айылда даанышман аксакал бар. Ал силердин ортоңордогу маселени чечип берээрине ишенем дейт. Жубайлар ээрчишип, аксакалдын алдына барып арыз-муңун айтып беришет. Даанышман экөөнү эки башка бөлмөгө жайгаштырып: “Ушул кагазга бири-бириңердин кемчилигиңерди жазгыла”,-деп экөөнө экиден ак кагаз берет. Аялы бир жарым бет баракка эринин кемчилигин жазып чыгат. Эри болсо эки бетти толтуруп, акылманга келип дагы кагаз сурайт. Ошондо даанышман: “Мен кагаз сурап келээриңди билгем. Аялыңдан ажырашууну каалайсыңбы же жарашуунубу? ”,-деп сурайт. Тиги киши, ортобузда эки бала бар, ажыраша турган ниетим деле жок. Мага моюн сунуп жашаса эле болду деп жооп берет.

Аксакал: “Эркек адам эч качан аял кишиге теңелбеши керек. Эгер моюн сунуусун кааласаң өзүңдүн амалың менен бул абалды өзгөртүшүң керек. Мисалы, азыр экөөңө тең кагаз берсем ага теңелип сен да анын кемчилигин жазып жатасың. Колуңдагы кагазды жок кылып, мен чакырганда алдыма келгин. Мен уруксаат бергенге чейин сүйлөбөйсүң дейт.

Көп өтпөй даанышман жубайларды алдына чакырып, аялга жазгандарыңды оку деп ишарат кылат. Аял окуй баштайт: “Менин бар же жок экениме деле көңүл бурбайт, мага убактысын аз бөлөт, кеч келет, жакшы сөз сүйлөгөндөн жаны чыгат...”,-деп жазгандарынын барын окуп бүтүрөт. Даанышман: Эми сен жазгандарыңды оку деп күйөөсүнө кайрылат. Тиги киши бош кагазды аксакалга узатат. Аялы күйөөсүнүн эч нерсе жазбаганын көрүп, анын кемчиликтерин жазып ката кылганын түшүнөт да көзүнөн жаш төгүлүп жолдошунан кечирим сурап алдына жыгылат. Жолдошу аялынын мындай ийилип кечирим сураганын көрбөгөндүктөн, ага мээрими төгүлүп, ошол жерден жарашышат. Даанышманга ыраазылыгын айтышып, үй-бүлө бактылуу өмүр сүрө баштаган экен.

Кээде унчукпастык канчалаган жакшылыкка жеткизет. Унчукпастык мусулман пендесинин эң жакшы мүнөзү пайгамбарыбыздын хадистеринде да айтылган . Унчукпастык бейишке кире турган жолдордон,унчкпай адам төмөн болуп,жерге да кирип кетпейт. Жакшы адамдын сыпатын унчукпаганын бил дешет , биздин көп аалымдарыбыз ушундай болушкан. Демек үй- бүлөөнүн бактылуулугана да кээде унчкапай койу керек.

Аллах Таалам жалган сүйлөөнү арам кылды,а бирок үй- бүлөөнү жараштырууда, жубайлар ортосунда сүйлөгө уруксат берди . Анткени үй- бүлөөнүн ынтымагы үчүн өтө керектүү. Азыркы күндө уруш,жаңжал, ажырашуу,таарынышуу аягы талак дароо эле ишке аша турган көрүнүшкө айланды. Эмне үчүн андай?!
Анткени биз жашоого жеңил карайбыз,баары жеңил болсо ,жеңил жооп,жеңил жолдорду издейбиз. А өзүбүз аракет кылып жатабызбы?! Бактылуу болуш оңой ,бактылуу болуп жашаш кыйын. Болгону жолдорун таба билүү.

Жашоодо баары болот,анткени биздин жашоо ошондой куралган. Бирде бар бирде жок,бирде банкрот,бирде жолдуу болуп. Жубайлар бирин бири колдо керек,ишиңизде канча кыйынчылык болбосун үйгө келгенде босогодон күткөн жубайыңызга жалгандан болсо да жылмаю менен карап ,буйурса жакшы болот дегенди үйрөнүң.
А аялдардын жаңжалы көбүнчө менде жокдон башталат,кандай болбосун күйөөңүздүн ишине,табышына караңыз,сабыр кылып жумуштан келгенде босогодон кирип кирбей баштабай жылмаюу менен күтүп алыңыз....
А сиз аялыңыз жасаган тамакты кандай болбосун мактаганды билиңиз " Оо,сенин тамагыңа эчкимдики жетпейт" - деп)
А сиз күйөөңүзгө жеткизүү үчүн жакшысын алып келе берсеңиз баары андан жакшы,андан да таттуу болот деп) . Айтоор ушундай бир өзүбүзгө сезилбеген жеңил жолдор менен бактылуу болуп жашай алабыз. Бардык үй- бүлөөнүн ички иштерин ортодо чечүүнү ,бири - бири менен кеңешип,жогу болот акырындан баарын эптейли деп жумшактык менен чечиңиз.

Бир эле жумшак ,жылуу сөз,жылмуюу менен үй- бүлөөгө бактылуулук тартыласа болот. Ал үчүн бизде сабыр деген куралыбыз болуш керек. Ал эми сабырды дин менен жашоодон табабыз.
Дин менен жашоо бактылуулук алып келет десе,кандай эле намаз окугандар баары эле бактылуу болуп кетишпейби деп. Болгону жеңилдетебиз, а жеңлдик жашоого акырындан бакыт алып келет.

Казан - табак кагылат,ээри- катын урушат,тарынышат- жазылышат бул жашоодо болуп туруучуу көрүнүш. Жашоодогу көйгөйлөрдү битти төөгө айландырбай жолун табууну үйрөнүү керек. Биздин жолдор ачык ,анткени биз бул жашоого жолоочуу болуп келгенбиз,жолоочуунун жолу өмүрүнүн аягында жабылат ага чейин биздин жолдор ачык болгону анда чалынсак турганга аракет кылып.алдыга карап умтула берүү керек...

Бир даанышман айткан экен:
" Жашоонун бактылуу,кызыктуу мөөнөтөрү ,башка келген кыйынчылык күндөр " - деген экен. Анткени кеп бар го адам болом десең кыйналып жашап көр,жашоонун кадырын,бактылуу күндөрдү ошондо сезесиң...

Ошон үчүн бир тууганым жашоодогу көйгөйлөргө чөкпөй шүгүр кылып,барына көппөй каниет кылып,бактылуу болуп жашаңыздар! !!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1050 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Апаны өкүндүргөн окуя*

Күндөрдүн биринде,
улуу аалымдардын бири жолдо баратса,
бир киши ушунчалык капалуу,
кайгыга батып олтуруптур. .

Аалым киши көруп,
анын көңүлүн көтөргүсү келип
жанына барат ..

(Сиз менен биз болгондо эмне кылаар элек?)
Кайра капалуу,
маанайы жок бирөөнү көрсөк:
«Не! не довольныйсын?
Мен сага бир нерсе кылдымбы !?»-деп кайра ачуусун келтиребизго)))?

Аалым барып сурады:
«Эй бир тууганым ?!
Эмнеге мынча капалуусуң ?»-десе
ал киши:
«Эгер эмнеге экенин мен сизге айтсам,
анда сиз да капа болуп каласыз айтпаймын !»-деди да жүзүн бурду ..

Аалым киши:
«Айта бериңиз,
балким жардамым тийип калаар!» -
десе жанагы киши:

«Маакул айтайын :
«...Мен өзүм сүт сатып, анын акчасына нан таап үй-бүлөм менен тамактанабыз. .

Сүт куйганы болгону бир идишим бар, бир эле чаначым бар ..
Ошол чаначымды,
сиздин уулуңуз келип,
сүт куйган чаначымды шибеге (мык) менен тешип койду !»- деди .

Аалым киши анын сөзүн угуп,
чаначын төлөп берип,
ашыгы менен акысын берет ..

Үйүнө кайтып барып биринчи кезекте аялын чакырып айтат..

(Элестетиңиз,
сизге бир киши ушинтип арызданса,
тан албай балаңызга жан тартасыз да,
жоок болушу мүмкүн эмес депчи )))..

Аалым киши үйүнө келип,
баланын апасын чакырып айтат:

«Экөөбүздүн жалгыз уулубуз жаман иш кылып коюптур !
Мен өмүрү бир күнөөгө жакындаган эмес элем ..
Сен кандайдыр бир күнөө иш кылган эмес белең ??!

Бала мындай тарбияны кайдан үйрөндү ?»-деп аялы менен кеңешет.

Сиз менен биз болгондо үйгө барып эле баланы чакырып, болушунча бакырып, көчүккө эки чаап коёт элек да туурабы?

Сиз менен биздин колубуздан келген тарбиянын баары ошол..

Анан жанагы аалымдын аялы
ойлонууп туруп айтат :

«Эй кожоюн ?
Мен бир иш кылган элем..
Балабыз кош-бойлуу кезимде, мандаринге талгак болгонмун..

Бир күнү кошунанын үйүнө кирип,
сүйлөшүп олтуруп,
кошунам сыртка чыгып кеткенде, айнектин текчесинде турган мандаринге ийнени бир сайып, ийнеге жуккан сууну даамдап койгон элем...

Ошол бойдон үйдүн ээси келип,
уялып сурай албай калганмын,
ошол бойдон калып кеткен эле !.»-
десе аалым киши аялына
караап туруп айтат:

«Эх, Аттииң !!

Азыр гана балабыз
мык менен бирөөнүн чаначын тешип жаман иш жасап койгон экен ..

«Кыңгыр иш кырк жылда да билинет»
- деген кеп ушул турбайбы !

Сенин ошол кылган күнөөңдүн кесепети бүгүнкү күндө балабызга тийип, кичинекей ийнең шибеге (мык) болуп, кичинекей мандариниң бир (идишке) чаначка айланыптыр ! »-деген экен.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1051 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аллахтан корккон диндар аял
(окуя)

Бир жигит үйлөнүп
кыз да жигит да жаш экен,
тойдон кийин жакшы жашап башташат..

Аялы күйөөсүнө бир дагы каяша айтпай, айтканын кылчу экен...
Күндөрдүн биринде жигит,
агалары менен олтуруп,
өз аялын мактай баштайт. ..

Агасы ичинен ойлонуп:
« Иним жаш, турмушту али түшүнө элек, менин аялымдын такыбалыгын бир көрсүн! )»-деп иниси менен келинди үйүнө конокко чакырат..

Эки жаш агасынын үйүнө конок болуп келишсе агасы аялын чакырып:
"Келген конокторго дасторкон салып, даамдардан койгун, анан муздак дарбыз алып кел союп берейин !”- дейт.

Аялы дарбыз алып келсе айтат:
"Барып башкасын алып кел,
бул дарбыз начар экен !"-дейт.

Жигит көрүп олтурат...

Башка дарбыз алып келсе айтат:
"Бул дарбыз да начар экен башкасын алып кел !"-дейт.

Үчүнчү жолу алмаштырып келсе айтат: "Мунуң да начар дарбыз окшойт алмаштырып кел !"- деп жыйырма жолу кайра-кайра жөнөтүп
алмаштырып келүүсүн айтат.

Аялы бир да сөз кайтарбай,
күйөөсүнүн айтканын кылат .

Ошентип,
жаш жигит тамактанып бүткөн соң, өзүнүн аялын агасына мактап көрсөтүү үчүн эртеси агасы менен жеңесин конокко чакырат. .

Эртесе келишет,
дасторкон салып тамак жасай бер !-деп келинчегине айтат.

Анан,
дарбыз алып келчи агам менен жеңем жеп бир жыргасын !-дейт.

Келин дарбыз алып келсе айтат:
"Бул начар экен, башка дарбыз алып кел!"-дейт. (агасын туурап жатат да)))..

Башкасын алып келсе айтат:
"Бул дарбыз да начар экен,
башкасына алмаштырып кел!"-дейт.

Макул деп алмаштырып келсе,
бул дарбыз да начар окшойт башкасына алмаштырып алып келчи ! -дейт .

Ушинтип үч жолу айтканда келин жигитке карап:
"Өзүңүз үч эле дарбыз алып келип алып, дагы алмаштырып кел дейсиз да!

Акылыңыз жайындабы өзү!?-
деп урушуп берет.

Агасы, инисинин өз аялы менен урушуп жатканын көрүп айткан экен:
«Эх иним?!
Көрдүңбү ?

Аялыңды эрте мактап койдуң !
Сен үч дарбыз алып келип үч жолу алмаштырсаң аялың сага сөз кайтарды!

Менин такыба диндар аялым,
үйдөгү «бир эле дарбызды»
алып барып коюп, кайра алып келип жыйырма жолу унчукпастан айтканымы аткарды ))) - деген экен.

Бүгүнкү күндө кайсы аялдын тарбиясы ушундай ?
Жаш жигитке окшоп жумшаңызчы, дарбыз менен бир уруп, дарбыз башыңызга каска болуп калат )))..
туурабы ?
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1052 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Периштелер сөөгүн жерге жашырган сахаба*

Меккедеги дин душмандары он мусулманды туткунга түшүрүп алышты. Алардын тогузун өлтүрүп онунчусуна кезек келген кезде Харам айы башталып калды. Элдин адаты боюнча бул айларда адам өлтүрүү арам эле. Ошентип бул сахабага өлүм даамын татуу дагы бир аз артка жылып турду. Анын буту-колун чынжыр менен байлап, камап коюшту. Үй ээсинин аялы ага кээде-кээде суу алып кирип берип турду. Бир күнү адаттагыдай эле суу көтөрүп кирген аял, туткундун жүзүм жеп жатканын көрү, таң калды. Бул мезгилде Меккеде жүзүмдүн табылуусу түшкө да кирчү эмес. Табылган жерде да, бул туткунга аны ким алып келип бермек эле? Аялдын айтканына бири ишенип, бири ишенбей кыскасы, аялдын сөзү көңүл бурулбастан кала берди. Күндөр өтүп, харам айлары да чыгып кетти. Каапырлар туткунду өлүм аянтына алып чыгышты. Анын өлүмүнө күбө болуу үчүн таң атпай келишкен меккеликтерге аянт толуп кетти. Каапырлардын башчысы Абу Суфян колу-бутунан керилип коюлган туткунду сабоого буйруду. Туткундун денеси тытылып, бүткөн бою канга бөлөндү. Өчү бардай керилип сабап жаткан жан жөкөрлөрүн кол жаңсап токтоткон Абу Суфян анын жанына келип:

- Сен өз үйүңдө аман-эсен отуруп, а бул жерде сенин ордуңда Мухаммаддын болуусун каалайт белең? - деп сурады, келекелеп. Башын араң көтөргөн туткун:

- Аллахка касам ичип айтамын, - деди, - мен үйүмдө соо отуруп, а Мухаммаддын колун кичинекей тикен сайылуусун да каалабаймын. Ачуусуна алдырган Абу Суфян үнүн бийик чыгарып, ачуу чындыкты айтып жиберди:

- Мухаммадды анын жолдоштору жакшы көргөндөй бекем сүйүүнү адам баласынан көрө элекмин. Анан туткунга карап:

- Өлүм алдында эмнени каалайсың, айтып кал, - деди.

- Эгер колуңдан келсе мени бошотуп тур, эки рекет намаз окуп алайын, - деди, туткун жандуу үн менен.
Абу суфян ага уруксат берди. Ал шашпастан эки рекет намаз окуду. Намаздан соң колун асманга созуп: "Аллахым алар менен Өзүң эсептеш. Алардын бирин да калтырбай жазасын Өзүң бер" - деп дуба кылды.
Аллах Таала зыян көргөн адамдын дубасын кабыл кылат. Кийинчерээк чындап эле Аллах Таала Мекке каапырларынын жазасын берди. Ал эмес ошол күнү аянтка тамаша кылуу үчүн келгендер да жазасын алышты. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) халифа болуп турган заманда Саьид бин Аамир деген сахабаны Куфага аки кылып дайындайт. Бирок, көп өтпөй эле куфалыктар акиминин оорукчан экенин айтып, арызданып келишет. Көрсө Саьид бин Аамирдин талма оорусу бар экен. Ал эл менен жолугушуу учурунда, же көпчүлүктү көргөн кезде талып жатып калчу.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аны себебин сураганда, Саьид минтип жооп берди:

- мен Исламды кабыл кыла элек кезимде, Меккеде бир мусулман туткунду өлтүрүү үчүн аянтка чогулган элдин жанына барган болчумун. Ошондо туткун Аллахка кайрылып дуба кылды. Мен ошол күндү эстеген сайын, эсимден танып калам. Бул анын дубасы үчүн Аллахтын мага жиберген жазасы болсо керек. Ошентип, дуба кылган туткун элге карап: "Мени кандай абалда өлүп жатканым тынчсыздандырбайт. Эгер Аллах кааласа, мен кескиленип өлсөм да Ал менин денемди урматтуу кылат" - деди. Аны асууга буйрук берилди. Туткун өлтүрүлдү. Анын денеси бийик дарга асылып, эки жакка тербелип калып кетти. Анын сөөгүн алып, жерге жашырууга да тыюу салынган болчу. Жабрайил периште Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип, анын өлүмү жөнүндө кабар берди. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын денеси асылган бойдон калуусун каалаган жок. Сахабалардын бирин анын денесин алып жерге жашырып келүү үчүн жөнөттү. Ал Меккеге кирип, сөөк асылып турган аянтка келди да түндүн кирүүсүн күттү. Качан гана айлананы караңгылык каптап, эл аягы басылганда сөөккө жакындап келди. Бирок, ал сөөккө жеткенче сөөк жерге түшүп кетти. Дүп эткен добуштү кимдир бирөөлөр угуп калды го деп чочуп кеткен сахаба чуркап келип сөөктү алып качмакчы болду. Бирок, азыр эле түшүп кеткен жерден сөөкту таба албай калды. Ары карап, бери карап айласы кеткен сахаба жер жарыганча күтүүгө аргасыз болду. Таң атып, жерге жарык кирди. Сахаба аянтты бүт издеп чыкты, сөөктөн дайын жок. Өзүн күнөөлүү сезген сахаба пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) келип, болгон окуяны айтып берди.

- Көп кайгырба, бул сенин күнөөң эмес, - деди, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын көңүлүн тынчытып, - анын сөөгүн периштелер жерге жашырышты. Өзүнүн бекем ыйманы менен дин үчүн жан берген, тарыхта "Периштелер сөөгүн жашырган сахаба" деген атка ээ болгон улуу сахаба Хубайб бин Адий эле.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1053 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧЫНЫГЫ ТООБА

Исраил коомуна катуу кургакчылык болду. Жер бетинде бир тал көк чөп калбай малга да, элге да кыйын болду. Какыраган чөлдө мал ачка калды. Адамдар ачарчылыкка дуушар болду. Адамдар чогулуп Муса пайгамбарга келишти.

- Оо, Аллах менен сүйлөшкөн пайгамбар, Аллахка дуба кыл, бизге жамгыр жаадырсын – деп суранышты алар. Муса пайгамбар ордунан туруп, талааны көздөй басты. Эл аны ээрчиди. Талаага кеткен жолдон чаң көтөрүлдү. Пайгамбардын артынан 70 миң адам ээрчип бара жатты. Чачтары апсыйган, үстү-баштарын чаң баскан. Кенен талаага чыгышты. Муса пайгамбар асманга колун созуп дуба кылды: «Аллахым, бизге жамгыр жаадыр, Өз рахматыңды түшүр, эмчектеги балдар үчүн, короодогу малдар үчүн, Өзүңө сыйынган ыймандуулар үчүн ырайымыңды чач...».
Баарынын көзү асманда. Жалдыраган көздөрдөн үмүт шооласы жанып турду. Бирок, асманда булут көрүнбөдү. Күн мурдагыдан да ысык тие баштады.
Муса пайгамбар:

«Аллахым, бизге жамгыр бере көр, Аллахым, бизге жамгыр бере көр...» – деп кайталап жатты.

Ушул убакта Аллахтан пайгамбарына аян келди:

«Силердин араңарда кырк жылдан бери мага каршылык кылган күнөөкөр адам бар, кантип силердин дубаңарды кабыл кылайын. Адамдарга айт. Күнөөкөр пенде араңардан чыгып кетсин. Мен ушул адамдын күнөөсү үчүн силерден жамгырды токтотуп койгом».
Муса пайгамбар ачууланып коомуна кайрылды:

«Кырк жылдан бери Аллахка каршы иш кылып күнөөгө баткан адам арабыздан чыгып кетсин. Болбосо бизге жамгыр жаабайт».

Күнөөкөр пенде сөз өзү тууралу айтылып жатканын дароо сезди. Оң тарабына карады. Эч ким чыккан жок. Сол тарабына карады. Эч ким чыккан жок. Эмне кыларын билбей калды. Өзүнчө ойлонду: «Эгер азыр чыксам эл алдында шерменде болом, мен үчүн кургакчылык болгонун булар жакшы билишет. Эгер чыкпай койсом, Аллахтын алдында шерменде болом, жамгыр да берилбейт». Баш катты. Жүрөк кысылды. Көздөн жаш тегеренди. Өзүнчө Аллахка жалынды:
«Оо, Аллахым, мен Сага 40 жыл душмандык кыл
дым, бирок Сен менин айыбымды ачпадың. Бүгүн сенин алдыңда күнөөмдү моюнума алып турамын. Менин айыбымды ача көрбө. Мен күнөөлөрүмө тооба кылдым»* Күнөөкөр сөзүнүн аягына чыга элек эле асманда бир үзүм булут пайда болду. Ал бир заматтын ичинде чоңоюп, көптөн күткөн жамгырдын алгачкы тамчысы жерге түштү. Дыбыраган тамчылар нөшөрлөгөн жамгырга айланды.
Муса пайгамбар Аллахка кайрылды:

- Аллахым, бизге жамгыр жаадырдың, бирок биздин арабыздан күнөөкөр пенде чыгып кетпеди го?

- Эй, Муса, кимдин күнөөсү себебинен жамгырды токтоткон болсом, ошонун ибадаты себебинен жамгырды жаадырдым. Ал пендем мага тооба кылды.

- Аллахым, мага ошол ибадат кылган пендеңди көрсөтчү?!

- Эй, Муса, ал мага кырк жыл күнөө кылганда айыбын ачпаган, эми ибадат кылганда айыбын ачмак белем...?.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1054 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ҮЛГҮ АЛСАҢ АБУ БАКР СЫДДЫКТАН ҮЛГҮ АЛ*

Абу Бакр Сыддыктын (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыктары*

Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларына садака берүүнүн зарылчылыгы тууралуу кабар берди. Бул учурда Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) колунда мал-мүлкү бар болчу. Ал буга чейин да бир канча жолу мал-мүлкүн Аллах жолунда садака кылган эле. Бирок, ал канча көп садака кылса да Абу Бакрга (Аллах андан ыраазы болсун) жете алчу эмес. Бул жолу, ал колундагы мал-мүлкүнүн көптүгүнөн Абу Бакрдан (Аллах андан ыраазы болсун) ашыкча садака бере аларына кубана баштады. Анан колунда болгон байлыгынын тең жарымын алып пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) алдына келди. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
- Сен үй-бүлөң үчүн да бир нерсе калтырдыңбы? - деп сурады. - Ооба, мал-мүлкүмдүн тең жарымын үй-бүлөм үчүн алып калдым,- деп жооп берди ал. Ошол мезгилде Абу Бакр да (Аллах андан ыраазы болсун) садакасын алып келди. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) андан да :
- Сен үй-бүлөңө бир нерсе алып калдыңбы? - деп сурады. Ал:- Ооба, үй-бүлөмө Аллахты жана Анын элчисин калтырдым, - деп жооп берди. Абу Бакрдын (Аллах андан ыраазы болсун) бул сөзүн уккан Умар (Аллах
ндан ыраазы болсун) ага карап: "Болду, мындан кийин жакшылык кылууда эч качан Абу Бакрга тең тайлаша албастыгыма көзүм жетти" - деп айтты. (Тирмизий).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, бир жолу Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларына минтип айтты: "Кимде-ким Аллах жолунда ар нерседен экиден садака берсе, ага "Оо, Аллахтын кулу, бейиштин мобу эшиги жакшы, ушундан киргин" деген чакырык болот. Кимде-ким көп намаз окуган болсо, ал "Намаз" эшигинен чакырылат. Кимде-ким көп жихад кылган болсо, ал "Жихад" эшигинен чакырылат. Кимде-ким көп садака кылган болсо, ал "Садака" эшигинен чакырылат. Кимде-ким көп орозо кармаган болсо, ал "Ар-раян" эшигинен чакырылат" . Ушул учурда Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбызга кайрылып: "Оо, Аллахтын элчиси, ушул эшиктердин баарынан бирдей чакырылган адамдар да болобу?" - деп сурады.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) ага жылмая карап: "Ооба, ошондой адамдардын бири сен болот го деп үмүт кыламын" - деди. (Абу Дауд, Тирмизий).

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: "Эгерде мага үммөтүмдөн кайсы бир адамды "Халил" кылып алууга уруксат болгондо, анда Абу Бакрды халил кылып алат элем. Бирок, ал менин диндеги бир тууганым жана жолдошум" . Түшүндүрмө: Халил - сүйүүнүн эң жогорку жеткен чеги. Мындай сүйүү бир гана Аллах Таалага арналууга тийиш. (Имам Бухарий).

Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал минтип айткан: "Бир күнү Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мечитке кирди, анын оң тарабында Абу Бакр, сол тарабында Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) бар болчу. Анан ал тиги экөөнө жөлөндү да: "Биз, Кыяматта да ушинтип тирилебиз" - деп айтты". (Тирмизий).

Жубайр бин Мутиьм (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал минтип айткан: "Бир күнү пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир аял келди. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) андан кийинчерээк келүүсүн суранды. Ошондо тиги аял: "Кийин келип сени таппай калсам эмне кылайын?" - деп сурады. "Анда, Абу Бакрга киргин" - деп жооп берди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). (Имам
Бухарий). Аялдын "Сени таппай калсамчы" дегени - эгер сен кайтыш болуп калсаңчы деген сөз эле.

Абдурахман бин Ауф (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деди: "Абу Бакр бейиште, Умар бейиште, Усман бейиште, Али бейиште, Талха бейиште, Зубайр бейиште, Ибн Ауф бейиште, Саьд бейиште, Саьид бин Заид бейиште, Абу Убайда бин ал-Жаррах бейиште". (Тирмизий, Нисаий).

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Менден кийин мына ушул экөөнү ээрчигиле" - деп айтып, Абу Бакр менен Умарды көрсөттү. (Тирмизий).

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси катуу ооруп, өлүм төшөгүндө жатып калганда, Абу Бакрды адамдарга имам болуп намаз окууга буйруду". (Абу Дауд).

Абу Саиьд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир күнү Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамдарга кутба кылып жатып мындай деди: "Аллах Таала бир пендесине дүнүйө жашоосу менен Акыретти тандатты эле, ал пенде Акыретти тандады". Анын сөзүн уккан Абу Бакр өксүп-өксүп ыйлады. Биз анын эмне себептен ыйлаганына тушүнбөй калдык. Көрсө, Акыретти тандаган пенде Аллахтын элчиси экен. Аны ошончо адамдын ичинен бир гана Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) сезген экен. Чындыгында, ал адамдардын эң сезимталы болчу. (Имам Бухарий).
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1055 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 15:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Студент уулуна жазган апанын каты*

"Саламатсыңбы, садагаң болоюн эркетайым! Кыйналбай, жакшы окуп жүрөсүңбү?
Сагындым эрке-талтаң мүнөзүңдү. Таңда-кеч санаа чегем, каралдым, ойлоп-ойлоп бир өзүңдү.

Садагам, көзүмдөгү карегимсиң, эл үчүн арнап берген белегимсиң, илимпоз, аалым болчу, ишенген жөлөгүмсүң.
Шириндик алсам да, бекитем өзүң үчүн атап алып. Тамагыман бир кашык оокат өтпөй, отурам сен жакшы көргөн тамакты жасап алып. Коңшулар кирип калса, узатам бир сен үчүн бата алып. Окууга өткөнүңө кубанып жашып жүрөм. Студент уулум бар деп, айылда сыймыктанып басып жүрөм. Майда-барат акча ашса, жарыгым маршурткага төлөсүн деп, кемселимдин чөнтөгүнө катып жүрөм.

Каралдым, сабагым деп, көп түйшүк басты бекен, таң эрте үлгүрө албай, курсагың ачты бекен? Үнөмдөп жүрө бербей, же уулум, тартынбай ашты кенен. Жанымда болсоң кана, аттиң ай, алыс турам, өзүңө керек бирдик, сен чалба, мен өзүм телефон чалып турам.

Дандырга аппак нан жаап, таксиден жума сайын салып турам. Жылуубу жатакана, бөлмөнүн тийди бекен кеңирээги? Канчооңор жашайсыңар, достордун жакшы го ээ көбүрөөгү? Кем калба досторуңан, күн жылыса өткөрүп берейин шеринеңди.

Өткөндө коңшу кыз үйгө келет: “Уулуңузду кафеден, парктан көрдүм”, – деп күймөлөнөт. Ишенбедим, кафеге кардың ачып кирсең керек, паркта эмес, ал парктын ичинде го, китепканада жүрсөң керек.
Жарыгым, жаман жолдон качкандырсың, жакшы дос, жакшы чөйрө тапкандырсың. Билем, уулум, жашыңда дилгир элең, жакшы окуп жаткандырсың. Каникул качан болот, күтүп жүрөм, кадыресе акылдуу сөзүңдү угайын деп. Койбостон конокко да сактап жүрөм, бир карын сары майды сен келгенде бузайын” – деп апаң, сагынган убайым жеп.

Эй, студент, апакең ойлогондой жакшы окуп жүрөсүңбү?
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1056 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   30 Январь 2017 - 03:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кыйынчылык келсе артка эмес алдыга умтулуң,анткени жашооонун бактылуу эшиктери ачылууда*

2015жылдын, 20-ноябыры болчу, Москвадан келгениме 2 кун болгон, "Народный" магазинге кирип баратып, кичинекей баласын кучактап, көгөрүп үшүп турган келинди көрдүм да, ушинтип акча таап бизнес кылгандарда уят деле жок, бирөөнүн баласын үшүтпөй эле, озү балдак менен турса болмок деп, жаман карап кирип кеттим. Соода кылып, чыгып келатып, баласынын буту ачык,летний носки, чырылдап ыйлап атканы көзүмө көрүндү. Ага деле болбой, жаман карап өтүп кеттим да,машинама отуруп, карасам, жаш эле келин, жанында чоң сумкасы бар экен, аны аңтарып,дары алып баласына бакыртып ичирип атты, аңгыча, Народныйдын охранниги чыгып, сумкасын тээп, келинди ары түртүп, бир нерсе деп кобуранып кирип кетти,иии мындайлар тажатса керек деп койдум да кетип калдым.
Кечиреек курбум экообуз " Дордой Плазага" барып, кирип баратсам, жанагы келин, сумкасы баласы менен ошол жерде турат . Ичине жылынайын десе, охранниктер кууп чыгарышат окшойт деп калдым. Баягы баласы дагы эле жынайлак, келин көзү шишигенче ыйлаган, жакшылап карасам, домашний халатчан,үстүндө плащ экен. Чыгып келатып, ээ ушуга акча берсем тигилер ( хозяиндери) алып коет, андан көрө сооп иш деп, баласына калың носки, мээлей алып,жанына барып кийгиз деп бердим . Анан ыйлаганын көрүп алгыла....эже деп шолоктоп, сөз сүйлөй албайт. Курбум урушат, кеттик жинди болдунбу деп. Ошентип кичине уксам, күйөөсү үйүнө башка аял алып келип, муну жылаңайлак кууп чыкканына 4 кун болуптур,көпкөн күйөөсү эч кимди көзүнө илбей, кесирленип жургон кези экен. Анан жаткан жерин барбы ? деп сурасам, алыс туугандары бар экенин, алар жумушка кеткенде,квартирасын жаап, келгенде гана коридорго кирип жатаарын айтты. Эже жумуш болсо, таап берсениз дейт, ой балан менен ким жумушка алат сени деген бойдон, колуна 300с карматып кете бердим. Ошо менен 2-3 кундо, жанагы келинди дагы кордум,бирок унчукпай кетип калдым, эмнегедир, магазиндерден именно ушул келинди дагы 2-3 жолу кордум. Бир куну уже 10 күндөй өтүп калган,ЦУМ га келип,токтосом, эжем чалып калды, сенде тааныштар барбы? - тиги баланча эжеңе, Ата Энесин баккан,дом работница керек деп. Кайдан? жок- Бишкекте эч кимди тааныбайм да дедим.
Ошентип магазинге кирип баратсам, баягы келин , эже деп эле жалпаңдап, кичинекей кызы менен экен. Атың ким десем- Асель деди, паспортуң барбы десем- бар деди. Жумушка киргизсем, жакшы иштейсинби? бир нерселерди уурдасаң, анда таарынба деп коркутсам- эже актайм,уят кылбайм деп ыйлап жиберди. Ошол жерден эжеме чалып,эртеси Келинди собеседованиеге чакырдык. Бирок коркуп да аттым,балээге калбасам экен деп. Абдан байлардын уйуно баратасын, мени уят кылба, деп насаатымды айтып,коркутуп да алдым. Ошентип ал, 1,5 жаштагы кызын, оорулуу Ата энесине таштаганы Нарынга кетти. Мен болсо Москвага учуп кеттим.
Ошо менен жумуш коп, аны унутуп да калыптырмын. Жарым жылдан кийин уктум, абдан жакшы, тартиптуу, акылдуу, колунан баары келген,кичипейил экенин, Ал үй бүлөөнүн купулна кирип, баары сыйлап калды деп. Өзүмчө кубанып, кудуңдап калдым.
Бир күнү Москвага мага вотсаптан жазды, эжее мага айфон алып беришти, биринчи сизге жазып жатам деп, кубанып, качан келесиз? келсеңиз бир жолугалы деди. Ошентип, мен келип- кетип, жолукканга убакыт болбой, болуп калса,унутуп коюп, күндөр өтө берди. Жакында эле,кайра- кайра, чалып эже жолугалычы деп, абдан суранганынан, макул деп....

Мен Экономдун алдында токтоп турам десем, күтүп туруңузчу 10 мин келип калам деди. Отурам, Райкул эжени да күтүп аткам, бир убакта артыма бир аппапак Лексус 570 айдаган сулуучумак жигит келип токтоду, эмнегедир көзүмө жылуучурайт, ким эле деп ойлонуп калдым, артынан бир сулуу келин түшүп келип, мени карап карап жылмайса, баягы Асель экен . Тааныбай калыптырмын, сулуу экенин ошондо көрдүм. Чыгып учурашып, кучактап ыйлайт.....создору бутпойт . Ата - энесин Байтике кочуруп келишиптир, кызы соонун болуп, чонойуп калыптыр. Машинадагы жигит болсо, тушуп келип,учурашып, ошол уй булоонун кичуу уулу Азамат экен, анын келинчеги начар чыкты деп уккан элем,ажырашып кетиптир, озу болсо МИД те иштейт.
Асель болсо, компютер менен тил курсун бутуп, азыр экинчи высшийге тапшырам дейт. Куйоосу жарашам деп, 3-4 жолу келгенде, тиги эжебиз жибербей коюптур, ошентип Асель менен Азамат баш кошушту. Аллахым экооно Үй бүлөөлүк бакытты, ден соолукту берсин.
Абдан жарашыктуу пар болушуптур, аябай кубандым. Ал эми экөө мага бир чоң белек беришти,аны айта албайм, себеби ырым кылдым .
Ошентип мен 21чи өкүл балалуу болдум.



Бактылуулук формуласы
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1057 Пользователь офлайн   Joolukchan   31 Январь 2017 - 21:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 118
  • Катталган: 27 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 31 Май 2018 08:29
  • Жынысы:Аялзаты

Кандай гана бактылуу эже.
Мен да кучактап-кучактап алгым келди сизди.
Аллахым менин журогумо да ыйман берсе экен.

Аябай мээримдуу,боорукер болгум келет.
Кээ бир адамдардын журогунун кендигине,мээриминин чексиздигине суктанам.
Мен да ошондой боорукер адамдардын катарын толуктасам кана Аллахым мага хидаят берсин.
Журогумдогу жамардыктарды кетирсин.Журогумдо жамандыктын жышааны калбай ойлорум молтурогон булак суусундай тунук болсун.
Адамдардын баарына бирдей мамиле кылайын.

Билдирүүнү түзөткөн: Joolukchan: 31 Январь 2017 - 21:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1058 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Февраль 2017 - 00:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жүрөккө кагылган мык


Бир айылда кичнекей жаштагы бир бала ата-энеси менен жашайт эле. Бала адепсиз болгондуктан кичинекей нерсе үчүн да тез ачууланып, кээде кармана албай калчу. Ал досторуна, кошналарына жана өзүнөн кичинекейлерге дагы жаман мамиле кылаар эле. Натыйжада баары андан алыс боло баштады. Мындан ата-энеси да көп кабатырланып, баласын туура жолго салууга көп аракет жасап, бирок эч пайда бербеди. Бир күнү атасына бир пикир келет. Ал уулуна бир баштык мык берип, ар бир ачууланган учурда дубалга бирден мык кагууну буйруду. Баласына бул пикир күлкүлүү туюлду, бирок атасынын тапшырмасын аткарууга убада берди. Ошентип бала ар бир ачууланган учурда дубалга бирден мык каагуучу болду. Биринчи күнү эле дубалга отуз мык калкты. Бир аптадан соң дубалга кагылган мыктардын саны жарымга азайды. Анткени тез-тез мык кагуу ага оор боло баштады. Өз ишин жеңилдтүү максатында ачуусун азайтууга аракет кылды. Күндөр өтүп бала дээрлик дубалга мык какпаган күндөрү дагы болду. Бул абалды бала өзү бактылуу сезе баштап, атасына кубануу менен айтты. Атасы бул ирет баласына экинчи тапшырмасын берип, дубалга кагылган мыктарын сууруп таштоону буюрду. Баласы таң калды, бирок макул болуп бардык мыктарды сууруп таштап, андан соң атасына келди. Ата-бала биргелиикте мык калгылган дубал жанына келип;

-Эмнелерди көрүп жатасын уулум? деди баласына кайрылып. Уулу дубалдан суурулуп ташталган мыктардын орундары так-так болуп калгандыгын айтты.

-Көрдүнбү уулум! Сенин катуу сөздөрүн да жүрөккө кагылган мык сыяктуу, сенин дубалга каккан мыктарды сууруп салганын менен орду так-так болуп кала берет-деди атасы.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1059 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Февраль 2017 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Али (р.а) КЕЧИЛДИН СУРООСУНА КАНТИП ЖООП БЕРДИ ?



Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүп, Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) халифалык кылып турган заман.
Бир күнү Шам өлкөсүнөн христиан динине кызмат кылган кечилдердин башчысы миң жолдошун ээрчитип келип калат. Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) пешин намазын окуп бүтүп, адамдарга Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадистеринен айтып отурган.

Кечилдер мечит алдына келишип, катар-катар туруп калышты.
Анан алардын жол башчысы Абу Бакрга (Аллах андан ыраазы болсун) карап:
— Сага салам болсун, оо, Мухаммаддын халифасы, — деп салам айтты.
— Туура жолго түшүп, Улуу затка баш ийип, чыныгы пайгамбарды ээрчигендерге салам болсун, — деп, жооп кайтарды да, — Эмне жумуш менен келип калдыңар? — деп сурады, Абу Бакр.

— Ата-бабаларыбыздын китептеринде жазылган кээ бир суроолорго жооп алуу үчүн келдик, эгер силердин пайгамбарыңар туура кабар айтып кеткен болсо, анда силер туура жооп бересиңер. А эгер силер туура жооп берсеңер, анда биз да силер ээрчиген пайгамбардын динин ээрчийбиз, — деди кечил, келген себебин түшүндүрүп.
— Эмнени кааласаңар, ошону сурагыла, биз жооп берүүгө даярбыз, — деп жооп берди Абу Бакр токтолбостон. Абу Бакрдын сөзүнөн кийин кечил ага жакын келип, суроолорун катары менен айта баштады:
1. Өз денесинен өз атын угат, бул эмне?
2. Мен жана менин артымда тургандар эмне үчүн келишти?
3. Биз эмнелерди ала келдик?
4. Аллах Таалага сүйлөгөн он төрт нерсе эмне?
5. Жаны жок, бирок дем алат, бул эмне?
6. Кайсы суу асмандан түшкөн эмес, жерден да чыккан эмес?
7. Жер бетинде эң биринчи өлтүрүлгөн ким?
8. Шамал жыгып кеткен эң биринчи дарак кайсы?
9. Аллах Таала Өзү жаратып, кайра ал жөнүндө сураган нерсе эмне?
10. Өзү Бейишке кирген, бирок анын амалын кылуудан пайгамбарлар тыйылган, бул эмне?
11. Эти да каны да жок, бирок сүйлөйт, бул эмне?
12. Азы да көбү да арам, бул эмне?
13. Бир элчи бар, ал пайгамбар да эмес, инсанда да эмес, жин да эмес, буга эмне дейсиң?
14. Эркек адам жылаңач, кийими жок аялга карап сүйлөйт, бирок күнөөкөр болбойт, мунун сыры эмнеде?
15. Бир амал бар аны аткаруу да арам, аткарбай коюу да арам, бул кайсы амал?
16. Муса пайгамбарды ким эмизген, жана канча эмизген?
17. Аллах Таала Муса пайгамбарга кайсы күнү сүйлөгөн?
18. Адам атанын узундугу канча болгон?
19. Адам ата канча жыл жашаган?
20. Аллах Таала аян түшүргөн, бирок ал пайгамбар эмес, бул эмне?
21. Беш нерсе бар, ичип-жейт, бирок жегенин алдынан да артынан да чыгарбайт, буга эмне дейсиң?
22. Эки дене бар, алар бирге өлөт, бирок бири арам, бири адал болуп калат, бул эмне?
23. Куранда Аллах Таала кайсы канаттуулардын атын атаган?
24. Бир эркекке талак кылбастан туруп эле, аялына жакындоо бир канча убакытка арам болуп калат, эмне үчүн?
25. Өзү өлүп башканы тирилткен жандык кайсы?
26. Күн чыгыш менен батыштын аралыгы канча?
27. Асман менен жердин аралыгы канча?
28. Ат кишенегенде эмне дейт?
29. Короз кыйкырганда эмне дейт?
30. Төө боздогондо эмне дейт?

Кечил суроолорун берип бүтүп, ким жооп бере алат дегенсип, күтүп калды.
Бир аз жымжырттыктан соң:
— Мына, суроолорду баарың уктуңарбы? — деп, сурады Абу Бакр жанындагылардан.
— Ооба, баарын уктук, — дешти алар.
— Мындай учурда Алинин жардамы керек.
Мен Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун): «Мен илимдин үйү болсом, Али анын эшиги» деп айтканын укканмын. Алини батыраак таап, чакырып келгиле, — деди.
Бир топ адамдар дароо аны таап келүүгө жөнөп кетишти. Анын кайсы бир жумуш менен шаар сыртына кеткенин уккан Салман Фарсий аны шаардын сыртынан тапты. Али (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын саламына жооп бергенден кийин:
— Шамдан кечилдер келип калыштыбы? — деп сурады. Чочуп кеткен Салман:
— Оо, Пайгамбардын иниси, сен аны кайдан билип алдың? — деди, таңыркап.
— Мага аны Аллахтын элчиси кабар берген болчу, жүр анда, аларга баралы, — деди, күлүмсүрөп Али.
Алар мечитке келген кезде адамдардын баары аларды күтүп отурушкан.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) аларга салам айтып, Михрабдын жанына отурду да:
— Сен Шамдык Шархажил бин Шархилсиңби? — деп сурады кечилден.
— Менин атымды сага ким айтты? — деп, таң калганын жашыра албады кечил.
— Агамдын уулу Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сен жөнүндө кабар берген, — деди Али аны тынчтандырып.
Андан кийин, кечил баягы суроолорун дагы бир жолу кайталап айтты. Анын баарын кунт коюп угуп отурган Али (Аллах андан ыраазы болсун) кечилге жакын келип, отурду да:
— Эгер мен бул суроолордун баарына толук жооп берсем, силер эмне кыласыңар? — деди.
— Сен эмне десең биз ошого даярбыз.
— Анда, силер биздин динди кабыл алып, келме келтирип, күбөлүк бересиңер.
— Биз макулбуз, — деди кечил жылмайып.

Али (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахка мактоо, Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) салават айтты да, суроолорго бир четинен жооп бере баштады…
1. Өз денесинен атын уккан бул — сенин кулагың. Анткени, адам өз атын айтса, аны кулагы менен угат.
2. Силер, Ислам дини туура динби же жалганбы деп, текшерүү үчүн келдиңер.
3. Ал эми силердин жаныңарда, миң алтын жана миң күмүш тенге бар.
4. Аллах Таалага сүйлөгөн он төрт нерсе — жети жер жана жети асман.
5. Жаны жок, бирок дем алган бул — атып бара жаткан таң. Аллах Таала айткан: «Дем алып бара жаткан таңга ант».(Таквир, 18-аят).
6. Асмандан түшпөгөн жерден чыкпаган суу, бул — аттардын тери.
7. Жер бетинде эң биринчи өлтүрүлгөн адам — Адам атанын баласы Хаабил.
8. Шамал жыгып кеткен эң биринчи дарак — Саж дарагы, андан Нух пайгамбар кемесин жасаган.
9. Аллах Өзү жаратып, кайра анын эмне экендигин сураган нерсе — Муса пайгамбардын таягы. Аллах Таала айткан: «Оң колуңдагы эмне, ия Муса? Бул менин таягым, мен ага таянамын жана койлорума аны менен (жалбырактарды) күүп беремин. Жана башка максаттарда да пайдаланамын — деди Муса». (Таха, 17,18-аят).
10. Өзү Бейишке кирген, бирок анын амалын кылуудан башкалар тыйылган бул — Юнус пайгамбар. Аллах Таала айткан: «Эми (Оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл. Балыктын ээси (Юнус) кылган амалды кылба». (Калам, 48-аят).
11. Эти да каны да жок сүйлөгөн нерсе бул — тозок. Аллах Таала айткан: «Ошол күнү Биз тозокко: «(Каапырларга) толдуңбу» — дейбиз. Ал: «Дагы барбы?» — дейт». (Каф, 30-аят).
12. Азы да көбү да арам болгон нерсе, бул — Таалут дарыясы. Аллах Таала айткан: «Таалут аскерлер менен чыкканда (мындай) деди: «Аллах силерди (суусаган мезгилиңерде) бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе — менден эмес (мени менен согушка барбайт). Ким андан ичпесе — ал менден (мени менен согушка барат). Бирок, ким колу менен бир ууртам гана ичсе, мейли (анын өз ыктыяры, кааласа калат, кааласа барат)».
13. Ал эми пайгамбар да, инсан да, жин да болбогон элчи, бул — Үпүп. (Сулайман пайгамбардын заманындагы).
14. Жылаңач, кийими жок аялга карап сүйлөп, бирок күнөөкөр болбогон эркек — көзү көрбөгөн адам.
15. Аткаруу да арам, аткарбай коюу да арам болгон амал, бул — мас адамдын намазы.
16. Муса пайгамбарды энеси үч ай, үч күн эмизген, анан деңизге ыргыткан.
17. Аллах Таала Муса пайгамбарга Жума күнү сүйлөгөн.
18. Адам атанын узундугу — алтымыш чыканак болгон. 19. Адам ата миң жыл жашаган.
20. Аллах Таала аян түшүргөн, бирок ал пайгамбар да эмес, адамда эмес, бул — бал аарысы. Аллах Таала айткан: «(Оо, Мухаммад), сенин Раббиң бал аарыга минтип аян кылды: «Үйүңдү тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган уяларга кургун!» (Нахл, 68-аят).
21. Ичкен жегенин чыгарбаган бешөө — Адам ата, Хава эне, Саалих пайгамбардын төөсү, Муса пайгамбардын таягы, Исмайил пайгамбардын кочкору.
22. Бирге өлүп, бири арам, бири адал болуп калган эки дене — асмандан сууга чумкуган канаттуу балыкка урунуп, экөө тең өлүп суу үстүнө чыгып калса, канаттуу арам, балык адал болот.
23. Куранда аты аталган канаттуулар — карга, үпүп, бөдөнө.
24. Эркек аялына жакындабоону шарт кылып касам ичип койсо, ошол убакытта ага жакындоо арам болуп калат.
25. Өзү өлүп, башканы тирилткен жандык — Исрайил коомундагы уй.
26. Күн чыгыш менен күн батыштын аралыгы — Күн үчүн бир күндүк жол.
27. Асман менен жердин ортосу — зыян көргөн адамдын дубасы.
28. Ат кишенегенде: «Оо, Аллахым, мусулмандарга жардамберип, каапырларды кор кыл» деп айтат.
29. Короз кыйкырганда периштени көрүп: «Оо, кайдыгерлер, Аллахты эстегиле» деп айтат.
30. Төө боздогондо: «Мага Аллах жетиштүү, андан өткөн сактоочу жок» деп айтат.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) суроолордун баарына жооп берип, кечилдерден жооп күтүп унчукпай калды. Алар жооптордун баары туура экендигин моюнуна алышып, келме айтып мусулман болушту да, алып келген белектерин берип, өз жерлерине жөнөп кетишти.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1060 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   01 Февраль 2017 - 23:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эң даамдуу нан



Элүү жыл чогуу жашаган бир үй-бүлө бактылуу өткөн өмүрүнө саресеп салып, элүү жылдыгын белгилейт. Эртеси эртең мененки тамакта аялы ойлонот:
– Мына, элүү жылдан бери абышкама нандын кытыраган эң даамдуу жерин – сыртын берип келатам. Мен аны канчалык жакшы көрсөм да, аны абышкам жесин дейм. Бүгүн аны өзүм жейин.
Ошентип, нандын үстүндөгү катуу, кытырак жагын май сүйкөп өзүнө алып калат да, экинчи жагын күйөөсүнө берет. Бирок, анын күткөнүндөй болбойт. Күйөөсү аябай сүйүнөт да, анын колунан өөп туруп мындай дейт:
– Сен бүгүн мени кандай гана бактылуу кылдың! Мына, элүү жылдан бери мен нандын эң даамдуу жерин – астыңкы бөлүгүн жей элек элем. Мен ал даамдуу жагы сага калсын деп, сен үчүн андан баш тартып келген элем. Эми сен мага бүгүн ошол даамдуу жерин берип отурасың.
Адам жакын адамы үчүн көптөгөн жакшы нерселерди кылат, андан эч нерсесин аянбайт. Ал гана эмес, жакшы көргөн нерселеринен, ишинен баш тартышы мүмкүн. Бирок, бир нерсени эске тутуу керек – бул анын макулдугу…

Жарык дүйнөдө баары сонун, бирок, ошолорду көркүнө келтирип турган жароокер жакшы жар болот. (Хадис)

Тең теңин тапса, деңиздей балкып жашайт. (Эсхил)

Күйөөсүнүн ыраазычылыгына татып көз жумган аял бейишке кирет. (Хадис)
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 04:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: