Күтүү...
#182 19 Декабрь 2016 - 02:49
Достор бул окуяны сиздер менен тен болушууну кааладым. Болбогон бир чыгарманы жазгыдай менин убактым жок, баштан откон окуямды аран жазуудамын.
Азыркы учурда чет олкодомун. Билсениздер иштеген адамда убакыт жок. Бошой калганда жазып жатам.Ошондуктан кыска болуп жатат. Сиздерге тушунуктуу болуш учун кененирээк жазганга аракет кылганым менен убактым азыраак болууда. Мени менен кошо ой болушуп, мен учун сарсанаа болуп, сурап турганыныздарга чон рахмат. Чынында кадимкидей женилдеп калдым. Мындан ары уландысын жазып турам. Ашыкча убактым болсо эле мен сиздер менен.
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 19 Декабрь 2016 - 02:54
#183 19 Декабрь 2016 - 03:10
Ушунчалык жазып жатканынызга чоон рахмат, аягына чыгарасыз деген умуттомун.
#187 19 Декабрь 2016 - 08:58
мен да аябай зарыгып кутуп жатам,батыраак жаз[moderated] деп
#194 19 Декабрь 2016 - 17:30
Унаа айдаганды билгеним менен деги бир машинага кызыгып корбоптурмун.
Биринчи жолу узак сапарга чыгып жаттым. Жол алдыда алыс. Бир орунда отуруп, демим кичине басылгангабы,
уйкум да келе баштады. Озумду алаксытыш учун радио коюп алдым. Беш жыл ичиме катып журуп, эми мынтип тагдырыбыздын чечилээрине бир кун калганда далбастап тунго карабай жолго чыкканыма тан калам.Негизи мага шашкан жарашпайт. Уйго келип, короодогу машинаны атама айтпай айдап кеткенимди эстедим. Алар созсуз сарсанаа болуп жатат. Чалып айтып коеюн десем телефонумдун очуп калганын унутуп коюптурмун.
Демейде чубалып машинанын ичинде жургон телефон зарядтагычты да таппай койдум.
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 19 Декабрь 2016 - 17:31
#195 19 Декабрь 2016 - 17:36
Шаардан бир далай узап кеттим. Жолдогу май куючу жайга токтоп телефонумду зарядтап алууну отундум. Кудай жалгап аларда атайын машинада орнотулуучу зарядтагыч бар экен. Май куюп,дааратканага кирип, ысык кофе алып анадан ары сапарымды уладым. Телефонумду куйгузсом атам, апам, жумуштагы директор,Мээрим анан Кайраттын чалгандыгы тууралуу смс маалыматтар келди. Атама чалып баары жайында экенин айттым.
#197 19 Декабрь 2016 - 17:45
Чарчагангабы айтор рулда баратып эле уктап кетип жаттым. Журогум тушо кофени кайра-кайра ууртаганым менен бул корунуш эки уч жолу кайталанды.
Канчалык шашканым менен жеткенге аз калды бирок мындан ары айдай албасыма козум жетти. Анын устуно айылга жеткичекти жолдор да жакшы эмес экен. Деги биздин жолдор качан онолот? деп озумчо наалып коем. Уйку менен кулкуго айла жок дегендей козум илинип, сокур молдо жетелеп баратты. Мындай учурда сапарды улантуунун кереги жок экенин билем. Жолдун жээгине уннамды токтотуп арткы орундука о уруп, эшиктерди бекитип, бир, эки саат уктап алууну чечтим.
#199 19 Декабрь 2016 - 17:57
Арткы орундукка отуруп, жатаарым менен козум илинип кетиптир. Телефонумдун тынбай шынгыраганынан ойгондум. Кайрат чалып жатыптыр. Бир чети суйунсом, бир чети эмне дээримди билбей жаттым. Анткени кечээки ээликкен демим басандап калгандай. Демимди ичиме катып, оор ушукурунуп телефонду кулагыма такадым.
-Салам сулуу.
-Салам.
-Кечээ чалыптырсын, мен корбой калыптырмын. ..
Баягы коз жашым кайра келип калды. Эч нерсе айта албай ыйлап баштадым
-Эля не болду? Сен ыйлап жатасынбы? Эля?
Унун уккан сайын суйлой албайм. Балким ушуну менен акыркы жолу жеке суйлошуп жатам деген ой келди.
-Салам сулуу.
-Салам.
-Кечээ чалыптырсын, мен корбой калыптырмын. ..
Баягы коз жашым кайра келип калды. Эч нерсе айта албай ыйлап баштадым
-Эля не болду? Сен ыйлап жатасынбы? Эля?
Унун уккан сайын суйлой албайм. Балким ушуну менен акыркы жолу жеке суйлошуп жатам деген ой келди.
#200 19 Декабрь 2016 - 18:04
Эшикте тан атып калыптыр. Таза абага сыртка чыктым. "Эля,не болду?" деп кайталап жатты.Телефонду эки колум менен кармап алып, соз айтууга дарманым келбей ыйлайм
-Кайрат мен сага келе жатам. Аз калдым... Жинди, сен... сен кантип? Кантип мени таштап башкага...
Кайрат унчукпай мени тыншап турду. Мен ансайын унум катуу чыга баштады.
-Кайрат билесинби? Мен сени... мен сени суйом!
-Кайрат мен сага келе жатам. Аз калдым... Жинди, сен... сен кантип? Кантип мени таштап башкага...
Кайрат унчукпай мени тыншап турду. Мен ансайын унум катуу чыга баштады.
-Кайрат билесинби? Мен сени... мен сени суйом!
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 19 Декабрь 2016 - 18:04