Иштерди бутуп шааашып алдастап кире калсам (((
Күтүү...
#263 23 December 2016 - 04:22
Жанатан бери унаанын ичинде жанымды коерго жер таппай атсам, негедир ичкээри киргенден кийин кадимкидей эс ала туштум. Мумкун тегеректегилердге конул буруп, алаксый туштум окшойт. "Баары жакшы болот, ушуну менен жашоо токтоп же Кайрат жер жузундогу акыркы мырза эмес го. Аман болсом суйуу дагы келет. Эн башкысы бир жолу келдиби? Келбей койгон жок. Демек, дагы келет" деп озумду сооротуп отурганда той башталды ондонот шандуу музыканын коштоосунда тамада саламдашып,
андан сон эки жашты ортого чакырды. Адаттагыдай жар-жар ыры жанырып, артынан Кайрат менен Нурай кирип келатышты. Баары туруп кол чаап тосуп жатышты. Мен кол чаппай отура берейин деп, бирок кайра ордумдан турдум.
#265 23 December 2016 - 04:28
Эки жаш ортого келип, эл менен саламдашып жатышты. Аларды тамада бир онго, бир солго жугунтуп жатканда, Кайраттын жузунон эч кандай эмоцияны байкаган жокмун. Таш болуп катып калгандай мелтирейт. Нурай болсо жаш кыз экен, ото жаш. Болжол менен жыйырмага да чыга элек окшойт. Он сегизден жаны ашкан ондуу.
#266 23 December 2016 - 04:34
Эки жаш ордуна барып отурган сон, тамада тойду баштады. Келгендер четинен куттуктап, белегин берип жатышты. Апам алыстан мени тиктейт. Менин ордум жаштардын арасында экен. А мен Кайратты тиктейм. Бир столдо жалан жаштар отурдук, кыязы Кайраттын достору го.Баардыгы уйлонуп, эки экиден жубайлары менен алды жок дегенде уч, торт балалуу болуп калышкан ондуу. Алар менен таанышып, озумду алаксытууга аракет кылып жаттым.
#267 23 December 2016 - 04:43
"Мына кордунбу? Кайрат уйлонду!Болгондо да ото жаш, жакшынакай кызга уйлонду. А сен болсо журо бер бырылдап ыйлап. Козунду ачып, жакшылап карап ал, эми анын чыныгы жашоосу башталды. Демек сенин жолун болок. Жашын деле бир топко барып калды Элдана, бул жактагы секелек кыздар турмушка чыгып жатат.Биротоло отуз жашында чыгат окшойсун эми..." деп озумду тилдеп да шылдындап да жаттым. Эч нерседен капары жок Нурайдын суроолоруна жооп берип коюп отурган Кайрат коптун арсынан мени тиктеген бойдон отуруптур. Мен аны байкамаксан болгонум менен жон терим менен сезип, тетири карап отура бердим.
#268 23 December 2016 - 04:50
Анда- санда мен да Кайратты карап атайылап жылмайып коем. Анын баштагы мелтиреген жузу ого бетер жаны жок немедей катып калды ондонот. Нурай эч нерсе байкаган жок. Жаш, ойноок кыз экен, курбу кызы менен улам бир нерселерди суйлошот. Кайраттын мелтирген жузун жанындагы жолдош баласы дароо байкады. Анын коз карашынын изи менен мени анан Кайратты бир нече жолу карап, тан калгандай. Апам мени, мен Кайратты, Кайратты жолдош баласы, анан алар экоолоп мени карап бир топко чейин отурдук. Эл ото шандуу, таанышкандар таанышып, бийлегендер бийлеп жатышты.
#269 23 December 2016 - 04:57
Индия кинолорундагы тажатма кадр бар го, эки адамдын бетин алмак-салмак чон план менен экранга корсотуп, бири-бирин эки саат тиктештирген.
Корсо, бул учурда режиссер ото кульминациялуу абалды тушундурууго аракет кылат турбайбы.
#270 23 December 2016 - 05:11
Мындай абалда кала берсем болбойт эле. Кайрат бугун кечке элди тиктеп отурууга милдеттуу, а мен тойго келгем, демек мен ырга, бийге, конул ачууга тоюшум керек. Озумду абдан эркин сезген абалда, Кайратка чын журоктон бакыт тилеп келген меймандын бет кабын кийип отурганымда жаныма Кайраттын жолдош баласы келди
-Тээ алыстан мончоктой болуп куйуп жаткан периште жанатан бери мени тиктей берип, коз тийип кетти окшойт "Куйоо жолдоштук" милдетимди жакшы аткара албай жатам. Мынча сулуу коздор мени атып жатабы же...
-Тээ алыстан мончоктой болуп куйуп жаткан периште жанатан бери мени тиктей берип, коз тийип кетти окшойт "Куйоо жолдоштук" милдетимди жакшы аткара албай жатам. Мынча сулуу коздор мени атып жатабы же...
#271 23 December 2016 - 05:18
-Бугун силерди коздор менен атсын деп, атайын тортоонорду катар тизип, болок жерге отургузуп койгон. Мен жон гана милдетимди аткарып, суктанып отурам.
Созду куйкумдап, чымчып суйлогон куйоо жолдоштун аты Амир экен. Тамашаны чындыкка чаптап суйлошуп жатып тааныштык.
Созду куйкумдап, чымчып суйлогон куйоо жолдоштун аты Амир экен. Тамашаны чындыкка чаптап суйлошуп жатып тааныштык.
#272 23 December 2016 - 21:37
Мага досунду корсот, анан мен сенин ким экенинди айтам дегендей, Амир жылдыздуу, озуно абдан ишенген адамдай корунду.Таанышуу ортосунда "Кайрат экообуз классташ да, курсташ да эмеспиз. Студент кезде бир жерде чогуу иштеп калганбыз. Ошондон бери мына минтип чогуу журобуз.Дос демекчи Кайраттын достору бут уйлонгон, мындай куракта эми мен эле калдым окшойт акыркысы болуп", деп тамаша чыны аралаш суйлоп отурду Амир.
#273 23 December 2016 - 21:45
Той билинбей ортолоп калды. Ар кандай оюн зоок менен коштолуп, озунун ирээти менен журуп барат. Кайрат мени тиктеп чарчады ондонот, балким ал да мага окшоп озун алаксытып жаткан чыгаар. Озумду жаман сезе баштадым. Журок тушум туз куйгандай ачышып жатат. Ичиме болгон нерсени сыртка чыгара бакырыып, бакырыыып ыйлап алгым келет. Бир чекитти тиктей, ойлуу отурганыма оголе коп болду. Сыртка таза абага дем алып келуу учун чыктым. Эшикте карангы кирип калыптыр. Тегереги кооздолгон,
жомоктогудай бакча бар экен. Асмандагы айды карап, козумдон жаш сызылып барат.
#274 23 December 2016 - 22:03
Желбиреп жука койнокчон ойлуу бир топко турдум. Жайдын куну болгону менен салкын жел аста сылагандай.
Ойлуу асманды тиктеген мага аркамдан Амир келип устундогу кумосун жаап жатып
- Жалгыздыкты, тынчтыкты суйгон мен эле эмес окшойм.
- Жалгыздыкты, тынчтыкты суйгон мен эле эмес окшойм.
#275 23 December 2016 - 22:38
Амир менен суйлошуп отурдум. Жакшы адам ондуу. Коз ачып жумгуча той да бутту.
Эртеси жумушка бардым. Директор болушунча жинденип жатат. Унчукпадым. Жашоодо баары болот.
Эртеси жумушка бардым. Директор болушунча жинденип жатат. Унчукпадым. Жашоодо баары болот.
#276 23 December 2016 - 22:52
Достор ар бир учурду майдалап, элестетип жазып берууну каалаганым менен убактым ото аз болууда. Кыскасы ошол тойдон кийин Амир менен жакшы мамиледе болуп кеттим. Мен аны Кайраттын досу экенин билип башында каршы болгом. Баягы адатымча дагы чет олкого качып кеттим. Бирок Амир калбады. Кайрат экообуздун мамилебизди айтып бергем. Баарын билет. Кандай болсо да мени менен кол кармашып бир о ур сурууго макул. Жолдун алысына карабай, мага бир жылда уч, торт жолу учуп келет. Аны менен откоргон убакыт ото кызыктуу. Амир экообуздун мамилебиз кантип жакындаганын жазып отурсам, сиздердин чыдамыныздар тугончудой.
Кыскасы, мен Амирге турмушка чыгууга макулдугумду бере элекмин. Ал кутуудо. Бирок Кайрат менен ал эн жакын достордон. Коркуп жатам. Кайратты коргондон корком. Амирди Кайраттай алып учуп суйбосом да, анын мыкты жан шерик болооруна козум жетет. Эн башкысы, мен учун баарына даяр Амирди бактылуу кыла аламбы же... Бактымды Кайраттан алысыраак жактан издоого аракет кылганым менен болбоду. Мумкун Кайраттын досу болгону учун ага тартылып жаткан чыгаармын деп да ойлойм. Жакын арада Амирге жообун беришим керек.Кандай кылам? Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы демекчи мен учун ар бириниздердин ой пикирлериниздер ото маанилуу. Кандай чечим чыгарсам да, алдыда сиздер менен тен болушуго даярмын.Чет жерде журом. Менин абалымды тушунуп кенеш берээр эч ким деле жок. Кайдагы бир Америкалыктар мени тушунооруно козум жетпейт.
#278 23 December 2016 - 23:05
Апаныздан кенеш сурап корсонуз кантет? Кантсе да бизден коро апаныз сизди жакшыраак билет, анан бизден коро бир кыйла тажрыйбалуу.
#279 23 December 2016 - 23:10
Билбейм Кайратка очошкондой болуп Амирге турмушка чыксаныз кандай болоор экен
#280 23 December 2016 - 23:21
Балким, Кудайым сизге Амирди жолуктуруу үчүн Кайратты себепчи кылып койгон чыгаар, ким билет. Ырысыңызды чанбаң демекчимин.
Бактылуу болуңуз. Анан эже, Ширин эжедей болуп жоголбой, дайыныңызды окурмандарга билдирип туруң.
Бактылуу болуңуз. Анан эже, Ширин эжедей болуп жоголбой, дайыныңызды окурмандарга билдирип туруң.

Супер-Инфо
super.kg
видео












